- Жо-ок, жок! Беш жыл деген эмне?! Менин уулум кичинекей. Таенеси да, чоң энеси да жок. Менин эч кимим жок. Ким карап, ким багат?! - деп сот залынын оң жак капталындагы темир тордун ичинде жаш келин жалооруп ыйлап, сүйлөнүп да жатты. Кимдир бирөөнү күтүп, издегендей,
кылчак- кылчак эшик тарапты карап коёт. Көксөгөн караан көрүнбөйт. "Сотуң болгон күнү келип калам" деген күйөөсүнүн сөзү кулагына жаңырып турду. Жактоочусу жашы улгайып, чачын ак аралап калган арык чырай, көз айнекчен эркек киши бет аарчысын сунуп: - Ыйлаба, өзүңдү кармачы! Мен биринчи күнү сага - СИЗОго барам. Шаардык сотко кайрылып арыз жазабыз. Үмүтүңдү үзбөй, уулуңду ойлосоң акылсыздыкка алдырбай тынч олтуруп тур,-деп эки колу кишенделип,
"конвойлордун"
коштоосунда солкулда ыйлап бараткан келинди сооротуп калды. - "Монашка"
, сен ыйлаба. Баары жакшы болот. Беш жыл берсе ошончо олтурбайсың.
Жакында амнистия, ага илинсең, ары-бери караганча чыгып кетесиң,- деп жатышты өзү менен СИЗОдон чогуу келишкен камактагылар.
Алар үйрүлүп түшүп, жылуу сөздөрүн арнашкан сайын жүрөгү тилинип, бырчаланат.
Көптө барып басылды. Бир эркек суу берди, бирөөсү алма сунду. Келин болсо өз эркегинин караанына зар болуп турду. Кырк мүнөттө эле кырчындай жаштыгы кыркылып, "бүгүн кайра камерага кайрылып келбейм. Сот залынан бошоп кетем" деген тилеги таш каап, улутунуп олтуруп калганына ишене албай жатты. Айланасындагыларга акырын көз чаптырды. Соту болуп, алчу жылын алгандар калгандарын күтүп отурушат. Тигине, башын төмөн салып, жедеп эскилиги жетип жешилип бүткөн батинкени бутуна сүйрөй, арыктыгынан эки бетинин сөөгү уркуюп, бери чыгып, өзү да, көздөрү да чарчаңкы эркек кирди. Жети жыл алыптыр. Кебетесинен кейигени деле билинбейт. Эми ага баары бирдей. "Биринчи жолкусу эмес окшойт" деп ойлоп койду келин аны карап. Жаштары ашып кетсе 14-15тердеги эки өспүрүм эч нерседен бейкапар, каткырып күлүп, сөздөрү түгөнбөй жатты. Болбосо, жашы жете электердин колониясына үч жылга кесилип келишти. "Чөнтөкчүлүк"
менен жан баккан балдар экен. Жаштайынан түрмөнүн тузун татып калышса, келечекте булардан кандай адам калыптанат?
! Жанындагы аялдын соту болуп жаткан окшойт, ал жок. Дембе-дем тамеки тартып, ары-бери басып, ойлонуп жатты эле. "Байкуштун ансыз деле нерви жукарып, калчылдап калыптыр. Азыраак эле жыл беришсе экен" деп чоочун аялга боору ачып турду. Кечки бештерде баарын катарга тизип, түрмөдөгүлөрдү ташыган "автозек"
деп аталчу машинага санап киргизишип,
кайра артка алып жөнөштү. Ары- бери өткөн троллейбустун үнүн тыңшап, эркиндикти эңсеп күн кечирип, таң атырган камакка кайра барарын ойлогондо… Камерага кирери менен төртөө төрт жактан суроолуу тиктей, келинди карап калышты.
Энесиз калган эмчектеги бала Темир тор...
#1 14 Ноябрь 2013 - 20:44
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 14 Ноябрь 2013 - 20:45
- Канча алсаң да, кайгырба. Бети-колуңду жууп келип тамактан. Бүгүн түрмөнүн "баландасы"
эмес. Мага үйдөн тамак-аш киргизишти,
- деди жашыл көйнөкчөн, жашы кырктын кырына келип калган, сулуучумак келин. Араң эле карманып турган окшойт. Бакырып коё берди: - Келбей койбодубу, ал! "Эч коркпо,чыгарып кетем. Эмчектеги балам бар десең, аял кишиге аз жыл берет. Мен камалып кетсем, он жылсыз чыкпайм. Силердин күнүңөр эмне болот?!"
деген үчүн ишенгем ага. Алдап кеттиби?! Кантип эле?! Үйлөнгөндөн кийин билдим ал адатын. Бир күнү болбосо, бир күнү колго түшөсүң, койсоңчу, дегенимди укпай койбодубу!
- темир керебетке бүк түштү. - Ооруп калгандыр, же дагы?.. Ким билет эмне болгонун? Балким, келип калаар?.. Болдучу эми, эртең башың ооруп калат, - деп далысынан таптай сылай жанында отурду тигил келин. - Ай, сенин эле кайгың болсо да эмне болуптурсуң!
Меники сеникинен ашып-ташып айламды таппай отурам. Карыганда капысынан киши өлтүрүп камакта отуруп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Уңулдабай үнүңдү өчүрчү! - деди төрдөгү тордолгон терезени ойлуу тиктеп турган аял. Атайын эле катуу айтты, басылсын деди. Ичинен аяп эле турган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 14 Ноябрь 2013 - 20:46
Эки айдан кийин жазган арызы боюнча иши кайра шаардык соттон каралып, беш жылын күчүндө калтырып коюшту. Күйөөсүнө каршы эч нерсе айта алган жок. Нике күбөлүгү жок болгон соң, ортобузда балабыз бар дегени эле болбосо, мыйзам жүзүндө "күйөө деле" болбойт экен. Жактоочусу:
"Үйүңө бардым. Уулуңду күйөөң жакшынакай эле багып жатыптыр. Ал жагынан камсанаба. Болгону эле сени үмүткөр кылбай ачык айтайын, аныңдын башка аялы бар, жашашат экен. Менин да сендей кызым бар, аталык кеңешим: жашооңдо бир жаңылып, жаза бастың. Бул сага сабак гана болсун. "Түрмөнү көрүп калган аял менен кантип жашамак элем. Чыгарып алганга акчам да жок" деп койду барсам. Күйөөңдү күтпө. Мындан аркысын өзүң гана таразалап чечээрсиң. Мен болгон аракетимди жасадым. Нааразы болбо. Беш жыл эң төмөнкүсү"
деп кош айтышты. Ичинен аябай ыраазы болуп калды. Бир тыйын албай жактап берди, ал тургай эки жолу чай- чамек, таттуу көтөрүнүп келген. Артынан издеп келген эч кимиси болбосо, абакта кыйын эле экенин түшүндү. "Мал уурдаган"
деген айып менен келгени үчүн кээ бирөөлөр тамашалай, күлүп жүрүштү. Чүнчүп, жүдөп, баласын эстеген сайын эт жүрөгү эзилип, башын боз дубалга коюп-коюп алгысы келип жан айласын таппай кетет. Алаксыйын деп тигүүчү цехте да иштеди. Күчүн түнкүсүн көз жашынан, күндүзү тамекиден чыгарат. Башында ызаланып, кекенип, жектеп жүрүп көнүп да кетти. Бир кездеги кой көздөрүнөн нур өчүп, кызыл жүзү кубарып, тез эле карый түштү. Мүнөзү да өзгөрдү. Анча-мынча сөздү көтөрө албай урушчаак болуп баратты. Күлкү дегенди унутту. Жалгыз басып, жалгыз туруп, ой-кыялы менен гана жашап калды. Убакыт өтүп, мунапыска илинип үч жылдан кийин бошонуп чыкты. Корунуп, коркуп, элтең-элтең этип эки жагын каранган, үстүндө өңү өчөйүн деп калган көгүш көйнөкчөн келин бир кездеги өзү жашаган үйүнө кеч күүгүмдө жашыруун келди. Көрүп эле тааныды. Көздөрү жайнай түшүп, ууртуна жылмаюу уялай, кучагын жая обдула барып токтоду. Жүрөгү "түрс-түрс"
этип, кабынан чыга каччудай кагып жатты. - Апо-ов!- деген бойтойгон төрт жаштагы наристе чоочун келинди этектен кармай эркелеп, эшиктин алдында ойноп жүрүптүр. Көздөрүнөн жаш сызыла, тигиле тиктеп: - Мен кайрылам, качандыр бир убакта… Балакайым менин! - деп жалынып, утур-утур уурдана карап туруп караңгыга карааны сиңип жок болду.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 17 Ноябрь 2013 - 17:25
чийки эт жегендей кылбай улантып кой эми
Турмуш- бул чоон мектеп!
