Бактысыз ыр!!! Б.Жамгырчиев
Басып кетип мен ишенген жакшы кыз,
Турмушума ошол кезде батты сыз,
Санааларга туткун болуп мен жана,
Сага жазган бир ыр калды бактысыз.
Жүрөгүмө азап шаарын кургансың,
Кыялдарды кылыч менен кыргансың,
Өз баркыңды түшүнбөгөн жан элең,
Анан кайдан түшүнмөксүң ыр баркын...
Мейманы элең жүрөктөгү төрүмдүн,
Толкуну элең арзып бүтпөс көлүмдүн,
Кечирчи деп кайра келген кезиңде,
Жер таянган жезкемпирдей көрүндүң.
Канча жаттым дарман калбай эч менде,
Канатымды өзүң кайрып кеткенде,
Жол караган жетим сындуу ошол ыр,
Дале турат китеп койгон текчемде...
Жаш акындар Окуп көрүңүз
#42 11 Февраль 2016 - 10:44
Б.Жамгырчиев
АБИЙИР СОТУМ…
Баарын ойлоп күнүгө чарчоом адат,
Баалуулуктун жарыкта канчоо калат?...
Арым менен намысым азап чегип,
А ыйманым жүргөнсүйт жан соогалап.
Эх, балалык…туюм жок азыр андай,
Ээрчип жүрөм мезгилди кадыр албай.
Турган жерим тагдырдын мизи болсо,
Тулку боюм туздалган бадыраӊдай.
Таяк жедим турмуштан мушташам деп,
Кулап калдым чындыкка учкашам деп.
Тилечү элем жазданып намысымды,
Ыйманымды жамынып уктасам деп.
Мени көрсө булардын баары качат,
Өз жанымды өз колум таарып атат.
Кошоматтар төбөмдө оюн салса,
Кожоюндар өлтүр деп наалып атат…
Иче турган суумдун көбү шарап,
Ичимдеги тазалык өлүп барат.
Бара жатам тешилген кайык менен,
Баалуулуктар мендеги чөгүп барат..
Ээ мекеним, ишенээр балаӊ болбой,
Түркөйлөргө тапталган арам жолдой.
Күндөн-күнгө чаӊ толуп акылыма,
Адам болбой баратам, адам болбой…
Жан-дүйнөмө нарк жетпей кагырадым,
Чынды сүйбөй, жалганга жадырадым.
Абийир сотум болоордо тааныш таппай,
Өмүр бою эркимден ажырадым….
АБИЙИР СОТУМ…
Баарын ойлоп күнүгө чарчоом адат,
Баалуулуктун жарыкта канчоо калат?...
Арым менен намысым азап чегип,
А ыйманым жүргөнсүйт жан соогалап.
Эх, балалык…туюм жок азыр андай,
Ээрчип жүрөм мезгилди кадыр албай.
Турган жерим тагдырдын мизи болсо,
Тулку боюм туздалган бадыраӊдай.
Таяк жедим турмуштан мушташам деп,
Кулап калдым чындыкка учкашам деп.
Тилечү элем жазданып намысымды,
Ыйманымды жамынып уктасам деп.
Мени көрсө булардын баары качат,
Өз жанымды өз колум таарып атат.
Кошоматтар төбөмдө оюн салса,
Кожоюндар өлтүр деп наалып атат…
Иче турган суумдун көбү шарап,
Ичимдеги тазалык өлүп барат.
Бара жатам тешилген кайык менен,
Баалуулуктар мендеги чөгүп барат..
Ээ мекеним, ишенээр балаӊ болбой,
Түркөйлөргө тапталган арам жолдой.
Күндөн-күнгө чаӊ толуп акылыма,
Адам болбой баратам, адам болбой…
Жан-дүйнөмө нарк жетпей кагырадым,
Чынды сүйбөй, жалганга жадырадым.
Абийир сотум болоордо тааныш таппай,
Өмүр бою эркимден ажырадым….
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#43 11 Февраль 2016 - 12:13
Б.Жамгырчиев
Кеч келген бактым
Үмүттүн жолу кыскарган чакта,
Дүнүйөм тарып кысталган чакта.
Жылуулук күтпө жалооруп менден,
Жан-дүйнөм кошо ышталган чакта.
Жүрөгүм жашын көлдөткөн чакта,
Муштумун тагдыр көрсөткөн чакта.
Көрүнбө мага жарк этип улам,
Көңүлүм муздап өрт өчкөн чакта.
Табынан кайтып жатса да дарман,
Аргасыз күчтү башкадан алгам.
Көксөгөн кыял, тилектин баары,
Кожожаш сындуу аскада калган.
өзгөчө жансың, артылам, эстейм,
миң айткан менен артыма кетпейм.
Ачылсаң дагы буркурап гүлдөй,
Ачыгын айтсам баркыңа жетпейм.
Сүйүүнү көптөр аркалап кеткен,
Сүйүүдөн көптөр барк алат дешкен.
Барк ала турган сүйүүмдүн баарын,
Барк билбес жандар талкалап кеткен.
Тулпары болбой кез келген жактын,
Байлоодо калып чектелген бактым.
Бар күчкө салып туйлаган менен,
Пайда жок эми кеч келген бактым.
Кеч келген бактым…
Кеч келген бактым
Үмүттүн жолу кыскарган чакта,
Дүнүйөм тарып кысталган чакта.
Жылуулук күтпө жалооруп менден,
Жан-дүйнөм кошо ышталган чакта.
Жүрөгүм жашын көлдөткөн чакта,
Муштумун тагдыр көрсөткөн чакта.
Көрүнбө мага жарк этип улам,
Көңүлүм муздап өрт өчкөн чакта.
Табынан кайтып жатса да дарман,
Аргасыз күчтү башкадан алгам.
Көксөгөн кыял, тилектин баары,
Кожожаш сындуу аскада калган.
өзгөчө жансың, артылам, эстейм,
миң айткан менен артыма кетпейм.
Ачылсаң дагы буркурап гүлдөй,
Ачыгын айтсам баркыңа жетпейм.
Сүйүүнү көптөр аркалап кеткен,
Сүйүүдөн көптөр барк алат дешкен.
Барк ала турган сүйүүмдүн баарын,
Барк билбес жандар талкалап кеткен.
Тулпары болбой кез келген жактын,
Байлоодо калып чектелген бактым.
