Китептин чыгышына Курманалиев Айбек Көбөгөнович каржылап, жардам берди.
Автор бул китебинде өткөн кылымдын, отузунчу жылдарында болгон окуяны кенен чагылдырып берген. Мергенчи Алымкул өнөрүнө таянып тоодо жашаган жапайы кишини көрүп калып, артынан түшүп, акыры аны элге кошот. Ошону менен бирге, оозунан чыккан убаданы аткарып, кийин колуна мылтык кармагыз болот. Айткандай автор бул чыгармасында элибиздин салтына да кенен токтолуп, жашоодо кездешүүчү көңүлгө жат окуяларды ачып бергенге аракет кылган. Айтмакчы бул чыгарма автордун отузунчу повести. Кызыктуу сюжеттер окурмандын көңүлүнөн орун алып, кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Мергенчинин сырлары. Б.Бийназаров
#2 07 Январь 2017 - 01:44
Алымкул мергенчи өткөн кылымдын башында жарык дүйнөгө келип, чакан өлкөбүздүн түндүк тарабында өз чөйрөсүнө төбөсү көрүнүп, элге алынып жашап өткөн экен. Бул мергенчилик өнөр дагы тукум кууп, атадан балага ооп, уланып келгенин кеп кылсак сөз учугу түгөнбөйт. Айткандай, Алымкул мергенчинин атасы Малабай көзгө атаар мергенчи эле эмес, кайсы убакта кайберен тукуму кайсы жерде төлдөйт, текесинен качан качты, ал турсун бооз кайберендердин ичиндеги баласына канча ай болгонун дүрбү салып билип койгон, табигаттын сырын чече алган, өнөргө бай адам болгон экен. Алымкул атасы Малабайды он алты жашына чейин ээрчип, тоо койнун кыдырат. Малабай алтымыш жети жаш курагында дүйнө салат. Бул жалган жашоодон өтөрүн алдын ала билип, уулу Алымкулга өзүнүн мылтыгын белекке берип, анан айткан экен:
- Балам, мергенчиликтин жүгүн алып олтурасың, эми сен мен айткандын баарын аткар. Калганын турмуш өзү көрсөтөт. Элге калыс болуп, жарыгыңды жакындарыңа жана айыл элине тийгиз- деп, сөзүн кыска бүтүргөндө, Алымкул калган сөздү айттырбай түшүнүп, башын ийкеп гана жооп бериптир. Бул ата менен баланын акыркы сүйлөшкөн сөздөрү болгон экен. Он жетиге караган Алымкул атасы эмне сөз айтмакчы болгонун ички сезими менен гана билет.

#3 07 Январь 2017 - 01:48
Андан бери убакыт өз нугунда өтүп, жашоо сапары уланып келе жатты. Кеч күз. Биринчи кар жаап, тоонун башын ак кар басып, түздүк жердеги карлар ээрип кеткен болучу. Алымкул Сары-Таш капчыгайы менен өйдө чыгып, Ой-Булак деп аталган коктуга жаңы гана эңкейгенде,
жүрөгү опкоолжуп, көңүлү айный түштү да, дароо кадамын токтотуп, эки жакты аяр карап, сактанып туруп калды. Мындай көрүнүштө Алымкул бир окуянын болоорун алдын ала билип, сагызгандай сактык менен дароо мылтыгын оңдоп кармап, боло турган окуяны күтүп калган адаты бар.
Бул жолу да Алымкул ийниндеги мылтыкты оңдоп кармап, айланага тегиз көз жүгүртүп алды. Күздүн күнкү күндүн нуру алсыз болгон үчүн суук илеби өз өкүмүн жүргүзүп, кыштын белгисин бергени болбосо, андай деле коркунучтуу эч нерсени байкай алган жок. Аңгыча эле ылдыйкы булактын башынан эки карышкырды көзү чалды да, дароо жер менен жер болуп жата калып, тиги эки бөрүдөн көзүн албай карап, алардын кыймыл-аракетине байкоо жүргүздү. Эки карышкырдын бири канчык, бири дөбөт экенин дароо эле билип, ушул тегеректе бөлтүрүктөрү болуш керек деп ойлоп, боюн жашырып чоң таштын коңулуна жылып келди. Эки карышкыр бир топко чейин бир жерден жылбай отурушту да, кайра ылдыйды көздөй кирип кетишти. Алымкул тигилердин бул кыймылынан шек алып, аларды аңдып, суу жеген арыкча менен ылдыйлап тигилерге эки жүз метрче жакындап келди. Эки карышкыр булактын жанындагы бодо малдын сөөгүн жеп, экөө эки жерде жатканын көрүп, акырын дүрбүсүн алып чыгып, алар жаткан жерге дүрбү салды. Көзү курч, болуп-толуп турган Алымкул тигилер жаткан жерден анча алыс эмес жерде жаткан аттын ээрин көрүп, дароо атчан кишиге кол салышкан экен деп ойлоп койду да, кызыгуусу арта алдыны көздөй сойлоп дагы отуз метрдей илгерилеп барган соң, ыңгайын келтирип, он метрдей бери жактагы чуңкурчага чуркап жетип, боюн жашырып, энтиккен демин басып, анан дагы дүрбүсүн көзүнө такап булак жакка көз жүгүртүп, чоң таштын боорунда карышкырлар жетпегендей жерде турган адамды көрүп, иштин жагдайына түшүнүп, алгач эки карышкырдын бирин, болгондо дагы дөбөтүн кароолго алып көрдү да, аралык алыс экенин баамдап, кадимки солдаттардай жер менен жер болуп сойлоп кырк метрдей жакын келгенде, карышкырлар жыт алып калдыбы же шек алыштыбы, эки жакты элеңдеп карап, туруп калышканда Алымкул мергенчи мылтыкты мелтирете сунуп, алгач дөбөтүн сулата атты. Тарс деген үн менен дөбөт карышкыр жерге жалп кулады. Канчык качып жөнөгөндө ага дагы ок чыгарган Алымкул бир азга кечигип калган эле. Бирок ок канчыктын оң жамбашына тийип, арткы бутун сүйрөп жарат алган жерин тиштегилеп, жанын сактап калыш үчүн алдыга жылып жөнөгөндө Алымкул ордунан туруп, бери басты. Эки күндөн бери ташка жөлөнүп турган Дүйшөнбек "ичээр суум бар экен" деп ылдый түштү да, Алымкулду таанып, көзүнө жаш алып:
- Ыракмат, Алымкул балам, бир ажалдан алып калдың? - деп, каргылданган үнү менен кадамын тез-тез шилтеп, Алымкулга жакын келип кучактаган тейде, кадимки жаш баладай ыйлап жиберди. Чоң эле кишинин кудум жаш баладай ыйлаганын биринчи жолу көргөн Алымкул таң калып карап калды да, бирок сыр бербей:
- Эмне болуп бул жакка келип калдыңыз эле? - деди, Дүйшөнбек ыңгайсыз абалдан кутулуш үчүн жөтөлгөн болуп анан карегин жашылдантып, мукактанып кетти да, шилекейин кылк жутуп:
- Алымкул, сага башым тартуу, эртең үйдөн бир ат минип кет. Бүгүн эптеп чыдамакмын, эгер сен келбесең тиги экөөнүн жеми болуп, сөөгүм сөпөт болот беле... Эки күн илгери тиги Кара-Үңкүрдөн бери чыккам, жок издеп. Баягы маңдайы кашка кунаным жоголгонунан бул жакты карай кетейин деп ойлободумбу. Болбосо бул жерде турбайт элем го. Бир кунанды издейм деп, минтип минген атымдан айрылып, өзүм дагы бөрүлөргө жем болуп кала жаздадым. Аны коюп өзөк жалгагыдай бирдемең барбы? - деп сөзүнүн аягына чыкпай сөздү башка нукка буруп кетти. Алымкул жанындагы баштыктан бышкан эт, нан, сүзмө чалап алып чыкты эле, Дүйшөнбектин тамактан көзү өтүп кетти. Эки көзү алайып, жерге отура калды. Сөз тамак желип жатканда уланды.

#4 07 Январь 2017 - 01:50
Дүйшөнбек сугалактык менен бышкан эттен чайнап жеп жатып:
- Тиги имерилиштен бери чыкканда эле алгач минген атым коркунучтуу кишенеп жиберди да, кулагын тикчийтип туруп калды. Аңгыча эле эки карышкыр алдыбыздан чыгып бир башкача, кол салчудай карап калышты. Мен эмне кыларымды билбей эле үнүмдүн болушунча кыйкырып, кубаламак болдум. Бирок тиги экөө аны сезишкен да жок. Аттын башын бул төштү көздөй буруп, атты чаап жөнөдүм да, тиги мен кептелип турган жерге жакын барганда аттан секирип түшүп эле жанымды сактап калыш үчүн чоң ташка чыга качканга араң үлгүрдүм. Минген атымды ошол жерден узатпай эле жара тартышты. Айтканга оңой болгону менен өз көзүң менен көргөн укмуш коркунучтуу экен. Ушул жашка келгени карышкырдын малга тийгенин биринчи жолу көрүшүм. Карышкыр деген укмуш мыкаачы болот турбайбы, - деп сөзүнүн аягына чыкканда Алымкул ок тийип жарадар болгон канчык карышкырдан көзүн албаган тейде:
- Булардын жакын жерде бөлтүрүктөрү бар экенин байкаган жоксузбу? Менин баамымда бөлтүрүктөрү болушу ыктымал.
Дүйшөнбек көзүн бар-бар ирмеп:
- Жок, болсо мен көрмөк элем го. Тигилер эки күндөн бери бул жерден кетишкен жок. Экөөнүн карааны үзүлсө мен ылдыйлап качып кетет болчумун, муздак ташты байыр албай. Алымкул бир топко ойлонуп туруп:
- Мен эми тиги жарадар болгон канчыгын аңдыйын. Сиз тиги ээр токумду бир жерге катып коюңуз да, эртелеп ылдый түшүп кетиңиз, караңгыга калбай. Дүйшөнбектин курсагына тамак баргангабы, шалдырап уйкусу келип, жаны жер тартып баратты. Жан деген кандай таттуу. Эки күн уйку көрбөй таштын боорунда туруш эмне деген азап. Андан дагы эки сутка тамак ичпегенине эле баам салып көрөлүчү. Дүйшөнбек өзү Алымкулдан кыйла улуу болсо дагы улуу башын кичүү кылып:
- Алымкул, "эрдик кылсаң сүрө кыл" дейт. Мен бул кейпим менен эми айылга жете албайм. Эки күндөн бери наар албай таш боорунда турганым бир тең, азыр өзөк жалгап жашоодон үмүттөнүп турганым бир тең болуп, кирпиктен тартса жыгылганы араң турам. Бир-эки саат көз ирмеп чырым этип албасам болбойт. Тиги аттын канжыгасында айран менен нан бар. Аны сен чечип ал да, анан өзүң айткан жарадар болгон канчыкты аңды. Мен көрпөчөнү алып, алдыма салайын да көз ирмеп алайын деп, оюн ортого салды эле, Алымкул бул сунушуна макул болуп, алыскы зооканын башына көз жүгүртө карап:
- Байке, мен сизди туура түшүнөм, сиз айткандай эс алып албасаңыз болбойт. Мен сиздин жаныңыздан кетпей турайын. Болбосо дагы бөрүлөр келип калышы мүмкүн. Негизи эле бөрүлөр жалгыз кол салбайт. Алар көбүнчө үйүрү менен жүрүшөт. Ал эми бул экөөнүн жалгыз бөлүнүп калганына караганда, бир мандеми бар. Өзгөчө күз мезгилинде карышкырлар ушул аймакты байыр алышат. Мунун себеби, кеч калган малды жана сууга түшкөн кайберендерди аңдып, бир-эки ай ийри зоонун кептеши менен нак ушул жерди түнөк кылышат. Алымкул сөзүнүн аягына чыкпай ылдыйкы имерилиштен бери чыккан карышкырлардын үйүрүн көрө коюп:
- Байке, сиз эми бул таштын кырына чыгыңыз. Мен ок атып тигилерди алаксытайын, - деп шашып калды.
Көк жал карышкыр баштаган онго чукул бөрү тобу Алымкул мергенчи менен Дүйшөнбекти көрүшкөн жок. Качан гана элүү метрдей илгери жылышканда, алгач баштап келаткан көк жал экөөнү көрө коюп, кадамын тык токтотту. Бул учурда бөрү баласынан жүрөгү калып калган Дүйшөнбек бери жакта жаткан көрпөчөнү алып, мурдагыдан ыңгайлуураак таштын бетине жөн эле мышыктыкындай шамдагай кыймыл менен чыга качты. Алымкул октолуу мылтыгын оңдоп кармап, Дүйшөнбек эки күн жашынып отурган таштын артына жылмышып чыгып, өздөрүн көздөй жылып келаткан бөрүлөргө куралын оңдоп кармап, "эмне кылсам" деп ойлоп, бир кезде атасы Малабай айткан сөздү эстеди. Анда да күз мезгили болучу. Кара-Таш жайлоосунан кеч күүгүмдө келатышып, топ карышкырга туш болушкан. Ошондо Малабай эч бир коркуп койбой, өзүн токтоо кармап, алдыда келаткан үйүр башчысын, анан анын жанындагы канчыгын аткан. Ошондо бөрүлөр өзүлөрү жан айласын кылып, качып кутулушкан эле.

#5 07 Январь 2017 - 01:51
Малабай өзүнүн ишине өзү корстон болуп:
- Уулум, эгер сен дагы үйүрү менен жүргөн карышкырларга туш болуп кала турган болсоң, алгач баштап жүргөн бөрүнү ат. Андан соң калганын шартыңа жараша иш кыл. Бирок бөрү баласы кекчил болот. Эгер, бөрүлөрдүн үйүр башчысын өлтүрө атпасаң, анда ал сөзсүз өчүн алат. Ал жагын эсиңден чыгарба, - деген.
Алымкул өткөндү эстеп, эч тайманбай илгери жылып келаткан бөрүлөрдүн башчысын кароолго алды. Колдорун майда калтырак баскан Алымкулдун эмнегедир жүрөгү бат-бат согуп, көңүлү айнып, көз алдына атасынын элеси тартылып, бир жаман иш болчудай ички сезими менен белгисиз нерсени сезди. Бирок, өзүн-өзү колго алып, алдыңкы катарда келаткан, көзүнөн от күйгөн бөрүлөрдүн башчысын сынай карады. Адам болобу, айбан болобу күчтүүсү баары бир айырмаланып турат эмеспи. Анын сыңары, тиги бөрүлөрдүн башчысы да өзүнө-өзү ишенип, биринчи кол салууну көздөп, өзүнүн артыкчылыгын, күчтүүлүгүн билдирүү үчүн Алымкул жашынган ташты көздөй келатып, бери жактагы ок тийип жамбашынан жарат алган канчык бөрүнү көрө коюп, ал жактан көзүн албай карап, иштин жагдайына түшүнгөнсүп, бир саамга ойлонгонсуп туруп калды. Аралыгы анча алыс эмес эле. Бул учурду пайдаланыш үчүн Алымкул таштын коңулунан мылтыгын мелтирете сунуп, сол көзүн жумуп, бөрүнүн так жүрөгүнө мээлеп, машаны мына басайын дегенче болбой, жакын жерден коён булт эте чыга калып, чочутуп жиберди. Коён он беш метрдей чуркап барып, бери жактагы анча чоң эмес таштын алдындагы чуңкурга кире качты. Алымкул бир жакшы учурду кетирип жибергенине өкүнүп, бөрүнү колдон чыгарып жиберди. Анткени коён качкан учурда, бөрүлөрдүн башчысы кишидей амал колдонуп, коён кире качкан таштын артына эки аттап жетти да, Алымкулга башка жол менен кол салуунун амалын кылды. Алымкул жаткан ордунан туруп, эми ачык эле таштын үстүнө чыкты. Болбосо, тигилерге алдырып коёт болучу. Бир учурда дагы бир ыңгайлуу учур келди. Калп айткан менен болобу, бул бөрүлөр дагы сактанганды билет. Куралдын сүрүнөн сезгенишип, Дүйшөнбек чыга качкан ташты көздөй бет алышты. Ким-кимди жеңет, аны убакыт гана өз таразасына салат эмеспи. Эгер, Алымкул ок чыгарса, бөрүлөрдүн бирөөнү же экөөнү атып тынса, алар баары бир күн-түнү күтүп жатып кол салышы толук мүмкүн эле. Андыктан атасы Малабай айткандай башчысын гана атыш керек. Беш-алты бөрүнү атып жыккандан көрө башчысын атса жеңишке жетээрине ишенип турду. Ал эми Дүйшөнбектин өңү купкуу болуп, коркконун жүзүнөн билгизип койду. Эки күн таш боорунда турганы бир тең, бөрүлөрдүн үйүрү минтип тегеректеп турганы бир тең болуп, коркконунан жүрөгү өлүп, жашоодон үмүтүн үзүп салды. Бир жагынан көрпөчөнү алып алганына сүйүнүп, таштын үстүнөн ыңгайлуу жер таап, уйкуга баш койду. Анткени ал жерге бөрүлөр жетпейт эле да. Уйку менен күлкүгө ар жок дегендей, кирпиктен тартса жыгылчудай абалга жеткен Дүйшөнбек уйку менен өзүн-өзү алаксыткысы келген үчүн, ушул жолду тандап алган. Эки күндөн бери наар албаган бөрүлөр чынында эле ачка болучу. Болбосо адам баласын көргөндө жазганышмак. Напси деген эмнени гана кылбайт, "Кызыл-кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет" - дегендей ач бөрүлөрдүн бул жоругу өзгөчө Алымкулду абдан таң калтырды. Андайда убакыт дагы өтпөй калат эмеспи. Аңгыча эле бөрүлөр башчысы оңдой берди болуп, Алымкул турган таштын алды менен жарадар болгон канчыкты көздөй жай кадам таштап басканда, Алымкул чынында эле сүйүнүп кетти. Буга чейин эки-үч жолу ыңгайлуу учур келген, бирок өзүнүн сыймыгыбы ким билет, кандайдыр бир сырдуу күч токтотуп койгон эле. Алымкул элүү метрдей алыс аралыкта өзүнүн тушунан өтүп бараткан бөрүлөрдүн лидерине мылтыкты кесеп туруп, машаны басып калды. Чымын учса угулчудай ээн жайлоонун тынчтыгын мылтыктын үнү бузду. Ок атылары менен өлүмдөн эч кабары жок бөрү башчысы чалгы менен чапкандай жалп эле кулады. Эмне болуп кеткенин өзү дагы билбей калды. Атылган ок, как жүрөгүнө тийген эле.
Тынчтыкты бузган мылтык үнүнөн чочуп ойгонгон Дүйшөнбек чоң таштан башын көтөрүп жерди карады да, ар тарапка качып бараткан жайнаган бөрүлөрдү көрүп алып, көзү умачтай ачылды.

#6 07 Январь 2017 - 01:52
Тынч жаткан жайлоонун төрү октун дарысы жыттанып эле жатып калды. Октон аман калган бөрүлөр артын карабай, ылдыйкы имерилишти көздөй качып жөнөштү. Бир караган кишиге кадимки эле иттей көрүнгөн бул бөрүлөр, эмне деген гана жырткычтык жасашат деп ойлоп, Дүйшөнбек чоң таштын үстүнөн бери түшкөндө Алымкул кабагы ачык:
- Байке, эрте жарыкта айылга түшүп кетели. Болбосо түнгө калсак дагы бир шойкомдун ичинен чыгабыз. Мен бул бөрүлөрдүн ана башчысы болгон, дөбөттүн терисин сыйрый койгончо, сиз ээр токумуңузду ыктуу жерге катып келиңиз. Мен бат эле сыйрыйм. Жок дегенде ылдыйкы үңкүр ташка жетип, жатып алсак да болот.
Бул учурда күн төбөдөн ылдыйлап калган болчу. Алымкул бардык нерсени алгач пландап алып анан иш кылганды жакшы көрөт. Ушул жашка келгени баскан изинен жаңылбаганы дагы атасынын берген таалим-тарбиясынан деп билсек болот.
Бир жолу Кар-Жатпас деген жерден илбирс менен бет келишип аны дагы өзүнүн баамчылдыгы менен жеңген. Мылтыгын ийнинен алып, аны октогончо, илбирс эки аттап жетип, басып жыгылган. Ошондо Алымкул өзүнүн жаштыгы, жүрөгүнүн курчтугу менен көп нерсени байкаган эмес. Илбирс күү менен секирип кол саларын билип, дайыма кынында жүргөн сабы узун, канжарга окшош бычагын эптүү кармап, илбирс качырганда, тездик менен бир метрден ашык суу агып өткөн, түбү терең арыктан секирип өтүп, ошондо да шамдагайлык менен илбирсти так жүрөккө сайганга үлгүргөнүнө өзү дагы азыр таң калып келет. Андан кийин эмне деген окуяларды башынан өткөрбөдү.
Алымкул өзү айткандай алеки саатта бөрүнүн терисин сыйрып жиберди да, өзүн күтүп калган Дүйшөнбекке:
- Байке, быйыл кыш катуу болот окшойт. Бул бөрүнүн ич майы калың экен. Карышкырлар жылдын кандай болоорун алдын ала билишип, ошого жараша ичине май топтошот деп мага атам айткан эле. Эгер кыш катуу болбосо дагы кар калың түшөт. Тоо чөптөрүн да байкасаңыз, эмнегедир быйыл эрте саргайды. Бул дагы кыштын катуу болорунан белги бергени. Өткөн жумада ууга чыгып, Кыр-Таштын өйдөңкү булагынан аркар-кулжаларды көрүп, ошондо дагы билгем. Бул учурда кайберендер, ургаачыларын көздөп калышы керек эле.
Жаш болсо дагы Алымкулдун көптү билерине Дүйшөнбек таң калып, "мунун баарын кайдан билип алган" деп ойлоп койду.
Экөө жөө-жалаңдап бир кырды ашкан соң, капталдагы ат жол менен төмөндөп жөнөштү. Жолдо ката эч деле сөз сүйлөнгөн жок. Аңгыча эле алдыда бараткан Алымкул колун көтөрүп, Дүйшөнбекке "токто" деген белгини берди да, өзү ылдый болуп бир нерсени тыңшап калды. Анан, акырын жылып, маңдайкы кырды тосуп турган анча чоң эмес ташка жашынып, алды жакты бир топко карап, Дүйшөнбекке кайрылды:
- Тээтиги, бургул таштын оң тарабындагы куюлма шагылды көрдүңүзбү? Ошол жерден бүркүт бир нерсе алды. Балким түлкү же карышкыр. Дүйшөнбек эч нерсе көрө алган жок. Бүркүт түгүл, анын караанын көрө албай, чыдамы кеткенде, үнүн акырын чыгарып:
- Алымкул, мен эч нерсе көрө алганым жок. Деги сен кайсы жерди айтып атасың. Ал сен көргөзгөн бургул таштын жанында эч нерсе жок го,- деди эле, Алымкул:
- Сиз эч нерсени баамдабайт турбайсызбы. Бүркүттүн катуу күч менен учуп баратканын уккан жоксузбу? Дүйшөнбек көзүн алайта таң калганын билгизип:
- Я, Алымкул, мен бүркүттүн учканын эмес, азыр өзүн көрө албай жатса,- деп тиги урчук таш жакты карады. Алымкул мыйыгынан күлүп:
- Сиз менен ууга чыгышым керек экен. Ууга чыккан киши баамчыл болуш керек. Андан дагы алыс-жакынды көрө билгенди өздөштүрүү абзел. Кайберендердин өңү куюлма шагылдан айырмасы аз болот. Ошол себептен алар көзгө көп уруна бербейт - деп, сөзүн чукул бүтүрүп.
- Жанагы бизге кол салганы калган бөрүлөрдүн бирөө ушул жакты көздөй качты эле, ошол бөрүнү алса керек. Мына эми даана көрүндү, - деп, бүркүттү дааналап көргөзгөндө гана Дүйшөнбек көзүн алайтып:
- Биринчи жолу бүркүттүн жем алганын көрдүм ушул жашка чыкканы-деп, алдыга кадам таштады. Экөө ошол бойдон сүйлөшпөй, өз ойлору менен алек болуп жол жүрүп келатышканда элүү метрдей жерден коён качып калды.

#7 07 Январь 2017 - 01:55
Алымкул аны узатпай, мылтыгын сунуп атканда, коён жалп эле кулады. Бул да болсо буйруган ырыскы эмей. Коёнду алып үңкүр тушуна келишкенде кеч кирип калган эле. Экөө коёндун этин отко куйкалап өзөк жалгашып, эс алганы жаңы эле жатканы жатышканда,
жакын жерден кулакка жат үн чыкты. Бул үн дагы бир шойкомдун белгисин бергенин Дүйшөнбек билип коркуп кетти. Тоо арасында эмне деген гана жан-жаныбар жашабайт. Өзгөчө түн ичинде алар кулакка жат үндөрдү чыгарганын Дүйшөнбек ушул жашка келгени укпагандыктан,
алиги үндү укканда коркконун билгизип, Алымкулду жалт карады. Үнсүз эле түшүнгөн Алымкул үңкүр таштын төр жагындагы атайын мергенчилер таштап кеткен тери төшөктү ортого жылдырып:
- Байке, коркпой эле коюңуз ал - кашкулак. Жакын жерде кашкулактын ийини бар. Өткөн аптада балдары менен жүргөнүн көзүм чалды эле. Балким балдарын коргоо үчүн үнү менен сүр көргөзүп атабы. Эч камсанабай жата бериңиз. Бул жер башка жакка караганда тынч жер. Аны коюп бөрүлөрдүн калганы изибизге түшүп келбесе болду-деп айтканда Дүйшөнбек ооздон сөздү жулуп алды:
- Анда кандай кылабыз? Экөөбүз уктап жатканда кол салса, биз эмне кыла алабыз. Андан көрө акырындап жолду кыскартып кете берели, таң эрте айылга жетип калабыз, - деп оюн айтты эле, Алымкул:
- Байке, сиз жатып уктай бериңиз. Мен сизге караганда түндө эс албадымбы-деп, жооткотуп сүйлөгөн болду. Бирок Дүйшөнбек кабатырланганынан жазбай, ыңгайсыз абалда калганын билгизип:
- Алымкул, азыр мен уктасам эч нерсени сезбейм. Анан бөрүлөр келип калса кандай болот? - деди.
- Айттым го, жатып эс ала бериңиз, азыр мен асманга мылтык атып коём. Мылтыктын үнүн укканда жан-жаныбарлар бул аймакка келбейт - деп, ишенимдүү айтты. Ишеничтүү айтылган сөзгө муюган Дүйшөнбек катуу чарчагандыктан тез эле уктап кеткенде Алымкул мылтыгын алып, сыртка чыкты да, күндүз байкап койгон өйдө жактагы Кыр-Таштын сол капталындагы жайык жерге келип, эки жакты аяр карады. Бул жерден күн уясына батып баратканда эки кулжаны көргөн болчу. Ошол экөөнү атыш үчүн атайын келген. Түн айсыз караңгы, Алымкул кеминде эт бышым убакыт чоң таштын коңулунда күтүп отурду. Аңгыча ай чыгып айлана көзгө кооз көрүнүп, түнкү көрүнүш көргөн көздү суктандыргандай ажайып сулуулукту тартуулап турду. Тоонун түнкү көрүнүшүн көргөн кандай керемет. Өзгөчө адам баласы аз барган тоонун бийик жерлерин кайберендер мекендейт эмеспи. Андай жерди жайлоонун төрү деп коёт. Алымкул бул ата кесиби болгон мергенчиликтин жүгүн артынганы тоо койну жашырып жаткан эмне деген көз жоосун алган кооз жерлерди көрбөдү. Бул жер өзгөчө ай чыккан кезде кооздугун тартуулайт. Алымкул эки кулжаны атканга деле анча кызыккан жок. Ушул көрүнүшкө күбө болуу үчүн келгенин тана албайт эле. Айлана сүттөй ак айдын нуруна бөлөнгөн кезде, күндүз көргөн кулжа менен аркар, кыз менен жигиттей ээрчише басып оттоп чыкты. Эгер, Алымкул сүрөтчү болгондо бул көрүнүштү тартса, эмне деген сыйлыкка ээ болот эле. Бир топко көз жүгүртүп, ал кооздукту карап турду. Кулжа менен аркар эч нерседен бейкапар оттоп Алымкулду көздөй жакындап келе беришти. Алымкул тиги экөөнү атканга шашылган жок. Бирок мылтыгын октоп, даяр турду. Аз убакыт өтпөй, наркы беттен эки карышкыр тике качырып аркар менен кулжаны көздөй аткан октой учуп-күйүп чуркап келатты. Ал экөөнү алгач Алымкул көрдү, анан кулжа менен аркар көрүп, жан айласы кылып Алымкул жаткан чоң ташты көздөй качып жөнөштү. "Кызыл-кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет" дегендей, эки бөрү өз гана кекиртегинин амалын ойлоп, окко учаарын билишкен жок. Он метрдей алыс жерден кулжа менен аркар чуркап өткөндө аларга удаа келаткан бөрүлөрдүн бирин Алымкул кароолго алып машаны басып калды. Алдыда келаткан бөрү күү менен баратып эле ок тийгенде оңкосунан кетип, бир топко чейин сүрдүгүп барып кулап түштү. Экинчи ок дагы сая кетпей берки бөрүнү жалп кулатты. Кыз-жигиттей ээрчише аркар менен кулжа бул учурда өйдөңкү Казан-Куйган жайлоосун көздөй сызып баратышты, жандарынын аман калгандарына ыраазы болуп.

#8 07 Январь 2017 - 01:56
Алымкул мергенчи эки бөрүнүн терисин сыйрып, үңкүр ташка келген кезде түнкү саат үчтөр болуп калган эле. Бул учурда Дүйшөнбек коңурукту кош тартып, таттуу уйкунун кучагында жаткан. Алымкул мылтыкты октоп, даярдап башына койду дагы өзү дагы уйкуга баш койгону жаңы эле жатканда, жакын жерден сүрдүү дабышты кулагы чалып, ордунан элпек туруп мылтыкты эптүү кармап, үңкүр таштын оозунан сыртка чыкканда, отуз метрдей бери жактагы арчанын түбүндө өзүн карап турган жапайы кишини көзү чалды. Айдын жарыгында даана көрүндү, анын жүн баскан денесин. Бул көрүнүш Алымкулдун жүрөгүн опкоолжутуп,
денесин майда калтырак басып, корккону көзүнөн билинип турду. Денесин жүн баскан жапайы киши дагы селт этип чочуп кеткендиктен Алымкулга сыр алдырып койду.
Бул тоо арасында жүргөн жапайы киши мындан бир топ жылдай илгери байдын үйүнө түнү ууруга кирип аз жерден кармалып кала жаздап, качып чыгып, ошол түнү жүрүп олтуруп, карматпастан тоонун башына чыгып кеткен. Ал кезде бул киши болгону он алты жаш куракта эле. Коркконунан Чаткал аймагынан изин суутуш үчүн күнү-түнү жол жүрүп акыры ушул аймакка келген. Жайкысын өзүнө азык камдаш үчүн семиз малдан союп алып, этин кургатып, сактаганга көнгөн. Бир киши араң сойлоп кирген үңкүрдү өзүнө жай кылып жасаган. Кыш киргени чээнге кирген аюудай үңкүргө кирет. Малдын терилеринен өзүнө төшөк да камдап алган. Дайыма жөө жүргөндүктөн тоо-ташта кадимки кайберендей кыймылы ыкчам, тез жүрөт. Ушунча жыл тоо арасында жүрүп, жан адамга көрүнгөн эмес. Бирок, бала кезинен мылтык эмне экенин билбегендиктен Алымкулдун мылтыгынан коркту. Эгер мылтыкты көрбөгөндө мынчалык чочубайт эле.
Бир-эки мүнөттөй тиктешүү менен экөө бири-бирин түшүнүштү. Көз ирмем менен сүйлөшкөндөй, жапайы киши кадимкидей оң колун көтөрүп койду да жай басып, бадалдарды аралап кетип калды. Алымкул анын кол көтөргөнүнөн эле баарын түшүнүп, мылтыгынын башын ылдый кылып, корккон сезими каякадыр качып, түш көргөн адамдай жапайы киши кеткен тарапты кызыгуусу арта карап, алдыга кадам таштады. Анткени ал жапайы кишинин колунан жамандык келбесин жүрөгү менен сезди. Ал турсун көз карашынан аны аяп, ага жардам бергиси да келип кетти. Ай сүттөй ак болуп, айлана түнкү кооздугун тартуулап турган учур болгондуктан, Алымкул мергенчи өзүнө тиешелүү тез кадам менен жапайы кишинин артынан түштү. Жапайы киши бул учурда капчыгайдын ичине кирип, эбак узап кеткен эле. Бадал-шакка бай капчыгайдын ичинен киши эмес, төө аралап басса дагы көрүнбөйт. Бирок баамчыл Алымкул азыр эле кирген жапайы киши кайсы жерде кетип баратканын жазбай билди. Анткени түнкү тынчтыкта ылдый жактан таштын ураганын угуп, дароо ал жакты карады. Бирок эч нерсе көрө албаганы менен бала кезинен бир нерсени беттеп алган Алымкул анын аягына чыкмайын жаны жай албайт эле. Бул жолу өзүн-өзү сооротуп кайра изине кайтты да үңкүр ташка келип, бир топко уктай албай ойгоо жатты. Жапайы киши бул жакка эмнеге келгенин да билди. Анткени эки-үч жолу бул жерден оттук таш жоголгондо таппай калышкан, аны жапайы киши алып кетип жүргөнүн баам салды. Чынында эле жапайы киши үңкүр ташка оттук таш анан туз алганы келген. Анткени мергенчилер дайыма ушул үңкүр ташка анан Кыпчык-Таштагы үңкүр ташка оттук таш, туз, майда-барат кийим-кече калтырып кетчү. Аны бул жапайы киши алып кетип жүрчү. Анан дагы сакал-мурутун албагандыктан бүт денесин жүн баскандай көрүндү, алгач көргөн Алымкулга.
Бул кишинин ысмы Турсунбек. Жетим бала болгон үчүн тоо койнун байыр алып, жалгыз жүрүп жапайы киши болгонуна ой толгоп, аны менен жолугуп, аны сөзгө тартып адамдардын катарына кошом деп, таттуу кыялга батып жатып Алымкул уктап кетти. Таңкы уйку кыйла таттуу, Алымкул бут серппей кызуу уйкуга баш койгон кезде жапайы киши кайра келди да, уктап жаткан Дүйшөнбек менен Алымкулга билгизбей мылтыкты, анан текчеде турган оттук ташты алып, шырп алдырбай изине түштү. Мылтыкты деле колдонгонду билбейт, бирок андан корккон үчүн мылтыкты алып, адам буту баспас жакка ыргытып жиберип анан ээн-эркин бул адамга өз оюн билгизүү эле.

#9 07 Январь 2017 - 01:58
Бирок, алар экөө экенин билгенден кийин бул оюнан кайтты да желе жүрүш менен өз үңкүрүнө келди. Оозу кичине үңкүрдүн жанында эки жакты элеңдей карап, адатынча бир мүнөттөй убакыт турган соң, анан кадимки жылан ийинине киргендей сойлоп ичкери кирди. Бул үңкүр таш Турсунбектин өз үй, өлөң төшөгү. Эмнегедир үйүнө келген Турсунбек кимгедир ачуусу келгендей, тамак-ашын койгон чоң жалпак ташты оң колу менен бир коюп алды да, тырмагы өскөн манжалары менен чачынын арасын тырмап, топоздун жүндүү терисине чалкалап жата кетти. Эмнеге капа болду, аны өзү эле билбесе, ачык айтып болбойт. Бирок өз жашоосуна өзү ыраазы. Бир гана кыйнаган нерсе, жанында ургаачынын жоктугу. Ушул жазда алыстан кой кайтарып жүргөн чабандын кызын көргөндөн бери жүрөгүн тымызын бир нерсе эзип келет. Анткен менен таттуу кыялга батканда мыйыгынан күлүп алган адаты бар. Болгон ой-тилеги тамак таап жеш. Бул эми тээ он алты жашынан бери келаткан максаты. Эгер ушул жазда чабандын кызын көрбөгөндө аялзаты жөнүндө деле ойломок эмес чыгар. Анткени күндүзү уктап, түнү жортуулга чыгып адамдардын көзүнө чалдыкпаганга аракети күч болгон Турсунбек бири-бирине окшош күндөрдү өткөрүп, аң-сезими дагы артта калганын жашырып болбойт эле. Бүгүн минтип адам баласын ушундай жакын жерден көргөнгөбү же алар менен маектеше албагангабы өзүнчө эле туталанып атып уйкуга алдырып жиберди. Себеби баарынан эртең мененки уйку таттуу болот эмеспи. Турсунбек уйкуга баш койгон кезде үркөр жылдызы тарап, күн чыгыштан келерки күндүн башталышынан белги берип, таң сөгүлүп келаткан болчу.
Таң атканча бут серппей уктаган Дүйшөнбек түнү эмне окуя болгонун билген да жок. Эгер Алымкул мергенчи мылтыгын издеп күбүрөнгөн үндү укпаганда дале уктап жатат беле ким билет. Мылтыгы менен оттук таштын ордунда жоктугунан улам Алымкул дароо билди, ким келгенин. Ал турсун жапайы кишинин жылаңайлак изин дагы көрүп, мылтыкты бош койгонуна өкүнүп да алды. Сыртка чыгып, эки жакка байкоо жүргүзүп келип, Дүйшөнбекке кайрылды:
- Байке, эми сиз мындан ары өзүңүз кете бериңиз. Менин азыраак иштерим чыгып калды. Эгер, бирөө-жарым сураса мен жөнүндө эч нерсе билбейсиз. Сөздүн кыска болгону жакшы эмеспи, "билбейм" деген бир сөз, "билем" деген миң сөз, сиз мен жөнүндө эч нерсе билбегениңиз эле абдан дурус. Түндө мен бир жапайы киши менен жолуккам. Ошол киши менин мылтыгымды алып кетиптир, ал мылтык чоң атамдан жана өз атамдан калган белек болчу. Менин эң негизги милдетим мылтыкты таап, жапайы кишини адамдардын арасына кошсом деген илгери үмүт пайда болду. Ким билет, мен жапайы кишини жеңемби же жеңилемби, аны бир гана убакыт көргөзөт. Ошол себептен сиз мага жолукканыңызды эч кимге айтпаңыз.
Дүйшөнбек чочуп:
- Ой, анан жапайы кишиге жолукканыңда мени ойготуп койсоң болмок экен. Аны экөөлөп кармап, элге алып барып кошмокпуз да. Алымкул мыйыгынан күлүп:
- Ал деген жөө күлүк, шамдагай кыймылы менен экөөбүзгө карматып коймок беле. Аны акылдын күчү менен гана эпке келтириш абзел. Жапайы киши менен тоо жаныбарларынын эч айырмасы жок болот. Андыктан аяр мамиле жасаш керек. Аны коюп, сиз, бүгүн кечке калбай айылга жетип алыңыз. Айылдан туз насип буйруса, жолугушуп калаарбыз. Дүйшөнбек эч сөзгө келбей эле Алымкулду акыркы жолу көрүп жаткансып, көзүн алайтып туруп калды эле, Алымкул:
-Байке, тиги куржунда кечинде жеген эттен калды эле, өзөк жалгап алалы. Мен бүгүн болбосо да эртең сөзсүз тиги кишини табышым керек-деди. Дүйшөнбек куржунун ачып, бышкан эттен алып чыкканда Алымкул кечинде аткан эки карышкырдын терисин үңкүр таштын төрүнө сүйрөп барып ыңгайлаштырып койду.
Экөө таңкы насипти бирге жешкен соң, өз жолдору менен кетишти. Алымкул асканын боору менен ылдый түшкөн кезде күн бир топ эле көтөрүлүп калган. Эки жакты аяр карап, эликтердин баскан жолу менен кетип баратып, маңдайкы шагылдуу колот жакты көзү чалды да, касиети сыр берген бакшыдай эмнегедир ал колотко баргысы келип, кадамын тык токтотту. Бул да болсо ички туюмдун белгиси эле. Чын эле ал колотко жапайы киши мылтыкты ыргыткан.

#10 07 Январь 2017 - 02:00
Балким мергенчиге ата тегинин арбагы белги бердиби, эмнегедир эле Алымкул бараткан жолунан кайра артка тартып, шагылдуу колотту көздөй жөнөдү. Тоо-таштагы ар бир жолду бир нече жолу басып өткөн үчүн Алымкул баскан-турган изинен жаңылбайт. Ал турсун өзү көздөгөн жерге чейин канча кадам басат, көз болжол менен билген өзгөчө бир сапаты бар. Баарынан дагы тоо канаттуулары кайсы жерге уясын салганынан бери билет. Кыскасы, бул Алымкул мергенчи абдан сезимтал, анан баамчыл. Ушул сапаты аны көп кырсыктан алып калды. Андан дагы эртең менен мылтыгын жоготкондо ага көп деле капа болгон эмес. Жүрөгүнөн сезген анын табылаарын.
Капчыгай ичи өтө кенен болбогону менен караган черге бай, өз деңгээлинде көзгө кооз көрүнгөн жапайы жаныбарларга ылайыктуу, көнбөгөн кишиге коркунучтуу көрүнөт. Алымкул шайдоот кыймылы менен өзү көздөгөн шагылдуу колотко келип, айланага аяр көз жүгүрттү. Бирок, жоголгон мылтыгын таап ала алган жок. Анча чоң эмес ташка көчүк басып, жогору жактагы өзү түнөгөн Үңкүр-Таш жакты карап, жапайы кишинин кыймыл аракетин көз алдына элестетти да, болду-болбоду тиги калың өскөн бадалдар жакты караш керек деп ойлоп, ордунан турду. Бир чети колунда курал жок болгон үчүн азыраак корккон болуп, аяр кыймылы менен улам алга жүрүп отурду. Таңкы кооздук өзгөчө тоо койнунда кандай керемет тартуулайт. "Бирөөгө зар дүйнө, бирөөгө бар дүйнө" дегендей жазындагы катуу нөшөрдөн ураган бактардын бутактары эмне деген отун. Ал эми айылда тамызгыга отун таппай жүргөндөр канча. Алымкул анча узун эмес, куураган шыргыйды колуна алып, оор дем алып жылып баратып, жүрүшүн дароо өзгөрттү. Оң жакка бурулуп, бадалдардын арасына кирди да, үч-төрт кадам баскан соң, алдынан учуп чыккан бөдөнөдөн чочуп кетти. Көрсө жакын жерде анын эки жумурткасы бар экен. Ага тийбей дагы он кадамдай илгери басып шагы ийилген бадалды көрдү да ага жакын келип, анын түбүн карады. Бирок эч нерсе таба алган жок. Эгер, Алымкул ошол жерден шашып алга басып кеткенде, бадалга илинип турган мылтыгын көрбөй өтүп кетмек. Бул жерден дагы өзүнө билинбеген бир сыр белги берип, ал жерден кетпей дагы жакшылап карады. Эх, жоголгон буюм табылганда адам баласы кандай сүйүнөт. Алымкул көргөн көзүнө ишенген жок. Энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, мылтыгын колуна алды. Бул жерди чынында эле адам буту баспаса керек. "Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмнең бар" дегендей, бул жерге адам баласы эмне издеп келмек эле, адам баласы түгүл мал дагы келбейт. Жалаң шагыл менен тикенектүү бадалды бир гана жапайы тоо жаныбарлары эле байыр албаса, келе турганга эч шарт жок.
Баса мындан беш жыл илгери Алымкул келген, так ушул жерге. Жогорку зоонун наркы бетинен элик аткан. Ал элик жарадар болуп, качып зоонун башына камалганда, жанындагы жолдошун атпа дегенге болбой атып жиберип, зоонун башынан кулап он кадамдай алысырак түшкөндө жарым күндүк жолду айланып келип, эликтин ич этин алып салып, кырга көтөрүп чыккан. Алымкул беш жыл мурда болгон окуяны бул жакка келатып эле эстеген. Ошондогу баскан жолун унута элек болучу. Мылтыкты таап алганына ичинен сүйүнүп, чарчаганын билбей кайра изине кайтып келатып отуз метрдей алды жактагы чоң карагайдын түбүндө өзүн карап турган күрөң аюуну көзү чалып, тык токтоду да, эмне кылыш керек деп ойлоно калды. Бул капчыгайдын жогору жагында анын чээни бар эле. Аны эч ким билбейт. Ушундай бир көзгө комсоо жерде жайгашкан. Аюу адам баласын көргөндө чоң душманы менен жолуккансып, урушка даярданган балбандай Алымкулдун жакын келишин күтүп турган болчу. Бирок, адам деген адам да. Эмне болгон күндө дагы жашоо үчүн күрөшүп, ар кандай тоскоолдуктан жол таап чыгыш үчүн Алла Талаа акыл берген. Акылды туура пайдаланса адам ар кандай тоскоолдуктан оңой эле кутулушу турган иш эмеспи. Анысыңары Алымкул дагы алгач коркуп кетип, алактай түшкөнү менен акырындык менен акылын жыйып, мылтыкты октоп алгач асманды көздөй ок чыгарды. Мындай ачуу үндү укпаган Аюу жаныбар эмне болуп кеткенин өзү дагы билбей, коркконунан артын карабай качып жөнөдү. Ар бир жаныбар үчүн жан деген кандай таттуу.

#11 07 Январь 2017 - 02:01
Жанды аман сактап калыш үчүн эң алгачкы мүмкүнчүлүк качып кутулуу эмеспи. Баятан бери бул чөлкөмгө адам баласы эмнеге келди, сазайын берейин деп, кыйын болуп аткан аюу мылтыктын үнүн укканда, баштагы оюнан кайтып, өз жанын аман алып калыштын амалын кылганы Алымкулдун күлкүсүн келтирди. Ал күнү убакыт шашкеден оогон кезде, өзү болжогон жерге жетип, чоң карагайдын түбүнө отуруп алып, алыска көз жүгүрткөн Алымкулдун көзү, зоонун анча бийик эмес жериндеги кичинекей үңкүрдү көзү чалды. Ал жерге деги эле адам баласы түгүл жан-жаныбар барып байыр ала тургандай эмес жер болчу. Андан дагы ал кичинекей үңкүрчө байкалбаган жерде экенин Алымкул дароо байкап, мурда эмне мен ал үңкүрчөнү көргөн эмесмин, балким бул үңкүрдө илгери байлардын алтындары катылган болуп жүрбөсүн деп, ар кандай ойлорду ойлоп, кеминде чай кайнам убакыт олтуруп, бир азга эс алып алайын деп, эки жакты кооптонгонсуп карап, анан карагайдын түбүнө кыйшая жатып уктап кетти. Канча уктаганын өзү да билбейт, жакын жерден чыккан добуштан ойгонуп кетип, дароо мылтыгын колуна алды. Көрсө, коён чуркап өткөн экен. Алымкул дароо көзүн ачып баягы өзү кызыккан үңкүрдү карады. Үңкүр баягысындай эле ичине сыр каткансып тынч. Аз убакыт өтпөй, үңкүр таштан жапайы киши чыкты да, даарат сындырып, кайра сойлоп ичкери кирип кетти. Алымкул аны көргөндө чын ниетинен сүйүнүп ордунан тура калды.
Бирок, бул сүйүнүчү көпкө жашаган жок. Мунун себеби кыска ой жүгүртүүнүн кесепети болду. Качан Алымкул өйдө тура калганда жакын жерден сагызган учуп шакылдап жиберди. Сагызгандын шакылдаган үнү абасы таза тоо койнуна тегиз угулуп, жапайы кишинин дагы кызыгуусун арттырды. Алымкул мылтыгын алып, каптал жол менен кадамын тез таштап, келатканда жапайы киши үңкүр таштан чыгып келатып эле көрүп, өзүн көздөй келаткан көзгө тааныш кишиден жазганып, ушундай бир шамдагай кыймыл менен жогору чуркап жөнөдү. Алымкул, анын кетип баратканын кеч көрүп калды да, өзүн-өзү кармана албай кыйкырып жиберди:
-Эй, токто?! - деп. Алымкулдун күч менен кыйкырган үнү кадимкидей жаңырып, тынч жаткан тоо койнун ойготкондой эле болду. Эгер Алымкул кыйкырбаганда, жапайы киши артын бир карап кылчаят беле, ким билет. Баштагыдан дагы жүрүшүн ылдамдатып, кырды ашып кетти. Бул көрүнүш мергенчинин көңүлүн сындырып, өзүн-өзү тилдеп алды "кап, бекер кылдым" деп.
Жапайы киши кырды ашып кеткени менен санаасы тынбай, өйдөңкү зоонун башындагы урчук таштын коңулуна чыгып барып, ылдый жакка көз жүгүрттү. Өзүнүн көңүлүн бурган киши кайра артка тартканын көрүп, аз да болсо өзүнө келип, кызыгуусу арта Алымкулдун ар бир кыймылын көз жаздымынан кетирбей карап турду.
Алымкул дагы жапайы киши өзүн карап турганын жүрөгү менен сезип, артын кылчайып карабастан, карагайлуу колотко боюн жашырганча шашты.
"Адамдан амал качып кутулбайт" деген кеп бар эмеспи. Анынсыңары Алымкул дагы куулук менен жапайы кишини алдоонун жолуна түштү. Аны оңой менен кармай албасына көзү жетип, кучак жетпеген карагайдын түбүнө отуруп, акыл калчады. "Эмне кылсам болот, кантип аны менен тил табыша алам, балким үңкүрүнө оттук таш, туз, ага керектүү буюм-теримдерди алып барсамбы. Бирок ал мага түшүнбөй кол салса эмне болот?" Ар түркүн ойлорду ойлоп, кеминде чай кайнам убакыт олтурду. Күздүн күнкү сыдырым желдин эпкини чыйрыктырып жибергенде гана ордунан туруп, максатсыз алдыга кадам таштады. Алымкулдун тээ бала кезинен берки кулк-мүнөзү беттегенин бербеген, ойлогонун орундатмайын жаны тынбаган сапаты бар. Бул сапатынын айынан канча жолу кырсыкка кабылбады. Эгер, көк беттиги болбогондо минтип талаа-түздө жалгыз жүрбөйт эле го. Көңүлү чөгүп, чийки эттен бышырып жейин деп ойлоп, оттук ташты таппай калды. Үңкүр ташка кирип, көлдөлөңгө чалкасынан жатып, көзүн бир чекиттен албай түбү жок ойдун жетегине жетеленип кетти. Канча жатканын өзү да билбейт. Бир учурда жакын жерден чыккан дабышты кулагы чалып, сактана калды. Мылтыгын колуна эптүү кармап, шырп алдырбай акырын сыртка баш бакты. Бирок эч нерсени көрө алган жок.

#12 07 Январь 2017 - 02:04
Ушул жашка келгени коркуп көрбөгөн Алымкул эмнегедир сезгенип, жүрөгү бат-бат согуп, коркунуч сезими пайда боло түштү. Мындай абалга кабылып көрбөгөн мергенчи эмнегедир жаш кезин эстеди.
Жаш кезде жүрөк курч, коркуу эмне экенин билбей бул тоо койнунда өзүн эркин алып жүрчү эмес беле. Балким жапайы кишинин сүрү ушул коркунучту алып келдиби, ага өзү жооп таба албай, үңкүр таштан чыкты да, эң алгач эле жапайы киши келе турган жакты карады. Бирок өзүнө коркунуч тартуулаган жандыкты көрө албай, эки жакты элеңдей карады да анан кандайдыр бир сырдуу күч жапайы киши өзүн карап турган зоонун башына каратты. Анын ошол жакта жашынып жатканын дароо сезип, "эмне кылсам болот?" деген чукул ой келе калды. Бир чети бул түнү ал сөзсүз кол салат деген ойду дагы учкай ойлоп, кеч болсо дагы бул жерден кетип калууну алдына максат кылып койду.
Бирок кандайдыр бир жүрөккө ээ бербеген сезим дароо бул ойдон кайттырып, мергенчини жапайы кишинин үңкүрүн көздөй жетелеп жөнөдү. Бул да болсо Алымкулдун ата тектен бери келаткан мергенчилик кесиптин сыры болучу. Кадамын жай таштап, бет алдын карабастан жер тиктеп, катуу ойго баткан адамдай эч нерсеге көңүл бурбай мергенчи мылтыгын коомай кырмып жалгыз аяк жол менен келатты. Өзү бул жерде болгону менен болгон дити, ойлогон ою такыр башка жакта эле. Жөн эле бир ачылыш ача турган окумуштуудай ойго терең жетеленген. Бул жүрүшү менен баратып Алымкул эки анжы ойдун жетегинде калды. Мындайда жанында бир киши болсо дагы караан болот беле, ким билет. Жок дегенде андан кеңеш сурап, бир ыңгайын табат беле... Айткандай убакыт алга жылып, күн кечтеген сайын кандайдыр бир кооптонуу пайда болуп, жүрөгү бат-бат согуп, айлана да көзгө сүрдүү көрүнө баштады. Болгон дити жапайы кишини эпке келтирип аны адамдардын катарына кошуу экенин тиги билбей, кол салса алда кандай күн болот.
Алымкул эмнегедир бир кооптуу окуянын ичинен чыкчудай, байкаган кишиге алаңдап эки жакты карай берди. Бирок бул кыймылы өзүнө билинген жок. Алыскы тоонун башындагы чоң урчук таштын арасынан ар бир кыймылын көз ирмебей карап турган жапайы киши, өзүнүн түнөгүн көздөй келаткан Алымкулду кантип жазгырып, башка жакты көздөй алып кетсем деген ойду ойлоп, бирок өзүн ишеничтүү кармап, ал дагы бир ыңгайлуу учурду күтүп жатты. Анын бир корккону Алымкулдун мылтыгы болду. Болбосо жанына келип таш менен урса дагы, бул аймактан кууп салмак. Экөө өз кызыкчылыктарын ойлоп, бир гана учурду күтүштү. Бирок жеңиш ким тарапка оойт аны бир гана убакыт көргөзбөсө башка эч ким билбейт эле. Бетин түк баскан жапайы киши канча болду элден бөлүнгөнүнө. Бирок биринчи жолу ушундай шартка туш болду. "Кантип бул кишини ушул аймактан кетирүү керек" деген ой мээсин жеп, не бир түркүн ойду ойлогонго жетишти. Буга чейин бир гана "тамак таап жеш керек" деген ойго баш оорутса, эми минтип убакыт сааты жетип кадимки адам баласы менен жолугууга дагы саналуу мүнөттөр калды. Бирок ал адамдын оюу эмнеде ага маани берген жок. Алымкул түнөгүнө жакындаган сайын, көзү алаңдап, бир жерге отура албай калды. Бул эми адам баласындагы эң акыркы мүмкүнчүлүк эмеспи. Жапайы киши ордунан туруп ушундай бир ылдамдык менен кичине тоону айланып чуркап, Алымкул мергенчинин арт жагына өтүп, таш кулатты. Бул "мен бул жактамын" деген белгиси болчу. Алымкул таш кулаган жакты карады да, жапайы киши арт жагына өткөнүн билип, кадамын тык токтотуп, бир саамга ойлонуп туруп калды. Бул көрүнүшкө Турсунбек аз болсо дагы шердене түштү белем, дагы таш кулатты мени кубаласын деген таризде. Алымкул алыстан көрдү жапайы кишинин көкүрөктөн өйдө жагын. Чынында эле ал көзүнө олбурлуу болуп көрүндү. Он алты жашынан бери эч бир киши менен сүйлөшпөгөн Турсунбек он жылдан ашык убакыттан бери жалгыз жүрүп, аң-сезими дагы артта калганын жашырып болбойт эле.

#13 07 Январь 2017 - 02:05
Бул жөнүндө Алымкулга чукул ой пайда болуп, жол жээгиндеги чоң ташка көчүк басып, "эмне кылсам болот, балким башка жол менен колго түшүрсөмбү,
айылга түшүп Карыбек мергенчини ээрчитип келсемби, мени бул же мен муну мандем кылып алышыбыз мүмкүн, күн дагы кечтеп баратат" деп, көзүн алсыз ирмеп ушул оюн туура көрүп, жапайы кишини дагы бир жолу сынай карады. Ушул караганында анын көз карашы кадимки айбанаттардыкындай болуп калгандыгын баамдады. Анткени Турсунбек өзүнүн аңкоолугун кыймыл аракети менен билгизип койгон болчу. Алымкул убакыттан уттурбайын,
кеч болсо дагы бүгүн айылга жетиш керек, эгер үңкүр ташта жалгыз калсам тиги мага сөзсүз кол салат. Андан көрө Карыбек мергенчи мунун бир айласын сөзсүз табышы толук мүмкүн - деп, ойлоп, кайра изине кайтып баратып, Алымкул өзүн карап турган жапайы кишиге байкоосуз эле үн салып кыйкырды:
- Эй, киши, бери кел, жай сөз менен сүйлөшөлү, мен сага тийбейм, дос болобуз.
Жапайы киши Алымкулдун айткан сөзүнө түшүндү бирок, дароо жооп бере алган жок. Жооп бермек турсун адам баласынын үнүн укканга таң калып, башка дүйнөгө түшүп калгансып, оозуна сөз келбей кайра боюн жашырганча шашты. Шагылдуу зоонун нары жагында бир топко колунун өскөн тырмагы менен жер чукуп өзүн алаксытып, түркөйлүгүн карматып калды. Бирок тиги кишинин "дос болобуз" деген сөзү кулагына жаңырып, андан кандайдыр бир мээримдүүлүктүн белгисин байкады. Бирок өзүнүн ээн жүргөн тоо койнун баарынан бийик тутуп, Алымкулга башка жолу көрүнгөн жок.
**********

#14 07 Январь 2017 - 02:06
Ай жарык, тоо койну дене-бойду ичиркентип ызгаар суугу менен күз мезгилинин өтүп баратканынан белги бергенсийт.
Күн кыска болгондуктан тез эле караңгы киргенгеби,
Алымкул жолду басып көп узарта албады. Бирок, өзүнө тааныш жол менен ойго түшүп, жол улап келатты. Андайда баскан кадам арылбай калат эмеспи. Ал эми алдыда дагы он-он беш чакырымдай жол созулуп жатат. Бул учурда чөөлөр дагы жем издеп чыгып, коркунучтуу үндөрү менен түнкү көрүнүшкө коркунуч туудуруп, айлананы көзгө суук көрүнтөт. Эгер, чөөлөр тартиби жок үн чыгарышпаганда анда жол дагы тез арбыйт беле...
Алымкул чөөлөрдөн деле корккон жок. Анын болгон дитин жапайы киши ээлеп алгандыктан, ал жөнүндө аягы жок ойго такала берди. "Ал эми орун которуп ийбесе экен, эгер Карыбек экөөбүз, айланып, тоонун арт жагы менен барсак эмне болот" деген сымал ойлор биринин артынан бири келе берди. Таттуу кыялга жетеленген Алымкул жарчанын тушуна жете бергенде, катуу чаңырыктан жүрөгү түшүп, селт этип чочуп кетти. Бүт денесин калтырак басып, үн чыккан жакты карап, коркуп көргөн көзүнө ишене берген жок. Бир саамга эстен тана кыймылдабай туруп калды. Анан гана калдастай ийининдеги мылтыгын колуна алып асманга ок чыгарды. Тынч жаткан тоо койнуна мылтык үнү жаңырды. Буга удаа эле алиги коркунучтуу үн тып басылып, Алымкул аз да болсо өзүнө кубат алып, алиги жардын түбүн көздөй басты. Кызыл көйнөк кийим кийген аялзатына жаңы эле чөөлөр кол салып, ал кыз бутунун балтырын тиштетип жиберген экен. Алиги адам баласы эс-учунан танып чөө тиштеген бутун кармалап отура калганда, Алымкул жакын келип:
- Сиз кимсиз? - деди.
Кыз үндү укканда ого бетер эреркеп ыйлап жооп бере албай, болгон күчүн ыйдан чыгарды. Алымкул ага туура түшүнүп, дайыма белин таңып жүргөн калың чүпүрөктүн четинен айрып, тигинин канжалаган балтырын таңды да анан колунан тартып:
- Жүрүңүз, эми жолго чыгалы, болбосо, дагы жырткычка кабылабыз. Ансыз деле карачы, чөөлөр кайра жакындап келатышат деп колун чөөлөр жакка созду. Бейшекан коркконунан Алымкулдун оң каруусунан кармап:
- Байке, тигилер аман койбойт го? - дегенге араң жарады. Бул да болсо катуу корккондун бир белгиси эле. Алымкул мылтыгын октоп жакын келип калган чөөлөрдүн башчысы кайсынысы экенин байкап туруп, аны ыргыта атты. Экинчи жолу мылтыктын үнү чыкканда чөөлөр бирине-бири карабай артка качып жөнөштү. Алымкул үнүн жандуу чыгарып:
- Коркпо, эми чөөлөр тиги өлгөн чөөнүн этин жеп, өзөк жалгашканча биз итапкан жолду басып, узап кетебиз. Аттиң, жок дегенде ат болгондо эмне, кел эми мага жанашып басканга аракет кыл. Бейшекан ооруган бутуна карабай, жан айласы кылып бул аймактан кеткенче шашты. Эгер, Алымкул болбогондо чөөлөрдүн жеми болот беле ким билет. Күзгү конушка барып, көң жыйнап жатып убакытка уттуруп жиберип, кеч калган эле. Болбосо бул аймакты эбак эле басып өтмөк. Андан дагы алиги жерге келгенде эс алайын деп отура калбады беле. Болбосо тиги чөөлөргө алдырбайт болучу. Экөө бир топко чейин үнсүз жол улашты. Сөзгө сараң Алымкул бирдеме дебесе, Бейшекан эмне демек эле. Бөксө тоолордун этегине жеткенде гана экөө чоң ташка көчүк басышты. Алымкул ошондо гана сөзгө келди:
- Атың ким, кимдин кызы болосуң?
Бейшекан өзүн өлүмдөн алып калган Алымкулду аяр карап:
- Токтосундун кызы болом, Өрнөк айылынан. Мен сизди тааныйм. Өткөн жылы сиз биздин үйүбүзгө конуп кеткенсиз, билесизби? Биз анда Жолголоттун ичиндеги суунун жээгине конгон элек. Ошондо сиз биздин үйгө алты кар баскан элик атып келгенсиз. Мен сизди азыр үнүңүздөн тааныдым. Буга чейин сизди "Алымкул байкеби же ал эмеспи" деген күмөн ой менен келаткам. Сиз эми биздин үйгө бара кетиңиз. Атам сиз жөнүндө көп сөз кылат. Биздин үй тиги имерилиште эле, - деди. Алымкул эми гана Бейшекандын сөзүнөн кийин Токтосунду эстеп, эч үн дебестен анын үйүн көздөй Бейшеканды колтугунан сүйөп жөнөдү. Үйгө жакындаганда арсылдап ит үрүп, үйдөн киши чыкты.

#15 07 Январь 2017 - 02:08
Алымкул үйгө жакындаганда өзүн таштап салды. Үшүгөнүн эми гана билип, эмнегедир буттары чалыштап, алдыга кадам таштай албай калды. Буга чейин Бейшеканды жөлөп-таяп келсе, эми ага салмагын салып калганын өзү дагы анча элес албады.
Кеч киргени кызынан санаасы тынбай жаткан Токтосун үйдөн чыгып, өйдөңкү кокту тараптан келаткан эки караанды көрүп, алгач чочуп кетти да, анан иттерине үн салды "Чык" деп. Бейшекан ооруган бутуна күч келгенде:
- Байке, абайлайсызбы, бутума күч келип кетти - деди, үнүн жапыс чыгарып, ошондо гана Алымкул ага салмагын салып келатканын билип, боюн түз кармап, жакын келип калган Токтосунга үн салды:
- Ой, Токо байке, бол, тез басчы!
- Ой, силерге эмне болгон?! - деп алдыга умтулду. Токтосун, Алымкулду үнүнөн эле тааныган. Жакын келип:
- Кызым, сенсиңби?! - деп дагы чоочуркай үн салды да, Алымкул менен кучакташып көрүшүп, анан кызына көңүл бурду.
Негизги сөз үйгө кирип, жай алып олтурушканда башталды. Баарынан дагы Токтосун, ажалдын оозунан кызын алып калган Алымкулду эмне кылып ыраазы кылышты билбей турду. Бейшекан үйгө келгенде эреркеп ыйлап жиберип, анан болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып бергенде гана Алымкулдун бул кылган жакшылыгы Токтосун менен Айшакандын көңүлүн өстүрүп, "мал соёбуз" деп чыгышты. Бирок, Алымкул болгон жок. Ысык чайдан ичип, денеси жылып өзүнө келгенде гана сөздү алыстан баштады.
- Токтосун байке, бул мергенчилер дагы кадимки манасчылардай же төкмө акындардай болуп ишине берилип алса, аягына чыкмайын жаны жай албайт экен. Мен дагы тиги Ат-Жайлоонун аркы бетинен жапайы киши менен көрүшүп келдим. Эми мен аны кармап, эл арасына алып түшмөйүн элге аралаша албайм го. Жалгыз кишинин колунан келчүдөй эмес. Жакага түшүп, Жаныш же Карыбек мергенчи менен кеңешип көрүүнү туура таптым. Билбейм, кандай кылыш керек экенин. Токтосун бир топко ойлонуп, анан сөз алды:
- Ооба, мен дагы мындан эки жыл мурун Көң-Үңкүрдөн көргөндөй болдум эле. Менин болжолумда ал киши кеминде 35-45 жаштын тегерегинде болуш керек болучу. Бирок, ал мени көргөн эмес. Көң-Үңкүрдөн оттук таш алганы барып таппай калгам. Анан адамдын изин көрүп, чай кайнам убакыт жашынып олтуруп анан көргөм, бирок аралык алыс болчу. Ошондо мен дагы ойлоп койгом "эл арасына кошулса, жакшы болот эле" деп. Эми сен ал ишке киришип калган экенсиң, аягына чык. Жаныштан дагы жакшы кеңеш чыгат. Эгер, макул көрсөңөр, силер ал жашаган үңкүрдүн оозуна капкан салып анан кармабасаңар, аны чочутуп алсаңар кармай албай каласыңар. Ал жагын өзүңөр ойлонуштуруп көргүлө. Жаныш дагы көп жылдан бери сен кармаган улуу кесипти аркалап жүрөт, жол-жобосун билет болуш керек - деп, маанилүү сөз айтты. Алымкулга ушул ой пайда болду. Туура айтат, бир чети капкан колдонгонубуз деле туура. Балким, андан ал кишини майып кылып алсак кандай болот деген чукул ойду ойлоду да, сөз кезеги келгенде:
- Токо байке, мен чынын айтсам эки күндөн бери тынч уктай алганым жок, азыр жаным жер тартып турат. "Кечки акылдан, таңкы акыл өйдө" дегендей, калган сөздү эртең менен сүйлөшөлүчү. И, баса, кызыңыздын чөө тиштеген жерине Талып табыптан дары алып колдонгула, болбосо чөөлөрдөн ар кандай оору жугушу толук мүмкүн. Азыр билинбейт, эртең оорутуп жүрбөсүн, деп, өз оюн айтты. Токтосун, макул дегенсип башын ийкеп коштоду да, анан аялына кайрылды:
- Айшакан, орун сал, Алымкул эс алсын. Анан Бейшекандын жарат алган жерин таза жууп, наристенин заарасы менен сүртүп, жакшылап таңып кой-деди.
Алымкул башы жаздыкка тиери менен көшүлүп кетти. Бул да болсо катуу чарчагандыктын белгиси болчу. Бейшекан Алымкул уктагандан кийин гана чечилип апасына болгон окуяны айтып, анан:
- Апа, эгер Алымкул байке болбогондо менин сөөгүмдү калтырбай азыр чөөлөр жеп жаткан болмок. Өзүңүз эле элестетип көрүңүзчү. Менин чөөлөргө жем болуп, үнүмдү эч ким укпай ээн талаада азап тартып бул дүйнө менен кош айтышып жатканымды. Макул көрсөңөр, бул байкени ыраазы кылып койгула, жок дегенде эртең атам айлына аны ат менен жеткизип койсо дурус болмок эле.

#16 07 Январь 2017 - 02:09
Айшакан айтылган сөздү ынтаа коюп угуп:
- Кызым, сен туура айтасың. Аны атаң менен кеңешип, ыраазы кылыштын жолун табабыз. Аны коюп, сен тынч жатып укта. Мен сага түшүнөм, эмнени ойлоп жатканыңды. Сен кабылган окуяны элестетип алып эле жаман абалда болуп жатам, - деп энелик мээримин төгө карады да, идиш-аягы менен алек болду.
Алымкул катуу уктагандыктан, бул күнү кеч ойгонду. Бирок өзүн абдан жеңил сезип калыптыр. Таңкы тамак алдыга келгенде, Токтосун катып жүргөн ок-дарысын алдына коюп:
- Алымкул, бул менден сага белек болсун. Кызымды ажалдан алып калганың үчүн. Мындан башка нерсе берсем болмок, бирок, сага азыр ок-дары керек. Болбосо башка нерсе деле берет элем… - деп сөзүн туюк бүтүрүп, сын көз менен карады эле, Алымкул мындайды күтпөгөндүктөн:
- Токтосун байке, сиз туура айттыңыз. Мага азыр ок-дары мүрөктүн суусундай эле керек болчу. Бирок, азыр эч нерсе бербей деле койсоңуз капа болмок эмесмин. Ушул сыйыңызга эле ыраазы болмокмун-деп, сүйүнгөнүн өңүнөн билгизип, жайдары жүз менен карап, тамакка карады. Качан гана тамак жерип болгондо тасмалга бата кылды да, ордунан турду.
Токтосун тең жолго чейин узатып келип, анан изине кайтарда, өтүнүч менен кайрылды:
- Алымкул, эгер макул көрсөң алиги жапайы кишини кармап келсең мага берчи, мен аны үй-бүлөмө кошуп, багып алайын-деди эле Алымкул кызыгуусу артып:
- Аны кайра тоого качырып жибербейсизби? Жалгыздыкка көнгөн кишини эпке келтириш чоң эмгекти талап кылат.
Токтосун өзүн токтоо кармап, Алымкул сөзүнүн аягына чыкканда:
- Ар бир нерсенин азабы болбой койбойт. Анын дагы эбин тапканга аракет кылам.
Алымкул шашкан түр көргөзүп:
- Макул, мен жылайын, аны бир убакыт көргөзөт-деди да, коштошуп жолун улады.
Ошондон туура эки күн өткөндөн соң Жаныш айылда болбогон соң Карыбек менен Алымкул жапайы кишини кармап келүү үчүн катуу даярдык көрүп жолго чыгышты.
Күздүн күнү убакыт өткөн сайын түн узарып, суук өкүмү күчүнө кирет эмеспи. Кеч киргени чыкыроон денени чыйрыктырып, эки жолоочунун сапар улашына өз деңгээлинде тоскоолун тийгизди, бирок, мындан катуу суукта тоо койнунда жүргөн экөө бул жолу да суукка моюн сунган жок. Каш карайып, көз байланып калган кезде үңкүр ташка жетип, орун алышты. Үйдөн ала келген оттук таш менен от тутантып, анан жылынган соң гана гүл азыкка карап, тамак камына киришти.
Бул учурда алыстан көз салып турган жапайы киши өзүнүн курч көзү менен оттун жанындагы эки кишинин ар бир кыймылын жаздым калтырбай сынай карап отурду. Буга чейин далай эле жолу көргөн, бул үңкүрдү байыр алган адамдарды. Бирок азыркыдай абалга туш болгон эмес. Жүрөгү бир нерсени сезип, "журт которуу керек" деген ой өзүнөн өзү келип, ордунан элпек туруп, түнөгүнө капалуу кадам таштады.
Эки мергенчи түнү менен сак жатышты. Бирок, кечке жол жүргөнгө экөө тең уйкуга алдатып коюшту. Эртең менен эрте турабыз деген пландары ишке ашпай калды. Уйкудан ойгонгондору менен кандайдыр бир азгырыктын күчүнө туруштук бере албай жата беришип, убакытка уттуруп жиберишти. Карыбек көптү көрүп, көп жашаганга демилгени колго алып, биринчи турду да жаңы гана чыгып келаткан күндү карап, бир саамга туруп анан даарат сындырып келип бети-колун жууп, Алымкулга кайрылды:
- Алымкул, тур. Убакыт кеч болуп кете электе тигинин жатагына жакын баралы-деди, сөз уланыш үчүн. Экөө таңкы насипти жешкен соң жалгыз аяк жол менен ээрчише басып жолго чыгышты. Бул жолу Алымкул баштагыдай жалгызсырабай, өзүн эркин сезип, көңүлү шат келатты.
Качан гана жапайы кишинин жатагына жакындаганда, тактап айтканда, бир киши сойлоп кире турган үңкүрчө көзгө көрүнгөндө Карыбекке колу менен көргөздү:
- Тээтиги, карагайдын түбүндөгү үңкүрчөнү көрдүңүзбү?
Карыбек башын ийкеп:
- Ооба, чын эле ал үңкүрчөнү бир караган киши байкабайт турбайбы.
- Ошол үңкүрчө жапайы кишинин жатагы. Эми өз көзүңүз менен көрдүңүз, оюңузду айтыңыз. "Миң өлчөп бир кес" дегендей, жакшылап ой жүгүртөлү да анан ишти баштайлы.

#17 07 Январь 2017 - 02:10
Карыбек бир топко үңкүрчөгө көз жүгүртүп карап туруп, анан өз оюн айтты:
- Алымкул, экөөбүз тике качырып барсак анда болбой калат. Андан көрө боюбузду жашырып, сен тиги жагы менен бар, мен тоону айланып өтүп, үстү менен барайын да, үңкүр таштын оозуна нан коюп бери жактан карап туралы. Нан даамдардын баарынан улук. Нанды көргөндө анын бизге карата болгон ою оңолот. Анан дагы башка жолун көрөбүз-деп айтканда Алымкул:
- Бул оюңуз деле туура. Бирок, биз аны менен кантип байланышабыз. Андан көрө тике качырып кирип барсак эмне болот?
- Жок, анда биз аны чочутуп алабыз. "Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарыптыр" дегендей, жылуу мамиле жасап гана аны эпке келтире алабыз. Азоо атты деле сылап-сыйпап үйрөтүп жатпайбы, андан көрө биз аны иш менен алдап, аяр мамиле жасаганыбыз оң. Анда эмесе, сен, мен айткан жол менен жөнө, мен тиги жолго түшөйүн. Үңкүрчөдөн жолугушалы, убакытты текке кетирбей-деп шайдоот басып жолго түштү.
Бул учурда Турсунбек ал үңкүр ташта жок болчу, түнү менен орун которуп кеткен, бирок асыл буюмун унутуп калгандыктан кайра келиши толук мүмкүн болчу.
*********

#18 07 Январь 2017 - 02:11
Мынчалык капа болуп көрбөгөн Турсунбек тиги эки кишинин бири баягы өзү көргөн адам экенин жаземдебей таанып, экөө эмне максат менен мында келгенин жүрөгү менен сезди. Ооба, азыр бир гана тынчтыкты каалайт. Оюна дагы албайт, адам баласына кошулууну. Эч ким менен сүйлөшпөгөндүктөн,
тили дагы көп сөздөрдү сүйлөгөндөн чегинип, сүйлөө речи кайтып бара жатканын тана абайт эле. Бала кезинен кулак сүйүнгөндөй сөз укпаса, жалаң тил угуп, уруш жеп, кагуунун үстүндө жүрүп, акыры эл арасынан качып кутулуп, өзүн эркин сезип, каалагандай жашоого көнүп калганда минтип жашоосуна кедерин тийгизип, артынан адамдардын түшкөнү көңүлүн чөгөрүп, ушундай бир ылдамдык менен жашаган жерине келди да, жыйган- тергендерин акырындан жыйыштырып,
эң керектүү оокаттарын алып, өзү көздөп жүргөн чоң зоонун бетиндеги оозун караган каптап өсүп көзгө көрүнбөй турган үңкүргө келип анан, ала келгендерин жайгаштырып,
шашып кайра өзүнүн жатагына келди да, экинчи жолу калган оокаттарын алып чыгып, тиги изине түшкөндөргө көрүнбөс үчүн калдастап шашып буюмдарын көтөрүп таң жаңы атып келе жатканда жаңы конушуна жетип, чарчагандыктан мергенчилердин үңкүрүнөн алган жер төшөктү жерге жая салып, чалкасынан жата кетти. Анткен менен бул жатагы тигиге караганда азга тарлык кылат. Бирок эч ким бул жерде үңкүр бар экенин билбейт. Турсунбек эми чындап ойго алаксыды, кантип элдин көзүнө чалдыкпай жашаш керек экенине. Ооба, эмне болгон күндө дагы адам баласы баары бир башына келген кыйынчылыкты жеңе билгени абзел эмеспи. Турсунбек чалкасынан жаткан калыбында ойлонуп жатып эстеп кетти, эски журттан таап алган сабы кооз бычагы тиги жатагында калганын. Ал бычагы жок эч иш жасай албайт. Азыр кайра барып бычакты алып келүүнү ойлоп, жаткан ордунан турду да, дароо кайра бул оюнан кайтты. Анткени тиги жатагын кечинде көргөн эки киши аңдып жатканын ичинен сезди. Адам баласы баары бир ички сезим менен дагы эсептеше билгени жакшы. Турсунбек дайыма бир иш кыларда ичинен миң толгонуп анан качан көзү жеткенде гана ишти жасаганга киришет.
Бир жолу эрте жазда жакшы эле жылуу ордунан тургусу келбей жатып, өзүнүн ички тую сезими менен эсептешпей сыртка чыгып, даарат сындырган соң, кайра ичкери кирип жаткандын ордуна тоонун күнгөй бети менен карагайлуу бетти көздөй келе жатып, буту тайып кетип жыгылып, белин оорутуп алган. Азга ошол жерге көчүк басып олтуруп, кайра изине кайтпай алдыга жылып, карагайларга жаңы жеткенде бөрүлөрдүн үйүрүнө кабылып калып, алар жапырт өзүн көздөй чуркаганда, ушундай бир тездик менен чоң карагайдын башына шамдагайлык өнөрүн пайдаланып чыга качып араң кутулган. Ошол окуяны эстегиси да келбейт. Биринчи жолу топ карышкырды жакын жерден көргөн. Алардын көздөрү сүрдүү келип, жөн эле бышкан аш алдына келгенсип карагайды тегеректеп, чоң олжо таап алгансышып көздөрү күйүп, үмүттү карагайдын башын карап, кимиси биринчи кол салышты талашкансып күтүп турушту. Эгер Турсунбектин шайы кетип карагайдан кулап түшсө, анда бөрүлүргө майрам болмок. Бирок ошончо карышкырдын Турсунбек жумурларына жук болмок эмес. Карагайдын башында ар бир карышкырды сынай карап туруп, кимиси башчысы экенин байкады. Анткени төш жагында болор болбос ак жүнү бар дөбөт карышкыр улам эле бирин тиштегилеп, карагайга жакын жолотпой кубалап, эгер Турсунбек кулап түшсө өзү биринчи тиш салганга даяр экенин дагы билгисип турду. Бул анын үйүр башчысы экенинен белги берди. Ошондо Турсунбектин ыйлагысы келип, мууну бошоп, жашап өткөн өмүр жолун эстеди. Качан адам баласы башына кыйынчылык келгенде басып өткөн жолун эстеген бул кайталанып эле келе жаткан турмуш сабагы эмеспи. Акыры Турсунбектин дагы шаштысы кете баштады. Анткени көпкө карманып карагайдын башында отура албайт эле. Мунун себеби, колунун каарусу кетип, буттары үшүп, денеси оор тарта баштаган.

#19 07 Январь 2017 - 02:12
Бөрүлөр кеминде эт бышым убакыт кетпей койгондо, карагайга жакын жерде турган үйүр башчысын тиги жатагында калган бычагы менен эбин келтирип, так гана кекиртекке урганда, бычак оңдой берди болуп таамай тийип, кекиртегине сайылып калган дөбөт карышкыр бир топко кыйналып акыры боюн кармана албай жерге кулады. Ошондо көргөн, карышкырлардын зулумдугун.
Анткени тиги карышкыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда кыйналып жатса, кекиртегинен аккан канга кызыктыбы айтор, берки бөрүлөр жабыла келип эле кол салып, тиги башчы бөрүнүн этин алеки саата талап жеп салышкан. Көрсө карышкырлар ачка кезинде чабырларын,
ооругандарын,
алсыздарын өздөрү эле жеп салгандан кайра тартпасын Турсунбек ошондо өз көзү менен көргөн. Курсактарына бир нерсе барган берки беш карышкыр дагы күтүп олтура берет беле, карагайлардын арасынан кулакка жат үн угулуп калганда, баары ошол тарапты көздөй жөнөгөндө, Турсунбек ушундай бир ылдамдык менен карагайдан секирип түшүп, керекке жараган бычагын алып эле үңкүрүн көздөй жөө күлүгүн карматып чуркап жетип, ичине кире калып эле, ооз жагын атайын өзү карагайдын бутактары менен жасап алган эшик менен бекитип, анан жаны жай алган. Аны кантип эсинен чыгарат. Ошондо тиги жатагында калган бычагы болбогондо,
анда эмне болмок эле... Карагайдын башында олтуруп, үшүгөндөн колдорунун каруусу кетип, өзүнүн дарманы жетпей баратканда бычак эсине келип, акыры амал менен кутулганына өзү дагы ыраазы.
Турсунбек жаңы конушун мында беш, алты жыл илгери тапкан. Жайдын толук кези болучу. Убакыт шам намазына жакындап калган. Ушул жактагы зоонун ичинен чыны карагат үзүп жеп курсагынын камында жүргөн. Жайкысын тоо өсүмдүктөрүнүн мөмөлөрүн жейт. Жазында ышкын, сарымсак өңдүү өсүмдүктөрдү кенен камдап алат. Баарынан чыны карагатты жакшы көрөт. Карагаттан маашырлана жеп, эч нерсени ойлобой олтурганда ылдый жактан мылтыктын атылган үнүн угуп, өйдөлөп боюн жашырганы чыгып келе жатып, карагандардын арасынан ушул үңкүрдү көзү чалып калып, дароо кызыгуусу арта ичине сойлоп кирген. Ооз жагы кудум тиги үңкүрдөгүдөй кууш болгону менен ичи кенен, жашаганга ыңгайлуу экенин баамдаган. Андан дагы бир эки жолу келип түнөп кеткен болучу. Бул бир кезде өзү ойлогон, экинчи жатагы болорун. Эгер тиги жакты бирөөлөр байкап калса, ушул жакка келүүнү ошондо эле ойлоп койгон. Таң атканча уктабай, күндүз уктаганга көнгөн Турсунбек бул жолу чарчагангабы, айтор абдан катуу уктады. Эгер түнү тынч өткөндө, түш ченде сыртка чыгып күн эстеп жатмак. Болбосо, тамак издеп тоо арасында жүрөт беле ким билет. Анткен менен абдан тынч уктады. Ойгонгондо дагы көңүлү ачык болду. Анткени бул жер дагы тынч экенин уйкудан ойгонуп эле сезди. Чынында тиги жатагынын оозу күнгөй тарап болсо, бул жатагынын оозу тескерисинче тесекей тарап. Турсунбек сыртка чыгып, эки жакты аяр карап, жаратылыштын кооздугуна дагы бир жолу таң берип, ушундай жерде жашап жатканына ичинен ыраазы. Бир гана жүрөгүн өйүгөн нерсе, өзүн аңдыган тиги эки кишинин көзүнө чалдыкпоо. Эгер алар бул жакта экенин билип калышса анда эле иштин бүткөнү. Караганга боюн жашырып, зоонун ичине көз агытты. Тыптынч. Көзгө уруна турган бир жан жок. Атаганат, жанында бир киши же аялы эле болсо эмне. Анда баары башкача болот беле. Ушул жерден дагы койчунун кызыл көйнөк кийген кызын көргөнүн эстеп алды. Бул жалганда малбы, жанбы айтор жубу жок жашоо супсак экенин билсек болот. Турсунбектин оюн бузган көзүнө көрүнгөн кыз болду. Эгер аны көрбөсө оюуна аял заты деле келбейт беле. Турсунбек бул жолу дагы ички тую сезими менен эсептешип, кайра үңкүрүнө кирди да, бир нерсе шам-шум этип алып, кайра суналып чалкасынан жата кетти.
********

#20 07 Январь 2017 - 02:14
Эки мергенчи сүйлөшүлгөн сөз боюнча үңкүргө жакын келишти да, дагы акылдашкан болушту. Алгач Алымкул сөз алды:
- Абайлаш керек. Болбосо өткөндө тиги жактан таш кулатып, менин алты амалымды кетирген болучу, жапайы киши. Ошого акылы жеткенден кийин, башка иш деле анын колунан келет. Анткен менен жашы деле өйдөлөп калгандай туюлган болучу мага. Алымкул колун жаңсап "акырын" - деп, үңкүргө дагы жакын жылып келип бир нерсени байкады. Анткени мергенчилер абдан баамчыл жана көздөрү көрөгөч болот эмеспи. Алымкул үңкүрдөн чыккан изди көрдү. Ал из кайсы тарапка кеткенинен бери байкоо салып бир топко из кубалап барып, таппай калды. Анткени майда шагылдуу жерден из жоголуп кетти. Андан ары изди кубалагандан эч майнап чыкмак эмес. Экөө кайра үңкүр ташка келишти да, Алымкулга кайрылды:
- Алымкул, сен мага караганда жаш эмессиңби, үңкүргө кирип чык. Ал азыр бул жакта жок. Биздин келгенибизди байкап калып, из жашырган түрү бар.
Бул сунушту укканда алгач Алымкулдун шаштысы кете түштү. Эмне болгон күндө дагы жан деген кандай таттуу жана коркуу деген сезим адамдын алгач аң сезимин ээлеп алат эмеспи. Анысысыңары Алымкулдун дагы денесин коркуу сезими ээлеп алып, бир саамга апкаарый түштү да, анан намыстана түштүбү башын ийкеп сырт киймин чечип ичкери кирүүгө даярдана баштады. Денесин майда калтырак басканын билгизбөөгө аракет кылып, шашылган болду. Ооба, адам баласы канчалык баатыр, эр жүрөк болгон күндө дагы сезимине коркуу келгенде баары бир сыр алдырып коёт белем, Карыбек сезди, Алымкулдун корко түшкөнүн. Анткен менен ага туура түшүндү. Алымкул үңкүргө сойлоп кирип бара жатып, колуна канжарын бекем кармап алды "не бар, не жок" деп. Андайды айтып койгон оңой, бирок иш жүзүндө эмне деген азап экенин башынан өткөргөн адам эле билбесе... Алымкул үңкүрдүн ичине кирип таң калып эле калды. Анын ичин мынчалык кенен деп ойлогон эмес. Тим эле жарым боз үйдөй, үч- төрт адам жөн эле жашачуудай. Андан дагы эшигин келиштирип жасап алганын байкаган Алымкул тиги жапайы киши жөн адам эмес экенин байкады. Чын эле үңкүрдүн ичинде эч ким жок экен. Бир сыйра көз жүгүртүп алган соң гана сыртка үн салды:
- Ичкери кире бер. Эч ким жок экен, - дегенде, сыртта санаа чегип күтүп жаткан Карыбек дагы сойлоп кирди. Анткен менен Карыбек улуулук кылабы, айтор абдан баамчыл. Ал ичкери кирип эле:
- Кап, ал бизди байкап калган турбайбы. Болгон оокатын алып кеткенге үлгүрүптүр. Үңкүр ичи сырттан кирген кичине жарык менен болор болбос көрүнгөнү болбосо, кудум көрдүн ичиндей караңгы. Же бир терезеси болсочу. Карыбек дагы ооздо турган эшикти көрүп бул жерде жөн адам жашабаганын билди. Экөө үңкүр ичин бир сыйра караган болушту да, анан кайра сыртка чыгышты. Кантсе дагы күндүн нуру, жарыкчылык билинбегени менен кандай көңүлдү көтөрөт. Ушул саам билишти жарыкчылыктын баркын. Адам баласы көз менен көрмөйүн көп нерсеге маани бербеген жагы бар эмеспи. Анысысыңары болгону он, он беш мүнөттөй үңкүр ичинде бологонго эле экөө тим эле тиги дүйнөнү көрүп келген кишидей жүздөрү өзгөрүлүп, кабактары бүркөлө түштү. Канча жылдан бери бул үңкүр таштын ичин байыр алган алиги жапайы кишиге баа беришти. Ооба, адам көңүлү жакпаган жерге олтуруп орун ала албаганын эске алганыбыз оң. Ошол сымал эле эки мергенчиге эмнегедир үңкүр таштын ичи терс таасир бердиби айтор бул аймактан тез кетип калууну ичтеринин ойлоп турушту. Анткен менен экөө тең оозунуп бул жөнүндө эч сөз айта албай, бири-биринен сөз күтүштү. Көңүл бурган кишиге үңкүр ичи тер жыттанган адамдын жытына, андан дагы чийки эттин жана малдын териси жыттанган жыттан көңүлү айныры бышык эле.
- Бул кезде күндүн нуру бир топ көтөрүлүп, жаңы күндүн келгенинен дайын берип, күндүн нуру таңкы алсыз жылуулугун жерге тартуулап калган болучу. Жакшы тилек менен келип, минтип колунан алдырган куштай шаабайлары сууп, жапайы кишинин кайсы тарапка кетип калганына таң берип турушту да, анан кайра баягы өздөрү жаткан жерге келишти. Экөөнүн тең кыртыштары эч нерсени сүйбөй, бири-бирине таарынган кишидей бир топко үнсүз олтурушканда Алымкул сөз алып сүйлөп калды.