Цитата
Мурда такыр ыйлачу эмесмин." Менин коз жашыма татыктуу эмес" дечумун. Ал эми азыр болсо кино корсом да ыйлачу болдум. Билбейм эмне себеп.Жашоодо коп деле ыйлабайм.(Кудайым ыйлатпасын. ) Болгону 2 жума мурда айылга барсам 70теги чон энем мандайына коюп алып 1 саат лекция окуганда олло ыйладым. Анын создорун угуп азыр да ыйлагым келип атат. "Мен карыдым... Алыска кетпе... КАЧАН...???..... " дейт да.
Ал эми эркектерге ыйлаган коп деле жарашпайт. (Кыздарга жарашат девеейм) Болгону эркек ыйлап,озунун эрксиз, кайратсыз,сабырсыз экенин билгизип коёт да. Мас эркектердин ыйлаганын билем. Анан бир жолу бир баланын ыйлаганын коруп оозум Ошту караган. Бир туруп кулкум келсе, ошончолук журогуно катуу жеткен экен деп боорум ооруган.
Негизи аял киши коп нерсеге ойлонот. Жакшылыкка да,жамандыкка да ыйлай берет экен. Ыйлаганда стрестен арылабыз. Коп ооруулар ыйлабай ичине сактап б.а. бук болгондон пайда болот. Ошон учун анча-мынча ыйлап койсок да жаман болбойт го дейм.