Билдирүүнү түзөткөн: nik_tappay_koidum: 07 Март 2015 - 21:16
Исламий жаңылыктар...
#41 07 Март 2015 - 21:13
Дуйного мыкты актерлугу менен таанымал болгон Индиялык жаран Шакх Рух Кхан Ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу маалымат тарады. Ал балалыгымдан Ислам дини жана кураан тарбиялап келет дейт. Мен Аллахка ишенем! Мухаммад Пайгамбарыбыз (С.А.В.). Мен Аллахка чексиз ыраазымын баардыгы учун деп создорун аяктады деген маалымат окудум. МашАллах!
(Менин суйуктуу актерум, кубанып турам.)
Мир двоих, не понять миллиардом!
#42 09 Март 2015 - 12:55
Нью-Йоркто Курман
айт жана Рамазан
майрамдардын катарына
киргизилди. Аталган буйрукка
шаар мэри Билл де Блазио кол
койду. Ага ылайык, Курман айт
жана Рамазан майрамдардын
катарына кошулуп,
жылнаамада кызыл менен
тегеректелди. Бул күндөр
жумуш күнү эмес деп
жарыяланып, 2015-2016-окуу
жылында мектептер да
иштебейт экени белгилүү болду.
Кошумча: АКШнын Нью-Йорк
штатында болжолдуу түрдө 1
млн кишиден ашык мусулман
жашайт. Алар буга чейин
майрамдарды каттоо
багытында бир нече ирет
кайрылууларды жөнөтүшкөн
эле.
айт жана Рамазан
майрамдардын катарына
киргизилди. Аталган буйрукка
шаар мэри Билл де Блазио кол
койду. Ага ылайык, Курман айт
жана Рамазан майрамдардын
катарына кошулуп,
жылнаамада кызыл менен
тегеректелди. Бул күндөр
жумуш күнү эмес деп
жарыяланып, 2015-2016-окуу
жылында мектептер да
иштебейт экени белгилүү болду.
Кошумча: АКШнын Нью-Йорк
штатында болжолдуу түрдө 1
млн кишиден ашык мусулман
жашайт. Алар буга чейин
майрамдарды каттоо
багытында бир нече ирет
кайрылууларды жөнөтүшкөн
эле.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#43 09 Март 2015 - 14:52
Достор мухаммед пайгамбар жонундо 3китептин негизинен алынган сынак болду эле дагы болот экен деп уктум качан болот каттоо качан кандай темалар бар ким билет жазып койгулачы
#44 10 Март 2015 - 02:02
АСФАЛЬТТАГЫ НАМАЗДАР
Крым мусулмандарынын рухий башкармалыгы мечиттердин жетишпей жаткандыгын, натыйжада көптөгөн адамдар мечиттин жанындагы асфальттарда намаз кылып жатышкандыктарын айтты.
Ал эми муфтият, жыл сайын мечитке келип намаз кылгандардын, анын ичинде жаштардын санынын артуусуна оптимисттик көз карашта экенин билдирди. Бирок, намаз кылуучу орундар баарына жетишпейт дегенден алыспыз.
Акыркы убактарда Симферополдогу борбордук Кебир-Жами мечитинде жума күндөрү орун жетишпейт. Намазды калтырбоо үчүн келгендер мечиттин короосунда ибадат кылышат”, – деп билдирет Крым мусулмандарынын рухий башкармалыгы.
Ошондой эле абал жарым аралдагы башка мечиттерде да байкалат. Белгилей кетсек, учурда Крым бийлиги Симферополго мечит куруу маселесин карап жатат. Буга чейин мусулмандар украин бийлигине көптөгөн жылдар бою кайрылып жатып мечит курууга жетишкен болчу.
Бирок, Крым Орусияга карап калуусу менен жагдай өзгөргөн.Башкы жаңы мечит Ялтинская,22 дарегинде жайгашат.Мусулмандар келечектеги ибадатканага 180 миң таш салым кылышкан.
Ал эми Түркия мусулмандарга бул иште жардам берээри тууралуу бир нече ирет айтып келет.

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#45 10 Март 2015 - 03:31
Бегим, дагы болсо суйроп кел, Крым муслимдери жонундогу маалыматтардан.
..
