Электроника илимине жана электротехникага кызыккан балдар Электроника жана электротехника
#22 11 Июнь 2013 - 22:47
эскерте кетуу керек уй ичиндеги нерселерди оз алдынча, ток боюнча билим аз болсо туруп ондоону кереги жок !
#23 11 Июнь 2013 - 23:00
#24 11 Июнь 2013 - 23:05
Дагы физикадан бир аз бир аз билим керек.
#25 11 Июнь 2013 - 23:09
#26 11 Июнь 2013 - 23:12
машинанын донгологу жарылып калыптыр,а балдар бири бирин карашып турушат,ехх тушо калып алмаштырып бергим келди...бирок .. Ошо учун балдар техника м.н бир аз общение кармап койгунуз дар э?
#27 11 Июнь 2013 - 23:19
#28 11 Июнь 2013 - 23:24
БИирок орусча!
#29 13 Июнь 2013 - 06:59
#30 13 Июнь 2013 - 08:52
LED (11 Июнь 2013 - 23:19) жазган:
Кесибим электронщик болгондуктан бир аз кошумчалап койойун:
1) Токтун күчү дайым эле 1.2 ампер боло бербейт. Ал адамдын денесинин каршылыгынан, ток кайсы жерден өткөңдүгүнөн (мисалы, кол-кол, кол-бут же бут-бут ж.б.у.с.), о.э. адамдын жашынан көз каранды.
2) Адам өлтүргөнгө негизи 100 миллиампер эле токтун күчү жетиштүү. Ал эми 1.2 ампер (1200 миллиампер) болгондо - өлтүрүп эле тим болбостон, мумияга айлантып салат!
ПС: Бул жерде сөз, албетте, өзгөрүлмө ток жөнүндө болду.
3) Ал эми ар кандай эле электрондук түзүлүштөрдү оңдоо үчүн адегенде алардын схемасы менен таанышып чыгуу керек. Андан кийин тестер, паяльник, пинцет, бурагычтарды даярдап алуу керек. Ошондо гана чыныгы ремонт кылса болот. Ал эми, билбей туруп эле, чукулай бергенде - кайра бузуп алуу мүмкүн!
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 13 Июнь 2013 - 09:02
#31 13 Июнь 2013 - 09:01
Ошондо, изденсең жана автор айткандай сабырдуу болуп, кичине аракет кылсаң көп эле нерсени кылса болоорун түшүндүм (анын үстүнө азыр Интернеттен эмнени гана тапса болот)... Андан бери телефон же башка нерсе деле оңдой элекмин, тиги отвертка болсо жүрөт азыркыга чейин...
#32 13 Июнь 2013 - 09:44
#33 13 Июнь 2013 - 09:57
zzz (13 Июнь 2013 - 09:01) жазган:
Азамат, чоң эрдик жасапсын! Ал эми "...микросхемасынан бир деталды жулуп ыргытыш керек экен" дегениң аябай кызык угулат экен. Анткени, микросхема - бул бүтүн нерсе (сүрөттөгү кара төрт бурчтуктар). Капталындагы быжырагандар - буттары (контакттары). Ошолор аркылуу сигналдар клавиатурадан, микрофондон, флешкадан ж.б. сырткы түзүлүштөрдөн келип, кайра иштетилип (обработка болуп), анан керектүү жактарга кетишет (мисалы, динамикке). Андан эчтекени жулуп ыргытууга болбойт. Ал эми сен "жулуп ыргыткан" нерсе - перемычка болсо керек эле...
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 13 Июнь 2013 - 10:00
#34 13 Июнь 2013 - 10:01
Jeka (13 Июнь 2013 - 09:57) жазган:
техникалык билимим жок болгондуктан жана негизи эле так илимдер боюнча "0" болгондугумдан, терминдерди алмаштырып алган болсом, чын жүрөктөн кечирим сурайм...
#35 13 Июнь 2013 - 10:07
#36 13 Июнь 2013 - 10:23
#37 13 Июнь 2013 - 14:03
Частота импульса-дегенди билесизби?
#38 13 Июнь 2013 - 14:05
#39 13 Июнь 2013 - 14:20
LED (13 Июнь 2013 - 14:03) жазган:
Частота импульса-дегенди билесизби?
Сага да рахмат кызыктуу тема ачканың үчүн. Эми суроого кайрылсак:
1) "Автомобилдин аккумляторундагы токтун күчү" деп айтуу да бир аз туура эмес. Анткени, токтун күчү ошол ток өткөн жерде өлчөнөт. Мисалы, үтүктүн кубаттуулугу P=2 Киловатт дейли. Розеткадагы чыңалуу U=220 вольт. Анда, үтүктүн ичиндеги спираль аркылуу I=P/U=2000/220=9 Амперден ашыгыраак ток өтөт экен. Албетте, аккумлятордун ичинде да бир аз ток өтөт коргошун пластиналар аркылуу. Бирок, ал ток өтө аз болуш керек. Антпесе, аккумлатор башка түзүлүштөргө (стартер, фаралар ж.б.) ток бербей эле отуруп калбайбы.
2) Ал эми, 60-70 Ампер деген - стартерди айландырганда анын оромолору аркылуу өткөн токтун күчү.
3) Эми "Эмне үчүн аккумлятордун тогуна адам өлбөйт" деген суроону карап көрөлү. Жөпжөнөкөй эле:
Адатта орто жаштагы соо адамдын денесинин каршылыгы R=1000 омго жакын делинет. Аккумлятордогу чыңалуу U=12 вольт. Омдун закону боюнча токтун күчү I=U/R деген формула менен аныкталат. Анда, жогорудагы маанилерди бул формулага коюп, токтун күчү I=0,012 Ампер же 12 миллиампер экенин табабыз. Бул - адам өлтүрчү 100 миллиамперден дээрлик 10 эсе аз дегенди билдирет Ошондуктан, адам өлбөйт.
4) "Частота импульса" - бул ошол импульстун алдыңкы же арткы фронтунун кайталануу мезгилине тескери пропорциялаш чоңдук. Бирдиги Герц.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 13 Июнь 2013 - 14:46