Мага экөөңүздөр кайдан таанышып, эмнеден улам жакшы иштешип калганыңыздар кызк. Көптөн бери иштешип калдыңыздар. Бири-бириңиздердин жакшы-жаман сапаттарыңыздарды деги эле байкасаңыздар керек. Ошо, мен сиздерди бири-бириңиздерди сындаткым келип турат. Омар, Нурбектин кайсы жакшы сапаты жана кемчилиги бар, жана Нурбекке суроо, Омардын кандай жакшы-жаман сапаттарын байкадыңыз?
2. Нурбек, сизди Роза Отунбаеванын уулу Атайдын мурунку аялы Евгения Губина менен мамилеси жакшы деп уккан элем. Анан да интернеттен чогуу түшкөн сүрөттөрүңүздү көрүп, чын окшойт деп калгам, кала берсе клибиңизде да жүрөт... Же жөн эле жагабы
![:suyuu2:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/suyuu2.gif)
3. "Общагада" жакшы роль жаратыптырсыз. Ролго кире албай оңтойсузданган жерлер болдубу? Тасмадагы ролуңуз өзүңүзгө жактыбы?
4. 14-февралда сүйгөнүмө учуп барам деп жаттыңыз эле бир жолу. Сүйгөнүңүз кыргыз кызыбы?
5. Омар, сизге да жогорку суроо. Өзүңүздү айылдын күйөө баласы элестете аласызбы? Сизге көз арткан улуу эжелер болду беле? Кантип абалдан чыгасыз?
6. Азырга чейин "Сүйлөшкөн кызым жок" деп келесиз. Сиз оңою менен кыз жактырбайсыз го, талабыңыз катуу окшойт кыздарга деп калдым. Кантип эле кыз жакпасын? Же кыздардан көңүлүңүз калды беле?
![:huh:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/huh.gif)
7. Экөөңүздөр бир кызды жактырып калсаңыздар кантер элеңер? Бири-бириңерге жол ачып берсеңер, экөөңөр тең кур кол калып жатпайсыңарбы?
8. Дагы сакхнада канча жыл жүрөм деп ойлойсуңар? 10-20 жылда атыбыз чыкпай калат деген ой болбойбу?
Рахмат алдын ала
![:good:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/good.gif)