Жайдын толуп турган кезинде Фрунзеге барып калдым.Көздөп келген жумушум да бүтүп,үйгө кайтуучу мезгил келди.Жолдошторумдун "эртеңки дем алышты мында өткөрүп кет" дегенөтүнүчтөрүнө карабай,жолго чыгууга камындым.
Фрунзенин автовокзалы.
Эл көп машина-машинага тийбейт.Ичи жүргүнчүлөргө толгон автобустар менен жеңил машиналар биринин артынан бири зымыроодо.
-Бул такси кайда барат?
-Өзүңүз кайда барасыз?
-Пржевальскиге.
-Кечигип калдыңыз орун жок.
-Аттиң,-дедим да бир машинага бардым. Баякы эле жооп,орун жок.Убакыт өтүп жатты.
-Эже,сиз Пржевальскиге барасызбы?-деди бирөө.
-Ооба.
-Жүрүңүз,тиги машинада бир орун бар.
Сүйүнүп кеттим.Чемоданымды көтөрүп,машинанын жанына келдим.Алиги жолдошторун узатып жүргөн жигит машинанын эшигин ача берип,мага жылмайды.Ичинде отурган жүргүнчүлөргө көзүм түштү.Жүрөгүм шуу этип,кетенчиктеп барып токтодум.
-Олтуруңуз!
-Ракмат,мен башка машина менен кетейин (калп айтууга туура келди),биз эки кишибиз,силерде болсо...
-Ай,катын,-деди машинада отургандардан кимдир бирөо,тили күрмөөгө келбей.-оштонбой отурбайсыңбы?
-Арманда каласың биз менен кет.Жолдо катар гүлдөтөбүз сени.-деп экинчиси булдуруктады.
Алардын сөзун укмаксанга салып кете бердим.
-Токто!-күрөосүнөн бери кара-көк тартып кызарган жигит машинадан чыгып,артымдан жете келди.Жүрөүм оозума тыгылды.
-Сизге эмне керек?
-Сен керексиң!
Машинага кеткен чыгымыңды биз төлөп берели.
-Эмне үчүн?
-Сенин кадырың үчүн.
-Коё бериңиз.
-Акмак кыла турган кишини тапкан экенсиң.Азыр эле түшөм деп коюп,кайра айныганың эмнең ыя?...
Атам тааныбаган мындай зөокүрдөн качып кутулуудан башка айла жок эле.Акыры көпчүлүктүн ичине кирип кетүүгө туура келди.
-Пржевальскиге бир орун бар,каалоочулар барбы?-шофёрдун үнү заңк этти...
Учу-кыйырсыз тасмадай созулуп жаткан шоссе жолдо жеңил машина сызып бара жатты.Тынчтыкты шофердун анда-санда берген сигналы бузбаса,жылуу абанын эпкини акырын шуулдап,бир калыпта артта калууда.
Олтурган жүргүнчүлөр бири-биринен жай сурашат.
-Мен сизди сыртыңыздан тааныйм,жаңылбасам Закен эже эмессизби?
-Ооба.Закенмин.
Өзүңүз кайсы жерден болосуз?-Мен ага кайдыгер бурулдум.
-Жылыдз колхозунан.
Өоба,жердеш турбайбызбы.
Бул жакка качан келдиңиз эле?
-Өткөн дем алышта.
-Жөн-жай элеби?
-Жолдошум Фрунзеде ооруканада,
ошого келгем.
-Мен тааныймынбы?
Кимдин келинчеги болосуз?
-Балким,таанырсыз,
колхоздун башкы агроному...
-А,тааныйм-тааныйм.
Ооба,баса,жарааты катуу деп уктум эле,жакшы болуп калдыбы?
-Ракмат,эжеке,
жакшы.
-Ошондой эле болсун.Абалын угуп чочулаганбыз.
Сакайып кетсин бечара.Көгөрө турган жигит.Ал быйыл Ленин ордени менен сыйланбадыбы?
Чарбада белдүү кызматкер,иштемчил.
Азамат,колхозго ушундай тынчы жок кишилер керек...-деп сөзүмдү токтотуп,анын жузунөн бирдеме издеп жаткансып кадала тиктеп турдум.
Ооба,мен бул келинди көптөн бери көрүүгө ынтызар элем.Бир жолу ушулардын колхозуна барып калганымды эстедим.Башкы агроном экөөбүз жүгөрү плантациясынан баштап,эгин,
беде,апийим аянттарын кыдырып жүрдүк..Жүгөрүнү көргөндө бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп,эмне дээримди билбей апкаарып калдым.Калаган камыштай бийик чыккан талаа ханышасын аралап,атчан киши кирип кетсе көрүнгүс.
-Бул менин аялымдын участкасы.Начарыраак жеринен чыктык.Арылап бастырсак мындан да сонун.Тигил участок болсо Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамды жаңы алган Айнагүл эженики. Ал жыл сайын жүгөрүдөн мол түшүм өстүрөт.Топуракты иштетүү жагынан чабуулду катуу коюп жатабыз. Эгиндин жаздык айдоосун кескин кыскартып,күздүк менен тоңдурмага көчтүк.
Башкы агроном менен бирге баратып,анын аялы жөнундө уккан сөздөрдү эстедим.Кантип сурасам?Балким,
аны менен ажырашып кеткендир.Өтө салкын турушат дешчү эмес беле. Ушул өңдөнгөн жигитти чанып жүргөн аялды көрүп койсо жаман болбос эле.Балким,чыны менен эле укмуш аялдыр.Эгер агроном түшкү чайга үйүнө чакырса,жан-
дилим менен бармакмын.Бирок андай болгон жок.Талаа станына барып түштөнүүгө туура келди.
-Эче балаңар бар,иним?
-Бирөө,экинчиси курсакта.Келинчегим декретке жаңы чыкты.Кийин жентек жегенге келиңиз бизге...
...Ошондогу жигиттин жылдыздуу жузү көз алдыма тартылып өттү.Эки тоо көрүшпөйт,эки адам көрүшөт дегендей тагдырдын марттыгын көр. Бир кезде мен көрсөм деп дегдеген ошол келиндин минтип жанымда отурганын кара.
Ичимден сыр билгизбей сынай тиктейм.Мен уккан аялы болду бекен?Эгер ошол болсо күйөөсүнөн өтө деле ашып кеткен өзгөчөлүгү көрүнбөйт.Күнгө тотуккан кара-тору жузү сүйкүмдүү.Көзү бажырайып оттуу.Менин көңүлүмдү көбүрөөк өзүнө бурган берметтей аппак тиштери болду. Күлсө да,сүйлөсө да тептегиз болуп келинге бир башкача сулуулук берип турат.
Башы булутка жетсе да адам баласынын өзүнчө түйшүгу,өзүнө туштук өкүнүчү болбой койбойт эмеспи.Келин канчалык өзүн жайдары көрсөтөйүн деген менен,капысынан кайра-кайра улутунуп,оор дем алып коюшу менин көңүлүмдү тынчсыздандыра баштады.Кандайдыр көздөгөн максаты ордунан чыкпай,кимдендир ыза көрүп,катуу сокку жеген кебетеси бар.
Гүлкан көзүн жашылданта бир оокумда мага бурулду.
-Айтыңызчы эже армансыз адам жаралат болду бекен?
-Эмне үчүн болбосун.
-Балким,жер жүзүндө бактысыз жаралган жалгыз мен болуп жүрбөйүн?-Мостоё түштүм.
-Эмне үчүн антесиң?Күйөөң теңтуш,турмушуңар жакшы.
-Турмушу жакшы болуп,дүйнөгө түркүк болуп,миң жашаган ким бар.Же адамды бактылуу кылган дүнүйө менен дөөлөтпү?Жок,
жок такыр андай эмес.Мен буга эч качан кошула албайм.Адамды бактылуу кылган адам,сүйүү.Же жалган айтып жатамбы?
Келиндин өпкөсүн көптүргөн сырын ким менен бөлүшүп,ким менен сырдашаарын билбей ынтызарланып келатканын байкадым.Адам кээде ичиндеги терең капасын теңтушуна же аны баалай билген кимдир бирөөгө айтып,эркин баарлашып алса,үстүндөгү жүгү жеңилдене түшкөнсүп,ичи ачылып калат эмеспи.Билгизбей сурадым.
-Эмне үчүн мынчалык нааразысың?
Силер жөнүндө башкача пикирде элем.Кокус жаңылып жатып жүрбө?
Келин селт этти.Мостойгон калыбында сөз катты.
-Жаңылып жатып жүрбө дейсизби?Эмне үчүн минтип сурадыңыз?
-Бактысыз деп кандай кишини айтаарын сен өзүң түшүнөсүңбү?
(Мен Гүлканды түз эле сен деп сүйлөөгө өттүм). Жаман көрсөң жаман көр,бул айтканың жакшы эмес Гүлкан.
-Түшүнөм эжеке,кичине эмесмин да.
Келиндин өңү адагенде бозоруп барып,кайра албыра түштү.
-Кайын энең силер менен чогуу турабы?
-Анан кайда барат?Кызык сурадыңыз.
-Дегинкисин айтам да.Жашырган менен болобу кийинки жаштардын көбү кайын энени каалашпайт.
Өздөрүнчө турууну эңсейт.Энелердин ак пейилине түшүнбөй,чуу көтөрүп жүргөн келиндер азбы?Карыны бактысыздыктын башы деп билген жеңил ойлуулардын эченин көргөм.
Гүлкан чебелене түштү.
-Эгер кайын энем болбогондо,
балким...-бир демге унчукпай калып,кайра мындай деди:-Мен ал кишини өз энемден артык көрсөм көрөм,кем көрбөйм.Акылдуу,
мээрбан аял.
-Күйөөң ичкиликти жакшы көрөбү?
-Эркек эмес биз деле иче коюп жүрбөйбүзбү.
Шарты келген жерде ичет.
-Аны сурап жатканым,кээде үй-бүлөнүн ыркын кетирип,ынтымакты бузган көпчүлүк учурларда ичкиликтен да болот.Бактылуу эрди-катынды бактысыз кылган да ошол жинди суу.
-Айттым го эже,ал андайлардан эмес,ичкич кишилерди өлгүдөй жек көрөт.
Гулкан экөөбүз тең бир топко унчукпай калдык.Өзүмдөн өзүм бушайман болуп,оюм алда кайда чабыттап,жанымда олтурган ушул келиндин бүдөмүк,чоочун турмушуна улам арылап сүңгүп бара жаттым."Ишке жөндөмдүү,эл-
журтка алымдуу болгону менен аялга калганда кара мүртөс неме болсо керек.А балким,кылдан кыйкым тапкан кызыл камчыдыр,ким билсин.Кокус ошондойлордон болсо,колуктусунун көкөйүнө көк талкандай тийген кара боор бул жигитти жакшы деп кантип мактоого болот..."
-Эже,эмне мынча ойго батып кеттиңиз?
-И,сенин күйөөң жөнүндө ойлонуп кеттим,Гүкен.
Эстүү жигитпи дечү элем.Бирок...
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Астра гүлү Зуура Сооронбаева
#2 20 Август 2014 - 22:27
-Жолдошумдун адамгерчилиги жөнүндө кабатыр болбоңуз.Балким,
бактысыз болушума өзүм же башкалар күнөолүүдүр.
Гүлкан шадылуу ичке манжаларын кырсылдаткан калыбында алдын тиктеди.
-Түшүнбөдүм деги бири-бириңерди сүйүп үйлөндүңөр беле?
-Кеп ошондо болуп атпайбы?Таңыркай түштүм:
Кызык.Мындай ишти силерден күткөн эмес элем.
-Көрүнгөн кишиге өз баркын өзү кетирип өөдө-ылдый сүйлөй берет экен деп ойлобоңуз.Эгер менин абалыма түшүнгөн болсоңуз,байкуш Гулкандын айтары да,күйөрү да эп экен дээр элеңиз.А балким,өз башыңыздан өтпөгөндүктөн ошентип жатсаныз керек.
Гүлкан жөнүндө ушак сөздөрдун түйүнү кайдан келтп чыккандыгын өз оозунан уга тургандыгыма эми көзүм жетти.
-Айтчы Гүкен,сенин гүлдөп турган бактылуу өмүрүңө кош колдоп кандай кара ниет таш ыргытты экен.Ачык сүйлөчү?!- Каным сыртыма тээп,жүрөгүм сыздап турганын билдим.
-Угасызбы?
-Угамын.Өзүм сурап жатпайымбы. -Гүлканга ыктай отурдум.
-Болуптур эже,мынча болду башынан айтып берейин...Жоолугун оңдоп байланып,оң колун машинанын арткы жаздыгына узата сунуп коюп,узун сөзгө кирди.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#3 20 Август 2014 - 23:42
Мен эки бир туугандын ортосунда,эки энени тең эмген тел карабоз тайдай эрке чоңойдум.Атам менен энем кың эткен баланын үнүнө зар болуп жүрүп,мени көрүшуптүр.
Атамдын иниси Сагалы да баласыз киши.Ошентип,
эки үйдүн ортосунда көзгө басар жалгыз кыз болгондугумдан айылдагы өзүм теңдүү кыздардан өзгөчө кийинип-ичинип бойго жеттим.Атам колхоздо чабан болуп иштечү.Абам болсо кой-товар фермасынын башчысы,орто билимдүү адам.Айылдагы бир топ адамдардан маданияттуу да,оокаттуу да турчубуз.Атамдын бир жакшы сапаты өмүрүндө калп айтып,кара өзгөй сүйлөбөгөн,
эмгек десе эт-бетинен кеткен ак ниеттүү адам.Ошонусуна жараша айтканынан кайтпаган,өз билгенин өзгөгө бербеген,убадага бекем,намыскөй.
"Жакыбалы орундатам деп оозунан чыкса бүттү,анда кам санабагыла. Кокустан болбойт десе болбогону,экинчи аны кайталап кереги жок"-деп айылдагылар кандайдыр бир иштер боюнча сөз болуп калганда эки жооптун бирин угуп тим болушчу.Атамдын мындай бир мүнөздүүлүгү мага да жагуучу.Ошондуктан, атамдын көңүлүнө жакпай турган иштерди иштебөөгө,ал кишини капа кылып,көңүлүн чөктүрбөөгө көп аракеткылчумун.
Мен эс тартып бой жете баштаган сайын жуучулар да көбөйө берди.Бирок биздин үйдөгүлөр алардын биринин сөзун да илик алган жок. Атам мени окутууга абдан ынтызар эле.
Эч нерседен капарсыз,наристедей эркелеп,бой тартканымды билбей жүргөн кезде,онунчу класстф бүтө турган мезгил да келип жетти.Жетилүү аттестатын колума алып,Фрунзедеги кыз-келиндер институтуна келип кирдим.
Күн артынан күндөр,апта артынан айлар жипке тизилген мончоктой биринин үстүнө бири келип кошулууда.Мени жалгыз гана тынчсыздандырган алыста калган ата-энем болбосо,жашоо да,окуу да көңүлдүү.Балага ата менен эненин да өзгөчө жакын көрүнө турганы болот окшобойбу.Энемди бир ойлосом,атамды эки ойлойм.Мойнунан орой кучактап,адатымча сакалынан жыттагылап, беттеринен өпкүм келет.Тизесине башымды коюп,чалкамдан жатып алып,кыңылдап ырдап,тайраңдап өткөргөн күндөрүмдү сагынам.Атам да мени сагынып жүргөндүр.Эртең менен дайыма мени чекемден өөп ойготор эле.Оо,байкуш атам,оорукчал да болуп кетти.Өлбөй жүрүп менин убайымды көрөөр бекен?Эч кимдин атасы менин атама окшобогондой, менин атм көп атадан мээримдүү да,акылдуу да сезилет өзүмө.Ата-энемди узагыраак көрбөй калсам,ушунчалык сагынып кетем дейсиз,алар менин эсимден да,түшүмдөн да кетпейт.Ошентип, аз болсо да убактым боло калса үйдү көздөй шашылам.Ой,чиркин ай,ата-энемди көрүп,аман-соосун билип келгеним өмүрүмдун багы,көңүлүмдүн сыймыгы.
Анда мен сүйүү деген дарттан алысмын.Сыягы кээ бирөөнүн сезими бул жагынан эрте ойгонсо,экинчи бирөөнүкү кеч ойгонсо керек.Жолдош кыздарымдын сүйүп калган жигиттерин айтып,кээде кубанып,кээде ооздорунан көк түтүн бурап кайгырып олтургандарын көргөндө,бир бөтөн шаарды тээ алыстан карагандай болом.Алардын турмушка болгон көз карашы,өз өмүрлөрүнүн келечекке багыт алышы менден айырмаланып тургандай сезилет.Ал эми менин максатым болсо жалгыз гана окуу.
Айылдан катты көп алам.Күндөрдүн биринде Ажар деген теңтушум мага төрт беш баракты толтуруп кат жазыптыр.Өзүнүн колхоздо кандай иштеп жаткандыгын, ден-соолугунун чыңдыгын кыскача жазып келип,мындай деп кошумчалаптыр:
"Сапардан окуусун бүтүп келгенин уккандырсың. Биздин колхоздо агроном болуп иштеп жатат.Керилген сонун жигит болуптур.Узун бойлуу,ак жуумал.Балбылдаган акылдуу кара көздөрү адамды өзүнө магниттей тартат.Мындай сүйкүмдүү сулуу жигитти мурда көрбөгөндүгүмдөнбү, же көрсөм да,көңүл бөлгөн эмесминби,айтор, Сапар менин көзүмө жомокто айтылуучу асмандан түшкөн перинин баласы сыяктуу сезилет.Ачыгын айтсам сүйүп калган өңдөнөм.Сенден эмнесин жашырайын,кеңешиңди айтып кат жаз.Сен билесиңби Гүке,бул жактагы келин-кыздардын эки сөзүнүн бири эле Сапар жөнүндө болуп жатат.
Кимибиз бактылуу болоорубузду кимбилсин.Айтчы, өзүң жигит таптыңбы?Кең Фрунзеден үч жылдан бери эч кимим жок дегениңе ким ишенсин.Ичиңдин бектиги темир сандыктай эле бар ээ.Антип,менден кызганбай,курдашыңдан жашырбай жигитиңди тааныштырып кат жаз.Мындан ары өзүм жөнүндө болгон жаңылыктарды билдирип кат жазып турам.Сен дагы,макулбу? Кош.Ажар."
Бул катты окуп Салкын жеңем эсиме түштү.Байкушум, бактысы бар экен.Бирөөнөн толбой калган кенемтени,экинчисинен толтурат деген ушул.Күөөсү согушка жөнөгөнү жатканда төрөгөн дешет.Ошон үчүн атын Сапар деп коюшуптур.Куураган гана согуш башы бүтүн,боору эсен эч ким калган жок го сенин кандуу чеңгелиңден. Салкын жеңем жакшы көргөн жарынан калган жалгыз уулун караан тутуп,белине таңуу кылып,ошон үчүн өз түтүнүн өчүрбөй,турмуштун ачуу-таттуусун башынан көп өткөрдү.Күйөөсүнөн ал жыйырма жашында калыптыр.Кайран жыйырма жаш,кайран келберсиген кез...
Сапарды көрбөгөнүмө бир топ жыл болуп кетти.Мен алтынчы классты бүткөн кезде,ал онунчу классты бүтсө керек эле.Анан аны Ташкенттеги айыл-чарба институтуна кетти деп айтышты.Жайкы каникулга келип калган учурда биздики дайыма Сапарды чакырып тамак беришчү.Жол каражатына кайрылышчу. ..Атам анын атасын оозунан тушурчү эмес.

#4 21 Август 2014 - 09:27
Гүлкандын тагдыры кайрадан кайталанып калышынан аябай корком... ((((((((((
)))
#5 21 Август 2014 - 15:11
...Мен Сапарды энеси менен шаардан келатканда көрдүм.Арабанын үстүндө алы-жаны калбай энесине бирдемелерди көнүлдүү сүйлөп келе жатыптыр.А Салкын жеңем болсо,бактыга батып,дүнүйөсү түгөл болуп,баласынан башканы биротоло унутуп койгондой албырат.Менин көзүмө сулуу да,жаш да болуп кеткендей көрүндү.Сапар мени көрө коюп амандашты.Анан мени артына бурулуп ээрчий караган калыбында,энесине бирдеме дегендей болду."Жакып абамдын кызыбы?Бой тартып калган тура",-деп айтты бекен деп ойлодум.Анан эмне болду эле?Же ошол бойдон көрбөй калдымбы?Туура.
Андан кийин көрө элек экенмин.
Кийинки жылдары айылга шашылып келип,шашылып кетип жүрду. Жайкы каникул убагында практикадабы же өз каалоосу боюнчабы,айтор, Озбекстандын чарбаларынын биринде иштеп жүруптүр деп айтышты.
Эмнеси болсо да жакшы кеп болуптур.Аман болсун,ал дагы бирөөнүн көзгө басар жалгызы.Ыймандуу немеге үйлөнүп,Салкын жеңеме кайрымдуу болсо болду.Эгер Ажардын ою ордунан чыкса жаман болбос эле.Эстүү кыз.
Ажардан экинчи кат келди.Тим эле оозунан көк түтүн буркурайт.Анын Сапарга ашык болуп калганы жазган сөзүнөн гана эмес,ар бир тамгасынан байкалып турат.
"Айтчы Гүлкан,мен эми эмне кылам? Сапарды өзү бирдеме деп сунуш киргизип,сөз баштайбы деп күтүп жүрүп чыдамым кетип баратат.Ал мага жөнөкөй жолдоштор катарында гана жылуу-жумшак мамиле кылат.Ашык сөз айтып такыр унчукпайт.А мен болсом анын ыйык махаббатына чалдыгып,дүркүрөп күйүп баратам.Мага түшүнүп жатасынбы,Гүлкан? Дагы,кечке жумушта мас немедей аны ойлоп жүргөнүм аз келгенсип,түнкүсүн уктабай,азап тартып чыкканымчы. Эгер ушунумду энесине айттырсам кандай болот эле? Бирок кыз башым,кыл чачым менен балаңа айт,мени келин кылып алууга жардамдаш дешим өлүмгө барабар го дейм.Иш дегенде жанын таштаган жигит болуптур.Азыр ал күнү-түнү чапкылап талаада,айдоо аянттарына жер семирткичтерди чыгаруу менен алек.Комбайн менен тракторлордун ремонту бүттү деп жатышат.Кечээ күнү комсомолдук жаштардын чогулушу болду,Жаштардын иштеген иштери боюнча Сапар жарыш сөзгө чыкты.Анын сөзүн колхоздун жаштары ушунчалык ынтаа коюп угушту.Келеркиде бардык дан эгиндеринен, тоюттук чөптөрдөн,ал эмес картошкадан да мол түшүм өстүрүп алуу боюнча комсомолецтер менен жаштар өздөрүнө милдеттенме алышты.Жыйналыш бүткөндө чогуу чыктык.Мен ага кылчаңдасам, эч кимге кошулбай жалгыз басып кетти.Артынан жүрүп олтуруп,алардын эшигинин алдынан бурулдум.Ал мага назар салып да койгон жок.Артын бир кылчайып карап алды да үйүнө кирип кетти.Баса,сени эмне үчүн экенин билбейм,эки- үч жолу сурады.Кат жазсаң салам айтып кой деди.Анан сенин адресиңди сурайт,мен берген жокмун,Азырынча мендеги болгон жаңылык ушул.
Кат жаз.Ажар" .
Курдашымдын үчүнчү катын алганда төбө чачым тик турду.Ажар адатынча эсен-солукту сурабастан турп,сөзүн баякы эле сапар жөнүндө баштаптыр.
"Гүлкан! Мен сага абдан таарындым.Бул жөнүндө кандай десең андай де,кыскасы сен мага жакшы жолдош эмес экенсиң.Сага ишенип бардык сырымды жашырбай айтып жүрсөм,сен менин ак тилегиме каршы чабуул коюп жүргөн турбайсыңбы. Эмне үчүн Сапарды сүйөөрүңдү биринчи катта эле жазбадың,же менин тамашама батып,шылдыңдагың келеби?А балким,тамырымды кармап,сырымды тарткың келгендир.Антпесең деле Сапар сага үйлөнөт тура.Бактылуу бол!
Ажар."
Мен канчалык актанып кат жазганым менен,Ажар мага кат жазганын койду.Ошентип, экөөбүздүн ортобуздагы жолдоштук мамиле ортосунан чарт үзүлгөн жиптей бөлүндү да калды.
Бул учурда мен үчүнчү курста окум жаткан кезим болуучу.Биринчи семестрди аяктап,үйгө келдим.Биздин үйдөгүлөр мурдагыдан да жайдары,мурдагыдан да чектен чыга мээримдүү болуп кеткен сыяктуу көрүндү.Мындай аша чаап өнтөлөө мага өөн учурады.Ойго баттым.Ушундай мамиленин далдаасында кара чаар жылан ийрилип жатканын көөмөйүмдө байкагандай болдум.
Адаттагыдай эле мага учурашууга келип-кетип жаткан кошуна-колоң, тели-теңтуштар көп.Олтургандардын арасында Салкын жеңемдин көзү көзүмө башкача урунду.Жүрөгүм болк дей түштү.Көзүмдү андан ала качтым.
-Алдыңа кетейин Гүлкан,дагы канча окуйсуң?
-Үстүбүздөгү жыл менен үч жыл.
-И-и аз калган тура.Дениң сакпы,кагылайын?
-Түзүк.(сурагым келбесе да) Өзүңүз жакшы жүрөсүзбү жеңе?
-Жаман эмес,алдыңа кетейин,Сапашың да окуусун бүтүп келип ушул жерде иштеп жатат.Көрөсүң го өзүң,каадалуу эле жигит болуп калыптыр.Саргара жортсоң,кызара бөртөсүң дегендей эмгегим талаага кетпептир.
Олтурган аялдар сөзгө аралашты.
-Э ботом,Сапаке келинчек албаймын дейби?Аны менен тең балдар акар-чакар болуп калышты.Атаганат, бир ак жоолук алып келип берсе жаныңа караан болот эле ээ.
-Өмүрү тозбосо болоор энелер.Көбү бүтүп азы калды,өзү да ойлоп жүргөн чыгаар.
-Багыңа ыймандуу неме кезиксе экен.Айылда чыбыгы кыргыйдай көп эле кыздар бар.Аларды жактырбайт бекен?
