Мен турмушка чыкканда уйубуздо 1ай эле жашадык. Андан бери моссква шаарындабыз 2 жыл болуп жатат. Ушул убакытка чейин апамдан жаман соз уга элекмин. Кудайга шугур
Кайненемдин жакшы жактары
#82 26 Апрель 2017 - 20:37
Менин да тилегеним кайненем майдачыл болбой, билбей калганымды устуртон эле уйротуп койсо дейм. Эн негизгиси кайненем мн жакын, сырдаш болсом дейм. Баарыбыз "Алтын кайнененин"
келини эмес кызы болуп, бизге да кайнене эмес "Апа" болууну насип этсин Аллахым.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#83 30 Апрель 2017 - 21:34
Бир соз менен айтканда кайн энемдей эне болгум келет,ушундай баласынан коруп уруштура койбой тарабым тартып турат))
#84 21 Сентябрь 2017 - 00:12
Кайненемдин жакшы жактары коп.Жаман жагын коро элекмин.Айылга барып,кайра уйго кетип жатканыбызда баардык тапкан нерсесин салып берет.Эч нерсесин аябайт бизден.Уйротпойт ант,мынт деп.Балдарым ыйлак болгон учун туну нормальный уйку жок.Кундузу оло уктагым келет.Балдарымды карайт,мени бир комнатага киргизип коет,1-2саат уктап ал,туну уктабадын деп.Жоок идиштерди жууп коеюн же тиги жерди жыйнап коеюн десем,урушат.
Идиш качып кетмек беле,кирип укта деп)Ыраазымын кайненеме.Менде кайненеден тартынуу деген нерсе жок.Оз энемдей кором,ар кандай темада суйлошуп отура беребиз.Супер инфонун ар жумада чыккан санын окуйт экен."бул ырчы ажырашыптыр,
тиги куйоого тийиптир,бул авария болуптур"
деп баарын билет."ай апааа жанылыктын баарын сизден сураш керек экен" десем,кулот.
Жаш ырчылардын баарын билет экен)аларды даже мен тааныбайм кобун.Иши кылса Кудайыма шугур,жакшы кайненем бар.Амандыгын,
омурун тилеп дуба кылам дайыма.Бактыбызга бар болсун,коп жашасын.
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
#85 01 Октябрь 2017 - 21:00
менин кайын энемдин жакшы жагы тамагымды эч качан жаман дебейт, бир жолу коноктор келгенде ашым шауле болуп калса, эч теке болбойт наоборот тишибизге жакшы деген эле.
#86 02 Октябрь 2017 - 18:39
Менин кайненем залтойда еч бир катык айтып урушпады коноктор келсе кошо кыймылдап жугуруп турат туура емес жаман кылсам деле ич нерсе болбойт жакшы еле деп койот анан дагы кийлигишпейт.
Менда ошондой кайнене болгум келет
#87 11 Октябрь 2017 - 08:47
Кайненемдин жакшы сапаттары коп.Келиндеринин буюмун аяп,этияттап турат.Тамагым окшобой калса деле унчукпайт.Жолдошум экобуз кээде урушуп калсак баласын урушуп,таламым талашып койот.Колунан коору тогулгон уз аял.Эмоцияга алдырбаган,
кучтуу аял.
#88 14 Октябрь 2017 - 23:23
Менин апам (кайын энем) да жакшы аял ,сабырдуу ,кемчиликтерибизди каттуу урушуп айтпай секин бир эки мисал менен айтып койот чучугуна жетет да ал кемчиликти кайталабаганга аракет кыламын анча мынча адилетсиз мамилелери болуп калат же мен озумо ошондой кабыл алып аламынбы билбейм андайда кичине таарынгандай болуп калам ,бирок жакшы кором, сыйлайм . Ылайым узак омур сурсун, денсоолугун тилеймин апаларымдын.
#89 15 Октябрь 2017 - 21:09
Менин кайын энем ак коонул тузуук эле.Тез жини келип тез тарайт.Копго чогу жашасак бири биризди жактырбай калабыз.Алыста болсо ынтымак болуп суйлошуп калабыз
#91 22 Октябрь 2017 - 20:52
Темасы кайненемдин жакшы жактары деп турабы,ошого карата жакшы жагынан баштайын,мага жакшылык кылбады деп айтпайм кылат бирок кобунчосу жамандык жогору жакта окусам куйоосу экоо урушса келинге тарткан кайнене бар экен а меники мени наборот урушуп ит абирийди кетирет даже баланыз кыздар мн суйлошуптур деп арызданганымда эмне сени эле карап отурмак беле деп урушканы эсимден олсом кетпейт и балдарым мн жумуштарга жетишпей калсам суйлонуп башка жагымдан чыгарат, балдарымды шумшук деп каждый шагын уруша берет жада калса каробка ойноп жатса ошону ыйлатып колдорунан жулуп алат айта берсем коп эле, просто оздорунун кыздарынын да келечегин ойлосо менин абалыма тушсо уйго ыйлап келсе кандай бт деп.Бирок эч нерсесин унутпайм мен журогумдо так бп калган но картайганда корсотом деген келиндерден эмесмин жамандыкча наборот жакшы мамиле кылып баспай калганда которуп да бакканга кудуретим жт,жуунтуп, кийинтип багам деп келем но,жаш кезинде мага кандай кундорду корсотконуно окунуп отсо дейм.
#92 03 Ноябрь 2017 - 00:56
Жакшы жактары коп эле кудайга шугур,ар бир нерсеге запрет койбойт,бир нерсе болгондо аанча мынчада мени менен кенешет баласы эмес мен тарап,ооруп калсан жат,жылуу кийин,колун муздак сууга салба,жеп ал,ичип ал деп турат.Жамандан жакшысы коп кудайыма чексиз шугур.
Мен дуйнону апам менен тааныгам.....
...
#93 03 Ноябрь 2017 - 09:36
Оой урушсанар келини тарап болгон келиндердин кайненесине завидую.Бизде наоборот урушуп калсак,иттей кылат го мени.Иттен алып бокко салат.Келгенимде жакшы жактары коп болчу.Азыр анын бири да калбай бараткансыйт.
Билдирүүнү түзөткөн: -Sumitra-: 03 Ноябрь 2017 - 09:36
#94 03 Ноябрь 2017 - 14:04
Жакшы жактары арбын: аяай жакшы ырдайт, любой тойдун көркү, өзү эле тамада, ырчы, бийчи чоорчу дегендей. Катышы аябай көп, конок тосуп узаткан жагынан алдына эч кимди салбайт. Тамакты дагы укмуш жасайт. Неберелери дегенде узулуп тушот. Экообуз жакшы сырдашабыз,
кеп кенешин тынбай берип турат. Кээде кийлигише калат, бирок кайра озун тыйат, кой, сен деле бироонун алмончоктой кызысын деп калат, менин деле кыздарым бироонун булоосу да деп. Негизи кайненеме озумдун апама кандай мамиле кылсам ошондой эле мамиле кылам, аркасынан жамандабайм.
Анча мынча сындарын туура эле кабыл алам.
#95 06 Ноябрь 2017 - 14:34
)) Менин апам да абдан кеңпейил, мээрман жан. Эч бирөөгө катуу тийбеген, тирилигин мукум кылган, тамак-ашка тың керилген сулуу аял. Иштеген иши бар, чөйрөсүндө сыйлуу, кадырлуу болсо да эч бирөөгө кадырын салбаган, милдет кылбаган жөнөкөй.
Келинге карата мамилеси сонун. Кайненемин, келин кылсын деп отурбайт, баламды карашабы, тамагымды жасашабы, айтор эч качан тириликти жалгыз өзүмө таштап койбойт. Сүйлөгөнү дайым бирдей, капаланса гана билинип калбаса, ачууланганын же абдан кубанганын деле эч билдирбейт. Намазын окуп, жаркылдап батасын берип эле жүргөн дили таза, пакиза зат. Кандай жумуш болбосун тез жасайт. Мен аңкайып эле карап калам суктанып. Көп нерсе үйрөндүм. Тириликтен тышкары сабыр кылууну, шүгүр кылууну, кечиримдүү болууну, күйөөгө кандай мамиле кылып, кантип сый-урматын ордуна коюуну, эл алдында кандай жүрүүнү ж.б.у.с өтө көп пайдалуу адаттар. Мен да кийин апамдай эне болсом деп тилейм. Баардык бойдок кыздарга ушундай кайнене каалайм)
Келинге карата мамилеси сонун. Кайненемин, келин кылсын деп отурбайт, баламды карашабы, тамагымды жасашабы, айтор эч качан тириликти жалгыз өзүмө таштап койбойт. Сүйлөгөнү дайым бирдей, капаланса гана билинип калбаса, ачууланганын же абдан кубанганын деле эч билдирбейт. Намазын окуп, жаркылдап батасын берип эле жүргөн дили таза, пакиза зат. Кандай жумуш болбосун тез жасайт. Мен аңкайып эле карап калам суктанып. Көп нерсе үйрөндүм. Тириликтен тышкары сабыр кылууну, шүгүр кылууну, кечиримдүү болууну, күйөөгө кандай мамиле кылып, кантип сый-урматын ордуна коюуну, эл алдында кандай жүрүүнү ж.б.у.с өтө көп пайдалуу адаттар. Мен да кийин апамдай эне болсом деп тилейм. Баардык бойдок кыздарга ушундай кайнене каалайм)
#97 25 Ноябрь 2017 - 15:43
Кайненени камырынан. Чын соз тура?! Баары okey. Озгорбосо керек деген ниеттемин. Ото таза-тыкан, катуу айта элек,баласаак)).
Бир ай ичинде толтура соз жазгым келди, коп экен жакшы жактары. Кий,же, эртерээк укта деп турат иий жаным апам. Ооп ооп кучактап алам. Кооп насаатын угуп,суйлошуп отура бергим келет. Аллах Таалам ынтымагыбызды бекем кылган болсун ылайым.
#98 06 Декабрь 2017 - 15:50
Апам абдан жакшы адам. Бардык нерсе колунан келет. Билбегенимди жакшылап уйротот( уйдогулорго жаккандай кылып кылууну). Биринчи келген убактарымда баласына эмне жагаарын эмне жакпаарын баарын айтып уйроткон. Кимге кандай мамиле кылыштан бери айтып уйротот. Келиним билбей осол болуп калбасын дейт экен. Ушундай бир алтын апам бар экенине Аллахка чексиз шугур.
#99 11 Декабрь 2017 - 01:01
Тайэжем(кайненемди ушинтип айтам) экинчи мамамдай эле кором мурунтан. Дайым мамамдын жоктугун билдирбей келет. Конулумо карап мамиле кылат. Тайэжем сонун кайнене.
#100 11 Декабрь 2017 - 12:16
Менин кайненем да жакшы аял, озуно тын, чечкиндуу, балдарына жакшы тарбия берген. бироонун жашоосуна кийлигишпейт.
уйлонгондон кийин 10 кундон кийин эле болуп койгон. жумушубузга байланыштуу.
Бир буюм алып жатса мага чалып кандай алалы дегени эле аябай жагат. Баласына ишенет. ошон учун мени менен иши жок. Жаны келин болуп келгенимде айткан созу. ((ишенем экооно тен, бизди уят кылбайсынар жакшы тарбия алгансынар)) деген. Ошон учун жакшы келин болгум келет, Ата-энеме соз тийгизбей.