Аябай кызыктуу чыгарма экен , мага жакты сиздергеда жагат деген ойдомун. эгер форумда жазылган болсо кечиресиздер
- (10 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Арзан баанын азгырыгы Бердикожо Бийназаров
#2 30 Январь 2015 - 01:36
Бердикожо Бийназаров
Арзан баанын азгырыгы
"Кимдин кимдин заманы, соодагердин заманы" деп айтылгандай, акыркы кезде көпчүлүк калк базар менен оокат кылып, соодагер дегендин ордуна бөтөн элдин тили менен соодагерди "бизнесмен" деп айтып калбадыкбы. Айткандай завод-фабрикалар иштебей калганы көпчүлүк эл бош болуп, ар ким өз арбайын согуп, жан багуу менен алек. Ушундай кыйын кырдаалда республикабыздын ар тарабынан Чүй аймагына көчүп келип, борбор шаарыбызды тегеректеп жашап жаткандардын саны арбын. Айткандай Бообек дагы алыскы Алай районунан, борбор шаарга келип, ортомчулардын жардамы менен баасы арзан үйдү шаардын четинен сатып алды. Бир караган кишиге жакшынакай көрүнгөн бул үй, Бообекке да абдан жакты. Андан дагы баасынын арзаны көңүлүн өстүрүп, эпилдеп сүйлөгөн ортомчунун сөзүн гана угуп, "эмне үчүн арзан" деген суроону бере алган жок. Буга чейин ушул эле ортомчу жигит, бул үйдү ондон ашык кишиге сунуштаган. Бирок, сатып алган кардарлар ашып кетсе бир ай жашап, үйдөн чыгып кеткенче шашып, өздөрү сатып алган баадан кыйла арзан берип, журт которгонго аргасыз болушкан. Бул үйдү көргөн сатып алуучулар учурунда Бообектей болуп, асмандан издегени жерден табылгандай сүйүнүшкөн. Бирок, үйдү сатып алып бир апта жашаган соң өздөрүнөн өздөрү кетүүгө туура келип, кайра эле баягы ортомчуга сатып кетишет. Ортомчунун ысмы Бактыбай, Жумгал районунан болот. Сөздү сүйлөгөндө адамды жөн эле эритип, үйдү алганга мажбур кылып салган өнөрү бар.
Арзан баанын азгырыгы
"Кимдин кимдин заманы, соодагердин заманы" деп айтылгандай, акыркы кезде көпчүлүк калк базар менен оокат кылып, соодагер дегендин ордуна бөтөн элдин тили менен соодагерди "бизнесмен" деп айтып калбадыкбы. Айткандай завод-фабрикалар иштебей калганы көпчүлүк эл бош болуп, ар ким өз арбайын согуп, жан багуу менен алек. Ушундай кыйын кырдаалда республикабыздын ар тарабынан Чүй аймагына көчүп келип, борбор шаарыбызды тегеректеп жашап жаткандардын саны арбын. Айткандай Бообек дагы алыскы Алай районунан, борбор шаарга келип, ортомчулардын жардамы менен баасы арзан үйдү шаардын четинен сатып алды. Бир караган кишиге жакшынакай көрүнгөн бул үй, Бообекке да абдан жакты. Андан дагы баасынын арзаны көңүлүн өстүрүп, эпилдеп сүйлөгөн ортомчунун сөзүн гана угуп, "эмне үчүн арзан" деген суроону бере алган жок. Буга чейин ушул эле ортомчу жигит, бул үйдү ондон ашык кишиге сунуштаган. Бирок, сатып алган кардарлар ашып кетсе бир ай жашап, үйдөн чыгып кеткенче шашып, өздөрү сатып алган баадан кыйла арзан берип, журт которгонго аргасыз болушкан. Бул үйдү көргөн сатып алуучулар учурунда Бообектей болуп, асмандан издегени жерден табылгандай сүйүнүшкөн. Бирок, үйдү сатып алып бир апта жашаган соң өздөрүнөн өздөрү кетүүгө туура келип, кайра эле баягы ортомчуга сатып кетишет. Ортомчунун ысмы Бактыбай, Жумгал районунан болот. Сөздү сүйлөгөндө адамды жөн эле эритип, үйдү алганга мажбур кылып салган өнөрү бар.
Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 30 Январь 2015 - 01:37
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#3 30 Январь 2015 - 01:38
Ооба,
алгач Бактыбай бул үйдү өзү күрт улутундагы Мамед деген адамдан сатып алган. Ал адам тээ союз учурунда, тактап айтканда, өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын аягында улуту орус абышка менен кемпирди алдап, арзан баада сатып алган. Айтылган кеп бар эмеспи, "эмне сатып алсаң да, алган кишини ыраазы кыл" деген. Ал үйдү сатып алганы менен үй ээлерин ыраазы кылууну оюна да албай, аларды алдаганына сүйүнгөн. Ал кезде Мамед болгону жыйырма алты жашта болчу. Болуп-толуп турганы менен куудум-шуудумга жакын, кумар оюну дегенде жантыгынан жата калган, өз гана кызыкчылыгын ойлогон, өзүмчүл "мен гана жашасам" деген адам эле. Бирок, акыры өзү оңолгон деле жок. Чоң кумарчылардын торуна кабылып калып, акча карыз болуп, алты айласы кетип үйдү сатып, араң кутулган. Андан дагы канчалаган жаш кыздарды кыйнаганына,
