Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.
#241 15 Февраль 2018 - 05:53
(Суроо-Жооп)
тема:
ЭРКЕК МЕНЕН АЯЛДЫН МАМИЛЕСИ⭕
1. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Эгер эркек аялдын үстүнө кирип жашаса күнөө болобу, а эгер аял өзү ошону каалап жатса?
Андайды күч күйөө деп коёт. Шариат тыюу деле салбайт. А бирок эч бир эркектерге каалабайт элем ушул тагдырды. Акыл эстүү аял болсо го жакшы, кичине акылы тайызыраак болгон учурда сени кууратышы мүмкүн. Каалаганда киргизип, каалабаса эшикке кууп чыгып. Шаар жеринде да билинбейт, айыл жеринде уятыраак иш. Бирок кээде ушул нерсе турмуш зарылчылыгы болуп калган учурлар болот, ал учурда башка түшсө байтал жорго болот.
2. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Мен кечинде келинчегимдин чачын өрүп берем. Жумуш бүткөн соң гусул ала электе жазса чачынын баарын жууйбу? А кийин жазса даараты сакталуу болобу?
Ой боой, көз тийбесин.... Чачы өрүлүү болсо, андан соң сиз айткан жумушту кылсаңар, чачы жазылганга чейин гусул ала турган болсо, чачынын түбүнө, баштын терисинин түбүнө гана суу жеткирүү милдеттүү болот. Чачтын баарын жууган зарыл эмес. Болгону чачтын үстүнөн толугу менен масх тартып коёт. Эгер гусул алганга чейин чачын жазып жиберсе, анда чачын башы менен баштан аяк жуусу милдеттүү болот.
3. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Мен күйөөмдүн үчүнчү аялымын. 1 кызыбыз бар. Бирок никебиз жок. Кызга жардам берип турат. Мен башкага турмушка чыксам болобу?
Никеңер жок болсо кантип аялы болмок элең. Ойношумун, никесиз тууп алгам дебейсиңби, ачык эле. Сөз чынынан бузулбайт. Ошол ойношуңа эле турмушка чык, нике кыйдырсаң баары жайына келет.
4. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Жолдошум намаз окуйт. Экөөбүз дааватка чыгып турабыз. Ал мени көп кызганат. Азыр Москвада иштейт. Телефондо көп урушабыз. “Үйүңө кете бер, жообуңду бердим” деп көп айтат. Мага талак түшүп калдыбы? Мусулман эркек кандай болушу керек, кененирээк жазыңызчы.
Бул айткан сөзүнө талак түшкөн-түшпөгөнүн, жолдошуңуз менен сүйлөшкөндөн кийин гана билинет. Себеби бул жерде киная талак болуусу мүмкүн. Мусулман эркек жакшы болуш керек. Сөзүнө маани берип сүйлөп, аялын, бала-чакасын багуусу керек. Үстү-башын, тиштерин таза кармап, жума сайын жакшылап жуунуп туруусу керек болот. Диний билимин өркүндөтүү максатта сабактарга катышуусу, китептерди окуусу керек. Туугандары менен катташууну унутпоо керек. Эркенк оор-басырыктуу болуп аялдардын көп сөзүнө маани бербөө керек. Теңелүүнүн кереги жок. Махрам эмес аялдардан оолак болуусу кажет. Мүмкүн болушунча эркектер менен чогуу иштегени жакшы.
5. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Бир түндө аялың менен эки жолу кошулсан, ортосунда гусул алыш керекпи?
Жок. Гусул алсаң жакшы. Болбосо даарат алсаң деле болот. Анан шашып жатсаң аны деле кылбай койсоң болот.
6. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Группалаш кыздар менен окуу маселесин сүйлөшсө болобу?
Болот. Бирок бурчка отуруп, караңгыда, эшиктерди жаап коюп, түндө сүйлөшкөн болбойт.
7. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Жыныстык катнаш убакта жолдошум арт жактан кошулууну сурайт. Уруксат жок экенин билем. Эркектерге түшүндүрүп бересизби, сураныч.
Аялдарга айыз жана нифас кандары келип жаткан учурда кошулууга, жана ошондой эле арткы авретине кошулууга тыюу салынат. А бирок эркек менен аял ар кандай ыкмада кошулууга уруксат берилет. Болгону алдыңкы авретине кошулуу керек. Кимде ким аялдардын арткы авретине кошулса боло берет деп айткан болсо, Шариаттагы арам деп таанылган өкүмдү боло берет деп айтканы үчүн ыймандан чыгат, каапыр болот. Нике кыйылса эле бардык нерсеге уруксат бериле бербейт. Ал эмес, аялы макул болгон күндө дагы бул нерсе арам деп айтылат, жана ага жол берилбейт.
8. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Келинчегим менен кинодогудай ооз, кол менен кумар кандырсак күнөө болбойбу?
Кинодогунун кандай экенин билбейм, бирок жубайлар колдору менен бири-бирин массаж кылып, эркелетип, ооздору менен өбүшкөндү шариат тыйбайт. Эки тараптан тең ошол нерсеге макулдук болгон жакшы болот.
9. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Жолдошумдун айтканына көнбөй жатканымда “талак берип коём” деп смс жазган. Эч нерсе болбойбу?
Иши кылса берген жокпу? Бербеген болсо эле түшпөйт.
10. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Катынга кол көтөргөн эркекке кандай карайсыз?
Арам. Бирок эрдин тилин албай, көчөгө чыгып кеткен дагы арам.
11. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Кыздар менен телефондон сүйлөшө берсе болобу? Бирок жолукпай.
Телефондон сүйлөшөсүн, анан эртеси дагы сүйлөшөсүң, анан бирсүгүнү кантип жолукканыңды билбей каласың.
12. Бөлүм: Аял-эркек мамилеси
Ата-эненин акысы жана ата-эне тирүү кезинде кутула албай калса жана аялдын акысы?
Ата-энеден кутула албайсың, таксырым. Тирүүсүндө. Өлгөндөн кийин деле кутула албайсың, бирок ошого далалаттар бар, тирүүсүндө ата-энеңдин ыраазылыгын алышың керек, колдон келишинче. Өлгөндөн кийин ана-энең бүтүрбөй калган ишти бүтүрүп, атаңдын достору менен катташып, аларга дуба кылып, сообун багыштап турасың.
Аялдын акысы, урбашың керек, өзүң жегенден жедиресиң, өзүң ичкенден ичиресиң, анын көңүлүн жана курсагын тойгузасың, ыраазы кыласың. Анан аялды мойнуңа мингизип алба. Кээ бир адамдар аялды сыйлайм десе, аялын мойнуна мингизип алат, бур арам болот туугандар. Үйдү эркек башкарыш керек. Үйдө кожоюн эркек болот. Курани Каримдин өзүндө келет, Пайгамбардын осуятында келет. Анан кээ бирлер үйдүн кожоюну эркек десе, анда аялын сатын алган кожоюндай элестетип алат. Жок андай эмес. Сен аялга нике кылдың, сен ага укугуң бар, ошондон жыныстык мамиледен пайдаланганга. Аны күңдөй жумшай албайсың. Базардан сатып алсан сатып жиберсең болот кадимкидей, жок. Үйдө аял урматталыш керек, өзүң жегенден жедиресиң, өзүң ичкенден ичиресиң, өзүң кийгенден кийгизесиң, анын көңүлүн көтөрөсүң, жакшы кыласың, бирок акыркы сөз сенде болуш керек дайыма.
#242 17 Февраль 2018 - 01:20
Eli.91 (17 Январь 2018 - 23:49) жазган:
1)Биз баш кошконубузга 6 жыл болду,5 жаштагы кызыбыз бар,андан кийин боюмда болбоду,корунгонда жокбуз,баардык нерсе Алладан деп,бирок куйоом балалуу болууну ушунчалык каалайт,дайыма айта берип акыркы кундору журогумо каттуу тийе баштады,эмне кылыштыда билбей калдым,Ким бала жонундо суйлосо журогум ооруйтурган болду,озум ачуулуда болуп баратам,терен ойлоп сизге кайрылууну туура кордум,атайын келишим менен бала которо турган аялдар барго,ошолорго куйоомдун уругун алып салып торотсок болобу?же бул нерсе Исламга туура келбейби?сизден сураныч ушул сууромо жооп берет деген умуттомун?сизден Алла Ыраазы болсун.
ассалому алейкум,мен Чубак ажы Жалиловдун бактылуулуктун формуласы деген китебинен окудум,жообу бар экен,скачать этсениз да болот плей маркеттен,китеби да бар,карын эне кайгысы деген.менимче болбойт.жакшы тушунбодум
#243 11 Март 2018 - 19:45
Eli.91 (17 Январь 2018 - 23:49) жазган:
1)Биз баш кошконубузга 6 жыл болду,5 жаштагы кызыбыз бар,андан кийин боюмда болбоду,корунгонда жокбуз,баардык нерсе Алладан деп,бирок куйоом балалуу болууну ушунчалык каалайт,дайыма айта берип акыркы кундору журогумо каттуу тийе баштады,эмне кылыштыда билбей калдым,Ким бала жонундо суйлосо журогум ооруйтурган болду,озум ачуулуда болуп баратам,терен ойлоп сизге кайрылууну туура кордум,атайын келишим менен бала которо турган аялдар барго,ошолорго куйоомдун уругун алып салып торотсок болобу?же бул нерсе Исламга туура келбейби?сизден сураныч ушул сууромо жооп берет деген умуттомун?сизден Алла Ыраазы болсун.
Ва алейкум ассалам. Тооба деңизда, шахадат калимасын көп-көп айтып, ыйманыңызды жаңылап алыңыз, себеби карын энелик жасатуу же жасоо исламдагы эң чоң күнөөлөрдүн бири, муну арсыз динсиздер жасатат. Ошол күйөөңүздүн уругун өзүңүзгө жасатып, өзүңүз эле балалуу болуңуз. Азыркы учурда балалуу боло албагандардын көпчүлүгү ошентип өз күйөөсүнүн уругун өзүнө куйдуртуп балалуу болушууда. Ал эми экинчи варианты болсо, (күйөөңүздүн уругун башка жат аялга куйдуртуп чооң күнөөгө баткандын ордуна) күйөөңүздү экинчи аялга расмий түрдө эле үйлөп койсоңуз, чооң балээден кутулмаксыз, эч кандай күнөөда жок, тескересинче чооң сооп алмаксыз.
(Чубак ажынын ордуна эптеп жооп жазып койдук, өзү окуп калса тууралап жооп берет иншааллах)).
Билдирүүнү түзөткөн: Salaf: 11 Март 2018 - 19:47
#244 09 Апрель 2018 - 21:04
Менин кулагыма көбүнчө таңга маал эркек адам азан же сүрө айтып ойготуп жиберет. Коркуп кетем. Нази
-Коркпоңуз. Бул Алланын сизге жиберген периштелери. Намаз окуңуз. Мен Меккеде жүргөндө да ушинтип эрте менен ойготчу.
-Мен окуучумун. Намаз окугум келет. Бирок мектепте хижап кийгенге уруксат жок. Азыркы жаштардай кийинип эле намаз окуй берсем болобу? 077871...
-Хижап кийүүгө уруксат бар. Уруксат бербейм дегенди сотко берсеңиз болот. Бизде демократия. Намазды окуй бериңиз. Намаз менен хижап кийүү эки башка амал.
-Намазды жаттагыча китепти карап окуса болобу? 077871...
-Болот. Бирок колдон келишинче тезирээк жаттаганга аракет кылыңыз.
-Мага азан чакырып ат койгон эмес. Күнөө эмеспи?
-Күнөө эмес. Кааласаңыз мечиттин жанына келип азанды угуп кетиңиз.
-Досум машинасы менен кырсыктап, 4 бала каза болуп, рулдагы досум аман калды. Биз муну кырсык дедик. Аны каматпай койсок күнөө болбойбу? Каза болгондордун туугандарына колдон келген жардамды берип жатабыз. 077871...
-Жардам берип жатканыңар жакшы. Досуңуз тообо кылып, Кудайдан кечирим сурасын. Катасын түшүнгөн болсо жетиштүү болот. Каматкан менен эч ким пайда көрбөйт.
-Биз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз. Анын үй-бүлөсү бар. 1 жылдай никесиз жашадык. Азыр нике бар. Күнөөбү? Г-а.
-Никесиз жашаганыңар күнөө. Аны үчүн Кудайдан кечирим сурагыла.
*Булак*-Бактылуулуктун формуласы китебинен
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 09 Апрель 2018 - 21:05
#245 23 Май 2018 - 11:17
#246 03 Июль 2018 - 16:41
#247 25 Июль 2018 - 10:26
brother
#248 27 Июль 2018 - 20:33
sister (25 Июль 2018 - 10:26) жазган:
Кечээ видеосунан уктум эле ушул суроону. Эгер чыпташпаган, денен билинбеген шым кийсен болот,бирок созсуз тизенден койногун болсун деди .
#249 27 Июль 2018 - 21:11
sister (25 Июль 2018 - 10:26) жазган:
Туура эле тушунупсуз ал эми жоктон коро жогору деген мваниде айтып атат,акырында айтып отот сен азыр ошону кылып тур кийин-кийин барып оронуп аласын деп айтат.Намазды да эми баштоочулардан суроо келсе билгенинди окуй бер бирок уйрон деп айтат.Ошого андай жоопторуна ишене бериниз коп антип айткандары болгону таштап койбо ошону жасап тур кийин калганын озун эле кылгын келет деп айтат. Ар бир адам жаны баштаганда билбесе кыйын да сиздин деле коп билдируулорунуздон байкайм турмушка чыккандан кийин оронгон окшойсуз ага чейин сиздей бироонун сизге болгон коз карашы менен азыркы коз карашын ойлонунуз.
Билдирүүнү түзөткөн: kaidasyn: 27 Июль 2018 - 21:16
#250 30 Июль 2018 - 09:48
kaidasyn (27 Июль 2018 - 22:11) жазган:
Ошондой эле болсунчу, бирок туура эмес тушунуп алгандар дагы бар экенда. Жакшынакай эле жабынып журушуп " Чубак ажы "шым кийе берсе болот"-дешти" - деп шым кийим алгандар жок эмес. Ошондуктан " жоктон коро жогору эмес" эле " кандай кийиниш керек болсо ошондой кийин"- деп катуу эле айтып койсо.
brother
#251 03 Август 2018 - 09:34
Томондо Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын азрети муфтийи болуп турганда Жалилов Чубак ажынын ислам кийимдери туурасында чыгарган фатвасы менен таныштырабыз:
"Ислам шариятында аврат деп эсептелген дененин болукторун жаап журуу милдеттуу фарз катары танылат.Аял затынын жузу жана эки колунан(манжаларынын учунан баштап,билек муундарына чейинки аралык)башка денесинин бутундой бардыгы аврат деп саналат.
Кийимдин милдеттуу болгон шарттары:
1.Кийилгег кийимдин туруш-турпатынын озу жасалга болбоосу;
2.Кийимдин алдындагы денени корсотпой турган денгээлдеги калын болуусу.
3.Мучолордун коломун аныктабай турган денгээлдеги кенен болуусу.
4.Адамдардын конулун озуно тарта турган атырлар жана жыпар жыттардын суйколгон болбоосу.
5.Эркектердин жана фасык(шарият жолунда туз журбогон)аялдардын кийимдерине окшош болбоосу.
6.Шухрат(башкалардан ото айрмалаган жана обочолонгон)кийим болбоосу. 7.Дененин жуз жана эки колдон башка мучолорунун баарын жапкан болуусу.
Аялдын кийими ар кандай тусто болгондугу талапка жооп берет. Бирок кунурт жана токтоо тустогу кийимдерге артыкчылык берилет. "Никап" же болбосо жузду жаап журуу маселеси милдеттуу фарздардын катарына кошулбайт. Аялдар учун тигилген кенен шымды кийууну каалагандар, анын устунон созсуз турдо тизеден томон тушуп турган кенен кийим кийуусу милдеттуу.Кенен деп эсептелинбеген шымдарды кызыл ашыка болгон узун кийимдердин ичинен кийууго мумкун.Ал эми тар тигилген шымдардын озун кийууго тыйуу салынат.Мусулман аялдын кийген кийими таза жана жонокой болуп,башка аялдарга орнок