Жашообуздун үчтөн бир бөлүгү уйкуда өтөт. Уйку чарчаган жана жукарган нерв системасынын эс алып жаткан бир убагы. Бул процесс болуп жаткан убакта, бир күн боюу топтолгон маалыматтар жыйналып, кийинки күнгө даярданат. Нормалдуу эс алуу үчүн чоң адамдарга күнүнө 7-8 саат уйку керектелет.
Кээ бирлери күндө 3 эле саат укташса, айрымдары 8-9 саат уктаса дагы өздөрүн эс алгандай сезишпейт. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, эрикчел жана үмүтсүз адамдар көбүрөөк укташат. Үмүттүү адамдар болсо уйкуну аз талап кылышат. Азбы же көпбү баары бир ар бир адамдын уйкуга муктаждыгы бар. Уктабастан жакшы жашоо өткөрүү мүмкүн эмес. Окумуштуулар лабароториялык иштердин натыйжасында көп убакытка уктабаган адамдарда маанилүү руханий жана тулку боюндагы проблемалар пайда болорун байкашкан. 60 саат уйкусуз калган адамдын денесинде өзгөрүлөр болуп, моюн булчуңдары күчсүздөнүп,
колдору титирей баштайт. Ал эми 90 сааттан ашык уктабаган адамдын көзүндө кыялдануу көрүнбөй, өзү кайсы жерде экенин да биле албай калат. Бул нерсе 2 же 3 күн уктаганда гана араң өтөт. Уйкусуздук адамдын табигый жашоосуна абдан терс таасир этет. Уйкуну келтирбей кармап туруу үчүн эмне кылыш керек? Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктөрү иштеп, ал уйкуну келтирбөөгө жардам берет. Кофе менен чайды уйкусуздук үчүн колдонууда абайлаңыз, өтө көп ичүү жүрөктүн согушун тездетип, артериалдык кан басымды көтөрүп жиберет. Бул учурда муздак аба, муздак сууга чайкануу денеңизди сергитип, уйкуңузду умачтай ачат. Бирөөлөр менен жандуу сүйлөшүү, үн чыгарып ырдоо да жабышкан көздөрүңүздү ачат. Уйкуга эмнелер тоскоол? Кофе, кызыл чай, коко-кола уйкуну бузат. Жакшы укташ үчүн, валериана чөптөрүнөн демделген чай же бир стакан жылуу сүт жутуңуз. Жатаар алдында буркурата чегилген тамеки, алкоголь ичимдиктери тынч уйкуну жоготот. Түнкү ичилген коньяктан кийин болсо таңында ойгонуу, калыбыңа келүү өтө кыйын. Жатаар алдында күчтүү тамактанып алганда организм тамак сиңирүү менен алектенип, уйку менен эс алдырууга күчү жетпей калат. Жумшак төшөк, чоң жаздык денени жакшы эс алдырбайт, тынч уктоого тосколдук кылат. Уктоочу бөлмөдөгү турган иш столу, компьютер уктоого терс таасирин тийгизет. Баш жагыңызда турган сааттын "бетин"
тескери буруп коюу оң натыйжа берет. Уйкудан дайым жапа чегип жүргөн адам жөнү жок ачууланып, сөз көтөралбай,
нерви чыңалуу абалында жүрөт. 1896-жылы эле америкалык доктурлар нерви жайында, ден соолугу чың адамдарга тажрыйба жүргүзүп, аларды 90 сааттык түнкү эс алуусунан ажыратышкан.
Натыйжада: 2-3 күндүк уйкудан калган адамдар аң сезимдүү ойлонуу, көңүл буруу, маалымат кабыл алуудан калып, жашоого болгон сезимталдыгын,
кубанычын жоготушкан.
5 күнгө чейин уктабагандары болсо соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрүгөн абалга жетишкенде - доктурлар андан ары тажрыйбаны улантуудан чочулашып, дароо токтотушкан.
Ал эми Чикагонун медициналык борборундагылар жүздөгөн жубайлардын ажырашуусун көзөмөлдөп,
уйку сүйүүчүлөр оор, кайгы-капа бастырган ажырашууну оңой көтөрөрүн далилдешкен.
Кыргызча айтканда, "санаасы жок -уйкучу" беле... Жумуштан үйгө келдиңиз дейли, бир жакшы уктап эс алгыңыз келет. Ал эми канча аракеттенсеңиз да уйку жок. Бир саат жатасыз, эки саат, үч саат, анан туруп уйкунун дарысын ичесиз. Ушундан кийин уктадыңыз дейли, бирок эртең менен баш көтөрүлбөй денеңиз жанчылгандай оорлошуп калат. Ушундай абал бир нече кайталангандан кийин, уйку кача баштайт. Бирок ушул абал көп убактарда жөн эле бир жөнөкөй гигиеналык эрежени бузганга байланыштуу болушу дагы мүмкүн. Маселен, уктоочу бөлмө үп болуп, дем алууга кыйын же жамынып жаткан жууркан өтө жылуу болгондуктан да уйку качат. Болбосо жатарда кофе же кара чай ичсе да ушундай абалга алып келет. Ошон үчүн уктаарда ушул өңдүү уйкуга зыяны тийүүчү тамак-аштан алыс болуп, бөлмөнү желдетип алуу керек, чай же кофенин ордуна жылуу сүт, ромашканын кайнатмасы же бир чай кашык бал кошулган жылуу суу ичсеңиз, булар уйкуну тезирээк чакырат. Суудан соң сулаңыз... Бир күндүк чарчооңуздан кутулууга жылуу ваннадан өткөн керемет жок. Ал эми ага бир канча чөптүн түрүнөн салып жатсаңыз - мемиреген уйкуга жетеленип, түнүңүз бейпил болот. Кечки тамактан бир саатт өткөн соң 37-38 градус температурадагы сууну толтуруп, 50 граммдан жалбыз, ромашка, мелисса, календула, роза гүлүн же өзүңүзгө жыты жаккан башка бир чөптөн кошуп, сууда 20 мүнөт жатып эс алыңыз (андан ашыкча эмес). Мындан соң дароо жатууга камданыңыз.
Бөбөк балдар уйкусунун канбаганынан улам чалынып жыгылуу, денесин кокустатып алууга көп чалдыгышат.
Өспүрүмдөр наристелер сыяктуу эле 8, 5-9 сааттан кем уктабашы керек. Тилекке каршы, алар улуулардын жашоосу менен жашап, убагында эс алышпайт. 17-19 саат уктабаган айдоочу мас адамдан жаман. Жолдо баратып уктап кеткен айдоочунун айынан көптөгөн автокырсыктар кездешет. Уйкудан калган адам эртең мененкисин кебетеси жагымсыз тартып, өз жашынан улуу көрүнөт. Түндүн бейпили, күндүн куунагы жакшы. Уйку - денеңиз эс ала турган, көңүлүңүз тынч ала турган жай. Башкача айтканда, акысыз санаторий десек да болот. Эч кандай аракет кылбай, акча коротпой эле уйкунун кучагында жатканда өзүңүзгө, ден соолугуңузга көп пайдалуу нерсе аласыз. Тынч уктап, бейпил түн өткөргөн адамдын ден соолугу да жакшы, жашоосу да сергек болот. Акыл көрөңгөңдү сакта Эртең мененкисин уйкусу канбай туруп кеткен адамдын организми уйку- соо абалында кала берет. Мындай убакта кан катмарыңыз жай согуп, ички органдарыңыз да ишке жакшы киришпей, тамакка табит тартпайт. Уйку канбаган убакта сырткы суукка жылуу кийинип чыгуу да таасир бербей, адам чыйрыга берет. Уйкусуздук менен жабыркагандарга оору бат жугуп, сакайуу кыйындыкка турат, организм алсыз болот. Аз уктаган адам акыл калчоо жагынан да аксайт. Канадалык профессор Стенли Ковендин айтуусу боюнча, уктабай калган ар бир саатың аң-сезимиңди 1% ге төмөндөтөт.
Анын жүргүзгөн тажрыйбасы суткасына 3 саатка кем уктагандардын акыл көрөңгөсү 15%ге төмөндөгөнүн көрсөткөн.
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот? пайдалуу кеңеш
#1 02 Ноябрь 2013 - 22:38
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 03 Ноябрь 2013 - 02:54
Oooh aran okup buttum... Kantip erinbey jazdyn ya? Azamat paydaluu kenew eken...
Лучше быть счастливыми,
чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза
.
#3 13 Март 2014 - 13:19
Коп энергиясын жумшаган адамдын бат уйкусу келет, муну да тункусун уйкусу качкан адамдар тажрыйбада сынап корсо болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 16 Апрель 2014 - 12:28
Уйкусуз тундо
Салат чобун майдалап бир чон кашык чопту бир стакан кайнаган сууга саласыз. Эки саат тыныктырып коюп, андан сон ичип алып жаздыкка баш койсонуз уйкунуз тынч болот.

#5 25 Апрель 2014 - 11:44
#6 27 Июль 2014 - 14:05
Кишидеги уйкусуздук же түндөсү уйку качып, күндүзү алсыроо организмдин иштөө системасынын бузулуусу. Мындай көрүнүш практикалык жактан караганда ар бир экинчи адамда пайда болуп, дени соолордо да кезигүүсү мүмкүн. Мындай учур көбүнчө жай мезгилинде күч алат. Мындайга жакшы дары талыкпаган кыймыл керектелет.
Күнүгө массаждоодон көрө ар кандай көнүгүүлөрдү жасаңыз. Эсиңизде болсун: уктай албай жаткан учуруңузда жаратылышка же биологиялык кооздуктарга көңүл бөлүңүз. Баарынан маанилүүсү ар күнү уктоо убактыңызды белгилеп алыңыз.
* Жашоого болгон күрөш да уйкусуздукка жардам берет. Уктаар алдында кийилүүчү ич кийимге көңүл бөлүңүз. Мындан сырткары шейшептериңиздин түсү жашыл же көгүш түстө болгону жакшы маанай тартуулайт.
* Жагымдуу жыт да эс алууга көмөк берет. Уктоочу бөлмөңүзгө түрдүү гүлдүн жытын сездирген атыр же жаңы үзүлгөн роза гүлүн вазага салып коюңуз.
* Кечинде сейилдөө да пайдалуу. Өзгөчө ай чыкканда жылуу душка сергип алыңыз да суусундукка ромашкадан кайнатылган тундурма же жылуу сүткө кошулган бал ичиңиз. Мындан кийин сыбызгыган музыка укканча кабагыңызды жеңил массаждасаңыз көшүлүп терең уктай аласыз.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#7 28 Июль 2014 - 16:04
Уйку пайдалуу, бирок доктурлардын айтуусуна караганда, 20-40 жаштардагы айымдар суткасына болжол менен 7-8 саат укташ керек. Жайында бул көрсөткүчтөн азаят. Ал эми кышында бир-бир жарым саатка көбөйөт, анткени, организм көбүрөөк уйкуну талап кылат. Уктаардан мурда таза абада 10 мүнөттүк сейилдөө абдан пайдалуу. Жылымык, бирок ысык эмес сууга чайканып, же бутуңузду жууп алсаңыз ашыкча болбойт. Кимде-ким уктай албай кыйналып жатса, денесине акырын массаж жасап койсо деле болот. Бирок бүт денеңизди жышып жуубаңыз, аны эртең мененкиге калтырсаңыз болот. Кечки жуунууга 15-20 мүнөт калганда бут кийимди, колготкини жана байпакты чечип алып үйдө басыңыз. Дарыгерлердин айтуусуна караганда, бутту жуугандан кийин колду өсүмдүк майы менен майлап, акырын массаж жасасаңыз чарчоону басат. Өсүмдүк майында көптөгөн пайдалуу витаминдер бар, мисалы Е, аны буттун таманынан манжаларга чейин сүйкөңүз. Жакшы уктоонун дагы бир себеби, чачты жыгач тарак менен тароо болуп эсептелет. Мындай 2 минуталык массаж чачтын терилеринин кан айлануусуна жакшы шарт түзүп берет жана стресстен арылтат.
Уктоочу бөлмөнүн температурасы 18 градус болууга тийиш. Кичинекей терезени ачык койгон жакшы.Таза аба кирип турган бөлмөдө гана жакшы эс алууга болот. Денеңизди кыскан кийимди жатарда кийбей эле коюңуз. Уктоочу кийимиңизге синтетика кошулбай, дене дем алып турууга тийиш.
Тынчы жок уйкунун дагы бир себеби бул курсактын ач жана ток болушуна байланыштуу. Уктаарга бир жарым, эки саат калганда тамактануу керек .Кызыл чай же кофе ичүү болбойт. Аларды жаңы кайнатылган көк чайга же жылуу сүткө алмаштырсаңыз болот.
Кээ бир адамдар уктатуучу дарылар жардам берет деп ойлойт, бирок андай эмес. Андан көрө азыркы айтылган кеңештерди колдонуңуз. Бул кеңеш жакшы уктагандарга да, уктай албай кыйналгандарга жардамы тийет.
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 28 Июль 2014 - 16:06
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#8 28 Июль 2014 - 18:33
Ээээн оной кенеш айтайынбы?
Козду жумуп ичинерден минге чейин санасанар. 277-278-279 деген боюнча тынчыйсынар))

Ж-
И-
В-
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
#9 06 Август 2014 - 13:50
Дене тарбиядан коз каранды...Айылдагы кара жумуш менен алек болгон адамдарда мындай койгой жок болсо керек...
#10 06 Август 2014 - 15:48
Мен дагы кээде ушундай койгой жаралат.
Козуму жумсам деле, уйку жок.
Анан жагымдуу нерсени ойлоо менен уйкууга кетем.

#11 06 Август 2014 - 15:52
#12 07 Август 2014 - 15:19
Кеч менинда уйкум качып кеттиго,аран уктадым.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#13 07 Август 2014 - 15:35
Эээ достор, мага кантип уйкуну азайтуу жонундо кенеш бергилечи лучше?! Барган сайын уйкучу болуп кеттим, канча уктасам дагы уйкуга тойбой балээ болдум. Кантип уйкуну азайтса болот???
Ж-
И-
В-
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
#14 07 Август 2014 - 15:39
Ээээ Детка сага эн пайдалуу кенеш береинби? Сен баштаган чыгарманды коп коптон жазсан эле уйкун азаят. Озу сен бул жакта эмнеге журосун бар тээтиги жакта сени кооп форумчу кутуп жатат..
#15 07 Август 2014 - 21:01
Мен тескерисинЧе уйкучумун. Күнүнө 8 саат уктасам уйкум канат. 5 6 Саат уктаган күндөрү эртеден кечке шылкыйып уйкусурап жүрө беремин.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#16 21 Август 2014 - 16:11
Адамдын организми күчтүү болуп, туура иштеп, ар кандай оорулар менен күрөшүп туруу үчүн уйку зарыл жана ансыз жашоо мүмкүн эмес. Ал эми сырткы чөйрө, жумуш, айтор адамды курчап турган айлана, жашоо өзү адамдын нервине терс таасир берип, уйку канбай калуу, уйку качуу маселелерин жаратып, организм эң керектүү эс алуудан арылган учурлар сөзсүз болот. Мындай учурда адам өзүн алсыз, чарчаган акыбалда, ишенимсиз сезип “качан эми кеч кирип уктайм” деп бир ойдон чыга албай калат.
Кыргыздар байыртадан эле уйкуга жоопкерчиликтүү мамиле жасашкан. Кереметтүү улуу тоолордо жашаган ата-бабаларыбыз таза аба, таза суу, таза тамак, таза жаратылыш, жыпар жыт менен дайыма камсыз болушуп, таттуу уйкунун негизги сырларын жакшы билишкен. Алар ар бир нерсеге кылдат мамиле кылышкан. Таза абадагы кечки сейил, кечки ичилген сүт-айран, анан кечинде жата турган жылуу жумшак, чыныгы табигый кездемелерден жасалган жылуу жууркан, төшөктөр, касиеттүү гүлдөрдүн жыттары аларга татуу жана тынч уйкуну тартуулаган.
Жыпар жыт
Илгерки заманда эле адамдар туура уктап, уйку каныш үчүн ар түрдүү жагымдуу жыттар мыкты жардамын берерин жакшы билишсе, жакында эле немис окумуштуулары да бул ыкмалардын канчалык чын экенин далилдеп, тактап чыгышты. Алар текшерүүлөрдү жасап көрүшүп, кечиндеги бизди курчаган жыттар адамдардын түштөрүн башкараарына күбө болушту.
Атайын кызматкерлер өздөрүнүн көп жылдар бою топтогон тажрыйбасында атайын күкүрттүн жытына каршы роза гүлүнүн жытын колдонушкан. Жыйынтыгында гүлдүн жыты зыянсыз жыттарды жокко чыгарып, тынч уйкуну калыбына келтирген жана кубанычтуу түш тартуулаган.
Ошондуктан мурдатан эле белгилүү болгон жыттар ыкмасын азыркы заманбап жолдор менен пайдаланып көрсөк да болот. Аны үй шартында атайын эфир майын жана жыттуу жаздыкчаларды колдонсо болот. Аларды өз колуңуздар менен жасап же дүкөндөн сатып алсаңыздар болот.
Атайын жаздыкчаларды дарылык касиети бар чөптөр менен колдонсо, алар эң сонун эс алдырат. Мисалы, уйку бузулуп, адам тынчсызданып көп стресске чалдыга баштаганда валерина чөбүнүн тамыры жакшы жардамын берет. Ошондой эле лаванда чөбү да жардам берет.
Ааламда адамга касиеттүү таасир бере турган жүздөгөн түрлүү керемет жыттар бар. Алардын уйкуга бере турган касиети тууралуу айта турган болсок, алардын кээ бирлери жардам бербеши мүмкүн, ал эми көпчүлүгү эң сонун жардамын берет. Болгону анын касиетин туура колдонуу үчүн, жыйынтыгында мыкты эфир майын иштеп чыккан тазалоо менен басуу процессин активдүү колдонуш керек.
Уктоочу бөлмөгө жыттарды колдонуу үчүн жөнөкөй люстрага же чыракка сепкичти пайдаланса болот. Мисалы, бир нече тамчы жытты чыракка тамчылатып анан күйгүзсө, эң сонун жыпар жыт бөлмөгө бат эле таркап чыгат.
Уйкунун таттуу жана тынч, узак болушу үчүн көбүнчө бир нече жыттар дайыма колдонулуп келет. Бул жыттар өзүнүн таасирдүү жардамы менен эл арасында бат эле таркап кеткен. Ошондуктан бул жыттардын аттары сиздерге белгилүү болсо да, биле электерге атап кетсек: жасмин, ромашка, роза, камфар, календула. Ал эми уйкунун жеңил жана аз болушу үчүн цитронелл, эвкалипт, мелисса, лемонграсс гүлдөрүнүн жыттары колдонулат.
Уктатуучу чай
Уйкунун канышы жана жакшы болушу үчүн жыттардан бөлөк дагы бир топ жолдор бар. Мисалы, дарылык касиети бар чөптөрдөн чай жасап ичсе жардамы жакшы тиет. Аны даярдоо үчүн сиздерге: 25 грамм хмел гүлү, 25 грамм лаванда гүлү, 25 грамм мелиссанын жалбырагы, 25 грамм страстоцвета гүлү керектелет. Бул жакшылап кургаган чөптөрдү аралаштырып алып анан 150 – 200 мл кайнак сууга салып, 5-10 мүнөт коюп коёсуз. Даяр болгондон кийин рахат алып аны ичип анан жатсаңыз болот.
Негизинен үйдөгү уктоочу бөлмөдө – адам жашоосунун жарымын өткөрөт. Ошондуктан бул бөлмө жагымдуу, ыңгайлуу, жасалгалуу болуш керек. Адамдын ден соолугу үчүн эртең менен уктап тургандагы учур абдан маанилүү. Андыктан ар бир адам өз фантазиясына жараша уктоочу бөлмөсүн өзү каалагандай кооздоп, каалаган жыттарын сээп, каалагандай кылып жасалгалап алышы керек. Эң башкысы адам уктап турганда бөлмө анын маанайын көтөргөндөй болуш зарыл.
Маанилүү түстөр
Көпчүлүктүн катасы: моданын артынан түшүп алып, болушунча анын негизинде уктоочу бөлмөнү жасалгалаганга аракет кылышат. Ошол эле учурда бул бөлмө уйку үчүн арналганын унутуп коюшат. Абдан ачык айкын түстөр адамдын эрте укташына тоскоол болот. Мисалы, жашыл түстөгү дубал, кызыл түстөгү чатыр, дагы бир ачык өңдөгү шкаф, кийим салгыч, косметика коё турган жер дейли, мунун баары адамдын эс алып, эрте жатып, эрте укташына тоскоол болуп, тескерисинче адамды эс алдырбай башка бир ойлорго салып коёт. Ал эми мындай бөлмөгө келгенде адам биринчи кезекте чарчаганын унутуп, эрте уктап калышы керек. Ушул нерсени унутпаш керек. Ошондуктан кандай өңдөр менен бул бөлмөнү боёш керек? Туура жатып, туура ойгонгонго ал кандай жардамын берет? Ушул жагын жакшылап билип алышыңыз керек жана атайын кызматкерлер менен кеңешип алсаңыз да ашыкча болбойт. Ошентсе да сиздер үчүн кеңеш.
Уктоочу бөлмөнү көркүнө чыгарып, адамдын да ден соолугуна кам көргөн түстөр булар - боз, ак, жашыл өңдөр, кээде алар аралашкан да өңдөр. Бул өңдөр көздү эс алдырат жана ага жумуштан кийин жагымдуу маанай тартуулайт.
Ак-күрөң түс туруктуулуктун жана чындыктын белгиси болуп гана эсептелбестен, адамдардын бири-бирине болгон эмоционалдуу терең тартылуусун да белгилейт.
Ал эми тынчтыкты каалап тургандар үчүн көк жана жашыл түстөр жардамын берет. Бул түстөр ачка болгон сезимдерди жок кылат жана чың уйкуга алып келет. Өзгөчө түн ортосунда ойгонуп алып тамакка болгон каалоосу ачылып, анан тамак жемейинче уктай албай кыйналып, түнкү табит синдрому менен жабыркап жүргөндөр үчүн өтө пайдалуу.
Денелик көнүгүүлөр зыян
Дагы бир маанилүү кеңеш: уйкуңуз канып, чың болуш үчүн – уктаардын алдында эч убакта денелик көнүгүүлөрдү жасабаңыз. Эл арасында адам канчалык кыйналып, көп кыймылдаса чарчаганга жана бат уктаганга жардамы чоң деп айтылып келет. Ошондуктан көпчүлүк кечки маалда спорт менен машыгып, уктаардын алдында ар түрдүү оор көнүгүүлөрдү чарчаганча чейин эси оогончо жасап алышат. Кээ бир адамдар эртеден кечке компьютерде олтуруп иштеши мүмкүн, айтор, көпчүлүккө көп кыймылдабай отуруп иштегенге туура келет. Ошондуктан өзгөчө мындай кесипке ээ болгондор бул көрүнүштөрдү көп жасашат. Албетте, мунун баары күлкүлүү гана нерсе. Ишенип коюңуздар, андай эмес. Спорт менен машыккан, кыймыл, денелик көнүгүүлөрүн да көп-көп жасап турган жакшы, бирок анын баарына атайын ылайыкталган убакыт бар да. Муну ар бир аң сезими бар адам жакшы билиш керек.
Көнүгүүлөр зат алмашууну тездетет, ошондуктан көнүгүүлөрдөн жыйынтыгы жатаарда тескери чыгат. Жатаарда кофе ичпеңиздер жана шоколад жебеңиздер.
Төшөктү алмаштырганга учур келди
Дайыма өзүңүз жаткан төшөктү, диванды текшерип туруңуз. Дегеним, мүмкүн матрасты же төшөктү, синтетикалык жаздыктарды алмаштырганга да убакыт келген чыгаар? Өзү ар бир жарым жылда матрасты, ар бир айда шейшептерди текшерип, алмаштырып туруш керек.
Уктоочу бөлмөгө жашыл өсүмдүктөрдү же гүлдөрдү өстүрүп, берилип кетпеңиздер. Анткени, алар күндүзү кычкылтек иштеп чыгарса, түнкүсүн болсо көмүр кычкыл газын иштеп чыгаарын унутпаңыздар.
Жатаардын алдында таза абада 15 мүнөт сейилдеп көрүңүз. Ал организмдин эс алышына жана уктаганга өзүн даярдаганга жардамын берет. Ошондой эле уктаардын алдында ушул эле таза аба менен бөлмөнү желдетип алганыңыз жакшы.
Ойлор
Негизги кеңеш – баардык ойлоруңузду, пландарыңызды эртеңкиге калтырыңыз. Андан көрө бүгүн жасаган жагымдуу нерселерди ойлонуп, жыйынтык чыгарып тынч жатканыңыз жакшы. Эң негизгиси ал ойлорду кармап туруп албай коё бериңиз. Алар каалаган жагына кетишсин, ал эми сиз болсо алардан бат эле бошонуп, кантип уктап калганыңызды байкабай каласыз.
Заманбап кеңеш. Уктоочу бөлмөдө терс таасирлерди берип, уйкуну бузган компьютер, уюлдук телефон, сыналгылар болбош керек. Алар бөлүп чыккан зыяндуу нурлар адамдын борбордук нерв системасына терс таасирин тийгизип, уйкусу бузулат. Кичинекей эле өчүп турган уюлдук телефон адамдын уйкусун бузат. Эми чоң-чоң компьютер жана сыналгылардын уйкуга болгон зыяны канчалык экенин өзүңүздөр элестете бериңиздер.
Уйкунун биринчи жана негизги мыйзамы
Ыйык Курандын кереметтери жөнүндө айтып бүтө албайсың, туурабы? Анткени, анын чыныгы жашоодо берип келген таасирлерин айтпай коюу мүмкүн эмес. Айтайын дегеним, исламдын милдети болгон мусулмандын беш маал окула турган парз намаздары да уйкунун чың болушу үчүн абдан маанилүү, ал тургай керек дагы экен. Жогоруда айткандай адам уктаарда жан дүйнөсү тынч болуш керек. Бул чың жана таттуу уйкунун биринчи мыйзамы. Ал эми жатаарда окула турган намаз жан дүйнөнү да, эс ала турган организмди, денени да баарын бүтүндөй тазалайт. Адам эч нерседен кабатырланбай тынч уктайт. Негизинен бул мыйзамдын негизги мааниси - адам уктаарда жарым өлүк болуп калат. Ошондуктан эртең менен ойгоносузбу, ойгонбойсузбу ал бир Жараткандын гана колунда, туурабы? Ал эми Жараткандын алдында парзын аткарып алган адамдын жан дүйнөсү бир топ эле тынч жана таза болот жана тынч уктайт. Ал эми таза организм таттуу уктайт. Дегеним, адамдын нервин козгоп, жаман таасирлерди берген биологиялык активдүү чекиттерден арылган, башкача айтканда, намаздын алдында алына турган даарат негизги мүчөлөрдү жууп, тазалап, зыяндуу заттарды жокко чыгарып, организм бүтүндөй тынч уктап, чындап эс алат. Ошондуктан намаз окубагандар да сөзсүз буттарын, бетин, кулактарын, моюнун, алакандарын жана башка жерлерин жууп жатыш керек.

#17 21 Август 2014 - 17:50
Уйкусуздуктун себептери ар түрдүү. Бирок кээ бир эрежелерди сактоо менен бул көйгөйдөн арылууга болот.
Кээде ушунчалык чарчап, башым жаздыкка тиери менен уктап калам деп ойлойбуз. Бирок ойлогондой болбой калат. Андыктан төмөндөгү кеңештерди карап көрүңүз:
1. Уктаганы жатканда чарчаганыңызга толук ишениңиз, ары-бери оодарыла бербеш үчүн.
2. Уктоочу бөлмө ысык болбош керек. Уктаар алдында бөлмөнү желдетип коюңуз. Эгер ысып кетсеңиз түнү ойгонуп, тердеп кыйналасыз.
3. Керебетиңиздин абалы жакшы болушу керек. Төшөнчүлөр катуу жана денеңизге ыңгайлуу болушу шарт, абдан жумшак болбошу керек.
4. Эгер күндүз кандайдыр бир окуя болгон болсо, аны жатканда ойлобогонго аракет кылыңыз.
5. Жеген тамагыңыз жеңил жана оңой сиңе турган болушу кажет. Ачкарын уктаганга да болбойт.
6. Уктатуучу дарыларга азгырылып кетпеңиз. Ага көнүп алуу оңой.
Кээде ушунчалык чарчап, башым жаздыкка тиери менен уктап калам деп ойлойбуз. Бирок ойлогондой болбой калат. Андыктан төмөндөгү кеңештерди карап көрүңүз:
1. Уктаганы жатканда чарчаганыңызга толук ишениңиз, ары-бери оодарыла бербеш үчүн.
2. Уктоочу бөлмө ысык болбош керек. Уктаар алдында бөлмөнү желдетип коюңуз. Эгер ысып кетсеңиз түнү ойгонуп, тердеп кыйналасыз.
3. Керебетиңиздин абалы жакшы болушу керек. Төшөнчүлөр катуу жана денеңизге ыңгайлуу болушу шарт, абдан жумшак болбошу керек.
4. Эгер күндүз кандайдыр бир окуя болгон болсо, аны жатканда ойлобогонго аракет кылыңыз.
5. Жеген тамагыңыз жеңил жана оңой сиңе турган болушу кажет. Ачкарын уктаганга да болбойт.
6. Уктатуучу дарыларга азгырылып кетпеңиз. Ага көнүп алуу оңой.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#18 26 Август 2014 - 11:47
Мен да азыр декретке чыгып уйкусуздук менен жабыркап журом.Кундузу 4-5 сааттай уктап алып кечинде уйкунун келиши азап.Тан атаарда козум илинип кетет.Кунум-
менен тунум алмашып калды.
#19 04 Ноябрь 2014 - 15:39
Уктаар алдындагы бир стакан кефирди ичүү тынч уйкуга жана тамакты жакшы сиңирүүгө кызмат кылат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#20 04 Ноябрь 2014 - 15:44
Уйку организмди эс алдырып, иммунитетти калыбына келтирип, адам жашоосунун үчтөн бир бөлүгүн ээлейт. Эртең менен төшөктөн сергек туруу үчүн 8-10 саат уктоо керек. Ал эми жатаар алдында тое жеген тамак, тонусту жогорулатуучу ичимдиктер (кофе, газдалган суусундуктар,
кызыл чай, спирт ичимдиктери) уйку процессине терс таасирин тийгизип, күндүзү шалдыроого,
чарчап-чаалыгууга,
көңүлдүн чөгүүсүнө алып келет. Караңгы, желдетилген бөлмөдөгү жука салынган төшөктө эс алуу уйкуну жакшыртып, узак жашоого өбөлгө болот.