бул үйдө көптөгөн кыз-келиндердин көз жашы калганына бир гана убакыт өзү күбө. Жалаң ыплас акча, ыплас жол менен өмүр сүрүп, жашоосун өткөрүп үйдө жашап жүргөндө бир да жолу тазалап, акилеп койгонго жарабаган Бактыбай оңолуп кеткен эмес. Канча аял алып кетирди. Анын баарына токтолсок, узун сабак кеп болот. Бир жолу көз жоосун алган, өңдүү-түстүү жаш келинге үйлөнүп, андан кызыгы тараган соң күңүнөн жаман кыйнап, ал келин түнү менен качып кутулуп жаны калган болучу. Кийин окууга өтпөй калган, он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кызды торуна илип, асмандагы айды алып берем дегенге чейин убаданы берип, ага жетип андан кумары тараган соң аны сабап, врачтардын күчү менен жаны аман калган. Ал эми бир күндүк конокко алдап чакырып келип кордогон кыз-келиндердин санына сөз жетпейт го. Анан кантип көз жашка толгон бул үйдө береке болот эле. Бообек үйдү алгандан кийин алыскы Алайдагы аялы Сыйнатка телефон чалды: -Сыйнат, буйруса иш оңунда. Ойдогудай үй сатып алып, бүгүн өзүмө каттаттым. Кийинки аптанын башы менен көчүп келе бер. Ага чейин мен иш караштырып турам, - деп сүйүнүчүн аялы менен тең бөлүшүп, айтылуу "Ош" базарына келди да, азык-түлүк сатып алып кабагы ачык, маршруткага отурду. Адам баласынын бир ырыскысы баш паанек кылып жашагандай үй эмеспи. Анынсыңары Бообек үй алганына дале болсо ишене бербей, терезеден сыртты карап, таттуу кыялга жетеленип, айлана-чөйрө көзүнө кооз көрүнүп, жашоо кызык сезилип, ойго чөмүлүп келатканда кулагына тааныш үн угулуп калды. Адам баласы канча жашаса дагы келбети өзгөрүлгөнү менен үнү ошол калыбында калат эмеспи. Ансыңары кулакка тааныш үндү укканда дароо ал жакты карап, өзүнүн айылдашы, андан дагы классташы Өскөнаалыны көрүп озунуп салам берди.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#4 30 Январь 2015 - 01:39
Өскөнаалы,
Бообекти көрүп чын ниетинен сүйүнүп кетти да, жан алы калбай учурашты. Эки дос ал-абалды сурашкан соң Бообек, сөз учурун келтирип там сатып алганын айтты. Өскөнаалы, кызыгуусу арта:- Ой, үй кут болсун, жакшы болгон турбайбы. Кайсы жерден алдың? - деп сурады эле, Бообек токтолбой шар жооп берди. -Красная көчөсүнөн. Баасы дагы арзан чыгып калды. Баары буйруктан болот эмеспи. Эми өз үй, өлөң төшөк дегендей… Өскөнаалы кабагын түйүп:-Бообек,
сен, баягы коркунучтуу үйдү сатып алган жоксуңбу? Ал үйдү алган кишилер ашып кетсе бир айга жетпеген убакыт байыр алып жашачу эле. Деги абайла - деди, бир нерсени сезгендей кооптоно. Бообек айтылган сөзгө анча деле маани берген жок. Бирок, жүрөгүнүн түпкүрүндө кандайдыр бир кыжаалат сезим пайда болуп, көңүлү кирдей түштү.Маршрутка үйгө жакын келип токтогондо,
Бообек маршуруткандан түшүп калды. Эки аялдама илгери Өскөнаалы коштошуп түшүп калган болчу, өзүнүн жашаган көчөсүп көргөзүп, үйүнүн номерин айтып коюп. Аялдамага жетпей түшүп калган Бообек көтөрүнчүсүн көтөрүп, жаңы алган үйүнө жакындаганда,
эмнегедир үйү көзүнө бир башкача көрүнүп, кетти. Балким, досунун айткан сөзүн эстегенгеби же күндүн кеч киргениби, айтор, кандайдыр бир сыр жаңы алган үйдөн белги бергендей болду. Кадамы алга жылып үйгө аз калганда эмнегедир кулагына ызы-чуу, чаңырык угулгансып да кеткендей болду. Бирок, Бообек өзүнүн өжөр мүнөзүн карматып, короонун эшигин ачып ичкери кирди да, алгач огородду көздөй басты. Бак-шактуу, анча чоң эмес огород Бообекти көп деле сестенткен жок. Ажатканага барып даарат сындырып келип, үйдүн эшигин ачты да, кандайдыр бир жагымсыз жытты искеп, эшиктерди ачып коюп, оозгу үйгө отура калып, жалпы арбактарга куран окуду. Эмнеге антти өзү да билбейт. Куран окугандан соң, өзүн кыйла жеңил сезип, эми чындап үйдүн ичине көз жүгүртүп чыгып, өзүнчө кобуранды: -Бул үйдү караган эмес го, дубалдары аки көрбөгөнүнө канча болгон?-деп,
чын ниетинен үйдү аяп, "кап аки таш ала келсем болмок экен" деп, шыпыргы менен желелерди алып, бир сыйра тазалаган болду да, анан тамак жасаганга киришти. Өз ою менен алек болуп,тамак жасап жатканда сырттан кошуна жашаган улуту татар, орто жаштан өтүп калган, жаагын сакал баскан, кыргыз тилин акцент менен сүйлөгөн адам келип:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#5 30 Январь 2015 - 02:13
-Салам,
кошуна-деди.
Бообек башын ийкеп, алгач сылыктыгын көргөзүп колун сунуп жиберди. Каимжан сунулган колду сыпаа кармап: -Үйдү сатып алдыңбы же батирге кирдиңби? - деди, суроолуу карады. Бообек болоор-болбос жылмайып: -Сатып алдым. Буйруса кошуна болобуз. Чынын айтсам, үй мага абдан жакты, - деп, чектен сырт сөздөрдү айтып жибергенин өзү дагы билбей калды. Бул эми, Бообектин шашма мүнөзүнүн бир белгиси болучу. Каимжан көптү көргөн кары адамдай үй жакты теше тиктеп: -Өзүң кайсы жерден болосуң?-деп суроо берип, көзүн үй жактан алган жок. Бообек, эмнегедир сүрдөгөнсүп кетти да, дагы шашма мүнөзүн карматып: -Оштун Алай районунан болом - деп, жооп берип, ашыкча сөз сүйлөбөгөнгө аракеттенди.
Каимжан сөз кезеги келгенде: -Жакшы. Демек, сен түштүктөн болсоң, дин жагынан сабаттуу эле болушуң керек. Куран окуганды билесиңби? -деди эле Бообек: -Ооба, эмне болду?-деп, кайра сурап жибергенин өзү дагы билбей калды. Каимжан бир саамга үнсүз туруп: -Бул үйдү арзан деп, көп кишилер сатып алышып, кайра сатып кеткенче шашышты. Эгер, сен, биротоло башпаанек кылгың келсе, болгон кыйынчылыктарга чыда. Эң негизгиси, куран окуганды билет экенсиң, күндө кечинде, жатарда куран окуп, анан жатып жүр, үй сага үйүр алганга чейин. Алдыдагы боло турган кыйынчылыкка чыдаганды бил! Колуңдан келсе, бир сыйра ремонт кылып алсаң, дурус болот эле, - деп, сөзүнүн аягын чукул бүтүргөндө Бообек: -Аксакал, үйгө кирип даам сызбайсызбы?
-деди. Каимжан башын чайкап, каршы экенин билгизип, кандай келсе ошондой кеткенге ашагып:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#6 30 Январь 2015 - 02:14
-Жок,
ырахмат. Жарык күйүп калганынан кабар алып койсомбу деп, кайрылдым эле. Макул, анда жакшы жатып, түндү жакшы өткөзүп ал, -деп, башка сөзгө келбей тетири бурулду. Бообек эмне деп сөз айтышты да билбей, изине кайтып, жасап жаткан тамагы менен алек болду. Жалгыздын иши жалгыз да. Эмнегедир эле жүрөгү бат-бат согуп, кандайдыр бир коркунучтан кабар алчудай эки жакты элеңдеп карап да алды. Бирок, эмнеден коркуп жатат, ага акылы жеткен жок. Ички бөлмө тараптан кимдир-бирөө карап тургансып, жүрөгүнө тамак баспай, сыртты караңгылык каптаган сайын коркунуч сезими күч ала баштады. Эптеп бир чыны чайды шуулдата ууртап түгөткөн соң, дагы куран окуду. Куран окулган соң, баятан бери өзүн карап турган белгисиз күчтөр жок болуп, кыйла жеңил сезип, үйдүн ичин дагы бир сыйра карап чыкты. Эч нерсе байкай алган жок. Бирок, алиги татардын сөзү эмнегедир сестентип койду, үйдүн ичине каткан сыры бардай.Ою бузулган адамдан уйку качып, санаа басып көңүл жай албаган абалга туш болоору шексиз. Бообек оозгу үйгө төшөк салып кийимин чечпей, бир нерседен кооптоно кыйла убакыт шыпты тиктеп жатып, кантип уктап кеткенин өзү да билбей калды. Бул жарык дүйнөдө уйкудан өткөн кызык эмне бар. "Уйку жарым өлүк" деп ошол үчүн айтылса керек. Бообек уйкуга алдырганда гана санаанын чеңгээлинен бошонуп, такыр башка дүйнөгө түшүп калгансып, бут серппей тынч уктады. Анткен менен уйкусун эч кандай дабыш бузган жок. Эртең менен күн көтөрүлүп калган кезде гана уйкудан ойгонуп, эки жагын карап алып ордунан турду да, анан эстеди, жаңы сатып алган үйдө жатканын.Чынында үй тышкы көрүнүшү менен көзгө сүйкүмдүү көрүнөт эле. Бардык балээ кечкисин, тактап айтканда, дигер намазынын убагынан өткөндө гана башталучу.Бообек сыртка чыгып даарат сындырып келип, чай коюп ичти да, үйдү үч тинтип карап чыкты. Эч кандай шектүү нерсени байкаган жок. Кечиндеги корккону бул жолу суу кечпей калды. "Коркконго кош көрүнөт болдум" - деп, өзүнө-өзү кайрат айтып, базардагы ишине жөнөдү. Үйдөн бир топ узагандан кийин кылчайып артын карап, алган үйүнө көз жүгүрттү. Эч кандай сыр байкай алган жок. Качан гана маршруткага отурганда, жанында олтурган орто жаштагы аял:- Красная көчөсүндөгү үйдү сен сатып алдыңбы? - деп сурап калды. Бейтааныш аялдын берген суроосу Бообекти таң калтыртып, башын ийкеп гана жооп бергенге түрткү берди. Алиги аял жактырбаган түр менен:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#7 30 Январь 2015 - 02:15
- Бекер кылгансың, сен дагы арзан баага азгырылган экенсиң. Эми канча күн чыдайт болдуң - экен... "Арзандын тузу татыбайт"
деп айтылган сөз нак турмуштан алынган. Сага окшоп ал тамдын арзанына канчалаган адамдар азгырылды. Бир нерсе сатып алаарда байкап алыш керек. Баага кызыкпай. Өткөндө Ысык-Көлдүк бир киши сатып алып, бир апта араң чыдап жашап, сатканча шашты. Билбейм кошуналар да ал үйдү "коркунучтуу үй" деп айтышат - деди эле Бообек кызыгуусу арта:- Эже, эгер мүмкүн болсо, ал үйдүн эмне сыры бар, айта аласызбы? Орто бойлуу толмочунан келген Сайнап эже, көзүн сүзүп:- Менин угушума караганда, ал үйдү кара күч же шайтан баскан болуш керек. Эгер, колуңдан келсе молдо же бакшы таап үйдү тазалатып ал. Болбосо, сен дагы алган бааңдан арзан сатып кеткенче шашасың. Мынча сатып алгандан кийин ал үйдө катылган сырдын түйүнүн таап, тазалатып ал. Сыртынан караганда абдан жакшы үй. Бирок, киши көпкө байыр албаганы мени дагы ойго салып келет - деп, сөзүнүн аягын жумшак бүтүрдү. Бообек, терезеден сыртты карап, кечээ классташы Өскөнаалы жана кошунасы татар кишинин айткандары менен бул аялдын сөзү бирдей чыгышына таң калып, ойго алдырып жиберип, бара турган жеринен өтүп кеткенин кеч сезди.Ой- санаадан өткөн күлүк эмне бар. Бообекти тиги бейтааныш аялдын айткан сөзү ойго салып, аз убакытта,кайгыга бата түштү. Ишине дагы көңүлү чаппай, кечке чейин алагды боло берди. Бир ооз сөздүн күчү адамды эмне деген гана санаага салат же кубантат. Билинбегени менен атылган октун күчүнөн, ооздон чыккан сөздүн күчү алда канча кубаттуу келээрине турмуш өзү күбө. Түш ооп, иш аяктап калган кезде, мурда тааныш, дин жагынан сабаттуу Жусур молдонун үйүн көздөй сапар алган Бообек жолду катар "андан кандай сөз угам"- деп, миң түркүн ойду ойлогонго үлгүрдү.Жусур молдо оозду чоюп сүйлөгөнү эле болбосо, адамга жакшылык кылчу түрү жок, ичи тар, "мен гана жашасам" деген, өзүмчүл адам экенин Бообек буга чейин билген эмес. Жусур молдо жакшы кабыл алганы менен жарытылуу эч сөз айтып, Бообекти кубанта алган жок. Илим сөзү менен шарият жолунан кеп салганы үмүт кылып барган Бообектин кыжырын келтирип, көңүлүн чөгөрдү. Ал жерден кеткенче шашып, ылайыктуу сөз таба албай турганда оңдой берди болуп, эки бала келип калды. "Эки жашка нике кыйып бериңиз" - деп. Акча түшө турган жерге Жусур буту үзүлгөнчө шашып барат. Алиги балдар келгенде айтып жаткан сөзүнүн аягына чыкпай, ордунан тура калганда Бообек оор үшкүрүнүп, кутулганына сүйүнүп чала-була коштошуп жолуна түштү.Кеч бешим ченде үйүнө келген Бообек эмнегедир эртең мененки көрүнүштү үйүнөн көрө алган жок. Көзүнө кадимкидей үйү жүк баскансып көрүнүп кетти. Ал турсун кадамы шилтенбей, алыстан эле артка тарткысы келип, көңүлү чөгө түштү. Бул көз караштан ал бир нерсени байкады.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#8 30 Январь 2015 - 02:16
Үйгө кирип келатып, атасы айткан ырымды жасап "бисмилланы"
айтып оң буту менен ичкери кирди. Үй ичи эртең мененкидей жарык маанай тартуулабастан,
бир кара күч өзүн карап тургансып, кысынып кетти. Бирок, Бообек ага маани бербегендей мамиле жасап, сыртка чыкты да, газга чай коюп, тамак жасап өзүн алаксытты. Кара күч баскан тамдын сыры баары бир жанды жай алдыра койгон жок. Оюнун учугу үйдөгү белгисиз сырга барып такала берди. Бир учурда Бообек, артын карай калып, эстен танды. Көргөн көзүнө ишенбей, жерге отура калып, эки алаканы менен жүзүн жаап, бир саамга турду да, анан болгон күчүн жыйып эки колун жүзүнөн алды.Жанагы көргөн көрүмчү, тик күзгүдөн көрүнгөн өзүнүн келбети болучу. Бообек акылын жыйып, каткырып күлүп жиберди. "Коркконго кош көрүнөт" деген ушул деп, кара күчкө өзүн алаксытты. Бирок, чынында эле көзүнө түрү суук адам көрүнгөн. Эми минтип өзүн-өзү алаксытып, бир топко отурду да, анан иши менен алек болгон болду. Анткен менен жүрөгү тынч албай, кандайдыр бир күч сезимине коркунуч туудуруп, эптеп жасаган тамагын жеп, досу Өскөнаалынын үйүн көздөй жөнөдү. Чын эле, үйдөн узаганы денеси калыбына келип, өзүн жеңил сезип, кабагы ачыла түштү. Эки көчө бери жакта жайгашкан досунун үйүн бат эле таап, ичкери киргенде Өскөнаалы жакшы маанай менен кабыл алды, жетине албай. Негизги сөз орун алып отурганда башталды. -И, досум, жаңы конуш кут болсун. Кандай анан, үйгө көнүшүп калдыңбы? Аяш, бала-бакыра качан келет?-деди.
Бообек оор үшкүрүнүп: -Досум, иш чатагына айланды. Арзан баанын азгырыгына кабылып, сен айткан коркунучтуу үйдүн ичине каткан сыры белги бергендей болуп жатат. Эртең менен үйдө өзүмдү эркин сезем да, кеч кирди эле болду кандайдыр бир күчтөр белги бергендей сезиле берет экен. Үй-бүлөм келсе кыйналат го. Бир балээни ойлоп табыш керек болуп жатат -деди кабатырлана.
Өскөнаалы, ойлуу жерди тиктеп: -Ал үйгө мен дагы баргам. Сен айткандай кара күч басканын мен алгач көргөндө эле байкагам. Ал үйдү тазалатып, молдо-кожого окутуш керек го. Болбосо, адамды ооруга кабылтат. Адам баласы бир катуу коркуп калса эле болду, ооруга кабылышы толук мүмкүн.-Досум,
сен абдан туура сөз айттың. Үйдү жакшы окуган молдого окутуп тазалатпасам болчудай эмес. Ушунча мээнет менен сатып алган соң, бир жаңсыл кылыш керек го? - Бообек досунан акыл сурагандай,
муңайыңкы карады.-Ал үйдө учурунда күрт улутундагы адам жашаган экен. Укканым бар, күрт улутундагы адамдар, адамгерчиликтен алыстап кеткен эл- деп. Балким, үйдүн ичинде кыйналган, денеси кор болгон кишинин сөөгү болуп жүрбөсүн. Эртең менин ишим деле жок. Макул көрсөң үйдүн полун сууруп, бүт үйдүн ичин бир сыйра карап чыкпайлыбы.
Дегеним, үйдүн ичинде сөөгү көмүлбөй калган адам болуп калышы мүмкүн. Кыскасы, текши, кылдат карап чыгыш керек!-деди эле, Бообек асмандан издегени жерден табылгансып сүйүнүп кетти. Аңгыча, Анара тамак алып келип, сөз үзүлүп калды.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#9 30 Январь 2015 - 05:43
Ушул чыгарманы чогу жашаган бир эже, окуп айтып берген эле.
Кудай буйруса АТА болом!!!
#12 30 Январь 2015 - 15:46
Өскөнаалы тээ бир топто гана сөзгө келип: -Досум, угуп тур. Мен сага болгон бир окуяны айтып берейин. Тээ илгери, жетимишинчи жылдары сага окшогон бирөө баасы арзан деп, айылдын четинен бир үйдү сатып алат. Сатып алганы курусун. Бир айга жетпеген убакытта кундуздай кара чачы, аппак болуп өзгөрүлөт. Түнү уйкудан калып, таң атканча коркуп өзүн кыйнап жашап, жатып жүрүптүр. Муну байкаган атасы Абдылда айылдан келип эле, иш чатагына айланганын билет. Атасы келген күнү баягы киши тынч уктайт. Бирок, алиги көрүмчү үй ээсине эмес, Абдылдага сыр берет. Эртеси, баланын атасы уулунун чачы эмнеге агарганын билип: "Балам, сен бүгүн үйдөн кет. Сен жүк баскан үйдү сатып алган турбайсыңбы?
Мен бүгүн үйдө жалгыз калып, сени кыйнаган кара күч менен алышып көрөйүн. Балким, анын сыры эмнеде билип калышым мүмкүн. Түнкүсүн сага көрүнгөн коркунучтуу нерсени мен түндө байкадым. Экөөбүздөн жазгандыбы,
ал мага даана көрүнгөн жок. Жалгыз адамга көрүнүшү толук мүмкүн. Андыктан, менин тилимди алып, сен бүгүн таякеңдин үйүнө барып конуп кел" - дейт. Ошол күнү Абдылда карыя үйдө жалгыз калып, бир топко чейин уктабай жатат. Убакыт түн ортосуна оогон кезде, бөлмөнүн төр жагындагы бурчтан кадимки адамдын кейпи сымал сөлөкөт чыгып, аянычтуу үн чыгаргандай сезилет. Абдылда карыя келме келтирип, Курандын узак сүрөөсүн кайталап, алаканын жүзүнө жакындатып,
бир топко ичинен дуба окуп, бата тилегенде баягы ак сөлөкөт кадимкидей жок болуп кетип, андан соң тынч уктайт. Эмнегедир көзгө сүрдүү көрүнгөн үй жарык тартып эртең менен ойгонгон Абдылдага башкача элес берет. Дайыма эрте ойгонгон карыя, эмнегедир бул жолу чоң шашкеде ойгонот.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#13 30 Январь 2015 - 15:47
Бул учурда тамды сатып алган баласы дагы, оңдой берди болуп келип калат. Экөө эртең мененки даамды бирге татышкан соң, Абдылда көргөзгөн жердеги полдун тактайын сууруп, алдын караса, эч нерсе көрүнбөйт. Бирок, катуу шек алган карыя ошол жерди жакшылап байкаса, топурагы жумшак. Ошол жерди каздырганда,
адамдын сөөгү табылган экен. Ал адамдын сөөгүн ак кепиндеп, мүрзөгө алып барып койгондон кийин, үй кадимкидей өзүнө келип, баягы көзгө көрүнгөн сөлөкөттөн кутулуптур.
Мен бул окуяны мындан беш жыл илгери, бир конокто олтуруп уккан элем. Балким, сен алган үйдө дагы денеси кепинделип көмүлбөгөн адам сөөгү бар чыгар. Кыскасы, аны байкаш керек. Балким, үйдүн полун сууруп, алдын бир сыйра тазаласак кандай болот? - деп оюн айтканда, Бообек, бул сунушту чын ниетинен колдоп, туюктан жол табылгансып сүйүнүп кетет да, досун жайдары жүз менен карап: -Өскөнаалы, сен абдан туура сөз айттың. Эртең экөөлөп полдун тактайын баарын сууруп чыгып, күнгө жайып, үйдү оңдоп-түзөйлүк-
деди.Сөзгө баятан бери үнсүз олтурган Анара кошулду.- Өскөнаалы, сен эртең Сокулукка барам дебедиң беле?- деп, сөздү ооздон жулуп алды эле, бул айтылган сөзгө көңүл бурбаган түр көрсөтүп, ойго алдырган кишидей бир жерди теше тиктеп, унутуп калган буюмун эстеген адамдай Өскөнаалы:- Бообек, мен эми эстедим. Сенин үйүңдө жашаган бир киши айтты эле: "Көрүмчү бар"- деп. Мен аны такыр эле унутуп калган турбаймынбы.
Ал киши Турбаза жакта жашайт. Алгач ал адамга барып үй жөнүндө сурап билип койгонубуз оң болуп жүрбөсүн. Дегеним, ал дагы бир неме айтып берет чыгар. Чынын айтсам үйдү тазалатпасак болбойт. Бообек сөз кезеги келгенде:- Досум, биз эки жакка чарпылбай эртең үйдүн полун сууруп, күнгө жайып коелу да, анан кечке жуук ал кишиге баралы. Убакытка уттуруп коебуз. Эгер ал үйүнөн чыгып кетсе, шаарың жаман тура. Баскан- турганың бүт акча. Бир стакан сууну эки сомго ичсең, ажаатканага кайра акча төлөш керек экен. Андыктан, эртең менен ишти баштап коелу. Калганын көрө жатарбыз. Өскөнаалы башын ийкеп:- Туура кеп болду. Бардык нерсеге чечкиндүүлүк керек. Азыркы чиновниктердей ооз менен иш бүтүрбөй дароо баштаганга эмне жетсин. Анда мындай кылалы. Анара төшөк салганча, жүрү азыр экөөбүз сенин үйүңө барып келебиз. Балким, бир сырды билербиз. Бообек көзүн жайнатып:- Жүрү, чын эле. Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы дегендей, досум, деги сенин башың иштейт. Өскөнаалы күлүп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#14 30 Январь 2015 - 15:48
- Иштеген үчүн ушундай жетишкендиктерге жетип жатпаймынбы-
деп, көтөрө салып мактанып алды. Өскөнаалы эки колун жүзүнө жакындатып,
ичинен дуба окуп, тасмалга бата кылды да, ордунан туруп баратып:- Анара, мен эртең Сокулукка барбай калдым. Эсенбек байке Суусамырга барып келем дейт. Анара берген суроосуна жооп алганына көңүлү көтөрүлүп:- Ошондой дебейсиңби,
эмне эле Бообекке убаданы олчойто берип жатат- десе. Суусамырга эмнеге барат - экен?- Билбейм, баса мал бактырып жатам дебеди беле. Балким малын карап келет чыгар. Байлардын пландары бат-бат өзгөрүп турат- деп сөзүнүн аягына кыскы бүтүрүп, сыртка чыкты. Бул учурда асмандын бетин толук жылдыздар ээлеп, айдын жарыгы жерге төгүлүп турган. Эки дос ээрчише көчө ылдый, ар нерседен кеп кылып басып келатышты. Бул жолу Бообектин маанайы ачык. Чоң жаңылык аччудай досун караан тутуп, үйүнө тез эле жетүүсүн ичинен эңсеп баратты. Ортодогу тынчтыкты Өскөнаалы бузду:- Бообек, билесиңби баягы окуяны? Анда биз тогузунчу класста окуп жүрбөдүк беле. Ошондо, ак шейшеп жамынып алып, Курманаалынын келини менен кызын коркутканыбызды.
Азыр ойлосом бала бойдон экенбиз. Ал экөө жүрөгү түшүп өлүп калса эмне кылат элек. Бообек кубаттап күлүп:- Аны Токон ойлоп тапкан, Курманаалынын кызы мектептен балдардын көзүнчө уят кылып койгон турбайбы. Ошол өчүн алыш үчүн ойлоп тапкан амалы. Өскөнаалы ойлуу кадам шилтеп:- Азыр ойлосом такыр туура эмес иш кылыптырбыз.
Негизи эле элет жеринин эли баарына чыдамкай. Сөз ушул жерге келгенде экөө үйгө жакын калгандыктан үзүлүп калды. Бообек дарбазанын эшигин ачып ичкери кирди да, жарыкты күйгүзүп үйдүн эшигин ачты. Экөө үйгө кирип келе жатышып, үйдөн бир сөлөкөттү даана көрүштү. Бирок, сөлөкөт бир көрүнүп ошол бойдон жок болду. Өскөнаалы үнүн акырын чыгарып, коркконун билгизбегенге аракет кылып:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#15 30 Январь 2015 - 15:50
- Бообек, сен жарыкты өчүр. Кап, кол фонарикти алып алсам болмок экен. Мейли, экөөбүз ички үйдү аңдыйлы, сөлөкөт кайсыл жерден чыгат экенин. Бообектин өңү коркконунан ак чүпүрөктөй кубарып кеткен. Бирок, сыр бербей жарыкты өчүрүп, колуна ширеңкени даярдап алды. Экөө төркү үйдө бир топко турушту, караңгы кылып коюшуп. Бирок, ал сөлөкөт кайра көрүнгөн жок. Анткен менен экөө тең кыйналышты,
аба жетишпегенсип.
Мына, сыртка чыгалы дегенче болбой, үйдүн ичинен аянычтуу үн чыкканда экөө бири-бирине карабай сыртка чуркап чыгышты. Бул корккон адам өзүн-өзү жоготуп койгондогу белги болчу.Дем алуусу кысылган Өскөнаалы күйүккөн демин басып: -Биз эмнеден корктук?-деп,
Бообектен сурап, көзүн алаңдатып үй жакты карады. Бул жөн гана ыңгайсыз абалдан чыгуу үчүн берилген суроо болчу. Бообек дагы демин басып: -Коркконго кош көрүнөт болдук. Төркү үйдөн кандайдыр бир үн чыкты. Аны биз байкабай эле эшикке чуркап чыктык. Ушундайда алигиден бастырып алганыбызда эч нерседен коркпойт элек. Жүрү эми, үйдү бекитип коюп, кетели. Калганын эртең байкайбыз да. -Чын эле аял кишинин аянычтуу үнү кулагыма даана угулду,-деп,
Бообек сөзүнүн аягын жооткотуп бүтүрдү.Өскөнаалы сөз кезеги келгенде: -Я, досум, ушул үйдө кантип коркпой жаттың. Укмуштай коркунучтуу сүрү бар турбайбы. Болду болбоду бул үйдү жүк баскан. Болбосо мындай үйдү, ушул жашка келгени көргөн эмес болчумун. Билесиңби, айылдагы Кадыр карыянын эски үйүн, коктунун ичиндеги. Ошол үй дагы абдан сүрдүү көрүнөт го көзгө. -Ал үй, биринчиден,
эски үй. Экинчиден, илгери басмачылар байыр алып, кызылдарга өз ыктыяры менен өткөн адамдарды кыйнап өлтүрүшүптүр.
Аны мен чоң атамдан уккам. Үчүнчүдөн, коктунун ичиндеги ээн үйдө эч ким жашабагандан кийин көзгө сүрдүү көрүнөт-деп,
үйдү бекитип Бообек:-Кеттикпи?
-деди. Берилген суроого досу жооп бербей, алдыга басты. Эки дос бир топко чейин үн чыгарбай өз ойлору менен алек болушуп, чоң ачылыш ача турган окумуштуулардай кадамдарын жай таштап, көчөнүн чети менен келатышканда алдынан эки мас бала чыгып: -Байкелер, Шевченко көчөсү кайда?- деп сурап калышты. Көрсө, бул эки бала эки аялдама эрте түшүп калып, адашып калышкан экен. Өскөнаалы чын дити менен: -Ай, силер такыр эле адашып калган турбайсыңарбы.
Ушул көчө менен дагы бир чакырымдай ылдый баскыла да, анан оңго бурулгула. "Жаркын"
деген дүкөн бар. Ошол жерден сурасаңар таап аласыңар,-деп,
түшүндүрүп айтып берди эле, тиги экөө баштарын ийкеп, жолун улашты. Өскөнаалы чоң иш бүтүргөнсүп,
үнүн бийик чыгарып: -Я, Бообек, билесиңби, мен дагы жаңы көчүп келгенде көп жолу адашкам. Бул жактын көчөлөрү ыңгайсыз жайгашкан-деп,
айтып келатып, үнү чыкпай калды. Анткени так ушул жерден алиги үйдөн угулган үн кулагына угулуп кеткен эле. Бир саамга үнсүз туруп: -Бообек, сен уктуңбу? - деди эле Бообек түшүнө бербей: -Эмнени? - деди кайра өзүнө суроолуу карап. -Тыңшасаң?-деп туруп калганда Бообек:......
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#16 30 Январь 2015 - 15:51
-Ооба,
мен дагы уктум. Бул үн тиги үйдөн чыкпай эле сырттан угулган го. Экөөбүз коркконго кош көрүнөт болуп-деп, үн чыккан жакты тыңшаса, аянычтуу үн мышыктын үнү болуп чыкты. Экөө алакан чаап каткырып күлүп жиберишти. Чын эле кээде мышыктар чогулганда ушундай бир жагымсыз үн менен мыёлошот эмеспи. Бирок, алиги аянычтуу үн үйдөн эле чыккандай болгон. Эмне болсо да экөө алиги угулган үндү мышыкка шылтап, көңүлдөрү жайланып, үйгө келишти. Бообек эмнегедир түнү бою уктай албай, жаман түш көрүп кыйналып чыкты. Көзү илинсе эле алган үйү түшүнө кирип, чочуп ойгонуп жатып, таңды эптеп атырды. Таңкы наарды ичкен соң, экөө катуу даярдыкта үйгө келишти. Бул саам үй кадимкидей көздөрүнө такыр башкача болуп көрүндү. Өскөнаалы алгач үйдүн туш тарабын кылдат карап чыкты да, анан үйдүн чатырына чыкты. Ал эми Бообек өз ишин улап, үйдүн полун сууруганга киришти. Бир учурда Өскөнаалы чакырып калды, бир нерсе тапкан адамдай. -Мына, досум. Эки мышыктан сөөгү. Бул да болсо үйгө терс таасирин берет, -деп, мышыктын сөөктөрүн баштыкка салып огороддун башына алып барып, жерди казып көөмп салды. Бообек болгон үйдүн тактайын сууруп, чоң ачылыш аччудай ишине берилүү менен киришти. Бир бөлмөнүн полу толугу менен суурулган соң, эч жерин калтырбай карап чыкты. Бирок, эч кандай маанилүү нерсе таба алган жок. Ал эми Өскөнаалы тийди-качты иш кылып, караанын эле көргөзгөнү болбосо, чылым чегип эле отурду. Убакыт түшкө жакындап калган кезде, экинчи бөлмөнүн полунун теңи суурулуп бүтүп калган. Бообек полдун тактайынын эскиргенине көзү жетип, туура иш кылып жаткансып, ишин улай берди. Бирок, эч кандай сырдын түйүнүн али таба элек. Анткен менен кабагы ачык. Атасы дайыма айтчу: "Балам, жансыз нерсеге дагы жакшы мамиле жаса, сообу тиет"-деп айтканын эстеп, эскирген тактайларды эшикке алып чыгып күнгө жайып, өзүн чоң сооп иш жасап жаткандай сезди. Аңгыча түштөнгөн дагы учур келип, экөө картошка кууруп жеп, бир саатка чукул убакытты эс алганга өткөрүштү.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#17 30 Январь 2015 - 15:52
Күн төбөдөн ооп, бешим намазы окулуп болгонуна кыйла убакыт болуп калган кезде, баягы кара күчтүн белгиси билине баштады. Бообек бул сырды алгач байкап ишти тездетүү үчүн, кечинде экөө качып чыккан бөлмөнүн полун сууруй баштады, ушул бөлмөдөн катылган сырдын түйүнү табылчудай сезилип. Бул бөлмөнүн эмнегедир полдорунун суурулушу кыйындай баштады. Андан дагы, кээ бир тактайларга,
экиден мык урулганын баамдаган Өскөнаалы: -Бообек, байкадыңбы,
бул үйдүн тактайлары суурулуп, кайра кагылыптыр.
Урулган мыктар жаңы, экиден да урулуптур. Эгер полдун тактайлары эски бойдон болсо, мындай болмок эмес. Мына бул мык сталинский мык, ал эми бул мыкты кара. Сталинский мыктар оңой менен ийрейбейт, - деп билгенин айтты. Буга чейин эки дос жакшы эле көңүлдөнүп иштеп жатышкан. Бир нерседен сыр алышканы менен кандайдыр бир билинбеген күч кара көңүл кылып, экөө эки жерде шалдырап отуруп калышты, тактайдагы урунган мыктарды карап.Бообек,
Өкөнаалыны сөзгө тартты:- Досум, көрдүңбү, бул мык менен тиги тактайга урунган мыктын айырмасын. Сталинский мыктарды сууруганда кандай тез суурулган эле. Ал эми бул мыктардын сапаты өтө начар экен. Өскөнаалы кош көңүл:- Досум, эмнегедир эле эч нерсеге көңүлүм тартпай, жаным жер тартып турат. Жүрү ишти токтотуп, эртең түшкө чейин бүтүрөлүчү.
Ишенесиңби,
мени кимдир бирөө карап тургандай сезилип жатат.Уксаң,
азыр сен эмнени айттың, менин кулагыма эч нерсе кирген жок. Ушул жерден чыгып кетсем эле эс алчудай болуп, демим кыстыгып кетти!- деп, ордунан турду. Бообектин таң калганы күч алып, өзү дагы ушул эле сөздү күтүп тургансып:- Өскөнаалы, сенин айтканың туура. Бул үйдө түшкө чейин гана болуш керек. Күн төбөдөн ооду, үйдөгү кара күч өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтө баштайт. Муну мен сага айткам. Калган сөздү анан сүйлөшөлүчү деп, ишти токтотуп, сыртка чыкканча шашты. Бул учурда дигер намазы окулганына бир сааттай убакыт калган болучу. Негизи эле бул үйдөгү кара күчтүн сыры бешим намазы окулгандан кийин, күчүнө кире баштачу. Муну алгач кошуна жашаган татар абышка байкаган. Баятан бери иштеп жаткан экөөнү кайсы убакытка чейин иштейт болду экен- деп, баам салып байкап олтурган. Өзү баамдагандай,
тиги экөө үйдү беките баштаганда,
басып келип:- И, балдар, чарчадыңарбы?
- деди, сөз улансын үчүн. Бообек бул абышка менен тааныш болуп калгандыктан,
кабагы жарык:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#18 30 Январь 2015 - 15:54
- Ооба. Эмнегедир эле, барган сайын жаныбыз жер тартып, ишибиз алдыга жылбай койду. Кечке чейин иштесек, ишти бир топ арбытып алат элек -деген болду эле, татар абышка:- Силер, шашылбай баам салсаңар, ишти бешим намазы окула турган учурга чейин гана уланта аласыңар. Андан кийин үйдөгү кара күч күчүнө кирип, адамды кара көңүл кылат. Эртең таң эрте келип иштегиле. Мен бул үйдүн сырын жакшы билем.Кээде түн ортосунда адамдын кыйналган үнү чыгат. Алиги күрт улутундагы киши көп кыз-келинди алып келип кыйнаган. Балким алардын сөөгү кепинделбей көмүлгөн үчүн сыр берип атса керек. Силер менин баамымда абдан туура ишти баштадыңар.
Адамдын сөөгү таза көмүлбөсө, ал катуу кыйналат. Мен муну айтып жатканымдын себеби, бир жолу түнкү саат үчтөрдө коноктон келип, сыртка чыксам бул үйдүн наркы бетиндеги терезеден аялзатынын келбетин өз көзүм менен көрүп, таң калып калгам. Бирок мен ал берилген сырды эч кимге айткан эмесмин. Сөздүн дагы өз учуру болот, айтыла турган. Мына эми учуру келди, силерге айттым. Колуңардан келсе үйдүн полун сууруп, жакшылап карап чыккыла. Керек болсо огородду дагы карагыла. Менин угушума караганда, күрт улутундагы адамдар өлгөн адамдын этин бышырып жейт имиш. Бул эми чынбы-калппы аны так айта албайм. Алиги бул үйдө жашаган күрт, адамга жакшылык кылбаган, абдан начар адам болчу. Силер эми мынча кириштиңер,
үйдүн бардык жагын текшерип карап чыккыла- деди. Өскөнаалы сөз учуру келгенде:- Эртең менен чердактан эки мышыктын сөөгүн таап, огороддун башына алып барып көөмп салдык- деди эле татар абышка:- Бул ишиңер туура. Ар бир нерсеге аяр мамиле жасаш керек. Эми силер эртең таң эрте чындап киришүү менен ишти баштагыла. Эгер бир нерсенин шегин алсаңар, мага айтып койгула. Алгач милицияны чакыралы, анан иштин жагдайына карайбыз-деп,
көк көзүн алсыз ирмеп, огород жакты карап койду. Бообек кызыгуусу арта:- Макул, аксакал, биз сиз менен гана акылдашып иш кылабыз. Айтмакчы, эгер макул көрсөңүз, түнкүсүн үй жакка көз болуп койсоңуз. Тактайларды бирөөлөр уурдап кетпесин - деди эле татар абышка:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#19 30 Январь 2015 - 15:54
- Коркпой эле койгула, бул үйдөн бул аймактагы элдин баары сестенет. Мындан эки ай илгери тигил үйдүн улуу баласы түн ортосунда жалгыз келатып, ал дагы бул үйдөн көрүмчүнү көрүп, эртеси түлөө кылган. Ошондо айтылган "бул үйдөн эч нерсе албагыла"
- деп. Кыскасы, силер бул табышмактуу,
сырдын түйүнүн чечсеңер, бул аймактын эли да силерге ыраазы болот- деп ишеничтүү айтты.Бообек айтылган сөзгө баа берип:- Сиз айткандай мен дагы эки күндүн ичинде эле байкадым, эртең менен үйдүн аурасы башка дагы, кеч кирди эле бардык коркунучтуу нерселер, кандайдыр бир кара күчтөр карап тургансып сезиле бергенин. Бул көрүнүш мени таң калтырып жатты эле. Азыр сиз айткандай эч иш кыла алчудай эмеспиз. Түшкө чейин жеңил иштегенбиз,
убакыт өткөн сайын кадимкидей шалдырап, иштегенге көңүл жок калган үчүн жыйналып бараткан болчубуз. Алиги татар карыя сөзүн бекемдеп:-Балдар,
силер эртелеп бул иштин аягына чыккандай болгула. Болбосо майып болуп калышыңар дагы толук мүмкүн. Айткандай, бул үйдүн сырын тиги көчөдө жашаган Ысмайыл деген киши жакшы билет. Андан дагы кеп-кеңеш сурап алгыла - деп, сөзүм бүттү дегенсип үй жакты сынай карап, тетири бурулуп басып кетти. Өскөнаалы кабагын чытып, эч нерсеге көңүлү келбей турганын жүзүнөн билгизип:-Досум,