#46 10 Март 2015 - 03:46
Болсо эле алып келем.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#47 10 Март 2015 - 03:47
92 ЖАШТАГЫ БЕЛГИЯЛЫК АЯЛ ИСЛАМДЫ КАБЫЛ АЛДЫ.
Белгиялык 92жаштагы Георгетта аттуу аял Ислам динин кабыл алды. 92жаштагы бул аял ,карыялар уйундо кун откорчу.Аны жалгыз кызы таштап кеткен элэ.Качан карыялар уйу жабылып калганда ,аны эски кошунасы Ислам динин карманган Мухеммед атту адам оз уйуно киргизип алган .Бул уйго келгенде оз коз карашы кантип озгоргонун Георгетта минтип баяндайт:" Мен бул уй булоодон буга чейин корбогон жылуулукту таптым ,алар бирге сыйынышат экен,бири бирине камкордук корушот,уй булоодогу мамилелери абдан жакшы экен.Менин куну учкан уй булоомду бул уй булоого салыштырып болбойт элэ.Мен бул уйдо чыныгы бейпилдикке болондум,анан Исламды кабыл алдым.Бул учун мени тааныбаган элэ адамдар кубанып ,куттуктап жатышты,,Диндеш тууганыбыз" -деген жылуу создору менин козумдон жаш чыгууга аргасыз кылды .Мен мындай жылуу мамилени узун омурумдо туш болгон эмес элэм".
Эми карап корун Ислам дининдеги бактылуулукту. Шукур Мусулман болуп жаралганыбызга ,бирок Мусулман болуп Ислам динибизди карманбай, бул дин жонундо ойлонуп да койбой жургон туугандарыбыз канча окунучту. Ма Ша Аллах каапыр болуп Ислам динин кабыл алды 92жаштагы Георгетта .
Ал эмне учун кабыл алды ?
Анткени Ислам дини менен жашоо кандай гана таттуу экенин билди.Ага корсотулгон сый урмат,мээр ,жакшы суйлогондору ,уй булоодогу ынтымак ,кадыр барк аны тан калтырды.Георгеттанын жан дуйносу ,журогу ушуларга суусап турганын сезди.Ал ото кубанычта жана ото бактылуу.Бул дуйно бакытын татпастан,аркы дуйно бакытына да ээ болду Ин Ша Аллах!
Аллахка чексиз шукурлор болсун биз Ислам дининин мыйзамдары менен озубузду ,тыйып жамандыктардан алыс болуп жатабыз. Эгерде бул дин болбогондо эмне болмок ,дуйно башаламан болмок. Аллах озунун парыз ,суунотторун, мыйзамдарын Ислам дини аркылуу жонотуп,биз Мусулмандар учун бул дуйно бакытын,аркы дуйно бакытын тартуу кылып жатат.Пайдаланып калалы туугандар ,озубуз учун!
Мусулман туугандар учун бул окуя сабак болсун!

#49 10 Март 2015 - 04:13
Кыргызстан Ислам университети Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана КРнын иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте «Келгиле пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы» аттуу сынак жарыялады. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Сынак «Сүйүктүү Пайгамбарыбызды окуйбуз», «Пророк Мухаммад», «Улуу имам Абу ханифа» аттуу 3 китептен жана кошумча суроолордун негизинде өтөт. Сынакка катышууну каалагандар ушул жылдын 15-апрелине чейин, тизмеге катталуулары шарт. Сынак үстүбүздѳгү жылдын 3-майында ѳткѳрүлүп, жыйынтыгы 16-майда чыгарылмакчы.
Сынак «Сүйүктүү Пайгамбарыбызды окуйбуз», «Пророк Мухаммад», «Улуу имам Абу ханифа» аттуу 3 китептен жана кошумча суроолордун негизинде өтөт. Сынакка катышууну каалагандар ушул жылдын 15-апрелине чейин, тизмеге катталуулары шарт. Сынак үстүбүздѳгү жылдын 3-майында ѳткѳрүлүп, жыйынтыгы 16-майда чыгарылмакчы.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#50 10 Март 2015 - 20:56
Халал туризмди өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү өлкөлөр
Халал-туризмди изилдөө боюнча дүйнөнүн алдыңкы аналитикалык компаниясы CrescentRating жыйынтыктарына ылайык, дүйнөдөгү мусулман туристтерди эң көп өзүнө тарткан өлкөлөр такталды.
