Мына ушул суроо менен мугалим студенттерге кайрылды. Эмне деген жооптор айтылбады дейсиң? Бири күнгө, бир асманга, дагы бири жерге теңеди, айтор аталардын кадыр-баркы ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, тим эле бул жактагынын баары азыр эле ата боло калууну самап калышты. Бирок акыркы студенттин жообу башкача өңүттө уланып, аудиториянын маанайын түп тамырынан өзгөрттү. Жылмайган жүздөр сумсайды, күлкүлөр ыйга айланды. Кыз, бала дебей, баары муюп, кулак төшөп, бири көз жашын көрсөтпөй сүртсө, бири ачык эле бышактап…
Эми анын айтканын силерге айтпасам, силердин да, өзүмдүн да ичкеним аш болбос…
Анын жообу мындай болду:
Ата – бул, сен кичинекейиңде…
Анын чокоюн бутуңа илип, бутуң кичине, чокойдун чоңдугунан чалынып жыгыласың…
Анын көз айнегин тагынып, өзүңдү кыйын сезесиң…
Анын костюмун кийип, өзүңдүү олуттуу, сүрдүү сезесиң…
Оюңа келгенди андан талап кыласың, ал аны кубануу менен аткарат…
Каалаганыңды сурайсың, ал аны таап келет…
Кечинде сени моюнуна мингизип ары-бери чуркап ойнотот, сен кыткылыктап күлөсүң, бирок бүгүн ал жумуштан кандай чарчап келгенин билбейсиң…
Ата – бул, сен чоңойгондо…
Анын көөнөрүп, бозоргон чокоюна көңүл бурбайсың…
Анын эскилиги жеткен кийимдери эми сени кызыктырбайт…
Анын кыймылы сага жакпайт, сөздөрү кыжырыңды келтирет…
Сен кечигип, ал кыжаалат болуп, кечиккениң үчүн сени урушумуш болсо, сен аны көтөрө албай, эркин болууну самайсың…
Ага үнүңдү көтөрөсүң, аны кагасың, ал унчукпай калат… бирок сенден корккондугу үчүн эмес, сени жакшы көргөндүгү үчүн, сени кечиргендиги үчүн…
Эгер бели бүкүрөйүп сени менен жанаша басса, сен аны колуна жетелебейсиң,
анткени сенин боюң эми андан узун…
Кечээ сенин тилиң чулдурап, туура эмес сүйлөгөнүңдө,
ал күлүп, сени кучагына кысчу эле, бүгүн ал тили булдурап түшүнүксүз сүйлөсө, сен аны уккуң келбей тескери карайсың…
Негизгиси, ал кичинеңде да, чоңойгонуңда да сага өмүр тилейт, сен болсо анын батыраак өлүшүн тилейсиң…
Ал сени ымыркайыңда көтөрөт, бала бакчага көтөрөт, мектепке көтөрөт, оорусаң көтөрөт, соо болсоң да көтөрөт, өмүрү сенин түйшүгүңдү көтөрүү менен өтөт, а сенчи, сен аны табытка салып көтөргөндөн башка көтөрбөйсүң…
Ата мына ушундай, кимдин тагдырына ата болуу бактысы жазылса, бул айтылгандар анын башынан өтөт…
Атаңарга жакшы мамиле кылгыла, бир кезде атаң жаныңда турганда, жети баштуу желмогуздан коркпойт элең, ал сенин кубатың эле, мына ошол кубатыңдан кайсы бир күнү айрыларыңды унутпа…
Ата деген мына ушундай…
АТА деген ким? Ата, ата жана ата
#3 04 Май 2017 - 22:35
Эхх... атасы жок чонойгом, атанын мээрими жок менде... ммм...
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
Вот чего я хочу...
#5 04 Май 2017 - 23:28
Ватсапта популярдуу болуп атат эле ушул смс. Таасирдүү экен. (((
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#7 05 Май 2017 - 00:15
Мен дагы бир аз болсо да салым кылайын деп киргизип койдум бул катты.Таасири бизге тийсин,аталарыбыз аман болсун жараткан узак өмүр берсин .....
#8 05 Май 2017 - 00:19
ак нерсе жайыла берсин ар дайым,кара нерсе караанын алыс алып жүрсүн.
#9 05 Май 2017 - 00:24
Бул макаланы жазган адамдын атасы кайтыш болсо керек, себеб канча ушундай окуяларды угуп да коруп да коом тартипке келбеген, качан гана козу отуп анда да жардамына муктаж болгондо эстешет эх адамзат.
#10 05 Май 2017 - 03:29
Ээх атанын баары ушундай болсо кана,кундо мас болуп келип жанжал кылып сени ойломок тугул аракты балдарынан артык коргондорчу.
#11 05 Май 2017 - 22:17
Эхх жаным атамы сагындым... Атанарды козу барында сыйлап алгыла,кийин кеч болуп калат... Атакем менин...жайыныз жаннатта болсун...
#12 05 Май 2017 - 23:05
Ата эн ыйык адам.Бул жарык дуйнодо коро турган жыргалдуу азаптуу кундорубуздун себепчиси.Жаман коздон жаман создон ар убак коргоп турган темир канатыбыз...
Болгон умут ,кайгы-капа,
асыл тилек,арман мундарыбызды жуктоп алган таянган тообуз.Эч ким тен келе албаган аскадай бийик зообуз...Аталар коп жашасынчы ылайым....
#15 07 Май 2017 - 20:27
Атакемдин ордун эч ким, эч нерсе баса албайт тура!!!
Атакемди эстесем бут денем бошоп, козум жашка толот. Уйго барсам тордогу ордунуз, орунунуз бош турат Атаке! Кантейли Кудайым сизге ченеп омур берген экен да....жаныныз жаннатта болсун ! Жаткан жериниз жайлуу болсун! Баары бир Жаратканга,
бир сизге гана белгилуу. А бизге , Апакеме, туугандарга табышмак бойдон калды...
Сиз жок жашоо кечиргенибизге жакында саналуу айлардан кийин жыл толот. Баарын билгим келет! Бирок билген кундо эмне озгорот. Баары бир сиз кайтпайсыз да..... Сагындым, жаным Атакем!!
Сиз жок жашоо кечиргенибизге жакында саналуу айлардан кийин жыл толот. Баарын билгим келет! Бирок билген кундо эмне озгорот. Баары бир сиз кайтпайсыз да..... Сагындым, жаным Атакем!!
#16 07 Май 2017 - 22:56
Алтын атам.
Сагындым аябай сагындым...
Билинбеген менен беш жыл отуптур...
Азыр барсам алдымдан тосуп атам чыкса адаттагыдай бешенемден ооп кел кызым деп айтса дейм......
Кенеш сурасам колундан келсе мен сени дайым колдойм дечу элениз... Туура эмес иш кылсам бир коз карашыныз жетишерлуу болот эле... Бир караган адамга сурдуу болгонунуз менен аябай мээримдуу элениз Ата...
Ата сагындыыым. .. билбейм жазылган цитаттаны окуп озумду кармай албадым.... бир аз да болсо женилдегим келди....
Сагындым аябай сагындым...
Билинбеген менен беш жыл отуптур...
Азыр барсам алдымдан тосуп атам чыкса адаттагыдай бешенемден ооп кел кызым деп айтса дейм......
Кенеш сурасам колундан келсе мен сени дайым колдойм дечу элениз... Туура эмес иш кылсам бир коз карашыныз жетишерлуу болот эле... Бир караган адамга сурдуу болгонунуз менен аябай мээримдуу элениз Ата...
Ата сагындыыым. .. билбейм жазылган цитаттаны окуп озумду кармай албадым.... бир аз да болсо женилдегим келди....
#18 08 Май 2017 - 00:53
Бардык ата АТА болсо кана.Кээ бир аталар баласы бар экенин да унутуп калып атышпайбы
#20 09 Май 2017 - 08:02
Эээ мынча бактылуусунар ээ??? Кана менда атамы мактасам, кайдаан, журогумо муз тондуруп буткон,ар бир созу,кыймылы,
кыскасы тажап кеттим.. ;(( Ооруп болсо да, тытынып, эшиктин ,огород, уй, нан, кир бут нерсени кыласын "Эжене баары бир,бир иш кылбайт"-
азыр уккан созум.. Кундо, ушул маалга чеин уккан созум. Сабыр гана кылып журом, кичине чыдасам ушул уйдон кетем! Ар дайым экинчи келбейм деп айтам ичимен .