Баары жейт окшойт.
Күлбото жегим келе берет, эмнеге андай?
#64 29 Ноябрь 2017 - 09:26
Кошнам жей берип каны 60тан тушуп кетип зоорго тороп анан врачтар эми торобо олуп каласын дептир... Эми ойлоп корсонуз бир кесекти деп балалуу болбосонор жакшыбыы???? Зыяны коп канды азайтат анан олтурот Аллах аманатка берген ден соолукту кадырлагыла!
! Силер эле эмес келечектеги баланарчы??
#66 15 Январь 2018 - 03:46
Феркал, Ферум лек деген внутри мышечный уколун алсанар 20 шт сен мен кор калып кетет .Башымдан отту , гулпото издеп таап жеп таппасам аптекадан кальций глюканат таблетканы жеп аябай кыйналгам . Гинеколог жазып бердиле алып буттум токтоду требования.
#68 18 Январь 2018 - 20:10
Күлбото-албетте эн зыян нерсе.Адам витаминдин жетишсиздигинен күлбото жегиси келет.Озүңөр ойлоп көргүлө ылай жеп атканыңарды,
ал нерсе тамак эмес. Андыктан витаминдуу нерсе жегениңер жакшы.
Билдирүүнү түзөткөн: Mani.kg.: 18 Январь 2018 - 20:12
Буйурса,баары жакшы болот!
#69 18 Январь 2018 - 20:11
ТОПУРАК, БОР, КҮЛБОТО, ЧИЙКИ ЭТ ЖЕМЕЙ
Себеби эмнеде? Булар организмде темирдин, кальцийдин жетишпестиги же организмде темир, кальцийдин сиӊишинин бузулушу. Топурак, күлбото, бор жемей айрыкча анемиядан жабыр тарткандарда кездешет. Анемиясы жок болсо деле айрым кош бойлуу аялдар күлботого же борго талгак болуп, самап жешет. Бул зыяндуу адат.
Организмге зыяны. Топурак, күлбото, бордо жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор болушу мүмкүн. Анан аталгандарды жейм деп аларды жугузуп алууга болот. Андан тышкары ич катуу, ич катуудан геморройдун чыгуусу ыктымал. Күндө көптөн жегендердин ичегиси бүтөлүп, операция болууга чейин жетиши мүмкүн. Ичеги мите курттарынын жумурткалары топуракта кездешкендиктен, топурак аркылуу алардын жугуу коркунучу бар. Андай мите курттарга лямблия, аскарида, тасма курт жана башкалар кирет. Борду, топуракты, күлботону көп жегенден өттө, бөйрөктө таштар жарала тургандыгы аныкталган.
Чийки эттен бруцеллёз, сибирь жарасын, ошондой эле боор курту болуп саналган эхинококкту, альвеококкозду жугузуп алуу мүмкүн. Анын үстүнө чийки эттен ашказан, ичеги оорулары, кийин рак жаралат.
Эмне кылуу керек? Врачка көрүнүп, анализдерди тапшыруу кажет. Кокус темир жетишсиздиги анемиясы бар экени аныкталса, ошого жараша дарылануу жана курамында темири көп азыктарды көп жеш керек. Темир балыкта, малдын жана үй канаттууларынын боорунда, чечевица, укроп, петрушка, деӊиз капустасында көбүрөөк. Кальцийдин жетишсиздиги аныкталса, врачтын көрсөтмөсү боюнча керектүү дары-дармектерди кабыл алуу менен курамында кальцийи көп азыктарды рационго кошуу кажет. Аларга сүт азыктары (сүт, сыр, быштак, айран), балык, брокколи, жүгөрү, буурчак жана башкалар кирет.

Билдирүүнү түзөткөн: Mani.kg.: 18 Январь 2018 - 20:11
Буйурса,баары жакшы болот!
#70 03 Апрель 2018 - 23:47
Ужас!.
Бирок ушунун баарын коро-билип туруп жегениме танкалам.
Ото коп жеген экенмин.