Nadya_90 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 337 (0,08 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстан (70 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Февраль 13
- Кароолор:
- 32 899
- Соңку аракети
- 15 Сен 2018 22:56
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 22, 1990
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- SUPER.KG-->>Соңку кабар
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
anobis85
22 Мар 2021 - 09:15 -
windom
16 Май 2020 - 14:49 -
togotoy2015
12 Май 2020 - 11:24 -
bessmertiy
06 Май 2020 - 19:48 -
MIRlan
26 Ноя 2019 - 22:51 -
zamir_kgz
11 Июл 2019 - 17:12 -
Arsen.D
21 Апр 2019 - 19:40 -
unt_75
14 Фев 2019 - 10:24 -
Kazi9390
06 Янв 2019 - 07:49 -
ere
15 Окт 2018 - 11:20
Мен ачкан темалар
-
"Домодедово" аэропортунда 6 күндөн бери мекенине кайта албай жаткан кыргыз бала
Жазылган күн: 6 Июл 2017
Урматтуу форумчулар, Москва шаарында ынтымактуу форумчулар бар экениңер баарыбызга белгилүү.
Сиздерге бир сураныч менен кайрылып жатам. "Домодедово" аэропортунда 6 күндөн бери мекенине кайта албай жаткан кыргыз балага жардам керек болуп жатат.
Абалын түшүндүрүп кетсем, ал Франциядан Кыргызстанга учуп келе жаткан. Греция анан Орусия аркылуу өтмөк. Орусияга келгенде "нежелательный гражданин" дешкенсип, кармап жатышыптыр. Багажын да бербей, анын карточкасы чемоданда калыптыр. Кандай болгон күндө да, мекендешти КРга учурууга көмөк көрсөтүп койсоңор жакшы болмок.
Албетте, баарында көйгөй, бирок ал кеткен чыгымды кайра кайтарып берерин айтууда. Ал тууралуу кабар да чыккан. Элчилик жардам беребиз дешкени менен, аларды күтсөк көп убак кетчүдөй... -
Жаңы жыл алдында 5 балалуу жалгыз бой эжеге жардам берчүлөр барбы?
Жазылган күн: 18 Дек 2016
Жаңы жылдын алдында ушул эжеге соопчулук үчүн жардам берип койбойлубу? Келе жаткан жуманын дем алыш күндөрү азык-түлүк, бөбөктөрүбүздүн эски эмес, бирок кичинекей болуп калган кийимдерин алып барып келбейлиби? Ар бирибиз жок дегенде 100 сомдон болсо да, чогултсак бир айлык тамак-ашы чыгып калат эле... Каалоочулар болсо, мага байланышсаңар болот 0557756342
http://www.super.kg/ kabar/news/165471/ -
Москвада дагы 14 кыргыз кыздардын өмүрү кыйылды. Ким күнөөлү?
Жазылган күн: 28 Авг 2016
Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн каза болгон 17 адамдын баары Кыргыз Республикасынын жарандары экенин орусиялык айрым маалымат каражаттары жазышууда. Аман калган кыргыз кыз маалымат берип, каза болуп калгандар чыгып кетүүгө жетишпей калышканын айтып берген. Ошондой эле алар 17-18 жаштагы кыздар болушкан. Басмакана ичинде кагаздар көп болгондуктан, өрт бат эле тутанып кеткен.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактоо үчүн Москва шаарындагы элчиликке тапшырма берди.
Алтуфьев шоссесинде жайгашкан бул басмакана "Печатный экспресс" ишканасына таандык болгон.
http://www.super.kg/ kabar/news/158301/ -
Эки бутунан ажыраган Элмирага жардам берүүнү каалагандар үчүн
Жазылган күн: 15 Мар 2016
Буттарын суукка алдырган Элмира Гимазидинованын эки буту 2016-жылдын
25-февралында ампутацияланган . Элмираны Чыгыш-5 кичи районунун аймактык тескөөчүсү, кенже лейтенант Бобиржан Машрабаев жана райондун тургуну (аты-жөнүн жашыруун бойдон калтырууну суранды) 23-февралда көчөдөн оор абалда табышып, "Тез жардам" кызматы менен Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып келишкен. Элмира кечээ, 9-мартта Ош шаарына учуп кеткенин SUPER.KG порталына Элмираны тапкан бишкектик тургун билдирди.
Анын айтымында, Элмираны борбордогу ашканалардын бирине жумушка алышкан. Ал жакта иштеп жүрүп 2015-жылы болжол менен февраль айында жоголуп кетип, бир жыл өткөндө бутун суукка алдырган абалда табылды. Бир жыл бою Элмира каякта жана кимдин колунда болгону белгисиз бойдон калууда. Элмиранын өзүнөн сурашканда, бул суроого жооп бергиси келген эмес.
"Биз таап алып ооруканага алып бардык. Бир аздан кийин Бобиржан телефон чалып "Эже, дарыгерлер Элмиранын бутун кеспесе болбой турганын айтышты. Кестирбей алып калалы, дары-дармегин алып береличи" деди. Доктурларга барсак, ампутациядан бөлөк эч нерсе жардам бербесин түшүндүрүштү. Элмиранын абалы өтө оор. Кыздын гемоглобини 58 болчу, витаминдердин жардамы менен 78ге чыкты. Буттары ампутацияланып жатса, эси ооп сүйлөгүсү келбейт да. Бир аздан кийин депрессияга түшүп өз өмүрүнө кол салышы ыктымал, андыктан ал бирөөнүн көзөмөлүндө болуусу зарыл. Кечээ "Манас" аэропортуна чейин менчик "Тез жардам" менен жеткирдик. Оштогу үйүнүн абалы начар дешкенинен Ош шаардык ооруканасына жеткирилди" ,- дейт тургун.
Элмира Гимазидинованын Ош шаарындагы коңшусу Дамира Козубаеванын айтымында, бул үй-бүлөдө төрт бир тууган бар. Эжеси менен агасы психикалык жактан жабыркап калышкан. 1993-жылкы иниси базарда араба түртүп иштейт. Алардын үйү эң үстүнкү кабатта жайгашкандыктан, жамгыр жааганда суу агып, үйдүн абалы начар абалга келгени айтылды.
"Кошуналардан биз менен гана катташышат. Башка эч кимге эшик ачышпайт. Эч кимиси окууну аяктаган жок. Эжеси ооруса да, соода кылып бир аз каражат табууга аракет кылат. Элмира 3-4 жыл мурун ооруп, түнт болуп калды. Анда да дарылоо курсун аягына чыгарган жок. Бишкекке кетип калганына бир жылдан ашты. Кечээ Элмираны келет дешкенде, жолдошум экөөбүз үйүнө кирсек, үйдүн абалы өтө оор экен. Элмираны бул жакка алып келишсе, абалы ого бетер начарлап кетпейби деп, ооруканага алып бардырганбыз ",- дейт Козубаева.
Ошондой эле кошуналары аталган үй-бүлөгө жардам берип жатышканын жана Элмираны ооруканага барып көрүп жатышканын кошумчалады.
-
#Лайфхак! Тиричиликти жеңилдетүүчү ыкмалар
Жазылган күн: 18 Ноя 2015
Лайфхак – күнүмдүк жашоого керек болгон, пайдалуу кеӊеш дегенди түшүндүргөн заманбап сөз. Англис тилинин «life» (жашоо) жана «hack» (ачуу, бузуу) деген сөздөрүнөн келип чыккан. «Жашоону ачуу» деген маанини берет.
Сөзүбүз толук болушу үчүн бир мисал айта кетели. Эгер спорттук сумкаӊыз жагымсыз жыттанып калса, ага бир нече чай пакеттерин салып койсоӊуз, ал жыт жоголот. Мына ушул кыска, бирок пайдалуу кеӊеш лайфхак.
Маалым болгондой, лайфхак сөзү IT-адистеринин лексиконунан алынган экен. Бул сөздү эӊ биринчилерден болуп британиялык журналист Дэнни О’Брайэн 2004-жылы пайдалана баштаган дешет. 2006-жылы диалектилерди изилдөөчү америкалык бирикме лайфхак сөзүн эӊ керектүү сөз деп тапкан.
Келгиле, достор лайфхактардан жазабыз!
Комментарийлер
aijan
21 Апр 2016 - 16:21