s9zen098 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 158 (0,32 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (289 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 05 Декабрь 14
- Кароолор:
- 27 141
- Соңку аракети
- 31 Окт 2021 17:07
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 26 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 7, 1998
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Күндөлүк
Жазылган күн: 27 Апр 2019
Сени кайрадан жолуктурган кундон группанын старостасы, университеттин активисткасы Ажара кайрадан баягы эч ким менен жумушу жок тунт кызга айланды да калды. Эмнеге сени менен убадалашып антташпасам да, оз оозундан бир ооз жылуу соз укпасам да туну тушум, кундуз оюм сен болуп калганына танмын.
Аз кундон кийин омурумдун он сегизинчи жазын тосуп алам. Ошол жылы эмнегедир жаздын келишин кун санап, чыдамсыздана куттум. Чон апамдын ооруп атканына санааркап, аз кун калды, жаз келет, жазга эле жетсек чон апам баягы калыбына келет деп, оз ойум менен алышвп жатканымда группалашым, сыртта мени кутуп жатышкандарын айтты. Эшиктен чыгып эле сени менен бет келе туштум. Жанында курбум Мээрим да бар. Бир нерсени айта албай, тупойулдонуп жатканынарды сезе, -эмне болду? Жайчылыкпы деги? деп суроо артынан суроо жаадырдым. Ойумда, Мээрим...кантип эле? Кантип эле бир тууганымдвй болуп калган Мека мага ушундай кылсын деп жаттым. Анан кайра, Арген учун мен эч ким эмесмин да, ал мага убада да берген эмес, эмне эле болуп жатам дейм. Уну каргылданган Мека, -"Ажарка,биз Арген экообуз айылга кетип жатабыз, журу биз менен, чон апан ооруп жаткан турбайбы, чогуу барып келели-деди. Ойумда эч нерсе жок, аз кунда атам озу чон апанды шаарга алып барам, алаксыбай окуунду оку деп айткан, силер бара бергиле деп баш тарттым. Мекага сен кошулуп-" атан келип кетсин, байланыша албай жатам-"-" деп бизге дайындады. Журу, Ажара, макул деп койчу"- деп жалдырап ийдин. Бир аз да болсо сенин жанында болоорумду ойлоп, бир аз мурун эле туйшолтуп аткан окуумду да унута силерге кошулуп жоноп калдым.
Жол катакоондун суздугун, козунорду ала качканынар туйшоло, озумчо тупойулдонуп бара жаттым.
Айылга кирип, биринчи эле биздин уйго жете бергенде чогулган кишилерди коргондо, журогум жамандыкты сезгендей кабынан ыргып кетчудой согот. Акылынан адашып, нес болгон кишиче сенин жетегин менен машинадан тушуп, атамдын жете келгенин, анын -" Ажар, чон апанды жоготуп албадыкпы" - дегенин билем, андан аркысы эсимде жок. Эсимди жыйып, озумо келсем оорууканада экенмин. Жанымда сен... Ойгонуп, козумду ачкан мени коро, тынчсызданбашымды суранып, атамдын келе албаганын, Мээрим жаны эле палатадан чыгып кеткенин дагы бир топ нерселерди айтып куйполоктоп жаттын. А мен болсо, апамды тандап кеткениме таарынып жургон чон апамдын таарынчын жазып, омурунун акырында жанында боло албай калганыма окуно, ичим орттонуп, озумду эн бактысыз сезсем, бир чети сенин жанымда, мага кам коруп.жатканында коруп озумду чексиз бактылуу сезе, эмне болуп жатканын толук андабай, жалдырама тийген немедей жата бердим. Адамдар канчалык озумчул экенибизди ошондо билбедимби. .. бир адамдын, болгондо да эн жакын адамдарымдын бири бул жарыктагы куну бутуп, келбес болуп кеткенине карабай озумду ойлоп жатканымды карачы... -
Темасы: "Мен койчуман балага тийбеймин" дейт. А чыныгы жашоодочу?
Жазылган күн: 27 Апр 2019
Ар ким тийгиси келгенге тийет дегилечи, бирок койчуман десе эле мага бир эле мен тааныган койчуман мээме келип, тиймек турсун жанына жакын турганымды элестетким келбейт. Койчуман болобу, министр болобу ошол адамдын озун алып журуусунон, турган-турпатынан "зависит" го. -
Темасы: Күндөлүк
Жазылган күн: 27 Апр 2019
1- декабрь. Кыштын биринчи куну. Менин жан дуйномдо да азыр терезеден сырт бурганактап жаап жаап жаткан кардай. Сени сагындым... Канчалык мойундагым келбесе да, сенин журогумо эн жакын адам экенинди тушунуп жеттим. Сенин мага кат жазып, кабарлашпай калганына 1 жыл, 28 кун болуптур. Ошол сени таарынткан кундон кийин, бир нече жолу конулунду жибиткенге аракет кылып жазып да, телефон чалып да жооп ала алган жокмун. Тынчымды алба дебедим беле, чын эле ошондон кийин тынчымды алган жоксун... Бир нече кыз менен мамиле куруп, бирок анда да маанайындын ачылбай, баарынан четтеп, тунт тартып кеткенинди уктум. Ага бир гана мен эмес, уй-булондун бутун эместиги, сенин да мендей эле тируу жетим экенинди угуп жаным кейиди. Озумдун абалым сеникинен бир аз да жакшы эмес экенине карабай, озум эмес сен учун журогум ооруп, ызаландым. Эмнеге сен да башкалар сыяктуу толук кандуу уй-булодо жашоо бакыты буйурбаганына таарына, тагдырдын калыссыздыгына нааразы болдум.
Бугун 31- декабрь, 2014- жылды тосуп алабыз. Бугун да жооп болоор деген умутто сага чалдым, телефонун очурулгон, эч бир соц тармактарын жазган катым да оз дарегине жетпейт. Себеби мен кара тизмендемин. Бирок баары бир сага жаны жылдык каало тилегим менен СМС кат жаздым. А балким деп тун бир оокумга чейин куттум. Маанайымды которууго аракет жасаган Абай абам менен апакемдин да эмгегин текке кетирдим. Сага айтканды унутупмун, Абай абам аябай жакшы адам, ар дайым апакемдин жанында, жолоп- таяп турат. Менин тунт мунозумду да кабагым-кашым дебей апам менен бирдей которуп келет.
12-январь. Бугун сени жолуктурганыма 2 жыл болду. Ошол кунку узун бойлуу, арык чырай, биздин айылдын балдарынан озгочолонуп кара эмес курон чачтуу сары бала бугун буткул ойумду ээлеп алаары ал куну ойума да келген эмес. Бугун сен адаттагыдай эле сабакка келип, биринчи партадагы оордунда, эч кимге конул болбой, китепти карап олтурсан керек. А балким аны окуган тур менен сен да мени эстеп жаткандырсын. А балким, мендей адам жашоондун кичинекей бир болугундо болгонун таптакыр унуткансын. Макул... Андай болсо да таарынбайм. Сен азап тартпасан эле болгону...
14-февраль. Бугун кандай кун экенин билсен керек? Ооба, билесин. Бирок, сага мындай даталар жакпайт экенин айткансын. "Бир адамдын омурун алган кунду майрамдоо кандай гана акмакчылык" - деп айтпадын беле...
Бирок, бугун ал созунду унутуп, сен да майрамдаган турбайсынбы. Болгондо да "А" класстын сулуусу Бегимайга жалпынын алдында сезимдеринди билдирип, валентинка бериптирсин. Анын баарын жобураган Мээримдин созун аягына чыгарбай телефонду очурдум. Бир канча убакыт каккан казыктай оордумдан жылбай, жалдырама тийген кишиче олтурган калыбымда кокусунан кирим келген Абай абам,-"Ажарка, ким таарынтты, эмне ыйладын"- деп чоочулай жаныма жетип келип, башымдан сылаганда гана озумдун ыйлап жатканымды туйдум. Билесинби,.. . 5 жашымда апакем жумушка кеттим деп, келбей калган туну чон апам менен атамдын айласын кетирип тан аткыча ыйлагам, ошондон бери биринчи жолу сен учун, сага болгон кызганычымды деп ыйладым. . .
1- март . Бугун мен 17ге толдум, сен учун чоочун бироо экенимди билсем да, сенден чалуу, эч жок дегенде бир СМС куттум. Бирок, эч кандай куттуктоо алган жокмун. Тескерисинче мени куттуктап чалган Мээримден сен тараптан мен тууралуу айтылган суук созду угуп, журогум ушуду. Меканын -"Арген, Ажарага байланышсан боло" -деген созуно, "Атасынын акчасына чиренип, мурдунан алысты коро албаган, ал мерез кыздын бизден айтылган кабар менен иши болот дейсинби. Анан да менин анда эч кандай жумушкм жок, ал мага, мен ага эч кимис эмеспиз. Эмне деп байланышам" - дептирсин. Эмнеге мунун баарын айттын экен. Мээримдин мага айтып келээрин билесин да. Атайын журогумду оорутайын дегенсин го. Андай мен сага эч ким эмес экенмин, ии деп койуп басып кетсен эмне?....
25- май. Бугун окуу жылы официалдуу турдо аяктап, алдыда бизди мамлекеттик экзамендер, андан ары университет, кесип тандоо кутуп турат. Мен дагы эле эмнени тандап, кайда бараарымды билбей башым туман. А сен мурун эле чечип койгонсун. Врач болом дечу эмес белен. Дагы эле ошол ойундан кайтпапсын деп уктум. Сендей адамдар коздогон максатына жетмейин жаны тынбайт го. Сага бир чети суктансам, бир чети боорум ооруйт. Суктанганым алдына койгон максатындын бардыгы, жана ошол максатка карай умтулганын. Боорум ооруганы ошол, планынды аткарам деп кара жанынды карч уру атып, коп нерсени коз жаздымында калтырып кеткенин...
Эски кундолугумдогу акыркы текст ушул экен, анан боштук. Жоготтум го деп ойлогом, мына эми таап отурбаймынбы.
Мектепти аяктаган сон, сени менен жок дегенде бир шаарда болойун деп, Бишкектин университеттеринин бирине тапшырдым. Сенин да кайда тапшырганынды тааныгандардан тактап сурап, оз максатына жетип, Мед Академиянын студенти болгонундан кабардар болдум. Менде кадимки эле студенттердин жашоосу башталды. Башка, копчулук группалаштарымдан айырмам, каражат жагынан кыйналбаганым болду. Атамдын белек кылган квартирасы менен Абай абамдын машинасыбы же жанымдан акча узулбой, кийген кымбат баалуу кийимим себеппи же коптор айткандай чын эле сулуулугумбу айтор, жанымда курбу болуп жандаган кыздар, артымдан соз айткан жигиттер да кобойду. Мурункудай болбой адамдар менен женил тил табышып, мамиле тузгонду уйрондум. Мектептегидей эле мында да мугалимдердин суймончугуно айландым. Сени мурункудай ойлонбой, женил жашоого конуп баратканымда, капысынан каптаган кара булуттай кайрадан сен пайда болдун...
Студенттер аралык откон конференциядан чыгып баратканымда - " Ажара"- деп атымды атаган, тааныш да, бирок ошол эле маалда унутулуп да бараткан унду угуп, бурула карасам сен экенсин. Эгер ошол кункудой жалооруй анан да сагынычтуу караган коздорун болбосо таанымак эмесмин. Аябай озгорупсун. Узун боюна кырын чыгара утуктолгон костюм-шымын куп жарашып, акыркы модада кесилген чачын келбетинди арттырып турат. Чуркап барып мойунуна асулчудай абалда болуп, бирок эмнегедир бутум шилтоого жарабай, оордумдан жылбай турдум. Баякындагыдай жай бирок чон таштаган кадамын менен жаныма жетип, -"Кандайсын? "- деп кол сундун. Жакшы- дегенден башка соз айтууга жарабадым. Сен бир соз баштап, мен эсимди жыйгычакты жете келген Амир колумдан жетелей, эсимди жыйгыча биз шашып атабыз деп ээрчитип кетти. Машинага отураарда кылчайып карасам, ошол оордундан жылбай, ыза, таарыныч толгон коз караш менен карап турупсун. Чуркап барып, Амирди жакшы корбоорумду, ал артымдан жургон коптун бири экенин, мага сен гана керек экенинди айтып актангым келди. Бирок тушалгандай эле оордумдан жылбай, Амирдин жетегине конуп кете бердим. Куураган жаным,... ошондо озумду колго алып, чечкиндуу боло, текеберлик, намыс дегенди четке суро жанына барсам, эч нерсеге карабай жанында калсам, азыр мынтип дары жыттанган оорууканада, омурумдун акыркы сааттарында сенин кааранынды ар бир кирип чыккандан издебей, сенин жанында, сенин колунду бекем кармап олтурат белем... Анда олумдон да коркмок эмесмин. Азыр да коркпойм. Бирок... -
Темасы: Күндөлүк
Жазылган күн: 27 Апр 2019
3-ноябрь. Бугун сени таарынтып алдым
Сабактан келсем, кухняда апам менен узун бойлуу, кара каштуу, коздору бир башкача сулуу бир байке отуруптур. Менин келгенимди коруп, апам уурусу кармалган кишиче тайсалдап, менин алды артыма тушо, сабагымды, маанайымды, тамак ичкен ичпегенимди сурап куйполоктоп кирди. Адаттагыдай эле менден баш ийкегенден башка жооп болбогон сон, кийииимди которунуп, анан аш канага кируумду, айтчу созу бар экенин айтты. Болмомо кирээрим менен апамдын айтканын унутуп эле, озумдун керебетиме жата калып сенин элесин менен суйлошуп аткам, капысынан кире калган апам:" Ажара,.мен сага эмне дедим"- деп унун которо суйлоду. Бул анын мага биринчи жолу катуу айткан созу. Жооп кайтарбай апвмдын аркасынан кухняга ээрчидим. Столдун четинен орун алаарым менен тигил кара каштуу байке-"Ажара, кызым, сен бой жетип, акылына кирип калыптырсын. Апан экообузду тушуносун деген ойдобуз. Биздин жакын мамиледе жургонубузго бир нече жыл болду. Бирок, апакен батынып сага айта албай жургонунон озум келдим"- дейт. Сен тцшунуп жатасынбы? Апакем, жалгыз гана мага таандык болгон апамды ал менен болущуумду талап кылып жатат. Башында сулуу корунуп жаткан адам козумо мокочодой корунуп кетти. Бирок-"озунор билесинер. Мен эч ким эмесмин да"- деп апамды жеп ийчудой карап, эшигимди тарс жаап болмомо кирдим. Анан адатымча арманымды, ичимдеги ызамды сенин элесине жана кундолугумо арыздануу менен убараланып жаткан убагымда сенден СМС келди-"Кандайсын? Барсынбы? деп кабар алып турсан боло"- деп жазыпсын. Эмнеден ызамды чыгараарымды билбей турган жаным, болгон уумду сагв буркуп кирдим. "Сенден башка жумушум жок беле? Сен кимсин, мен сенден кабар алышым керек? Мээмди оорутуп, тынчымды алба"- деп айттым. Сенден жооп болгон жок. Анын баарын айткандан кийин женилдесем кана. Баштакы ызама окунуч менен, озумду жектоо кошулуп ааламын таарып турат. Бирок "кечирип кой" - деп жаза албайм. Билесин го, мен да сендей текебер жанмын... Бирок бул жерде, кундолугумдо айта алам, МЕНИ КЕЧИРЧИ... Журогунду оорутайын деген эмесмин... -
Темасы: Күндөлүк
Жазылган күн: 27 Апр 2019
1-август, саат 23:04. Кундолугум, сага кайрылбай калганыма да бир айга чукулдап калыптыр. Аргенди ойлонбойм деп убада бербедим беле!. Бирок, ал созумду аткара алган жокмун. Тескерисинче ал бутундой ааламыма айланып баратат. Кун тун кутконум андан СМС кат. Ал да биротоло кишини тунултуп жазбай койбойт, же жазгандай болуп жазбайт. Эмнеге? Менден ага эмне керек? Эмнеге мурункудай эле мага конул болбой, тынчымды албай оз жашоосун улантпайт? Эмнеге мен андан кол узуп, катына жооп бербей, бир нече кун аралап чалган конгуроосун жоопсуз калтыра албайм.
25-август. Беш кундон кийин окуу жылы башталып, мен жаны мектепке барам. Мен да сен башындан откоргон кыйынчылыктан басып отуумо туура келет. Билесинби, мен убакыт откон сайын кундолугум жанымда жок кезде сенин элесин менен суйлошмой адат таап алгам. Анымды байкап калган апам, бир куну каршылыгыма карабай психологко ээрчитип барды. Жашы бир топко барып, улгайып калган коздору мээримдуу психолог айым мага бир топ суроолорду берип атып, менден кимди жакшы короорумду сурады, ошондо ойума эмнегедир биринчи ата-энем да, чон апам да, женекем да, ал тургай Канат дв эмес биринчи сен келдин. Бирок мен аны психологко айтпай жашырып койдум. Ал мага озум курактагы досторду кутуп, алар менен кобуроок баарлашууну кенеш берип, кундолук жазууну токтотуумду айтты. Ошондуктан бугундон баштап кундолукту апакемден жашынып жаза албай, ал уйдо, жанымда кезде сени менен суйлошо албайм.
Бугун атам келди. Айылдан. Кучагына кысып, мандайымдан суйуп жатып,-"Ажарам, жалгызым" - деп айтты. Эхх, атам ушул суйуусун, ушул мээримин айылда жургон кезимде коргозсо, мен азыр сени менен бир жерде болмокмун. Жанында болбосом да, сен баскан жолдон басып, сен дем алган аба менен дем алып, сен ичкен сууну ичмекмин. Бирок эми баары кеч. Ушунча жыл мени дайыма жанында болуусун каалаган апакемдин тилеги эми орундалганда, анын кыялдарынын, умут-тилегинин таш-калканын чыгарып, атамды ээрчип, сен жашаган аймакка кете албайм. Калп эле класствштарымды сураган киши болуп атып, сен жонундо бир аз да болсо уккум келип, атама суроолорду жаадырып жаттым. Бирок, атакем да кашайгансып, сен жонундо ооз ачпайт. Ал байкуш кайдан билсин, жалгыз кызынын дарты эмнеде экенин. Менин эмнеге мынча онумдон азып, арыктай тушконумду сурап, эч бир суроосуна канааттанчу толук жооп ала албай туйшолкп жатты. Ата-энемди кыйнайын деген ойумда жок. Бирок, алардын суроолорунв жообум жок болсо кантейин.
Бугун 1-сентябрь. Эртен менен жаны окуу жылы менен куттуктап, ийгилик каалаган сенден келген СМС кунумдун жакшы башталышына себеп болду. Бир нече кундон бери ачылбаган маанайым которулуп, жылмайып калганымды коргон апам кубана кийимдеримди даярдап, чачымды тарап, бир аш канага чуркап, куйполоктоп журот. Ушул куну менин жанымда болууну чечкен атам да жанымда болду. Жаны мектепти да, жаны классташтарымды да кордум, класска кирээрде сенин ошол жерде болуп калыщынды Кудайдан тилеп, эшик ачып кирип бардым. Бирок сен жок болчусун. Шаабайым сууп, маанайым чого тушту. Бирок менин чоочун экениме карабай жылмайа суйлогон кыздар-балдардын жакшы мамилеси конулумду которду. Алардын жылуу мамилесинен улам, менин сага биринчи куну салам бербей, андан кийин да жасаган мамилем учун озумду жектеп, уялып турдум. Мени кечиресинби?
Достору
-
admin_supe... -
chogool -
Djoni88kg -
Gupa -
Kg_mir.96 -
Angel92 -
sayana -
Shorobashat -
Urmat-1989 -
alibekova94 -
aipeli -
Sweet-Lika -
Elaman-kg -
myrzayym -
konfetka_dia -
kuu-1005 -
Aikoo2014 -
Oceana -
Nariste...12 -
kyrgy3bai -
ai_nariste -
nurtai -
Mamalak89 -
Aida080888 -
Zhazgul.to... -
zhigitim_o... -
Mipabella -
guljigit96 -
asyl.kyz -
joroev94 -
Narai2016 -
ofiser26 -
din_tomas -
new_hacker -
Ernis.98 -
Kanybek1991 -
Zidan1
Показать 50 случайных друзей 38
Комментарийлер
s9zen098 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?