Тозокко отун болгон аялдар Аялдар тозоктон коркосунарбы?
#81 08 Май 2013 - 03:47
#82 08 Май 2013 - 07:37
Egois (08 Май 2013 - 03:47) жазган:
бейиште айалдар да эркектер да болот, биринчи Исламда шахид болуп бейиштик болгон айал экенин эске алсак жетиштүү го деп ойлойм, бейиште жалан эркектер болот дегенден алыспыз, ошол сымал эле бейиште эркектер да айалдар да болушат, тозокто жалан эле айалдар болот дегенден алыспыз Абу Жахлдын жынысы эркек болгонун эске алсак жетиштүү го деп ойлойм. Ал эми бул тема айалзатын тозоктон калкалаш үчүн ачылса керек деп ойлом, мындай кылбагыла кылсанар тозоктук болуп калуунар мүмкүн деп, ал эми ким бейиштик ким тозоктук Аллахка жакшы маалим. Биз жөн кана эскертүүчүбуз
#83 08 Май 2013 - 11:32
Өмүр бою намаз окуп, орозо кармап, такыба болуп жүргөндөрдү эл ойлошу мүмкүн бейиштик адам деп... Ошол адам тозоктун түбүнө түшүп калышы мүмкүн... Тескерисинче төмөнкү хадистегидей: "Бир сойку аял кудуктун жанында суусаганынан өлөйүн деп калган итти көрүп, кудукка түшүп, бут кийимине суу сузуп, сугарып коюптур. Ошол кылган жакшылыгы үчүн Аллах аны кечирди" (Сахих Аль-Бухари, 4-том, №673) кечирип деле коюшу мүмкүн...
Бейишке Аллахтын Мээрими, Ырайымы менен кирет адам... Жалгыз Аллах билет кимди Бейишине, кимди Тозогуна киргизээрин. .. Кыямат күнү пайгамбарлар титиреп, Тозокко кирип калбасам экен деп Аллахтан суранып турат экен... Анан биздин абалыбызды элестетип коёлучу...
Аллах ширктен башка күнөөнүн баарын кечирем дейт... Өзүбүз байкабай туруп ширк кылып алышыбыз мүмкүн... Мисалы: көз ачыктарга ишенип, мазарларга барып, ыйык тоо, ыйык ой, ыйык зоо, ыйык коо, ыйык көл, ыйык чөл ж.б.у.с. деп аларга сыйынып, тагдырыбызга таарынып... Ошондо өмүр бою окуган намазыбыз, орозобуз, такыбачылыгыбыз, чач, сакал, каш өстүргөнүбүз, хиджап кийгенибиз, башка ибадаттарыбыз чаң учуп кеткенсип, пайдасыз калуусу мүмкүн...
Ошондуктан бул темада жана башка жерде жазылгандар болгону эскертүү... Бул Китеп болгону бир эскертүү деп Кураан китебибиздин өзүндө жазылган [6.90; 12.104 ж.б. Аяттар]...
Кимдер үчүн эскертүү, жалгыз Аллахка ыйман келтиргендер үчүн эскертүү... б.а. "Лаа илааха иллаллох Мухаммаду расул Аллах" сөзүнүн маани-маңызын түшүнбөгөн адам үчүн жогорудагы адеп-ахлак сөздөрү өтпөйт, түшүнүксүз болот... себеби бул динибиздин негизи болгон түшүнүктү аңдоо үчүн бир адамга ондогон жылдар керек болушу мүмкүн... Бул түшүнүк өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
1. Жалгыз Аллахка ишенүү (астыңдан мышык өтүп кетсе жолуң болбойт, куру чака көтөрүп өтсө жолуң болбойт ж.б. дебей...)
2. Анын периштелерине ишенүү
3. Анын Китептерине ишенүү (буга чейин түшкөндөрүнө жана акыркысы Кураанга...)
4. Анын пайгамбарларына ишенүү (мурункуларына жана эң акыркысы Мухаммад саллоллаху алейхи ва саламга)
5. Кыямат күнүнө ишенүү (Мен кудайга ишенем, бирок тиги дүйнөдө жашоого ишенбейм, ал жакка ким барып келиптир дебей...)
6. Тагдырга баш ийүү (кыйынчылык келсе о Аллах эмне үчүн мындай деп наалыбай; ийгилик, байлык, мансап келсе Аллахты унутуп, МЕН кылдым деп калбай; баардыгы Аллахтан деп билүү...)
Бул жазылгандар биз айткан келименин маанисинин бир чети гана... Бул тууралуу сүйлөсө сөз түгөнбөйт...
Жогорудагыларды түшүнгөн адам ширк кылбайт... Ширк кылбаган адам бардык жамандык, жакшылык жалгыз Аллахтан экенин, Анын убадалары аткарылат экенин, Анын эскертүүлөрү жөн жерден эмес экенин билгендиктен Аллахтын өкүмдөрүнө баш иет, ал тыюу салгандан карманып, ал буйрук кылганды аткарат... Анан ушулардын баарын билип туруп бул теманын башындагыларды кылса (албетте арасында кээ бирлерин тактап көрүү керек экен), ошондо Тозокко кирет деген мааниде эскертүү айтылып жатат...
Туугандар, үмүт үзбөйлү, Шайтан гана үмүтсүз макулук... бирок (кептин баары ушул "бирокто" ), жалгыз Аллахтан сураналы, жалгыз Ага баш иели жана Андан үмүт кылалы...
#84 08 Май 2013 - 12:11
zzz (08 Май 2013 - 11:32) жазган:

Баардык мактоолор Аллахка кана таандык, мыкты жазыптырсыз
#85 08 Май 2013 - 14:14
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#86 08 Май 2013 - 17:06
zhiza (03 Май 2013 - 10:50) жазган:
Бул туура эмес соз. Тамактын кашка эч кандай тиешеси жок. Тамак оз жолунда, каш оз жолунда. Кашты терууго кандай абалда болсо да тыю салынат. Ал ата-энеси, куйоосунун уруксат беруусу же бербоосуно тийешеси жок нерсе.
#87 08 Май 2013 - 17:11
zhiza (03 Май 2013 - 10:53) жазган:
Философтордун создору коп кызыктырбаганы учун аларды окубаймын. Бирок ар кандай эркек жасанып алган аялга конул бурбай койбойт. Бул тарабынан алып караганда аялдар эркектер учун жасанышат.
#88 08 Май 2013 - 17:20
#89 08 Май 2013 - 17:26
aijan (03 Май 2013 - 12:27) жазган:
Тазалык, таза журуу жасанууга кирбейт. Ошондой эле озуно жарашыктуу, таза кийинуу да жасануу деп эсептелбейт. Жасануунун бир мисалын айтсам, Исламда аялдардын кийими катары хижаб белгиленген. Эми ошол хижабтын тусу адамдардын конулун озуно бурдура тургандай болсо бул жасануу деп эсептелет. Мисалы жалтырак-жылтырак хижаб кийуу же адатта эч ким колдонбогон тустогу хижаб кийуу жасануу деп эсептелет. Бул эми хижабтын калган шарттары табылгандан кийинкиси. Б.а. дене мучо билинбей тургандай кенен, дене корунбой тургандай калын ж.б. шарттардан кийин. Ал эми хижабсыз журууну айтпаса деле тушунуктуу. Кыскасы ушундай. Анан кочого буркуратып атыр себинип чыгуу да жасануу деп эсептелип тыюу салынат. А уй ичинде уруксат берилет. Боёнуу жонундо жогоруда айттым.
#90 08 Май 2013 - 21:18
Daud (08 Май 2013 - 17:26) жазган:
Tuura aittynar! Men aitkanynarga 100% koshulam
#92 05 Май 2017 - 07:52
Yusufmuslim (02 Май 2013 - 19:12) жазган:
Бир жолу бир тааныш адамым менен бир криминалдык авторитетти динге чакырып, Ислам акыйкатын билгизүү максатында анын үйүнө барып калдык (жанымдагы агам аны менен жаш кезинде бир "кыймылдап" калган экен) , анан агам Кудай бар анын алдында ар бир ишибиз үчүн жооп беребиз, кандай жашадык, эмне иштерди жасадык деп жатса тиги авторитет Ээ мен эркекмин да, Кудайдын алдында мен жооп берем да деп жатпайбы, аны уккан тиги агам эй билесинби биз экөөбуз биринчи жолу кесилип жатканда, сени адам соттогон, Кудай эмес адам, ошол адам сага үч жыл дегенде билесинби сен штанына койо бере жаздагансын, анан кайсы арына мен мужикмин, мен өзүм эле жооп берем деп кыйын болуп жатасын десе тиги Ээ брат кой эми барам намазга деген эле
Жылмайып алдым,эн сонан тема экен.
#93 05 Май 2017 - 08:18
#94 19 Июнь 2017 - 20:32
Женелерим баары татуаж,наращивание менен журушот. Озум бир да жолу кирпик кошуп,маникюр жасаткан эмесмин. И чачым да естественный тусу менен. Макияж койбойм такыр,аллах берген келбетке шугур,бирок баары эле уруша берет,кичине салонго каттасан боло деп.
А ёще и,балдарга суроо,неге ыймандуу,боёнбогон, жабынган дейсинерда анан,кочодон УХОЖЕННАЯ кыз корсонор" кайрылып карайсынар го".
Неге?
Калп эле ошенткен менен 90 60 90 кыздарды,жуунтсан маймылдай болуп кала турган кыздарды коргондо козунор"токтоп" калат ко.
#95 19 Июнь 2017 - 20:38
А негизи,дененин фигурасын корсотпогудой, калдайган,ичине эки кыз баткыдай кийиш керек да?! Туурабы?!
#96 19 Июнь 2017 - 20:46
ЭРКЕК болуп,тыйылып койсонор токтомок зына деле. Аял алсыз,каршы болсо зордолуп калат. Кептин баары эркектин эркинде...
#97 20 Июнь 2017 - 09:45
jai (19 Июнь 2017 - 21:38) жазган:
А негизи,дененин фигурасын корсотпогудой, калдайган,ичине эки кыз баткыдай кийиш керек да?! Туурабы?!
Созунузго кошулам. Кээ бир типа жабынып жургон кыздардын хижабка чачын корсотпогону эле окшошпосо, калган эч нерсеси окшобойт. Чачын жапты дейин десен дагы жоолугун бир укмуш салынып алышат. Чыныгы шарият боюнча жабынып жургондорду ото эле аз кездештирип калдык. Мен кээде жарманкелерге ( халял жарманкелер отуп туратко шаарыбызда) озум тиккен койнокторду чыгарып калам. Отпой калат))), анткени мен кенен кылып тигем, эч кандай кооздугу жок. Жактырышпайт. " спрос рождает предложение" би же предложение болгон учун спрос барбы, билбейм. Айтор хижаб саткан дукондордон дээле хижаб сатып ала албайсын: болгону этегинин жана женинин узундугу шариятка туура келет, калганы Кудай сактасын.
brother
#98 20 Июнь 2017 - 10:01
jai (19 Июнь 2017 - 21:46) жазган:
ЭРКЕК болуп,тыйылып койсонор токтомок зына деле. Аял алсыз,каршы болсо зордолуп калат. Кептин баары эркектин эркинде...
Систердин баягы эле эркеке болушуп атканы эмес, болгону озумдун коз карашым: зына - бул арам мамиле. Ага арам коз караштан баштап арам кол кармашуу, кучакташуу анан андан аркысы кирет. Аялдар эркекти зордуктай албаса дагы алардын коздорун, конулдорун озулоруно укмуш эле бурдурушат экен. Ушундан улам тыянакта: аял озун тыйса эркегин деле тыйылып калат. Элестетиниз, аялзаттын баары шариятка ылайыктуу болуп жабынып журсо эркек алардын этегин ачып бутун карабайтта, чынбы?! Жабынып жургон аялды коргондо Кудайды эстейт, а жыланачты коргондо тошокту эстейт. Эркектер дагы кочодо жыланач журушсо, булчундары машыккандар булчундарын булчундатып алышса, биз деле - аялзаты - мойнубуз кайрылып калгыча карамак болушубуз керек. Ошондуктан " эмне биринчи жаралган : тоокпу же жумурткабы? " талашпай аялзаты озубузду тыялы, эркектер озулорун тыйышсын.
brother
#99 20 Июнь 2017 - 19:08
Цирктин жанына рейд болгондо клп кыздардын тагдырын уксан,зордук зомбулук,жетпеген жашоодон кобу ушул ушке бардык дейт... Кобуно психоло-терапия болсо,бул балчыктан чыкчудай...
Айтор,ак же кара деп айтуу кыйын...
#100 20 Июнь 2017 - 19:11