Качан келиндер бизге ракмат айтып,раазы болор экен.Ошол кайнене балким ошо силердин куйонорду озу эле бакандыр.Алардын заманында тороп декретен кийин эле ишке чыгар эле.Эртен менен балдарын суйроп садике алпарып окмоттун ишин 8 саат иштеп,балдарын суйроп уйго алып келип курсагын тойгузуп,уй жыйнап,тамак жасап кечки саат 8 де балдарын жаткырып,кир жууп,уй жыйнап тунку 1 же 2 лерде жатат эле.Туну балдарын уйку бербей туну тынчы жок же куну тынчы жок жашоо кечкен.Кир машинасы болор эле Киргизия деген ал да баарында бар кобундо жок эле.Керме керме кирлерди колго жуур эле.Торкунго эки кунго барса эки колунда эки сумка толо балдарынын шымдары жана кийимдери болор эле...
Ушундай кыйынчылыкта деле кайненелер торогон 5 - 6 ны.
Мен озум 4 неберемди озум бактым.Биринчи неберемди озум койнума салып бактым анткени келиним студент эле.Экинчисин дагы кичинесинен бактым анткени иш ордун башкага ээлетип койбосун дедик анткени инистутта мугалим эле.Экинчи келиним эки айлык баласын багып калдым анткени эки жаш бирге болсун дедим атасы россияда эле.Бирге чыга электе ай кунуно жетип келди тороп 6 айлык кылып дагы кетти шартка байланыштуу барса барсынчы дедим.Экоо жетелешип бирге болсунчу дедим.Каккыс кокус ортолорун шайтан аралап кетпесин дедим.Эми неберелеримдин алды Инистутту бутуп россияда иштеп атат арты тортунчу класста окуп атат.Мен да карыдым арыдым.Азыркы болбосо кийинки неберелерим субота вос кундору мага алып келишет.Балдардын ызы чуусунан чарчайм,бир эки маал тамагын зорго жасайм саат карайм,...
Эртерек келишсе экен деп чыдамым кетет.Кеч келсе каш кабагымды салам.Чыдабасам звандайм садик саат 5 ке чейин эле иштейт деп койом.
Айрыкча кызым капа болот менин балдарымды жакшы корбойсуз деп.Аны ким кичуусу бол деген анын балдарына кааруум жетпей калды да.
Экинчи келиним апа мен торойун дедим эле деп маслатты ортого салды.
- Болуптур балам торосон торо бирок мага ишенбе.Мен карыдым кара казан кайнатканга аран жарап журом.Торосон озун бак,мен карыдым дедим балким келиним силерге окшоп кападыр.Ордунан унчукпай кабагын салып туруп кетти.Андан бери эки жыл отту.
Мына кыздарым небере бакан менчелик болор.Бирок апам бакты балдарымды деп раазы болуп айткандарын бир укпадым,балким мен жокто айтышар билбедим.Кыйналып бакан кундорум,уйкусуз тундорум озумо аян милдет кылып кыйналдым деп айтпагам балким ошол учун да билишпесе керек...
Бирде чон неберем копко келбей койду сагындым да звандасам деле келбейт.Келиниме ичимен таарынам бар энене кабар ал деп койбойт деймин.Бир куну неберем келди жыргап эле калдым кеч жатканында жанына келип.Балам мен олгондо жакшылап окуруп ыйлагын ээ десем.
- Эне неге андай деп атасыз деди.
- Анткен себебим сен мени сагындырып келбейсин,анан да ыйлабай койсон элдер небере бакпай койот.
- эмнеге ?
Э небере бакса Рая эжедей багар небереси энесин карабай койду жада калса ыйлаганга да жараган жок деп неберелерин карабай койот десем.Кучактап кулуп бооруна басып уялып калган.Ошол неберем акча салып эне озуно керектуулоруну ал деп турат.Аллага шугур неберелеримдин сыйын коруп турам.Тегерегимде тегеренип энекелеп,тай энелеп турушат шугур.
Бирок карылык шаштырып,нерв жукарып кээде ошолордун ызы чуусун которбой калам.Ошон учун карыларды жаштар силер да туура тушунгуло.
Конулун алып апакелеп,журогунордон белек берип ( милдет кылбай ) кары адам копту коргон силердин кирпигинерден билип турат,сыйлап турсанар Аллахым да силерге берер сыйы бар аны бара бара коруп сезесинер.
Менин бактылуу кундорумо кайын атамын ак батасы,кайнежелеримдин мага раазычылыгы, ак тилеги деп сезип келем...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 22 Февраль 2019 - 09:21