iiidahou Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 134 (0,06 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (63 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Февраль 19
- Кароолор:
- 67 608
- Соңку аракети
- Бүгүн, 00:40
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 44 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 29, 1980
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Bishkek
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 7 Мар 2024
Салам, достор!
Бул аккаунт каралбай калганына коп болуптур. Эмнегедир жазгым келди. Атым Айдана. 21 жаштамын. Жада калса оз ысымымды жашырбай жазып жатам. Сиздерге жагат деген ишеничтемин.
Кыз-киши бойго жеткени кулак-мээни жеген суроолор туугандар, тааныштар арасынан башталат экен. “Качан турмушка чыгасын? Жигит таптынбы? Кайним менен тааныштырайынбы? Же баланча бар эле…” айтор, акыркы убактарда ушундай суроолор тажатып жиберди. Мен турмушка чыгып кетсем, баары бактылуу жашап кетеби деп ойлоп кетем? Озум шашпайм. Тээ мектеп убагында бир жигит менен суйлошкондон бери, кийин суйлошо албадым. Кызыктырбайт. Же озум кызыкпайм го?
Мектептм аяктап, университетке сырттан окуу болумуно тапшыргам. Салонго кирип иштеп кеттим. Балдардын, байкелердин чачын алам. Мунозум тунт, коп суйлобойм. Сыртыман бой которуп жургондой коруном, ушул созду коп угам. А чындыгында жан-дуйном ото назик кызмын.
Адаттагыдай кундордун бири. Куз. Октябрь болсо керек. Эшикте жамгыр жаап жаткан. Жанымдагы чогуу иштеген эженин клиенттери коп болгондуктан, анда тыным жок. Мен бош отурсам бир жигит кирип келди. Конул бурганым жок. Клиенттер менен субардинацияны катуу сактайм. Биз учурашкан да жокпуз. Унчукпай чачын ала баштадым. Бир убакта кузгудон карасам, ал дагы мени тигиле карап турган экен. Дене-боюмду муздак калтырак басып, эки бетим заматта албырып чыкты. Кызык? Бул эмнеси? Бир кызыктай абалга тушуп, ошол болуп откон 10 секундду оюмдан чыгарып салгым келди. Кадимки кинодогудай. 10 секунддук коз ирмемди мин жолу элестетип жибердим, анын карап отурган коз карашын… айтор, ойдон алам деп ойго батып кеттим. Бир учурда карасам, козун жумуп отурган экен. Кирпиктери узун, ак жумал… кандай жакшынакай бала? -
"Апама кат"
Жазылган күн: 22 Мар 2021
Бүгүн адаттагыдан эрте турдум. Дароо ашканага жоноп, эртен мененки тамакты даярдап, апам жумушка жонот кеткиче чогуу тамактана калалы дедим оюмда. Дасторкон устун даярдагыча болмого апам шашып кирип, стакандагы сууну эки ууртап:
-Мен жумущка кеттим, бугун эрте келип уйлорду ирээттеп кой, кызым!-деп жоноп кетти. Маанайым бир заматта тушуп калды. Апам бугун дагы кетип калды. Мен кундогудой жалгыз. Акыркы жолу апам экообуз качан чогуу отуруп чай ичкенибиз, дуйнодо болуп жаткан, менин айланамда болуп жаткан жанылыктарды талкуулап, чогуу убакыт откорконубуз эсимде жок.
кичинекей чагымда атам кайтыш болгон. Мамам тиричилик, менин кийим-кечем, келечегим учун иштейм деп бир катар жумушка орношуп алган. Тан зардан кетип, тун оокумда келген апамдын мага конул болгонго убактысы тартыш болуп, мени айылга жонотуп, таята-таенемдин колуна тапшырган. Сыягы, жаштайынан жесир калып, кийинки турмушту алып кетуу мамам учун оор болсо керек. Анын устуно мамамдын кандай кыйынчылык, запкы менен мени остургонун жакшы билем. Анын устуно атамдын кайтыш болушу чон сокку болду корунот. Озун таштап койгону бар. Кийин жумуш деп журуп, мен каралбай калганымда мени айылга жонотту. Анда мен 6 жашта элем.
Таенем менен таятам улгайып баратышат. Азыр ойлосом наристе балага акыл айтып,тарбия беруу оор болсо керек. Шаарда осуп калган жаным, айылда жашап, конуп кетуу мен учун оорго турду. 6 жашта болгонума карабай, кошуна балдар менен аралашып кетуу кыйын болду. Анан таенемдер багып жаткан мен курактагы болом дагы алардын колунда. Анын дагы мамасы иштейм деп, 6 айында таштап кеткен. Ошентип тортообуз бир тундук алдында, бир табактан тамак ичип жашап калдык. Жай аяктап калганда менин туулган кунум болот. 7 жашка чыгам. Мен учун чон майрам болчудай туюлду. Анткени шаардан мамам келет. Толкунданып мамамды улам мунот санап кутом, эшикке чыгам, огородко чуркайм, китептерди барактайм же убакыт отсочу? Артымды салып кроватта жаткан калыбымда уктап кетиптирмин. Куугум кирип калганда, бетимди бироо опкулоп жатканда ойгондум. Бул эриндерди, бул жытты мен жуз кадам алыс, жуз адам ичинен дароо тааный алаар элем.
-Мама-а! Сен качан келдин?-ордуман аткан октой тура калып, мамамдын мойнуна асылдым.
-Бугун менин кызымдын туулган куну! Карачы сага эмне алып келдим?-деп сумкасынан чон уйу менен Барби курчакты сунду.
Кеч кирди. Шаардан бери мамам алып келген тортко свеча коюп уйлоп, менин 7 жашымды эн жогорку маанайда откоруп жаттык.
Уктаар маал да келди. Мамамды аябай сагынып калган экенмин, коздоруп киртейип, уйкум келип атканына карабай мамамдын койнунда, ага айылдагы жашоо жонундо суйлоп берип жаттым. Балким, мамам менен папамдын жалгыз эркеси болуп конуп калсам керек. Анан бир учурда эле эркелетчу папам бул дуйнодон отуп, а мамам мени алыскы айылга жонотуп жиберсе, кадимкидей кусаланат экенсин. Азыркы кезимди кой, 6 жашымды мен учун психикалык жактан чон травма болсо керек. Озгочо мамамдын бетинен кармалаганды жакшы кором. Ийнине тийген кара чачтарын соомойумо ороп алып, кайра чыгарам. Улам-улам мамамды карап алып, жылмайып коем. Кыска коз ирмем болгону менен, тобом коккко жетип, бактылуу муноттторду откорчум го?
-Мама, сен шашпай эле кетесин да? Эртен экообуз тиги огороддогу алмаларды теребиз. Антпесе, тиги Канат (болом) коп жумуш жасабайт.
-Кызым, мен иштешим керек. Мен иштебесем сага ким кийим алып берет? Экообузду ким багат?
-Мама-а, мага айыл жаккан жок. Шаарга эле алып кетчи. Мен мурдагыдай жашагым келип атат...-дедим башымды мамамдан ары буруп.
-Кызым... -
Элесиң түшүмдө калды
Жазылган күн: 9 Июн 2020
Бүгүн дагы түшүмө кирдиң. Алыстан жай гана мени тиктей карап турасың. Көздөрүңдө сүйүү да,жек көрүү сезимиңдин бири жок. мынчалык боштук пайда болуп,мага эч нерсе сезбей калаарынды ойлобоптурмун. Сага талпынам,колум сунуп,жок дегенде көзүңө тигиле бир карайын дейм,бирок жете албайм. А сен мени эч бир сезими жок караганыңды койбодуң. өзүмдү жек көрүп кеттим. Ойгонуп кеткениме шүгүр дедим. Кроваттан тура калып күзгүдөн өзүмдү карадым,өңүм кубарып кеткен. Эмнегедир мындай түшор көп кирчү болду. Түш көргөң сайын сен үчүн кыжаалат болом. Чын эле мени жек көрүп кеттиңби?
