Бул үй бүлөөнү боордош мусулман биртуугандар аркылуу таап алдык.Сүрөттөгү эженин аты-жөнү Озубекова Эльмира Ракышовна, Кара-Балташаарындагы Карл Маркс көчөсүнүн №14 үйүнүн,11 батиринде жашайт.Караколшаарындагы балдар интернатында(дет. дом) чоңойгон экен.Бойго жеткен соң өзүсымал балдар үйүндө тарбияланган жигитке турмушка чыгат. Үч балалуу болгондокүйөөсү 2010 жылы каза болуп калган,анда эженин курсагында 7 айлык болгонХадича аттуу кызы да атадан калган. Азыркы заманда эркек адам араң көр-оокатөткөрүп жаткан учурда ,жалгыз бой жесир аялга төрт баланы тарбиялоо оңойэмес.Анын үстүнө өзү да,ырааматылык жолдошу да балдар үйүнөн болгон үчүнкаралашканга тууган-уругу да жок экен.Бул да аз болгонсуп, кичи уулуНуржигиттин ак кандуулук оорусу баштапкы лейкемия дартына өтүп кеткен.Азыркыучурда химия терапиясын алып жаткан учуру экен.Атасын көрбөй эне жатынындажетим калган Хадича аттуу кызы 1,5 жашка чыкканда дудук жана дулөй(диагноз- двухсторонняя нейросенсорная глухонемота) экендиги аныкталган, анын үстүнө бир көзү -7 ,ал эми экинчи көзү такыркөрбөйт экен. Депутат Дастан Бекешовтун жардамы менен бул кыз борборубуздагы№87 атайын мүмкүнчүлүгү чектелген бала-бакчага(ДОО №87) орноштурулуп, быйыл алмекемени окуп бүттү.Буюрса күздөн баштап Ворошилов айылында жайгашкан республикалыкатайы ылайыкташкан дудук жана дүлөйлөрдүн мектеп-интернатына кирет. Эльмира эжекызынын дартына шыпаа издеп барбаган жери,какпаган эшиги калбаптыр.Бул жагыкайрымдуулук фондтордон тарта,ары жагы депутат-министрлерге чейин кирген.Бугачейин бирок натыйжа болгон эмес. Жакында ПРООНдун жардам берүү программаларыаркылуу Финляндия өлкөсүнөн келген жарандар менен таанышып,алар Хадичаныизилдеп кетишкен.Натыйжасында алар бул кызды угуу мүмкүнчүлүгүн операция жолуменен имплантант коюу аркылуу жаратса болот деп,кайрымдуу Финляндиялык айымтүрдүү программалар аркылуу 35 000 $ турган операцияны ушул айдын аягындаТүркиянын Стамбул шаарында өткөзмөй болуптур.Болгону жол кире(учак акысы) жана15-20 күндүк тамак-аштын акчасын өзүнөр тапкыла деп талап коюшкан.Болжол мененбаардык чыгым 100 000 сомго барабар экен.Эже төрт баласы менен ижара төлөрбир бөлмөлүү батирде жашайт экен,ижара акысы да 3000 сом,ага кошумчакоммуналдык кызмат акылары да бар.Чоң уулу менен чоң кызы бөбөктөрүн чоңойгучаапасына каралашып жүрүп мектепке да эки жыл кеч барышыптыр. Бирок улуу баласытың чыгып,бешу бак намазында бир туугандарына бекем ден соолук,энесине узунөмүр тилеп гана тим болбостон, апасына жардамдашып көчө шыпырып(дворник) иштейтэкен. Өзүм 5000,балам 4500 сом алат жана Хадича кызыма да майыптыгына 3000чыгат дейт эже.
УлууРамазан айында урматтуу кыргыз журтчулугу, көп түкүрсө –көл болот деп, баарыбызжапатырмак жардам колубузду сунсак, буюрса бул карындашыбыз угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөээ болуп калуусу толук ыктымал.Кайдыгер карабастан, үстөлдөрүбүздү ооз ачаручурунда тамак-аштан ийилгенче абалга алып келбестен,бир бөлүгүн ушул үйбүлөөгө жумшап коюунуздарды өтүнөбүз.Бул куттуу айда кылынган ар бир соопамалыбыз ниетибизге жараша 10дон 700гө чейинки даражага өсөөрүн унутпайлы.Четөлкөлүк айым операциясына 35 000 таап жаткан учурда,кыргыз эли 1500 $доллар бере алган азаматтардан өксүгөнбү?Ар ким колунан келген жардамынберсе, буюрса дагы бир үй бүлөөдө жаш баланын күлкүсү жаңырып калаар.Эженитагдыр канча сыноого салса да,өзү да,балдары да маанайы көтөрүңкү, ар бирсөзүндө Кудайга шүгүр келтирип тургандыгы бизди да таасирлентпей койбоду.Баласыбешу бак намазын окуп,өтө адептүү жигит экен.Ал эми чоң кызы жалаң гана мыктыбааларга окуганы анык болду.
Эльмираэженин байланыш телефондору : +996 (771) 66-67-40, +996 (553) 09-25-33
Жардамберем дегендер үчүн:
Демирбанкындагы эсеп: Кыргыз сомуүчүн: 1180000047466451
KICB банкындагы эсеп: Кыргыз сому үчүн: 1280146039497082
«Элсом»электрондук капчыгы үчүн: 0773 75-60-50
Кошумчамаалымат алуу үчүн: 0773 75-60-50, 0709 18-19-03
Билдирүүнү түзөткөн: Nur Abdulaziz: 19 Июнь 2017 - 15:10