#7 17 Ноябрь 2013 - 23:44
Аягы жок темалар кобойуп эле барататда...
Кана эми калганы,устокко-
босток тема ача бербей, баштаганынарды бутурсонорчу бай болгурлар!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#8 18 Ноябрь 2013 - 01:18
Башка тема ачканы кеткен окшойтго....башка болумдон издейлиби ыя сени Канатчик?
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#10 18 Ноябрь 2013 - 21:42
Бул чыгарманы дагы бир жерден окудум эле, кайдан экени эсимде жок. Окуя ушул жеринен эле токтогон, аягы ушундай окшойт го.
#12 22 Ноябрь 2013 - 01:19
Болсо жазып коймокмун, бутту аягы ушул!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#14 30 Ноябрь 2014 - 14:32
Ошонтип койуп Бишкекти коздой сапар алды жолду катар козунон жаш куюлуп бараты аны сезкен да жок жанын
#16 30 Ноябрь 2014 - 20:16
Ушундай чыгармаларды окуусам, озумду кармана албай муунум бошоп, козум жашка айланат. Жакшы чыгарма экен. Кыска нуска дегендей.
Азаматсын Канатчик.
Азаматсын Канатчик.
#17 04 Май 2017 - 16:55
Аиий эмгиче жазыбаган. Аягы окшойт? Калганын өзүнлр чечим сыгаргыла деген сыяктуу бүтүрүптүр.
#19 24 Ноябрь 2020 - 10:58
Автоооор
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#20 26 Ноябрь 2020 - 12:16
Темасы эле журокту оорутту.
Бироонун жашоосу бизге тунгуюк экен.
Эжемдин жашоосун сырттан коргон биз тогорогу топ келишкен уй убуло деп ойлогонбуз.
Ар дайым кулуп жайнап, жаркылдап оозунан ширин соз тушпогон эжемдин ардында эки боласы , бири болсо 1 класс , кичинекейи эмчектен сут эмген бойдон кала берди.
Кантип бул дуйно менен кош айтышты? озуно озу кол салып суицид дейин десек артындагы кок ала болгон издер эмнени далилдейт? Асынып олсо жан чыкканга чейин коз чыгып тусу бир абал болмокта... бир сырдуу олум журокту ооруткан.
Экспертиза кылайын десек кичинекей эки баланын кийинки тагдырын ойлоп , журоктон кан аккан бойдон тим калдык...
Бироонун жашоосу бизге тунгуюк экен.
Эжемдин жашоосун сырттан коргон биз тогорогу топ келишкен уй убуло деп ойлогонбуз.
Ар дайым кулуп жайнап, жаркылдап оозунан ширин соз тушпогон эжемдин ардында эки боласы , бири болсо 1 класс , кичинекейи эмчектен сут эмген бойдон кала берди.
Кантип бул дуйно менен кош айтышты? озуно озу кол салып суицид дейин десек артындагы кок ала болгон издер эмнени далилдейт? Асынып олсо жан чыкканга чейин коз чыгып тусу бир абал болмокта... бир сырдуу олум журокту ооруткан.
Экспертиза кылайын десек кичинекей эки баланын кийинки тагдырын ойлоп , журоктон кан аккан бойдон тим калдык...