- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Аллергия жөнүндө
#1 07 Декабрь 2008 - 22:06
Кардиология жана терапия Улуттук борборунун алдындагы Республикалык аллергия борборунун аллергологу Салтанат Шабыкеева:
«АЛЛЕРГИЯНЫН
ЭҢ КОРКУНУЧТУУСУ БУЛ АСТМА»
Чүчкүртү п-бышкыртып, көздөн жаш актырып, дене кычыштырган аллергияны көбүбү з эле билсек керек. Адатта эрте гүлдөгө н чөптөр (бетеге, ак сото, жылган, түлкү куйрук, ак конок) жана дарактар (байтерек, мажүрү м тал, жаңгак ,ак кайың, кызыл карагайж.б)айтылуу аллергия оорусу менен жапа чеккендерге өзүнчө бир түйшүк жаратат. Бул илдет жөнүндө толугу менен кабардар кыла албасак дагы ток этер жерлерин чагылдыруу максатында атайын адиске кайрылдык.
Аллергия деген эмне?
Аллергия – бул адамдын иммундук системасын козгой турган абдан кеңири таралган оорулардын бири. Аллергия деген сөз грек тилинен алынып, «аллос» - бөлөк, чоочун, «эрон» - кыймыл дегенди билдирет. Кээ бир адамдар белгилүү бир өсүмдү ктөргө (жер-жемиш жашылчаларга) же болбосо кандайдыр бир тамак-ашты колдонууда (жумуртка, балык, шоколад ж.б), ал эмес абадагы ар кандай заттарга (чаң, чаңчаларга) өтө сезимтал келишет. Мындай сезимталдуулук адамдын организмин жабыркаткан – бөрү жатыш, чөп безгеги, диарея, ашказан спазмасы жана өтө олуттуу түргө айланганы –астма сыяктуу оорулардын себепкери болуп саналат. Организмдин мындай реакциясын «аллергия» деп атоого болот. Кыскасы, сырткы чөйрөнү н ар кандай агенттеринин (аллергендеринин) таасирине болгон организмдин жогорку сезгичтиги аллергия менен мүнөздө лөт.
Аллергиянын башталышы
Көпчүлү к учурда аллергияны грипп оорусу менен алмаштырып алышат. Себеби, бул эки оорунун симптомдору окшошуп кетет. Сезон убагында козголуп, анан өтүп кетсе, «грипп болуп, айыгып кеттим» деп жүрө беришет. Натыйжада аллергия күчөп кетет.Андыктан эскертээрим, жыл сайын бир мезгилде чүчкүрү п, мурундан суу, көздөн жаш агып, дене кычышкан өңдү ү белгилер байкалса, дароо биздин борборго кайрылың ыздар.
Аллергия менен кимдер ооруйт?
Иммундук системасы төмөндө п кеткен адамдар бул ооруга кабылышы мүмкүн. Мындан тышкары аллергия – тукум кууган оору. Эгер ата-энелердин ичинен бирөө гана аллергия менен жапа чеккен болсо, баласы да бул ооруга кабылышы толук мүмкүн. Көбүнчө сү алгачкы жолу аллергияга бала чагында кабылышат. Эң өкүнү чтүүсү , бул ооруга бир жолу кабылгандар, калган өмүрү ндө да жапа чегишет. Андыктан сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылып туруу керек. Антпесе арты жагымсыз бүтүшү мүмкүн. Аллергиянын эң оор, коркунучтуусу – бул астма.
Республикалык аллергия борборунун отчету боюнча 2006-жылы аллергия менен жапа чегип борборго кайрылгандардын саны 6297 адам болсо, 2007-жылы булардын саны 10220 ны түзгөн. Ал эми 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында борборго 5014 оорулуу кайрылган.
АЛЛЕРГИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ
• Поллиноз (сезон аллергиясы – өсүмдү ктөрдү н чаңына аллергия болгондор)
• Бөрү жатыш (тери аллер¬гиясы)
• Бронх астмасы (чаңга, жүнгө, аспиринге аллергия болгондор)
• Инцекттик аллергия (аары, чиркейлердин чагып кетүүсү нөн)
• Медикаментоздук аллергия (дары-дармектерге)
• Тамак аллергиясы (балык, жумуртка, тоок эти, сүт ж.б)
Аллергиялык реакциянын себебин (аллергенди) аныктаган соң, мүмкүнчү лүккө жараша аны менен болгон байланышты азайтып, атүгүл толугу менен токтотуу зарыл. Минтип айтканга оңой болгону менен көпчүлү к учурда ишке ашыруу абдан кыйын. Кээде жакшы көргөн үй жаныбарлары (мышык,ит) менен коштошууга туура келсе, кээде жакшы көргөн жер-жемиштерден, жашылчалардан же даамдуу тамактардан баш тартканга мажбур болосуң. Ошону менен бирге эле айрым аллерген түрлөрү нөн качуу такыр мүмкүн эмес. (мисалы, үй чаңдары же өсүмдү к чаңдары).
Менде кээ бир самындарга же кремдерге аллергия бар. Мындан тышкары чөптөрдү аралап бассам да денеме майда кызыл нерселер чыгып кетет. Кантип дарылансам болот? Организмге зыяны жок чөп дарылар менен дарыланса болобу?
Наргиза, Беловодск.
Анткени самын, косметикалык кремдерге ар кандай чөптөр кошулуп жасалат. Ал эми чөптү аралап басканда аллергия болсоңуз, демек бул аллергиянын «атоптикалык дерматит» деп аталган түрү.Чө пкө аллергия болгондон кийин чөп дарылар менен дарыланууга болбойт. Кайра эле айтаарым, биздин борборго кайрылың ыз. Адегенде так анализ коюп, андан соң кылдат дарылоо зарыл.
Бирок, мындай абалда анча татаал эмес атайын чараларды көрүү аллергия реакциясын бир топ төмөндө төт. Эгер көрүлгө н чаралар эч натыйжасын бербей, аллергендерден арыла албасаң, дарыгер гипонсенсибилизация деп аталчу спецификалык дарылануу методун дайындай алат. Гипонсенсибилизация – бул оорулуунун кандайдыр бир аллергенге болгон кабылдагычтыгынын деңгээлин төмөндө түүчү вакцинация өңдү ү метод. Дарылануунун бул түрүн 2 жаштан жогоркуларга колдонууга болгону менен дарыгердин кылдат көзөмө лүн талап кылат. Мындан тышкары азыркы учурда аллергия¬нын деңгээлин төмөндө түүчү же толугу менен жок кылуучу ар кандай жогорку натыйжалуу дарылар иштелип чыккан. Бирок, мындай дарылар организмге терс таасирин тийгизгендиктен, дарыгер тарабынан гана дайындалуусу абзел.
Тоолуу жер дарттын дабасы
Аллергияны дарылоодо кеңири колдонууга мүмкүн боло турган жана колдонулуп келе жаткан дарылык касиети бар климаттык ресурстарга Кыргызстан негизинен өтө бай. Бул жерден басым жасай кетчү нерсе – аллергия менен ооруган оорулуунун тоолуу жерде болуусу өтө пайдалуу таасирин берет. Дегеним, канчалык жогору барсаң, ошончолук аба таза, чаң, чаңча жана башка аллергендер да аз. Анан дагы бийик тоолуу гипоксия организмге машыктыруучу таасирин тийгизет жана аллергия реакциясына каршы туруучу атайын гормондорду бөлүп чыгаруучу бөйрөк үстүндө гү бездин функциясын оңойт. Биздин борбордун окумуштуу¬ларынын изилдөө лөрү бронх астмасы менен ооруган оорулуулардын деңиз деңгээлинен 3000-3500 метр бийиктиктеги тоолуу аймакта машыгуусунун жогорку натыйжалуулугун көргөзө алды. Буга күбө катары 3200 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы стационарда оорулууларды дарылоонун жыйынтыгын айтса болот. Мындан тышкары Ысык-Көл жээгиндеги тоо-деңиз климат шартында дарылануу чон популярдуулукту алды.
- Менин аллергия оорусуна кабылганыма 4 жыл болду. Дайыма эрте жазда эле аллергия башталат. Чүчкүрү п, көзүмө н жаш агып, мурдуман суу агат. Кеналог деген дарынын бир ампуласы 3 айга чейин аллергияны токтотот экен. Мен азыр ал дарыны үчүнчү жолу сайдырып жатам. Ден-соолугума терс таасирин тийгизбейби?
Сырга, 28 жашта, Бишкек
Өзүң жаш эле экенсиң.Турмушка чыга элек болсоң да, келечекте төрөшү н керек. А кеналог менен дарылануу, албетте ден-соолукка зыян. Балалуу болушуңа залалын тийгизиши мүмкүн. Кеналог – бир айга эсептелинген гормондун суммасы. Сенин жаш организмиң өзү эле жетиштүү гормонду бөлүп чыгарат. Ал эми кошумча гормондун сага эмне тиешеси бар. Биз кеналогду кыздар эмес,эркек балдарга да бербейбиз.Азыр сеникиндей аллергиянын түрүн дарылоочу заманбап методдор бар. Андыктан кеңешим, биздин борборго эле кайрылганың оң. Айыгууга толук мүмкүнчүлүк бар.
#2 11 Январь 2010 - 15:30
"Боору жатыш " андан эптеп айыккандан кийин дайыма чучкуро баштадым.Азыр мен Аллергиялык центрге жылда коруном алар бир жолу алергия кабылгандан кийин андан арылыш кыйын дешти.Эмне кылсам мен таптакыр алергиядан кутулам?Ушул оорудан айыгуунун жолдорун билсенер айтып койгулачы?
#3 24 Июнь 2010 - 11:43
Билдирүүнү түзөткөн: andormeda: 24 Июнь 2010 - 11:43
#4 30 Июнь 2010 - 23:17
#5 01 Июль 2010 - 21:55
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө! ©
#6 08 Июль 2010 - 15:13
venadina (30 June 2010 - 23:17) жазган:
Чооон рахмат сиз айткан ПСИЛО БАЛЬЗАМды колдонуп коройун...супрастин андай-мындайларды тоотпой деле калдым...
#7 14 Июль 2010 - 10:47
#8 14 Июль 2010 - 10:52
#9 14 Июль 2010 - 10:57
#10 16 Июль 2010 - 19:40
#11 18 Июль 2010 - 04:16
#12 02 Август 2010 - 10:17
Men dagy sen syaktuu allergiaga 4aldykkanyma 3 jyldyn juzu boldu.Mezgil almashkan saiyn Kozum ky4yshyp ,5 munot saiyn 4u4kurup,murdum butup kiynalyp jurop.Menin allergiam 4an4alarga,jyluu aba m-n muzdak aba almashuusuna,jyl mezgilderinin almashuusuna joop berip turat.
Allergiadan tolugu m-n aryluunun tilekke karshy jolu jok eken.Birok oto katuu abalga jetip,oto ele kiynalyp ketsen darylannu kursun aluun abzel.Men darylanuu ubagynda:
-Fizio-bolmosundo darylandym
-Ysyk(gorya4iy)ukol aldym(3 kun)
-Loratol -1 tabletka,jataar aldynda
-Asporutin-1 tabletka x 3 maal.
-Tamaktan k-n Ca glukonatyn 2 maal...kamtylgan.
Andan tyshkary 1 ai bou NOSOBEK-ti(murunga)kununo 4 maal koldonup jurdum.
Darylanyp algandan k-n kadimkidey jenildep kalgam...
Antpese allergia ku4op ketse astma oorusuna alyp keluusu mumkun.
Egerde an4alyk kiynalbasan daarylardy kop i4e beruu dagy jardam berbey kalat eken.Organizm daryga immunitettuu bolup kaluusu mumkun.
Baikashym4a,akyrky kundoru allergiaga 4aldykkandardyn sany koboup jatat okshoit,eki jakty karasam ele 4u4kurup,kozu ky4yshkandar
Kandai bolso dagy,allergiadan alys bololu4u el-jurt!!!
A sen Andormeda tezireek daarylanuu kursun alganyn tuura bolot!!!
#13 22 Август 2010 - 21:23
PS. Урологдордун жооп бербегендигине байланыштуу аракет кылып жооп бердим. Ар кайсы маалымат булактарына таяндым.
Билдирүүнү түзөткөн: Strateg: 22 Август 2010 - 21:24
#14 06 Сентябрь 2010 - 19:03
#15 08 Сентябрь 2010 - 15:30
#16 08 Сентябрь 2010 - 15:40
Билдирүүнү түзөткөн: temu: 08 Сентябрь 2010 - 15:40
#17 08 Сентябрь 2010 - 15:51
#18 22 Октябрь 2010 - 14:53
#19 22 Октябрь 2010 - 15:27
Цитата
Ушуну жакшылап кылып коройунчу
#20 08 Декабрь 2010 - 22:02
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »