"Лондон-2012"
Олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекованы сот 2 жылга эркинен ажыратты
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бүгүн Айсулуу Тыныбекова жана Розалия Тилегеновага карата чечим чыгарды. Сот аталган экөөнү Кылмыш кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, Айсулуу Тыныбекованы 3 жылга, Розалия Тилегенованы 2 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бирок сот спортчу кыздардын мурун сот жообуна тартылбаганын эске алып, Айсулуу Тыныбекованы 2 жылга, ал эми Розалия Тилегенованы 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова менен Розалия Тилегеновага "17 жаштагы Ясмин Нурдин кызын сабап салышкан"
деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Окуя кыз-келиндер күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекованын "Лондон-2012"
Олимпиадасына даярдык көрүп жүргөн кезинде Бишкек шаарында болгон.
http://www.super.kg/
...janylyk_id=3813
Ушул жаңылыкты окуп алып ичиң ооруйт. Кыргызстандын атын чыгарып келген Айсулууга ушундай чечим чыгарышты. Мен ишенбейм, Ясмина жөн турган жеринен сабап салды дегенге. Кантип эле?! Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдамак беле?! Тиги Ясминасына жок дегенде биздин чоңдор жардам кылып материалдык жардам көрсөтүп коюшса болмок. Эми Айсулууга кандай деген удар болду?! Кыргызстанды таштап кетип калбаса эле болду?! Кийин бир жерден жеңишке жетишсе анан биздикилер чыгат, биздин кыз болчу деп! Учурунда колдо бар алтындын баркын билишпейт!
Айсулуу, эч кайгырба!
Акыйкаттык келет, биз сени менен!
Айсулуу Тыныбекова
#1 06 Декабрь 2012 - 22:43
Каждый день делайте доброе дело, которое вызовет радостную улыбку на чьем-либо лице
#2 06 Декабрь 2012 - 23:20
Ошондо кандай условно эки жыл бердиби? Же турмого отургузуштубу?
#3 06 Декабрь 2012 - 23:44
#4 07 Декабрь 2012 - 00:49
мм.де.Мына сага кызык!
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#5 07 Декабрь 2012 - 00:52
Miyzam aldynda baardygy ten. Ataktuusunbu, je karapaym adamsynby, ayalsynby je erkeksinbi - ayirmasy jok, baary bir joop beresin!!!
YMYT bolboso, jurok jarylmak...
#6 07 Декабрь 2012 - 01:05
lira (07 Декабрь 2012 - 00:52) жазган:
Miyzam aldynda baardygy ten. Ataktuusunbu, je karapaym adamsynby, ayalsynby je erkeksinbi - ayirmasy jok, baary bir joop beresin!!!
Сизге толугу менен кошулам! Кыз башы менен эмнеге сабайт? Мектептеги кыздарды сабаган, еще кыйраткансып камерага тарткан кыздарды корсом, ошолорду издеп табып, сазайын бергим келет! Менин дагы назик,назик синдилерим бар, мектепте оокуган, аларды эстесем коркуп кетем.
#7 07 Декабрь 2012 - 08:29
эмне спортчу болсо эле соттолбош керекпи мыйзам баарына бирдей керек болсо камаш керек ушул да кызбы озунун ким экенин унутуп койгонбу.
#8 07 Декабрь 2012 - 11:40
Аа не кыздардын Айсулууну шылдындаганычы,
кемсинткени ошол денгээлге жеткизгени неге жатат ошондо?
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#9 07 Декабрь 2012 - 15:15
#10 07 Декабрь 2012 - 15:35
Жөн эле барып сабап калчу кыз эмес болсо керек, Айсулуу сабабаса, Ясмин сабамактыр балким? Тиги кызга эмне болуптур эле, ким билет чын-бышыгын?
Менин да ичим ачышыбатат,
ушундай ийгиликтерге ээ болгон кыздын соттолгонуна.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#11 07 Декабрь 2012 - 15:45
Айсулууну шылдындашыптырвы же Айсулуу шылдындаптырбы.
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#12 08 Декабрь 2012 - 02:40
Атактуу болсо деле жазасын алыш керек да, колу менен жасаган ишти, мойну менен тартыш керек. Мыйзам баарына бирдей!
#13 08 Декабрь 2012 - 02:55
окуп алып аябай жаман болдум болгондо да кыргызстандын атын коргоп жургон кызга ушундай мамиле кылган. мага кызык болгону чын эле сабадыбы жана далилдер барбы!!!
? тиги кыз жон эле турса Айсуулу барып сабап салыптырбы!
!?? ак ийилет бирок сынбайт !!!
#14 27 Декабрь 2012 - 10:56
Озу кылган ишине жооп бериш керек. Кыз болуп туруп, андай жолдон алыс болушу керек да...
кыздардын урушканын коруп алып журогум ооруп кетет, карындаштарымды ошентип уруп жатса, анда турмодон деле коркпойт элем...
кыздардын урушканын коруп алып журогум ооруп кетет, карындаштарымды ошентип уруп жатса, анда турмодон деле коркпойт элем...
Конок уйлор: Хуторок жана Каган
Швейцарияда эс алуу
Швейцарияда эс алуу
#15 27 Декабрь 2012 - 12:12
Баардык адам мыйзам алдында бирдей укукка ээ да , спортчубу, бекерчиби.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#17 12 Октябрь 2013 - 21:17
ясмина озу тилин тыйып журбойбу анда тилинин айынан таяк жеген да. Айсулууга ичим ачышты
#18 12 Октябрь 2013 - 21:53
Emi bawka olkogo ketip owol olkonun atynan kurowup iigilike jetiwse jamandap jatkan adamdar maktap 4ygaryna kumonum jok
#20 21 Октябрь 2013 - 22:41
kyrgyztorres (08 Декабрь 2012 - 02:40) жазган:
Атактуу болсо деле жазасын алыш керек да, колу менен жасаган ишти, мойну менен тартыш керек. Мыйзам баарына бирдей!
Кайсы МЫЙЗАМды айтып жатасыңар? КРда мыйзам баарына бирдей десеңер жаңылышасыңар! Мыйзам капчыгыңа карап иштеп калганын билбейсиңерби?
Бул жерде балким Айсулууну подстава кылышкандыр? Териштирген бирөө болдубу?
Өзүн актагандан өлө кач!!!