Ким күнөөлүү? Атамбаев күнөөлүү?
#621 17 Январь 2015 - 12:40
#622 17 Январь 2015 - 17:34
Менин оюмча, Кыргызстандын өнүкпөй жатканына Акаев, Бакиев, Отунбаева же Атамбаев эмес, баарыбыз күнөөлүүбүз. “Баарыбыз” дегенге өлкөбүздүн административдик- аймактык бөлүнүшү, мамлекеттик башкаруу системасы, кадр тандоо саясаты, жарандар – баары кирет. Эмне үчүн? Эмесе, ар бир пунктка токтоло кетейин.
1. Өлкөбүздүн административдик- аймактык бөлүнүшү.
Кыргызстандын аянты 198,5 миӊ чарчы километр, калкынын саны - 5,7 млн. адам. Бул, болжол менен Россиянын Свердлов областынын аянты (194,3 миӊ чарчы километр жана 4.3 млн. адам). Бирок, ага карабай, Кыргызстан 7 областка, 44 районго бөлүнөт (Свердлов областында – 30 эле район). Ар бир областта бирден өкмөттүн өкүлү, анын администарциясы, министрликтин областтык башкармалары, алардын аппараттары, ж.б.у.с. “тары, мары" жана "башкалары" . Ушундай эле абал – райондордо. Кичинекей Кыргызстан үчүн бул өтө эле ысырапкорчулук, аша чапкандык.
Эмне кылуу керек?
Биринчиден, райондорду ирилештирүү керек. Ал үчүн, адегенде “район” деп аталган аймакта, мисалы, 250миӊдей адам жашоосу керек деген норма кабыл алуу керек. Ошондо, азыркы Талас (231 миӊ адам, азыр 4 район бар) жана Нарын (262 миӊ, азыр 5 район бар) областтары тиешелүү райондор болуп кайра түзүлөт, Чүй областында (815 миӊ адам, азыр 8 район бар) - 3 район, Ысык-Көл областында (444 миӊ, азыр 5 район бар) - 2 район, Жалал-Абад областында (1 млн., азыр 8 район бар) - 4 район, Ош областында (1 млн. ашыгыраак, азыр 7 район бар) - 4 район, Баткен областында (440 миӊ, азыр 3 район бар) - 2 район калат. Бишкек шаарындагы 4 районду кошсок, жалпы Кыргызстан боюнча 21 район болот.
Экинчиден, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарын бириктирип, “Түштүк Кыргызстан областы” деп атап койсо болот. Ал эми, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас областтарын бириктирип, “Түндүк Кыргызстан областы” деп атаса болот. Мисалы, "Южно-Казахстанская область", "Восточно- Казахстанская область" дегендей. Жыйынтыгында, Кыргызстанда 2 область, 21 район калат.
Ош жана Бишкек шаарлары өзүнчө, республикага баш ийген, административдик бирдик болуп калат.
Жыйынтыгында, зор суммадагы каражат (ондогон млрд. сом) үнөмдөлөт. Ал каражатты башка тармактарга жумшаса болот.
2. Өлкөбүздөгү мамлекеттик башкаруу системасы.
Административдик- аймактык бөлүнүштү тактап алгандан кийин, мамлекеттик башкаруу системасын да ошого ылайыктап, кайра түзүү керек. Кантип?
Биринчиден, мамлекетти башкаруунун системасын парламенттик же президенттик- парламенттик эмес, президенттик кылып кайра өзгөртүү керек. Бул учурда президент мамлекет башчысынын да, өкмөт башчысынын да милдетин аткарат. Парламенттик башкарууну көрдүк, жыйынтыгы айтпаса да белгилүү
Экинчиден, парламентке партиялык тизме эмес, ар бир райондон бирден депутат шайлаш керек. Бул учурда, азыркыдай аты-жыты белгисиз, партия лидеринен башка эч ким тааныбаган адам эмес, районго белгилүү, алардын ишенимин актай турган адам депутат болот. Эл да тааныйт, депутаты ким экенин. Ошондо, Жогорку Кеӊеште 23 эле депутат болот экен (21 райондон жана Ош шаарынан 2 депутат, Бишкектен 4 депутат - алар райондорго кирген). Мисалы, 12 млн. адам жашаган Москванын шаардык думасында деле болгону 45 депутат бар экен. Менимче, 6 млн. адам жашаган (Москванын жарым калкы) Кыргызстан үчүн 23 депутат жетиштүү эле болот.
Депутаттарыбызды азайтып, бир топ каражат үнөмдөп алгандан кийин, министрлерге кезек келди. Жогоруда айтылгандай, президент өзү өкмөттү жетектейт. Демек, өкмөттүн аппараты болбойт.
Өкмөттү өзү жетектеп, жоопкерчиликти алып аткандан кийин, министрлерди да президент өзү дайындайт. Адегенде, министрликтердин милдеттерин аныктап алуу керек. Мисалы, жердин баары менчикте, мамлекеттик чарба жок болсо, азыркы айыл-чарба министрлиги эмне жумуш аткарат? Ал эч кимге “сен муну айда” деп көрсөтмө бере албайт. Өнөр жай министрлиги деле ошондой. Ошондо, министрликтердин саны кескин азаят. Баарын тактап алгандан кийин, ашып кетсе, 10 чакты эле министрлик калат. Муну менен дагы бир топ каражат үнөмдөлөт.
3. Өлкөбүздөгү кадр тандоо саясаты.
Азыркы кадр тандоо, ишке орноштуруу саясаты жараксыз экенин баарыбыз эле билип калдык. Бир нерсени билесинби, тиешелүү билимиӊ, турмуштук тажрыйбаӊ барбы, жокпу – аны эч ким карабайт. Тиешелүү партиянын мүчөсү же “Апрель революциясынын баатыры” болсоӊ болду – министр, аким, губернатор боло бересин. Ортодо ким куурайт? Баягы эле чыдамкай кыргыз эли.
Жетишет! Кыргызстан чала-сабаттуу, тажрыйбасыз “баатырлардын” же партия мүчөлөрүнүн практика өтүүчү аянтчасы эмес! Мамлекеттик башкаруу – бул турмуштук тажрыйбаны, адамдар менен мыкты, жөнөкөй мамиле кылууну талап кылган өтө татаал, жоопкериликтүү жумуш. Аны ар кимге эле ишенип, берүүгө болбойт.
4. Өлкөбүздүн жарандары.
Шайлоого жоопкерчиликсиз мамиле кылабыз, кичине тыйын берип койсо – сатылабыз. Эӊ негизгиси, талапкерлердин программасын окубайбыз. “Каяктык экен?” дейбиз дагы, “Аа, өзүбүздун бала турбайбы” деп, алды-артыбызды карабай туруп, добуш берип салабыз. Ушул да шайлообу, ушул да тандообу? Күнөө кимде? Жообу белгилүү.
Ал эми партиялык тизме менен шайлоо - бул өзүнчө чоң темага татырлык аңгеме. Тизмедеги үч адамды таанысаң - тааныдың, калгандары - партия лидери гана билбесе, эч ким тааныбайт. Эң кызыгы - партиялык тизменин төрүнө акча бергендер гана өтө алат, калгандары - жөн эле оформление. Көз карашыңы, илим-билимиңи, турмуштук тажрыйбаңы эч ким уруп ойнобойт. Ошондуктан, шайлоо алдында, шайлоо маалында мен "республикасымын" , "Мен ата-журтчумун" дегендер шайлоо бүткөндөн кийин ыдырап жатышат. Акчасы жоктор үчүн депутат болуу - түшүндө көргөн жомоктой эле болуп калат.
Дагы айтчу ойлор көп. Азырынча ушулар. Форум журтчулугу окусун, өз ойлорун айтсын, калганын анан улантаармын...
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 17 Январь 2015 - 18:34
#624 18 Январь 2015 - 02:06
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 18 Январь 2015 - 02:06
#626 18 Январь 2015 - 02:35
#627 18 Январь 2015 - 02:46
Aidyn (18 Январь 2015 - 02:35) жазган:
Ал акчалар мэрияга эмес, ОШ жана Жалал Абад шаарларын калыбына келтуруучу дирекцияга болунгон, алар мэрге баш ийбейт. Ош жана Жалал Абад шаарларында куйгон уйлорду кайрадан тургузганы (озбектердин уйлорун) сарпталган.
#628 18 Январь 2015 - 02:48
Бироо катуурак осуруп койсо да АШАны кунолой бергиле.
Туугандар баарынарды ынтымака чакырат элем. АШАны ажо кылып шайлагандан кийин аны колдойлу, ишенели, убакыт берели.
Менин пикирим жондо аранарда анча мынча ой бузукулар бар эле ошолорго айтар элем мен лично Ташиевке шайлагам
#629 18 Январь 2015 - 12:19
Nurmuxammet (18 Январь 2015 - 02:06) жазган:
Ош шаарында 2 райондон ашыгыраак эл жашаары эске алынган: "...Ошондо, Жогорку Кеӊеште 23 эле депутат болот экен (21 райондон жана Ош шаарынан 2 депутат)."
Ал эми Түндүк-Түштүк болуп бөлүнүүнү кайсы бир аймактын аталышын өзгөртүү же атайын токтом, жарлык, мыйзам аркылуу жок кыла албайбыз, азайтуу же күчөтүү да мүмкүн эмес. Анткени, ал бөлүнүү - биздин тарбиябызда, акыл-эсибизде, дүйнө таанымыбызда. Качан гана ата-энелер уул-кыздарына "Ал - Оштук, бул - Аркалык" деп айтпай калганда, Түндүк региондун эли Ош, Баткен, Жалал-Абадга, ад эми Түштүк региондун эли Бишкек, Чолпон-Ата, Нарын, Таласка балдарын, неберелерин ээрчитип алып, даңгыр жолдор менен, аз убаккытта, арзан баада экскурсияга, эс алганы же жөн эле таанышканы барып-келип калганда - ошондо гана мындай бөлүнүү азайып калышы мүмкүн. Бул илдеттен арылуу үчүн о.э. башка шаарларга, өлкөлөргө барып эл, жер таанып келүү да жардам берет.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2015 - 12:26
#630 18 Январь 2015 - 13:53
Биз, кыргыз эли, бийликти сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек. “Өз ханын сыйлай албаган, өзгөнүн ханын сыйлайт” болбой (мисалы, Путинди, Назарбаевди), мамлекет башчысын көпчүлүк шайлагандан кийин, ага баарыбыз - шайлагандар дагы, шайлабагандар дагы, "Урматтуу президент" деп расмий кайрылганды (өтө сүйүп кеткенден эмес!), расмий тосуп алганды жана башка көптөгөн расмий каада-салттарды аткарганды, сыйлаганды үйрөнүп (мисалы, Англиядагыдай), президентке бери болгондо 3 жылдай “жеӊилдетилген”, “налогдон бошотулган”, б.а. сын-пикирлер айтылбаган, митинг-жүрүштөр жасалбаган убакыт бериш керек. Ошондо, президент дагы, анын жан-жөкөрлөрү дагы жоопкерчиликти сезип, маанилүү кыймыл-аракеттерди, жумуштарды жасап, олуттуу сүйлөп калышат, азыркыдай оозуна кирген нерсени оттобой.
Ар бир кварталда же жарым жылда көтөрүлүш, митинг, жүрүштөр боло берсе, Акаевби, Бакиевби, Атамбаевби - кандай гана бийлик болбосун, алдыга койгон пландарын унутуп, элдин оозун басуу үчүн “өрт өчүрүү” режиминде, нервозный абалда иштеп, сүйлөп калат. Мындай абалда эч качан ийгиликтер болбойт, инвестициялар келбейт, демек өнүгүү да болбойт. Мисалы, кечке эле уруш боло берген үй-бүлөгө деле кошуналар салкын, кош көӊүл мамиле жасап калат эмеспи.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2015 - 14:21
#631 18 Январь 2015 - 14:15
#632 18 Январь 2015 - 14:42
zhusaliev89 (18 Январь 2015 - 14:15) жазган:
Бул айтылып жаткан сөздөр азыркы, же азыркы бийликтен куралган кийинки бийлик үчүн эмес, сиз жана биз, бизди колдогон форумчулар үчүн айтылып жаткан сөз. Турсунбек Акун "Адам укугу" партиясын түзүп, шайлоого камынып атса, биздин эмнебиз кем? Кеттик биз деле, "Форумчулар партиясын" түзүп алып шайлоого. Анан ишке ашыра беребиз айткандарыбызды, жазгандарыбызды. Негизгиси, элдин үнүн, пикирин угалы - жөн эле жомокторду, фантазияларды жазып атабызбы, же кимдир бирөө келдойбу, кошулабы биздин ойлорго...
#633 18 Январь 2015 - 15:05
1) Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын баарын бир убакта жаап, кайрадан аттестациядан өткөрүү керек. Аттестация учурунда окуу жайдагы аудиториялардын, лабораториялардын, окуу китептеринин, китепканалардын, жатаканалардын, спорттук залдардын, компьютерлердин, илимий даражасы бар окутуучулардын саны текшерилет. Бул талаптарга жооп берген ЖОЖдорго лицензия берилип, ишмердүүлүгүн улантышат. Калгандары - жабылат. Ошондо, азыркыдай 50 эмес, 10-15 чакты ЖОЖ калат.
2) Кыргызстандын аймагындагы бардык ишкана, мекеме, уюмдар кадрларга болгон суроо-талаптарын Билим берүү министрлигине тапшырат. Анын негизинде керектүү адистиктердин тизмеси (аталышы) жана саны аныкталат. Аталган суроо-талаптын негизинде министрлик ЖОЖдорго кабыл алуу планын бекитет.
3) Ар бир ЖОЖ өзүнүн профили боюнча гана адистерди даярдайт. Мисалы, эч качан Техникалык университет журналисттерди даярдабайт. Бир эле региондо кайталанган адистиктерди ачууга жол берилбейт.
4) Жалпы республикалык тестирлөө жана анын жыйынтыгы менен ЖОЖдорго кабыл алуу токтотулат. Анткени, ЖРТ - бул америкалыктар тарабынан Кыргызстандын билим берүү системасын кыйратуу, талкалоо максатында коюлган мина.
5) Абитуриенттердин билим деңгээлин өндүрүштө, ишкана, мекемелерде тиешелүү багытта иштеген адистерден түзүлгөн комиссия аныктайт.
6) Азыркыдай контракттык окуу системасы болбойт, таптакыр жоюлат. Окутуу бюджеттик негизде гана жүргүзүлөт. Студенттерге 100 доллардан кем эмес стипендия, бекер жатакана, интернет, окуу китептери берилет. Транспорттун бардык түрлөрүндө жол киренин 50 пайызын төлөшөт. Окутуучулардын маянасы миң доллардан кем болбойт.
Аталган иш-чаралар ишке ашырылса, жогорку окуу жайлары азыркыдай "Ош базары" болуудан кутулат. Билим алуунун, билим берүүнүн баркы көтөрүлөт, студент жанталашып окуйт, келечекте өзүнө ишенген, бирөөнүн көзүн карабаган, билимдүү, кесипкөй адис болот. Демек, өлкөбүздү өнүктүрүүгө зор пайдасы тийет!
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2015 - 15:46
#634 18 Январь 2015 - 16:22
Балким, облустарды такыр жок кылып эле, эки - уч районду бириктирип( ирилештирип), район деп атабай, башка административдик бирдик берсечи?
#635 18 Январь 2015 - 17:16
Адегенде, бул системада темирдей тартип орнотуп, таяке-жээн, бажа, балдыз экенине карабай, баарына бирдей мамиле кылып, тартип, укук сакчысы болуучу адамдарды аттестациялап, бир эмес, жети жолу электен өткөрүү керек. Тандалган кадрларга жарашыктуу форма, татыктуу маяна, жетиштүү техника, заманбап курал берүү керек. Кадрларды даярдап, тандоо менен бирге кылмыш-жаза кодексине, мыйзамдарга да өзгөртүү киргизүү керек. Мисалы, өлүм жазасын сөзсүз түрдө кайра киргизүү керек. Боюнда бар аялдарды, жаш ымыркайларды кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөндөрдү өмүр бою түрмөдө багып, элдин акчасын коротуунун кажети жок. Күнөөсү далилдендиби – атып таштоо керек. Башкаларга да сабак болот.
Судьяларды тандоо кеңеши, комиссиясы - мунун баары болбогон нерсе. Эгер сот системасынын көз карандысыздыгын камыз кыла алсак - эч кандай комиссия, кеңештин кереги жок болуп калат. Ал үчүн судьяларга эмне керек? Татыктуу маяна, шарт. Эң негизгиси - президент болобу, аким, губернатор болобу - баары мыйзамды сыйлап, судьялардын ишине кийлигишпеши керек.
Эгер укук сакчысы бир эле жолу элдин чөнтөгүнө тумшугун салып, же кылмышкерлерге, же сойкуларга, же бандиттерге крыша болуп, мыйзам бузууга жол берсе – андай адам өмүр бою укук коргоо органдарында иштебеш керек.
Эң негизгиси - укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер элдин эсебинен, алар төлөгөн салыктардын эсебинен жашап жаткандарын түшүнүп, эч качан эсинен чыгарбоосу керек. Ошондо гана алар өз кызматынын маани-маңызын, милдеттерин түшүнүшөт!
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2015 - 17:35
#636 21 Январь 2015 - 07:44
AMAH-2 (13 Январь 2015 - 03:31) жазган:
___________
Аман мырза Сизди Кыргыздын Мекенчил жигити деп журсом, каяктагы Элдин акчасын жеген адамдарды коргологонунузга тан калдым, Аркамдан жазып.
Президент, Чет элден акча сурап телемчи болбой эле койсун, Озубуз ишканаларды, Тартиптесе андан коп акча чыгат.
Ал эми Мекенчилдигин айта турган болсом:
----- 3 тона Алтынды Турцияга чыгарып кеткенини Мекенчилдигиби?
-- Шайлоо убагында Озбектер менен саясий соодалашууга барып, Ош кандуу окуясын жаратканы, Ошолбу мекенчилдиги?
------ Кумтордогу, Миллиартаган корупцияны, жойбой олтурганы, Мекенчилдигиби?
Эми Чынчыл болсонуз чын эле оюунузду озгортосуз деген ойдомун.
________
Эгер мумкунчулугум болгондо, тапанчанын 7 гилзасы тугонгучо башын атып салмакмын. Озун жана Кыргызстанга зыян келтирип олтургандарды кошуп.
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#637 26 Январь 2015 - 11:52
aikow92 (06 Январь 2015 - 12:19) жазган:
Андан башка ким бар? Эң мыкты саясатчы Мэлис эле.
#638 26 Январь 2015 - 11:59
#639 27 Январь 2015 - 01:12
Vazir (21 Январь 2015 - 07:44) жазган:
Аман мырза Сизди Кыргыздын Мекенчил жигити деп журсом, каяктагы Элдин акчасын жеген адамдарды коргологонунузга тан калдым, Аркамдан жазып.
Президент, Чет элден акча сурап телемчи болбой эле койсун, Озубуз ишканаларды, Тартиптесе андан коп акча чыгат.
Ал эми Мекенчилдигин айта турган болсом:
----- 3 тона Алтынды Турцияга чыгарып кеткенини Мекенчилдигиби?
-- Шайлоо убагында Озбектер менен саясий соодалашууга барып, Ош кандуу окуясын жаратканы, Ошолбу мекенчилдиги?
------ Кумтордогу, Миллиартаган корупцияны, жойбой олтурганы, Мекенчилдигиби?
Эми Чынчыл болсонуз чын эле оюунузду озгортосуз деген ойдомун.
________
Эгер мумкунчулугум болгондо, тапанчанын 7 гилзасы тугонгучо башын атып салмакмын. Озун жана Кыргызстанга зыян келтирип олтургандарды кошуп.
Вазир,мен бул кишин толугу менен колдойм деген жерим жок.Айтайын дегеним мекенчилдиши өтө жакшы болбосо дагы түзүк эле го дегеним.Сен Садыр Жапаровдун китебине таянып жазып атасың да ээ? Ашыкпа,ал китеп али толук такталып бүтө элек.Балким бул да алдыдагы шайлоого карата башталган саясий оюндур.Балким баары чындыр.Аны убакыт көрсөтөт.
Ал эми чет жактан акча сурай бергени бул ажолорубуздун хоббиси го.Качып кеткен экөөсү да сурап эле келген.Бирок алар анчейин ачыктабайт болчу.Антип сурабоо үчүн мамлекттин бюджети канаттандыраарлык болуусу керек болот.А бирок бизде бюджетибиз таңсыгыраак, майда-чүйдө нерселерден ашпайт.
#640 27 Январь 2015 - 01:52
AMAH-2 (26 Январь 2015 - 13:12) жазган:
Ал эми чет жактан акча сурай бергени бул ажолорубуздун хоббиси го.Качып кеткен экөөсү да сурап эле келген.Бирок алар анчейин ачыктабайт болчу.Антип сурабоо үчүн мамлекттин бюджети канаттандыраарлык болуусу керек болот.А бирок бизде бюджетибиз таңсыгыраак, майда-чүйдө нерселерден ашпайт.
___________
Бул жерде талашкандан эч майнап жок, сизге тушундуро албаганым окунучтуу. Адам эмнеге ишенгиси келсе ошого ишенет экен, ошол эле учурда чындап каало болсо баарын жасаса болот. Ал эми китеп боюнча фактыларды ошол жерди маани берип окуусаныз табасыз, жана КТР дин архивинен, Ютубдан тапсаныз болот, жана СНБ да жакындарыныз болсо тактап алсаныз болот.
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)