Бар күчкө салып туйлаган менен,
Пайда жок эми кеч келген бактым.
Кеч келген бактым…
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#44 11 Февраль 2016 - 16:12
Б.Жамгырчиев
Аял аруу, аял менин жан апам
Эзелтеден бийик болуп тагдыры,
Энелерден канат жайган калк ыры.
Аалам күчүн аяр кармап тургансыйт,
Аялзаттын бүтүндөй бир жан сыры.
Аялзатсыз пайдубалдар түптөлбөй,
Өмүр өзү болмок го дейм бүт көңдөй.
Кыбыр эткен миң сыйкырдуу жер шары,
Аялзаттын толгоосунан бүткөндөй.
Аял-асман, аял-жашоо, аял-зат,
Ал андыктан өтүү керек аярлап.
Көркөмүнө таш эриткен аялсыз,
Көңүл кушу кантип, кайдан жай алмак…?
Бересем көп, болбос бирок аласам,
Аял-аруу, аял менин жан апам.
Кыргыз көчүн улап барат аялдар,
Тээ алыстан көз чаптырып карасам.
Карындаштар, эжелерим жаркыган,
Өзүңөр жок күндөр өтөөр жарты жан.
Ооруп турган мезгил дагы силер деп,
Айыгаары күмөн эмес дартынан.
Кыздар күлсө күчү кайтат чилденин,
Каргыш алаар кордосо эгер кимде ким.
Канча жандар алкыш айтса аялга,
Мен алардын баардыгында биргемин! !!
Аял аруу, аял менин жан апам
Эзелтеден бийик болуп тагдыры,
Энелерден канат жайган калк ыры.
Аалам күчүн аяр кармап тургансыйт,
Аялзаттын бүтүндөй бир жан сыры.
Аялзатсыз пайдубалдар түптөлбөй,
Өмүр өзү болмок го дейм бүт көңдөй.
Кыбыр эткен миң сыйкырдуу жер шары,
Аялзаттын толгоосунан бүткөндөй.
Аял-асман, аял-жашоо, аял-зат,
Ал андыктан өтүү керек аярлап.
Көркөмүнө таш эриткен аялсыз,
Көңүл кушу кантип, кайдан жай алмак…?
Бересем көп, болбос бирок аласам,
Аял-аруу, аял менин жан апам.
Кыргыз көчүн улап барат аялдар,
Тээ алыстан көз чаптырып карасам.
Карындаштар, эжелерим жаркыган,
Өзүңөр жок күндөр өтөөр жарты жан.
Ооруп турган мезгил дагы силер деп,
Айыгаары күмөн эмес дартынан.
Кыздар күлсө күчү кайтат чилденин,
Каргыш алаар кордосо эгер кимде ким.
Канча жандар алкыш айтса аялга,
Мен алардын баардыгында биргемин! !!
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#45 13 Февраль 2016 - 14:33
Зиядам.
Журогумдун ээси сенсин Зиядам
Жан дуйномо очурбос так калтырган
Шынгыраган таза,тунук унунду
Эстегенде жерге батпай кыйналам
Омурумдун манызы сен Зиядам
Жар болбостур сендей мени сыйлаган
Жан эргиткен сенин жыпар жытынды
Бир искегим келгенде мен кыйналам
Айрылыштык биз экообуз Зиядам
Сен кеткенде оксуп-оксуп ыйлагам
Ошол кундор кайрылып бир келсе деп
Дагы деле сени эстеп ыр жазам.
Журогумдун ээси сенсин Зиядам
Жан дуйномо очурбос так калтырган
Шынгыраган таза,тунук унунду
Эстегенде жерге батпай кыйналам
Омурумдун манызы сен Зиядам
Жар болбостур сендей мени сыйлаган
Жан эргиткен сенин жыпар жытынды
Бир искегим келгенде мен кыйналам
Айрылыштык биз экообуз Зиядам
Сен кеткенде оксуп-оксуп ыйлагам
Ошол кундор кайрылып бир келсе деп
Дагы деле сени эстеп ыр жазам.
Билдирүүнү түзөткөн: Muslim1990: 13 Февраль 2016 - 14:35
#46 13 Февраль 2016 - 15:30
Б.Жамгырчиев
«ЭШЕК» ЫР..
Жашообузга жаба салып тердикти,
Жаныбызды «эшектерге» бердикпи…?
Качандыр бир алдын ала айтылган,
Калыгулдун заманына келдикпи..?
Семиртилип бүт эшектер байлоодо,
Кайран кыргыз май чыгара чайноодо.
Казы, карта кайнап турчу казанда,
Эми минтип «эшек» эттер кайноодо.
Баштан ашып куу турмуштун балаасы,
Балит болду кыргызымдын калаасы.
Же эшектер азыр абдан акылдуу,
Же кыргызым чындап эле шалаакы..
Ырда кыргыз, ырың бар да «Оп-майда»,
Кыргызстанда кыйкыргандан жок пайда.
Аты-жыты анда-санда угулган,
А болбосо адилеттүү сот кайда???
Колду шилтеп жата берсек биттейбиз,
Короо толгон «эшек» коомун түптөйбүз.
Арсылдаган үндөр өчүп короодон,
Анан кыргыз байкабастан ит жейбиз…
Багыттарын журт мүлкүнө белгилеп,
Чондорубуз жашай берет элди жеп,
А биз болсо эшек этин жей бербей,
Бууйлу эми болушунча белди бек…!!!
Кошумча:
Эки бут гана дебесек,
Тигил, бул, ал, мен, сен эшек.
Ушундай «соонун» тартипте,
Уланып барат келечек…
«ЭШЕК» ЫР..
Жашообузга жаба салып тердикти,
Жаныбызды «эшектерге» бердикпи…?
Качандыр бир алдын ала айтылган,
Калыгулдун заманына келдикпи..?
Семиртилип бүт эшектер байлоодо,
Кайран кыргыз май чыгара чайноодо.
Казы, карта кайнап турчу казанда,
Эми минтип «эшек» эттер кайноодо.
Баштан ашып куу турмуштун балаасы,
Балит болду кыргызымдын калаасы.
Же эшектер азыр абдан акылдуу,
Же кыргызым чындап эле шалаакы..
Ырда кыргыз, ырың бар да «Оп-майда»,
Кыргызстанда кыйкыргандан жок пайда.
Аты-жыты анда-санда угулган,
А болбосо адилеттүү сот кайда???
Колду шилтеп жата берсек биттейбиз,
Короо толгон «эшек» коомун түптөйбүз.
Арсылдаган үндөр өчүп короодон,
Анан кыргыз байкабастан ит жейбиз…
Багыттарын журт мүлкүнө белгилеп,
Чондорубуз жашай берет элди жеп,
А биз болсо эшек этин жей бербей,
Бууйлу эми болушунча белди бек…!!!
Кошумча:
Эки бут гана дебесек,
Тигил, бул, ал, мен, сен эшек.
Ушундай «соонун» тартипте,
Уланып барат келечек…
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#47 20 Февраль 2016 - 15:21
Б.Жамгырчиев
ДЕКАБРДЫН КЕЧИНДЕ
Айлар узап, жыл жаңыраар кезинде,
Алгач сени көргөн күнүм эсимде.
Кыш ызгаарын кошуп алып жүрөккө,
Таанышканбыз декабрдын кечинде.
Сен тараптан тымтырс болуп үн чыкпай,
Сырдуу бойдон олтургансың унчукпай.
Жалпыбызды ойго салдың ошондо,
Жаңы өскөн жапжаш, сулуу чырпыктай.
Жандуу сөздөр бир келбесе бир келип,
Жалгыз гана көздөр турду ирмелип.
Сени коштоп жаныңдагы жандаган,
Курбуң дагы сүйлөбөдү ийменип.
Айтор ойлор бирбирине тең келбей,
Биз олтурдук эскерүүгө келгендей.
А мен сени карек менен аталбай,
Көпкө олтурдум шайы кеткен мергендей.
Андан бери көбү узап айлардын,
Алыстаптыр биздин ошол кайран күн.
А сен болсо жарык чачкан жылдыздай,
Менин жалгыз периштеме айландың!
ДЕКАБРДЫН КЕЧИНДЕ
Айлар узап, жыл жаңыраар кезинде,
Алгач сени көргөн күнүм эсимде.
Кыш ызгаарын кошуп алып жүрөккө,
Таанышканбыз декабрдын кечинде.
Сен тараптан тымтырс болуп үн чыкпай,
Сырдуу бойдон олтургансың унчукпай.
Жалпыбызды ойго салдың ошондо,
Жаңы өскөн жапжаш, сулуу чырпыктай.
Жандуу сөздөр бир келбесе бир келип,
Жалгыз гана көздөр турду ирмелип.
Сени коштоп жаныңдагы жандаган,
Курбуң дагы сүйлөбөдү ийменип.
Айтор ойлор бирбирине тең келбей,
Биз олтурдук эскерүүгө келгендей.
А мен сени карек менен аталбай,
Көпкө олтурдум шайы кеткен мергендей.
Андан бери көбү узап айлардын,
Алыстаптыр биздин ошол кайран күн.
А сен болсо жарык чачкан жылдыздай,
Менин жалгыз периштеме айландың!
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#48 22 Февраль 2016 - 13:17
Б.Жамгырчиев
Какшангандары калп ыя?
Качанга чыдайт калк ыя?
Керемет кыргыз жоголуп,
Кеп кылганыбыз партия.
Пайдасы жукпай кымындай,
Партия толду чымындай.
Чаалыгып кетти кыргызым,
Чабандын эски шымындай.
Кыргызстан деген кайран ат,
Кырларда калды ай карап.
Баркы жок биздин бу чоңдор,
Баардыгын бүттү майдалап.
Жан-дүйнө,жашоо мапмайда,
Жарык жол калды капкайда.
Сасыган доорду жамынып,
Саясат тыңшап жатмай да.
Чекеден аккан тер өңдүү,
Чоңдорду баалап көлөмдүү..
Жалпаңдап ээрчип жүрүшөт,
Жаш эле жандар мен өңдүү.
Шайлоодон бакыт тапчудай,
Шалпаңдап неге шаштың ай.
Койнуна түнөп чоңдордун,
Кор болгон кайран жаштык ай.
Баааягы чоңдор жайлашат,
Баааягы көздү май басат.
Баардыгын көрүп билсе да,
Баааягы эл-журт шайлашат...
Какшангандары калп ыя?
Качанга чыдайт калк ыя?
Керемет кыргыз жоголуп,
Кеп кылганыбыз партия.
Пайдасы жукпай кымындай,
Партия толду чымындай.
Чаалыгып кетти кыргызым,
Чабандын эски шымындай.
Кыргызстан деген кайран ат,
Кырларда калды ай карап.
Баркы жок биздин бу чоңдор,
Баардыгын бүттү майдалап.
Жан-дүйнө,жашоо мапмайда,
Жарык жол калды капкайда.
Сасыган доорду жамынып,
Саясат тыңшап жатмай да.
Чекеден аккан тер өңдүү,
Чоңдорду баалап көлөмдүү..
Жалпаңдап ээрчип жүрүшөт,
Жаш эле жандар мен өңдүү.
Шайлоодон бакыт тапчудай,
Шалпаңдап неге шаштың ай.
Койнуна түнөп чоңдордун,
Кор болгон кайран жаштык ай.
Баааягы чоңдор жайлашат,
Баааягы көздү май басат.
Баардыгын көрүп билсе да,
Баааягы эл-журт шайлашат...
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#49 22 Февраль 2016 - 14:22
Б.Жамгырчиев
Сүйүүбүздө болбосунчу саясат
Арзуубузга эмитеден чаң жукпай,
Биздин сүйүү бекем турсун сандыктай.
Жүрөгүңө жакшы ойлорду топтой бер,
Пайдасы жок ушактарды арбытпай.
Ууртуңа конуп турган кайгынын,
Уккум келбейт, уккум келбейт кайрыгын.
Сенсиң менин өмүрдөгү өзгөрбөс,
Мактаар дагы мактанаар да байлыгым.
Сизди гана чексиз сүйөм дегенде,
Толкундоодон орун калбай денемде.
Качанкы бир армандардан айрылып,
Ой-чабытым чардап жатты тереңде.
Мүнөзүмдү көтөрө алмак сенче ким..?
Сезимимде оюн салган тентегим.
Буйдалбастан тозгуң келет жан үрөп,
Бул турмуштун мага тийээр келтегин
Сүйүү гүлдөйт бирибизди аясак,
Сен гана кыл сезимиме саякат.
Ирээнжитип сүткө түшкөн чымындай,
Сүйүүбүздө болбосунчу саясат..!
