Күнөөсү көп адамдар намаз окуйбу?
#1 19 Май 2018 - 17:01
куносу коп адамдар намаз окуйт экен. намаз окубагандар куносу жоктор экен ушу чынбы
#4 19 Май 2018 - 18:07
#5 19 Май 2018 - 18:34
тобоо тобоо эмне деген суроо,озунор ойлонсонор кичине мен эмне деген суроо берип жатам деп
#6 19 Май 2018 - 18:42
Ай тобооо....кайран адамдар... динден кабары жок байкуш адамдар.. боорум ооруйт.
соз жок!
соз жок!
#10 19 Май 2018 - 20:24
Андай дегениниз туура эмес.Намаз-бул бейиштин ачкычы.Намаз-
парз.Журогум тазарсын десениз намаз окунуз.
#11 19 Май 2018 - 20:29
Афтор билсен Эгер динди бурмалоо бул чоон куноо билип койгун?анан намаз бул жалпы мусулманга берилген парз!парз дегенге тушуносунбу?
парз деген бул мойнундагы милдет деген?эми ойлонуп туруп доодуробой терен ойлонуп тээма ач?
#12 19 Май 2018 - 20:58
#13 19 Май 2018 - 21:04
Автор, сиздин эми мындан кийин намаз окушуңуз керек болуп калат)))) Ачкан темаңыз адамдын күлкүсүн келтирет. Намазды күнөөсү жок адамдар окушпайт. Намазды Аллахтын бар экенине ишенген, периштелерге ишенген, Аллах тарабынан жиберилген Куран-и Каримге ишенген, Пайгамбарларга ишенген, Кыямат кайымдын болооруна ишенген пенделер окушат. Имандын жана Исламдын шарттарын аткаруу менен, бул Жалган жашоого сыноо үчүн, парздарды аткаруу үчүн келгенине ишенип, түбөлүк бактылуулук бейиште жалпы момун мусулмандар менен бирге болууну каалаган пенделер намаз окушат. "Ар бир жан өлүм даамын татуучу".
Андыктан өлгөндөн кийинки жашоосун, чыныгы жашоодо, бул жашоодо эки дүйнөдө тең бактылуулук издегендер окушат. Алты саныбыз аман, он эки мүчөбүз түгөл туруп, намаз окубай, жүрөгүбүз менен Аллахтын сыпаттарын тааныбай, парздарыбызды аткарбай бул дүйнөдөн өтүп кетүүнүн өзү күнөө. Бирок, Аллах кечиримдүү,
мээримдүү, ырайымдуу ыйык зат. Аллах бул теманы ачкан сизди, бул теманы талкуулап жаткан бизди кечирсин!
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#14 19 Май 2018 - 21:13
Намаз-бул дини Ислам болгон ар бир момун мусулмандын күндө 5 ирээт аткарчу моюнундагы парзы. Момун мусулман пенде үчүн келме келтирүү, намаз окуу, орозо кармоо, битир-садака(зекет берүү), эгер мүмкүнчүлүгү болсо ажылык сапарга баруу деген моюнубузда 5 парзыбыз бар. Эгер сиз айтып жаткан намаз окубай коюу бул ислам дининдеги беш шарттын бирин аткарбай коюу болуп эсептелет.
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#16 19 Май 2018 - 21:23
Куноо намаз окубагандан башталат, а намаз окусаныз башка куноолордон алыстай аласыз!))
#17 19 Май 2018 - 21:24
oshtuk_jigit (19 Май 2018 - 17:01) жазган:
куносу коп адамдар намаз окуйт экен. намаз окубагандар куносу жоктор экен ушу чынбы
Ооба кун баарына бирдей тийет бирок кээ бир адамдар козун жумуп алып мага кун тийбей атат деген сыяктуу да.Эми ислам да ошол жарык нур сыяктуу бизге чейин нурун чачып келди жана мындан кийин да буйруса нурун чача берет.Озунузду эле мисал кылыныз сизге бироо иш тапшырды ушуну аткарып кой аткарсан акча берем,аткарбасан анда сен озун карыз болосун деп.Сиз аны аткарбай журсонуз канча карызга батасыз.Карызыныз кобойгондо сизди сотко берип жазанызды аласызбы? Намаз да ошол сыяктуу бизге карызга берилди тигил дуйного барганда ар бирибиз сурак беребиз! Канча намаз окудун,чын конулдон окудунбу же эл козунобу? Кимге жакшылык кимге жамандык кылдын баары суралат.
#19 20 Май 2018 - 13:41
Урматтуу автор! Аалымдарыбызга беруун керек дин туралуу суроолорун болсо. Тишин ооруса тиш доктурга барасын да мотористке эмес. Ошол сыяктуу сизге сунушум да ушундай. Эгерде башка ойдо ачсаныз бул теманы анда туура эмес кылдыныз. Аягы жакшы менен бутпойт. Авторду куноолой берген да болбойт. Билбеген учун сурады да. Бул маселеде туура тушундуруп кою, эн мусулмандын асыл сыпаттарынын бири...
#20 20 Май 2018 - 16:33
Yago.limon (19 Май 2018 - 21:23) жазган:
Куноо намаз окубагандан башталат, а намаз окусаныз башка куноолордон алыстай аласыз!))
Мен сизге кошулбайм. Анткени 5 убак намаз окуп,орозону калтырбай туткан эже соройум, куйоом мас болуп калып, машина менен уйго баралбай,ошонун уйундо калган экен,койнуна кириптир. Эри Москвада эле,2 баласы жанында болчу. Озун жерге-сууга тийгизбей мактайт эле чогуу отуруп калсак. Куйоом тен болгон учун классташ деп коп тамашалашчу. Коп жолу смстерин,мамилелерин байкап калып коп урушчумун. Актанып суудан курук чыгышчу. Акыры 5жыл дегенде кармап алдым. Эже сорой олом деп коркутат,суйуп калган имиш менин куйоомду, куйоом кечирим сурап мас элем деди. 3 балам бар,ажырашып кете албайм. Копко стресс болуп,озумо келе албай журдум. 1-2жолу эле жатканбыз дейт бети жок эже сорой. Азыр коргум дагы,уккум дагы жок ошол адамды. Жашоомо ото чон кара так калтырып,адамдарга болгон ишеничимди жоготту. Андыктан намаз окубай деле туз журуп,таза жашаса деле болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Eliza83: 20 Май 2018 - 16:37