Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 110
  • 111
  • 112
  • 113
  • 114
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#2221 Пользователь офлайн   Shaa.myrza   14 Апрель 2019 - 14:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Февраль 19
  • Соңку аракети: 10 Янв 2020 12:48

Али жашсын аруу затсын студент кыз татына
Экзаменден башка туйшук тушо электир башына
Менде болсо турмуш катуу бороондоп туш тарапка чачууда ушул ыр саптар кайсыл акындын калемине таандык ким билет?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2222 Пользователь офлайн   kanat.9898   23 Апрель 2019 - 17:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 30 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 25 Июн 2019 19:14

Баркталбас сезим.
Жургон кезим озунду мен жактырып,
Сезимдердин толкунунда чабак уруп,
Жактырдым бир коруп коздорунду,
Жаным сени мен копко карап туруп.

Жан дуйномду озуно багындырып
Кыйнадын го мени кундо сагындырып
Тушумо да кирип алдын карындашым
Сага болгон сезимимди дагы арттырып.

Жаным сага жолугууга мен камынып
Бара жаткам озуно абдан шашып
Жолугуп гулдорумду сундум эле
Сен бурулуп кете бердин тетир басып.

Токтоо дедим дагы бираз кала турчу
Сени суйсом анда менин куноом кайсы
Сен жылмайып анан мага мындай дедин
Кечирип кой суйомун да мен башканы.

Жан дуйномду муздак шамал аралады
Суйгон жарым кете берди карабады
Баргым келди баргым келди мен артынан
Бирок таштай албай койдум кадамдарды.

Назик эле эх анын караганы
Сонун болчу коздорунун каралары
сен элен го журогумдун жактырганы
Сен элен го конулумдун самаганы.

Сени менен суйуу багына баргым келген
Сени жаным жарым кылып алгым келген
Бирок сен сезимимди баалабастан
Жетелешип кете бердин башка менен.

Кыйначын сен мени кундо сагындырып
Жан дуйномду озуно жалындырып
Бирок анда билбептирмин сезбептирмин
Бир озундон калаарын шагым сынып

Сени менен суйуу даамын таткым келген
Сени менен бак ичинде баскым келген
Аттин ай ал кезде билсем кана
Омур суруп калаарымды кайгы менен

Сага жетпей журогум коп эзилди
Унута албай кыйналдым жаным сени
Баалабадын барктабадын эх карындаш
Журоктогу сага болгон сезимдерди
Автор:Таалай уулу Канат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2223 Пользователь офлайн   nargis   06 Июнь 2019 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мен озумо

Мен киммин, мен бир аял, уйдо олтурган,
Балдардын, кожоюндун кирин жууган,
Жолдошум кенже уул болгону учун,
Карыган кайненем бар, ага тууган.

Акылсыз , алсыз неме дебегиле,
Иште деп, мага убайым жебегиле,
Буулоом бар, насип кылган ырыскым бар,
Ашыкча ушак создун кереги эмне.

Аллахым жаратуучу, беруучудур,
Дунуйо кези келсе кетуучудур,
Ээ Аллах билбей кылган куноом учун,
Сураймын мин бир ирет сенден узур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2224 Пользователь офлайн   Zaatulilm   07 Июль 2019 - 21:02

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 19 Июнь 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 17:31

Мандайыма жазган теним ким экен,
Издеп мени кай жерлерде журду экен.
Тагдырымдын, туболуктуу таалайы,
Табышмак го, кандай адам болду экен.

Уктап жаткан сезимдерди ойготуп,
Качан келет журокко жаз орнотуп.
Жаратканым насип этеер ал кунду,
Тагдыр келээр жетелеп ак суйумду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2225 Пользователь офлайн   ai_nariste   19 Октябрь 2019 - 21:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 11 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Окт 2020 00:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

nargis (06 Июнь 2019 - 19:57) жазган:

Мен озумо

Мен киммин, мен бир аял, уйдо олтурган,
Балдардын, кожоюндун кирин жууган,
Жолдошум кенже уул болгону учун,
Карыган кайненем бар, ага тууган.

Акылсыз , алсыз неме дебегиле,
Иште деп, мага убайым жебегиле,
Буулоом бар, насип кылган ырыскым бар,
Ашыкча ушак создун кереги эмне.

Аллахым жаратуучу, беруучудур,
Дунуйо кези келсе кетуучудур,
Ээ Аллах билбей кылган куноом учун,
Сураймын мин бир ирет сенден узур.

__Кыргыз__
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2226 Пользователь офлайн   ai_nariste   19 Октябрь 2019 - 21:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 11 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Окт 2020 00:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Биз баскан жолдор

Биз баскан ийри жолдор артта калды
Журоко ийри жолдун тагы калды
Артыма кылчайбаймын эми башка
Алдыга умтуламын арга канча

Бактылуу кундор келет сезип журом
Бактылуу адамдардай кулуп журом
Бактысыз болгонумду туйсам дагы
Бакытка умтуламын умут узбойм

Ойлоп жатып сагынамын откондорду
Тамашалап биз каткырып кулгондорду
Ал кундор келбейт билем сезип туям
Тунгуйукта кала берсин мындан улам

Автор: Эрбол Адылов
__Кыргыз__
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2227 Пользователь офлайн   ai_nariste   19 Октябрь 2019 - 21:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 11 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Окт 2020 00:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

________Сенсиз деле________

Сенсиз деле ото берет бул омур
Сагынбаса оорубаса бул конул
Эстеп калсам суйом деген созунду
Суулуп алам ыйдап туруп козумду

Билбединго суттой таза сезимди
Таш-боордугун ошондо эле сезилди
Айтсам дагы канча ирет озуно
Ишенбедин суйом деген созумо

Тундор отту сенсиз жаным уктабай
Тан атсада кеч кирседа байкабай
Ооруп турат алсыз соккон журогум
Аяп койчу оорубасын журогум

Автор: Эрбол Адылов.
__Кыргыз__
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2228 Пользователь офлайн   ai_nariste   19 Октябрь 2019 - 21:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 11 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Окт 2020 00:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Откон кундор коз алдыма тартылып
Ошол кундор мени озгочо азгырып
Акмак болгом азыр эстеп карасам
Жаш экенмин аттин кылып баратам

Мындан ары сен жонундо ойлобойм
Откон кундор санааларды козгобойм
Сагынсамда кыйналсам коз жумуп
Ара жолдо башка жанды кордобойм

Кундор айлар отту бугун тан атты
Башка жаны кундо бугун тан атты
Мына ушунтип эски жара айыгып
Бирок аттин ал жарадан так калды

Автор :Эрбол Адылов
__Кыргыз__
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2229 Пользователь офлайн   ai_nariste   19 Октябрь 2019 - 21:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 11 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Окт 2020 00:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ойноп келбегенбиз

Чет элеге ойноп эле келбегенбиз
Акчаны жерден эле тербегенбиз
Чет элдеринин угуп ачуу создоруну
Куну туну уйку корбой иштегенбиз

Чондорубуз жебегенде эл акчасын
Элдер деле гулдотмокго оз бакчасын
Мигрант болуп чет жерде жургончокту
Оз жеринде жасап алмак бейиш багын

Ата энен балдарынан алыс болуп
Сагынычтан журок ооруп сарык болуп
Самаганы акча таап кетсек дешип
Аран журот озу жанын аздектешип

Автор: Эрбол Адылов
__Кыргыз__
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2230 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   28 Декабрь 2019 - 02:30

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

"Башкамын"

Чачып жалын, илебиңе күйдүрбө
Сезимдерди козгобочу, бүлдүрбө
Багындырып карегиңдин алдына
Суранамын мени өзүңө сүйдүрбө


Мен өзгөргөм мурдагыдан башкамын
Сезим гүлүн жат адамга ачкамын
Колуң сунсаң эми таккыр жете алгыс
Эч урабас, бийик турган аскамын


Калсын баары ошол мезгил өткөндө
Ошол күндөр, ошол жазгы көктөмдө
Мени эстегиң жакшы элес калтырган
Кечки шамал саамайыңдан өпкөндө

kyrgyz-jigit.com
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2231 Пользователь офлайн   aisha.kg   10 Январь 2020 - 14:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 09 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 10 Янв 2020 14:51

Осуйуумду сезбедин

Ооба,суйдум, суйуумду сен сезбедин,
Башка менен ойноп-кулуп жыргадын
"Кайткын" дедим,созумо сен кирбедин
Ылай суудай,тазара албай кирбедин.

Кундо куттум,кундо сага озум чалдым,
Албай койсон,"бош эмес"деп ойлоп калдым,
Бара-бара мамилебиз жокко айланып,
Мен да сага,сен да мага жазбай калдын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2232 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Январь 2020 - 11:55

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Суйомун деп алдап койчу...

Жабыркап санаалардан арыла албай,
Жудодум мээрим тогуп карап койчу.
Суйуунун гулдуу багын арала албай,
Сенделдим сенсиздикте аяп койчу.

Ушудум ызгаарында мезгилдердин,
Суранам жылуу созун арнап койчу.
Билемин мендик эмес сезимдерин,
Ошентсе да суйомун деп алдап койчу.

Жыгылгам тайгак тагдыр жолдорунда,
Колун сунуп мени жолоп таяп койчу.
Бир жолу мейли кайра суранбайын,
Жон гана суйомун деп алдап койчу.

Талпынсам бийиктерге куулонуп,
Каралдым жалгыздатпай канат болчу
Туболук, чын дилинден айтпасан да,
"Мен сени суйомун" - деп алдап койчу.
   Жалгызым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2233 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Январь 2020 - 01:33

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Айтылбай ичте калып жан сырым да,
Турамын мына азыр жар кырында,
Бүт ыза, арман жана санааларым,
Муунтуп турган сымал алкымымда..

Туюлуп караңгы бир туңгуюктай,
Капкараңгы жар түбү, керең, укпай,
Мына азыр кулачудай араң гана,
Көз таштап карайм улам, жарга ыктай..

Бой таштоого даярдай, жарды тиктеп,
А бирок токтоткондой бир илинчек,
Ошол гана мени кармап турган окшоп,
Издеймин ал не эле.. ой бириндеп.

Балким ал.. үмүт беле дем, күч берген,
А бирок күтүүдөн эхх.. көп ичкерген,
Кана эми кыялдар орундалса,
Куткарып жан дүйнөмдү уу ичкенден...

Жалгызым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2234 Пользователь офлайн   Mister-X   25 Январь 2020 - 01:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 16 Окт 2020 00:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ойлой берсин мени кандай ойлошсо,
Эмне кылам эт журогум толгонсо,
Эс-акылды журок турса башкарып,
Эрким жетпейт сени суйбой койбошко.

Музыкага кошуп арман,ызасын,
Мундуу чертип махабаттын музасын,
Аткарылбай турса каалоо,мудоосу,
Анан кантип курган журок чыдасын?

Бул жашоодо ким издебейт бактысын,
Бирге сездик махабаттын таттуусун,
Бир кездерде берип мага убада,
Бут омурдо суйомун деп айтчусун.

Унут дейсин,калбагандай башка арга,
Унут дейсин,чын суйуумду тапканга,
Унут дейсин, кантип анан унутам,
Улуу сезим журогумдо жатканда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2235 Пользователь офлайн   Mister-X   25 Январь 2020 - 01:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 04 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 16 Окт 2020 00:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

СЕН ДА АНДА,МЕНДЕЙ БОЛУП СУЙУП КОР!

Суйуу мага жыргал бербей суйунтоор,
Сапырылды аруу,таза умуттор.
Сезгин келсе жан дуйномдун кайгысын,
Сен да анда,мендей болуп суйуп кор!

Менин ички жан-дуйномо кирип кор!
Махабатым сага деген билип кор!
Мейли мени суйбос болсо журогун,
Мендей болуп башка жанды суйуп кор!

Башкаларга конулунду буруп кор!
Байкап баарын,журогунду угуп кор!
Билгин келсе ыйыктыгын суйуунун,
Бир адамды чын конулдон суйуп кор!

Журогумо конулунду буруп кор!
Жалган десен,тыншап озун угуп кор!
Жалындаган сезимимди сезбесен,
Жакын коруп,бир адамды суйуп кор!

Сен да анда,мендей болуп суйуп кор!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2236 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   26 Январь 2020 - 15:18

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Кулуп койчу...ооба суйом кулгонунду,
Шан болуп толуп ташып жургонунду.
Айдап салып кайгы куса армандарым,
Кубаныч анан кулку уйгонунду.

Кулуп койчу...ашыкмын да кулгонуно,
Журок кулот сен жанымда жургонундо.
Туноруп кайгы каптап турса дагы,
Дуйном кулот сен жылмайып кулгонундо.

Кулуп койчу...жакшы кором кулгонунду,
Ааламыма кубанычты уйгонунду.
    Жалгызым... Темирлан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2237 Пользователь офлайн   Mydearzh   03 Май 2020 - 17:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Үмүт
Жүрөк айтат "Чарчадым, күчүм жетпейт,
Сыноолор мени таштап неге кетпейт?
Бир жолу жаралансам мейли эле,
Эмне шумдук, карап көрсөм эсеп жетпейт!"

Акыл сүйлөйт "Тажадым, жетер эми,
Жалгандардан арылып кетсем мейли.
Арсыздыкка чыдай албай, түңүлөмүн,
Тоскоолдукту жеңе турган ким ал?
Менби?!!

Үмүт келди " Бул күндөрүң өтөт" деди,
"Жакшы күндөр алыс жакта күтөт сени.
Аракет кыл, акыркысы болсун ушул,
Кайгырбачы, жоготуп алба мени!"

Жашоодогу сыноолордо сабыр кылдым,
Көп жыгылдым, турган кезде кайра сындым.
Акыл, жүрөк чөккөн кезде бийиктиктен,
Үмүтүмдү жоготпостон алга жылдым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2238 Пользователь офлайн   Erke kyz   06 Май 2020 - 14:45

  • Момун
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 15 Май 09
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 19:19
  • Жынысы:Аялзаты

Нургазыга арналат❤


Жаз мезгили кандай сулуу керемет
Тышта жамгыр жаап жатат себелеп
Сага гана сактап келген суйуумду
Кетип калба ылай кылып тебелеп

Билдирсем дейм ак суйуумду айтсам дейм
Кайра ойлонуп ал оюмдан кайтсам дейм
Журогумдун тамырынан кыл жасап
Колдон келсе суйуу куусун чалсам дейм

Билдирүүнү түзөткөн: Erke kyz: 06 Май 2020 - 15:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2239 Пользователь офлайн   Jadyrashka   16 Май 2020 - 08:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2025 09:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Жеди! Жутту! Көрсөттү деп иттигин
Жамандайбыз азыркынын бийлигин
Эй энелер ушул заман биздин колдо!
Мыкты инсанды биз беребиз билгинин.

Уулубуздун тийсин элге кереги
Кызыбыздын намыс болсун тиреги
Келечекти ондоо учун бел байлап
Азыртадан туура тарбия берели.


Москвада эрте мененки саат 5:51 болду, өзүнчө эле ойгонуп оюма ушул саптар келди эле ушул жерге жазып койдум.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2240 Пользователь офлайн   DASTAN   17 Июнь 2020 - 23:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 95
  • Катталган: 28 Май 10
  • Соңку аракети: 04 Янв 2025 19:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык Кол

Тажадым жашоодон жетишпеген
Чоңдордон бийликтен кетишпеген
Тантырап эки созду кошо албай
Чек ара маселесин чечишпеген

Тажадым өкмөттөн көрүнбөгөн
Алдыга кадам таштап өнүкпөгөн
Төштөрүн шайлоодо каккылашып
Учурган убада-өрдөктөрдөн

Тажадым чөөлөрдөн жутунушкан
Бийликти басып алып кутурушкан
Бюджетти туш тараптан тиштегилеп
Өзүнүн кызыгына жумшатышкан

Тажадым соттордон эч бир эрксиз
Акчага сатылышат капилетсиз
Кылмышты бөлө албай ак карага
Чечимди чыгарышат адилетсиз

Тажадым президенттен уктап жаткан
Чындыкты айткандарды камап жапкан
Коррупционер ачык эле урдап жатса
Фактардан бергиле деп көзүн жумган
Жүрөлүчү көңүл оорутпай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 110
  • 111
  • 112
  • 113
  • 114
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Май 2025 04:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: