Жайнагул молодец!
1 тонна бешбармак жана 110 метр чучук! Гиннесске китебине киргизуу иш-чарасы... Жакшы саамалык. Ийгилик кыргыз журчулугуна!
#22 12 Март 2018 - 00:27
#23 12 Март 2018 - 00:34
#24 13 Март 2018 - 23:58
#27 30 Март 2018 - 17:21
мага мындай иш чаралар такыр жакпайтта. Мага жакпаган учун мындай иш чаралар токтоп калбайт дегилечи, бирок ар бир иш чаранын жыйынтыгы болуш керекта, а бул иш чаранын жыйынтыгы эмне ? Ойдо жакта бир форумчу айткандай беш тонна " отход" чыгат. Андан коро беш мин туп бак отургузса пайлалураак болмок беле?!
Ии, анан, бул иш чараны ким каржылады болду экен?

Билдирүүнү түзөткөн: sister: 30 Март 2018 - 17:23
brother
#28 01 Апрель 2018 - 20:32
Эмне болду бешбармагыбыз Гиннеске кирдиби ?
....кайда! кантип? жүрөсүң кайбереним .....
#29 05 Апрель 2018 - 10:40
Leylektik-77777 (13 Март 2018 - 12:05) жазган:
Амансызбы, бурадар?
Эл казанды кошо көтөрүп кетеби деп чочудум.
Кечээ дагы бир тарыхый күнгө күбө болуп келдик. Кыргыздын улуттук тамагы — бешбармак менен чучукту жасап, Гиннестин рекорддор китебине каттатуу аракети жасалды. Бул күнгө күбө болууга 5000ге чукул эл чогулду. Башында эл бешбармак талашып бири-бирин тебелеп, ызы-чуу чыгып казанды кошо көтөрүп кетпесе экен деп чочулап жаткам. Жок, андай эмес, уюштуруу жагы жогорку деңгээлде болуптур. Казандын жанына ашпозчулардан башка эч кимди жолотушкан жок. Келгендер тээ алыстан экран аркылуу көрүп турушту. Милиция курчоого алып, тыкыр көзөмөлдөп жатты. Иш-чара концерттик программа менен да коштолуп турду. Адаттагыдай эле муну сындагандар да болбой койгон жок. Адегенде "ушинтип төш кагып эмне кереги бар эле, ошол акчаны муктаждарга берип койсо болмок" деген жүйөнү айтып чыгышты. Мага ошол адамдар жок дегенде үйүнө бир көчөт эгип койду бекен суроо кызыктырат да. Аталган иш-чарага кесиптештерибиз менен барып ар тараптан чагылдырып келдик.
Тоодой бешбармак, кулач-кулач чучук. Табылды Кадырбеков тарткан шилекейди агызган сүрөттөрдү көрүп коюңуздар.
Сүрөт эле эмес, бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдерди видеого түшүрүп келдик. Бул жерден тер төгө чуркаган ашпозчуларды, маңдай жарыла сүйүнгөн элди, дегеле иш-чара кандай өткөнүн баштан-аяк көрө аласыз.
Тер төккөн ашпозчулар, сыймыктанган эл. Бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдер.
Адистин айтымында, бешбармак менен чучукту Гиннестин рекорддор китебине каттоо боюнча жооп 15 күндүн ичинде келет экен. Ушунча эмгектин акыбети кайтсын деп үмүт арталы!

Карасам озун менен озун суйлошуп эле жаза берипсин, жаза берипсин...
Эми Кыргыз мактангысы келсе 8 жылкы эмес, 800 жылкы союп да тонна тонна эт кайнатып, бешбармак жасатып, чучук каптата алат... Ошондой болуп да келген, 800 болбосо да 100го чукул жылкы, кара мал, жуздогон кой союлуп келген кайсы бир кара муртос бай-манап озунун канкор, элдин канын сулуктой соргон атасына аш бергенде бул жагы Ош, Алай, ар жагы казак туугандар, Кокондуктардан бери конокко чакырып... Сары Озон Чуй, Кол, Тенир-Тоолуктар, Таластыктарды айтпаганда. .. Ошол аш-тойдун рахатын байлар коруп, жамбаштап алып казы-карта чайнап, мандайында кошоматчылары суроп, Арзыматтары мактап ырдап турган. Кызматта баягы эле куу этек жарды-жалчы жургон, бир кесе ысык шорподон козу отуп... Калппы?!! Мына Кочмондор оюнун уюштуруп жатасынар, пособиеге табылбаган акча Кочмондор оюнун откорууго табылып жатат. Министр, депутаттар ар бири бирден машинеде келип (мамлекеттин машинеси, бензини), илгерки бай-манаптардай чалкалап казы-карта сугунуп, дагы кай жерден акча сугунсак болот деп суйлошуп отурушкан болот... ТЭЦтеги 386 миллион доллардан аз тийип калды да деп.... Кызматта баягы эле байкуш эл... Же депутат, министрлер кызматта жургонун кордунорбу очокко от жагып, чай ташып, эт ташып?!! ....
Болгону ысырапкерчилик, мактаныч керек эмес го деген ойлор айтылды...
Биз Кыргыз эли ысырапкерчилик боюнча алдыбызга ат салдырбай келгенибиз калппы?!! Кудайдын куттуу куну жуздоп-миндеп жылкы, мал-кой союлат, жакшылык-жамандыкка деп... Кыргызстанда козу карындай жайнаган тойкана, баары толо... Миндеген чайханалар бар, алар да толо... 5 миллион кыргыз эли бир жылда аш-тойго жумшаган акчага кошуна 30 миллиондук озбек туугандар 5-10 жылдап аш-той откорот, же калппы?!!
Сага же мага кундо казы-карта алып келишсе жей беребиз. Бирок ошого кеткен акчага карылар уйу, балдар уйуно жардам кылсак болбойбу деп жазыптыр. Ага эмне чычалайсын! !
Мен мындай иш-чара откорбогуло деп айтпайм, бирок артынан мынчалык мактануунун кереги жок. Элди чакырып тамак таркатып элдин батасын алдынарбы, болду, бутту..... Кечке мактана берсенер башынарга муйуз шактап осуп чыкпайт.....
Билдирүүнү түзөткөн: fantomas: 05 Апрель 2018 - 10:47
#30 01 Май 2018 - 04:20
Leylektik-77777 (11 Март 2018 - 14:22) жазган:
Бишкекте бир тоннадан ашык бешбармак, 117 кулач чучук жасалып, Гиннесстин рекорддор китебине кирүү аракети ийгиликтүү өттү.
Казакстанда 765тонна чучук жасалган дегенинизди Кандай тушунсо болот?
Бешбармакты жасоого 40 ашпозчу, 30 жардамчысы менен кошулуп жалпы жонунан 70 ашпозчу тартылган. Аны даярдоого 650 килограмм таза тууралган эт, 700 килограмм камыр кетти. Камыр менен эт алдын-ала чакан казандарда бышырылган. Ал эми чучукту эт азыктарын кайра иштеткен компаниялардын бири жасап келген. Натыйжада пландалгандан ашып түшүп, бешбармактын салмагы 1464 килограммга чыкса, чучук 117 кулачты түздү. Даяр болгон тамактар келген элге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.
Улуттук тамакты даярдоого буга чейин 8 жылкы союлаары айтылган. Бирок ашыгы менен болсун деп кошумча дагы бир жылкы союлганы айтылды. Тарыхый күнгө катышууга келгендердин саны 5000ге чукулдады.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстанда 765 тонна бешбармак, 100 метр чучук жасалып, Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген. Ал эми Өзбекстанда 6 тонна палоо жасалган.

#32 06 Январь 2019 - 03:02
Кыргыздар митинг менен эле эмес жакшы жагыбыз менен деле таанылсак болот экен го