Эксперттердин пикири боюнча динчил мусулмандар үчүн эң меймандос өлкөлөрдүн тизмесинин сап башында Малайзия турат. Тизме төмөнкүчө уланат:
1. Малайзия
2. Түркия
3. Бириккен Араб Эмираттары
4. Сауд Аравиясы
5. Катар
6. Индонезия
Белгилей кетсек, CrescentRating рейтинги кайсы бир өлкөгө мусулман-туристтердин көп келишин гана эмес, биринчи орунда, халал-туризм индустриясынын өнүгүү деңгээлине да көңүл бурат.
Ал эми, эң көп мусулман-туристтери келген өлкө 2014-жылы Сауд Аравия болгон. Бул өлкөгө өткөн жылы Ислам дүйнөсүнөн 10 миллион 200 миң конок келишкен.
Бирок, халал отелдердеги тейлөө деңгээлинин жетишсиздиги Сауд Аравиянын бул рейтингде 1-орунду ээлөөсүнө мүмкүндүк бербейт.
Түркияга 2014-жылы 7 млн 600миң мусулман-турист келген. Бул өткөн жылы Түркиянын рекорддук көрсөткүчүнө жеткен 41 млн 400 миң эс алуучунун 18,3% ын түзөт.

#51 12 Март 2015 - 22:29
Молдокелер, муну кандайча түшүндүрө аласыздар?!
Массовая драка на религиозной почве произошла в Араванском районе
Крупная драка между молодежью произошла 9 марта в Араванском районе Ошской области, сообщили КирТАГ местные жители, ставшие очевидцами драки
© AP 2014 По словам жителей, драка произошла поздно вечером 9 марта в сельской управе Тобо-Коргон Араванского района. 54-летняя местная жительница готовила дома угощение «сумолок» к празднику Нооруз, когда к ней домой пришла группа молодых парней.
Последние стали возмущаться, что женщина готовит угощение к «языческому празднику, которого нет у правоверных мусульман», и стали угрожать женщине. Драка вспыхнула после этого между религиозными фанатиками и заступившимися за женщину людьми. В потасовке слышались крики «Аллах Акбар».
#53 19 Апрель 2015 - 03:47
Дин адептүүлүккө үндөйбү? Үндөсө эмне үчүн коомдо динчилдер көбөйгөнү менен адепсиздик,
кылмыштуулук азайбай жатат?
Бул суроолорду, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору Жолборс Жоробеков жана Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору Жамгырбек Бөкөшев менен талкуулады.
"Суроо" : Азыркы учурдагы коомдогу адеп-ахлактын, адептүүлүктүн деңгээлин канчалык деп баалар элеңиз?
Жамгырбек Бөкөшев: Биз өткөөл коомдо жашап атабыз. Аны толук өздөштүрүп, бир нукка түшө элекпиз. Мындай учурда элден ыйман кетет, пейил өзгөрөт, эски жаңыга алмашат. Адам да, коом да кыйналат. Башкача айтканда, адам жаңы турмушта өз ордун тапкыча, анын жашоосуна байланышкан көйгөйлөр боло берет.
Азыр чоң атасы небересин өлтүрүптүр, агасы карындашын зордуктап коюптур деген үрөй учурган окуялар болуп атпайбы.
"Суроо" : Адеп-ахлактын, абийирдин калыптануусу, уят-сыйыттын ойгонушу үчүн дин кандай ролду аткарат? Дин адамдык жогорку сапаттардын ойгонуусуна жол ачабы?
Жамгырбек Бөкөшев: Албетте, дин коом менен адамдын ортосундагы мамилени жөнгө салуу же тескөө үчүн келип чыккан түшүнүк. Адамдын ыйманын, пейилин түз жолго салууда чоң ролду ойнойт.
"Суроо" : Кыргыз коомунда намаз окуган, динчил үй-бүлөлөр көбөйдү. Бирок бул ажырашкан жубайлардын санын азайта алган жок. "Адал тамак жейбиз, пайызсыз насыя алабыз" деген менен деле алдамчылыктын күнү тууп жатат. Намаз окуган, ажыга барган саясатчыларыбыз болсо деле саясат тазарып кеткен жери жок да...
Жолборс Жоробеков: Албетте, дин адамды жакшы жакка үндөшү керек. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда дин боюнча чоң бир аалымдардын, адистердин жетишсиздиги байкалууда. Ушунун айынан диниятчылардын адеп-ахлакка, жакшылыкка болгон үндөөсү, абышкалардын "жакшы жүргүлө, жакшы тургула" деген насаатынан ары кетпей жатат. Бул үгүттөр чындап айтканда, бүгүнкү жаштарды кызыктырып, өзүнө тарта албайт.
Жаштар намаздын маанисин деле терең түшүнбөйт. Албетте жума намазга барат. Бул балким жакшы көрүнүштүр, бирок анын негизин бүгүнкү күндүн талабына ылайык түшүндүрүү өтө кыйын. Ошондуктан чубалжып жүдөө кийинген, сакал-муруту өскөн биздин жаштар көбөйүүдө. Бизде адамдар диндин формасы менен гана жашап атышат.
"Суроо" : Демек муну үстүртөн, формалдуу гана динчилдик десек болобу?
Жолборс Жоробеков: Албетте. Себеби, булар динди жок эле дегенде катып калган, эч бир өзгөрбөгөн нерсе катары көрүшөт да.
Жамгырбек Бөкөшев: Бизде диний мекемелер да, ага баргандар да көбөйүп жатат. Бирок ошол эле маалда диндин сырткы формасы гана сакталып, маанисине көңүл бурулбай калууда. Кайсы динди тутунбасын адам Кудайга чын ыкласы менен ишенип, жакшылык кылганга жакшылык кайтат, күнөө кылган анын азабын тартат деген түшүнүк менен жашаса, тескери жолго барбайт.
Курандан бирдемени жаттап алып, турмушка келгенде тескери иштерди кылган туура эмес. Мисалы, соода кылып атканда сатуучу динчил экенин көрсөң "алдабайт го" деп ойлойсуң. Бирок алар кээде пенделик кылып, алдап койгон учурлар да болот. Ошондо көңүлүң сууп, "мусулман болуп туруп кантип ушуга барды" деп иренжий түшөсүң.
Жолборс Жоробеков: Көрдүңүзбү, коомдо эч нерседен коркпогон адамдардын тобу пайда болуп жатат. Кандайдыр бир чоң ишеним менен жашоо керек, ошондо коомдо жанагыдай терс көрүнүштөр аз болот эле.
Жамгырбек Бөкөшев: Албетте, арам тамак жебеш керек, уурулук кылбаш керек, өлтүрбөш керек деген насааттар жакшы. Мына, жумасына жалпы Кыргызстан боюнча мечиттердин ар бирине жүздөгөн адамдар барат. Молдокенин колунда микрофон бар. Бул деген чоң идеология, чоң күч. Ошол молдокелер 20-30 минута лекция окуйт. Бирок ушул убакыт ичинде купулга толчу, жан дүйнөңдү агартчу сөз айткан молдокелер жетишсиз. Көбү эмнени билсе, ошону гана айтып, жума намазын баштайт.
"Суроо" : Жамгырбек агай, сиз мусулманмын деген адамдар кээде алдап коюп атканын айттыңыз. Жолборс агай да буга токтолуп өттү. Кээ бир адамдар ушундай ыплас ишке динди курал катары атайын колдонуп жаткан жокпу? Айталы, кылмыш тобуна мүчө, бирок беш маал намаз окуганын бетке кармагандар же "дин жолундамын" демиш болуп, элди алдап соода кылгандар бар дегендей...
Жамгырбек Бөкөшев: Кээ бир учурда адамдар динди атайын пайдаланып, кызыл кулактык же көз боёмочулук кылышы да ыктымал. Мисалы, саясатчы намаз окуйм демиш болуп шайлоочулардын добушун алуу үчүн же дагы бир башка кызыкчылыгы үчүн ошондой кадамдарга барышы мүмкүн.
Мына Жолборс Жоробекович молдокелерди айтып атат. Алардын арасында да такыба жүргөндөрү да бар. Бирок айткан сөзү менен жасаган иши дал келбегендер да четтен чыгып атпайбы. “Чала молдо дин бузар” деп ушулар исламга көө жабууда. Муфтияттагы иштер, же болбосо дин өкүлдөрүнө байланышкан чыр-чатактар мусулман баласын иренжитет да.
"Суроо" : Жыл сайын квота бөлүнүп, саясатчыларга да ажыга барып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мисалы, Жогорку Кеңеште эки жерде намазкана бар. Азыркы учурда саясатчылардын динге берилип, намаз окуганы, ажыга барып келгенден кийинки адеп-ахлагы башкаларга үлгү болушу мүмкүнбү? Ошол эле парламенттеги башка саясатчыларга дегендей...
Жолборс Жоробеков: Эгерде мен динге ишенсем, анымды эч кимге реклама жасабай, беш убак намазымды тынч окуп жүрүшүм керек. Бирок бизде саясатчылар андай болбой атпайбы. "Мен беш убак намаз окуйм" деп элдин көңүлүн алуу максатында керек да, керек эмес да жерде айтылып атпайбы.

#54 22 Апрель 2015 - 02:56
Ооганстан. ИШИМ жана "Талибан"
бири-бирине жихад жарыялады

Ооганстанда экстремисттик деп эсептелген ИШИМ жана "Талибан" топтору бири-бирине жихад жарыялады. Бул тууралуу полициянын башкармасы Гильменд Наби Жан Муллакхил жергиликтүү Khaama Press радиостанциясына маалымдаганы белгилүү болду. Анын айтымында, алардын колуна эки топтун бири-бирине жихад жарыялаганы тууралуу документ келип түшкөн. Ал эми ооган маалымат каражаттары топтордун кагылышкандыгы тууралуу да жазышууда.
Эскерте кетсек, буга чейин ИШИМдин лидери Абу Бакир Аль-Багдади "Талибандын" лидери Мухаммад Омарды кем акыл жана билимсиз аскер башчы деп атаган эле. Анын пикири боюнча, Мухаммад Омар диний да, саясий да ишенимге татыксыз. Ошол эле учурда "Талибан" ИШИМдин Ооганстанда кучак жайышына жол койбойт экендигин билдирген.

#55 27 Апрель 2015 - 01:52
АКШнын президенти Барак Обаманын чоң энеси Меккеге кичи ажылыкка барды.
АКШнын президенти Барак Обаманын чоң энеси Сара Омар умра (кичи ажылык) кылуу үчүн Меккеге барды. Бул тууралуу Араб Эмиратынын маалымат сайттары жазып чыкты.
Обаманын апасы менен чогуу ажылыкта уулу Саид Обама жана небереси Муса Обама болушту. Алар Меккенин Насим районунда өткөн Мухаммад Пайгамбарга (САВ) арналган көргөзмөгө катышты.
"Илимий түп нуска документтер менен тастыкталган, заманбап дүйнөдө исламды таратууга эң сонун үлгү боло турган бул көргөзмөдө болгонума абдан кубанычтамын" , - деп билдирди Обаманын чоң энеси Сара.
Андан тышкары, Пайгамбар тууралуу көргөзөмөнү башка өлкөлөрдүн да өкүлдөрү келип көрүшөрүн айтып, ыйык дин ислам боюнча адашкан түшүнүктөрдөн кайтарын белгиледи.

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#56 05 Май 2015 - 04:51
#57 05 Май 2015 - 04:52
АКШнын Даллас шаарында Мухаммед пайгамбардын карикатурасы боюнча сынакта ок атышуу болду. Окуя 3-май күнү кечки саат 7де сынак өтүп жаткан имаратта орун алганын чет элдик маалымат булактары жарыялады.
Атышуудан эки адам каза болуп, бир адам жаракат алганы кабарланды. Ал эми сынакта пайгамбардын карикатурасын мыкты тарткандарга баш байге катары 10 миң доллар берилмек. Аны “Эркиндикти коргоонун америкалык демилгеси" аттуу уюм уюштурган.

Ата-энем, бир туугандарым бар !!!
Мен бактылуумун !!!
Мен бактылуумун !!!
#58 05 Июнь 2015 - 13:00
“Ремонттук иштерден кийин Меккедеги Аль-Харам мечити 1,85 миллионадам батыра алат” – деп мечиттин расмий адамдары билдиришти.
Бул тууралуу СуннаПресс сайты баяндайт.
Саудия мамлекетинин Маданият жана Маалымат министри Адил Ат-Турайфи айткандай мечитти, анын короосун жана матафын (Каабанын тегерегиндеги айлануу зонасы) кеңейтүүнүн натыйжасында жалпы аянт 1,47 млн. метр2 болмокчу.
Куруу иштеринин акыркы үчүнчү фазасы аяктаган соң матаф өз ичине саатына 107 000 адам камтый алат.
Меккедеги быйылкы куруу иштери аль-Харам Ыйык мечитинин тарыхындагы эң ири ремонт деп табылууда. Кеңейтилген бөлүккө сервистик станция, экологиялык таза болгон нымдуу аба менен камсыз кылуу системасы, суу бачоктору, таштандыларды утилизациялоо системасы жана 12 500 ажаткана кирет.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#59 05 Июнь 2015 - 13:02
“Жума намаз учурунда шииттерди мечитине кол салуу бул - Саудия мамлекетинде хаос орнотуу аракети” деп билдирди Чоң Аалымдар Кеңешинин төрөгасы Сауд Аравиясынын муфтийи Абдуль-Азиз Али Шейх. Бул тууралуу РИА Новости сайты билдирет.
Саудиянын чыгышындагы Эль-Катыф районунда орун алган Эль-Кодейх деген жерде шииттердин мечитинде 22 майда жума намаз учурунда жардыруу болгон. Кырсыктан 21 адам каза табып жүзгө жакыны жаракат алган. Алардын он экисинин абалы кыйла оор. Террактка жоопкерчиликти ИШИМ (ИГИЛ) харижиттик тобу мойнуна алды.
"Аль-Ахбария" телеканалына берген маегинде муфтий “Сауд Мамлекетин өзүнүн түштүк чек арасын коргоп жаткан учурда бул кооптуу кылмыштын аткаруучулары өлкөнүн элдеринин арасында ажырым пайда кылып, бул оор акыбалда душманчылык жана фитнанын үрөөндөрүн себүүнү каалашты” деп баса белгиледи.
Саудиядагы шииттердин көпчүлүгү нефтинин запастарына бай өлкөнүн Чыгыш провинцияларында отурукташышкан.
Былтыр ноябрь айында террористтер чыгыштагы аль-Ихса районундагы шииттердин намазканасына кирип 5 кишини атып ташташкан. Бул окуя соң Саудия полициясы тинтүүлөрдү жүргүзүп ИШИМге шектүү делген 93 адам кармалган эле.

#60 05 Июнь 2015 - 13:03
Таиланддын түштүгүндөгү жайгашкан калктуу пункттун мусулмандары мектеп окуучуларына хиджаб кийүүгө тыюу салууну сындап чыгышты. Жергиликтүү бийлик мусулмандардын арызын тез арада карап берди.
«Ислам боюнча ар бир кыз 7 жаштан баштап жоолук салууну буюрса, демек, мусулман окуучу кыздарды хиджаб кийбөөгө мажбурлоо мүмкүн эмес», - деп билдирди Таиланддын Борбордук Ислам комитетинин директору Ваидуирамаи Маминги Khaosod менен болгон маегинде.
Мектептердин биринин директору Висутсри Юнгпонгсапат (Wisutsri Yungpongsapat): «Окуучу кыздардын сабакка жоолук салынып келиши мектеп эрежесине каршы келет. Мусулман окуучу кыздар жоолукту үйлөрүндө салынсын, ал эми мектепке келгенде мектептин тартибине ылайык кийинүүсү керек»,- деген пикир айткан.
Жергиликтүү мусулман лидерлери адилеттүүлүктү талап кылып, провинциянын бийлик өкүлдөрүнө бул тууралуу арызданышкан. Башталгыч билим берүү комиссиясынын башкы катчысы Камол Родклай (Kamol Rodklai), мусулмандардын арызын дароо караштырып, мектеп директорунун кызматтан кеткендигин жана окуучу кыздардын мектепте хиджабчан жүрүүгө тыюу салынуусунун алынып ташталгандыгын маалымдады.