Бир топ жаткандан соң, акырын аракет кылганга өттү. Кантсе да эркек эмеспи. Мубарага тигинин ар бир кыймылы, жасаган аракети жагып турду. Акыры эмне болуп кетти билбей калышты белем, экөө тең өздөрүн кармана албай кучактаган тейде улуу ишке кирип кетишти. Турсунбек ушул жашка келгени биринчи жолу үйүргө кирип, аялдын даамын татты. Атаганат, жашоонун мындай дагы жыргалы бар экенин билген эмес. Ал эми Мубара жаны чыгып кете тургансып, үнүн бийик чыгарып катуу чыңырып да алды. Билген эмес эле, ушундай сыйкыр, ушундай ыракат бар экенин. Ал турсун денеси магдырап, асманга учуп барып келгендей болду. Алаасы нымдашып, боюна бүтүп калгандай сезим пайда болду. Турсунбектин жүн баскан көкүрөгүнө башын жөлөп, эркелеп жатып, аял болуп жаралып калганына сүйүндү. Алтымыш тамыры зыркырап, жашоонун керемети кайда экенин билип, көзү ачылды. Эч качан тийген күйөөсүнөн мындай ырыкат алган эмес. Ыракат алмак турсун андан боюн качырып, жан айласы кылып жашаганын эстегиси да келбейт. Турсунбектин чымыр денесине колун артып жатып уктап кетти. Турсунбекте кайдагы уйку. Ушул саам Алымкулга көп карыздар экенин билди. Эгер ал болбосо азыр үңкүрүндө күнүмдүк жеген тамагына ыраазы болуп жатат эле го. Ооба, бул да болсо балким беш кайыптын бири болгон нике кайып буйруп Турсунбек тоо башынан келген чыгар. Балким улуу Алла эки пендесин ушунтип табыштыргандыр.
Эртең менен Мубара уйкудан абдан көңүлү ачык ойгонду. Анткени көптөн бери суу жетпеген тоо гүлү суу ичип, өңүнө келген сымал, Мубаранын дагы агы-ак, кызылы-кызыл болуп, чөккөн кабагы ачылып, денеси жеңил болуп, кыймылы шайдоот тартып калды. Бул кезде Турсунбек таттуу уйкунун кучагында жаткан. Мубара сыртка чыгып, малына азыноолак чөп салып, сайдан суу алып келип, мештин үстүнө койду. Отту улуу жагып, келген күндү жакшы маанай менен тосуп алды. Ушул жашка чыкканы азыркыдай сүйүнбөсө керек. Анткени үйүндө таянган кишиси бар, эми аны колунан чыгарбай калсын. Аял кишинин эркекке кам көргөнү, өзүнчө эле бакыт экенин Мубара ушул саам билди. Чай кайнап, тасмал даяр болгондо Турсунбекти ойготту. Биринчи жолу жылуу төшөктө жаткан Турсунбек уйкудан ойгонуп, кайда жатканын эстей албай бир топко жатып, анан кечиндеки болуп өткөн окуяны эстеп, Мубараны кучагына алды. Экөө кайра кучакташкан тейде жата кетишти. Атаганат, эки жаштын бири-бирине чын ыкластан берилгени билинбегени менен кандай бакыт. Мубаранын дагы шаштысы кетип калды. Бирок бул жолу экөө тең чектен сырт кетишкен жок. Турсунбек сыртка чыгып келип, жуунду да, тасмал четинде олтуруп жатып:
- Мубара, эми сен мени мындан куусаң дагы кетпейм. Андан көрө бүгүн барып тоодон отун алып келейинчи. Байкасам отунуң аз калган экен деди. Эх, ушул сөздүн эле айтылышы Мубарага кандай жагымдуулукту тартуулады.
Чын эле отуну аз калган. Эптеп кыштан чыкканына сүйүнгөн Мубара башын ийкеп макул болду да:
- Чайга кара, - деди. Экөө бир топко кобурашып олтуруп чай ичишти да, анан сыртка чыгып, короо жайды караган болушту.
************
Мергенчинин сырлары. Б.Бийназаров
#82 10 Январь 2017 - 00:49
Алымкул кечинде үйүнө абдан кабагы ачык келди. Сырттан кирип келип эле, мылтыкты апасына карматты да:
- Апа, убада боюнча мына эми мылтыкты өзүңүз алыңыз. Мындан кийин тоого барып эч нерсе атпайм. Эми колхозго кирип иш кылам. Болду көптөн бери ичимден жеген санаадан арылдым. Дагы бир эмес эки кишинин тагдырын оң жолго салып, ыраазычылык алып келдим. Ушул жашка чыкканы канча кишинин керегине жарадым, эми дагы керекке жараймынбы же жокпу аны эч ким билбейт деп айтты да, сырт киймин чечип, жуунуп келип тасмал четинен орун алып олтурганда, бир баштан жасаган ишин айтып берди. Ал турсун ал жапайы кишини Мубаранын үйүнө калтырып келгенин, экөө тил табышып калганынан бери кеп кылды.
Бурул тиги кишинин үңкүрдөгү жашаган жашоосуна абдан кызыкты. Тим эле жомок угуп олтургансып сөздү бөлбөй угуп олтурушуп, акыры ал кишини Мубаранын үйүнө калтырганын укканда, Бурул үшкүрүнүп:
- Эми Мубара менен эки бакыр, бир тукур болуп жашап кетсе болду. Чын эле Мубара дагы жапайы кишидей болуп, коктунун ичинен чыкпай жашайт эмеспи. Убагында ал кандай созолонгон кыз эле. Убалына тийген күйөөсү жетти. Менин баамымда күйөөсү өзүнөн отуз эки жашка улуу эле, курган Мубаранын. Кыз баланын тийген күйөөсү жаман чыкса, өз жашынан эрте карытат тура. Мубара өз жашынан кыйла кары көрүнөт. Тийген күйөөсү жашын соруп алды.
Инабат угуп олтуруп, кабагы бүркөлө түштү да:
- Апа, сиз бекер кылдыңыз. Алымкулдун жасаган сооп иштери эми мылтыгы менен кармалып калбайбы. Чын эле тиги жапайы киши азыр Алымкулга абдан ыраазы болуп жатса керек. Анткени ушунча жыл тоо арасында кудум жаныбарлардай жашап жүрүп, элге кошулганы билип жатса керек, жашоонун кызыгы эми башталганын. Ооба, ал такыр эле ысык тамак ичип, жылуу үйдө жашабаган болсо, азыр тим эле бакытка туш болгонсуп калды го?
Бурул башын ийкеп:
- Туура айттың. Баса, Алымкул бүгүн баягы Токтосун айтырып жибериптир "кызыма келип сөйкө салып кеткиле, тиги атамдын бөлөсү Бектендин баласы кызыма эмес, бизге дагы жакпай калды" деп. Иниң дагы ал сөздү укканы, бир орунга олтура албай калды. Менин баамымда Бейшекан дагы абдан зээндүү жакшы бүлө болчу кыз экенин байкагам. Баягыда эле баарын бүтүрүп коёт элек, толгондон ошол күндүн эртеси атасынын бөлөсү Бектен келип, кармап койбодубу. Ооба, кыз баланын дагы көңүлүнө карап койгон жөндүү иш. Алымкул башын тырмап:
- Кап, эми эмне кылабыз? Жаз учурунда мал дагы арык. Бир кой союп барсак болбойт беле...
Бурул күлө карап:
- Малдын деле бул жерде зарылчылдыгы жок. Эң негизгиси таттуу-тарапа менен сөйкөнү алып барсак, калганын кийин көрө жатабыз. Алымкул шекшинип:
- Сөйкө салып коюп, кийин Инабаттай кылып алып кетебиз дегендер болбойбу? - деди, өткөндү эске салып. Бурул бул жолу сөз таба албай калды да, ичинен ойго алаксып, Султанаалынын жоругун эстеп, кабагы салыңкы:
- Балам, элдин баары эле Султанаалы эмес да. Анын жоругу айыл элине абдан сабак болду го. Ал жагынан кам санаба. Негизгиси сөйкө салып, кыздын башын байлап койсок, Токтосундун дагы сөзү чоң болот да, куда түшүп келгендерге "башы бош эмес" - деп. Алымкул бул сунушка макул болуп, сөз түн ортосуна чейин уланып, кудага баруу жөнүндө талкуу бир топко созулду. Акыры жат-жатка келип, төшөк салынып, Алымкул жаздыкка баш койгондо эле катуу чарчагандыктан дароо уктап кетти.
Эртең менен кечирээк ойгонуп калды. Шашып тамак ичкен болуп коктуга жөнөдү "Турсунбек тоосуна качып кетип калган жокпу"- деген санаанын кучагынан чыга албай. Андайда адам баласынын оюна эмне деген гана ой келбейт. Шашып келип эле эшиктин алдында жалгыз олтурган Мубараны көрүп, дароо оюу бузулуп, эч саламга келбей эле, эки жакты элеңдей карап:
- Эже, тиги киши кайда? - деди. Мубара баштагыдай түнөрбөй, кабагы ачык, жөн эле өңүнө чыга түшкөн талаа гүлүндөй кулпуруп:
- Алымкул, эч жаман ойлобо. Ал тоого отунга кетти дегенде, Алымкул таң калып:
- Кандайча, ал кайра тоосуна качып кетип калса кандай болот? - деди, чоочуркап.

#83 10 Январь 2017 - 00:50
Мубара абалынан жазбай, жүзүндөгү кубанычтын белгисин сактап:
- Алымкул, мен сага абдан ыраазымын. Аны коюп, айылдан молдо алып келип, нике кыйдырып экөөбүздү бири-бирибизге байлап кой. Ушунча жыл жалгыздыктын азабын жакшы эле тарттым. Баса, Турсунбектин буту жылаңайлак жүрүп, абдан чоңоюп кетиптир. Байкап бут кийим жагын ойлонуштуруп бер. Барба десем болбой аз убакыт илгери эле отунга кетип калды. Абдан иштемчил көрүнөт. Мейли, мага караан болуп жашай берсин. Биз тил табышып алдык көрүнөт.
Алымкул ишене барбей:
- Эже, сиз чын айтып жатасызбы? - деди эле, Мубара жупуну кийген кийиминен корунгандай түр көргөзүп, бир саамга үнсүз олтуруп:
- Чынын айтсам баары жакшы болду. Анын алаксып иш менен алек болгону жакшы эмеспи.
Мубара сүйлөгөн сөзүнөн эле билгизип койду, өзүнүн дагы Турсунбекке көңүлү имерилип калганын. Кечинде байкаганы жакшы жагына оогонун айтылган сөздөн улам билип:
- Эже, менин бүгүн колум бошобой калчудан болуп калды. Эртең кечкиге бир кой союп, эт салып коюңуз, мен молдо алып келем. Бирок ашыкча киши болбойт. Силер бири-бириңерге көнгүчө элдин билбей турганы эле оң го? - деди эле, Мубара башын ийкеп:
- Абдан туура сунуш. Анда биз эртең кечинде сени күтөбүз деди. Экөө бир топко сүйлөшүп туруп калышты. Акыры Алымкул кабагы ачык үйүнө келди да, даяр болуп калган апасын жана Инабатты, Койлубай байкесин, аялы менен ээрчитип, Токтосундун үйүнө келишти.
Ооба, Токтосун дагы даяр болуп күтүп жаткан болучу. Куда күтүү, жакшылыкка даярдануу кандай жакшы жышаан. Бул күнү Токтосун кетирбей абдан жакшы коноктоду. Сөз арасында атасынын бөлөсү Бектендин баласынын жоругун да айтып берип, өзүнөн чекилик кеткенин моюнга алып, кечирим сурады.
Ооба, атасынын бөлөсү Бектен баягы күндүн эртеси эле куда түшүп келип, өзүнүн талабын коёп кеткен. Арадан эки ай убакыт өткөндө гана баласы келип Бейшеканга жолугуп, осол мамиле жасаганы аз келгенсип, сен эми менин аялымсың дегенсип, ашыкча сөздөрдү айтып, көңүлүнө көлөкө түшүргөнү ортодогу болгон убадаларга тоскоолун тийгизип, Токтосун өзү баш тарып, анан сөз айттырган болучу.
Тасмал четинен Алымкул эбин келтирип:
- Байке, кийин тиги атаңыздын бөлөсү келип чыр салбайбы анан, баягы Султанаалыдай болуп?-деди эле, Токтосун туура суроо бердиң дегенсип:
- Мен кечээ эле барып, ал киши менен ачык сүйлөшүп келдим. Баласынын жоругун угуп алып, абдан капа болду да, өз сөзүндө айтты "Биз тууган бойдон эле калалы. Менин балам сенин кызыңдын кадырына жете албайт" - деп айтты, ал жагынан кам санаба - деди.
Айтылуу беш бармак тартылып, тасмалга бата тиленген соң, кызды күзүндө алып кетүнүү убадалашып, издерине кайтышты. Бурул тим эле буга чейин тарткан азаптарын унутуп, чечекейи чеч боло сүйүнүп, үйүнө абдан көңүлдүү келди. Эне үчүн мындан өткөн бакыт барбы. Ооба, келин алганы көп иштен колу бошоп, ийик ийрип эле олтуруп калган. Эми бул келини төрөп, тиги келинин колуна алып алса, үй ичи опурап-топурап эле калаарында эч шек жок. Жалгыз балдарын чоңойткондогу азабы минтип жакшылыктын келгени менен унутулуп, жашоо кызык сезилип бир кезде мылтык жөнүндө ойлонуп кетти. Келини Инабат айткандай мылтыктын жакшы эле пайдасын көрүшкөнүн моюнга алды. Канча кишиге кайберендин этин берип, алкоо сөз алды. Андан дагы келини Инабаттын келин болуп келишине дагы, жаңы сөйкө салып келген келечектеги келинине куда түшүүгө да ушул мылтык себепкер болгонун кантип танат.

#84 10 Январь 2017 - 00:51
Эртеси эртең мененки таңкы наарда Бурул:
- Балам, мен өткөндө аялдык сезимге алдырып, сага катуу айтып койдум. Ме, мылтыгыңды өзүң ал. Байкасам сен мылтык менен көп кишиге жарыгыңды тийгизип, көптөгөн жакшылыктарды жасадың. Атаңдан калган өнөрүңө бут тосуп калам го, - деди эле, Алымкул жер караган калыбында:
- Апа, атылган ок кайтпайт. Айтылган сөз дагы атылган октой. Сиз мага жана мылтыкка карата абдан осол сөз айтып койдуңуз. Мен өзүмө-өзүм убада берип койдум "мылтык кармабайм" - деп. Сиз айткандай мылтык кандай гана жакшы нерселерге жеткирди. Эми сиз айткан осол сөз менен мылтыктан кут, менден мергенчилик касиет качты. Болду, эми мен тоого да барбайм, мылтык да кармабайм. Эң негизгиси, бир кишини элге кошконум мен үчүн абдан чоң иш болду. Эми мени кыйнабагыла "мылтык кармап, кайберен ат"- деп.
Бурул бул сөздү укканда абдан чоң ката кетиргенин билип, бармагын тиштеди. Бир жагынан уулунун эч жакка барбасын ойлоп, ичинен ыраазы болду.
Алымкул кечинде айылдагы молдону ээрчитип алып, күүгүм талаш Мубаранын үйүнө келди. Бул кезде экөө чыдамдары кете күтүп олтурушкан.
Турсунбек эки күндө эле тоодон толтура отун алып келип жарып, жыйнап койгон. Тим эле жашоого жаңы жаралып калгансып, кабагы ачык. Тоодон келгенге чейин Мубараны сагынып, көргүсү келип шашып келгени эле көп сөздүн башын козгойт. Молдо келип нике кыят дегенде, ишене албай делдейип канча турду. Бул сөздү укканда гана аялга ээ болорун билип, талмасы кармаган адамдай туруп калганда Мубара колу менен түртүп:
- Ой, сага эмне болду? - дегенде, Турсунбек таттуу уйкудан чочуп ойгонгон кишидей:
- Мубара, сен чын айтасыңбы?! Чын эле сен мага аял болгонго макулсуңбу? - деп таң калып калды. Чынында эле ойлогон, бирок мынчалык кыска убакыттын ичинде аял алам деп ойлогон эмес. Мубара экөө этүү борукту союп, эрте эле казанга салып этти бышырып, жол карап күтүп калышкан. Качан гана Алымкулдар кирип келгенде, экөө тең тура калышты. Турсунбек тим эле бир тууганын көргөн адамдай Алымкул менен абдан жакшы маанайда кучакташып учурашты да, анан молдого көзүн кадады. Андан тартынып, сүрдөп да кетти. Анткени Мубара менен Алымкулдан башка киши менен али жолуга электиги сүрдөтүп ушундай абалга туш кылды.
Молдо тамак ичкенден кийин өзүнүн вазыйпасын аткарып, экөөнө нике кайып жөнүндө кеп улап, аял эркектин милдетин айтып, бир топко олтуруп калды.
Алар кеткенден кийин эмнегедир экөө өздөрүн эркин сезишип, күндөгүдөй төшөктү эки башка салбай бир салып, чыныгы аял менен күйөөсүндөй бир төшөккө жатышты. Бул никенин да өзүнүн жолу болот белем, нике кыйылганы экөөнүн бири-бирине болгон мамилелери да башкача болуп, бул түнү эч корунушкан жок. Мубара кадимки жаш келиндей эркелеп, аппак колун Турсунбектин мойнуна артып:
- Турсунбек, мен сага уул төрөп берем деди. Ушул сөздү күтпөгөн Турсунбек эки күндөн бери кандай кабагы ачылса, ушул бир ооз сөз менен миң эсе кабагы ачылып, уулду болуп жаткансып абдан сүйүндү. Бул жашоого жаралып калганына сүйүндү. Ушул күндү жана ушул сөздү укканга себепчи болгон Алымкула миң мертебе ыраазы болуп, Мубараны бек кучактап, бетинен сүйүп:
- Мубара, чын элеби? Мени сен ата болуу бакытына туш кыласыңбы? - дегенде Мубара толкунданып:
- Ооба, мен эки күндөн бери сага жолугуп, сени менен бир төшөктө жатканы, өзүмдү чыныгы аял катары сезип, ал турсун кандайдыр бир эне болуу бакытына туш болгондой сезим пайда болду. Сен мага болуп көрбөгөндөй жылуулук, жакшы нерсе тартуулагандайсың. Ушул күнгө чейин мен сенсиз кантип жашап жүгөнүмдү элестете да албай калдым. Билесиңби, сен тоого отунга кеткенде мен сени кандай чыдамым кете күттүм. Эч качан, эч кимди сени күткөндөй күткөн эмес элем. Балким бул чыныгы кечигип келген сүйүүбү деп да ойлоп калдым.

#85 10 Январь 2017 - 00:53
"Сүйүү"
деген сөздү дагы канча болду, уга элек Турсунбек өзү дагы сүйүүгө кабылганын эми билип, Мубарага берилүүсүнө сүйүү себеп болуп жатканын эми гана айтылган сөздөн улам билип:
- Мубара, сен менин алгачкы жана акыркы сүйүүмдүн ээсисиң. Мени сенден бир гана нерсе ажыратат. Бирок ал кеч келсин. Мага сен уул төрөп берсең, анда менден өткөн бактылуу киши жок болот эле бул жалганда.
Эх, сүйүүнүн керемети. Адам баласынын оозунан эмне деген гана таттуу сөздөрдү алып чыкпайт. Экөөнүн сөздөрү түгөнбөй, түн ортосунан өткөнгө чейин кобурашып жатышты. Мубара эч качан минтип чечилип сүйлөгөн эмес. Ал турсун сүйүү эмне экенин да билбегени чын эле. Таттуу сөздөр, таттуу тилектер, таттуу өбүшүү, ысык денелер бири-биринен ажырагысы келбей, экөө кучакташкан тейде кантип уктап кетишти, билбей да калышты.
Бул жашоодо аял менен эркектин ынтымагына албетте ортодогу чын ниеттен берилүүсү өбөлгө болот белем, үйдөн чыкпай күнү-түнү бири-биринин жандарынан карыш жылбай жашап жаткан экөө, арадан эки ай убакыт өткөндө билишти бири ата, бири эне болорун. Анткени Мубаранын алмага талгак болгону жакшы кабардан белги берди.
Ошонтип бул экөөнүн дагы бактысына себепкер болгон Алымкул анда-санда келип кабар алып турду. Баарынан дагы экөө наристелүү болорун укканда Алымкул да абдан сүйүнүп, Мубаранын суранычы менен эки баштык толтура алма терип келип берди. Боюнда бар аялдын талгагын кандырган кандай сооп иш. Мубара алманы көргөндө энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, берээрге ашын таппай калды. Алымкул эмнеге сүйүндү? албетте, бир атанын тукуму үзүлүп калбай уланып кеткенине өзү себеп болгонуна. Эгер Турсунбекти азап чегип тоо башынан алып келбесе, анда Мубара менен Турсунбектин жашоосу тузу жок жасалган даамдай супсак бойдон өтөт беле ким билет.
Чын эле жыл маалында Мубара төрөдү, төрөгөндө дагы балканактай болгон эгиз уул баланы жарык дүйнөгө алып келди. денеси катып калгангабы, төрөт учурунда жаны көзүнө көрүнүп, абдан катуу кыйналды. Эч ойлогон эмес "эгиз төрөйм" деп. Бул да болсо жалгыздыкта жашаган экөөнүн эч кимге зыяны тийбегенден жана бири-бирин чындап берилип сыйлагандын белгиси болсо керек. Эки жаш баш кошкондо ортодо жаман ой болуп, жагымсыз сөз айтылбаса, жашоо кызык болоруна Турсунбек менен Мубаранын жашоосун үлгү катары алсак болот. Бул жалганда жакшы ойлор, жакшы сөздөр, жакшы тилектер, бири-бирине жакшы мамиле жасаган жашоодогу чоң жемишин берээрин ушундан улам да билсек болот.
Мергенчилик өнөрдү аркалап, канча кишинин батасын алып, соопко калган Алымкул көп жыл жашады. Албетте мазмуунду жашоодо. Анын себеби, чын ыкластан берилген баталардын сообу тийген үчүн болсо керек. Убадага туруп, апасынын сөзүн жүрөгүнө жакын кабыл алып алгангабы, айтор ошол бойдон мылтыкты колуна кармабады. Улуу баласы Тилен он алты жашында мылтыкты колуна алып, атадан калган өнөрдү улантып, мергенчи болуп чыга келди. Билинбегени менен сөздүн күчү дагы адамдагы касиетти качырары аны белем, Алымкулдагы атадан оогон мергенчилик касиет бир ооз сөз менен кайтып, акыры баласына оогонун убакыт өзү таразалады.
Аягы.

#86 10 Январь 2017 - 02:20
Балли, абдан жеткиликтүү жазылыптыр.
Уландысы бар болду бекен?
#88 10 Январь 2017 - 14:53
абдан сонун чыгарма экен. Ушундай турмуштук тарбиясы бар чыгармалар көп жазыла берсин
#91 11 Январь 2017 - 00:23
#93 17 Январь 2017 - 06:23
Жакшы чыгарма экен. Рахмат авторго, жазган адамга.
Билдирүүнү түзөткөн: zarlyk2211: 17 Январь 2017 - 06:23
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#94 05 Ноябрь 2020 - 11:14
.
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#95 16 Ноябрь 2020 - 22:49
Бердикожо Бийназаровдун Дубаланган курма 1-2- чыгармасын көп жылдан беритаппай жүрөм. Кимде бар? Болсо жүктөп коюңуздарчы,
сураныч...