sagyndymgooo Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 3 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (2 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 03 Ноябрь 15
- Кароолор:
- 20 701
- Соңку аракети
- 12 Мар 2017 12:41
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 22, 1989
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Чолпонум....
Жазылган күн: 20 Авг 2016
ЧОЛПОНУМ…..
……. Жаны гана Чолпонум экообуз сенин корустонундон келдик… Сени эстеп журогум эзилип, козумдон жашым токтобой сыздап , сыздап жаткан жеринди кучактап келдим….Жузумдон акан жашты кызыбыз Чолпонубуз быйтыйган колу менен эч нерсени тушунбой арчып койду… …
Озум жонундо…
…. 27 жаштамын. Атым Сагынбек.. Байкемдин атына уйкаштырып коюшкан.. Байкемдин аты Муратбек….. Жокчулукту корбой оскон, оксугу жок бай турмушту коргон бала болуп чонойгом..Атам бизди эч нерседен кем кылбай остургон. Менден уулу бир байкем, эки эжем бар. Уйдун эн кичуусу болгонумдан, эркеси, айтканым айткан дегеним дегендей болчу..Кичинемден ожор, кок бет, керсейген ,тентек болуп оском.. Атам апам кичинекейи болгонумдан аябай эрке кылып остурушкон. Айтканымдай баарын кылышчуу.. Мектепте канча куулуп журуп окууну аяктагам.. Чон окуу жайды сырттан акча менен атам бутургон… Элдин бары сыртка кетип жатат менда барам , иштеп келем деп Москвага кетип калгам.. Ата энем кой дегенине карабай .. Москавада бойдокчулуктун доорун сурдук.. Иштеген акчаны кыздарга, болбогон досторго сапырып…. Уч жыл дегенде кайра Кыргызстанга мекенге кайтым.. Бир сумка менен эч нерседен эч нерсе жок…Башкалар уй, машиналуу болуп келишсе мен жок дегенде апама бир белек албай келипмин… Атам апам жылуу жумшак тосуп алышты , озумду эсен аман коргонуно суйунушуп.. Бир айдан кийин кайра кетем дедим ,атам каттуу туруп жонотопой койду..Апам коз жашын агызып туруп алды .Атам машина алып берип ,аран ойумдан кайтарышты . Макул деп кетпей калдым.. Ошентип окшош кундор… Бир шылтоо таап,достор менен кочо тентимей, кафе, кыздар.. айтор кундо салпактамай жашоо.. Ошондой кундордун биринде бир досум чакырып калды. Суйлошкон кызымдын туулган куну, мага шерик болуп барып кел .Чакан кафеде эле олтурабыз эч ким деле болбойт деп… андай жерден калбаган жаным ойлонбой макул болдум.. -Кыздар барабы -деп жалпандап адатымча… Жок болсо табабызда деп тамашалашып койду.. Ошентип …
« Биринчи жолгушу…»
……….Досум экообуз жолугушуп суйлошкон кызына белек бекчек которуп айткан кафесине бардык..Бизди кутуп отурушкан экен бир чекедеги столдо.. Учурашып , сурашып , таанышып шандуу отрудук.. Алмаздын суйлошкон кызы татынакай ,сулуу кызкен ага козда салып койдум)) Аты Нуржамал экен. Мен негизи отуруштарда шандуу отруган жанмын.. Зериктирбей аны муну айтып.. ошентип отурсак биз отурган столго бир кыз гул которуп келе жаты… Биринчи баштан аяк карадым .. сынап.. Эркек деген ушундайда бир корушто барын байкайт .. Узун бойлу.. кашы козу капкара..Жени узун ,этеги узун койнок кийген.. Чачын бир тарапка оруп таштап койгон.. Жузундо боегу жок ..,жылдыздуу , сулуу суйкайган кыз биз тарапка кадам таштап келе жаты..Баарыбыз аны карап калдык.. Нуржамал ордунан туруп кел деп тосуп алды…Колундагы гулду карматып биз менен саламдашты. . Нуржамал таанышып алгыла менин болом болот Аты Чолпонай деди.. Мен жон отурбай сага куйоо бала болот окшойм деп тамашала койдум.. Чолпонай мага карап жоон гана жагымдуу жылмайып койду.. Нуржалам балким деп койду сырдуу.. Ошентип келгенине беш минута болбой Чолпонай мага уруксат анда сиздер жакшы эс алып отурунуздар менин жумушум чыгып калды ,деп коштошуп калды…Мен дароо кай жака шашасын , мен озум жеткизип коем дедим..Рахмат сизге деп жылмайып чыгып кетти.. Чолпонай кеткенден кийин оюмдан эч кетпей койду..Жели чыккан шаардай болуп, томсойуп отуруп калдым … Бир аз отуруп менда Алмазга айтып уйдогулор чакырып калды деп шылтоо кылып баса бердим.. Жолдо Чолпонайды элестетип , ойлонуп келе жатсам жолдо бекетте Чолпонай олтурат.. Суйунуп кетип озумчо … Машинаны токтотуп эле жанына бардым ..
- Мени кутуп отургансынгоо ээ, аркамдан келет деп ээ … деп тамашалып соз айтым..
Ал дагыле жылуу жылмайып ..
-жок сизди кутпой эле деп сылык жооп берди..
-Жур анда жеткизип коеюн, кайсы тарапка барасын..
-кечиресиз мен эч кайда барбайм ,жоон гана олтурам .. деди….. Мага эмне болгонун билбейм кызгандымбы. . ..
-анда эмне отурасын ?! кеч киргенде бул жерде бар уйуно кир! дей салдым..
Ошентип машинама тушуп кетип калдым.. ал эчнерсе тушунбой кала берди ошол бекетте..
Бир жиним келет , бир озумо тан калып ошентип ой менен алышып уйго эрте барып жатып алдым. Же уйкум келбейт..Нары оонап бери оонап .. Оюмдан Чолпонай кетпей туруп алды..Анын жылмайганы жузу коз астыман кетпей койду.. Коп кызды коргом бирок Чолпонайдай кызды мен биринчи жолу кордум . Биринчи иреет мен Ашык болдум кызга.. Аны коргондо эле бир башкача жылуулук кирди…. Мен Чолпанайды капа кылып алдым деп ойлодум .. Алмазага чалып Нуржамалдан номерин алып бер десемби деп ойлодум .. Тан атсын мен андан созсуз кечирим сурайм деп ойлонуп жатып уйкуга кетим….
«Суйуу бекети»
…………..ошентип мен Чолпанайдын номерин таптым.. Ага биринчи чалган жокмун.. Чолпонайга чалгандан чочуп турдум.. Мен биринчи жолу кыз балага чалгандан тартындым, чочудум.. озумо озум тан калып жатым Себеби мен кыз жандуу болчум. Жактырган кызымды бат эле озумо каратып алчуумун. (мактанбай эле) Смс кат жоноттум… «мени кечир» …. Сагынбек…. Деп жазып жоноттум. Жооп келген жок… Бир кун кутум ..эки кун кутум..учунчу куну сабырым бутуп Дароо чалдым…. Бир чалганда алган жок.. Экинчи чалганда да алган жок… Дуйноодо сен эле калгансып –деп тилдеп ,жиним менен телефонумду ыргытып салдым.. Ошол бойдон чалган да жокмун, смс да жазага жокун.. Ошол бекетте бир кун кутуп отурдум …Ушул жерде отурган келсе керек деген умутто.. Отура бердим .. канча саат отурганымды билбейм.. Козумо тааныш каран коруно баштады.. Узун койнок кийген.. чачы узун ,бир тарапка оруп таштап алган эч нерседен кабары жок басып келе жатат.. мага конул болгон жок, келип бекетте отура калды… Мен шашып пушуп дароо салам айтпай эле..
--неге чалсам албайсын?! Неге смс жазсам жооп жазбайсын?! Деп жемелей баштадым..
Чолпонай мени бакырайган чон кара козу менен жалдырай карап калды… Анын козун карап жинип таркап озумо келе калдым…
Анан акырын жылмайып ..аа Сиз белениз.. кечиресиз .. деп жооп берип койду..
--Чолпонай мени кечир сага дагы каттуу суйлоп салдым.. Мен жоон гана бая кунку кылыгыман сенден кечирим сурагым келген дедим.. кылган кыялымдан уялып…
Ал дагы жылмайып туруп..
-мен сизге капа болгон эмесмин.. деп жай жооп берди.
Ошентип экообуз жакындан таанышып суйлошуп отурдук бекетте.. ал бекет Чолпонайдын уйуно жакын экен .. Ошол бекетте отурганды жакшы корот экен..Кобунчо ушул бекетте отуруп эс алат экен…
«Биз эми бир жанбыз….»
…….. Мен Чолпонайдын артынан калбай жанын жай койбой артынан тушуп алдым.. Биз бат батан жолуга баштадык.. Чолпонайга жолуккандан баштап мен жакшы тарапка озгордум.. Суйгон жанын кандай болсо ,ошого карап озгоруп кете бетет экенсин.. Чолпонай башкача жан эле. Боорукер, сабырдуу, сылк сыпаа соз суйлогон, уялчаак , эн негизгиси ыймандуу эле. Мен андан сабырдуулукту, токтолуктуу, боорукердикти уйрондум.. Чолпонай мени озгортту…Чолпанай менен таанышып суйлошкондон бери мен бир кызга да бурулуп карабадым… Себеби мен издеген кыз Чолпанай болчу.. Мен Чолпонайга ашык болдум, суйдум… Алты ай биз кыз жигит болуп суйлоштук.. Мен ага «мага турмушка чыгууну сунуштадым. .» Ал «азыр эмес мен даяр эмесмин турмушка»- деген жоопту узатты.. Мен Чолпанайга кату байланган элем, мен аны эч кимге тенебей суйдум.. Аны эч кимге ыраа корбодум.. Кутуп да тураган жокмун .. мен аны бир кун жолугушуга чакырып уйумо алып качып келе бердим…… уйдогулорго да айткан жокмун … Эшиктен кирип келип эле..
--апа мен сага келип алып келдим дедим… Апам
– койчу тапмашанды…
-апа чын журсон сыртка..
Апам чыгып анан ишенди …
Кагылайын балам деп айланып тегеренип Чолпанайдын бетинен ооп кирди..
Чолпанай коз жашын куйултуп туруп берди… Мен ага жалынып жалбарып кондурдум.. Сени эч кимге бергим келбейт.. сенден башкасын мен суйо албайм .. сени башкага берип койсо мен бул жарыкта жашай албайм деп жалынып жалбарып анын калуусун сурандым.. Ал айласы алты кетип макул болдуу….. Ошентип 2013 жыл 10- ноябрь Бир биз жан болдук.. Биз бир бутун болдук.. Биз бир кичи мамлекет курдук.. Биз бир уйлоо болдук…
Биз дунгуротуп ресторанда той бербедик .. Себеби Чолпанай аны каалабады..Чолпонай копчулукту жана ызычууну суйбогон жан эле… Биз уйго келин той кылдык.. Чолпонайдын уйуно кыз той бердик.. Аа досторду уйго качырып конок кылып койдук. Бул да Чолпонумдун акылдуулугу… Чолпонум ыймандуу, ийкемдуу, колунан бары келген тын келин болду.. Атам Апам Чолпонумду оз кызындай корушту… Баарынанда апам аябай кубанды, Чолпонум апамдын конулно толду.. Мага раазымын балам ушундай келиндуу кылганына деп айтып турчу.. Чолпонума баары суктанычуу келин болду....
« Сиз ата болосуз »
………..Биз батылуу элек........ уйлонгондон кийин токтоо боло калдым заматта.Мурдакы жаман адаттарым баарын таштадым…Уйдон чыккым келбейт Чолпанайыдын жанында ага жардамдашып , тамак кылша коюп, уй жумушу менен менделе алектене бердим кошулуп алып.. Бир кун атам чай устундо -« Балам сенда эми кичине эмесин бир уйбулоонун башчысы болдун.. Эми озун да бир жолго туш.. бала чака бага турган болуп, бизди сага Кудайым байлап берген эмес.. Эртен бала чакалуу болосун озунду озун эпте эми балам»- деди.. Буга чейин эч ойонбоптурмун .. Башымды ийип уялып—Макул ата жумуш табам уй булоомду озум багам буйруса дедим.. Атам мага жумуш таап берди бир фирмадан… Иштеп калдым.. Бир куну жумуштан келсем Чолпонум кубанып эле журсонуз деп оз болмобузго алып кирип кетти…
-Эмне анча …катту сагынгансынгоо ээ апамада жолуктурбадын деп тамашала суйлодум.
-кулагынызды тосонуз…
-ыыы анан
- сиз жакында ата болосуз… деп уяла суйлоду..
-мен уксамда.. кайра уккум келди.. мен уккан жокмун .. кайра айтчы дагы бир жолу деп ийилип кулагымды тостум…
-акырыыын мен жакында апа болом….
Уккан кулагыма ишенбей турдум..
-Чын эле айтып жатасынбы Чолпонум??
Мен озумду ушундай бактылуу сездим.. Чопонумду кучактап жузунон ооп баштадым..
Бул сезим башкача сезим болчу.. Мени бакытка болоду.. «Ата болосуз» деген соз бир башкача угулду… жагымдуу угулду.. Мен мурдакыданда Чолпонумду катту суйо баштадым.. мени бакыттын балына чомултту..
« Омур менен олум курошу »
…….. ошентип биз Чолпонумдун курсагындагы ымыркайды кутуп жаттык.. Дайыма мени иштен келсем томпойуп тосуп алат..Мен курсагынан , жузунон ообуп коем.. кызыгы мен Чолпонумдун курсагын кармасам « болк» этип кыймылдап тееп койчу)) Ага атап беш айлыкгында эле кийимдерин алып койгонбуз.. Узиге барса кыз дептир.. Ошого кыз балага жараша кызыл тазыл тустогу кийим кечелерди ала бердик)) ошол менин эн бактылуу кездерим экен корсо..
Чолпонумдун курсандыгы балабыз жети ай болуп калган ..Чолпонум мурдакыдан оор болуп, ичи чонойуп отурса турса кыйналып калды.. Июль айынын он экиси.. Чолпнум кыйналып жатам негедир деди…мен жумушка баргым келбей кыйылып атып кетим.. Чолпонумдун жузунон ооп, курсагынан сылап .. «Атасы кетти жумушка ,силерге сут каймак алып кетет ээ» -деп эркелетип ,жумуштан жооп берсе келе калам азыр эле сен озунду этияттап отуруп тур деп чыгып кетим .. ..Атам Апам конок болуп туугандардыкына айылга кеткен… жумуштан жооп сурап тушку убакта уйго кедим…
Келсем……..ашканада Чолпонум сулайып жерде жатат…жугонум кынынан чыгып кетчуудой болду.. Которуп эле ооруканага жонодум…Кантип жеткенимди билбейм.. Барганда эле докторлор жандандыруучу болмого алып кирип, операция жасаш керек! (кесарева)Эмесе баланы да энесинда сактай албайбыз деешти..Аран башымды ийкедим.. Жанымды койгонго жер таппай озумду кармай албай ар жерди ургулай бердим..Дуйном таарып , заматта бул жарыктыкка батпай кеттим..Башымда туркун ойлор жакшысыда ,жаманыда келип жатты….Аран торт саат дегенде операция аяктады.. Торт саат торт кылымдай туюлду мага… Эшиктен доктор чыгып келди.. Доктор деп жалдырап карап калдым…….
Доктор…. «Кыздуу болдунуз.. Жети айлык . Ал азыр алсыз аны вакумга салдык.. келинчегиниздин кан басымы жогорулап башы айланы жыгылган.. Жарым саат кечикенсинер…Аялыныздын абалы ото оор.. коп кан жоготту.. Калганы эми Кудайдан амандынын тилениз.. Биз колубуздан келген жардамды корсотобуз» деди….. Алсыз бир байкуш болдум.. Колумдан коз жаш токкондон башка эч нерсе келген жок…Эре менен бир жакшына узаткан Чолнонум эми олум менен курошум жатат.. Жаным,жашоом, бакытым муздап бараткандай. .Колумдагы гулум соолуп бараткандай… Кудайга жалынып жалбарып аттым.. Чолпонумду менден ала корбо…Менин жанымды алсан ал бирок Чолпонума тийе корбо Жараткан.. Жараткан кайсы куноосу учун анын жанын алган атасын ?! ….бир жалынып, бир жек коруп ЖАРАТКАНга мунумду, ызамды айтып жаттым ….дуйноо замат кышка айланды.. дуйно мага карангы болуп , тозок отуна тушкондой куйуп аттым….
«.. Чолнонумду алып кетти…»
……….. Ата энем , кайын журтум туугандар бары угушту .. Чолпонум ооруканада комада жатканын.. Жаны гана жарыктыкка келген кызым да вакумда жарыкта жашап калуу учун курошуп жатат..Эки кун болду .. Чолпонум козун ачпады…. Учунчу куну таанга маал алдын да олтургам.. Дем алганы баттап.. Тынчы кете баштады.. докторлорго чууркадым.. … Уч доктор кирип кетишти.. Болмодон мени чыгарып салышты…Тынчым кетти…… Бир аздан кийин ….суук кабарды мага угузду… «Сабыр кылыныз.. Алахтын буйругу ушул экен»….Кулагым эчнере уккан жок..Чууркап болмого кирдим…. Чолпонумду кучактап сен тамашалашып жатасын..?! тур ордундан.. !жаным журогумду тушурбо.. !сенин журогун согуп жатат! озуно кел.. !деп булкутуп жатым… ыйлап жатым.. Сенин акын жок мени , кызынды таштап кеткенге! Акын жоок алтыным ойгончуу! !!!!! Сенсиз кантип жашайм Чолпонум сураным козунду аччыыы суранам!! !!….………. .Кыйкырып бакырып жаттып.. Ал эч нерсе уккан жок.. Тушунгонда жок сулайып унсуз жата берди…. Ошондо жаны муздаганын сездим.. Жашоомдон , суйуумдон, барымдан айрылдым. ….. Курсанында жети ай которгон кызынын жузун корбой кетти..Бир тамчы сутун бербей кетти.. Жузунон бир суйбой кетти.. кучагына бир кысып ,жытына тойбой кетти.. Периштедей болгон Чолнонумду Кудайым менден алып кетти..Канчалаган бузукку , ыплас адамлар жер устундо журот , менин периштедей Чолпонум ушул ааламга батпады , ашыкча болду.. Аны жанын Жараткан алып кетти…Кызыбызды жарыктыка алып келип ОЗУ бизди таштап кете берди…..(((( ……….. Он алтынчы июль ..Жашоомдоо эн карангы куну..Жанымдын жарымын кара жерге берген кун.. Жашоонун кызгы кеткен кун.. суйумду кара жерге комгон кун.. . ошентип Чолпонумду жерге бердик… Жан шеригин жоготу кандай оор сезим аны соз менен айтып жеткизалбайсын. .((((((((((((((((……. ЖАШОО деген ушундай экен..Жараткандын мандайга жазганын озгорто албайт экенбиз.. Канчалык суйуп турсанда колундан эч нерсе келбейт экен Жараткандын алдында пендеси алсыз экен….
Чолпонумдан айрылганыма эч ишенбей турдум дагыле..ОЗ колум менен жерге берип келсемда.. Эшиктен жылмайып келчуудой сезиле берди.. Мен озумду жоготтум,Жашоодон умутум узулду..Жашоо мага кызыксыз, сууз болуп калды..анын ар бир кыймылы , суйлогон создору, баскан турганы коз алдымда жашай берди…. Кээде озумду куноолоймун…Балким мен ага жолукпаганда, аны алып качып келбегенде, ошол куну жумушума барганда, балким , балким ал бул жарыктыкта журмок деп ич ичимден озумду озум куноолоймун. ...Мен аны сагынып куса болом……
«Жашоогоо умут ойгонду..»
……………..Карангылыкта катпады биздин уйду… Апам Атам менден отуп кайрыгышты. Чолпонумдун уй булоосун айтпай эле коеюн…. .Апамдын тез тез кан басымы которулуп ооруп калды.. Апам «Чолпонума жаман адамлардын козу тийди балам.. андай келин , андай кыз дуйноодо жок болчу..Жараткан периштедей келинимди тар жуйноно батырбадын» деп мени кучактап ыйлачуу.. ошентип арадан карангы мундуу ,муздак кундор отту.. Мени бул жарыкттыка калып жашоомо бир гана кызым умут шамын ойготту…Эки айдан кийин кызымды колума беришти ..Кызым айына жептей торолгону учун жана тороот учурунда кыйналып торолгону учун вакумда жаткан.. Ошентип биздин уйго кичинекееей Чолпонум кайтып келди… Кызымды озум чонойтомун дедим.. Чолпонайдын апасына беребей койдум.. Тушунду окшойт мени.. унчукпады… Уйго келген куну уйго нур киргендей болду.. Молдо чакырып азан айтырдык кулагына… Молдоке. « кыздын атын ким коебуз?» деди… Мен Эч ойлонбой ЧОЛПОНУМ ! дедим.. Апам атам ун каткан жок.. Кызымдын атын ЧОЛПОНУМ деп койдум….мага экинчи жашоо тартуулады ЧОЛПОНУМ…Козумдун кареги ЧОЛПОНУМ болду. Журогумдун сокону ЧОЛПОНУМ болду ,бут дунуйом ЧОЛПОНУМ болду… жашоого дагы умут берге ЧОЛПОНУМ болду…. Кызым болбогондо мен бул жашоодон кеткен болот элем эчаак эле. Кызым учун мен жашоодо жашоону кааладым … Мен кызыма керек болчум………………. .
Менден уулу эжемдин ЧОЛПОНУМДАН беш айго уул баласы бар болчу.. Мунаргул эжем уйго келип менин кызымды уч ай болгуча эмизип берди.. . Бала чонойту оной эмес экен.. Апанын кадырын сездим..Аялдын, кыздардын баркын билдим….Апасынын ордуна апа болдум…Бир эле кокурокто сут бербегеним болбосо Кызыма ападай кам кордум,карап чонойтум.. кызымдын ар бир кылыгы мага апасын эстетип турат..Кызым Чолпанайдын кочурмосу оззу болдуу.. Кара бакыракай козу.. оозу.. муруну апаныкы…Кызымды карап бир кубансам.. бир ыйлап алам.. Кыйналып кысталып биз кызыбыз Чолпонумду чонойтуп алдык.. Азыр эки жаштан отуп калды.. Кылыктыры чыгып «аттььоо» деп суйлоп эркелеп журогумду жылытып чонойуп калды…Мен ЧОЛПОНУМ дун омурун амандыгын,ден соолугун гана жараткандан тилеймин… Кызым менин жашооом , барым, болгон байлыгым , журогум, бакытым,суйууум …. Апасынын суротун корсотуп –« бул АПА» болот деп , апасы жонундо жомок айтып берем дайыма….
«Акыркы соз»
………Мен канчалык апа орудунда болсомда барии бир апанын мээриси, суйуусу башка ..Бул акыйкат…Апалар ,эжелер , карындаштар мен бут ЭРКЕК затынан сиздерден жана ЖАРАТКАНДАН кечирим сурайм.. Дунуйо Аял заты менен сулуу, корктуу.Аял заты Аллахтын Эркекке берген аматы..БАРКТАЙЛЫ , КАДЫРЫНА ЖЕТЕ БИЛЕЛИ…
Аягы… « САГЫНБЕК»
Комментарийлер
dreambig
11 Сен 2016 - 01:33