Janym. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 85 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (72 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 02 Март 17
- Кароолор:
- 8 593
- Соңку аракети
- 20 Ноя 2023 00:55
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 84 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 1, 1940
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
ISKENDER-ALI
24 Окт 2023 - 15:34 -
rafo80
07 Сен 2023 - 03:06 -
Kattaldym
01 Сен 2023 - 02:33 -
ShaKe11
27 Фев 2022 - 18:33 -
beytaanysh
27 Фев 2022 - 17:29 -
Luna7
26 Фев 2022 - 01:12 -
biznes
25 Фев 2022 - 14:19 -
fak
24 Фев 2022 - 16:36 -
Kalla
20 Фев 2022 - 00:54 -
Musulmanka.
19 Фев 2022 - 01:45
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Чырагым...
Жазылган күн: 29 Авг 2023
Улам кирип окуяларымды жазып, каалаган убакта кирип окуп турчумун. Жашоомдогу акыркы сезимдерди, окуяларымды бөлүшөйүн десем, теманын жарымы өчүп кетиптир(((((өкүнүчтүү. ..
Канча деген мээнетим, уйкусуз түндөрүм,нервим кеткен... эхх
Баарын кайрадан жазып чыгууга убакыт да каалоо да жок((((
Админ толук өчүрүп берсе, же калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү болсо аны карап койсо э...
Экөө тең болбосо, анда ушул боюнча калуусуна туура келет.... -
Темасы: Чырагым...
Жазылган күн: 27 Фев 2022
Ошентип келиндик күндөр,кызмат башталды. Жаңы үй,жаңы тарбия.
Эң чоң келин болуп түшкөнүмө,биринчи келин деп баары эле жылуу кабыл алды. Көнүп кетүү деле кыйынга турган жок. Нураминдин ата энесин,өз ата энемдей кабыл алып,колумдан келген кызматымды кылып жаттым. Кайын ата,кайын эне дегенди өтө катуу кабыл алган экенмин,көздөрүнө тике карабай,алдынан кыя өтпөй сыйын жайына койдум.
Кайненем "Менин келиним чыйрак,короздой көйкөлөт,колунан баары келет" десе кудуңдап сүйүнүп алам. Бир күнү апам бир чара аш демдеп,женемден берип жиберген экен. Ал күнү баарыбыз тамактанып, дагы бир аз ашып калган. Эртеси ошол ашты жылытып,чоң энеңди көрүп келейин деп кеткен кайын энеме таң калып бүтө албай турдум. Ошентип жылытма тамакты бирөөгө кантип алып барат. Болгондо да каарыган чоң эне болсо деп ойлонуп оюма жете албайм.
Бир ай боюу үйдөн конок үзүлбөдү. Баарына жетишип,баарын өз ордунда жасаганы аракет жасайм. Бул арада Нураминдин суз мамилесине көнө албадым. Бул адамга турмушка чыкпастан жөн эле үйүнө келип жашап алган сыяктуумун.
Телефонунда мага чейинки сүйлөшкөн кыздары, сүрөттөрү, бирин да өчүрүп тазалап койбоптур,катуу тиет деп ойлободу бекен? Эмне үчүн анда мага үйлөндү, же балким бир көйгөйү бардыр...
"Курсагың тоюп жатабы,чарчаган жоксуңбу,жылуу кийин,көнүп алдыңбы?" деген сөздөрдүн бири да жок. Кокустан үйдө жүрүп бетме-бет келип калсак,тааныбаган адамдай үн сөз жок өтүп кетебиз. Ашканадан идиш жууп,жыйнап жүрсөм көрбөгөн адамдай бөлмөбүзгө кирип кетет. Артынан түшүнбөй көпкө тиктеп туруп,ишимди бүтсөм да көпкө чейин сыртта жүрө бермей,ашканада отура бермей адат болду. Аялга эң биринчи нерсе көңүл буруу экен.
Кечинде экөөбүз эки жакты карап,өз ойлорубуз менен алек болуп уктайбыз. Түн бир оокумда гана кучактап алганын байкайм. Кайра эртеси бири биризди тааныбагандай туруп өз жумуштарыбызды баштайбыз. Көздөрүн албай тиктегенин эсепке албаганда,мага карата жылуу сезимдерин байкай албадым,байката алган жок.
Көңүлүмдү алып,өзүнө имерип тартып ала албады.
Жадагалса интернетин барбы,салып коеюнбу деп бир жолу да сурап койбоду,кандай адамга турмушка чыгып алгам билбейм.
Болгону 1 ай ичинде мен бул инсан менен жашай албасымды билдим. Ич ичимден өзүмдү жеп,аягына жете албаган ойлор менен курчалып калдым. Бир гана нерсе мени жубатаар эле,ал да болсо кайын ата,кайын энемдин мени кызым деп жакшы көргөндөрү.
Нурамин экөөбүздүн бул мамилебизди бирөөгө ачылып айтууга батына албадым. Эми эле 1 ай болсо,балким дагы да эрте окшойт деп ойлодум.
Эрте менен баарыбыз 5 те турабыз. Күнүгө эрте менен туруп суюк тамак жасайм,андан кийин үй иштери,арада Нураминге мал жайгарганга жардам берем,түшкүгө тамак жасайм,нан жабуу,сүт тартуу деген мурда кийин жасап көрбөгөн жумуштардын баарын өзүмө алып болушунча аракетимди жасап жаттым.
Бул үйдүн бекем тартиби десек болобу,же ашыкча ысырапкорчулукту жактырбаган адамдарбы? Кайын энем баарын өлчөп берер эле. "Болгону 500гр аш демдейсин,аны да бир табакка ортого салсын,баарыбыз ошол жерден алып жейбиз, бөлүнүп тамактануу болбосун" деген кайын атамдын сөзү эсимди энгиретип эле койду. Кантип мен колумду столдун ортосуна сузуп эч тартынбастан тамактана алам. Эгер тамак ашып калса кайын энем,атам баш болуп сүйлөнүп калар эле. Ушунчалык тилечумун эмне тамак кылсам да ашпай калсын деп.
Бир күнү кайын энем шаарга,кызынын үйүнө жөнөп калды.
"Келгиле мага 100 сом бергилечи,барышыма болсо болот,кайтканга ал жактан төлөп салып коюшат"деп акча сурап жатканын угуп,чын эле акча сурап жатабы деп ишене албайм. Акча берсе сүйүнүп алып жолго чыгат,бербесе унчукпай отуруп калат. Болбогон акча, аялдын бул үйдө ушунчалык кадыры жокбу?
Ар жолу кызынын үйүнө барып келген сайын кайын энем да өзгөрүлүп келчү болду.
Мен жакшы көрүп сыйлаган кайын ата,эне ар кандай кылык,сөздөрү менен таң калдырып да көңүлүмдөн да калып баратты. -
Темасы: Чырагым...
Жазылган күн: 27 Фев 2022
Башка үй бүлөгө бүлө,башка адамга жубай болуу үчүн босогодон аттап бараттым. Атамдын кучагынан бошогон убагым,дагы да оор сыноолорго карай бет алган экенмин. Ошол эле убакта менин бактылуу күндөрүм бул үйдө калып,бактысыз болуу үчүн гана кадам таштап баратканымды туйбаптырмын. Дал ошол күнү менин бактым айнектей болуп эле жерге күбүлүп,бырчаланып сынгандай.
А мен жөн гана бактылуу да эл катары да жашагым келген. Келечегимди ушул инсанга тапшырып,бактылуу кылам,ыйлатпаймын деген сөзүнө ишенгенмин.
Той ашыкча шаан шөөкөтсүз болду. Жаштар гана бир аз ойнодук. Куда тарапты үйдө эле сыйын берип узатышты.
Нураминдин маанайы,көз карашы бактылуу экенинен кабар берет эле. Улам көзүнүн кыйыгы менен мен тарапты карап ичинен кубанып жатканын сезип турдум. Той бүтүп,баары тарашып жеңелер гана калды.
(Бизде нике түнгө жеңелер аралашып калат,дагы деле бул салт бар)
Нурамин сырттан келип ойлуу отурду да,"жеңелерди кетирип коёлучу,бүгүн дем алалы е жан,өтө чарчаганбыз, сен да чарчадың" деп маңдайымдан өөп сыртка чыгып кетти.
Жеңелерге ыраазычылыгын айтып,узатып коюптур. Адатта жигиттер кыздардын айыбын жашырса,мен бул күнү жолдошумдун жүзүн жарык кылган экенмин. Андан кийин женемдердин "эмне болдуңар,баары бүттүбү?деген суроосуна "ооба деп жооп берип койгонмун.
Ошол күнү да,андан кийин да Нурамин мени кучактап эле койбосо ашыкча нерсе болгон жок. Башында мени коркутуп алгысы келбегендир деп ойлосом,бара бара бул нерсеге түшүнбөй жаттым. -
Темасы: Чырагым...
Жазылган күн: 27 Фев 2022
Тойго аз күн калганда Нурамин жолуккусу келип атканын айтты,экөөбүз тамактанганы бардык. Негедир маңдайына отура албай сол тарабына,жанына эле отуруп алдым.
Суз гана өткөн кеткенди,келечекти сүйлөшүп олтурдук.
Кандайдыр моюнундагы ала так көзүмө учурады. Жанатан бери курткасын улам улам,жакасын көтөрүп коюп аткан. Бир аз күтүүсүз,анан ыңгайсыз болду. Өзүнөн батынып сурай албадым.
Үйгө келип эле апама айттым,ушундай моюнунда аласы бар экен деп. Апам негизи ушундай нерселерди жактырчу эмес. Өңү өзгөрүп башкача боло түштү.
- Дагы тойду токтотом,андай мындай сөздөрдү чыгарбагын, ал нерсе эч нерсе болбойт деди.
Негизи андай оюм жок,мен үчүн деле коркунучтуу эмес болчу.
Дагы 2-3 күндөн кийин базарга кийим кылуу үчүн Нурамин ата энеси,биз апам болуп бардык. Кийим тандап,кийип көргөндө баары карап турат да,жарашса жарашты,ушуну ал деп кеңешип.
Нурамин улам кийим алмаштырган сайын моюнун бекитет,бизден качып кийим алмаштырат. Көзүндөгү тынчсызданууну көрүп ага деген башкача аёо сезим пайда болду. Адам өзүн кандай болсо ошондой кабыл алуу керек да. Ыңгайсыздануунун кереги жок,баары жакшы деп айткым келди. Өтө назик алат окшоймун өзүмө,тойго чейин ошол корккон көз карашын унута албадым. Тагдырым ушул инсан болгон соң көңүлүн табууга,жубатууга, ар дайым жанында болууга милдеттүүмүн. Жолдошум катары жакшы көргүм,ошол эле учурда баш жөлөгүм келди. Артымда турган тоом,мени коргоп,колдоп алар инсаным ушул. Аллахым кошкон жарым,тагдырым деп кабыл алдым.
Ал да мени аманатым деп жубайы катары кабыл ала алдыбы,албадыбы белгисиз..
Той күнү да келди.
Эрте менен көйнөгүмдү көтөрүп алып салонго жөнөп жаткам. Белек экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү,негизи күтпөгөм. Эмне үчүн келди? Ал үчүн оңой болгонбу баары? Сүйгөн инсанынын үйүнөн узап бара жатканын кантип чыдап карап тура алат?
Көзүндө огу болсо атып ирчүдөй теше тиктейт. Тезинен эле кетүүгө шаштым. Эч артымды карабай машинага отуруп салонго кеттик.
Ичимде түшүнүксүз уйгу туйгу сезимдер. Сый,баары бүтүп атам белибизге кур байлап,батасын берип узатып жатышты.
Белектин апасы(аяшэнем) келип катуу кучактап өптү да,эки колумдан катуу кысып койду. (Кийин видеодон көрсөм,арт жагыма өтүп,көз жашын жоолугуна сүрткөн экен,жаным аяшэнем,сиздин үмүтүнүздү актай албадык.)
Абалын түшүндүм,биздин Белек экөөбүздүн бирге болушубузду эң көп каалаган апасы болсо керек. Тойду токтотолу, барып колун сурайлы деп Белекке айтканда ал токтотуп койгон экен,аны кийин уктум.
Канчалык ичи ачышып,мени башкага кыйбай атканын катуу кучактап эле билдирди. А бирок айла канча. Баары кеч болбодубу. -
Темасы: Чырагым...
Жазылган күн: 26 Фев 2022
Жазмыштан качып кутула албайсың,канчалык ыйласаң да,жашоодон кеткин келип,кээде тоону томкоргун келсе да акыры барып тагдырга баш ийесин. Тагдыр деп тагдырга шылтоологон менен ошонун баарына адам өзү себепчи болот. Убагында баалабастык, кенебестик бизге билинбеген менен өмүрүбүздү күлгө айлантат экен. Ооба,биз Белек экөөбүз тең таза,тунук сүйүүбүздү баалай албадык,баркын билбей эми мынтип жүрөктө жара бойдон калды. Адамдын келечеги өтмүшүнө карай болот. Өтмүштө жүрөктө так калса,өмүр боюу башкаларга жүрөгүңдү ача албай,эки оттун ортосунда жашайт экенсиң да.Ушул акыркы окуялардын баарын ошол убакта Белекке айта алган эмесмин. 15- 20 күндүн ичинде эле той боло турган болду,ошол убакта гана укту окшойт. Биз ар дайым жолукчуу бактан жолуга турган болдук...акыркы жолу...Бул жолу жүрөгүм элеп желеп болуп алып учпай,канаты кайрылган куштай басып бараттым. Айлана караңгы болсо да анын элеси даана көрүнөр эле. Жаным десе,асманды карап бир нерсе үмүт кылгандай мени күтүп турган экен. Ушул учурда эч нерсеге карабай,эч нерсени ойлонбой ушул адамдыкы болгум келип турду. Кең далысынын ичине батып кетким,жашоодогу бүт жамандыктардан жашынып калгым келди. Эч нерсе сүйлөй албадым.Ал менин абалымды ар дайым түшүнчү,бул жолу да эч кандай сөз күтпөстөн эле кучагына катуу кысып көпкө турду да "башка артына кайтпа"деди. Канчалык ага оор болгонун билем,жүрөгүн жаралап кеттим.Бизге таандык болгон нерселердин баарын колума берди.
Сүйүүбүз бүтпөдү,бирок бактылуу күндөр,бири- бирибизге гана таандык болгон нерселерден айрылдык. Канчалык кыйын болсо да биз коштоштук. Ал менин өз эркиме гана койду. Ашыкча суроо берип,ашыкча талап коюп мени кыйнаган жок. Мен кеткенче артымдан карап турган адаты бар болчу,бул жолу да ошондой артымдан карап тура берди.
А менин басканга күчүм жок,илең салаң ичимде арман муң менен барган жолумдан артыма кайттым.
Кош дегенде,кетпечи жан дебедиң,
Жок дегенде сен дагы,кал дебедиң,
Сүйүп туруп,сүймөксөн кете берген,
Мен өзүмө,сага да, таң беремин!
Үйгө келип Белек жөнүндө,сезимдерим жөнүндө жазып жүргөн дептерлеримди, Белек берген азыркы нерселердин баарын сыртка алып чыгып өрттөп салдым.
Мен алсыздык кылдым,сүйүүм үчүн күрөшө албадым. Кара,оңой эле жеңилип бердим, багындым. Сенин жарың болууну канчалык каалаганмын, экөөбүздүн канчалаган ой,кыялдарыбыз болгон. Ошонун баары мына күйүп жаткан нерселердей болуп күйүп кетти.
Турмушумда кезикпе,келбе жаным,
Жоготпогун өзүндө,менде барын.
Тажашкандан көрөкчө күткөн жакшы.
Сагынычка саргайсын жылдары анын.
Бийигинин сүйүүнүн түшпө,мага.. .
Жете албайын,жеткирбе, күтпө мага.
Ай нурунан ак жоолук салып алып,
Айылындан жолугам түштө гана...
Комментарийлер
Janym. ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?