***
Куз айлары башталып,жалбырактар саргайып жерге күбүлүп түшө баштаган убак. Өзүм Бишкектеги мектептердин биринде 10-класста окуйм. Окуу башталган сон биринчи жуманын дем алышында эле айылдагы таятамдын уйуно жонодум. Шаарда осуп калганым менен,айылда коп журом,эмнегедир айылдын жашоосу коуроок жагат. Кошуна кыз менен кол жээкке барып,колго тушуп жатканбыз. Куз айларында колдун озунчо керемети бар. Суук тушкучо бир эс ала кетейин деп келгем. Кошуна кыз менен шарпылдап жээкке урунган колду кечип ары-бери басып журдук. Озунчо топтошуп майрамдап отурган жигиттердин бирине козум тушту. Коздору бакыракай,каштары кара,узун бойлуу,кен далылуу келген жигит бир нерсени суйлоп жатты,анын созуно жолдоштору шарактап каткырышат. Эмне айтканы кызык. Кулгондо он бетинде ууртучасы бар экен,коздору жайнайт. Ушунчалык берилип караган экенмин,бир учурда алыстан мага карай бурула карады. Уялып кеттим,коздорумду мемиреп жаткан кол тарапка ала качтым.
-Бас,Назик, кеттик!-деп курбумду колдон тарта улкуп-жулкуп алып жонодум.
-Эмне болду Эрке? Шашпай эле басып келатпадык беле?-Назик эч нерсе тушубогонсуп эки жагын карана суйлонуп кирди. Кетип баратып артыма бурулсам,тиги жигит отурган балдардын бири калбай биз тарапты карап жатышыптыр. Дагы уялып кеттим,уялганыман эки бетим кызыл тарта тушту. А сен ал досторун эмнеге караганын кийин таанышкан сон айтып бергенсин. Сени карап калган сон,мени айылдык кыздардын бири деп ойлоптурсун. Анан досторунан тиги кимдин кызы деп сурасан,ошондо бири да калбай баары жабыла мени карашкан турбайбы! Кызык угулаар,бирок мени алардын бири да тааныбаптыр. Шаарда жашап,шаарда осуп калганым себеп болгондур.
Кеч кирип,кун кызара баштаганда уйго жонойлу деп калдык. Тайкеме чалып чакырсам,Балыкчыга кетип калганын,бирок ошол биздин айылдык бир жигитке бизди ала кетсин деп табыштап койгонун,ал жигитке менин номеримди берип койгонун айтып телефонун очурду. Кумдан алыстап,машиналар токтоочу стоянкага жакындай бастык. Коп отпой белгисиз номер чалып,бир сыйра тактап отту да коп отпой бир жигит басып келди. Тагдырдын тамашасын айт,баягы ууртучасы бар жигитти алыстан эле тааный койдум. Жакындай келген сайын козун албай биз тарапты карап алганычы? А менин эки бетим кызарып чыкканын айт.
-Силерсинерби? Кандайсынар?
-Тайкем чалдыбы сага?-дедим жерди тиктей.
-Алик братан сенин тайкен болобу?
-Ооба,-дедим дале жерден козумду албай. Ортодо кандайдыр бир тынчтык пайда болуп,учообуздун бирибиз да унчукпай туруп калдык. Тынчтыкты тиги жигит бузду.
-Кеттикпи анда? Жургуло машинага! -деп алдыга басып барып,машинанын эшигин ачканга жарабай бизден биринчи озу отуруп алды. "Жада калса кыздарды сыйлаганды билбейт! Уяты жок десе! Озу барып отуруп алганын кара?!"деп жинденип барып отурдум. Кузгудон бир тиктеп карап алды да,машинаны от алдырып,колду артка калтыра,чан ызгыта айылды коздой жонодук.
-Сенин атын ким эле? Тиги С* байкенин кызы болосун ээ?-деп Назикке кайрылды.
-Назик атым.
-А бул жак?
-Бул жак Эрке. Өмур атанын небереси,каникулга келди,-деп Назик жооп берди. Тениме албагансып козумду сузо бир карап,андан ары терезени карап кеттим.
-Менин атым Бекназар,-деди кайра кузгусунон мени карай.-Дагы колго келесинерби?
-Жок,бугун кечинде Бишкекке кетем.
-Шаарда окуйсунбу?
-Ооба,Бишкекте окуйм. Дем алыш,каникулдарда келип турам.
-А жакшы,-деп койду. ошо бойдон суйлошконубуз жок. Дарбазанын алдына келип токтогон сон,алдынкы орундан мени карап колун сунду.-Макул, Эрке. жакшы жетип ал!-деди да,колумда кыса,бир башкача коз караш менен коздорун жайната тиктеп алды. Ал машинасын чан ызгыта айдаган бойдон кетти,Назик экообуз чанды узата карап калдык.
-Эрке,сага эмне болду? ЖАгып калдыбы?
-Кайдан? Грубиян десе! Нормально суйлогонду, сыйлаганды билбейт анан,кайдагы жактырганды айтасың?
-А сен антпесең! БУл биздин айылдагы авторитет балдардын бири,озунон улуулар да укмуш сыйлашат. Анын устуно,бул да сени башкача карады го?
-Болдучу,кайдагыны айтпай. Жаккан жок дедимго?-деп бир нерсе ынанбагандайНазикти карадым. Ошол менен Бекназар тууралуу соз бутту,андан башка аркы-теркини суйлоштук да,уйлорубузго кирип кеттик. -
Сүйөм, бирок жек көрөм
Жазылган күн: 14 Дек 2019
Саламатсыздарбы урматуу суперстандын окурмандары! Сиздер менен дагы жүрөктөн чыккан окуям менен бөлүшөйүн дедим. Бул окуяга менин эч кандай тиешем жок,болгону жакын адамдарымдын жашоосундагы көз ирмемдерди кичине болсо дагы колго жазып,чыгармачылык менен алектенгенди жактырам. Сиздерге жагат деп ойлойм)
Жыргалым менин,сени аябай сагынып жатам!-дагы бир жолу денемди муздак калтырак басып,көзүмө жаш айлана үнсүз отуруп калдым. Ал билбесе керек,сагынычтын айынан анын ар бир айткан жылуу сөздөрү,эркелеткени мага катуу тийип жатканын. Билбейт да,ар бир ирээт айткан сайын анын жанына баргым келип кетет,мага жылуулук тартуулаган кучагына оролуп,анын маңдайымда жылмайып мени карап турганын элестетип да,эстеп да алам. Деги эле үнүн уккан сайын көкүрөгүмдү нерсенин ооруганы күчөй турган болду. Бүгүн анын алыска кеткенине 53 күн,а жолуга элегибизге 78 күн. Биздин акыркы жолугушуубузда энесинен ажыратып жаткан жаш балача жанынан кетким келбей,суукка карабай үйгө кирбей койгом.
-Жыргалым,мен кеткиче дагы жолугабыз. Сени бир көрүп алып анан кетем.
-Чын элеби?
-Ооба,чын. Сөзсүз жолугабыз! -деп айткан эле ошол күнү. Жолукпай да кетип калды. Ортодо түрдүү себеп. Ошол кетип жаткан күнү аэропортко барып,аны жок дегенде бир көрүп алышым керек болчу! Бир жолу кучактап,анан бетинен сылап... Кайра баштадымбы? Эгерде аэропортко бара турган болсом,аны кучактап алып шолоктоп ыйламакмын. Аны дагы кыйнап,жок,кереги жок! Ал кыйналбай эле койсун,ал ойлонбосун, ал оорубасын. Кызык? Мен аны санаа тартып ойлонгондой, ал мен жөнүндө ойлоор бекен? Сүйөм деп айтат,демек ойлойт. 10 күндөн кийин сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 1 жыл 7 ай болот. Мен үчүн аябай көп убакыт,бирок ошол көп убакыт ичинде аз эле жанында боло алдым. Аны менен жолугууга баратканда ичимде башкача сезимдер ойноп,ушундай бир бактылуулук менен барат элем. Китептерде жөн жазылбаптыр, ичимде кадимкидей эле көпөлөктөр учуп жүрчү.
Акыркы күндөрү түн ичинде асман,жылдыз анан Ай менен көп сырдашчу болдум. Жаздыгымды кучактап алып,көөнүмдө толгон муңдун баардыгын көзүмдүн жашы менен чыгарууну адатка айландырып алдым. Өзүм бир кызыктай адаммын! Жанымды бергиче,баардыгына даяр болуп аны сүйөм дагы,ошол менде жашаган укмуштуу сезимдеримди чечилип ага айта албайм,ичиме гана сактап коем. Акыркы чалышып сүйлөшүүбүз дагы бири-бирибизге болгон түшүнбөстүк, таарыныч менен аяктады. Коноктон чыгып машинага отуруп,үйгө жеткичекти оюм туман болуп,ар кайсынын башын ойлонуп келдим. Бул санаамды да сезбесе керек. Болду чалбайм,билгенин кылып алсын! Ансыз күнүм өтпөчүдөй тим эле деп коюп үйгө келер замат өзүм эле кыя албай чалдым. Телефонду алганы менен 10 мүнөтчө унчукпай тура бердик. Ал дагы унчукпайт,мен дагы унчукпайм. Же эмнеден баштаарымды билбейм,же өзүм сүйлөгүм келбей койдубү,айтор унчукпай эле туруп алдым. Ал эми мурун ушу сыяктуу чукчуңдаша кетсек кыз башыма карабай өзүм жалынып,күнөөлүүдөй болуп кечирим сурап ийчү элем. Аным деле калып келатат окшойт. Эмнегедир өзүмдү-өзүм башкара албай бир туңгуюкка түшүп калгандаймын. Анда сөз башынан болсун.
Мектеп окуучусумун, буйруса мектеп уясынан учканы турабыз,бутүрүүчү класстамын. Атым Нуржан. Эс-тартып,кыз бала чоңое баштаганда артынан бирин-серин жигиттер чуркап,бир аз болсо дагы токтолуп калат эмеспи. Өзүм шаарда төрөлүп,шаарда атамдын колунда өскөн кызмын. Апам мен 12жашымда кайтыш болуп,эки байкем үчөөбүз атабыздын колунда өстүк. Атам жакшы жумушта иштегендиктен эч нерседен кем кылбай,жокту көргөзбөй,бардан калтырбай чоңойтту. Анын үстүнө жалгыз кыз болгонум үчүн баардыгы тең көзүмдү карашат,бир жагынан апасы жок болсо деп аяшса керек. Атам апамдын өлүмүнөн кийин бир аз өзүн таштап барып,анан кийинчерээк оңоло кетти. Байкелерим менден 4-5жашка улуу,бири үйлөнүп өзүнчө кеткен. Эмнегедир эс тарта баштагандан тартып эркелегим аздан болсо дагы калат го дешти баардыгы,бирок анда деле атамдын эрке кызы боюнча кала бердим. Анын үстүнө эне мээриминен эрте ажырады деп алар менин көзүмдү гана карап турушаар эле.
Комментарийлер
Emilia.kg
16 Июн 2020 - 20:29