Мен эшикке чыгып кеттим.Келгенден бери эсимде Ажар.Шааркан жеңемден сурасам," Ошол Ажарыңды койчу кагылайын кичине кыз.Ботом,Сапарды сүйөм деп чыгарбаган ыры,сүйлөбөгөн сөзү жок.Эртели-кеч саксактап,ушул тегеректен кетпейт.Кыз болбой куруп калсын.Эси жок неме тура.Тү,кантип ошентип эркеектердин аркасынан өзү уялбай ээрчийт ыя.Сен эми андай бузулган кыз менен жолдош болгонуңду кой,кагылайын кичине кыз.Жаманатты болосуң,Кудай урсун жаманатты болсуң..." Бирок мен жеңемдин сөзүнө ишенгеним жок.Ажардын таламын талашп,актоого аракет кылдым.Чындыгында эле Ажар эл айткандай чийинден чыгып кетүүдөн алыс экенин билем да.
Мен мурун Сапар менен бет алышып сүйлөшүп көргөн жан эмесмин.Келгенимден бериар түрдүү жумуштарды шылтоолоп Сагаалы абамдыкына да,биздикине да көп келчү болду.Мен аны көрүп,Ажардын сүйө тургандыгынын жөнү бар экен деп ойлодум.Ырас эле кыздардын жүрөүнө чок сала турган келишимдүү, сулуу жигит болуптур.
Бир күнү клубда жаштардын кечеси боло турганын угуп,кыздар менен барып калдым."Жаштарды адептүүлүккө кантип тарбиялоо керек?" деген лекциядан кийин бий болду.Сапар ордунан туруп четте турган мени көздөй басты.Ал мени бийге чакырды.Мен аны менен биринчи жолу бийге түштүм.Сапар адамды ушунчалык жеңил алып жүрөт экен дейсиз,тим эле укмуш.Музыка бүткөндөн кийин скамейкалардын бирине келип олтурдук.Ошол замат алдыбыздан Ажар өтүп кетти.Мен анын атайын ошенткенин дароо билдим.Ушуну эртең бетиме кармап жүрбөсүн деп ойлоп,анын артынан барсамюы дегенчелик кылып ордуман турдум.Сапар кошо козголду.Музыка ойноп жаткандар бизди эле карап тургансып,кайра баштан вальсты баштап кирди.Сапар мени жадырай карап алды да,колуман кармай,далымдан имере кучактады.Музыканын ыргагына көшүп баратып,жүрөгүм алда-немеден чочугансып улам-улам селт дей түшүп басылып жатты.Анан калса Сапардын жүрөгү көөдөнүнүн сыртында жүргөнсүп,менин эмчек тушумду кайра-кайра ургулап баратты.Эркектердин жүрөгү ушундай катуу урат окшобойбу деген ойдо калдым.Мен канчалык андан өзүмдү оолак кармайын дегенге болбой,Сапар мени өзүнө имере тартып жеңил айлантып жүрдү.Анын кирпик ирмебей,бакытка бата магдырап,мени кадала тиктеп бараткан оттуу көздөрүнөн көзүмдү ала качып,четте турган жаштарды жүрөксүй карадым.Ажар бизди жутуп жиберчүдөй кадала карап туруптур.Кабагы карыш түшүп,өңү бир укмуш болуп өзгөрүп кетиптир.Кимдир бирөө аны бийге чакырып жатканын байкадым.Ажар аны менен туйтуңдаша тушүп,түртүп жиберди...
Клубдан ойлуу кайттым.Эмне үчүн Ажар Сапарды сүйөт,Сапар Ажарды эмне үчүн сүйбөйт?Кызык. Сапар анын эмнесин жактырбайт болду экен?А балким,башка жакта сүйлөшүп жүргөн кызы бардыр.
-Укмуштай күлүк экенсиздер Гүкен.-Сапар энтиге мени жандай басты.-Узатып койсок капа болбойсуздарбы?
-Эмнеге капа болушат.Кызды жигит узатпаганда, кыз жигитти узатмак беле.-Комсомолдук баштапкы уюмдун снекретары тийише сүйлөдү.
-Кыздар менен сүйлөшүүнү апийимдин үрөнүн септиргендей ойлобо,дос.
-Гүкен!-Сапардын үнү ыргактуу чыкты.Башымды акырын өөдө көтөрдүм.Жолдошторум бизден узап баратышканын көрдүм.Сапар сөзүн улады.
-Мен бир жолу Фрунзеге барып,Сизди таппай кеттим.Кыздар айтса керек.
-Унутуп калышса керек,укканым жок.
-Уксаңыз да укмаксан,билсеңиз да билмексен болосуз да.
-Билгим да келбейт.
-Эмне үчүн?
-Ал менин жумушум.
-Таарынасызбы?
-Себеп?
-Шааркан жеңем эчтеке айткан жокпу?
-Жок.Эмне айтмак эле?
-Укканда билерсиз.Айтса бүгүнкү кече көңүлүңүзгө жактыбы?-Ал мага эңиле карады.
-Сизгечи?
-Мага жакканда да кандай жакты дейсиз,Гүкен, мурдагы кечелер биртең,бул бир тең болду.Байкадыңызбы өтө кызыктуу өттү ээ..

#6 21 Август 2014 - 15:59
Ушинтип олтуруп үйгө чукул келип калдык.
-Кана,Гүкен, анда коштоштук,же үйгө киргизип коёюнбу?
-Ракмат,өзүм эле.
-Болуптур анда жакшы жатып жай туруңуз.Жакшы түш көрүп жатыңыз.
-Ой силер кимсиңер?-деди короодон Сагаалы абам жөтөлүп.
-Биз эле,Саке! -О-о,Сапашым тура,айланып кетейин десе.Ырас болбодубу,Гүкенди тосуп келсемди деп ыктым эле.Үйгө киргиле энең да мында.
Чогуу келгенибизди көргөн атам менен энем,Салкын жеңем баш болуп көргөн көздөрүнө ишенбегендей шашып калышты.Шааркан жеңем болсо төрдө жаткан көлдөлөңдөр жукалык кылуучудан бетер,анын үстүнө төрт бүктөп дагы төшөк салды.Ошентип Сапарды биздин үйдөгүлөр көптөн бери көрбөгөн тун уулун тосуп алгандай тосуп алышты.
-Силер менен чогуу келген башка бирөө да бар беле?-Шааркан жеңем мага карады.
-Үйлөрүнө кетишкен.
-Кеткен-кетпегенин кайдан билейин,көң алайын деп барсам,бирөө туруптур.Кудая тобо,жүрөгүм түшүп калды окшойт.-жеңем жүрөк тушун басып,күлкү аралаш үшкүрүп алды.-Сен кимсиң десем сөз айтпай ары басып кетти,Ажарбы деп калдым.
-Ажар!-Салкын жеңем чочуп кетти.-Кайсы Ажар?
-Мусанын кызы.
-Үйгө кир десең боло,балким, Гүлканда жумушу бардыр.-Энем күңк этти.Астыртан Сапарга көз кырымды чаптырдым.Эмне үчүндүр анын өңү купкуу болуп кетиптир.
Таң атканча жаным жай таппай,чабак уруп чыктым.Канчалык уктоого аракет кылсам да,санаам санга бөлүнүп,көз алдымда Ажар менен Сапар.Ал мени менен эмне үчун учурашкан жок.
Биздин короого кирип кимди күттү?Ооба,ал бизди акмалап келсе керек.Балким Сапар ага сөз карматып коюп,кайра туруксуздук кылып жүргөндүр.Болбосо кантип ушундай болсун.Байкуш Ажар,менден эмнеге оолактайт.Сапарды мени бузду деп жек көрөбү?
Көзүм илинип кетиптир.Ажар көңдүн ары жагында жашынып туруптур." Сен эмне турасың жети түндө?"-дейм, ага жакындап. "Жолобо жаныма,-дейт Ажар өңүн буруп.-көрөйүн деген көзүм жок сени.Эмне үчүн Сапарды катасың?"
-Өлүп кетейин,ал бая эле кеткен.
-Үйүңө кирип,таап алсам кантесиң?
-Кара,бардыгын кара,ал жок.
-Карайм,карай албайт деп турасыңбы?Сапар меники сага бербейм.-Ал элтеңдей түшүп,үйдү көздөй жүгүрдү.-Са- а-п-а-а--р!Са- а-па-а-р!
Ажар үнүнүн бардыгынча жер-сууну бузуп баратты.Жинди болгон немедей бирде каткырып күлсө,бирде өкүрүп ыйлайт.Үйгө атылып кирди. "Са-паа-ар! Кайдасың жаным.Мен сени эч кимге бербейм,билесиңби ошону.Са-а- па-а-р! О-О,Са-а-п-а-ш! Келчи жаныма!" Ажардын артынан чуркап келатып отунга чалынып жыгылдым.Чочуп ойгонуп кеттим.Көзүмдү ачсам түшүм экен.Жүрөгүм оозума тыгылып,тамагым кургап калыптыр.Шумдук, ушундай да түш болот экен ээ?!
Түнү бою жаман уктап,жагымсыз түш көрүп чыккандыктанбы, айтор,бүткөн боюм салмактанып оор.Пальтому жамынып тышка чыктым.Айлана жымжырт.Чыгыш жактан таң агарып,жылдыздар суюлуп билинер-билинбес жымыңдашат. Тоо тараптан соккон муздак аяз денени ичиркентип, коюн колтукка кирет.Сапардын үйү тараптан аттын ооздугу шылдырайт.Көзүмө Ажар ушул тегеректе жүргөндөй болуп кетти.Мен короону айлана бергенимде Сапар биздин үйдун жанына өтө түшүп,туура жолго салды да,түз эле гаражды көздөй бет алды.
Эртең мененки чайдан кийин кийинип алып,Ажардын үйүн көздөй бастым.Чоң көчөгө түшкөнүмдө жанымдан кош ат чеккен арабачан бирөө жандай салып өтүп кетти.Ажарды өтө берип таанып калдым.
-Ажар?Сенсиңби?
Ал турган калыбында божуну чирене тартып "т-ы-рр" деп чалкалай туштү.Араба тоң жолдо сурдүгүп барып токтоду.Башында тумак,куду офицерлердикиндей боюна кынай тигилген кара тон,анын ичинен комбинезон кийипбагалегин өтүккө шымданып алыптыр.Тим эле укмуш,шыңга боюна жарашып,чепте турган жоокерге окшойт.
-Кайда баратасың?
-Жумушка.-Ал колундагы туюк кара мээлейди чечкен калыбында кармалап,көңүлсүз жооп берди.

#7 21 Август 2014 - 16:38
-Кат жазбай калдың?Үйгө келсем учурашканга жарабайсың.
Сага кезигейин деп атайын келаттым эле.Эмнеге менимынчалык күн өолөп жүргөнүңдү билгим келет.Сыр жашырышмайдан болбосун.
Анын ойноктогон амалкөй көздөрү менин ички дүйнөмдү текшерип жаткандайкөзүмдөн өтүп,шилиме кадалды.
-Саандасыңбы?
-Талаада иштеп жатам.Кааласаң отур,сейилдетип келейин.Сөзболсо жолдо сүйлөшөлү.
Арабанын алдыраак жагындагы туура коюлган тактайга Ажар экөөбүз жанаша отурдук.Бирок бири-бирибизге үн катпай отуруп айылдан чыктык.Арабадагы тору,ээсинин иштей турган жумушун билгенден бетер алды жакта,тээ айдоо аянтынын баш жагында тоо болуп үйүлүп жаткан кыкты көздөй ылдамдап басып бара жатты.
-Ажар!-Сөздү мен биринчи болуп баштадым.-Эмне үчүн кат жазбай калдың?
-Экөөбүз кат жазыша тургандай болдук беле?
-Жарабаган сөздүн кереги эмне?
-Акчыланбай эле кой.Ал сени сүйөт,сен аны сүйөсүң.
-Ким айтып жүрөт ошону?(Ажар менин бул сөзүмө кекерлүү күлдү) Ишенип кой,Ажек,ойдо жок иш.Мага ишенбесең өзүң бил.Болгон сөз эмес.
-Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Элдин баары айтып журөт.Кечээ калп айтпасам,экөөңдү өзкөзүм менен көрдүм го.
-Кудай уобадыбы,бирге бийлеп койсо эле күнөөлүү болуп калабы?Мен жөнүндө кимдер айтып жүрөт ошону?Сапар дагыбы?
-Бул жөнүндө ал экөөбүз сүйлөшкөн жокпуз.-Ажар чечилип сүйлөй баштады.-Эгерде уккан сөзүм жалган болсо мени кечирип кой.Менин ушул абалымды,менин ордумда болсоң түшүнөөр элең.Саандан бошоп талаа жумушуна өткөнүмө да ошол себеп болду.Мен аны дайыма көрүп тургум келет.Жүгөрү аянтына кык төгүп жатабыз.Эки- үч күндө бул жумуш аяктайт.
Кыгыңды коё турчу,ал сага эмдигиче түшунбөйбү?
-Айталбайм.- Ажар бурулуп көзүнүн жашын колу менен сыдырып жаткандай болду.-Энеси өзүм каалаган кызды албасаң балалыктан кечем деген имиш.Ал энесин ушунчалык сыйлайт,ошон үчүн Салкындын сөзүн орундатыш керек.А энеси болсо сени жакшы көрөт.
-Балким ошондой чыгаар.Ал үчүн мен күнөөлүү эмесмин да.Бирок Сапардын жүрөгүнүн сен үчүн кандай экенин билбей туруп,энесин бекер эле күнөолөп,ой жоруп жатасың го дейм.
-Ушинтип эртедир-кечтир айтаарыңды билгем.
-Бул менин жүрөктөн чыккан жолдоштук сырым,ага эч качан турмушка чыкпайм.
-Чын айтып жатасыңбы,сүйгөн жигитиң барбы?Оо,куттуктайм, сонун болгон тура.Келе колуңду.-Мен Ажарга таң калдым.Экөобүз кол алыштык.Ал мени кучактай калып бетимден өпкүлөп жиберди.Кубанычтын күлкүсү көздөрүнөн да,ууртунан да төгүлө албай жаркып турду.-Ыракмат сага,Гүкен! Бул адамгерчилигиңди эч качан унутпасмын! ..
Кызык.Мен ага макул болбой койсом эле Сапар Ажардын өзүнөн башкага үйлөнбөстүгүнө көзү жеткендей болгон,анын балалык кыялы күлкүмдү келтирди.А балким,Сапардын башка жакта сүйлөшуп жүргөн кызы болсо эмне болот.Байкуш Ажар ай.Мен Ажарды ушинтип тиктедим,ушинтип аядым.
Ажардан бөлүнгөндөн кийин жолду катар бирде Ажарды,бирде өзүмдү ойлоп келе жаттым.Ата-эне, ага-жеңе жада калса Сапар менен Салкындын мага жасаган мамилелери, көз карштары биринен сала бири көз алдыман тизмектешип өтүп жатты.акыры Сапардын түндөгү сөзүнө келип токтодум. "Шааркан жеңем эч нерсе айткан жокпу?" дегени кызык.Эмне айтмак болду экен мага? Бир заматта кайра чыйрала түштүм.Бет алдыман кандай бороон соксо да,моюн бербөчүдөй боло кайраттанып кеттим.Анткени атам бар да.Ал ар дайым мен тарапта.Ушинтип келатып үйгө кндай жеткенимди да билбей калыптырмын.

#8 21 Август 2014 - 17:34
-Агаң тоого барып конуп калыптыр,кичине кыз.Сага биздикине төшөк салып койдум,-деген сөзду угуп сүйүнүп кеттим.Бүгүн Шааркан жеңем менен сөзсүз ачык сүйлөшө алам деп ойлодум.
Коридорго коюлган самоордон чыккан ысык буу асманга атылып,муздак аба менен аралашып,эшиктин алды жакшы көрүнбөйт.Ашкана жактан кандайдыр жакшы тамактын жыты каңылжаарды өрдөйт.
-Киши жок дебедиңиз беле?
-Сен киши эмессиңби?Агаң жокто баштаң кылып жатам.Көптөн бери ээн-эркин сүйлөшпөй,бири- бирибизди сагынышкандай эле болдук го.Өзүбүзчө бир эркин отуралычы.-деди.
-Андай болсо мейли.
Жеңем куду кадырлуу конок күткөнсүп столдун үстүн түрдүү тамак-ашка толтуруп коюптур.Анын айланасында каттай салынган төшөктөрдүн жаңылары жатат.
-Кайран жеңем жарайсыз.-Мен тайраңдап жата кеттим.Өзүмчө ырдадым.
-Бойго жеткениңди билесиңби?
-Эмне болду?-Чалкамдан жаткан калыбымды башымды көтөрө берип,жеңемди күлө карадым.
-Балалык кыялыңдан секет кетейин,сени жигиттер бойго жеткен кыз дешет ээ.Айтчы кичине кыз,Фрунзеде жигит-мигитиң барбы?
-Жок болсо жардамдашайын дедиңиз беле?
-Кантет эми?Тим эле сурап жатпайымбы? Ыгы келсе билип койсом ашык кетмек беле.-Шааркан кичинекей стулчадан түшүп,жаныма жакындай келип отурду.-Ушинтип туйлап жүрүп,мага айтпай качып кетсең,өтүм табактай,өпкөм казандай эле болоор.
Керебеттин үстунөн Шааркан жеңем алып берген жашыл атлас тыштуу чоң куш жаздыкты боорума кыса кучактап көмкөрөмдөн жаткан калыбымда оң колумду анын тизесине койдум.
-Күн мурун күйүкпөй эле коюңуз жеңекеси.Жигит таап калсам сизге биринчи көрсөтөм.
-Азыр жигитим жок дегени турасың го.-Колумдун сыртын алаканы менен жаба басып көзүмдөн көзүн албай,сырдуу күлүмсүрөп турду.
-Өлүп кетейин жок,болсо сизден жашырмак белем...
-Ишенем.
-Жеңе!-Мен ордумдан тура калып,ага ыктай отурдум.
-Ии.
-Сүйүү деген укмуш окшойт ээ?
-Башыңдан өткөргөн жайың барбы?
-Мен эмес.Башка бирөө.Жардамдашсаңыз айтам.
-Кудай ала койсун.Ким жөнүндө айтып жатасың секет?
-Ажар.
-Ажар!-Жеңем чочуп кетти.-Дагы кимди сүйүп калыптыр?
-Сапарды!
-Сапарды?! -Делдее түштү.-Ушуну айтаарыңды билгем,Сапар аны сүйбөсөчү?-Кыжыры кайнай сүйлөдү.
-Аны кайдан билесиз?Сапардан мурда энеси менен сүйлөшүү керек.
-Кыскасы телиш керек дечи?
-Ажар жакшы кыз да.
-Ой,садагасы, баланын сөзүн сүйлөйт экенсиң да.Сүйүү жакшы жаманына карамак беле?Сапардын сүйгөнү башка.
-Ким?
-Ачык айтайынбы?Алдагы төрдө олтурган эрке кыз.-Жеңем шаңкылдап катуу күлдү.
-Тамаша тамаша жеңе.Бир Сапар эмес миң Сапар болсо да мага кереги жок.Биринчиден сүйбөйм,экинчиден Ажарга убада берип койдум.
-Сапарга алып берем деппи?-Ал үй жаңыртып кайрадан каткыра баштады.Боору эзилгенче күлүп,көзүнүн жашын жоолугунун учу менен сүртүп жансыз шалкайып турган колумду кармады.-Агаң убада берип коюптур,аны кантесиң?
-Жалган.Мени менен макулдашпай туруп,андай кылууга мүмкүн эмес.-Безге сайгандай секирдим.Колумду жулуп алдым.
-Ажар өңдүү айылдын көзгө басар кыздары Сапардын караанына мас болуп,айласын таппай жүргөнүн угуп жатасың.Жакшы жигитти жатка чыгарып ийбейли.Жакшылап ойлон,көлөкөм.
-Камкордугуңузга ракмат,жеңе. Бирок мен Сапарга эч качан турмушка чыкпайм.
-Анда бардыгыбызды сыйлабаганың. Эки колуңду төбөнө алып,басып кетем десең өзүң бил.Алыска кетсең карыган байкуштардын күнү эмне болот?Бул жерде атаң эле эмес,агаңдын да чабаар камчысы,сүйлөөр сөзү,жөлөөр жөлөгү,багаар уулу Сапар болоорун ойлойсуңбу?
-Атам менен энем карыганда багуусуз калат экенбиз деп сөөгүмдү сыздатпасын. Сапарыңыз менен кайнаса каным кошулбайт,айтып коюңуз,убара болбосун.-Ордуман турдум.
-Кайда барасың?
-Кетем.
Жеңем канатын жая делбиреп алдыман тосту.
Мурда Ажар жөнүндө ойлоп,анын келечек тагдыры жөнундө тынчсыздансам, эми өзүмдүн минтип жарга камалган улактай болуп турганымды кара.Жеңем өпкө-жүрөгүн чабууда.Эшик билинер-билинбес чертилди.Шааркан ордунан атыптурду.Эшик ачылып,ары жактан кимдир бирөө көрүндү.Кебетеси Сапарга окшоп кеткендей болду.Жүрөгүм катуу дүпүлдөдү.Тышта Ажар акмалап тургандай ыңгайсыздана түштүм.Анан эшик шарт ачылып,Сапар кирип келе жатканын көрдүм.
-Жогору өт,кагылайын.
-Азыр,жеңе. -Ал үшүгөн колун укалаган калыбында,кимдендир жазгангандай, же сүрдөнгөндөй бир демге токтоп калды.
-Үшүп кеткенсиң го,Сапаш.Кеч келдиң да,садага?-Шааркан жагалдана сүйлөдү.
-Районго барып кармалып калдым.
-Кичине кыз экөөбүз көпкө күтүп калдык.
-Гүкен кечирип койсун,шарт ошондой болуп калды.-Сапар тармал кара чачын бир-эки жолу кичинекей көк тарагы менен артын көздөй тарап түзөнгөндөй болду.Анан мени көздөй жадырай басып кол алышты.Жеңем бизди сүйлөшсүн дегенсип оозгу үйгө чыгып кетти.
-Ден-соолук жакшыбы,Гүкен? !Жакшы эс алып жатасызбы?-Колумду кармаган калыбында көзү көзүмө чагылышты.(Сүйсөң да сүйбөсөң да Сапар өңдүү жигит менен биринчи жолу мындай шартта бет алышуу,кыздар үчүн кандай сүрдүү).
-Түзүк.-Колумду акырын тартып алдым.Менин сөзүм ага угулбай калдыбы,же атайын эле ошенттиби,кайра сурады.
-Кандай дедиңиз?Жакшы укпай калдым.
-Жакшы.
-Кана Гүкен отуруңуз.-Ал мага колу менен төрдү көрсөттү.
Сапар экөөбүз анда-санда гана жөн салды аркы-беркини сүйлөшүп отурдук.Анын албырган жүзүнөн жүрөктөгу сырын кандайча кылып ачыкка чыгаруунун айласын таппай,толкуп тургандыгын байкадым.Жеңем бир кезде тыштан тамагын булоолонтуп көтөрүп кирди.
-Ии,эмне унчугушпай отурасыңар?
-Сүйлөшүп эле отурабыз,туурабы Гүкен?Баса качан кайтасыз?
-Эртең.
-Узатат турбайбызбы?
-Ракмат,өзүм эле...
Жаңыдан эңкейип,колундагы бычак,кашык, айрыларын дасторконго коюп,тарелканын бирин Сапарды көздөй жылдырып жаткан Шааркан жандана түштү.
-Эмнеге өзүм эле.Узатабыз. Шаарга чейин чогуу барабыз.
Ортодогу тамактан менин алдымдагы бош тарелкага бөлүштүрүп салып жаткан Сапарга ракмат айталбай туттуга түштүм.
-Сиз адвокаттын ролун мыкты аткарат экенсиз.
-Керек болсо соттун ролун аткарып коюуга да жарайм,кызыке. Кудай санаган санаага,тилеген тилекке жеткирсе Сапаш экөөңөрдүн тоюңарда Шааркандын ким экенин көрөт эмессиңби?
-Эмне деп жатасыз?
-Болор ишти айтып жатам,кызыкебай. (Сапар күлүп ылдый карады.) Катыгүн ай,эшикти калдыратп дагы бирөө келатат.Илген эмес турбайымбы. -Көрө элек кишиге кыжыры кайнаган Шааркан бурк этти.-Булар ушинтип эми.
Бригадир келгенде колубузду чала-була сүртүп,ордубуздан турдук.
-Жогору өтүңүз.-Сапар орун көрсөттү.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 21 Август 2014 - 17:40
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#9 21 Август 2014 - 23:30
-Сени издеп бир топ жерге бардым.Конторго барсам,райондон жаңы гана келип үйүнө кетти дешти.Үйгө барсам Салкын жеңем жалгыз олтурат.Жолдон Усуп кезигип,ушул жакка кирип баратканын көрдүм дегенинен келип калдым.Жаман көрбө Сапар,кечирип кой Гүкен айланайын.Башкарма менен парторг да тоого малчыларга кетиптир.
-Тынччылыкпы? -деди Сапар бригадирге суроолуу тигилип.
-Сырттагы малга жыйырма машине чөп жеткирсин деп айтканын тактайын дедим.Мурда он деп сүйлөшпөдүк беле?Кайра жыйырма болуп калганы кандай?
-Биринчилей азыр машиналардын көпчүлүгү бош эсептүү,экинчилей жазгы утурум кандай-андай болот,ким билсин.ошондуктан жиберилген чөптөр чыпчыргасы коробой борбордук баз менен жол боюндагы базга тең бөлүп түшүрүлсүн түшүнүктүүбү, аба?
-Анда теңин бош чөптөн басалы.
Тыштан келген Шааркан меймандардын дагы эле тикесинен туруп алып сүйлөшүп жатышканын көрүп кейиди.
-Капырай олтурсаңар боло.Тамак да муздап калмак болду.
-Азыр,жең.-Сапар эки жагын карап,шашкалактап калды.-Олтурүңуз, Гүкен.Олтуруңуз, аба.Таңгакталган чөптөрдү соңгу жылга калтырсак дейсиз го.-Кашыкка сузган тамагын оозуна алып баратып Сапар токтой калды.-Жок,аба, андай сараңдыкка жол бергим келбейт.-Сапар бригадирге эркелей сүйлөдү.-Макулсузбу? Кана бери карап коюңузчу.
Аңгыча тыштан кимдир бирөөлөрдүн: -О-О-О эл-жу-у-урт! Өрт,өрт!-деген кыйкырык чуусу көчөнү азан-казан түшүрдү.
Капарсыз отургандардын бардыгы эшикти көздөй өздөрүн таштады.Ары жактан катуу келаткан кимдир-бирөө атынын оозун күч менен тартып ыйламсырады.
-Айланайындар, өрт!Уй сарайдын жанындагы үйүлгөн чөпкө кимдир-бирөо от коюп жибериптир. Болгула тезирээк.Жок дегенде малды аман алып калалы.
Айылдын туш-тушунан жүгүргөн көпчүлүктүн каңырты түнкү тынчтыкты бузду.Сапар мага жалт бурулду.
-Кечиресиз,Гүкен, эркин олтуруп сүйлөшө албаганыма өкүнөм.Кандай абалда жүргөнүмдуэсиңизге алыңыз.Келечек тагдырым сиздин колуңузда.Кош, жаным.-Колумду кыса кармады.Мен оозума бир сөз келбеген абалымда турган ордумда таштай каттым.
Ошонун эртес жолго чыктым.Түндөгү өрттүн аркасынан жүрүп Сапардын келе албай калганын Шааркан жеңем жан-алы калбай айтып жатты.Энем мени четке бөлүп чыкты.
-Секет кетейин секелегим,адам болуп бой жеткениң ушул.Жамандыгың болбосо жаштыгың жок.Кетер алдында сенен сурай турган сөзүм,бизди жер каратпа," Кийиз сатсаң өз айлыңа сат,бир этегин жамына жат" дегендей,келечегиңди кең ойло каралдым.
-Эмне айтмакчысыз?
-Эмне айтат элем?-Энемдин деми буула түшкөндөй болду.Кандайдыр көптөн бери жүрөгүн өйүп,айтылбай жүргөн купуч сыры ачыкка чыгы албай жаткандай,эки бети албыра түштү.-Сапаш. ..Сапар сага пар балам.

#10 22 Август 2014 - 00:00
Сапар жөнүндө бул энемдин биринчи жолу оозунан чыккан сөзү эле.Башым бир паста тумандап,үстүмдөн кандайдыр оор жүк басып тургандай,апкаарый туштүм.
Бирөо жеңимден тартты.
-Машина жөнөгөнү жата,болтез.
Энем ыйлап жиберди.Эки бетимден алмак-салмак өптү.Энемдин көзүнө тике карабадым,мурдагыдай кучактап элжиребедим. Үн катпастан тек гана кучагынан бошонуп машинага отурдум.
Энем сырымды билет.Менинмелтиреп унчукпаганым, ал менин энеме таарынганым, наалыганым,айткан сөзүн кабыл албаганым,жактырбаганым. Айтканымдан кайтпаган мындай бир мүнөздүүлүгумду билген энем,атасын тарткан көк бет деп кээде ачууланып калганы эсимде.Айтарын айтып коюп,балким, ыңгайсыз абалда калгандыр,өкүнгөндүр, деп ойлодум энем жөнүндө жолдо.
Фрунзеге жетээрим менен үйдөн удаа эки-үч кат алдым.Анын бирин энем өзү жазыптыр.Ал сабаттуу болучу.Сапар жөнүндө атамын айткандарын баяндаптыр. Бирок мен бир да катка жооп жазганым жок.А Сапардын катын болсо тең ортосунан бөлүп туруп балбылдап күйүп жаткан печти көздөй ыргыттым.
Менин көңүлүмдү өзүнө бурган энемдин төртүнчү каты болду.
"Балам Гүлкан!-деп баштаптыр сөзүн.-Дени- кардың соо,жакшы жүрөсүңбү кулунум.Сенден кат келбегенден бери атаң аябай капа.Эсиңдеби, баягы жылы Шамыраттын кызынын окуясы?Аны колхоздун бухгалтери Мырзакмат деген жигитке ата-энеси беребиз деп сүйлөшүп,той өткөрүп жаткан түнү,коңшулаш колхоздо тракторист болуп иштеген бирөөгө качып кеткени.Ошонун эртеси атаң көчөдө бастырып баратса,Шамырат эшигинин алдында чыгып туруптур.Оозу жөн турбаган шойкомдуу атаң"Тоюңар кут болсун баатыр,аштан алакчылаган аттан жөо ташта дегендей,кызыңардын чач тоюнан ооз тийгизбегениңер эмнеңер?" дептир.Ансыз да сынганынан ичине бычак салалбай араң турган Шамырат эч сөз айтпай үйүнө кирип кетет.Анан ал:Кызыңа алың жетпегенден кийин кишисиңби.Сенин тарбиялаган бузуку кызың сөзгө сөлтүк,кепке кемтик кылды.Эми албарстыңдын аркасынан сен да жогол-деп аялын басып жыгылыптыр.
Арадан ушунча жыл өтсө да унутпаган окшойт.Бая күнү атаңды көрүп:Жаке буюрса жакында сиздин көчөдө да той болот деп уктум.Ата-энеси нарктуу кишинин кызы да нарктуу.Мен чакырбасам да сен чакыраарсың тоюңа-дептир. Сыягы сен жөнүндө кулагы чалганбы деп калдым.Бул бир де.Экинчиден сенин кыйбас теңтушуң Ажар жөнүндө айтканы олтурам балам.Кечээ Шааркан экөо талаада иштеп жүрүп,ит жебеген бокту жеп урушуптур.Ал бейбак түз эле жеңеңе кол салганы жүрөт дейт.Эгерде Гүлканды Сапарга бере албасаңар абысының экөөң атаңарга тийгиле.Бузуку кызыңарды майлап-сүттөп өткөрө албай жатканыңарды билем.-дептир. Аның абдан тайбас болуптур.Деги адам угаар сөздөрдү айтсачы.Жеңең үйгө ыйлап келди..."
Үйдөгүлөрдүн мындай чабуулу мага арзанга түшкөн жок.Чындап эле ойлонууга туура келди.Ажардын аларга кылган мамилесине таң калдым.Балким, мага ишенгендиктен ошентип жатса керек деген ойдо болдум.
Ата-эненин абийирин сакташ үчүн Ажарга берген убадамдан кайтып,өзүмдү өзүм зордоп болсо да Сапарга турмушка чыгууга макулдугумду беришим керек.Анда эмне болот?Өзүмө өзүм суроо берем.Эрге тийип,эптеп- септеп күн көрүп жанды багыш үчүнбү?Аттиң, жок дегенде Ажарда болгон махабаттын кичинекей эле учкуну менде болсочу.Сапардын бүткүл тулку көз алдыма тартылды.Анын көп сүйлөөнү жактырбаган токтоо мүнөзүнүн,адамга оңой менен чечиле берген сабырдуулугунун тээ ары жагында,кандайдыр мага жат,чоочун,жылчыгы жок караңгы бактысыздык уюп жаткандай сезилди.

#11 22 Август 2014 - 04:42
Жаза бер. Жакшы чыгарма экен. Уландысын батыраак кутуп калабыз.
#12 22 Август 2014 - 15:44
Андан алган сансыз каттарды ойлодум.
"Мен сенин өзүңдү эле сүйбөй,бүтүн үй-бүлөңдү сүйөм.Атаңды өз атамдай ардактагым келет.Ата мээримин көрбөй өскөндүктөнбү, айтор,ал киши мен үчүн жаш өмүрүмдүн жарыгы,бак-таалайымдын ачкычы сыяктуу сезилет.Атамдын (Сапар кат жазганда эле эмес,атамды башынан эле ата дей турган) мага кылган жылуу мамилесин,акылман сөздөрүн укканда жарык дүйнөгө энеден жаңы төрөлгөндөй болом.Ата деген кандай киши болду экен деп жүрсөм,ушундай киши турбайбы дейм.Балким, менин атамдын мүнөзү да,айткан сөздөрү да,өз баласына болгон мээрими да ушундай болсо керек деген ойго кетем.Анан ар дайым сенин атаңды өз атамдай сүйүп эркелегим да,кубангым да келет.Өз атама бербей калган балалык карызымды сенин атаң үчүн иштеп,ал үчүн болгон ар кандай кыйынчылыктарды мойнум менен көтөрүп,ак эмгегим менен актасам экен дейм.Ата менен баланы бактылуу кылууда сенин кошо турган салымыңдын салмагы Алатоодой.
Ата-энеңди сүйгөндүгүмдү мындай кой,сен өскөн тамдын ысыктыгы,сен баскан көчөнүн сүйкүмүн толук айтууга сөзүм да,кудуретим да жетпейт,алтыным. .."
"Байкуш Сапар,-дейм өзүм менен өзүм сүйлөшүп.-Мени сүйгөндөй эмне үчүн Ажарды сүйбөдүң экен.Мага болгон сенин ыйык махабатың,тунгуч сүйүүң агын сууга түшпөгөн камчынын үшкүнүндөй. Сууну канчалык чаппа,канчалык кечпе,анда камчынын тагы да,бутуңдун изи да калбайт.Мага болгон сенин сүйүүң ошол дайранын агымы менен бирге кеткен камчынын үшкүнү менен бирдей".
Кечээ эле жакында жан тынымынан кетип,артыман сүрө түшүп жүргөн Аскарбек менен Сагындыкчы. Булар эмне,кыз үйүүгө татыгы жок жигиттер беле.Адамдын тубаса мереси болот деп энем айтуучу эле.Балким,ошол мерес адамдардын бири мен болуп жүрбөйүн.Институтка келгенден бери Салиман деген кыз экөөбүз бир комнатада жашайбыз.Ал өң жагынан сулуу болбогону менен ачык-айрым,жароокер, эстүү кыз эле.
Күндөрдүн биринде күтүлбөгөн жерден ооруп калдым.Бир пастын ортосунда ичеги-кардым аралашкансып удургуй түшүп,көңүлүм айнып кетти.Анан кроваттын үстүндө түйүнчөктөй болуп,аркы-терки оонап,жанымды коёрго жер таппай ыйлап жаттым.Чекемден тер куюла баштады." Тез жардам" машинасы келип,эки-үч киши мени көтөрүп салганынан башка такыр эч нерсе билбейм.
Арадан канча убакыт өткөнү эсимде жок,бир кезде көзүмдү ачсам башка үйдө жатам.Айланамда ак кийимчен адамдар жүргөнсүйт. Түш көрүп жатамынбы же көзүмө баякы жылкы чоң атам айтып берген жин-шайтандар көрүнүп жатабы деп көзүмдү кайра жуумп,ичимден күбүрөй баштадым.
-Гүлкан!-деген үн кандайдыр алыстан угулгандай болду.Болор- болбос көзүмдү ачтым.
-Мен кайда жатам?-деп сурадым зорго.
-Ооруканадасың. -деди бирөө.Кыймылдайын дедим.Башымды көтөрүүгө аракет кылдым. Бирок ырп этерге дарманым жок.Үстүмө таш бастырып койгонсуп эң эле оор.
-Бүгүн чыдасаң,эртең жакшы болуп каласың.Коркунучтуу мезгил өтүп кетти.Тилим оозума батпай,каным катып суусаганымды байкадым.
-Суу бериңизчи?
-Суу ичкенге болбойт.Оозумдун тегерегин нымдуу чүпүрөк менен суулап койду.
-Операция болдумбу?
-Ооба.Сага көп сүйлөөгө жарабайт.Тынчтан. Жүрөүм оозума тыгылды.Операция деп күңгүрөндүм. Анан мен жатаканада ичимдин катуу ооруганын,тез жардам машинеси келгенин эстедим.
Түн ортосу ооп калган ченде акыл-эсиме толук келдим. Ичиме койгон муздак грелканы байкадым.Саныма сайылган ийне аркылуу бийик асылган системадан мөлт-мөлт этип физиологиялык эритменин агып жатканын көрдүм. "Капырай- дедим ичимден.-Эмне кылып бырчалашты экен.Мынчалык тез эле боло турган эмне оорум бар эле?Өмүрүмдө ич оорум жок эле го".
Аңгыча эшик аяр ачылып ак халат кийген жаш жигит көрүндү.
Мен уктамыш болуп калдым.
-Абалы кандай?
Улгайып калган медсестра жигиттин бул сөзүнө көңүлдүү жооп кайтарды.

#13 22 Август 2014 - 19:52
-Эң жакшы.Көңүлү сергек.Эмгегиңиз текке кеткен жок,Сулайман Бакирович.Бул ийгилигиңиз менен куттуктаса болот.
-Ошондой эле болсун.Бирок ашыкча мактап жибердиңиз Мария Ивановна. Куттуктоого али эрте.Сындан өтүүчү мезгилдер али алдыда.
Жок,-деди айтканына кайтпаган тиги аял.-Мындай оор операциянв тартынбай жасоого канчалык эрк керек экенин билесизби?Институттун босогосун аттап чыкканыңызга аз гана убакыт болбодубу.Ошого карабай ушунчалык жөндөмдүүлүккө ээ болгондугуңуз ийгиликке жатпайбы?! Келечекте мыкты хирург болооруңузга ишенем.
Ичимен Сулайман Бакирович деп,Мария Ивановнанын сөзүн кайталадым. Жүрөгүм толкуп,ичим жылыгандай болду.Менин өмүрүмдү ушул жигит сактап калган экен деп ойлодум.Одеялдын четин акырын көтөрүп,билегимди кармап,тамырымдын согушун байкап жаткандай болду.
-Уктап жатабы?
-Ойгоо болчу,кайта уктап кетти окшойт.
-Эс алсын.Сиз бүгүн түнү жанында болуңуз,мен да келип-кетип турам.
Кимдир бирөө:
-Сулайман Бакирович! Катуу оорулуу бир кишини алып келишти.Темиров башка оорулууну кабыл алып жатат.Тезирээ, балким шашылыш операция жасоого туура келет.-деп эшикти кайра жапты.
-Эх,медиктер. -деди Мария Ивановна көөдөнүн толтура дем алып.-кичине эс алууга да убактыңар жок.Ажал менен кармашканыңар кармашкан.Жеңиш силер тарапта.
Мен жаш кезимден эле медицина кызматкерлери менен педагогдорду ушунчалык кадырлоочумун, сыйлоочумун. Бирок мезгил жеткенде медицинаны эмес,педагогдук кесипти өзүмө тандап алдым.Азыр мага врачтардын кесиби менин кесиюимден алда канча жогору тургандай болуп кетти.
-Мария Ивановна! -дедим медсестрага тигилип.-Азыркы жигит ушул жерде иштейби?
-Медициналык институтту өткөн жылы чоң ийгиликтер менен бүтүп келген.Колу жеңил,өз ишине берилген,жөндөмдүү жигит болуптур.Сени операция жасаган ошол.
-Ичимде эмне бар экен?
-Эмнени айтасың,кызым, бир ажалдан калдың.Ичеги түйүлгөн абдан коркунучтуу. Өз убагында билгичтик,чебердик менен операция жасалбасаадам мүрт өлүп кетиши мүмкүн.
-Өлүмдөн калган экенмин да.
-Анан мен эмнени айтып жатам.
-Ал дайым ушул жерде болобу?
-Ооба.Специализациясы аяктаганча.
-Анан?
-Анан мурдагы иштеген жерине кайра кетет.
-Өз алдынча иштейби?
-Ооба,өз алдынча.Мурда таанычу эмес белең?
-Жок.Көргөн адамым эмес.
-Эстүү жигит.Мен аны жакшы тааныйм.Институтта окуп жүргөндө биздин ооруканада практикада көп болгон.
Мен Сулайманды "жанакы келген оорулууга кокус операция жасап калса келбей калабы" деп тынчсыздана баштадым. Мария Ивановнадан бул жөнүндө кайталап суроодон айбыктым.
Катуу уктап калган экенмин.Ойгонсом таң аппак атып калыптыр.Жанымда Мария Ивановнадан башка эч ким жок.Аркы коңшу кроваттан анда-санда онтогон үн чыгат.Бир кезде менин катарымда жаткан аял жаздыктан башын бир аз көтөрүп окшуюн деди эле,Мария Ивановна колундагы китебин коё коюп,секирип турду.Көрсө ага да менден кийин операция жасалган экен.
-Няня!-Азыр эле уктап жаткан жаш аял башын көтөрө,-Няня!
-Кулагым сизде.-Тыштан кирген аял жанына чуркап келди.
-Эмне укпайсың?Башкы врачка айтып,акеңди таанытып коёюнбу?Уктап жатсаң керек.
-Айтыңызчы,эмне керек?
-Ах,албарсты кыйкыра берип үнүм бүттү.Судна алып кел.-Уйпаланып көзгө түшкөн чачын артка силкип,корс этти.
-Азыр,келинчек.
Тигинин орду жок оройлонгондугуна ыңгайсыздана түштүм.Ооруканадан эртеден кечке кетпей,оорулуулардын жанынан имерилип чыкпаган бул нянялардын алтын берсе аздык кыла тургантүйшүктүү кызматына баа бербеген,бул аялдын мүнөзү жүрөгүмдү ийнедей сайгылап жатты.
Мария Ивановна жаныма келди.
-Мына эми жакшы болуп калдың,айттым беле Сулайман Бакировия сен уктап жатканда эки жолу келип кетти,уйкучу кыз окшойсуң.
-Эми келбейби?
Мария Ивановна күлүмсүрөдү.
-Келет,жаным. Сен кеткенче ушул жерде болот.
-Менден мурда башкаларга да операция жасады беле?
-Жасаган бирок жеңил операцияларды. Эмне,көңүлүңө жагабы?Ал үйлөнө элек.Жактырууга татыктуу.
Жабыктагы жашыруун сырым жарыкка чыгып калгансып кызарып кеттим.
-Уялбай эле кой,тамаша кылып жатам.
Кирип-чыккан медсестралардын, ары-бери баскан кишилердин дабышы көбөйө баштады.Оорукана уйкудан ойгонду.
Бөлмөгө халатчан үч киши кирди.Бирөө улгайып калган,узун бойлуу,көз айнек тагынган ак чач адам,тигил экөө болсо биринен өтүп бири зыңкыйган жаш жигиттерта экен,биринин өңү кара-тору,экинчисинин кой көздөрү жайнаган,ак жуумал.Мен бул жерде өзүмө операция жасаганы кайсынысы экенин ажырата албай шашып калдым. Түндө көргөнүмдө бетине ак тайпыдан маска тартынып жүргөндүктөнбү, же эс-мас жаткандыгымданбы, эсиме эч нерсе түшүрө албадым.Бөлмөдөгү обход менден башталды.
-Кандай,Гүкен, ден-соолук жакшыбы?-Ак жуумал жигиттин көзү көзүмө кадалды.Мендеги толкундануу менен апкааруу тең жарышты.Ушул жигит дедим ичимен.Атымды кайдан билип алды экен?
-Ракмат,жакшымын, Сулайман Бакирович.-Чачымдын түбүнө чейин кызара түшкөнүмү байкадым.

#14 22 Август 2014 - 22:36
рахмат эже ...уландысын баттан жазып койсонуз жакшы боло т еле
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/38.gif)
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#15 22 Август 2014 - 23:07
-Кечиндеги операция болгон ушул кыз эмеспи?-Ак чач киши жигитке кайрылды.
-Ооба доктор.
-Азаматсың.Чоң сапарды айнектей болгон кыздан баштадың.Алдыдагы ийгиликтериңди каалайм.Эгерде диагнозду туура коё албаганыңда операцияны сага бербейт элек.
Ал көзүнөн жаңы эле чыгарып алган көз айнегин жүз аарчысы менен сүртүп тазалаган болду да,кайрадан кийип жаткан калыбында менин жүзүмө тигилди.Жүрөгүмдүн элеп-желеп болуп,чектен чыга түрсүлдөшүн этият тыңшап,чочулап да,тынчсызданып да жаткансыды.
-Температурасы кандай?
-Нормалдуу..
.-Канынын басымычы?
-Нормалдуу..
.Обход бүттү.Мен Сулайман деп көңүлүмдө ойлогоналиги жигит,тигилердин артында баратып бир учу кроваттан ооп калган одеялды оңдой берип,мага көз учкунун жалт эттирип чыгып кетти.Түшкө жакын бир медсестра көгүлтүр айнектен жасалган вазага салынган Астра гүлүнүн ак,чымкый кызыл,мала кызыл,көгүлтүр, көпкөк,жашыл, кызгылтым түстөрүнөн жасалган гүлдестени жанымдагы тумбочканын үстүнө алып келип койду.
-Муну сизге Сулайман Бакирович жиберди,сулуу.
Күтүлбөгөн жерден келген мындай сыйга эмне деп айтаарымды билбей калдым.Тыштан жаңы кирген няня гүлгө суктана карады.
-Кантсе да жигитиңиз жиберсе керек.
-Эмне үчүн жигитим?
-Бул гүл өзүнүн сулуулугун жоготпой көпкө жашайт жана ылгый бир сорттуулугу менен айырмаланып турганын кара.Ар кыл гүлдөрдүн аралашмасынан жасалган болсо,анда гүлдөрдүн өмүрү кыска болот.Тез солуйт да,өзүнүн иреңин да,өмүрүн да бат жоготот.Бир түрдүү гүлдөн жасалган десте узак өмүр сүрөт.Демек мааниси бар экен?Ошон үчүн сүйгөн жигитиңиз жиберди бекен дедим эле да.
Жылмаюу гана менен жооп бердим.
Ооруканага келгенден бери,турмушумда эч качан болуп көрбөгөн жашыруун оору пайда болду.Минут санап ага болгон кумарлануум да,эңсөөм да артып бараткансыйт. Көргөн сайын көргүм келет.Ал жөнүндө ар дайым жакшы сөздөрдү угууну каалайм.Келбей калса тынчым кетип,кимдир бирөөлөрдөн кызгангандай болом.Кээде өз оюмдан өзүм корком."Капырай чын эле бул менин сүйүүмбү дейм.Эгер анын сүйгөн кызы болсочу?" Анан Ажардын абалын күтүлбөгөн жерден ойлоп,жүрөгүм тыз дей түштү.Өзүмдү өзүм канчалык алаксытканым менен толук жыйынтыкка келе албадым.Өз жүрөгүм өзүмө баш ийбей кулундай туйлайт.Эрмегим баягы Сулайман берип жиберген астра гүлдөрү.Мен кеткиче соолбосо экен деп өз ичимен төлгө кылам.Сусун тез-тез алмаштыруу менен алекмин.Күн өткөн сайын кулпунуп,улам чанагынан ачыла баштаган гүлдөрдү көргөн сайын Сулаймандын өзүнө окшотом. Анын ысык илеби ушул гүлдүн ичинен чыгып,мени жүрөккө уруп тургансыйт. ...
Бүгүн биринчи жолу ордуман туруп басууга аракет кылдым.Бутумду сунган бойдон кроваттын четине жакындай отурдум.Анан оң бутумду жерди көздөй жылдырып,кроваттын кырынан акырын түшүрүп бараттым.Сулайман кирип келди.Бутумду кайра тартып алабай калдым.Кескен жерим ачышып,катуу ооруп кетти.Кабагымды чытып,эрдимди тиштедим.Эки колум менен эки жагымды таканчыктап, кыймылсыз олтуруп калдым.Сулайман күлүп жиберди
.-Азыр Гүкендин тушоосун кесебиз.Кана, кана сол бутту оң бутту көздөй жылдырып барып,акырындык менен жерге түшүрүңүз.-Ал белимден имере кучактап,ордумдан тургузуп баратты.Ичим тырышып калгансып,түзөлүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатты
.-Таяк болсо жакшы болмок экен,-дедим бутумду зорго шилтеп.
-Жандуу кишиден кантип эле жансыз таяк жакшы болсун,-деди Сулайман мени алга жетелей берип.-Шарт ушундай болсун,тай деген сайын бир шилтемейден, жарайбы?
Башымды ийкедим.Сулаймандын көздөрү көзүмдөн өтүп,кумарлуу жалжылдап кетти.
-Кана баштадык тай-тай,тай- тай.Палатадагы оорулуулардын бардыгы бизге карап күлуп жатышты.Комнатанын ичинде бир аз жүргөндөн кийин кайра кроватыма тай-тайлаган калыбында жетелеп келип отургузду.
-Биринчи машыгуу жетишет.Кана олтуруңуз.-Ал мага жардамдашмак болду.
-Өзүм,-дедим Сулайманды коё берип,бирок кыйналып кеттим,кайра анын каруусунан кармай калдым.
-Бечел,-деди Сулайман мени эркелете колдон алып.-Ушундай болоорун билгем.Кечки тамактан кийин палатанын ичинде бир-аз ары-бери баскан болдум да,кайра жатып китеп окууга өттүм.Кызык, эми эле уйкудан кабарсыз сергек элем.Китебим колумдан жылмышып жаздыгыма түшуптүр да өзүм өлгөн немедей катуу уйкуга кетиптирмин. Бир уктасам оңой менен ойгонбой турган адатымды билем.Бирок эмне үчүндүр мезгилсиз ойгонуп кеткенимди өзүм да түшүнбөйм.Балким, Сулаймандын түрсүл соккон жүрөгүнүн дабышын,өмүрүмдүн сакчылыгында турган менин сергек жүрөгүм сезип булкуп ойготтубу,көзүм ачылып кетти.Жанымда жайма жай жадырап тиктеп отурган Сулайманды аласала көргөнүмдө чочуп кеттим.Мен жаткан палатадан эки аял сакайып бүгүн үйлөрүнө чыгып кетишкен.Ары карап коңурукту кор тартып жаткан Батма чоң энеден башка жанымда киши жок.
-Чи-и-иш акырын,-деди Сулайман үнүн угулар-угулбас чыгарып,-эрте уктаган экенсиңер.Түнкү обходго дагы бир саат бар.ен сизди тай-тай кылайын деп келсе...
-Кечигип калдыңыз,тай- тайлатпай эле өзүм басууга жарап калдым.
-Эртең көрөбүз.
-Көрүңүз.
-Гүкен,мындан ары тааныш болуп жүрөлү,жарайбы?
-Жарайт,Сулайман Бакирович.-Көңүлүмдө сүйүнүп кеттим
.-Ооруканадан чыкканда жатаканаңызга чейин узатып коёюнбу?
-Ракмат,жолдошторум келет.
-Келсе эмне экен,чогуу тааныш болобуз.Анан экөөбүз тез-тез көрүшүп турабыз го деп ойлойм.Каршы чыкпайсызбы?
Күлүп койдум.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 22 Август 2014 - 23:17
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#16 23 Август 2014 - 00:03
-Биз тааныш гана эмес,жакын курдаш болуп калбадыкпы?
Кайсыл жерден болосуз?
-Ысык-Көлдөн.
-Чынбы?
-Калп айтмак белем.
-Көлдун кызымын деңизчи.Эң сонун!Көлдүк болбосом да көлдү кандай сүйөөрүмдүбилесизби. Азыр эле эмес,Ысык-Көл жөнүндө китептен биринчи жолу окугандан бери.Оо,андан бери канча убакыт өттү дейсиз.Анда мен кичине элем.Баса,сизди көрүп жүрөгүм бир нерсени сезип жаткан экен.Сиз кеткенде жалгызсырайм го,Гүке.
-Ооруканадан чыкпаса дейсизби?
-Ошентип ойлоого кантип дитим барсын.Айла кеткенде айтып жаткан сөз да.Көрбөсөм коңултактап, сизди эмтей берчү болдум.Арты ийгиликтүү болсо экен. (Сапарга караганда Сулайман ачык-айрым жигит экен деп ойлодум.)-Обходдон кийин келип кетээрин айтып,маңдайымдан сылап,эки жагымды кымтылап коюп чыгып кетти.
Эртеси түшкө жакын няня мага апельсин оролгон кагазды сунуп:
-Муну сизге Сулайман Бакирович жиберди-деди.
Ракмат.Өзү мындабы?
-Чакырып коёюнбу?
-Жок,жок жайынча эле сурадым...
Ушул кыска мөонөттүн чинде Сулайман экөөбүз кандай алынышып баратканыбызды билбей да калдым.Эзелтен берки эски тааныштардан бетер көрүшпөй калсак сагынышып турганыбызды кантейин.Эмне үчүн?
Кечээ кечтен бери Сулайманды көрө элекмин.Анын мага мурдагы күнү алып келип берген Майн Риддин "Башы жок чабандес" деген китебин кечээ эле окуп бүткөнүмө карабай,улам алып барактап коём.
Эртең ооруканадан чыгам.Бирок Сулайман бул чөйрөдө көрүнбөйт.Жок дегенде акыркы жолу болсо да бир көрүп,коштошуп кетсем жакшы болбойт беле.Аны менен коштошпой кетүүнү ойлосом кабагым бүркөлүп,жүрөгүм уйгу-туйгу боло түшөт.Өзүмдөн өзүм эчтекеден эчтеке жок эле ыйлагым келет.Капырай шумдук ушундай да болот экен ээ.Бир оорудан айыгып,экинчи ооруну алып баратканымды кара.Менин багыма Мария Ивановна да көрүнбөйт.Китебин берүүнү шылтоолоп,кайда кеткенин сурайт элем.
Узунду кечке саатымдын жебесин кайра-кайра кароо менен алек болдум.Пай-пай, мындай мезгилде убакыттын өтпөй калганын айт.Балким алтүндө келип калаар дейм өзүмдү өзүм жооткотуп.Тыштан палатаг кирип келаткан эркек кишинин дабышы чыкса эле Сулайман болду бекен деген үмүт бийлеп,жүрөгүм дикилдей тушөт.Кеч да кирди,жылдыз да толу.Бирок канчалык зарыгып күтсөм да Сулайман келбеди.

#18 23 Август 2014 - 17:26
Эртеси ак жолтой ооруканадан чыгууга туура келди.Кымбат буюмум ооруканада,
белгисиз бирөөнүн колунда унут калган недемей,кыйылып туруп машинага отурдум.Көздөрүм ысык жашка чайылды.Ичим өрт болуп күйдү.Жашоого болгон кызыкчылыгым салкындай түштү.Жолдошторум да көзүмө жагымсыз болуп кетти.Айтор,
өзүмчө эле эч кимге окшобогон бир жан болдум да калдым.
Бир күнү сабактан чыгып жатаканага кыздар менен келатсам биздин жатакананын алдында "Волга" автомашинасы туруптур.Мен анын номерин көрүп эле,биздин колхоздун машинасы экенин дароо тааныдым.Үстү- башын таза чүпүрөк менен жалтырата сүртүп жаткан шофёр мени көрүп,колундагысын ыргытып жиберип алдымдан утурлай басты.Уркалый экөөбүз орто мектепти бирге бүткөнбүз.
-О-х-о-о,Гукен, саламатсыңбы. Жакшы болуп кеттиңби?-Кош колдой кармап колумду кысып-кысып алды.-Бетиңден өөп койсом түзүк болот эле.Бирок ээң корүп калса...
-Тамашаны койчу,качан келдиң? Сени кечээ кечинде эле эстеген элем.Ал эмес кыздарга да айткамын.Дегеле кайрылчу эмес элең.Башыңа чөп сындырып коёюнбу? Ким менен келдиң?
-Сүйүнчүсүн бересиңби?
-Ким,айтсаң?
-Кабар берген жок беле?
-Ким?
-Ой,койчу,Гукен, анткорлонбой. Мен эмне билбейт дейсиңби?
-Бул сөзүңө түшүнбөдүм, Уркалый.
-Сөзгө түшүнбөгөнүң менен адамды тандоону билесиң.Ошон үчүн сага "беш".Мен ага,тууган болуп калгандыгың үчүн бактылуусуң.
-Эмне?! Кимди айтып жатасың?-Сустая түштүм.
-Болду эми.Тигине,келатышат алар.Уркалыйдын көзү күлүңдөп турганы менен,ал ошол замат токтоо боло түштү.
Карасам,Сапар, Айнагүл эже,Жапаралы үчөө келатышыптыр. Жапаралы эл оозуна кирген эстүү жигит эле.
Ал ушул жерде иштейт.Мединститутту мындан эки жыл илгери бүткөн.Биз менен чектеш коңшу колхоздон.
Эмне кыларымды билбей калдым.Жүрөгүм дүпүлдөп,эки бетим ысып чыкты.Турган ордумда кыймылсыз селейдим.Каткыра көчө жаңырта күлүшүп,Жапаралы экөө бирдемелерди кызуу сүйлөп келе жатышат.Мени көрүп Айнагул эжем тигилерден бөлүнүп ылдамдай басты.
Менин оюмда Жапаралы Сапарга Сулайман жөнүндө айтып келаткандай ойлоп кеттим.Кайра селт эте түшүп,колумдагы бир тал роза гүлүнүн жалбырагынан үзүп алып,оозума салып колум менен сабагынан тегеретип ойной баштадым." Эмнени айтмак эле? Обол мурун булар тааныш болду бекен десең.Сулайманды таанырын кантип билем".Менин жүрөгүм Сулайманды эстеген сайын,териме батпай чатырай бердим.Ойго батып турган калыбымда Сапардын басып келатканын телмире тиктедим." Ай,кудай ай.Бул эмнеге мында келатат экен?"
Айнагүл эже мени кучактап бетимден өптү.
-Жакшы болуп кеттиңби секет кетейин?Жигиттер жете келишти.
-О-о,кандай Гүке!Ден-соолук хорошо?-кол алыштык.Жапаралы Сапарга шыбырай күлдү:
-Ой сен эмне үчүн бул эжемчилеп кучактап өппөдүң Гүлканды?
Сапар анын сөзүн укмаксан болуп күлүмсүрөдү.
-Өңүңдөн таза азып калган экенсиң?Эми жакшысыңбы? Ооруган жериң жокпу?
-Ракмат.Түзүк элемин.Качан келдиңер?-Мен Айнагүл эжени карап сүйлөдүм.-Жөн- жай элеби?Айыл аман-эсенби?
-Бүгүн келдик,саат канчада жеттик Сапаш?
-Он экиде.Анан түз эле бул жакка сени менен учурашканы бурулдук.Телефестивалга биздин айылдан он беш киши келди.(Мага Сапардын сен деп сүйлөгөнү жаңылыктай туюлду.Тим эле өзүнө энчилеп алгандай кебетеси бар.) Сенин ден-соолугуңду бир келип сурабасак,күнөолөөрсүң кийин.-Сапар менин колумдагы роза гүлүн суроо-сопкутсуз алып жыттагылай баштады.
-Эстеп келгениңерге чоң ракмат.Кана үйгө кириңиздер.
Меймандар биздин чайга ракмат айтып,койдурбай койду.Жолдошторум менен чогуу ресторанга тамакка чакырышты.Ооруп турам деп кыйыктанганыма болбой,Айнагүл эже кадырын салып жатып,курдашым экөобүздү алып чыгышты.
Сапар Уркалыйды жиберипфилармонияга концертке билет алдырды.Тамактанып чыккандан кийин бизди андан ары концертке алып кетишти.Машинанын ичинде баратып мен аялдамада эки кыз менен сүйлөшүп турган Сулайманга окшош бир жигитти көрдүм.Өңү окшогону менен бою жапалдаш сыяктуу болуп кетти.Жалган тааныш болгон ошол сүйкүмдүү жигитти кылчая карап,дагы бир жолу жакшылап,даана көрүп алайын дегенимче болбой,биз тараптан бараткан троллейбус аны калкалап калды.Биз да узап кеттик.Ичим туз куйгандай ачышып,көңүлүм чөгө баштады.Өңүмдүн кубарып кеткенин Сапар дароо байкады.
-Эмне болду Гүке?Бир жериң ооруп турабы?
-Билбейм,азыр эле ичим ооруп калды.-дедим калп айтып,эси-дартым Сулайманда болуп турган абалдан чыга албай мукактанып. Филармонияга жетип,машина токтогондо, Сапар мени колтуктап түшүрмөк болду.Бирок, мен козголгон жокмун.-Сапаш, Айнагүл эжем экөөңүздөр капа болбосоңуздар Уркалый мени жеткирип койсун.Ичим катуу ооруп чыкты.Кыйналып турам.
Айнагүл эжем мага нааразы боло түштү.
Капырай,жакшы болуп калаарсың.Сен кетсең биз да кетебиз.Ошо да кеп бекен.
Сапардын өңүнөн тынчсызданып турганын билдим
-Эже кечирип коюңуз,Гүлкан ооруканадан жаң.ы чыкпадыбы?Кокустан ооруп калса жакшы болбос.Кетсе кетсин.Үйгө барып эс алсын.Силер көргүлө концертти,мен Гүлканды жеткирип келейин.
Салиман тигилер менен калды.Сапар жаныма келип отурду.
-Кайра ушул көчө менен кетели.-дедим Уркалыйга.Баягы аялдаманын тушуна да жетип калдык.Бирок Сулайманга окшогон жанагы жигит ордунда жок болуп чыкты.Ал кетип калыптыр.Эх акылсыз мен-дедим ичимден,-чындыгында эле кыздардын акылы жок болобу?Ажар да,мен Сулайманга ашык болгон өңдүү Сапарга ашык.Бирок Сапар аны сүйбөйт.А Сулайманчы? "Мындан ары бат-бат көрүшүп турабыз го дейм"-деп Сулайман бет-маңдайымда кашкайып тура калды.
Бир заматта өзүмдүн жеңилип кеткенимди билип,ыңгайсыздана түштүм.Кап,концертти көрүп,Салиман менен чогуу эе келбей деп ойлодум.Бекер муну да убара кылдым.Сапарды жалт карадым.Ал экөобүз бири-бирибизге ыкташа отурганыбызды эми гана байкадым.Көзүбүз чагылыша түштү.Карегимди тартып алдым,аны ушунчалык аяп,боорум ооруп кетти.
-Гүке,ичиң кантип калды?Деги кичине жакшыбы?-Сапар колун машинанын арткы жөлөнгүчүнөн түшүрүп, аркама сойлотту.Мен алдыга жылып отурдум.
-Колуңузду тартыңызчы?
-Жолтоо болуп жатамбы?Мына. Экөөбүз качан сүйлөшөлү?
-Эмнени?
-Түшүнөсүң да.
-Азыр башыма эч нерсе келбей турат,жайыма тынч коюңузчу,Сапаш.
-Качан кезигишебиз, мен эртең кайсы убакта келейин?Мына жатаканаңа да жетип калдык,машинаны жиберип коюп калып калайынбы?
-Жок,эркектердин жатаканага кирүүсүнө тыюу салынат.Чогуу эле кете бериңиз.
-Анан качан?
-Кош болуңуз,Сапаш.
Мен Сапарга тыңгылыктуу жооп айтпаган боюнча кирип кеттим.Бир оптон кийин машинанын мотору иштеп күрүлдөй баштаганын уктум.Сыягы, мени кайра чыгат деп ойлошсо керек.
Салиман келгенде Сапардын концертке барбаганын уктум...
Убакыт өтүп жатты.Жайкы семестрдин башталарына саналуу гана күндөр калды.Ошого байланыштуу студенттердин арасында экзаменге даярдануу кызуу жүрүп жатты.Кайда гана болбосун бетинен китеп тушүрбөй окуп жаткан кыздар менен уландар.А менчи? Мен болсо көлөкөгө тон бычкан адамдан бетер,белгисиз бирөо менен алекмин.Эмне үчүндүр кинотеатрга барууну эңсейм.Андан да болбогон бирнерселерди шылтоолоп базарларга, магазиндерге барганымчы. Автобус же троллейбуска олтурганымда элеңдеп элдин арасынан карай берем.андан мен кимдир бирөонү,болгондо да эң жакын кишимди издегендей боло берем.Бирок Сулайман үчүн болгон мындай эңсөөм,кыялдануум, издөом кумдун үстүнө түшкөн белгисиз из сыяктуу калып жатты. Канчалык тырыгып окубайын,көз алдымда Сулайман. Анан окуп жаткан баракты кайра жабам да,терең кыялга батам.Мурдагыдан да ойлуу,басмырт болуп кеткенимди байкаган Салиман көп тынчсызданып жүрду.
-Эч жериң оорубайбы?
-Жок.
-Анан эмне болуп баратасың?
-Өзүм да билбейм.
-Жүрөгүңө чок салган бирөо болуп жүрбөсүн?
-Сага айтат элем го.
-Жашырып жүрбө?
-Жардамдашат белең?
-Жардамдашмак түгүл жүрөгүн суурп албайымбы?
Салиман канчалык чекмелегени менен сыр алдырганым жок.Ал Сапарды баякыда көргөндөн бери,ошондон шек санап,ачыгын биле албай жүрөт.Сөзүнүн төркүнүнө караганда Сапар ага абдан жагып калыптыр.Сөздөн сөз чыгып отуруп сураганынан, айылда сүйлөшуп жүргөн кызы бар деп жооп бергемин.Бирок ал менин бул сөзүмө толук ынанганын же ынанбаганын али биле элекмин.
Бүгүн биринчи экзамен.Жыл бою алган билимдин жыйынтыгы.Көпчүлүк кыздардын жүздөрү жаркып,көңүлдөрү ачык. "Сен канчага тапшырдың?-Бешке. -Сенчи?-Төрткө" .Бирин-бири куттуктаган үндөр. "Гүлкан бешиң менен!Ракмат. Өзүңдүн да".Алгачкы ийгилигим жаман болгон жок.Салиман экөобүз институттан көңүлдүү кайттык.Жатаканага кире бергенде швейцар аял жолумду тосту.
-Бүгүн өзгөчө жайдары болуп,кулпунуп кетипсиң кызым.Кантсе да беш алсаң керек.Ыраспы?
-Таптыңыз.
-Келе колуңду,куттуу болсун.-Аял колумду кысты.-Бүгүн сени сурап кайра-кайра звонить этип бир жигит тынчымды алды.Ашык болгон бозойлордун бирөо го деп калдым.Силерде биринчи экзамен экенин айтсам,билемин дейт.Анан качан келүүчү эле деп такыды.Куттуктаганы жүрсө керек.
-Жакшы кабар айтканыңызга ракмат.-деп тамашага салдым.
-Университеттен болуп жүрбөсүн.А балким политехническийдин балдары бекен?Кайдан экенин айткан жокпу?-деп Салиман артына бурулду.Аял ийинин куушуруп койду.
Менин оюмду "Сулайман болуп жүрбөсүн " деген үмүт бийледи.Комнатага киргенде китептердин арасынан Майн Риддин баягы китеби көзүмө биринчи урунду.Китепти колума алып ичин көңүлсүз барактап кайра жаптым.Андан кийин мурдагы күнү өзүм сатып алган астра гүлүнүн дестесине суктана карадым.Ал баякыда Сулайман берген гүлдестеге эң эле окшош болчу.Эгер Сулайман көрсө өзүмдүн берген белегим экен деп ойлошу да ыктымал эле.Ажар эсиме кылт этти.Анан Сапарды ойлоп кеттим.Бирөогө кечээрге кечүү табылбаса,бирөогө ичээрге суу табылбайт деген сөздүн төгүнү жок экен да.Китепти боорума кыскан калыбымда кроватка жата кеттим.Эшик тыкылдады.Айланага көз чаптырсам Салиман жок болуп чыкты.Эшик кайра урулду.Мен Салиман экен деп ойлодум.Ал кээде ошентип тамашалай берчу.
Бир мезгилде Салимандын эшикти ачып,кимдир биөөгө сый көрсөткөнсүп:
-Кириңиз,Гүлкан үйдө,-деген үнү кулагыма шак дей түштү.-Дос туруңуз,конок келди.
Күтүлбөгөн жерден Сулайманды көрүп делдирей түштүм.Ордуман кандай турганымы билбейм.Мен кимди көрүп турам.Чын эле Сулайманбы?Ооба ошонун өзу.

#19 23 Август 2014 - 18:04
-Гүкен саламатсызбы?
Биринчи экзаменди ийгиликтүү тапшырганыңыз менен куттуктайм!
-Астра гүлүнүн дестеси менен кошо колун сунду.Ошондо гана катуу уктап,мезгилсиз ойгонгон баладай аны көздөй умтулдум.
-Ракмат Сулайман Бакирович!
Анын көзү көзүмдөн тайып колумда турган китепке туштү.Кеч болуп калды,каталбай калдым."Эми араң окуп жатасыңбы?" дегендей,көзүмө жоодурай карап,суроолуу тигилди.Ээгимден эркелетип көтөрүп койду.
-Кечигип калгандыгым үчүн кечирим сурайм.Менден мурун да озунгандар болгон го.-Столдун үстүндөгү гүлдестеге шектене карады.
Чай ичилип бүттү.Салиман столдун үстүн жыйыштыра баштады.Сулайман Россия панорамасында жакшы кино болуп жаткандыгын айтып мага карады.
-Көрө элек болсоңор барып келсек кандай болоор эле?
-Эгер Салиман каршы болбосо.
-Мен силерге кошулам.-Ал каткан сырыңды баарыбир билдим дегендей мага кыйгач карап,Сулайманды көзү менен көрсөтө,кашын серпип жымың этти.
Буга чейин Фрунзенин мынчалык сулуулугун байкабаган сыяктуу,айланага суктануу менен делөөрүй карайм.Бүгүн көзүмө көчө өзгөчө көрктүү,адамдар да башкача,суудай агылып жаткан машиналардын үндөрү да кулакка жагымдуу.Бирок мен өзүм мындай өзгөчөлүктөрдөн бийик,өтө бийик тургансып бараттым.Бул чөйрөдө Сулаймандан артык,өзүмдөн башка киши жок сыяктуу жүрөгүм элеп-желеп.
Сулайман каруумдан кысып койду.Бүткөн боюм ток тийгендей ысыды.
-Койкоңдоп эң эле келишимдүү басат экенсиң,Гүкен. Карачы,ишенбесең Салимандан деле сура.
-Ооба,сиз тим эле...
-Жок,жок,калп айтсам эмне дейсиз.Киши өз артыкчылыгын да,кемчилигин да түшүнбөйт эмеспи.Эгер сиз өз артыкчылыгыңызды, жылдыздуулугуңузду, келбеттүүлүгүңүздү билген болсоңуз,менин сөзүмө баа берген болоор элеңиз.Деги өзүңүздүн ким экендигиңизди биле жүрсөңүз артыкбаш кылбас эле.Туурабы Салиман?
Кинодон чыгып жатаканага жакындаганда Салиман Сулайман менен коштошуп алып алдыга кетти.
Сулайман Салиманды ээрчий карап туруп:
-Курдашың туйтуюп,эң эле кунарсыз кыз экен,карасаң. Кыздардын баары эле эмне үчүн өзүңө окшоп гүлдөп турбайт,Гүкен? Бах,кандай жакшысың сен.
-Чырайды чылап ичмек беле?Сулуу тозот,бак озот деген сөздү билбейсизби? Балким,ал келбетсиз болгону менен акылдуудур.
-Жолдошуңдү сынап койгонум оор тийип калды окшойт ээ.Кечирип кой,мен тим эле айта салдым.Ортодогу сөз да.Чын сырымды айтсам сага эч кимди теңебейм.Сага эч ким да тең келе албайт.Сен ооруканада жатканда коштошпой кеткениме абдан өкүндүм.Үйдөн шашылыш телеграмма келип,кайрылууга мүмкүндүк болбой калды.Жердин алыстыгы да курусун.Жетерин жетип алып,кайра кетмегим кыямат болду.Ошол тушта аба-ырайы бузулуп,каршыккансып самолет учпай төрт айламды түгөттү. Андан кийин адистик боюнча зачетко даярданууга туура келди.Башка институттагылар өткөн сабактар боюнча бир гана экзамен берип,дипломдук иш жактайт эмеспи.Медициналык институтту бүтүрүүчүлөр дипломдук иш жактабаганы мененжактагандан оор.Окуу жайды бүтүргөн келечектин медиктери ошол замат эле өзү менен кошо дипломду колуна кармап чыкпайт.Качан гана белгилүү мөөнөткө чейин бир жерде иштеп келип,ооруканалардын биринде специализациядан өтүп туруп,зачетту ийгиликтүү бергенден кийин гана дипломду алууга жетишет.Кыскасын айтканда жасаган операция,дарылаган оорулуулардын тарыхын ийне-жибине чейин түшүндүрүп, ал оорунун эмнеден пайда болушунун себептерин таап далилдөө менен ,экзаменди экинчи жолу практика жүзундө өткөрүүгө туура келет. Биздин түйшүктү түшүндүңүзбү, Гүкен?Буюрса жакында дипломду алам.Кубанычыма кайдыгер карабай,ортоктош болоорсуз дейм.Иш ортосунан убакыт таап,атайын издеп келип таппай кеткенимди жана сизге айттым.Бирок эртедир-кечтир кезигип,ушинтип эркин баарлашарыма ишенген элем.
Мен Сулайманды кандай эстесем ал да менден артык эстеп жүрүптүр,унутпаптыр. Бири-бирине көңүл түшүү,бири-бирин жактыруу,бири- бирин сүйүү кандай укмуш ээ?

#20 23 Август 2014 - 18:34
Биз ушундан кийин кичинекей эле убакыт боло калса кезигишип туруучу болдук. Алгачкы жолугушууларыбызда Сулаймандын мени башкача сыйлап,өзгөчө бир мээримдүүлүк менен эркелеткени болбосо ортобузда ашык сөз айтылуучу эмес. Ал эми экөобүздүн бүгүнкү жолугушуубуз таптакыр башкача болду. Акыркы экзаменден чыгып келатсам Сулайман жолдун аркы бетинде кутүп туруптур.Колумду кысып,чекемден өөп куттуктады.
Кызарып кеттим.Бирок катуу айтып ийин жандырууга жүрөгүм даабады.
-Бүгүн Салиманды ээрчитпейли, киного да барбайлы.Бул сунушумду кандай кабыл аласың,Гүлкан?
-Мейли.
-Шаардын сыртына чыгып,аба жутуп келсек каршы эмессизби?
-Жарайт.
-Обол мурун тамактанйлы, сен эртең мененки боюнчасың да.
Ырас эле мен өзөгүм үзө тартып араң эле тургам.Эртең менен да сабакка алаксып жатып эч нерсе ичке эмесмин.Азыр Сулайманды көрүп бардыгы эсимен чынып кетиптир.Качан гана ал тамак ичүүнү сунуш кылганда курсагымдын кабышып турганын билдим.
Тамактан кийин Сулайман жөо жүрүү адамга пайдалуу дегенинен, эч кандай машинага олтурбай жүрүп отурдук.Алдыбызда жашыл талаа созулуп жатты. Тоо тараптан соккон жылуу абанын эпкини беттен сылайт.Кол кармашкан калыбыбызда улам арылап бараттык.Алды жакта сыйда өскөн кара жыгачтардын арасынан чымчыктардын чыркылдаганы, торгойлордун мукам сайраганы делебени козгойт. Жаратылыштын кооздугуна магдырап,чексиз бактылуулуктун кучагында толкундап бараткансыган Сулайман мага бурулду.
-Гүкен,сиз бирдемени билесизби?-жжодурай тиктеп эки колун ийниме койду.
-Эмнени?
-Эмнени дейсизби?Менин сүйгөнүмдү.
Бутумдун учу менен көк шиберди кайра-кайра шилеп,жер тиктедим.Бул менин Сулаймандан көптөн бери күтүп жүргөн кол жеткис жашыруун бактым эле.Ээгимди акырын көтөрүп,башымды ийкедим.
-Мени тике карачы.Кана? Көзүңдөн секет кетейин балбылдаган. Мен сенин жаныңда туруп да , кумарым канбай сагынып турам.Ишенесиңби ушунума.Жаным, тийип турган күнүм,чолпонум. Сени мага туш кылган таалайыма миң мертебе ыраазымын.Сенсиз мага көргөн күн да,сүргөн өмүр да супсак.-Сулайман шадылуу аппак колдору менен мени сыга кучактап өзүнө тартты.
Көздөр көздөргө жайнап,каректер каректерге чөктү.Эрди эрдиме кадалды.Барган сайын бүткөн боюмду жигиттин ысык илеби басып,жүрөгүм торго түшкөн чабактай туйлап жатты.Бул менин кыз болуп бойго жеткени жигиттин өбүүсүн биринчи жолу татышым эле.
Кандай ыракатка бөлөнгөн керемет деп ойлодум ичимен.Анан ал мени кучактап турган калыбын жазбай,жадырай түшүр толкундап сүйлөдү:
-Бүгүн эле үйгө алып кетейинби?
-Үйгө?Эмне үчүн?-Мукактана түштүм.
-Мага колукту болгуң келбейби?
-Эрте го,Суке.Мен окуумду бүтөйүн.
-Эмне,окууга жолтоо болот деп турасыңбы?Эч качан.
-Түшүнөм.Бирок мынчалык шашылуунун эмне кереги бар?Бүткөнчө кыйналам го.Субай-салтаң жүрүп окуу менен үй-бүлөөлүү, күйөөлүү болуп окуунун айырмасын көрүп жүрөм.
-Эч качан кыйналбайсың. Кайра өзүңө жеңил болот.Мен ошого тушунбөгөн жинди белем.Бирок шартыңды түзүп берем.Апам үстүбүздө болот.Мен иштейм.Сен мага жалжылдабай, жүрөгүмө түшунчү,жаным. Ата-энеге да,жолдошторго да башынан берген убадам бар.Диплом алган күнү үйлөнүү тоюн өткөрмөкмүн. Ак тилегиме каршы чыкпа,Гүкен. Болбосо чырылдатып туруп машинеге басып кетем.Ошого макулсуңбу? (Ал тамашага сала сүйлөдү.)Кана мир?
-Мир.-Кол алыштык...
Мен ошентип үйгө кетпей калдым.Салиман баш болгон группалаш окуган жолдош кыздарым биздин тойго чейин үйлөрүнө барып келүүгө кетишти.