Сүйүүбүздө болбосунчу саясат
Арзуубузга эмитеден чаң жукпай,
Биздин сүйүү бекем турсун сандыктай.
Жүрөгүңө жакшы ойлорду топтой бер,
Пайдасы жок ушактарды арбытпай.
Ууртуңа конуп турган кайгынын,
Уккум келбейт, уккум келбейт кайрыгын.
Сенсиң менин өмүрдөгү өзгөрбөс,
Мактаар дагы мактанаар да байлыгым.
Сизди гана чексиз сүйөм дегенде,
Толкундоодон орун калбай денемде.
Качанкы бир армандардан айрылып,
Ой-чабытым чардап жатты тереңде.
Мүнөзүмдү көтөрө алмак сенче ким..?
Сезимимде оюн салган тентегим.
Буйдалбастан тозгуң келет жан үрөп,
Бул турмуштун мага тийээр келтегин
Сүйүү гүлдөйт бирибизди аясак,
Сен гана кыл сезимиме саякат.
Ирээнжитип сүткө түшкөн чымындай,
Сүйүүбүздө болбосунчу саясат..!
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#50 22 Февраль 2016 - 20:14
Б.Жамгырчиев
Жаңыруу
Мен түшүндүм мезгилдин өткөн күнүн,
Мени дагы түшүндү көптөр бүгүн.
Жакшы күндөр жанашып азыр мага,
Жансыз күндөр жалп этип өчкөндүгүн.
Көкүрөгү көрбөгөн туюк жандар,
Далай жолу арзуума уруп канжар.
Үзбөй жүргөн үмүтүм кескиленип,
Канча жатты жүрөктө уюп кандар..
Күтүп жүрдүм…мен күткөн бир күн келет,
Берди анан турмуш да түркүн белек.
Бир өмүрдү бир кызга чаптап койгон,
Күндөрүмдү эстесем күлкүм келет.
Нурун катып, тийгенде күн желкеге,
Сыздап жүрүп түшүндүм бир нерсеге.
Маңдайдагы бактымдан качып жүрүп,
Жолукканга шүгүр дейм миң мертебе.
Тагдыр мен сүйүүдө калчагандыр,
Андан бери төгүлдү канча жамгыр..
Мээнет кылып, пайдасын көрбөй жүрүп,
Сүйүүм деле ал кезде чарчагандыр.
Кыялдарым, ал-күчтөн тайбагыла,
Сонун сүйүү баш бакты кайра мына.
Сезимдерге ээн-эркин конуп алып,
Жүрөгүмдүн куштары сайрагыла!
Качанга мен өзүмдү кыйнап жүрөм,
Сүйүү доорун мен эми чындап сүрөм.
Өзгөрмөлүү дүйнөдөн өзүмдү таап,
Көлдөй толкуп, тулпардай туйлап жүрөм!!!
Жаңыруу
Мен түшүндүм мезгилдин өткөн күнүн,
Мени дагы түшүндү көптөр бүгүн.
Жакшы күндөр жанашып азыр мага,
Жансыз күндөр жалп этип өчкөндүгүн.
Көкүрөгү көрбөгөн туюк жандар,
Далай жолу арзуума уруп канжар.
Үзбөй жүргөн үмүтүм кескиленип,
Канча жатты жүрөктө уюп кандар..
Күтүп жүрдүм…мен күткөн бир күн келет,
Берди анан турмуш да түркүн белек.
Бир өмүрдү бир кызга чаптап койгон,
Күндөрүмдү эстесем күлкүм келет.
Нурун катып, тийгенде күн желкеге,
Сыздап жүрүп түшүндүм бир нерсеге.
Маңдайдагы бактымдан качып жүрүп,
Жолукканга шүгүр дейм миң мертебе.
Тагдыр мен сүйүүдө калчагандыр,
Андан бери төгүлдү канча жамгыр..
Мээнет кылып, пайдасын көрбөй жүрүп,
Сүйүүм деле ал кезде чарчагандыр.
Кыялдарым, ал-күчтөн тайбагыла,
Сонун сүйүү баш бакты кайра мына.
Сезимдерге ээн-эркин конуп алып,
Жүрөгүмдүн куштары сайрагыла!
Качанга мен өзүмдү кыйнап жүрөм,
Сүйүү доорун мен эми чындап сүрөм.
Өзгөрмөлүү дүйнөдөн өзүмдү таап,
Көлдөй толкуп, тулпардай туйлап жүрөм!!!
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#51 24 Февраль 2016 - 19:12
Б.Жамгырчиев
Мен билген бир кыз
Мен билген кыз бар эле, мезгилди алаксыткан,
Мээлешип далай көздөр турчу эле карап туштан.
Байланып ошол кыздын жан эзген ажарына,
Бир далай досторумдун жүрөгү канап чыккан.
Жетем деп сабагына дал ошол ыйык гүлдүн,
Желпинип бар дүйнөмдү далай жыл күйүктүрдүм.
Ок болуп ойрон жаным түбүнөн омкорулуп,
Окууну ойдон алып мен дагы сүйүп жүрдүм.
Чыдамы кетип күндө туйлаган байкуш жандын,
Чыгалбай ашыктыктан бариктей кайкып калдым.
Башкалар азыр гана менчиктеп кетүүчүдөй,
Бир күнү балп эттирип «сүйөм» деп айтып салдым.
Эх, ошол убакыттар билинбей эч өткөнү,
Эсимди карайлатып көздөрү тешет мени.
Мен сизди жүрөгүмдөн дайыма сыйлап келем,
Калганын жалгыз гана убакыт чечет деди..
Кыз жообу айтылган соң мен жакта майнап барбы,
Кыялым ошол маалда чачылып жайнап калды.
Айткандан көп күн өтпөй ал кызды ала качып,
Убакыт чечпей эле азапка байлап салды…
Эх Бгу, окуу жайым, сезимдин тамган жери,
Жаштыктын айыкпаган азабы калган жери.
Арзуунун чокусунда карайлап жүрө берип,
Арадан жети жылдай өтүптүр андан бери..
* * *
Ишенгим келген да жок ,көргөнүм анык деп мен,
Бейкапар бара жаткам досума салып кептен.
Келатты маңдайымда…дүркүрөйт бүткүл денем,
Кыз эмес кемпир көрдүм муңайып карып кеткен..
Заматта алай-дүлөй, көзүмдөн жаш кылгырып,
Тушалып буттарым да араңдан бастым жылып.
Тагдыры ашыгымдын талкалап кетти кайра,
Тынч жаткан ааламымды заматта ташкын кылып.
Соолуган гүлдөй болуп калдың го эсте бекем,
Булактай күндөрүңө кайрадан кетсең экен.
Бир кезде өзүң мага ыйгарган убакыттар,
Пайдаңа аянычтуу тагдырды чечкен экен…
Бараттың баскан сайын денеңден кулатып муң,
Акыры билдим мен да чечпесин убакыттын…
Мен билген бир кыз
Мен билген кыз бар эле, мезгилди алаксыткан,
Мээлешип далай көздөр турчу эле карап туштан.
Байланып ошол кыздын жан эзген ажарына,
Бир далай досторумдун жүрөгү канап чыккан.
Жетем деп сабагына дал ошол ыйык гүлдүн,
Желпинип бар дүйнөмдү далай жыл күйүктүрдүм.
Ок болуп ойрон жаным түбүнөн омкорулуп,
Окууну ойдон алып мен дагы сүйүп жүрдүм.
Чыдамы кетип күндө туйлаган байкуш жандын,
Чыгалбай ашыктыктан бариктей кайкып калдым.
Башкалар азыр гана менчиктеп кетүүчүдөй,
Бир күнү балп эттирип «сүйөм» деп айтып салдым.
Эх, ошол убакыттар билинбей эч өткөнү,
Эсимди карайлатып көздөрү тешет мени.
Мен сизди жүрөгүмдөн дайыма сыйлап келем,
Калганын жалгыз гана убакыт чечет деди..
Кыз жообу айтылган соң мен жакта майнап барбы,
Кыялым ошол маалда чачылып жайнап калды.
Айткандан көп күн өтпөй ал кызды ала качып,
Убакыт чечпей эле азапка байлап салды…
Эх Бгу, окуу жайым, сезимдин тамган жери,
Жаштыктын айыкпаган азабы калган жери.
Арзуунун чокусунда карайлап жүрө берип,
Арадан жети жылдай өтүптүр андан бери..
* * *
Ишенгим келген да жок ,көргөнүм анык деп мен,
Бейкапар бара жаткам досума салып кептен.
Келатты маңдайымда…дүркүрөйт бүткүл денем,
Кыз эмес кемпир көрдүм муңайып карып кеткен..
Заматта алай-дүлөй, көзүмдөн жаш кылгырып,
Тушалып буттарым да араңдан бастым жылып.
Тагдыры ашыгымдын талкалап кетти кайра,
Тынч жаткан ааламымды заматта ташкын кылып.
Соолуган гүлдөй болуп калдың го эсте бекем,
Булактай күндөрүңө кайрадан кетсең экен.
Бир кезде өзүң мага ыйгарган убакыттар,
Пайдаңа аянычтуу тагдырды чечкен экен…
Бараттың баскан сайын денеңден кулатып муң,
Акыры билдим мен да чечпесин убакыттын…
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#52 24 Февраль 2016 - 19:32
Б.Жамгырчиев
Сүйүүдөн мени банкрот кылдың.
Жан-дүйнөм боздоп өкүрөт беле,
Жалынды кыздар өчүрөт неге..?
Көңүлүм сынып азапта жүрсөм,
Көз салып койбойт Өкүмөт деле…
Күйүтүм күчөйт тамырда нечен,
Кызарбас бетиң камырдан экен.
Шаң берет менин жашоомо десем,
Шайтандай кызга кабылган экем.
Теминбей сүйүүм тыгылат беле,
Температура чымырап дене.
Арзуумду каккан эми ошол шүмшүк,
Артымдан кайра чыңырат неге..?
Таалайлуу сезим түк калбай тоңуп,
Талкалап кеттиң душмандай согуп.
Кемирип жаңы сүйүүмдү кайра,
Кезикпе болду чычкандай болуп.
Эзгени күчөп тамчыдай муңдун,
Эти жок бышкан мантыдай кылдың.
Дем жетпей улам эстесем сени,
Демигип турат самсыдай мурдум.
Каарманы болуп баркы жок жылдын,
Күнөөсүз жерден шарты жок сындым.
Сүзмөдөй эзип чымындай жанды,
Сүйүүдөн мени банкрот кылдың.
Жан-дүйнөм боздоп өкүрөт беле,
Жалынды кыздар өчүрөт неге..?
Көңүлүм сынып азапта жүрсөм,
Көз салып койбойт «Өкүмөт» деле…)))
Сүйүүдөн мени банкрот кылдың.
Жан-дүйнөм боздоп өкүрөт беле,
Жалынды кыздар өчүрөт неге..?
Көңүлүм сынып азапта жүрсөм,
Көз салып койбойт Өкүмөт деле…
Күйүтүм күчөйт тамырда нечен,
Кызарбас бетиң камырдан экен.
Шаң берет менин жашоомо десем,
Шайтандай кызга кабылган экем.
Теминбей сүйүүм тыгылат беле,
Температура чымырап дене.
Арзуумду каккан эми ошол шүмшүк,
Артымдан кайра чыңырат неге..?
Таалайлуу сезим түк калбай тоңуп,
Талкалап кеттиң душмандай согуп.
Кемирип жаңы сүйүүмдү кайра,
Кезикпе болду чычкандай болуп.
Эзгени күчөп тамчыдай муңдун,
Эти жок бышкан мантыдай кылдың.
Дем жетпей улам эстесем сени,
Демигип турат самсыдай мурдум.
Каарманы болуп баркы жок жылдын,
Күнөөсүз жерден шарты жок сындым.
Сүзмөдөй эзип чымындай жанды,
Сүйүүдөн мени банкрот кылдың.
Жан-дүйнөм боздоп өкүрөт беле,
Жалынды кыздар өчүрөт неге..?
Көңүлүм сынып азапта жүрсөм,
Көз салып койбойт «Өкүмөт» деле…)))
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#53 28 Февраль 2016 - 08:13
Б.Жамгырчиев
Эки жакта бозоруп калып калдык...
Сен экөөбүз сүйүүдөн утпай калдык,
Канаттары кайрылган кушка айландык.
Аңтарылып андагы максатыбыз,
Асманында сезимдин учпай калдык.
Сен экөөбүз бакытты курбай калдык,
Булак болуп турмушка тунбай калдык.
Чорт үзүлүп бириккен колдорубуз,
Чокусунда арзуунун турбай калдык.
Багытыбыз жоголуп таппай калдык,
Алдыдагы көп сырды ачпай калдык.
Көңүлдөгү эң сонун кыял эле,
Жетелешип көл жээкте баспай калдык.
Бирибизге бирибиз жетпей калдык,
Махабаттын дайрасын кечпей калдык.
Мен унутпай, сен дагы унуталбай,
Эсибизден таптакыр кетпей калдык.
Мени дагы толуктап билбей калдың,
Төбөмдөгү булутту түрбөй калдың.
Көп айтчу элек ушуну баардыгынан,
Көшөгөмө кызарып кирбей калдың.
Кең сүйүүнү жоготуп тарып калдык,
Жолубуздан бакытты алып салдык.
Эзелки бир жөн гана тааныштардай,
Эки жакта бозоруп калып калдык…
Эки жакта бозоруп калып калдык...
Сен экөөбүз сүйүүдөн утпай калдык,
Канаттары кайрылган кушка айландык.
Аңтарылып андагы максатыбыз,
Асманында сезимдин учпай калдык.
Сен экөөбүз бакытты курбай калдык,
Булак болуп турмушка тунбай калдык.
Чорт үзүлүп бириккен колдорубуз,
Чокусунда арзуунун турбай калдык.
Багытыбыз жоголуп таппай калдык,
Алдыдагы көп сырды ачпай калдык.
Көңүлдөгү эң сонун кыял эле,
Жетелешип көл жээкте баспай калдык.
Бирибизге бирибиз жетпей калдык,
Махабаттын дайрасын кечпей калдык.
Мен унутпай, сен дагы унуталбай,
Эсибизден таптакыр кетпей калдык.
Мени дагы толуктап билбей калдың,
Төбөмдөгү булутту түрбөй калдың.
Көп айтчу элек ушуну баардыгынан,
Көшөгөмө кызарып кирбей калдың.
Кең сүйүүнү жоготуп тарып калдык,
Жолубуздан бакытты алып салдык.
Эзелки бир жөн гана тааныштардай,
Эки жакта бозоруп калып калдык…
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#54 13 Март 2016 - 20:54
Б.Жамгырчиев
ЖүРөКТө КАЛГАН БИР ЫСЫМ
Дем берип жанга, күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп, акылдан алып тымызын.
Душманга дагы багынбай турган жүрөктү,
Дүрбөлөң салып, багынтып алды бир ысым.
Санаага батпай бейкапар жүргөн кезимде,
Сабырдан алып, бүлүктү салдың сезимге.
Ак куудай жүзүң артылып кетпей эсимден,
Азгырат жанды эртеби мейли кечинде.
Секелек жаным, сен элең жашоо ак таңы,
Сен үчүн окшойт мөңгүнүн эрип акканы.
Сезимим тушап, жарыгы жанган жашоодо,
Сенделип, “сен” деп көралбай калдым башканы.
Сүйүүмдү сезсең өңүнөн кетпес арчадай,
Сүрөмүн өмүр кумарым сенден таркабай.
Ажалым жетип акыркы саатым калгыча,
Ак сөзүм ушул, сүйөөрмүн сени чарчабай.
Жалынга ороп, күчөтүп күндүн жылышын,
Жанымды эзип, сүйүүгө кошуп тымызын.
Ак таңым болуп жашоомо жарык нур берген,
Жүрөктө калды жүрөктү эзген бир ысым...
ЖүРөКТө КАЛГАН БИР ЫСЫМ
Дем берип жанга, күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп, акылдан алып тымызын.
Душманга дагы багынбай турган жүрөктү,
Дүрбөлөң салып, багынтып алды бир ысым.
Санаага батпай бейкапар жүргөн кезимде,
Сабырдан алып, бүлүктү салдың сезимге.
Ак куудай жүзүң артылып кетпей эсимден,
Азгырат жанды эртеби мейли кечинде.
Секелек жаным, сен элең жашоо ак таңы,
Сен үчүн окшойт мөңгүнүн эрип акканы.
Сезимим тушап, жарыгы жанган жашоодо,
Сенделип, “сен” деп көралбай калдым башканы.
Сүйүүмдү сезсең өңүнөн кетпес арчадай,
Сүрөмүн өмүр кумарым сенден таркабай.
Ажалым жетип акыркы саатым калгыча,
Ак сөзүм ушул, сүйөөрмүн сени чарчабай.
Жалынга ороп, күчөтүп күндүн жылышын,
Жанымды эзип, сүйүүгө кошуп тымызын.
Ак таңым болуп жашоомо жарык нур берген,
Жүрөктө калды жүрөктү эзген бир ысым...
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#55 13 Март 2016 - 20:57
Б.Жамгырчиев
Акыркы кат
Көөдөнгө толду зор куса,
Чыдабайм мындай кордукка.
Эки жол менен кетели,
Эзилген түгөй болгуча.
Азыр да билбейм не дээрим..
Күтпөпмүн азап келээрин.
Кыялдар сезбейт турбайбы,
Кыстаган турмуш жеңээрин.
Таптакыр болбой сактасам,
Соолуган сезим капкачан.
Соороткон менен сүйүүдө,
Атпайт го эми башка таң.
Сүйүү бул эмне, өткүнбү..?
Өткөрдүм сыздап көп күндү.
Жалындап турчу кезимде,
Жалп этип эми өчтүмбү…?
Өзүңдү сен да кемитпе,
Мен ичкен ууну сен ичпе.
Сен жеткин эми сүйүүдөн,
Мен жетпей калган жеңишке.
Сүйүктүүм, асыл муңдашым,
Өзгөрбөйт сага урматым.
Кош эми, кош бол, эх аттиң..
Акыркы сага бул катым…!! !
Акыркы кат
Көөдөнгө толду зор куса,
Чыдабайм мындай кордукка.
Эки жол менен кетели,
Эзилген түгөй болгуча.
Азыр да билбейм не дээрим..
Күтпөпмүн азап келээрин.
Кыялдар сезбейт турбайбы,
Кыстаган турмуш жеңээрин.
Таптакыр болбой сактасам,
Соолуган сезим капкачан.
Соороткон менен сүйүүдө,
Атпайт го эми башка таң.
Сүйүү бул эмне, өткүнбү..?
Өткөрдүм сыздап көп күндү.
Жалындап турчу кезимде,
Жалп этип эми өчтүмбү…?
Өзүңдү сен да кемитпе,
Мен ичкен ууну сен ичпе.
Сен жеткин эми сүйүүдөн,
Мен жетпей калган жеңишке.
Сүйүктүүм, асыл муңдашым,
Өзгөрбөйт сага урматым.
Кош эми, кош бол, эх аттиң..
Акыркы сага бул катым…!! !
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#56 23 Март 2016 - 17:46
Б.Жамгырчиев
АЛЛАХ ГАНА
Кааласак качыр минип “жорго” дейбиз,
Кылмышкер сакал койсо “молдо” дейбиз.
Кудайга шек келтирип куру сүйлөп,
Арбакка колду жайып колдо дейбиз.
Айтылчу ойдун дагы тереңи бар,
Жалынчу сөздүн дагы ченеми бар.
өлгөндөр тирүүлөрдү колдой берсе,
Кудайдын бизге эмне кереги бар...?
Оозуңа тиштеп алып орогуңду,
Ойлонбой тантырайсың жомогуңду.
Дайынсыз тарап менен баратасың,
Даярдап эмитеден тозогуңду.
Унутуп улуу затты “Аллах” деген,
Умсунуп жашап калдың арбак менен.
Тааныбай колдоочуну итке окшодуң,
Тамагын өлгөн атып тандап жеген.
Көзүңдү калганбы дейм тосуп туман,
Көр сокур сезимиңден чочуп турам.
Маркумдан жардам сурап дейди болбой,
Сен ага жардам бергин окуп куран.
Кудайдын ак жолунан тыйылгандар,
Куурайды кармап алып ыйынгандар,
Шайтандын түшүп алып дарегине,
Шалпаңдап көлөкөгө сыйынгандар.
Арбактан жардам сурап зар какшаба,
Тилиңди бош агытып дардактаба.
Куранды колго кармап тобоо кылгын,
Колдоочубуз улуу зат “Аллах” гана.
АЛЛАХ ГАНА
Кааласак качыр минип “жорго” дейбиз,
Кылмышкер сакал койсо “молдо” дейбиз.
Кудайга шек келтирип куру сүйлөп,
Арбакка колду жайып колдо дейбиз.
Айтылчу ойдун дагы тереңи бар,
Жалынчу сөздүн дагы ченеми бар.
өлгөндөр тирүүлөрдү колдой берсе,
Кудайдын бизге эмне кереги бар...?
Оозуңа тиштеп алып орогуңду,
Ойлонбой тантырайсың жомогуңду.
Дайынсыз тарап менен баратасың,
Даярдап эмитеден тозогуңду.
Унутуп улуу затты “Аллах” деген,
Умсунуп жашап калдың арбак менен.
Тааныбай колдоочуну итке окшодуң,
Тамагын өлгөн атып тандап жеген.
Көзүңдү калганбы дейм тосуп туман,
Көр сокур сезимиңден чочуп турам.
Маркумдан жардам сурап дейди болбой,
Сен ага жардам бергин окуп куран.
Кудайдын ак жолунан тыйылгандар,
Куурайды кармап алып ыйынгандар,
Шайтандын түшүп алып дарегине,
Шалпаңдап көлөкөгө сыйынгандар.
Арбактан жардам сурап зар какшаба,
Тилиңди бош агытып дардактаба.
Куранды колго кармап тобоо кылгын,
Колдоочубуз улуу зат “Аллах” гана.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#57 23 Март 2016 - 17:59
Б.Жамгырчиев
Өзгөрүлбө
Эңсеткен карааныңды көрбөй туруп,
Сездим мен жан-дүйнөңдү Көлдөй тунук.
Өзүмдүк кылып алдым кыял менен,
Тагдырдын өкүмүнө көнбөй туруп.
Олжосун коё бербейт жакшы мерген,
Ок болуп бирок айлам качты менден.
Туйбайт деп көп сырларды санаа тартпа,
Туюмду Кудай мага жакшы берген.
Сен өзүң сездиң баары кеч эмесин,
Сезимдер экөөбүздү жетелесин.
Жанымды күнгө алпарып ороп салат,
Жатаарда күндө жазган СМСиң..
Кечээ мен сүрөтүңдү көргөнүмдө,
Келечек жолум турат көздөрүңдө. ..
Билемин, өзгөрөсүң “сүйүү” үчүн,
Куураган турмуш үчүн өзгөрүлбө....
Өзгөрүлбө
Эңсеткен карааныңды көрбөй туруп,
Сездим мен жан-дүйнөңдү Көлдөй тунук.
Өзүмдүк кылып алдым кыял менен,
Тагдырдын өкүмүнө көнбөй туруп.
Олжосун коё бербейт жакшы мерген,
Ок болуп бирок айлам качты менден.
Туйбайт деп көп сырларды санаа тартпа,
Туюмду Кудай мага жакшы берген.
Сен өзүң сездиң баары кеч эмесин,
Сезимдер экөөбүздү жетелесин.
Жанымды күнгө алпарып ороп салат,
Жатаарда күндө жазган СМСиң..
Кечээ мен сүрөтүңдү көргөнүмдө,
Келечек жолум турат көздөрүңдө. ..
Билемин, өзгөрөсүң “сүйүү” үчүн,
Куураган турмуш үчүн өзгөрүлбө....
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#58 08 Май 2016 - 23:08
Б.Жамгырчиев
Тагдырдагы жамгыр
Кулагымда бааягы жамгыр үнү,
Кусалыктай төгүлүп нөшөрлөгөн.
Жамгыр эмес, жок, жок бул тагдыр үнү,
Жан дүйнөмдүн азабын көтөрбөгөн.
Мен жамгырга жолугуп бала кезден,
Мээримине бир далай чылангамын.
Жаштайымдан жанашып талаа кезген,
Тагдырдагы жамгырдан чыгалбадым…
Балалыкта чоң сезим арбаганда,
Алоолонгон табымды туйган жамгыр.
Асыл кызга арзуумду арнаганда,
Басылалбай бир топко куйган жамгыр.
Ал кез өтүп студент болгон кезде,
Да бир сулуу көзүмдү ачып кетти.
Ишеничим эми эле толгон кезде,
Кечир мени деп туруп басып кетти..
Не кылмакмын, уу сөзгө бул айтылган,
Курган жүрөк тууруна боздоп барган.
Үмүтүмдү жетелеп кулай турган,
Үйгө чейин ак жамгыр коштоп барган.
Кыз аттуудан көңүлүм муздаганбы,
Көкүрөктүн жарааты тез ырбады.
Билген сымал сүйүүдөн сыздаганды,
Бир карындаш бир күнү көз ымдады..
Ал сулууну жан дүйнөм аңдабады,
Жасалмалуу сезимге бекинбедим.
Коштоосунда жамгырдын анда дагы,
Сүйө албадым карындаш, кечир дедим..
Күндөр өтүп, жооп берген талабыма,
Бир кыз таптым күнүмдөй жанымдагы.
Тилегимди тебелеп таманына,
Тийип кетти күйөөгө аным дагы.
Үйдөй сездим өзүмдү кыйрап жаткан,
Жамгыр дагы кайгысын каталбады.
Махабаттан жабыгып ыйлап жатсам,
Мени көрүп ыйлаптыр апам дагы…
Бирге жүргөн, бийикте жашырынбай,
Билбейм жамгыр мен менен замандашпы. .?
Түбөлүктүү өзгөрбөс жакынымдай,
Дайым төгөт күндөрдө жаман жакшы.
Кулагымда бааягы жамгыр үнү…
Жамгыр эмес, жок, жок бул тагдыр үнү…
Жашып турам жүрөккө жамгыр тийип,
Болду эми, өксүбө, ЖАМГЫРчиев…
Тагдырдагы жамгыр
Кулагымда бааягы жамгыр үнү,
Кусалыктай төгүлүп нөшөрлөгөн.
Жамгыр эмес, жок, жок бул тагдыр үнү,
Жан дүйнөмдүн азабын көтөрбөгөн.
Мен жамгырга жолугуп бала кезден,
Мээримине бир далай чылангамын.
Жаштайымдан жанашып талаа кезген,
Тагдырдагы жамгырдан чыгалбадым…
Балалыкта чоң сезим арбаганда,
Алоолонгон табымды туйган жамгыр.
Асыл кызга арзуумду арнаганда,
Басылалбай бир топко куйган жамгыр.
Ал кез өтүп студент болгон кезде,
Да бир сулуу көзүмдү ачып кетти.
Ишеничим эми эле толгон кезде,
Кечир мени деп туруп басып кетти..
Не кылмакмын, уу сөзгө бул айтылган,
Курган жүрөк тууруна боздоп барган.
Үмүтүмдү жетелеп кулай турган,
Үйгө чейин ак жамгыр коштоп барган.
Кыз аттуудан көңүлүм муздаганбы,
Көкүрөктүн жарааты тез ырбады.
Билген сымал сүйүүдөн сыздаганды,
Бир карындаш бир күнү көз ымдады..
Ал сулууну жан дүйнөм аңдабады,
Жасалмалуу сезимге бекинбедим.
Коштоосунда жамгырдын анда дагы,
Сүйө албадым карындаш, кечир дедим..
Күндөр өтүп, жооп берген талабыма,
Бир кыз таптым күнүмдөй жанымдагы.
Тилегимди тебелеп таманына,
Тийип кетти күйөөгө аным дагы.
Үйдөй сездим өзүмдү кыйрап жаткан,
Жамгыр дагы кайгысын каталбады.
Махабаттан жабыгып ыйлап жатсам,
Мени көрүп ыйлаптыр апам дагы…
Бирге жүргөн, бийикте жашырынбай,
Билбейм жамгыр мен менен замандашпы. .?
Түбөлүктүү өзгөрбөс жакынымдай,
Дайым төгөт күндөрдө жаман жакшы.
Кулагымда бааягы жамгыр үнү…
Жамгыр эмес, жок, жок бул тагдыр үнү…
Жашып турам жүрөккө жамгыр тийип,
Болду эми, өксүбө, ЖАМГЫРчиев…
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#59 08 Ноябрь 2017 - 17:21
Жалгыздыкка баласындай эркелеп,
Ак сүйүүнүн өлкөсүнөн жер тилеп,
Жашап келем, ушул жашоо курусун,
Чыксам деле теңсиздикке бетме-бет.
Жаралгандан жай таба албай темселеп,
Айласыздан оңой жолдо тинтилеп,
Жалгыз аяк Жан баспаган жол сымал,
Жашап келем багыты жок желчилеп.
Ак сүйүүнүн өлкөсүнөн жер тилеп,
Жашап келем, ушул жашоо курусун,
Чыксам деле теңсиздикке бетме-бет.
Жаралгандан жай таба албай темселеп,
Айласыздан оңой жолдо тинтилеп,
Жалгыз аяк Жан баспаган жол сымал,
Жашап келем багыты жок желчилеп.
#60 08 Ноябрь 2017 - 17:39
Жалгыздык берет ар башка жакындын баркын билсин деп,
Жардылык берет ар башка байлыкты озу жыйсын деп.
Кайгыны берет адамга жыргалды энсеп турсун деп,
Талкалайт кээде тагдырды оз колу менен курсун деп...
Коз жашты берген адамга, кылгырып кээде аксын деп,
Журокто жаткан азапты байкатпай жууп салсын деп.
Суйууну берген адамга балынан жутуп алган сон,
Арзыган ошол адамдын азабын ар кун тартсын деп...
Бир тууган берет адамга кайгынды бирге тартсын деп,
Баланы берет адамга карыган кезде баксын деп.
Эххх ажалды берген адамга дуйнодон эртен кеткен сон,
Туйшуктун баарын унутуп туболук уктап жатсын деп.
Гулина Жайнакбек кызы.
Жардылык берет ар башка байлыкты озу жыйсын деп.
Кайгыны берет адамга жыргалды энсеп турсун деп,
Талкалайт кээде тагдырды оз колу менен курсун деп...
Коз жашты берген адамга, кылгырып кээде аксын деп,
Журокто жаткан азапты байкатпай жууп салсын деп.
Суйууну берген адамга балынан жутуп алган сон,
Арзыган ошол адамдын азабын ар кун тартсын деп...
Бир тууган берет адамга кайгынды бирге тартсын деп,
Баланы берет адамга карыган кезде баксын деп.
Эххх ажалды берген адамга дуйнодон эртен кеткен сон,
Туйшуктун баарын унутуп туболук уктап жатсын деп.
Гулина Жайнакбек кызы.