азыр үйгө барып бир аз убакыт эс алып албасак, менин такыр эле шайым ооп, демим кыстыгып чыкты. Сен кантип бир күн коркпой ушул үйдө түнөдүң билбейм. Жүрүчү үйгө. Калган сөздү анан акыл топтоп алып сүйлөшөлү. Эмнегедир мени бирөө жаман көзү менен карап тургандай сезилип, жаным кыйналып кетти - деп алдыга кадам таштап, ал жерден кеткенче шашты. Чынында эле Өскөнаалынын кыргызчылыгы болгон үчүн үйдүн кара күчү бар экени билинген. Ал турсун көзүнө болор-болбос бир элес көрүнүп, аны Бообекке айта албай койду. Экөө эч үн дебестен жолдо ката өз ойлору менен алек болушту. Үйгө келгенде Өскөнаалы оозун ачып эстеп, кирене кирген адамдай дароо эле жатып, уктап калыш үчүн өзүн алаксытты. Болбосо шакыйы кармап калчудай болуп кыйналып кеткенин, эч кимге айтпады. Уктап калса баары билинбей өтүп кетет. Бообек досунун кыйналганын жүзүнөн билип эле ага эч сөз айтпастан, өзү дагы кыйшайган бойдон жата кетти. Убакыт кеч кирип иңир талаш болуп калган кезде Өскөнаалы уйкудан ойгонуп, көргөн түшүн эстеп ойго бир топко жатты да, бир учурда ордунан шайдоот туруп даарат сындырып келип, бети-колун муздак сууга жууп, тасмал четине олтурганда сөз удулун келтирип анан кеп учугун баштады:-Бообек,
мен сенин алиги үйүңдүн табышмагын таптым. Кыскасы, эртең эртең менен эрте туруп барабыз да, терезелерин бекитип, мышыкты киргизип жиберебиз. Мышык кайсы үйдө алиги коркунучтуу сөлөкөт бар экенин билгизет. Ошол үйдүн полун шамдагайлык менен сууруп, анан ал бөлмөнү кылдат карап чыгабыз. Алиги татар абышка бекер айткан жок, ал үй жөнүндө. Мен эми алиги табышмактуу иштин аягына чыкпасам, жаным жай албай калды - деп бир сырдын түйүнүн сыртка чыгарбай, сөзүн кыска бүтүрдү. Бирок курсагы ачып калган үчүн тамакты табити тартып, жакшы жеди. Бообек кабагы ачык:...
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#20 30 Январь 2015 - 15:59
-Досум,
эгер сен мени алиги коркунучтуу нерседен кутултсаң, мен сенин эмгегиңди куру койбойм. Бир күн иштейсиңби,
он күн иштейсиңби эмне болсо дагы мага жардам бер. Мен сага эки миң сом акча берем. Кыскасы үй-бүлөм келгенге чейин алиги сырдуу иштин түйүнүн таап, үйдү тазалабасам болбойт - деди эле, Өскөнаалы:-Азыр экөөбүз Ысмайылга барып, аны сөзгө тартып көрөлү. Ал кишини мен жакшы тааныйм. Адамкерчиликтүү,
бирөөгө жакшылык кылганды жакшы көргөн, мамилеге түз, баамчыл адам. Кыскасы баары жакшы болот-деп, сөзүн ишеничтүү айтты. Тамак желип, тасмалга бата тиленгенден кийин экөө кийинки көчөдө жашаган Ысмайылдын үйүн көздөй шайдоот басып баратышты. Бул алдыга койгон максаттын аткарылышынын бир белгиси эле. Бообек эмнегедир досунун бир сыр катып жатканын жүрөгү менен сезди, бирок аны ачык сурай алган жок. Анткен менен анын жасаган мамилесине ичинен ыраазы болуп, жаңы жаңырган айды карап, ичинен күбүрөнүп койду. Бул анын бала кезден бери келе жаткан адаты.Сырт келбетинен жакшы карылыкка жеткен Ысмайыл эки досту жакшы маанай менен кабыл алды да, Бообекти "сен кимсиң"деген таисте карап койду.Бул көз караштын артында таанышып алалы деген сөз жатканын Өскөнаалы дароо байкап:- Байке, бул менин классташым болот. Алиги коркунучтуу үйдү жакында сатып алган ушул адам, - деди оозуна, Ысмайыл жылмайып:-Жакшы,
мен ал үйдү ким сатып алган деп жатса, сен белең? Кел анда таанышып алалы, - деп колун сунду. Бообек жылдызы төгүлгөн бул адам менен таанышканына чын ниетинен сүйүндү. Адамдын кандай адам экени бир көргөндө эле билинет эмеспи. Өскөнаалы айткандай Ысмайылдын бирөөнө жакшылык кылсам деген ою бар экенин Бообек дароо эле байкады. Сөз келгенде Ысмайыл өзү эле айтып баштады, алиги үйдүн таржымалын.
Бул там тээ союздун атагы өсүп турган кезинде салынган.Чынын айтканда колунда бар, иштемчил орус улутундагы адам салган болучу. Бирок ал үйдү сатып алган күрт улутундагы бала,үйдүн кадырын абдан кетирди. Негизи эле жан болобу, буюм болобу жакшы мамилени жактырат эмеспи. Алиги күрт улутундагы бала алгандан баштап мага үй абдан байкалды, өзгөчө кечки убакта көзгө бир башкача көрүнгөнү. Айтылган кеп бар эмеспи "карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет" - деген. Тиги бала үйдү карамак турсун, кара күчтөрдү үйгө толтурду. Бир жолу кеч болуп калган кезде иштен чыгып келатып, ал үйдүн жанынан өткөм. Ошондо байкагам, бир аялзатынын аянычтуу үнүн. Айтмакчы, ал үйдү сөзсүз тазалатыш керек. Менин баамымда, күрт бала наркозат пайдаланган,
жүзү муздак адам эле. Ал баланы көргөндө адамдын көңүлү айный түшчү. Өзү дагы кандайдыр бир кара мүртөз, адамга жакшылыгы жок өзүмчүл сезилчү, бир көргөн кишиге эле. Балким ал үйгө кишини кыйнап, жанын кыйдыбы ким билет.Силер тактайынан бери сууруп үйдү бир сыйра тазалап көргүлө. Болбосо ал үйгө жашай албайсыңар.
Эки айдай убакыт болду го, кошунам Сергей түн ичинде кызуу абалда келатып ал үйдүн терезесинде бир кыздын ыйлап олтурганын көргөнүн, айткан эле. Балким, ал кыз алиги күрттүн колунан азап тарткан болсо керек. Кыскасы, ал үйдү тазалабасаңар жашаш кыйын болуп калат го... Канча адам сатып алып, жашай албай кетип калышты. Эмнегедир ал үй абдан жүк баскандай сезилгени өзгөчө бешим намазынан кийин байкалат - деп, тиги экөө күткөн сөздү айтканда Өскөнаалы башын ийкеп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
- (10 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »