Жашоо...Жараткан бизге турдуу сыноолорду жоноткон тура. Мына 19жашта жаны тушунуктор,
жоопкерчилик деген нерселерди сезе билдим.Кечээ гана тилек кылып жургон шаар Москвага келдим(05.06.2013.
) Чындыгында шаар онуккон,кооз экен.Мында турган асман тиреген уйлордун ичинде,жашоо тымызын отуп жатат. Ошолордун арасында мен да жашоодомун.
Эки болмодон турган уйдо огдогон адамдар кырынан жатканын коргондо тээ алыстагы оз Мекеним-Кыргызстандын кадырын,оз уйумдо каалаган болмодо бутумду жайып,ары-бери оонап жатканым козумдон отуп турган кезим...Достор,
мендейлер толуп жатат,ошондуктан эмне дегим келет,баарыбыз бул дуйнодо келип кетер конокторбуз,
келгиле ар бир жыргалды оз убагында баалап,баркына жетели...Мен бул кундор коз ачып жумганча отуп кетишине чын дилимден ишенем...
Баракча 1 - 1
Жакындарымды бактылуу кылам...өзүм да аны тең бөлүшөм. Чет өлкөдөгү кыргыздардын ой толгоолору
#2 07 Июль 2013 - 22:08
Мен да биринчи ирет Москвага бутум тийип бул калаанын кооздугуна суктанып анырайып келген элем. Анда болгону 17 жаштагы скелек болчумун. Жашооонун ачуу-таттуусун кордум. Байкемдин уйуно келгенде анын торт баласы, жана аялы, мен баарыбыз бир болмодо турчук. Тартынганымчы,
апамды сагынганымчы булардын баары кыйынчылык болчу, мен учун жат корунуш. Таптакыр ботон адамдарды аралап канатым какшап турган кездерим эсимден кантип чыксын. Бирок мына учунчу жыл сапар тартты, мен баарын билдим энемдин эрке кызы, атамдын сыймыгы, эжемдин жузу, байкемдин кадыры болдум. Мен баарын жендим жок баарын жене элекмин мен баштапкы фундаментимди тегиз жана туз куйуп алдым десем болот. Автор сиз баарын женесиз, ошол коп адамдар ошол башаламан турмуш булардын баары бакыттын баштапкы жолунун сыноосу.
Сен менин бир тамчы коз жашым болсон,анда мен сени жоготпоо учун омур бою ыйлабай отмокмун...
#3 07 Июль 2013 - 23:12
"Убакыт учкан куш сымал" дегендей кундун отконун деле билбей калып жатам... кечээ эле 5 жаштагы наристе элем, бугун мына 18 жыл отуптур.... />
Билдирүүнү түзөткөн: mayoral: 07 Июль 2013 - 23:13
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#4 07 Июль 2013 - 23:13
Эмне демекмин, ошончо барыптырсыз эми ал жактын ысыгына да, суугуна да көнүп иштешиңиз керек. Жашоо деген ушундай, иштебеген тиштебейт деп коёт эмеспи, сиз да бул кыйынчылыктардын үзүрүн бир күнү көрөсүз. Айдын 15и жарык, 15 караңгы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 08 Июль 2013 - 01:29
Иии,антип кырыбыздан жатпасакда,
бул жактын ачуу-таттуу жашоосунан даам татып келатабыз.Орусия десе акчалар агылып,аны барып мешоктоп сузуп алчуудай болуп ....башкача элестетип келгенибизге кантесин....)))Бири адал иштеп таап жатат акчасын,бири айланасындагыларын алдоо жол менен акча таап жатат,дагы бироо бир байкуштун кылган мээнетинин устунон акча жеп,кыскасы кашасыда бар,оз арабасын кылдыратып тынч жургонуда бар....Кыскасы ушул жактагы,сагыныч куса жакындарына,
мекенге болгон баары артта калып,баары оз жерине кайтса дейм.Баардык иштин аягы болгон сынар,ушул тентимиш жашоонунда аягы болушун каалайм....
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 13 Июль 2013 - 16:44
Эл катары иштеп апама жардам берүү үчүн келгем. Биринчи келгенде аябай сагынып, көнө албай бир кыйла түйшүк тартым элге окшоп. Чоң шаар бирөөнүн бирөө менен иши жок, бардыгы өзүмө болсо дегендер. Бул жактан билдим жакындарымдын кадырын, көңүл дегендерди.
Айрыкча мусулман эмес менен бир столдо отуруп тамактанганда кыжалат тартым, бир табактан жебесемда. Бешенебизге жазганын көрдүк. Кудай буйруп келгениме жыл айланып калды, кете турган убакта келди. Колумдан келгенинче,
насип кылганынча болду баары.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#7 15 Июль 2013 - 03:10
да,Москва,Москваа!
Мен бул шаарга,ананда бир комнатада тыгылып жатканга коно албадым. Женилдим. Акчан башындан калсын деп качтым. Чыдабадым. Акча абдан керек экенин,акча табыш керегин билсемда,качтым.
Азыр белди бек бууп Екатеринбургдамын,
иштеп жатам. Иш,айлык дурус. Негизи бул жерде бир батирде 2 к. 8 адам жашайбыз,кенен,
кесир. Бул шаар- чон Бишкек. Жакпаганы тажиктер ото коп. Кыз корбогондой козу менен атышат, коркооом. Балдарымды сагынганда канат байлап учкум келет,кетким келетда,анан "чыда,чыда иштешин керек"-деп озумду урушамда, жашап келем.
#8 15 Июль 2013 - 03:31
Эххх менин да тагдырым силердикиндей бакыт издеп Питерге келгениме 3жылдын жузу болоюн деп калды,окунбойм коп нерсеге жетиштим ошол эле убакта баалу бир нерсемди жоготтум,жыл сайын июнь айында Кыргызстаныма барып турам келгениме 10кун болсо да эмнегедир кайра сагынып атам бутту мен бир чечимге келдим 2айдан сон оз жериме кетем биротоло келечегимди курушум керек жашоодон оз ордумду табышым керек ал эми акча эч кайда качпайт эн башкысы менин бул чечимиме бир адам себепкер ушул барганымда аны жолуктурбасам билбейм дагы канча журмокмун алыс жерде....жакында жанында болом ардагым...ыраазымын экообузду кезиктирген ошол кечке!!!
#9 16 Август 2013 - 02:40
Чет олко...Бул созду алгач ирет укканда кыялдар озунчо бир ааламга жетелеп, кооз жерлерди, кулумсурогон адамдарды, дениздерди,
океандарды,
айтор ар ким кинолордон коруп-суктанып жургон олкону коз алдына элестетет эмеспи. Иштегени барса эле акчаны куроп алып сумкага салып келчудой..Ал учурда учакка отуруп бат эле коздогон олкого жетууго шашыласын. Башка олкодон бакыт издоого, ырыскы табууга белсенип далай жаштарыбыз дуйнонун торт бурчунда журушпойбу.
.Кепти улай, мен да ошондой жаштардын арасында коптон бери самап жургон олкого келдим. Ишим абдан жакшы,Кудайдан болуп бардыгы кыйынчылыксыз ишке ашып жатат. Коптон куткон кыялдарды орундатуу алдында турам.. Ата-энем, бир туугандарым дени соо, алты саны аман дегендей. Курсагым ток, кийимим бутун, жашай турган жерим бар. Мен бактылуу болбошко акым жок. Бирок мен бактылуумунбу?
Бакытка бир нерсе жетишпей турат. "Калдайган сары талаана,карлыгач болуп кетсем дейм" деп бекеринен ырдашпаган экен да.. Кокурокто кусалык.. Чалкыган Ала-Тоомо, берметтей Ысык-Колумо, калдайган кен талааларына, абана, сууна,топурагына жада калса кичинекей таштарына кусамын. Кусалыктан, сагынычтан сары оору болуп саргайып турам. Мекенимдин элеси коздон учуп, энеси баласын энсегендей энсеп турам. Сенин боз топурак кочондо жаш баладай чан ызгытып чуркашты каалап турам. Суундан жутуп, чанкоомду кандырып, абандан кере-кере дем алышты самап турам.. Мен энесинен эрте калган жаш улактай боздоп турам. Сенин топурагындын жытына зар болуп ыйлап турам. Мекеним менин-асыл бешигим..--n---------n--------- n------n-n---------n.jpg]

#10 16 Август 2013 - 06:39
/> Мен дагы аябай,аябай сагынган кезим,бироонун жеринде куйрук менен май чайнасанда,
оз жеринде ичкен караандай суугада татыбай кетет.Жоооок,
мен деле жашоомо наалыбайм,кудайдын ушунчалык бергенине шугур,бирок МЕКЕН деген МЕКЕНДАжанындын жарты болугу бир жерде калып кеткендей,жан дуйнон эншерилип турганы,турган.
Оз элин тентиретип,
оздору май-кол,сут-
колдожашаган ажоолорубуз куноолубу,же оз мекенибиздеги жашоого шугурчулук кылбай башка олкодон бакыт издеп сай-сайда жургон озубуз куноолубузбу,
айтоор билбейм.Бирок,
бир билгеним кыргызда бир кун келип оз уй олон тошогундо бутту керип, кенен жатып,таза абасына моонуну кана дем алып,тоо койнунда эркелей басчуу кун келет!!!
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 16 Август 2013 - 06:44
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#11 16 Август 2013 - 10:19
Маңызы окшош "Жан дуйно жанырыгы"
темасы менен бириктирилди.
Ой толгоолорду ушул темага жазыңыздар.
Ой толгоолорду ушул темага жазыңыздар.
#12 16 Август 2013 - 11:30
Ooba men da akcha tabam dep tee bir alysky shvessiaga jol tartyp kelgenime myna 3-jyldyn juzu bolup turat .jashoo jakshy,jumushum bar,joldoshum,balam janymda birok ata-ene,bir tuugandarymdy ,tuulup oskon jerimdi,mekenim kyrgyzstandy sagynyp kudai buirup baryp kyrgyzstandyn abasynan dem alam dep birok "kachan"dep oilonup azyr jumushka baratam.
#13 31 Август 2013 - 19:12
Адамдар жашоо менен күрөшүш үчүн ар кимиси ар жерде иштеп жүрөт .Ошолордун катарында мына менда ата энеме өз жардамымды берүү үчүн Москва шаарына келгем . Келип эле учактан түшпөй жатып өз мекеним Кыргызстанга артымды карабай качкым келген бирок анте албадым . Келгенде 6-7 ай жөтөлүп аба ырайына көнө албай ооруп жүрдүм даары дармек жардам бербеди. Андан бери көптөгөн айлар, жылдар өтүп кетти. Адам баласы баарына көнөт экен . Кудайга шүгүр баары жакшы иш, жашоо өз орду менен өтүп жатат.
Эми кетсем кайра келбейм деген чооң ниет бар . Мен дайыма сагынып эстеп жүрөм мекенимди.
Эми кетсем кайра келбейм деген чооң ниет бар . Мен дайыма сагынып эстеп жүрөм мекенимди.
Эх,
где то золотое время, когда меня хвалили за то, что я поспала и хорошо покушала!!!
#14 21 Октябрь 2013 - 04:59
Менда эл катары Россияга келип иштеп журом з жыл дегенде туулган жерим ордолуу Ошума бардым самолёттон тушкондо эле абасы башка соккон шамалы да сонун экенин ошондо билдим сездим
#15 21 Октябрь 2013 - 10:17
Жашоо үчүн болгон күрөш көптөгөн кыргызды ар тарапка чачыратты.Менин Оруссияга келгениме 12жылдын жүзү болуптур.Бул жерде тагдырымдын жыргалы да,кайгысы да,оору да жеңили да,кубанчым да,ыйым да дегеле жашоом да өмүрүм да өтүп жатат ...
#16 21 Октябрь 2013 - 10:33
Айланып кетейин балдарым ай,уулдарым -кыздарым ай.ушул теманы ата эненер жакшы окубайт,корбойт мага окшоп журоктору тилке пара болуп эзилбейт.Бирок энелер дайыма журогу менен сезип,силерди сагынып балам аман болсун деп 5 убак намазында силерге дуба кылып турат.Окуп отуруп коз жашымды тыя албадым.Журогум сыздап кетти.Ушул заманга каргыш дейинби? же ушул заманга алып келген караан калгыр бийликтерге каргыш дейинби озум да билбей турам...
Бирок тагдырга туш келген турмуштун азабы дегим келет.Ар бир кылым да озунун оор бир кундору,жылдары болот го деп ойлоном.1916 - жылдары кыргыз уркуп,талаалап качып кытайга баш панек таап,жолдо олгону жолдо олуп,улуу тумоо каптап Кытайда олуп,келе жатып дагы олуп,ачкачылыктан канчасы олуп бечара кыргызым не деген азап корбоду.
1941- жылкы урушта канчалаган кыргыздан ажырадык,Тылда ачкачылык,жокчулук канчалаган элибизди алып кетти.Ушул откон замандарыбызда деле жаш жигиттер,жаш кыздар кандай турмуштун оор кундорун башынан откорбоду.
Азыр болсо кашыктап чогулткан элдин мулкун чакалап чачып жиберип ошонун айынан элибиз минтип кыйналып турат.Ошол кыйынчылыктан, жакырчылыктан силерге окшогон азамат жигит кыздардын эмгегинин,кыйналып тапкан эмгегинин натыйжасында кыргыз элинин жашоосу онолуп бара жатат.Кудайга шугур эл онолуп,байып бара атат бирок силерге окшогон балдарыбыз алыста бироонун элинде бироонун жеринде керек болсо кор болуп акча таап жонотуп атат.Биз эмне учун тез байып атабыз?.Анткени силердин мандай тер менен ак мээнетинердин натыйжасы деп билем.
Айылдагы дуркуроп салынган уйлор,шаардагы этаж этаж уйлор,короо толгон малдар,машиналаржада калса куркуроп берилген тойлордо да силердин кыйналып тапкан мээнетинер балдарым.Силерге окшогон азаматтарыбыз бар учун,биздин жашообуз жакшырып нан толуп,нан коп болсо ыр болуп жашап атабыз.Силерге окшогон уулдарыма,кыздарыма таазим кылып Жолунар ачык болуп,АЛЛАХЫМ ДАЙЫМА СИЛЕРДИ КОЛДОП,ишинер ийгилктуу болуп,ойлогон ой максатынарга жетип эсен аман эл журтунарга келишинерди тилеп калам! Менин силерге берген энелик батам деп билгиле.

#17 21 Октябрь 2013 - 10:43
Kg.lady (07 Июль 2013 - 22:29) жазган:
Иии,антип кырыбыздан жатпасакда,
бул жактын ачуу-таттуу жашоосунан даам татып келатабыз.Орусия десе акчалар агылып,аны барып мешоктоп сузуп алчуудай болуп ....башкача элестетип келгенибизге кантесин....)))Бири адал иштеп таап жатат акчасын,бири айланасындагыларын алдоо жол менен акча таап жатат,дагы бироо бир байкуштун кылган мээнетинин устунон акча жеп,кыскасы кашасыда бар,оз арабасын кылдыратып тынч жургонуда бар....Кыскасы ушул жактагы,сагыныч куса жакындарына,
мекенге болгон баары артта калып,баары оз жерине кайтса дейм.Баардык иштин аягы болгон сынар,ушул тентимиш жашоонунда аягы болушун каалайм....
Иии,антип кырыбыздан жатпасакда, бул жактын ачуу-таттуу жашоосунан даам татып келатабыз.Орусия десе акчалар агылып,аны барып мешоктоп сузуп алчуудай болуп ....башкача элестетип келгенибизге кантесин....)))
Мен ошентип ишенип келип алгам корсо иштеш керек экен да! Кыргызстанда иштебеген Дипломду ала келгениме аябай кулом азыр.
#18 06 Август 2019 - 07:32
lilokoo (15 Август 2013 - 20:40) жазган:
Чет олко...Бул созду алгач ирет укканда кыялдар озунчо бир ааламга жетелеп, кооз жерлерди, кулумсурогон адамдарды, дениздерди,
океандарды,
айтор ар ким кинолордон коруп-суктанып жургон олкону коз алдына элестетет эмеспи. Иштегени барса эле акчаны куроп алып сумкага салып келчудой..Ал учурда учакка отуруп бат эле коздогон олкого жетууго шашыласын. Башка олкодон бакыт издоого, ырыскы табууга белсенип далай жаштарыбыз дуйнонун торт бурчунда журушпойбу.
.Кепти улай, мен да ошондой жаштардын арасында коптон бери самап жургон олкого келдим. Ишим абдан жакшы,Кудайдан болуп бардыгы кыйынчылыксыз ишке ашып жатат. Коптон куткон кыялдарды орундатуу алдында турам.. Ата-энем, бир туугандарым дени соо, алты саны аман дегендей. Курсагым ток, кийимим бутун, жашай турган жерим бар. Мен бактылуу болбошко акым жок. Бирок мен бактылуумунбу?
Бакытка бир нерсе жетишпей турат. "Калдайган сары талаана,карлыгач болуп кетсем дейм" деп бекеринен ырдашпаган экен да.. Кокурокто кусалык.. Чалкыган Ала-Тоомо, берметтей Ысык-Колумо, калдайган кен талааларына, абана, сууна,топурагына жада калса кичинекей таштарына кусамын. Кусалыктан, сагынычтан сары оору болуп саргайып турам. Мекенимдин элеси коздон учуп, энеси баласын энсегендей энсеп турам. Сенин боз топурак кочондо жаш баладай чан ызгытып чуркашты каалап турам. Суундан жутуп, чанкоомду кандырып, абандан кере-кере дем алышты самап турам.. Мен энесинен эрте калган жаш улактай боздоп турам. Сенин топурагындын жытына зар болуп ыйлап турам. Мекеним менин-асыл бешигим.. 14190709-sn-n--n-- n-----n---------n----- ----n------n-n-------- -n.jpg

Эхх чиркииин конулдогу,коодондогу создор тизмектелиптир....
Баракча 1 - 1