Akylai_aktan Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 332 (0,08 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Кыздын сыры (118 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 20 Сентябрь 13
- Кароолор:
- 23 530
- Соңку аракети
- 16 Мар 2024 15:52
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 33 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 20, 1991
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 13 Янв 2022
Бүгүн мен окуучуму өзүмүн баламдай жакшы көрүп,анын көз жашын аарчып,боорума кысып,"-ыйлаба, мен сенин жаныңдамын" деп айткым келди.Бирок анте алган жокмун,себеби ал эркек бала,уялып калбасын деп,билмексен болдум.Бир жагы жашы да чоңоюп калды.Башка классташтарынын жанында ыңгайсыз болбосун дедим.
Алтыным,акылдуум десе,кичинеңен көз алдымда чоңойгонуңа, ушунчалык мээрим төгүп калыптырмын, сенин кыйналганын көрүп, жүрөгүм тилинди.Сенин мурдагыдай күлүп,классташтарың менен тамашалашып, "мен" деп бардык жактан активдүү болушуңу каалайм.Атаң менен апаң өзүнүн жеке жашоосун ойлоп,силерди кыйнаганын түшүндү бекен...?
Буюрса баары жакшы болот,бул күндөр өтөт.Алдыда далай жакшы күндөр бар.Бүгүнкүдөй көз жашыңы төкпө,башыңды бийик көтөр!Биз баардыгыбыз сен мененбиз.Мен сени жакшы оку деп кыйнабайм, болгону жакшы адам бол, келечекте аялдарды сыйлаган,үй бүлөнү биринчи орунга койгон,балдарды сыздатпаган, чыгаан жигит бол. -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 24 Авг 2021
Монолог бирөөгө басынып жашагандан, дайыма өзүмү күнөөлүү сезгенден чарчадым.Балдарым үчүн күчтүү болоюн дедим,мен көргөн кыйынчылыктарды балдарым көрбөсүн деп,жан жалбастап алдыга жылдым,бирок канча астыга жылсам,ошончо бутуман тарткысы келгендер көбөйдү.Мени 100% түшүнөт деген күйөөм дагы мага нааразы. -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 11 Апр 2021
Бүгүн адамдардын ач көздүүлүгүнө, ич куйдуулугуно дагы бир ирет күбө болдум.Балким жараткан инсандардын пейилине жараша ар түрдүү сыноолорду жөнөтүп жатса керек деп ойлодум.
Жөн эле жашаган бакыт,ар бир минутадан,ар бир көз ирмемден ырахат алып жашагандар чанда гана.
Эч кимге кара санабай, көрө албастык кылбай,жан дүйнөбүз тынч жашасак,балким баардыгы башка нукта болмок. -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 22 Мар 2021
Кечээ, бүгүн, эртең........... ...............Кимди капа кылсам мени кечирип койгулачы??? Мен баарыңарды жакшы көрөм, каалабаган ,жүрөк ооруткан окуялар көп болуп кетти.Ачууга алдырдым.
Мен күчтүү болууну эмес, бактылуу болууну каалагам. -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 4 Дек 2020
Күчтүү болгум келген эмес,жөн эле сизге жардам бергим келген.Качан, кантип роботко айланып калганымды өзүм да сезбей калдым.Кылганымды милдет кылгым келбейт,эки ооз сөз менен поддержка берип турсаңыз эле, көкөлөп учмакмын.Мен өзүмдү аяп, өзүмө көңүл бура баштаганым сизге жакпады.Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар.
Комментарийлер
Akylai_aktan ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?