Мирлан байке да, Нурзат да той өткүчө тема ачылышын каалашкан эмес. Качан гана өздөрү уруксат бермейинче тема ачуу керек эместигин айтышкан болчу. Тойлорун эсен-аман өткөрүп алышып, эми минтип уруксатын беришти. Тиги ачылган темадан соң мүмкүн ачуунун кажети жоктур деп ойлонуп да көрдүм. Бирок, жакшы жаңылыктын чын-төгүнүн ырастап коюнун ашык жери жок болсо керек деген чечимге келдим.
Көптөрдү таң калтырып, кээ бирөөлөр ишенбеген бул жакшы жаңылык чындык. Ооба, Мирлан аким менен Нурзат баш кошуп, бир түтүн болушту. Буга таң калуунун кажети жок. Бешенелерине жазып, бири-бирине жылдызы төп келишип, буйрук экен, минтип баш кошушуп, бир үй-бүлө болуп отурушат. Алардын таанышып калуусуна болсо, дал ушул супер форум себепчи. Форумдун арты менен, Суперстан себепчи болуп, тагдыр-насип экен эки ашык жүрөк бирин-бири таап отурат.
Мирлан аке, Нурзат, кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн. Жүрөгүңөрдөгү сүйүү оту түбөлүк жанып, түгөнбөс бакыт берсин Жараткан силерге. Турмуштун даңгыр жолунда туура жолго багыт алып, адашпадыңар деп үмүт кылам. Жаңы түптөгөн чакан өлкөңөр эч качан урабасын. Ушул өлкөнүн "жарандары" көөп болсун ылайым. Бириң жакшы ажо, бириң жакшы вазир болуп, ушул түзгөн үй-бүлө аталмыш мамлекетиңердин келечеги кең, жашоосу эл суктаанарлык, сүйүүгө бай болсун дайыма.
Мирлан аке (аяш десем да жарашат эми ), "Кара кыздын агынан эмес багынан" дейт. Нурзат досумду багынан агартаарыңызга ишенем. Буйруса ушундай болот деген үмүттөмүн.
Нурзат, доси, бир тууганымдай көргөн жан курбум, бактыңды таап, өз тууруңа конгонуңа абдан кубанычтамын. Бактылуу бол дося .
Анан да, "Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы" демекчи, аким байкеме жакшы жубай болооруңа 100% ишенем.
Дагы бир жолу өз бактыңарды табышыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Айта кетчү нерсе, бул тема үчүн өздөрүнүн уруксаты алынган. Лицензиясы бар ))).
orhideya айым сүрөт жиберем, илип коесуң деген боюнча мени "уктатты" ))) . Жаңы келиндин колу бошобой жаткан чыгаар. Же тойго барбай калганым үчүн жаза бекен ))). Насип эткен болсо, тойдогу бактылуу көз ирмемдерде түшкөн фотолор да жүктөлүп калаар. Азырынча Нурзаттын жападан жалгыз бир сүрөтүн иле турайын. Урушпаса экен анан ))).
Эскертүү: Тема куттуктоо үчүн гана.
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 17 Февраль 2015 - 03:19