Витамин - латын сөзүнүн vita (өмүр) деген сөзүнөн келип чыккан. Витаминдер тамак-аш азыктарында өтө аз өлчөмдө болушат жана ошон үчүн кичи азык заттарына кирет. Алар организмге аз өлчөмдө талап кылынат жана организм тарабынан иштелип чыкпагандыктан тамак-аш менен гана барышы керек. Азыркы кезде жалпы таанылган 13 витамин бар. Анда эмесе, алардын айрымдарына токтолуп өтөлү.
Витамин А
Ретинолдун функцияларынын эң белгилүүсү көздүн көрүүсүн сактоо менен байланышкан.
Мындан тышкары ал тери, былжырлуу оболочка үчүн керек жана иммунитеттин иштелип чыгышына катышат.
А витамини боор, жумуртканын сарысында, сүт жана сүт продукцияларында көп кездешет. А витамининин мурункусу ( провитаминдер) - бул каротиндер.
Анын ичинен эң белгилүүсү b каротини. Ал сабизде, шпинатта, ашкабакта, абрикосто жана коондо бар.
А витамининин жетишсиздиги эмне үчүн коркунучтуу жана анын жетишсиздиги эмнеге таасирин тийгизет?
Анын жетишсиздиги түнкү сокурлукка (тоокко окшоп), көздүн мүйүз оболочкасын кургатып жана жумшарууга алып келет. Балдардын жакшы көрбөөсүнүн бирден-бир себеби ушул А витамининин жетишсиздиги болуп саналат.
Витамин В1
Бул витамин организмде углеводдук алмашууну нормалдаштырууда жана борбордук нерв системасын энергия менен камсыздоодо борбордук ролду ойнойт.
Тиаминдин булагы тамак-аш азыктарынын ичинен буурчак өсүмдүктөрү,
кара нан, боор жана ачыткы болуп саналат.
В1 витамининин бир аз эле жетишсиздиги чарчатып, эс тутумду начарлатып,
уйкуну качырып, адамдын тынчын кетишине алып келет. Ал эми көп жетишсиздик болгон учурда авитаминоздун келип чыгышына, нервдин, жүрөктүн иштешинин начарлашына алып келүүчү оорулар пайда болушу мүмкүн. Тиамин жылмаланып тартылбаган дан продуктыларында көп болсо, авитаминоз биринчи кезекте дайыма ак нан, жылмаланып тазаланган күрүчтү пайдаланганда болот. В1 витамининин олуттуу тартыштыгынын себеби өнөкөт алкоголизм же болбосо оор жумуш, узакка созулган ич өткөк болушу мүмкүн.
Витамин В2
Бул витамин ар кандай алмашуу процесстеринин нормалдашуусуна катышат жана клеткалардын дем алуусу же башкача айтканда клеткаларды кислорд менен камсыздоо үчүн зарыл.
Аны сүт жана сүт продукцияларынан,
боор, эт, жашылчалардан жана жылма тартылбаган нан азыктарынан алууга болот.
Бул витаминдин жетишсиздиги жакшы тамактанбоодон,
боордун оорусунан жана алкоголду көп пайдалануудан да болушу мүмкүн жана ал ооздун бурчтарынын жарылышын, теринин патологиялык өзгөрүүсүн пайда кылат.
Витамин С
(аскорбин кислотасы)
Аскорбин кислотасы эң белгилүү витаминдердин бири. Организмдеги бириктирүүчү ткандардын,
сөөк ткандарынын,
тиштерди жана көп сандаган метаболизм процесстери,
мисал үчүн айтсак темирдин абсорбциясы үчүн зарыл. С витамини көк калемпирде,
брокколи, капуста, картошка, шиповниктин даны, жаңы чыккан жемиштерде көп болот. Бирок кайнатуу, кууруп бышыруу, көпкө сууга салып коюу, кайнагандан кийин сууну төгүү, жылытуу аскорбин кислотасынын бир кыйла жоголушуна алып келет.
С - цинга витамининин жетишсиздигин мүнөздөгөн оору дүйнө жүзүндө кылымдап жаалданып турганы жалпыга белгилүү. Васко де Гама Африканы айланып өтүп, Индияга карай сүзгөн он жарым айга созулган саякат учурунда анын командасындагы 160 адамдын 100ү мээге өзүнөн-өзү кан куюлуп кетүү мүнөздүү болгон цинга симптому менен каза болушкан. С витамининин бир аз эле жетишсиздигине бат чарчоо жана алсыздык, көтөрүмсүздүк,
тамакка табиттин жоктугу жана арыктоо мүнөздүү. Оор жумуш жасаганда жана акыл эмгегинде, эти ысыганда, стресстерде,
операциядан кийинки учурда организмде С витаминине талап өсөт.
Урматтуу окурман, организмде витаминдердин тең салмакталган курамы болушу өтө маанилүү, бирок бул биздин күндө кыйын. Ошону менен катар эле бизде витаминдердин эң жакшы булагы боло алчу баасы арзан жашылчалар бар. Алсак, түрп, сабиз, ашкабак витаминдердин мыкты булагы боло алат. Сууга кайнатылып бышырылган картошкада С витамини көп.
Аптекалардан сатып алган витаминдерди кабыл алууда дарыгер тарабынан белгиленген өлчөмдү так сактоону унутпоо керек. Себеби, витаминдерди ашыкча пайдалануу күтпөгөн кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Мисалы, С витаминин күн сайын 1000 мг өлчөмүндө узак мезгил кабыл алуу бөйрөктө таштын пайда болушун жана темирдин деңгээлинин көтөрүлүшүн шарттайт.
Витаминдин жетишсиздиги А В С ж.б витаминдер жөнүндө
#21 03 Ноябрь 2014 - 15:58
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#22 05 Ноябрь 2014 - 12:22
Организмдин оору-сыркоого тушукпай, толук кандуу иштеши үчүнВ тобундагы витаминдердин мааниси чоң. Бул витаминдер негизинен пивоачыткысында көп болот, бирок алар азык катары эмес, медициналык каражат катарыпайдаланылары белгилүү.
В1 витамини - организмди жалпы жонунан чыңдап, психикага,нервдердин абалына оң таасир тийгизет. Авитаминоз белгилери: унутчаактык, кыймыл-аракеттин координациясынын бузулушу, тамакка табиттин тартпай калышы. В1витамини пиво жана кадимки ачыткыларда, буудай данында, кебекте, гречкада,сулуда, кара буудайдын нанында, төө буурчак, жашыл буурчак, соя, кой этиндебасымдуулук кылат.
В2 витамини - теринин абалын, кан айланууну жакшыртып,организмди чыңдоочу касиетке ээ. Авитаминоз белгилери: аз кандуулук,чарчап- чаалыгуу, көздүн кызарышы, уурттун жарылышы, тилдин агарышы. Кой эти,жумуртка, сүт, быштак жана анын сары суусу В2 витаминине бай келет.
В3 же РР витамини - тамак сиңирүү органдарынын ишине,психикага, териге оң таасир тийгизет. Авитаминоз белгилери: уйкусуздук, башоорусу, өтүшүп кеткенде - акыл-эстин айнышы, ич өтүү, теринин сезгениши. Азыккаачыткыларды, кара буудайдын нанын, төө буурчак, соя, жашыл буурчак, семичкепайдалануу ылайык.
В6 витамини - нерв системасын чыңап, терини жакшыртып,организмден сууну чыгарууга жардам берет. Авитаминоз белгилери: депрессия,ашыкча салмак, нерв оорулары. В6 витамини капуста, сабиз, ашкабак, семичке,балык, кара буудайдын нанында арбын кездешет.