Автору Жыпара Исабаева
- (17 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене
#2 04 Октябрь 2012 - 17:12
Капырай десең! Кимдин оюна келет дейсиң, мындай иш?! Кимдин акылына сыят?! Ким ойлоптур, аңгыраган ээн адырды пааналаган мына бул жылан баласы адамга окшоп, адам баласына ашык болуп, адам деп сыздап калат деп! Деги, адам баласынын акылы айран болуп, дене бою дүркүрөй турган укмуш, бул!..
Боп-боз адырда боздоп, бороон улуп атты. Эзели бетине эчтеке чыкпай, ансыз да түктүйгөн бул беттин топурагын тытмалап, шамал ышкырат. Ага деле кайыл болуп, тээ атамзамандан бери ушул жерде жатчу үйдөй кара таштын коңулунда, адамдардын айылы тараптан көзүн албай, тикчийет жылан. Бийиктиги адам боюнан бийик, денесинин ар кай, ар кай жеринде гана азыраак темгилдери бар ак жылан...
Мындан анчалык алыс эмес, орчук таштуу аскалардын арасында, адам түгүл куш кирип кетсе кайра чыккыс Жинди-Чап деп аталган жеркуйдун түбүндө анын мекени бар. Узундугу те ат чабым жерге чейин созулуп жаткан ушул жеркуй жөнүндө адамдар “илгери-илгери” деп аңыз кылышат…

#3 04 Октябрь 2012 - 17:19
э неле баарын жарым жартылай жазып таштап коесунар ёшкинкраб!
Жазсанар норм жазгыла болбосо адамды оору кылбай жазбагылыда!
Ии анан.
Ии анан.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#4 04 Октябрь 2012 - 17:23
елки,
эми бул чыгарма менен ооруйт кенбиз да...көптөн жазаңар,сураныч.
..
Только злые люди, зла боятся!
#5 04 Октябрь 2012 - 17:30
Ошол илгери-илгери ушул адыр көк тулаңы жайкалган жашыл төр болгон дешет. Береги жылаңач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура. Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшкөн дешет! Бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, айылды өрттөп, күлүн көккө сапырат! Сууда ойногон кыз-келиндерди тегеректеп,
мазактап кордомой болушат. А бирок ал кыздардын арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: “Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!” – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуйт. Ошондо жер алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуптур!
Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, курал-жарагы,
ат-маты менен жоо да бүтүндөй ошол жараңкага – жеркуйга түшүп кеткен имиш! Ошондон кийин ушул адыр ушинтип ыйлап, шаркыратма,
булагы соолуп, кагырап калган дешет. Ал жерге эми адам да жолобойт. Жеркуйга кирген мал-жан кайра чыкпайт. Ошон үчүн бул жер Жинди-Чап деп аталып, жалгыз гана жыландарын мекени болуп калган делет!
Береги биздин ак жылан да так ошол жыландардын мекенинен чыккан. Алла таалам тагдырына ошону жазгандай, анан калса ошол чыпалактай кезинен эле адам баласына жакын болду. Адамдар жүргөн жерлерди айланчыктап, ошолорду акмалап, айтор орчук таштуу аскалардын арасынан көп кетчү...
Бороондун боздогону али басыла элек. Аба ырайы жакшы болгондобу, азыр убакыт чак түш, күн чакыйып төбөдө болмок. А бирок бирде түрмөктөлүп, бирде чоюлуп узара түшүп жаткан жылан аба ырайына деле кайыл болчу. Чындап келсе, үстү-башын улам боз топурак менен көөмп, кайра анысын заматта «жууп» кетип, бирде ыркырап, бирде созолонтуп ышкырган шамалды ал тоготкон да, сезген да жок. Болгону эле бүт тулкусу от менен жалын болуп, сагынычтан бекен, эс-акылы да, оор денеси да тынч ала албай, тынымсыз чабалактай берди.
О, эгерде ошол күздөгү окуя болбогондо! .. Анда жыланды азыр эч нерсе, эч ким токтото алмак эмес! Кудум баягысындай учуп-күйүп, айылга түшүп бармак! Андайда анын келе жатканын Кызмончогу да сезип, кызыл көйнөгүнүн этек-жеңин делбиретип, колундагы жоолугун желбиретип, жолунан тосуп чуркамак! Кокус антпей калса, баягы өзү салып алган жол менен жылан түз эле үйгө кирип бармак! Кудум адамдардай экөө анан көпкө чейин кучакташып турушмак! Кызмончок сүйүнгөнүнөн Жанын бооруна кысып алып тегеренип-тегеренип алмак. Андайда экөөнү аңкая караган ата-энеси же сүйүнөөрүн, же күйүнөөрүн билбей, эси ооп турушат эле. Качан гана Кызмончоктун кучагынан куюлуп түшүп, Асылбек менен Сырганын аяк алдына келгенде, бет маңдайында балага окшоп болбурап, сагынычын жашыра албай, эркелеп турган жыланга Сырга түтпөй кетмек! Күйөөсүнөн саал тартынып, бирок озунуп учурашып:– Кандай, Жан? Жакшыбы?.. – деп мээримдүү күлүмсүрөмөк. Ошондон кийин гана Асылбек баягысындай эле ооз учунан:
– Келдиңби?! – дейт эле. А бирок анын бир гана ушул сөзүнөн Жан көп нерсени туйчу. Билгизбегени менен анда деле кандайдыр... ооба, ата катарыбы, же тек гана адам катарыбы... Жанга карата тымызын бир жылуулук, мээрим сезилчү. Ошол эле учурда Асылбек Жандын минтип, жаз сайын кайра кайтып келишин каалачу эмес. Ошол жерде бөжөйүп олтура калышып же өздөрүнчө бөлүнө түшүп, сагынычтарын айтышып жаткан Кызмончок менен Жанга акырын-аста көз кырын салып, ойго батып кетчү.
Кызмончок андайда Жандан кышты кандай өткөргөнүн сурайт эле. Жан болсо абдаарып калчу. Кышы бою эч нерсе билбей, сезбей чээнде уктаганын кантип айтат?! Кызмончоктун алдында ансыз да айбан экендиги үчүн арман кылып жүргөн макулукка бул оор тийчү. Кызмончок эле болсо ошону туйбайт дейсиңби?! Туйчу! Атүгүл жылан досунун эмнени ойлоп, эмнени жашырып-жаап жатканын көздөрүнөн эле көрүп алчу да, ууртунан күлүмсүрөп, эмнегедир ичи элжиреп кеткендей бооруна кайра да кысып, эркелете, сүйө тиктечү.
«Балким, ал анда мени аячудур? – деди эми оюнда Жан, – Мүмкүн…» Анткени, андан ары кыз эч нерсе сурачу эмес. Өздөрү жөнүндө божурап айтып берчү. Кыштата Жанды сагынганын, аны канча ирет түшүндө көргөнүн, атүгүл анын сүрөтүн саймалап сайганын айтып, жүктүн астындагы чакан, кооз сандыгын алып чыгып, жыландын ар кыл сүрөттөрү түшүрүлгөн чоң, кичине аппак чүпүрөктөрдү алдына жая баштачу. Жан да анын ар бирине тирмийе тиктеп, кыздын сыйкырчыдай касиетине таң берип аппак, кичинекей, жумшак колдоруна суктана карачу. А бирок, ичинде канчалык жетине албай турганы менен, ошого удаа эле “аттиң!” деген өкүнүч өзөгүн өрттөп, куйкалап турчу! Өзүнүн да ушундай колу, буту болгондобу, Кызмончогуна кандайдыр белектерди арнабайт беле!

#6 04 Октябрь 2012 - 17:46
Оюнун ушул жерине келгенде дагы бир жолу катуу онтоп, үшкүргөндөй узакка: “Кышш-ш!..
” – этти Жан.
Эмнегедир ага убакыт өтпөй, токтоп калгандай сезилип, ансайын ордуна батпай, тынчы кете баштады. Коңулдан кайра да суурулуп чыгып, башын койкойто калып, айыл тарапты карады. Бирин-экин айылдыктардан башка көзүнө эч ким, эч нерсе чалдыккан жок! Жер жазданып, тунжурап жата кетти да, оюна бир нерсе түшө калгандай, же баарына тобокел кылгандай анан, ушунчалык тездик менен ийрелеңдеп, айылды көздөй баратты!
Боору жерге тийип-тийбей зымылдаган жыланды азыр токтотууга эч мүмкүн эмес болчу! Бир гана күч, бир гана нерсе болбогондо ким билет, эмне болмок?!
Күздөн жазга чейинки убакыт бир кылымга татып, сагынычы жанына ушунчалык батып, шашкандан го, карышкан мойну улам алдыга узара түшүп келатты. Октой сызган жыландын көз алдына кайдан-жайдан кызыл көйнөгүнүн этек-жеңи шамалга делбектеген, кыжымы чыптамачан кыздын элеси булактап көрүнө калып, ошол элеске удаа эле адам баласынын тааныш добушу үзүл-кесил угула түштү! Бирок үн буга жетпей, ортодон шамал учуруп, ың-жыңсыз жоголуп кетти. Билди! Демек Кызмончок да анын келатканын туюп, кандайдыр... шашылыш белги берип, алда нелерди айтып жаналекетке түшүп жатат! Ансайын көкүрөгүнөн түрткөн шамалды жиреп, үндү тыңшап умсунуп барат Жан! Көп өтпөй анан жүрүшүн азайтты… Токтоп да тыңшады. А бирок, баары бир кыздын үнүн кармай албай убаралана берди. Борон-чапкынды баятан бери тоготпой келатса, эми ага кыжырланды, ызаланып, туталанды! Ошон үчүн го, чубалган оор денесин соңку кырга чейин араңдан зорго сүйрөп келди да, жарым жартылай тура калып, төмөн тарапка көз жибердиЖылан токтогон ушул адырдан айыл тарап алаканга салгандай ачык, даана көрүнөт. Адырдын бир өңүрү улам эңкейиштеп олтуруп, этеги түп-түз жайыкка айланат. Андан ары айыл башталып, анча көп эмес үй бүлө түтүн булатат. Ошол үйлөрдөн аз-аз обочороок, тоого ыктай салынган, үстү камыш менен жабылып, терезеси темененин көзүндөй жылтыраган береги жалпак боз там жыланга өзгөчө жагымдуу. Керек болсо ал ага өзүнүн ордосунан да жакын сезилет. Анан калса ошол үйдүн кайсыл жеринде эмне турганы эле эмес, анда жашагандардын кулк-мүнөздөрүнөн бери жыланга жатталып калган.
Кечиндеси ошол терезеден үрүл-бүрүл, кызгылтым жарык жанат.
Жакындап барып карасаң – ортодо бир үзүм от үлпүлдөп күйүп, ошонун жарыгында арыкчырай, каратору жаш аял бир байлам ак жоолугун чекесине тыкчыйтып байлай коюп, шакылдата камыр жайып же чыны-аяк жууп жаткан болот. Үйдүн ээси — узун бойлуу, кең далылуу, шадылуу эркекти болсо жылан чын дилинен жактырат. Кээ бир адамдардай опурулуп-жапырылбай, дайыма токтоо, калбаат. Кечкурун комузун кыңгыратып, а кай бирде билегин түрүнө коюп, көпкө чейин күү чертет. Андайда аялы дагы жасап жаткан ишинен баш көтөрө, күйөөсүнө суктана, элжирей тиктеп, муюй калат. Атургай жылан дагы адегенде Кызмончокту туурап, андан кийин чындап эле бүткүл дитин төшөп, Асылбектин маңдайында ийрейип жатып алып, башын кээде-кээде серейтип көтөрө коюп күү укчу. Ушунун баары Жан үчүн айтып бүткүс, керемет учур эле! Баарынан да Кызмончокту айт! Там-туң баскан кезинен эле комуз укканды жакшы көрчү. Атасынын оң тизесине тыпыйып отуруп алып, анын бирде каршы-терши ойноп, бирде комуздун кылдарында тыбыраган манжаларынан көз албай, сыйкырдуу жыгачтын боорунан чыккан керемет дүйнөгө кулак төшөчү.

#7 04 Октябрь 2012 - 17:53
иии анан.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#8 04 Октябрь 2012 - 17:55
#9 04 Октябрь 2012 - 17:59
ии анан,анан не болдууу
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#10 04 Октябрь 2012 - 18:06
Ошондо эле айыл-ападагыларКызмончоктун баладан башкача зээндүү, зирек экенин айтышчу. Шыпшынып, таң калышчу.
– Капырай, ботом! Ушул кенедейнемеге эле асылып калышты! Деги Кудай-таалам пендем десе, баламды жаман көзменен суук сөздөн сактаса экен! — деп Сырга андайда, эне чымчыктай канаттарынжая коюп, чебелене берүүчү. Кызынын ылдам эле бой жетип, чоңоюшун каалачу. Бирок,Кызмончок бойго жеткени деле элдин көзү менен сөзүнөн кутулган жок.Тескерисинче улам барган сайын ал тууралуу “имиш-имиштер”, ушак-айыңдар арбып,бура бастырбай турган болду. Баарынан да кыздын күнүгө бир маал кылактап, тоогожалгыз чыгып кетиши элге табышмак эле! Адегенде аны байкагандар:
– Баягынын кызын чын эле жиндаарыганбы, капырай! Чак түштө эле кыр ашып, жалгыз кетип баратат! – десе дагыбирөөлөрү:
– Жок, анын көрүмчүлөрү барэкен! Көзүн байлап, ошентип эрчитип кетет экен! – дешчү. Акыркы убактарда андайимиштер шоона эшпей калып:
– Жок, кокуй! Кызмончок жыландынтилин билет дейт! Элден алыстап, ээндеп барып өзү да жыландын кебин кийет экен!– деп, атургай:
– Бетиң түгөнгү-үр! Кызмончоккош бойлуу экен! Жыландан боозуптур! Ай-күнүнө жеткенде ажыдаар-аялга айланатимиш! — деп үрпөңдөшүп, алда неден кооптонгондой акырын-аста сүйлөшүп, күбүң-шыбыңболуп, ушакчылардын күнү тууп, баарынан да Асылбекке көөнү бузуктар кудуңдап,котур ташын коюнга ката башташкан!
Ушуларды ойлогон жылан эми күүгүмкирип, көз байланаар убакытты күттү.
Денесин солкулдата терең демалып алды да, бир чети өзүн алаксытыш үчүн, бир чети өткөн-кеткенди дагы биржолу таразалап, электен өткөрүш үчүн буга чейинки өмүрүн бүт көз алдынанчубатууга өттү.
Ооба, так ушул сомодой болгон акжылан анда ийрелеңдеген ичке, бала жылан болчу! Кызмончок да баса элек,эмчектеги наристе эле. Экөөнүн ынактыгы ошол ымыркай кездеринде башталып, уламбарган сайын алардын ымаласы ширелишкен ширин сезимдерге жуурулушуп, аруу махабаткаайланып, көкүрөктөрүндө акыры сөз менен айтып жеткире алгыс арман болуп уюган.
О, бул экөөнүн башынан не дегенгана керемет күндөр өтпөдү! Түбүң түшкүр бу жалгандын маңдайга жазган жазуусу,ким- кимдин өз тагдыры, эки айрылыш жашоо жолу болбогондо, бири — адам, бири —айбан экенин эстерине да албай, экөө балким бир сүйүү сезимине баш ийип,эрчишип дүйнө кезип, ааламды айланып ак уруп кетишет беле?!. А бирок антүүгө даболбойт эле! Бул жарык дүйнөгө жаралган соң, анын мыйзам-ченемине баш ийүүпарз. Демек адам — адам бойдон, айбан — айбан бойдон калганы жакшы. А бирокалар аны убагында ойлоп коюптурбу? Каяктан?!.
Айткандай эле, бул окуя минтипбашталган…

#11 04 Октябрь 2012 - 18:10
анан.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#12 04 Октябрь 2012 - 18:18
Белден келген бетегенин ичиндебезилдеп ойноп, соймолоңдоп келатты бала жылан. Деги эле анын элпектигине,
тентектигине эмне бересиң! Анан калса башка жыландарга окшобой, башкача бул!Жерден боорун көтөрүп, жашоонун жарыктыгын боолгогон эң алгачкы күндөн элеэмнегедир адамдар тарапка ыктай берет. Эне-жылан адегенде чочулап, аркасынанакмалап эрчип жүрүп тажаган соң, акыры тим койгон.
Кооздукту, сулуулукту жактырганбала жылан учуп-күйүп келатса да токтоп, чепейип баш көтөрө калып, булактынагымын тиктеп, шыңгырын угат. Кызыл-тазыл гүлдөрдү аралайт. Адамдардын конушун,жайытын акмалайт. Эки аяктуу, төрт аяктуу бу жандыктарды эмнеге жакшы көрөрүнбирок, өзү да билбейт.
Айрыкча, жайлоого ушул үй конгонкүндөн баштап, бала жыландын күнү тууду. Ар күн сайын эртең менен эрте, күнменен тең жарышып келет да, обочорооктогу таргыл таштын үстүнө сойлоп чыгыпалат. Таштын бийиктиги буга жакшы. Көздөрүн жылтыратып, көпкө чейин ананайлана- чөйрөсүн, айрыкча адамдардын бар кыймылын, баскан-турганын кызыгып карайберет. Анткен менен көп нерсеге акылы жетпейт, көп нерсеге түшүнбөйт. Ошон үчүнго, кээде ага башына эле эмес, бүт денесине: “Эмне үчүн?” – деген суроо толупкеткендей сезиле берет. Ушинтип жатып, кээде ошол таштын үстүндө үргүлөп дакетет.
Баарынан да ага жакпаганы,эмнегедир эле андан баары коркуп, үркө берет. “Эмнеге?! – дейт ансайын балажылан үтүрөйүп, – Мен аларга эмне, жамандык кылдымбы?! .” Жок. Тескерисинче тактүйүлүп секирген козу-улакка, такыраң-таскак салган кулун-тайга кошулупойногусу, тээ учу-кыйры жок алыс-алыстарга зымырап жарышкысы келет. Жада калсабала жылан үстүнөн учуп өткөн канаттуу кушка суктанат. Куйрук-башын жергетыпылдата чапкылап, кудум учуп кетүүчүдөй умсунуп, умтулуп калат!
А бирок аны эч ким түшүнбөйт.Ойноп, оттоп келатышып эле так ошол жылан жаткан таргыл ташка жеткенде “ойт”беришип, “дыр-р” коюп качышат.
Адам баласына да бир-эки курдайбетме- бет жолукканы бар. Бир жолу ойноп, алаксып келатып боз үйгө жетипкалыптыр. Үйдүн эшиги түрүлүп, түндүгү ачык. Ичкериден казан-аяктынкылдырттаганы, адамдардын кобур-собуру, арасында аялдын шаңкылдап күлгөнүугулат. Аларга кошул-ташыл баланын үнү чыгат.
Селейип тыңшап, катып турду балажылан. Атүгүл көптөн бери ымала санап жүргөн ушул үйгө мына-мына, азыр кирипбаруучудай, канча ирээт обдулуп барып токтоду.
Аңгыча эле үйдөн капыл-тапыладам чыга калбаспы! Экөө тең нес боло, бир топко чейин бири-биринен көз алаалбай, өң-алеттен кетишип, бири-биринен коркуп кетишти.
Асылбек көп эле жылан көргөн.Бирок бул жылан андагылардан таптакыр башкача — ак жылан болчу. Узундугу эки-үчэле карыш келген бала жылан! Асылбек деле эгер көз токтотуп караса, чыбыктайболгон неменин зыяны жок экенин байкайт беле?!. Көздөрүнөн көрөт беле?! Абирок, антүүгө Асылбектин кудурети да жетпей, шашып калды. Анын үстүнө такбосогонун алдында үйдү карап, алда неге ынтызар турган бу жылан Асылбекке бүткөнбойду “дүр-р!” эттирген жагымдуу да, жагымсыз да, түшүнүксүз сезим калтырды.Тээ качантан түшүнө кирип, жүрөгүн түпөйүл кыла берчү, же жакшыга, же жамангажорурун билбей жүргөн аяны ушул окшоп сезилди...

#13 04 Октябрь 2012 - 18:23
каап отчёт жазышым керек. Жаза беринчи сураныч анан келип окуйм...
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#14 04 Октябрь 2012 - 18:25
#15 04 Октябрь 2012 - 18:28
#16 04 Октябрь 2012 - 18:32
жакшы чыгарма, мен окуганмын
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#17 04 Октябрь 2012 - 18:37
Бала жылан да адегенде алдастайтүшүп,
адам баласынын бар кыймылынан көз албай, теше тиктеди. Бул экөөнүн тең өмүрүндөгүбиринчи арбашуу болчу. Так ошол тикирейе тиктеген калыбынан жазбай, бир убактаадам баласы артында, үйдө жөлөнүп турган жыгач саптуу, миздүү темирге колузатты да, бат эле анан жалаңдаган ошол темир так төбөдө ойноп, жыланды көздөйучуп келатты! Буйтай качты бала жылан. Көз ирмемдин ичинде болуп кетти, ушунунбаары!
Жерге тийип “чак!” эткен ачуу үндү жылан алыстап барып укту. Күрөктүнмизи жерге капортосунан бата түшкөн болчу. Бала жыландын мойну кыйылып калмаказыр.
Шамдагайлыгынан калды го. Учуп-күйүп, келген жагын көздөй безилдеп жөнөгөнбала жылан таарынды адамга: “Ага эмне жамандык кылдым мен?!.”
Ушуга жооп таба албай, бушайманболуп баратты. “Чоң жылан болгонумдабы! ..” — ичинде ошентип кекенгени менен, чоңжылан болгондо деле адамга анчалык акарат кыла албай, атурсун ага байланып,адам менен айбанды ажырата албай калган белгисиз бир улуу күчкө арбалыпкалаарын анда ал каяктан ойлоду?.. Ошол калыбында жүрүп отуруп, орчук таштууаскасына жеткенде гана артына бир кылчайып карап алды. Бир далай жерди кантипбасканын, канча убакытта келгенин билбейт. Ызаныкы го?!.
Бу кезде күн тоонун аркы бетинежашынып бараткан. Жыландын көзү жеткен бул аймактын жарымына күн тийип,жарымына эчак көлөкө түшкөн. Аздан кийин айлананы күүгүм басат. Анан алкоюуланып отуруп караңгы түнгө айланат. Тирүү жан түгүл, ай-ааламың ананакырындап уйкуга баш коёт. Дүйнөнү «жым-жым» этип, мемиреген тынчтык каптайт. Абирок бала жылан аны каалабайт! Эмнегедир эле анын дүйнөсү жарыкчылыкты, күндүэле самай берет. Дайыма эле тирүүлүктүн, кыймылдын болуп турганы кызык ага.Анткен менен, таңдан кечке жаны тынбай соймолоңдой берип, чарчап калганын өзүда туйбайт.

#18 04 Октябрь 2012 - 18:52
Асылбек комузун кыңгырттатыпотурат.
Кызмончок адатынча жөрмөлөп келип, быйтыйган колдору менен комузду кошокармалап,
өз тилинде чулдуруктайт.
Атасы ансайын кызып, күүгө кулак төшөйт. Көздөрүнжумуп,
сыбызгыган бир укмуштуудай керемет ыргактарды кайрыйт. Казан-аягынан жаңыэле колу бошогон Сырга да жоолугун оңдоп салынып, күйөөсү тарапка жароокерленекарайт.
Анан ата-баланын катарына эпейип отура калып, түгөйүнө эркелей,эркелете тиктейт. Көңүлү алып-учуп, көкүрөгүндө бир назик сезим айланып, анан өзэркине өзү туруштук бере албай, ичке билектери күйөөсүнүн мойнуна жумшак оролуп,назик эриндер жүзүнөн сүйөт. Асылбектин комуздун кылын терген манжаларыакырындап барып тынчый түшөт.
– Жанбиргем, менин!.. Жаным!.. –шыбырайт келин, – Эмнеге ушунчалык жакшы жаралгансың? Мен сенсиз кантет элем?..Жакшым менин!..
Жубайынын наздуу шыбыры,буркан- шаркан түшкөн аруу махабаты Асылбекти эсинен тайыта, саамга өзүн жогототүшүп, антсе да адатынча сыр бербей, комузун жүккө жөлөй:
– Кызмончок эмне дейт?.. – дегенболот.
Сырга ага деле кайыл. Күйөөсүнүнмойнуна оролгон калыбында, анын комуздан бошой түшкөн тизесине отуруп, көкүрөгүнөбашын жөлөйт. Кызмончок да ата-энесинин ушул кылыгын, ысык-ынак мамилесинжактыргандай, улам бирине жароокерлене кытылдап күлөт да, же атасын, же апасынкызгангандай чырылдап ортого түшө баштайт. Асылбек экөөнө бирдей элжиреп, экөөнүтең кучагына бекем кысып, алмак-салмак жыттагылап, бакытка мас.
– Эс алалы, жаным, – дейт ананжубайына, – Сен кызыңды уктата бер. Мен малга бир көз салып келейин.
Асылбек келгиче Сырга төшөгүнсалып, кызын бөлөйт. Капкара каректери бир башкача бажырайып, узун кирпиктери күнжелесине окшогон, эмчек издеп эриндерин чөрмөлөңдөткөн наристенин оозуна сүтү ийипдирилдеген ак мамагын салып, тулку бою коргошундай балкылдап, энелик бир ыйыксезимге кана, ырахаттана көздөрүн жумат. Баланы уктатып коюп, түндөсү кийипжатчу ич көйнөгүн кийип, узун кара чачын жазып жиберип, жүрөгү көөдөнүнө батпайтуйлап, жанбиргесин утурлай сыртка чыгат.
Кудум түн периштесиндей ак көйнөгүжер чийип булактаган, денеси от менен жалын болуп чатыраган жубайын баладай таккөтөрүп ала коюп, тегеренип-тегеренип жатса, аларга кошулуп тоонун салкын желикошо чимирилип, Сырганын этек-жеңин дирилдетип, кундуз чачын сапырыпбириндетип, ансайын экөө тең жыргап күлүп, каткырып... Алар менен асмандагы Ай,тоолор кошо тегеренип, жылдыздар бакыттан көзү уялган сыяктуу ачакей-жумакейболуп жымыңдашып! ..
Асылбектин каруусун жазданыпжаткан Сырга бир убакта күлүп жиберди:
– Асыке?
– Ов?
– Экөөбүздү шыкалаап... тигилайды карасаң.
Ырас эле күмүш табактайжалтырап, толгон ай ал экөөнү түндүктөн кыйгач тиктеп, бир башкача төгүлүптуруптур. Асылбек ууртунан күлүмсүрөй, Сырганы өзүнө тартып:
– Кандай жарык, кандай сулуу?Эгерде эми да кыздуу болсок, атын Толгонай коёлучу, ээ? – деди кыялдана.

#20 04 Октябрь 2012 - 20:41
Ушул түнү алар бала жыландын түшүнөкиришти.
Канчалык өзүн жек көрүп, өлтүргүсү келгени менен жанагы адам ага түшүндөжагып турду. Ак жоолук салынып, бүйүрмө көйнөгүнүн үстүнөн саймалуу чыптамакийген жаш аял да адатынча аппак тиштерин кашкайта күлүп, кызын көтөрүпалыптыр.
Алар түз эле бала жыланды беттеп келатышат. Качайын деп, мойну-башынжанталашып сереңдеткени менен денесин эч бир жылдыра албай койду, бала жылан. Аңгычаадамдардын эркеги эңкейе калып, бала жыланды колуна алды эле, аял да аныбашынан куйругунун учуна чейин сыдыра сылап, эркелеткен болду. Кичинекей адамчада аны көздөй талпынып, быйтыйган колдорун сунат. Төртөө анан эрчишип алышып, көкшиберди кечип кайдадыр-кайдадыр кетип баратышыптыр.
..
- (17 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »