Muslimka_Muslimka Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 918 (0,25 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (624 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Июнь 14
- Кароолор:
- 19 019
- Соңку аракети
- 26 Апр 2020 17:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 33 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 1, 1990
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Имам Бухаринин өмүр баяны
Жазылган күн: 18 Июл 2014
Бисмилахир рахманир рахиим ИМАМ АЛЬ-БУХАРИНИН ӨМҮР БАЯНЫ (810-870 / 194-256-жж.) Имамдын толук аты-жөнү ~ Мухаммад бин Исма’ил бин Ибрахим бин аль-Мугийра аль-Бухари аль-Жу’фи; ал эми куниясы[2] - Абу ’Абдуллах.
Төрөлүшү жана балалык чагы
Имам аль-Бухари хижраттан кийинки 194-жылдын шаввал айынын он биринде жума күнү Бухарада дүйнөгө келген. Ал- атасынан эрте ажырап, наристе кезинде көзү көрбөй калган, бирок көп өтпөй анын апасынын түшүнө пайгамбар Ибрахим алейхиссалам кирип, ага: «Эй баланча, сенин көптөгөн жалбарууларың менен Алла уулуңдун көзүн ачып койду» - дейт.
Алла ага тырмактайынан эле хадистерди эске тутуу жөндөмүн атаа эткен. Абу Жафар Мухаммад бин Абу Хатим аль-Варрак айткан: «Бир жолу мен Абу Абдуллах аль-Бухариден: «Сен хадистерди кантип үйрөнүп баштадың?» деп сурадым. Ал буга мындай деп жооп берди: «Хадистерди жаттоо керектиги жөнүндөгү ой мага жаңыдан окуй баштаганымда эле келген, анда мен ондо же андан да кичирээк жашта элем. Кийин мен мектепти бүтүрүп бирде тигил, бирде бул окутуучулардан таалим ала баштадым. Он алтыга киргенимде мен Ибн аль-Мубарак менен Вакианын китептерин жатка билчүмүн. Андан соң апам, бир тууганым болуп Меккеге жол алдым, аерде жашоодогу максатым - хадистерди топтоо эле. Он сегизге чыкканымда сахабалар менен табиундар жөнүндөгү маалыматтарды, ошондой эле алардын айткандарын топтоп, иретке сала баштадым».
Аль-Бухари өзүн толугу менен илимге жана ибадат кылууга арнаган. Ал көп айтчу: «Мен өмүрүмдө эч качан эч кимден бир дирхемдик да нерсе сатып алган жокмун жана эч кимге бир дирхемдик нерсе да сатпадым». Бир жолу андан нанды кандайча сатып алып жүргөнү жөнүндө сурашканда ал: «Мен ал ишти бирөөлөргө тапшырчумун, нанды мага алар сатып алып беришчү», - деп жооп берген.
Аль-Бухари (Алла аны мээримине бөлөсүн) өтө уят-сыйыттуулугу, эр жүрөктүүлүгү, марттыгы, такыбаалыгы, бул жалган дүйнөгө көңүл коштугу жана Акырет дүйнөсүнө умтулуусу менен айырмаланган. Бир жолу ал мындай деген: «Акыйкат, Алла тааланын алдына барганымда эч ким мени бирөөлөрдү жамандоодо айыптабасын каалайм».
Аль-Бухариге өз нарк-аброюн сезе билүү жана сыймыктуулук мүнөздүү. Бир жолу балдарын ага окуткусу келген бир өкүмдар аны чакыртып чабарман жибергенде аль-Бухари билим издегендер аалымдарга өздөрү келүүгө тийиш экендигин айтып, ага баруудан баш тарткан.
Ал көп убактысын, айрыкча куттуу рамазан айында күндүзү намаз жана орозо, ал эми түнкүсүн намаз жана Куран окуу менен өткөргөн. Абу Бакир аль-Багдадинин айтуусунда Масих бин Саид мындай деген: «Рамазандын биринчи түнү башталаары менен Мухаммад бин Исмаил аль-Бухаринин үйүндө анын жолдош-жоролору чогулаар эле жана алар менен ал ар ракааты жыйырма аяттан турган намазды Куранды толугу менен аягына чыкканга чейин окуй турган».
Андан тышкары, Аль-Бухари ар күнү ооз ачаар маалына чейин Куранды толук окуп чыкчу жана: «Куранды окуп бүткөндөн кийинки намаз жоопсуз калбайт» -дечү.
Бир жолу намаз окуп жатканда аны он жети жолу аары чаккан. Намазын окуп бүтүп ал: «Намаз убагында мени эмне кыжаалат кылды экен, карап койгулачы», - дегенде адамдар карашса, анын денесинде аары чаккан он жети из калыптыр, бирок ошого карабастан ал намазын токтоткон эмес экен.
1 Нисба - адамдын уруусун, тегин, туулган шаарын же аймагын билдирүүчү кошумча ат.
2 Куния - атасына же баласына карап адамга коюлуучу кошумча ат. Мисалы, Абу Абдуллах (Абдулланын атасы) же Ибн Мухаммад (Мухаммаадын уулу).
-
Ислам динине байланыштуу сүрөттөр)))
Жазылган күн: 15 Июл 2014
Бисмилахир рахманир рахиим Эскертүү : Бул темага: Ислам ДИНИНЕ тиешелүү гана сүрөттөрдү жүктөйбүз. Мисалы: Хадистер, аяттар, жоолукчан кыздар, цитаталар жазылган СҮРӨТТӨРДҮ жүктөйбүз. Сүрөттөгү жазуулар аят, хадис ж.б. КЫРГЫЗ тилинде болууга тийиш!!! () -
Аял кантип өз бактысын таба алат?
Жазылган күн: 14 Июл 2014
Бисмилахир рахманир рахиим
Биз даңазалаган, жардам сурап дуба кылган жана күнөөлөрүбүздүн кечирилишин суранып тообо кылган Улуу Аллах Таалага сансыз-чексиз мактоолор жана даңктоолорду айтып, андан бизди Туура жолго салуусун суранып тилек-дуба кылабыз! Биз андан өз напсибиздин азгыруусунан сактап, жаман адаттарыбыздан арылтуусун суранабыз. Кимди Аллах Таала Туура Жолго салган болсо, аны эч ким адаштыра албайт, кимди Аллах Туура Жолдон адаштырган болсо, аны эч ким Туура жолго сала албайт! Аллахтан башка сыйынууга татыктуу бир да Кудай жок экендигине, Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбө өтөмүн. "Али Имран" сүрөсүнүн 102-аятында Аллах Таала мындай дейт:
"О (Аллахка) ыйман келтиргендер! Аллахтан чыныгы коркунуч менен корккула жана мусулман боюнча гана өлгүлө!" .
Ошондой эле, "Ниса" сүрөсүндө:
" О адамдар! Силерди бир Адамдан чыгарып, ага (Адам-Атага) өзүнөн (б.а. кабыргасынан) жубай жаратып жана (ал экөөсүнөн пайда болгон) көптөгөн аял-эркектерди жер жүзүнө тараткан Аллахтан корккула. Силер (баарыңар) ошол экөөсүнөн (Адам-Ата менен Обо-Энеден) таралгансыңар. Силер ысымы менен бири-бириңерден сураган Аллахтан сестенгиле жана бир туугандык мамилелерди бузуп алуудан корккула. Чындыгында, Аллах силерди (ар дайым) байкап турат!" ,- деп эскертти..
Күйөөгө моюн сунуунун бактысы Ислам дини аялдарга өз укугун (кайтарып) берип, аларга милдеттеринин жана укуктарынын бири - бул күйөөсү менен байланышкан, анткени ал (күйөөсү) анын бейиши дагы, тозогу дагы. Тагыраак айтканда, ар бир аялдын күйөөсү- анын бейишке же тозокко кирүүсүнө себеп болуучу адам. Аллахтын элчиси (ага Алланын саламдары салаваттары болсун) мындай деген: "Эгерде (Кайсыл бир мусулман) аял ар күнү беш маал намаз(ын чын ыкластан, толугу менен) окуп, Рамазан айында орозо кармап, (Эч КАЧАН) ойноштук кылбай, күйөөсүнө толук баш ийген болсо, анда ага (Кыямат Күнү) мынтип айтылат: "Бейишке өзүң каалаган эшиктен кир". -
Эмне үчүн тамеки тартуу арам?
Жазылган күн: 12 Июл 2014
Бисмилахир рахманир рахиим
وَلاَ تَقْتُلُواْ أَنفُسَكُمْ إِنَّ اللّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү. Ниса 29
Чылым –инсандын акылын кетиреби?
Алланын зикиринен алыстатабы?
Анын кандай пайда зыяны бар!
Ушул жана башка суроолорго ачык жооп алуу үчүн чылымдын эмне үчүн АРАМ экенине далил издеп көрөлү.
Чылым табиятынан эле ден соолукка зыян,ысырапкорчулукка жол ачып, акылга терс таасирин берет. Курамында никотиндин таасири болгондуктан адамды бир аз ойготот.Кээ бир адамдарды бир аз зирек кылат, бир аз кайгысын унуткандай болот,ошол себептен кайра кайра тарткысы келе берет. Ошентип отуруп канына сиңип калат да, тамекинин кулу болуп калганын өзү да сезбей калат.Көпчүлүккө маалым болгондой тамекинин курамында никотинден башка да, көптөгөн уулуу заттар бар экендиги талашсыз.Бирок фирмалар өз соодасы үчүн анын баарын жашырышат.Кээ бир өнүкпөгөн мамлекеттерде текшерүү өтө алсыз абалда.Эл да анын канчалык зыян экенине көңүл бурбайт.Албетте Алла адамга кандай нерсе зыян, кандай нерсе пайда экенин билет. Ошондуктан мусулмандарда адал арам деген түшүнүк бар.
وَيُحِلُّ لَهُمُ الطَّيِّبَاتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيْهِمُ الْخَبَآئِثَ
Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат. Аьраф 157
Чылым чегүү- бул сойкулук,адам өлтүрүү,баңги зат катары чөң күнөөлөрдүн катарына кирет.Тамеки тартуу медицина кызматкерлеринин айтуусу боюнча адамдардын өлүмүнө себеп болчу рак ооруларынын булагы болуп саналат.Жүрөк, өпкө,тамак- аш сиңирүү органдары,ооз, кекиртек,тиш жана башка органдарга зыян болуп эсептелет.
Биз үчүн дене,жан Алла тарабынан берилген чоң белек,ошондуктан өзүңө атайын зыян жеткирсең күнөөкөр болосуң.Эгер чылым себептүү рак болуп өлсө, өзүн өзү өлтүргөндөй күнөөгө батат.Чылым чеккенде адам Алланы унутат. Эми тамекини биринчи чегип баштаганда аялдардын жүрөгү айланат. Окшуп, кускусу келет. Бирок өздөрүн күчкө салып организмин бат эле көндүрүп алышат.
Эгер кош бойлуу аял тамеки тартса, курсактагы баланын жүрөк согушу тездейт,аракети кыймылы азайат.Кан аркылуу барган кислород азайып, баланын салмагы да азаят. Тамеки тартпаган аялдын баласынан 250-300 граммга чейин айырмаланат. Аборт жана өлүм коркунучун алып келиши мүмкүн.Ошондой эле бала убагына жетпей салмагы аз,иммунитети күчсүз жана кем акыл, майып, мунжу болуп төрөлүүсүнө тамеки түздөн түз таасир этет.Ал эми эмчек эмизген эне тамеки тартса, тамекинин курамындагы уулуу заттардын баары балага өтөт.Демек бул укум тукумдун,генефонддун бузулушуна алып келет. Акыры барып маңкурттукка алып барат. Ошол себептүү врачтар кош бойлуу жана сүт эмизген энелерди өзгөчө тамекиден оолак болуусун эскертишет. Тамекинин курамындагы кээ бир заттар сүттүн курамындагы майда тез ээригендиктен, эненин сүтүнө таасири чоң. Ошондуктан никотин канга караганда сүттө үч эсе көбүрөөк экендиги келет.далилденген. Демек эмчек эмген бала ар бир сүт эмгенде зыянды кошо эмет.
Тамекинин 15% зыянын гана тарткан адам ичине жутат, ал эми калган 85% зыяны түтүн аркылуу сырттагы таза адамдарга кетет. Ошондуктан тамеки тарткан адамдардын балдары башкалардан 4-5 эсе көбүрөөк ооруйт.Тамеки тарткан адамдын көбүнчө үй-бүлө,бала- чакасы көбүрөөк зыян тартат. Тамекинин өзүндө төрт миңге жакын зыяндуу заттар бар болсо, анын беш жүзгө жакыны чыккан түтүнү аркылуу зыян жеткирет. Ошондуктан айрыкча жаш балдар жабыркайт,анткени алар чоңдорго караганда эки эсе ылдамыраак дем алат. Тамекинин түтүнү өйдө көтөрүлгөндүктөн, көрүү да начарлайт. Тамекинин зыяны дароо билинбейт,бирок акырындап отуруп, ал айыкпас дартка айланат. Балдардын да өлүмүнүн 40% ушул себептен болот. Тамеки тарткан адам өз балдарына жаман үлгү болуп, келечекте балдары да анын жолун жолдойт.Эгер бир адам күн сайын орточо эсеп менен отуз сомго тамеки тарта турган болсо, айына тогуз жүз сомдон коротот,ал эми бир жылда он миң сегиз жүз сомду ороп-ороп түтүнгө айлантат экен.Аттиң, ошол эле акчаны балдардын кийимине,тамагына ,илим-билим алуусуна(мектептеги жетишпеген китептерин алып берсе) сарптаса кандай жакшы болоор эле!!! Айрыкча чылым чеккен өспүрүмдөр рекламанын, жаман кинолордун таасиринен улам тамеки чеккен адамды “норма” катары кабыл алып калышат да, кумирине же кимдир бирөөгө окшош үчүн чегишет. Тамеки чеккен адамды “толук кандуу киши катары”көрүшөт.
Тамекиге каршы баардык жолдорду изилдеп үйрөнүү керек, анткени элдин, өзгөчө жаштардын келечеги, ден соолугу биринчи орунда турат. Мамлекетке тамекиден түшкөн киреше менен ден соолук үчүн сарпталган каражатты таразалап көрсөк асман менен жердей айырма бар.Ошондуктан мамлекет бул нерсеге өтө көңүл буруусу керек.
Ал эми азыркы убакта дүйнө жүзүндө тамекиге каршы көп аракеттер жасалууда. Тамекидеги наркотикалык зат бат эле көз каранды кылып алат. Никотинден башка тамекинин курамында 4000ден ашык химиялык уулуу заттар бар. Алардын ичинен 40 уулуу зат абдан коркунучтуу.
Тамеки тартуу адамды рак оорусуна алып келет.Рак оорусу 21-кылымдын айыкпас оорусу делет. Факты менен катталган 50дөн ашуун коркунучтуу оору тамекиден болот.Төмөндө адамдын организмине тийгизген зыяндары тууралуу сөз кылабыз.
Комментарийлер
unt_75
11 Фев 2019 - 10:25unt_75
11 Фев 2019 - 10:24Бaлким, сизгe жaгaт бул гель.
TITАN GЕL ДИ КOЛДOНУП СИЗ БУЛAРГА ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖАНА ОӉОЙ ЖЕТЕ АЛАСЫЗ:
- Эркekтик мүчөӊүздүн узундугун жaна жоондугун 6-8 cм чоӊойто аласыз
- Эрeкция функциясынын жaкшырышы
- Жыныстык kатнаш учурунда дагы kөбүрөөк ceзимталдык, көпкө coзулган жана күчтүүрөөк оргазмдар
Paхмат!