Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#81 08 Апрель 2009 - 22:15
имди, эмнеге? Мен билбейм, ал да билвейт, сен да билбейсин. Эч унута албай койдум, мени жаман абалга калтырганын, жек кором, эстесем жиним келет, жаш баладай алдаганын... .макул дуйнодо бир эле ал эместа, мени дагы коро жатаарсын, сага назло..куйоого чыгып албасам, жердешиме..сен деле жердеш эмес белен.. макул, мен Ноокатка тийбейм..мен алыскы Ат-башыга тийип алсам окшойт. Той качан болот белгилеп койдум..эми ошого чейин мага куйоо боло турган жигит табыш керек...хехехехехехе
...кулкун келдиби? Мен да кулуп жатам. Мага форумда ойногон жагып жатат, эч ойлонбойт экенсин, ар кимге тийишет экенсин, шикарно...Алаксып калдым...
#82 09 Апрель 2009 - 11:02
#83 09 Апрель 2009 - 19:53
#84 13 Апрель 2009 - 17:02
#85 13 Апрель 2009 - 20:44
#86 14 Апрель 2009 - 11:42
ман козумду ала качып,колдорум калтырап... ага ишенчу элем жан дилим менен, бут сырымды, ал тугул тушку тамакка эмне жегенимди да айтчымун...колдочу эле,укчу,жан дуйном эле менин...12ни кутуп отурчу элем тунку, тарифим арзандаганда чалып 3 мунот унун угайын деп... анын айткандарын угуп ойлончу элем ушуну угуш учун чалып жатамбы, ойлонбойбу деп... анан кайра эле кат кутчумун... ушундай 3 жыл отуптур...
Бакыт каалайын ага, менин сактоочу-периштем эле...алып жаткан кызы кадырына жетсе экен... мендей болуп жакшы сапаттарын коз жаздымда калтырбай... тузгон уй булоосу озу каалаганындай, кыялын
дагыдай болсо экен... Балалуу болсо экен,кыялдангандай. .
.. Катар журобуз,кабарыбызды узбойбуз деди... тушунуп турам... оор да татаал антиш... Бирок мен аны менен болсо да, ансыз болсо да созсуз бактылуу болом!!! Ал менин кыялымдагы мырзадай болбогонуна эч куноолуу эмес...досум менин...
Билдирүүнү түзөткөн: ona: 14 Апрель 2009 - 17:23
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#87 15 Апрель 2009 - 13:25
#88 15 Апрель 2009 - 19:30
«Турмуш-бул албуут дайра, терен дениз, агымга каршы жана терен суз», - деп менин бир досумдун айткан созу бар эле, мен бул менен дайыма макул боло алчы эмесмин. Менин оюмда, туура жашоо учун агымга каршы эмес, агым менен тен сузуу эле…Жашоо озу чечип коет экен, кай тарапка сузуш керек экенин. Баары эле сен каалагандай боло бербейт , сен бирди ойлойсун, бирок баары тескерисинче болуп калат. Жашоомду таразалап корсом…мен туура эле жашап келипмин.. ушул убакытка чейин…бут баары озум каалагандай, оюмдагыдай…менин ата-энем, уй-булом, жакшы коргон жумушум…досторум жана менин кечиккен ырларым, сырларым…
Анда эмнеге мен озгорууну каалап жатам…баары жайында болсо…эмне учун мен тынчсызданып жатам…кундолугумду эч качан окучу эмесмин…аны да окуп чыктым… тушунбодум мен озумду…же жон эле тушунгум келбей жатат…мен ошону кабыл алгым келбей жатат…ишене албай жатам…бироо укса ишенбейт мага...билем аны, жакшы билем. Жан дуйномду алекке, журогумду булукко салган сезим-туюмдарымды башкара албай жатам…жалгыздык деген ушубу…ким айтат мага? Эч ким…жооок…эч ким айта албайт…анткени алар оздору да билбейт…
Ойлорум эскирип, ордуна жаны ойлор пайда болуп…кайсы мезгил болбосун табияттын, жашоонун жанылануу, онугуу деген туболук озгорулбой турчу мыйзамына баш ийип…жашоом уланып жатат.
Мен БАКТЫЛУУМУН, мен ар нерсе, ар ким жонундо кенен ойлоно алам… ойдун тубу жок…жашоо ушунусу менен кызык…. Ойгонгон ой, башка ойлорду ойготот деген ушубу дейм…
#89 15 Апрель 2009 - 19:34
Биз эгер жолукпай калганыбызда…бирок мен окунбойм, арманым да жок, бейкапар жашоодон айрылып, уйкусуз тандарга уурдатып…эми сезимди очуруп салганга менин алым да жок, аргам да жок…Балким, сен экообуз жолукпай калганда…конулум тынч болмоктур…беймарал болмокмун…билбейм…ко
р оокатка алаксып, кыбыраган жаныбыз барда журмокпуз… чын эле…экообуз жолукпай калганда…аны тагдыр бизден сурабайт экенда…
Суйуусуз жашоо- озу арман да…чынбы? Мен мин ирет тагдырыма ырахмат айтам…сен экообуз жолугуп калган учун…
#90 19 Апрель 2009 - 16:45
«Махабат кайырчысы»- менин виртуалдагы жашоом ушул ырдан башталды эле… Мына 4 кундон бери интернетке кире албай, анык кайырчыдай болуп жатам… Ушул ырдын клибин менин инимдин студиясы тартышты… мен ошол клипти кором деп иниме чалсам, супер инфонун сайтында бар, интернеттен коро койсонуз деди, уйдун жанындагы инетке кирип, биринчи жолу ошол сайтты ачтым. Клипти кордум…комментарийле
рди окудум, мен дагы жазайын дедим…бирок тилекке каршы, комментарий жазыш учун каттоодон отуш керек экен. Ары-бери издеп жатып аран каттоодон оттум, жазайын десем дагы эле болбойт… Не кылыш керек? Болду, дедим да, жиним келип уйго кетип калдым. Эртеси чыдабастан дагы кирдим инетке…медиа- порталды ачып, комментарий жазайын десем дагы эле уруксат жок…корсо авторизациядан отуш керек экен, почтамды ачып…ал жакта жазылып тургандардын баарын жасап, анан уруксат алдым. Анан коргон клиптерге оюмду калтырып, эки-уч кун жалан эле клиптерди коруп калдым.Инетке коп кирчи эмесмин, иш болгондо кана, почтамды текшериш учун кирчи элем… Бир куну сайттын ар бир бетин текшерип чыктым, башкы беттен баштап, форум-чатка чейин. Форумда копко кармалып калдым… ал жакта темаларды ачып окуп, кызыктуу темаларды коруп….анан, анан башталды… Аватар койдум, бара-бара баарын уйронуп, темаларга жооп жазып, кантип форумдан чыга албай калдым ойлонуп корсом…алигиче билбейм, жооп табалбайм… Колум бошосо эле инетке чуркайм, уйдогу компьютерди дагы инетке коштуруп алдым, кийинчерээк Лаптоп пайда болду менде. Ошентип виртуалдагы кызыктуу жашоо башталды, тун бир оокумга чейин отурмай… уйку жок болуп калды…
Купуя кат деп окучумун бирок, эмне экенин билчи эмесмин… бир куну аны да билдим… Чон кыз, почтан болсо мага жазып койчу менин купуяма деп кат келди, биринчи жолу ошондо ачып кордум. Анан почта аркылуу баарлашып жаттык ал юзер менен. Бир куну ал, мейлрудан почта ачпайсынбы, ал жакта агенти бар, агент менен баарлашкан абдан ынгайлуу, деп мени озу билген коп нерсеге уйротту. Азыр эстесем, ал юзер аркылуу мен коп нерсеге уйрондум, виртуалда да жашоо бар экенин билдим, кызыктуу адамдар менен тааныштым, коп достуу болдум. Азыркыга чейин абдан ыраазымын ага, ансыз да кызыктуу жашоом, андан да кызыктуураак болуп, башка дуйного туш келип, башка адамдар менен аралашып калдым.
Бир куну купуяга, чатка чыкпайсынбы, чатка чыкпайсынбы, деп кайра-кайра эле кат келет, а мен болсо-мен чатта эле журомун деп жазып коем…корсо чат деген башка экен да, мен сайтта жургонумду чат деп ойлоп алып…ошентип чат эмне экенин, кантип колдонот экенин да билдим. Азыр чатка кирип жанылыктарды угуп чыгам, чаттагыларды форумга киргиле деп угуттойм, ошентип журуп азыр кээ бир жаштар азыр чатка коп кирбей, форумдан чыгалбай калышты, темаларга жаза башташты… суроолорду узата башташты..
Азыр мен инетке чыгалбай, же агентте эч ким менен баарлашалбай кыйналып турган кезим, анык кайырчыдай болуп ар куну жашаган жеримден, качан интернетке кошулаарын сурай берип аларды тажаттым окшойт… Ушинтип мен ноутбук менен кана баарлашып калдым, окуяларды жаздым бош отурганда… монолог жаза баштадым кайрадан… болгону ыр жаза албай жатам, башыма эч нерсе кирбей жатат…баштаган китебимдин ортосуна келип калдым окшойт, аны буткондо деле жарык короору белгисиз. Билбейм… мен ошондой деп ойлоп жатам, убакыт корсотоор баарын… Макул, эми бул жонундо мен эртен ойлонойунчу…
Ойлоногонго убактым мурун жок эле, бош убакыт кокустан таап алсам акыркы убакта жалан инетке жумшап калгам, майрам куну да иштен колум бошочу эмес, мен учун баардык майрам жумуш эле, Жаны-Жыл болобу, туулган кун болобу…мен учун баары бир эле…Азырчы… азыр мен озумду койгонго жер таппай келем, уйумду сагындым абдан…кухнямды сагындым, уйдогулорумду аябббааай сагындым… алар жок менин жашоом жок экен. Алар мени курчап, мени менен кошо кулуп, кошо суйлоп, кошо кайгырып бири-бирибизди тен колдогон адамдарымдын баары менден алыс…Реалдагы досторума акыркы убакта коп конул бурбай, колум бошобой жатат деп бир шылтоо таап алар менен жолугушууга барбай жаттым эле…эми сагынып жатам. Мен шаарымды сагындым, иштеген жеримди сагындым, кабинетимди сагындым, эн башкысы-окуучуларымды абдан сагындым… Виртуалдагы досторумду буйурса жакын арада коро аламын, алар менен баарлаша аламын..ал эми реалдагы жакындарымды… билбейм
…алар жок менен жаман болуп жатам…коп нерсеге маани берчу эмесмин, мен кундо убактымды болуштуруп алып ошонун баарын аткарганга аракет кылчу элемин, азыр…азыр кыйын болуп жатат, бош отургандан тажадым…
Бул жазманы илеерде коп ойлондум, монологго илсемби же…буга ылайыктуу тема жок экенда…ангемеге болбойт, кундолукко да болвойт… ойлонуп отуруп монологго илип койдум…
Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 19 Апрель 2009 - 16:57
#91 20 Апрель 2009 - 03:42
к ээлеген жан дуйномо жарык кылгандай болдум.......жакшы суйлоштук... жон гана оодо-ылдый кунумдук жашоодогу создорду суйлошсок да....негедир ичим жылып....журогум тартып турду....уйкум качып.....уктай албай акыры жазбасам кутулбасыма козум жетип....сезимимди сапка айлантып тизмелеп отурам....жаз келгенге уйкум качтыбы же....мумкун жан дуйномо башка адам баш баккандан уламдыр....мумкун ошол адамды да сагынып сезимим энсеп тургандыр... ..мумкун кайран журок жакшылыктын жышаанын сезгендир... .кокурог
ум канат байлап алгансып кайдадыр кокко учат.....уйкум качты....сутактын жан сыздата сайраган арманы журокту эзип жиберди....мумкун сутактын мунканган унунон журогумо жакын кайрыктарын кармап алгандырмын. ......ош
ол кайрык журогумо булук салып.....тынчып калган жандуйномо будун-чан салып жиберди.....сутак сайрайт....эхххх. ..к
андай арманы бар болду экен......
#92 20 Апрель 2009 - 17:44
#93 20 Апрель 2009 - 18:00
н кыйынмын, дагеле болсо мендей эч ким жок бул жашоодо, мага омур бою ушинтип кулагыма куюп келишкен, мендей АДАМ табылбас, апам айтчу дайым ушундай, менин атымды кудай бекеринен койгон эместир...осондооооо
ой...
#94 21 Апрель 2009 - 07:18
ни да ошол сезим бурчтан андып....онтою келсе оодара чабайын деп.....ким билет....мумкун мени акмалап...убак- саатын кутуп отургандыр. ......мен
ин да карангылыкка оронгон журогумо шам которуп бироо кирсе дейм....бирок. ...эмн
егедир тартынып турам......же коптон бери жалгыз журуп....мерез болоюн деп калган журогум коркуп жаткандыр... ..же журоктун демин азайтып....сезимдерд
и мокоткон жоопкерчилик кучтуу болуп баратабы....кыскасы кыялды чачыратпай. ....демей
де ээ-жаа бербей булкунуп кетчу сезимдерди акыл-эсим акырын тизгиндеп... .жолдон чыгара койбой .башкарып тургансы йт.....уйкум качты.......дагы эле сутак....
#95 21 Апрель 2009 - 19:25
#96 22 Апрель 2009 - 17:18
А бизге жаз келиптир да кочодо,байкабастан жургонумду кара... ал тугул столумда турган календарды да оодарып койбоптурмун. ..кала бериптир да тетигии кышта... нени мынча ойлонгом...
Эээх эми бул отуп кеткен кундор,эч нерседен капарсыз эми кайрылбайт. .. А мен тезирээк кочодогу колчуктордон секирип отуп уйго кетким келди... кеттим...
Билдирүүнү түзөткөн: ona: 22 Апрель 2009 - 17:22
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#97 22 Апрель 2009 - 18:10
Бурдо дарак, гулдо дарак деп озумду которуп салдым.
Билдирүүнү түзөткөн: ХАНЗАДА: 22 Апрель 2009 - 18:11
#98 23 Апрель 2009 - 08:12
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#99 23 Апрель 2009 - 17:26
#100 25 Апрель 2009 - 10:08