Асылжан Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 58 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Атактуулар Суперстанда (13 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Май 10
- Кароолор:
- 12 382
- Соңку аракети
20 Дек 2021 21:08
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 4, 1996
- Жынысы:
-
Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: 2018-жыл эмнеси менен сиздин эсиңизде калды?
Жазылган күн: 9 Янв 2019
Белимде грыжа бар экенин билдим(( Квартира котордум, издеп аран таптым арзанынЭч ким менен деле урушкан жокмун, ырас. Жакшы сөз көп уктум. Кабырга кайыштырган жоготуу болгон жок, шүгур. Байлык топтогон жокмун, бир күндүк менен жашаганга туура келип жатат... Ошо, башка эсте каларлыгы жок.
-
Темасы: 2018-жыл эмнеси менен сиздин эсиңизде калды?
Жазылган күн: 9 Янв 2019
Мм, кийимден 1 штук өтүк, 1 көйнөк, 1 жемпир, 1 шым алыпмын. Калганы мурунку жылдардын көрөңгүсү) жеке жашоо каккан казыктай турат жылбай -
Темасы: Башка улуттагыларга эмнени үйрөттүңөр?
Жазылган күн: 16 Май 2016
Биздин айылда орустар көп жашашат. Кичинекейибизден чогуу аралашып жүрүп алар кыргызчаны, биз орусчаны жок дегенде "3кө" бири-бирибизге үйрөттүк. Бирок апам орустардын тилине "азгырылган" жок. Кайсы орус менен сүйлөшпөсүн кыргызчага "ский" дегенди кошуп коёт, иш бүттү, баары түшүнүшөт негедир. "Женя, чөп чапканский умеешь?" десе, Евгений деген кошунабыз "Ой, Бактыгуль эже-е..." деп боору эзилип калат. Кыргыздардын майрамында эл менен чогуу келишип, куттукташып, иши кылса күндө той болуп жыргай беришет. Эки улуттун ортосунда сый, достук болсо жашоо кызык болот. -
Темасы: Баланы бага алсаң төрө!
Жазылган күн: 11 Апр 2016
Балдардын да, кыздардын да мээсине кирбей койду, "сактануу керек" деген нерсе. Же бойго болтурбаш керек эле, болтурган соң күнөөсү жок баланы мыкаачылык менен өлтүрбөй, башында эле өзүң өлүп алышың керек эле жогорудагы келин! Ушундай кыздарга да Кудай улам-улам бала берет, ошол эле учурда балага зар канчалаган үй-бүлөлөр жылдап дарыланып балалуу болбой келишет. Ачык болобу, анонимдүүбү балдар кор болбогудай жайлар ачылса албетте соопчулук иш болот. -
Темасы: Аял алгандан кийинки өкүнүч!
Жазылган күн: 14 Апр 2015
Аял менен эркектин дуэли. Мындай темалар ачылганда биз да жумуштан кызыл чеке болуп урушканга чейин барабыз, эркектер "биз жеңдик" деп өзүнчө кудуңдап кетишет, айымдар "ырас эле моону айтып тигилердин оозун жаптык" деп өзүлөрүнө ыраазы болуп отуруп калышат. Аял аларда же турмушка чыгарда "жети өлчөп бир кес", "жакшылап ойлон" деп бири айтат, экинчиси "тандаган тазга жолугат, эретрээк эле албайсынбы, тийбейсинби" дейт. Макалдар дуэли. Андыктан эч нерсеге таң калуунун кереги жок, эркек канчалык "сол" ойлоно алса, аялдар андан өткөн "сол" ойлорду ойлоп кое берет. Негизгиси ал ой бойдон эле калсын. Ал эми жашоону, сүйүүнү бекем кылуу ар бирибиздин өз колубузда.
Комментарийлер
Асылжан ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?