oppanki (02 Октябрь 2011 - 12:48) жазган:
Урматтуу Oppanki,
Бедиүззаман Саид Нурсинин Рисале-и Нур чыгармаларынын көбү философия жана ахли сунна валь жамаат акыйдасына каршы келет депсиз, мүмкүн болсо кайсы сөздөрү, же сүйлөмдөрү акыйдабызга карама-каршы келерин далилдеп бере аласызбы?
Мен ал китептердин ар бирин 4 жолудан окуп чыктым, бирок акыйдабызга карама-каршы келген бир дагы сөзүн көрө алган жокмун.
Ахли сунна валь жамаа акыйдасынын сакталып калышы үчүн "... бир Саид эмес, миң Саиддин башы алынса дагы ыраазымын." - деп жанын дагы аябаган, бүткүл дүйнөнүн жыргалынан баш тарткан, өмүрүнүн көбү түрмөлөрдө өтүп, "Аллах бар! Акырет бар! Өлүм ак!" дегени үчүн сүргүндөн сүргүнгө жиберилген ислам каарманы үчүн айткан сөздөрүңүз жүрөгүмө катуу тийди...
Сизге суроо, тигил дүйнөдө Аллах аны менен сизди жолуктуруп, айткан сөзүңдү далилдеп бер, эмнеге таянып айттың эле десе, эмне деп жооп бересиз?
Акырында айтаарым, урматтуу замандаштар, Бедиүззаман Саид Нурсинин Рисале-и Нур чыгармалары тууралуу Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Чубак Жалиловдун "...ахли сунна валь жамаа акыйдасына карама-каршы келбейт..." деген фатвасы бар, ошону уккула, жогорудагыдай провакациялуу пикирлерге маани бербей эле койгула.