2012jyly dep jurotgo. 2013 unversiadada kolo medall tagyndygo Aisuluu
Айсулуу Тыныбекова
#21 24 Октябрь 2013 - 10:17
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#22 11 Ноябрь 2014 - 15:34
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын АКШдагы жеңиши:
Айсулуу 55 килограмм салмакта күрөшүү үчүн 6-7 кило салмакты азайтып, салмагын түшүрүүгө аргасыз болгон.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 11 Ноябрь 2014 - 15:34
#23 11 Ноябрь 2014 - 15:39
Жакында эле 7-9-ноябрь күндөрү Нью-Йорк шаарында өткөн Эл аралык мелдеште Азия чемпиону, 17-Азия оюндарынын коло байге ээси - Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 55 кг. салмакта күч сынашууда финалга чейин жетип, баш байге үчүн таймашта жапониялык Аяко Шоданы 5:2 эсеби менен утуп алып, алтын медаль тагынды.
Быйылкы жыл Айсулуу үчүн олжолуу жана түйшүктүү болду десек жарашат. Ал мурда 59 жана 63 килограмм салмактарда күрөшүп жүрсө, сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында кыз-келиндер эркин күрөшүндө эки салмакты кыскартып, Айсулуу 55 килограмм салмакта күрөшүү үчүн 6-7 кило салмакты азайтып, салмагын түшүрүүгө аргасыз болгонуна күбө болгом. Эч нерсе ичпей-жебей кымыран суу ичип, арыктап шайы кетип, кабыргасы саналып калганын көрүп, зээним кейиген. Мындай кебетеси менен кантип күрөшөт, муун-жүүнү бошоп, дарманы кетип калыптыр деген ой кеткен. Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда монголиялык Баямбатсерен Судневге каршы турууга аракет кылды. Көп салмак түшүргөнү байкалып, чарчап калса дагы акыркы күч-кубаты калганча күрөштү. Бирок бир аз гана упай айырмасында утулуп калганда баарыбыз капа болдук. Монголиялык күрөшчү кыз финалга чыккандыктан Айсулууга коло байге үчүн жооткотуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ошентип Айсулуунун чыныгы намыскөйлүгүн коло байгеси үчүн күрөштө көрүп, ыраазы болдук. Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 55 кг. салмакта күч сынашууга чыккан Айсулуу 3-орун үчүн болгон беттеште түндүк кореялык Инсун Жонгду 5:0 эсеби менен таза утуп, коло медаль тагынганда маңдай жарыла кубанган элек.
Кыргызстанды Азияга, дүйнөгө таанытып жүргөн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 2013-жылы Таиланддын Пхукете шаарында өткөн Азия чемпионатында бардык атаандаштарын жеңип, жаштар арасында Азия чемпиону болгон.Тыныбекова бул ирет 59 килограмм салмакта монголиялык балбан Гантуя Енхбат менен беттешип, аны 8:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону аталган. Ошентип ал кыргызстандык кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча алгачкы Азия чемпиону болуп, тарыхта калды.
Ошондой эле 2013-жылы 14-июлда Казанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарында эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова орусиялык Жаралма Цыренованы 3:1 эсебинде утуп, коло байгеге жетишти. Бул ирет кыздардын эркин күрөшүндө Кыргызстандан универсиадага жалгыз Айсулуу Тыныбекова катышкан эле. 2013-жылы Швецияда өткөн эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында эл аралык турнирде Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова коло байгелүү болгон. Ал 59 кг. салмакта жарым финалда фин Петре Оллиге аз упай менен алдырып коюп, үчүнчү орунду ээледи.

#24 11 Ноябрь 2014 - 15:44
Лондон олимпиадасы чоң сыноо болду.
Кыргызстандык кыз-келиндерден алгач ирет олимпиадалык оюндарга Айсулуу Тыныбекова катышып, жол ачкан. Лондондогу олимпиада учурунда ага Олимпиадалык айылдан жолугуп, олимпиадасынан кандай таасир алганын сурап калганда, мындай деген эле.
- Биринчи жолу олимпиадага барганда кичине башкача болот экенсиң, алгач олимпиада айылына кирип келгенде бир аз толкундандым. Эки жүздөн ашуун мамлекеттин спортчуларынын катарында өлкө намысын коргоо жоопкерчиликти жогорулатып, апкарытып да коёт экен. Кийин көнүп калдым. Килемге чыкканда, күрөшөр алдында көп деле толкунданган жокмун. Чынында Олимпиаданын таасири, сүрү деген башкача экен. Күйөрмандар көп. Бул жолку олимпиада оюндарын көргөндөн кийин, кийинки 2016-жылы Бразилияда өтө турган олимпиадага барып, биз дагы медаль алалы деп абдан үмүттөнүп, ал үчүн дагы талыкпай машыгам деп тилек кылып койдум. Лондон олимпиадага барганыбыз да жакшы сабак, сыноо болду. Мелдештерде кармаштын жакшы ыкмаларын көрдүк. Дүйнө чемпионатында утуп жүргөндөр утулуп калды, айтор олимпиаданын жүрүшү башкача болот экен.
- Салыштырып караганда Лондон олимпиадасында сен башка кыздарга караганда карылуу, күчтүү эле көрүндүң эле. Олимпиадалык оюндарда эмнеге утулуп калдың, кайсыл жерден кемчилик кетти?
- Чынында Бишкектен жакшы даярданбай калдым, даярдык, чеберчилик жетишпей калды. Ошол учурда көп мелдештерге катыша албай калдым. Кетер алдында он күн ичинде гана Кой-Ташта машыктык. Ага чейин жакшы машыга албай, даярдыгым өксүп калды. Бул мага алдын-ала тоскоолдук жаратуу үчүн атайын уюштурулуп, жалаа жабылган сот иштерине да байланыштуу болуп калды. Кээде тергөө иштерине катышып, сот процесстерине катышып, кечки саат ондордо үйгө келген учурум да болду. Психологиялык жактан дагы даярдыгыма токсоолдуктар учурады. Бир-эки күн такыр машыкпай калган күндөр болду. Бул олимпиадалык таймашка чейин Испанияда өткөн турнирде (Лондон олимпиадасында кыз-келиндердин эркин күрөшүндө 63 килограмм салмакта сезгиден бир таймашта швециялык балбан Хенна Иоханссондон утулуп калган - авт.) швециялык Хенна Иоханссон менен күрөшүп, аны оңой эле уткан болчумун. Испанияда олимпиада оюндарына жолдомо алган кыздардын дээрлик бардыгы менен күрөшүп чыккан болчумун.
- Эми кийинки олимпиадалык оюндарда эмнени эске алыш керек экен?
- Мисалы бизде башка өлкөдөгүдөй бардык шарты жетиштүү машыгуучу залдар, ошол жерден чыкпай машыкканга комплекстер жок. Ошол деле терс таасирин тийгизет.Спорттук медицинага да көңүл буруш керек. Башка өлкөлөрдө спорттук медицина абдан өнүккөн. Бизде жалпы Кыргызстанда бир гана спорттук дарыгер Бактыгүл Алишева гана бар. Ал кайсы бирибизге жетишет. Ден соолукту калыбына келтирүүчү витаминдер жетишпейт. Мелдешке чыгаарда 5-6 килограмм салмак түшүрсөңүз, анан бир күндө 4-5 ирет килем үстүндө күрөшкө чыгып көрүү абдан татаал, курч сыноо. Байгелүү оорундарды жеңип алуу оңойго турбайт. Мен 2012-жылкы Лондон олимпиадасына биринчи жолу катыштым. Ушуну менен баары бүтүп калбайт. Алдыда жагы таймашуулар, мелдештер, ашуулар турат. Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, чоң ийгиликтерге жетебиз деп максат коюп, тилек кылып, машыгып келе жатам. Буюрса келечек алдыда. Кыргызстандын желегин желбиретип чыгабыз. Быйыл Түштүк Кореядагы 17-Азия оюндары да мен үчүн чоң сыноо, унутулгус сабак болду. Эми 2016-жылы Бразилияда өтө турган олимпиадага мен башкача маанай менен даярданам. Баарын билип калдым.
- Кыз келечекте эне болот, күрөш оор эмеспи? Кээде колу-бутуңду чыгарып, же оорутуп алган учурлар болушу мүмкүн да.
- Спортто бардыгы болот. Мурдагы жылы эле Ташкентке Азия чемпионатына даярданып жатып, 15-20 күн калганда акырын эле машыгып жатып, колумду чыгарып алгам. Бирок ага карабай чемпионатка барып, бешинчи орунду алып калган элем. Бирок анда башыбызды жерге салбай, кайра машыгып жатып ушул күнгө жеттик.
- Астанадагы Лондон олимпиадасына жолдомо алуучу таймаш учурунда сенин жеңишиңди жарыялап жаткан учурда күйөрмандардын арасында "Айсулуу, телефонуңду берчи, сени менен таанышкым келет!" - деп кыйкыргандар болгонуна күбө болгом. Айтсаң, балбан кыздардын күйөрманы болуп, арзуусун айткандар көп болобу?
- Андайлар да бар. Тийишкендер да болот. Телефонду таап алып, тынчымды алып чалгандар бар. Аларга көп деле көңүл бурбайбыз да. Азыр телефон аркылуу эле "Агентке" кирип алып деле таанышса болот. Азия чемпиону болуп, 17-Азия оюндарынан коло медаль утуп келгенден бери мени менен таанышууну каалагандар арбыды.
- Тааныша келгенде "балбанмын, күрөшөм" десең жигиттер чоочубайбы?
- Жок, мен балдарга "күрөшөм" деп айтпайм. "Күрөшөм" десең эле башкача кабыл алышат. Дароо эле корко башташат.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 11 Ноябрь 2014 - 15:58
#25 11 Ноябрь 2014 - 16:07
Олимпиадага жолтоо болгон сот процесстери:
Лондон олимпиадасынын алдында Айсулуу Тыныбекова менен анын курбусу Разалия Тилегеновага каршы Кылмыш кодексинин бейбаштык беренеси (234-беренеси, 2-бөлүм, 2- бөлүмчөсү) боюнча кылмыш иши Ясмина аттуу 17 жаштагы кыздын арызынын негизинде козголгон. Доогер тарап Тыныбекова 20012-жылдын апрелде Ясминанын мурдун талкалай койгон, ден соолугуна доо кетти деген доо койгон.
2012-жылы 20-июлда Лондон олимпиадасына барууга Айсулуу Тыныбековага уруксат берген чечимди Ленин райондук соту Олимпиадалык даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков менен башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун "олимпиададан кийин сотко келебиз" деген кепилдигин алган соң араң чыгарган. Сот спортчу олимпиадалык мелдештерге катышып келгенден кийин улана турган болгон. Айыпталуучу сотко келбесе, кепилдик берген жарандар сот жообуна тартылмак болушкан. Ясминага жактоочулук милдетти аткарып жаткан энеси Нурила Кочкорбаева Ленин райондук сотунун чечимине макул эместигин билдирип, Айсулууну Лондон олимпиадасына катыштырбай бут тосууга аракет кылган эле. Ал коррупциялык кызматка, Соттор кеңешине чейин даттанарын билдирген. Айсулуу Тыныбекова ага коюлуп жаткан дооматтар негизсиз экендигин, үч кыз жана эки жигит мындай чатакты өздөрү атайын чыгарып, аны мазактап, шылдыңдап, жаман уятсыз сөздөр менен сөгүп, намысына тийгенин билдирген болчу.
-Эгерде чындап эле мушташсам, бир мүнөткө жеткирбей колу бутун сындырып коймокмун. Эки жигити менин колумду бекем кармап, тиги Ясмин мени бети-башыма, ичиме ургулап жибергенде чыдабай, колумду бошотуп, тиги кызды ары түртүп жиберген элем. Ал жыгылып калып, мен сага көргүлүктү көрсөтөм деп, аман-соо эле кеткен болчу, - деген эле ошол учурду Айсулуу эскерип.
Айсулуу Тыныбекова сот чечими бир тараптуу болуп калды деп эсептейт: - Чак түштө көчөдөн 3 кыз, 2 бала тийишти. Ал жерден тиги кыз менен кичине эле жулмалашканбыз. Сабаган эмесмин. Алар айткандай 5-6 мүнөт сабасам, жанындагы 2 бала, 2 кыз карап турмак беле? Эгерде сабасам, анда бир мүнөттө эле мунжу кылып салмакмын. Алар сабабасам деле жок жерден жалаа жаап, сотко берип, көп тоскоолдук жаратышты. Сот иштеринен улам канча машыгуу, канча мелдеш, турнирди калтырдым. Мен соттук териштирүүлөрдүн айынан Лондон олимпиадасына жакшы даярдык көрбөй, ийгиликке жетпей калдым.
- Лондон олимпиадасынын атайын Айсулууну сотко сүйрөп, анын тегерегинде уу-дуу сөз кылып, олимпиадага барбасын деген аракеттер жүрүп, даярдыкка абдан тоскоолдук кылышкан эле. Жалаа жапкан Нурила Кочкорбаева өзүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттин, кыргыз элинин кызыкчылыгынан жогору баалап жатканы өкүнүчтүү болгон эле. Айсулуу психолгиялык жактан чүнчүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бир катар мелдештерге да ошол сот процессинин айынан барбай калганбыз. Анан Лондон олимпиадасынан кийин Айсулууну эки жылга шарттуу соттошуп, дагы далай мелдештерге барбай, чеберчилиги өксүп калган эле. Эми минтип, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, жылдызы жанып, адилеттик биз тарапта экени айкын болууда. Ошондой болсо да чүнчүп калбай, кайрадан ийгиликтерге жетише баштады, - дейт Айсулуунун машыктыруучусу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Нурбек Изабеков.
Сот дагы балбан кыздын эркин майтара албады. Былтыр жазында Швецияда өткөн эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында эл аралык турнирде Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова коло байгелүү болуп келген. Клиппан шаарында өткөн мелдеште Айсулуу 59 кило салмакта жарым финалда фин Петре Оллиге аз упай менен алдырып коюп, үчүнчү орунду ээлеген. Буга чейин Кыргызстандын эгемен тарыхында эркин күрөш боюнча кыздар арасынан бир да балбан олимпиадалык оюндарга барган эмес. Ошондуктан Айсулуу Тыныбекованын спорттогу жолу башка кыздар үчүн сабак болмокчу. Аны менен маектешкенде "Азаттыкка" өзү, бир туугандары, ата-энеси, эркин күрөшкө кызыкканы тууралуу мындай деди: - Менин ата-энем Нарын облусунун Кочкор районунда жашайт. 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында төрөлгөм. Ал жерде беш жашка чейин болуп, кийин атамдын жумушуна байланыштуу кайра Кочкорго көчүп келгенбиз. Ата-энем врач. Апам волейбол боюнча курама командада ойногон. Беш бир тууганмын. Спортко өзүмдү билгенден бери кызыгам. Телевизордон таймаштарды көрүп, катышкым келчү. Бирок айылда мүмкүнчүлүк жок болчу. Борбордо ушундай каратэ, күрөш, бокс бар экенин угуп, ошого барып калганбыз. Айсулуу балбан кыздарга үлгү.
Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, кыздардын башкы устаты Нурбек Изабековдун айтымында, Айсулуунун таасири менен жыл өткөн сайын күрөшкө кызыккан кыздар көбөйүп, жаштардын чеберчилиги өсүүдө. - Айсулуунун жеңиштеринин таасири менен кыргыз кыздарынын эркин күрөшкө болгон кызыгуусу артып, эл аралык аренада өлкө намысын коргой баштаганы кубандырат. Быйылкы өлкө чемпионатында алыскы Ак-Талаа районунан келген балбан кыздар үмүт жандырды. Алардын катарында тубаса балбандыгы байкалган кыздар бар экен. Айрыкча Гүлина Эсенбаева, Айзада Жаналиева, Нестан Кыязованын чеберчилиги жыл өткөн сайын жогорулап, эркин күрөштүн сырларын үйрөнүп жатышат. Жаштарга жол ачып, аларды чоң мелдештерге алып барып, такшалдырып, намыстандыруу керек, - дейт Нурбек Изабеков.

#26 11 Ноябрь 2014 - 16:11
"
Аюу" Айсулууга үй белек кылды.
Жакында эле Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарыда 4 медаль утуп келген балбандарга Бишкектен квартира белек кылды. Алардын катарындагы Айсулуу коло байгеси үчүн да бир бөлмөлүү квартиралуу болуп, өзүнчө түтүн булатмак болду. Себеби, буга чейин Айсулуу устаты Нурбек Изабековдун үйүндө алар менен чогуу бир тууган карындашындай жашап жүргөн.
Спорттогу жетишкендиктердин натыйжасында материалдык жактан да камсыз болуп, президенттин колунан акчалай сыйлык алып, демөөрчүлөр колдоого алып, үйлүү болоорун Айсулуу далилдеди. Мындай сыйлыктар аны дагы шыктандырып, дагы ийгиликтерге жетүүсүнө дем бермекчи. Мына кечээ жакында үй алаары менен АКШдагы эң ири эл аралык мелдеш болгон Нью-Йорк ачык турниринде алтын медаль тагынды.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Төлөн Райымкулов Айсулуу Тыныбекованы тайманбай күрөшкөн, атаандашынан коркпогон эр жүрөк, шамдагай балбан кыз деп мүнөздөдү.
21 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргыз өңүн, кыздарын таанытсам деген тилекте, күрөштү таштабайм дейт.
Жеңиштериң кут болуп, тилегиңе жет, Айсулуу!

#27 21 Ноябрь 2014 - 23:35
Кыргыз эли сыймыктана турган кыз да ушул кыз, жонокойлугун айтпа,жагат мага аябай.Ийгилик ойлогон ойлору ишке ашсын
#28 22 Ноябрь 2014 - 14:30
КТРден кайсыл бир ток-шоуга келгенде, жогорудагы замандашым айтмакчы, жөнөкөйлүгүнө баа бергем. Кыргыз эли сыймыктанчу Айсулуу эже көп бийиктиктерди багынтты, дагы да ийгиликтер жылмайсын!
Алга, Айсулуу эже! Алга, Кыргызстан!
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#29 27 Ноябрь 2014 - 13:53
Айсулуу Тыныбекова алтын алды.
Кыргызстандык балбан кыз - Айсулуу Тыныбекова АКШда өткөн күрөш боюнча "New York Open-2014” турниринде алтын медаль утуп алды. Мелдеш 7-8-ноябрь күндөрү Нью-Йоркто өткөрүлдү. Анда Айсулуу Тыныбекова 55 кг. чейинки салмак категориясында чыгып, финалда Жапониянын спортчусу Аяко Шода менен беттешип, 5:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова жакында эле Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында коло байгени багындырган. Бул үчүн Кыргызстандын күрөш федерациясы балбан кызга Бишкектен 1 бөлмөлүү батир белек кылган. Ошондой эле президенттин сыйлыгына татыган.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Ноябрь 2014 - 13:53