Yusufmuslim Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 298 (0,22 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (1013 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 29 Июнь 08
- Кароолор:
- 21 680
- Соңку аракети
26 Янв 2017 18:26
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 39 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 12, 1985
- Кызыгуусу:
- менин почтам yusufmuslim@mail.ru
- Жынысы:
-
Эркек
Байланыш маалыматтар
Мен ачкан темалар
-
Кочкорлук имам тууралуу
Жазылган күн: 20 Сен 2015
Кочкордун мурунку имамы Махмуд Адылжан уулун бачабаздык кылып жүргөн деген маалыматтар жалган болуп чыкты
Махмуд ажынын айтымында, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен бул иш аягына чыкты жана анын тосмо арызы менен иш сотко жеткен жок. Муну Махмуд ажы Адылжан уулу “Максатым аларды каматуу эмес, болгону менин ак экенимди, алардын жасаган иши жалган жалаа экендигин далилдөө болчу. Баарыбыз бир журтпуз, бир элбиз, жакшылык-жамандыктарда катташабыз дегендей. Ал эми алардын жазасын Кудайга койдум! Мындан өткөн оор жаза болбосо керек. Алла Таала өзү билүүчү, көрүүчү. Кочкор эли азыр бүт чындыкты билип калышты, кимдер бул ишке себепкер экенин, алар үчүн элдин бетин карай албаган ушул жаза да өтө оор” деп түшүндүрдү.
Төмөндө Махмуд ажы Адылжан уулу менен болгон кыскача маекти сунуш кылабыз.
-Бул чуулуу окуя болгонго чейин эмне жумуш аткарчу элеңиз?
- Бишкектеги Ислам университетин 2002-жылы аяктагам, ошол эле жылдын октябрь айында Кочкор районунун баш имам-хатиби болуп дайындалдым. Эки жылдан соң, т.а. 2004-жылы Кочкордун борборунда кыздар медресесин негиздегем. Ал кыздар медресесинен азыркы күнү да Нарын, Ысык-Көл, Чүй областарынан келишкен кыздар диний билим менен биргеликте мамлекеттик билим(светтик) жана ага кошумча тигүүчүлүк кесибин алып чыгышууда. Учурда 80ге жакын кыз окуп жатат. Ал эми медресенин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн айрымдары Түркиядан диний билимдерин жогорулатышып, кайра өздөрү окуган ошол медресеге келишип окутуучу болуп иштешип калган мезгил.
2011-жылы ден-соолугума байланыштуу жана “бачабаздык окуясына” чейинки ушул эле топ тарабынан уюштурулган майда-чүйдө чырлардын улам Кочкор районунун баш имамдык кызматын өз каалоом менен өткөрүп, бир жолу медресенин мүдүрүлүгү менен алектенип калдым. Ага чейин имамдыкты дагы, медресенин мүдүрлүк кызматын да тең, бирдей алып бара жаткам. 2014-жылдын 3-сентябрында чыккан “бачабаздык чырынан” улам тергөө иштери бүткөнгө чейин деп мүдүрлүк кызматты да убактылуу башкага өткөрүп бердим.
- Коомчулукта резонанс жараткан бул окуя кандайча, эмнелерден улам келип чыкты эле?
- Бул окуянын өзөгү мен Кочкор районунун имам-хатиби болуп иштеп турганда жеке таарынычтардан жана каныбызга сиңип калган көрө албастыктардан улам пайда болду деп айтаар элем. Бул биринчиси эле эмес, буга чейин да мындай каралоо, жалган жалааларга туш болгом. Себеби, мен имам болуп турганда айрым күчтөр өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн имамдык кызматка таасир этүүчү көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартып келгем. Экинчиден, менин айылдагы социалдык көйгөлөрдү чечүүгө, мечиттердин курулуштарына сырттан тартып келген бир топ инвестициялык иштерим алардын түн уйкусун бузуп туруп алды окшойт.
- Айтсаңыз, ошол сентябрдагы “бачабаздык окуясы” кандайча башталган, кандайча болгон?
- Өткөн жылдын 3-сентябрь күнү мен ата-энем менен биргеликте турган үйдү ремонт кылып жаткам, айдоочум да жардам бергени келип калды. Ремонт иштерине шруп керек болуп калып айдоочум Нурмат Талантовго акча берип дүкөнгө жөнөтсөм, кечигип, такыр дайыны чыкпай кетти. Аңгыча эшик такылдаганын улам атам чыгып кеткен. Көрсө, Макегазиев Алиаскар 100гө чукул адамды, негизинен жаштарды ээрчтип келип атама “Балаң голубой экен, элдер айтып жатышат. Айдоочусу Нурмат менен жыныстык катнашта болуп жүрүптүр, аны жардамчысы Нурбек Жумаев да тастыктап берди. Бизди, Кочкор элин уят кылдыңар” дешип ызы-чуу жасашыптыр. Андан 10-15 мүнөт өтпөй алар “бул жерден тез, бүгүн көчүп кеткиле, болбосо..! ” деген талаптарын кое башташат. Мындан соң атам үйгө кирип мага түшүндүрдү, ушундай болуп жатат деп. Мен “Ата, мунун баары жалган, калп, ишенбеңиз, эч кандай андай болгон эмес!” дедим. Жаалданган топ “үйүңөрдү өрттөйбүз” деп атамды абдан эле коркутушса керек, кийин атамдын айтымында, топтун арасынан бычак көтөрүп “азыр эле үйгө кирип өзүм жайлайм” деп жулунган балдар да болгон, бирок, алар менен чогуу келишкен милиция кызматкерлери буга жол беришкен эмес. Менин сыртка чыгып аларга болгон чындыкты түшүндүрөйүн деген аракетимден да майнап чыкпады, т.а. ошол эле милициялар менин коопсуздугумдан чоочулашып, чыгарышпай койду. Бул окуяга катуу кабатырланган ата-энем мени түн катып Бишкекке алып келишти. Өзүм жүрөк оорусунан улам ооруканада жатып чыкканыма араң эле 3-4 күн болгон эле. Бишкекке келип эле жүрөгүмдүн оорусу кайра кармап төшөккө жатып калдым, ага кошумча стресс, кыжаалатчылык. ..
Бишкекте туура 12 күн врачтардын катуу көзөмөлүндө, эч жакка чыга албай дарыландым. Андан соң да бир ай өзүмө келе албай эңги-деңги болуп жүрдүм. Мындай жалган жалаа менен жасалган ыплас нерсени адам өз башынан өткөрмөйүнчө түшүнүү кыйын экен. Сөз менен жеткирип бере албайм... Мен үчүн, ата-энем үчүн, бир туугандарым үчүн оор, абдан эле оор болду. Кудайдын эң чоң сыноосу бизди күтүп турганын билдим. Жатып алып өткөн өмүрүмдү бүт көз алдымдан өткөрүп, “Эмне үчүн мындай болду? Кимге, качан, кандай жамандык иштерди кылдым эле?” деген суроолорго жооп таба албай чайналдым. Түнү тахажуд намазында Кудайга жалбарып ыйладым... Алла Таалага миң мертебе шүгүр, чексиз мактоолор болсун! Акыры менин ак экеним, эл алдында, ислам дини алдында жүзүм жарык экеним далилденди.
- Мына, андан бери 7-8 ай өттү, кайсы мезгилдерден тарта чындык сиз тарапка оой баштады?
- Мен Бишкекте жүргөндөгү бир айдан соң, ден-соолугум бир аз өзүн келе баштаганда, бул жалаа эмнеден улам келип чыкты деп өз алдымча иликтей баштадым. Көрсө, мен имамдык кызматта жүргөн учурдагы орун басарым болуп иштеген Жумаев Нурбекти Алиаскар Макегазиев жанындагы балдар менен биргеликте уурдап, машинеге салып алышып Ысык-Көлдүн жээгине алып барышып жалган көрсөтмө алуу үчүн сабашкан. Акыры ур-токмок менен андан “Махмуд өзүнүн айдоочусу менен жыныстык катнашта болуп жүрөт” деп айттыртып, аны видеокамерага тартып алышкан. Мына, дал ушул видеону алар бетине кармап алышып, жалган чуу салышкан. Мындан сырткары, жогоруда айтып өткөндөй, мен дүкөнгө шрупка жөнөткөн айдоочумду булар жолдон кармап алышып, уруп-сабап, машинеге салышып, Лесхоздун жанына алып барышат да ал жерден аны да күч менен “Махмуд экөөбүз жыныстык катнашта болгонбуз” айттыртып, телефондун камерасына жалган көрсөтмөнү тартып алышат. Муну баары тергөө учурунда ачыкка чыгып, далилденди. Бул үчүн Алиаскар Макегазиев башында турган топтун мүчөлөрүнө Нарын областтык ички иштер башкармалыгынын тергөө органдары тарабынан КРнын Кылмыш-жаза Кодексинин 30-беренесинин 1- 4-бөлүктөрү, 335-беренесинин 2-бөлүгү менен айыптары угузулду.
- Жамандыктын, жалган жалаанын баары артта калды, учурда айылыңыз Кочкорго барып турасызбы? Элдер сизди кандай кабыл алышууда? Бул ишке күнөөлүүлөр кандай жазаларды алышты?
- Алла Таалага миң мертебе шүгүр! Сиз айткандай, баары артта калды, албетте, бул мезгил ичи көп нерсе жоготтум, ошол эле учуда көп нерсени аңдап билдим. Ден-соолугумду жоготтум, ал аз келгенсип буга чейин бир аз ооруп жүргөн апам мен жөнүндө ичинен сыза берип инсульт болуп, төшөккө жатып калды. Учурда апамды дарылатуу менен алекмин. Ал эми Кочкорго албетте, барып турам, жогоруда айтып өткөндөй, эл-журтчулук баары бул иштин жасалма экенин, менин ак жерден жалаага кабылганымды түшүнүштү. Бул мен үчүн эң башкы жеңиш. Эл менен мурун кандай болсом, азыр да ошондой жакшы алакадамын. Күнөөлүүлөр болсо, жана айтып кеткендей, жазасын Кудайга койдум, ошон үчүн алардын ишин соттон тосмо арыз менен чакыртып алгам. Башкысы, эл алдында абдан чоң эле уят болушту деп ойлойм.
-Сизге жана сиздин үй-бүлө мүчөлөрүнө ушунчалык деңгээлде урушкан моралдык соккусу үчүн кечирим сураша алыштыбы күнөөлүүлөр?
- Тергөөчү аркылуу мен, мурунку орун басарым жана айдоочум менен жолугушуп үчөөбүздөн кечирим сурайбыз деп айттырышкан экен. Бирок, биз ага болбодук, үчөөбүздөн кечирим сураганда эмне, элден кечирим сурашсын. Мен негизи кекчил эмесмин, баарын түшүнөм, ошол эле айдоочумду, орун басарымды уюштуруучулардын көкүтүүсү менен ур-токмокко алышкан балдарды, үйүн өрттөйбүз, азыр эле союп салам деп бычак көтөргөндөрдү, үйгө жаалданып келишкен топтогу адамдарды да түшүнөм, алар болгону калп шыкактоолорго, жалган ушактарга ишенип алышкан. Муну кийин көбү түшүнүшүп, кечирим сурап келишти.
- Бул иштин ак-карасын териштирүүдө мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан акыйкат иштер жүргүздү деп ойлойсуз, себеби, өткөн жылдын ноябрь айында тергөө иштери жылбай турат дегендей маалымат тараттыңыз эле?
- Нарын обалсттык укук коргоо органдарынын, ИИМдин кызматкерлерине, ошол эле министр Мелис Турганбаевге чын дилимден ыраазычылык билдирем. Себеби, бул иштин акыйкатына акыры жетип беришти. Туура, тергөө иштери убагында Кочкор райондук ИИБси тарабынан солгун, кош көңүл мамиледе жүргөн. Мунун кесепетинен райондун милициянын жетекчисин министр кызматынан алды.
Ошол эле учурда бул мезгил ичи мага моралдык жана юридикалык жактан жардам беришкен Муфтияттын, Нарын областтык, райондук казыяттардын кызматкерлерине, өкүлдөрүнө, жеке инсандарга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кечээ өзү кабыл алып, бул туурасында кеңири сүйлөштүк. Устазым Чубак ажы Жалилов бир топ жакшы кеңештерин берип турду. Айтор, жардамдарын аяшпай, мага жакшылык кылган инсандар абдан көп болду. Баарына ыраазымын. Эң башкысы, бул инсандардын жардамы менен биз бир гана менин актыгымды эмес, жалпы ислам дининин таза экендигин, ага карата болчу, болуп келген жалган жалаалардын өмүрү кыска болоорун далилдей алдык.
Алла Таалага чексиз мактоолор болсун! Адашкандарга Кудай өзү түз жолго салсын!
Комментарийлер
Prostoparen
29 Июн 2014 - 16:17mayoral
14 Июн 2013 - 22:00Altyshok
28 Май 2013 - 13:02