Байкуш бала ушуларды
ойлогондо бир карыш
алыстай албай буйдалып
тура берди. Бирок, көз
алдынан бир күн мурунку
куугунтук кетпей жүрөгү
лакылдап жатты. Баары
бир жан деген таттуу тура
чиркин. Ал ушунтип кечке
деле тура бермектир.
Ооба, Кадыр туруп басып
кетпегенде дегеле ал
жакка жоломок эмес. Көз
жоосун ала жайнап
турган таттуу-тарапа да
аны азгыра койгон жок.
Балким өмүрү көрбөгөн
немелерге көзү күйүп
тургандыр, бирок,
жүрөгүнө тынчтык
бербеген коркунуч аны
бир саам да жалгыз
калтырбай койду. Акыры,
айласы кеткен Кадыр тап-
такыр алыстап кетип
калды. Ат чабым жердеги
коктуга келип дүпүйө
өскөн чийдин далдоосуна
отура кетти. Акырын
башын чыгарып бала
тарапты аңдый баштады.
Бул убакта бала тиги
таштап кеткен дүйүм
даамдын жанында турган
болчу. Жетип эле өзүнүн
айран куюлган шишеси
менен наны салынган
баштыгын колуна алды.
Анан бир аз нарыраак
басып Кадыр кеткен
жакты карап турган соң
кайра келип сырты кооз
кагазга оролгон
момпосуйдан эки-үчтү
кармады. Колундагы
баштыкты шашмалап
жерге таштай коюп
момпосуйду аарчып
жиберди да биринин
артынан экинчисин
оозуна салды. Кадыр
чынында акчасын аяган
эмес болчу. Тандап туруп
эң сонун шоколаддарды
алган. Өзү да башынан
баласаак неме кайсынысы
балага жагаарын жакшы
билчү. Иш ойлогондой эле
болду. Таттууга ынак
жаны чыдай албай кайра
келди да бүт шоколад
момпосуйду шашмалап
койнуна сала калып
басып кетти.Тээ нарыраак
барып эки жагын
караганча шашпай шимип
жеди. Эки көзү дагы эле
Кадыр кеткен тарапта.
Милиция эмне, киши
өлтүргүч эмне дегенди али
ажыратып биле элек
неме, анын бул айылдагы
кишилерден
өзгөчөлөнтүп турган
кийимин көрүп алып эле
корко берди. Баягы муну
кубалаган немелердин да
кийгендери ушундай көз
жоосун алган кийимдер
эмес беле. Деги ошондон
бери бул өзүнүн
айылдаштарынан башка
бирөөнү көрсө эле, же
көзүнө чоочунураак
бирөө көрүнсө эле
далдоолорго кирип
жашына турган. Мына өзү
да, малы да көнгөн бетти
жалаң ушул
чоочундардын айынан
таштап келип отурат.
Болбосо ал жак кандай
кенен эле. Башкаларга
кошулат, жоголуп кетет
менен иши жок, коюн
жайып коюп жата берчү.
Кыялында анча-мынча
сыналгыдан көрүп калган
согуш кинолорун
элестетип, нары-бери
чуркап, тоголонуп
ойногонду да жакшы
көрчү. Деги андай убакта
буга эч ким жолтоо боло
алчу эмес. Жедеп жалгыз
жүргөнгө көнгөн неме, эч
ким жокто өзүн эркин
сезип, жыргап ойночу. Эми
карачы коркунучту.
Кечээ
эле аны так ошол
кинолордо көргөндөй
неме менен атып, артынан
сая куушпадыбы.
Андайдын огу тийсе бул
эмес мындан чоң кишилер
өлүп калаарын
сыналгыдан өз көзү менен
көргөн.
Дудук детектив
#22 03 Июнь 2014 - 16:44
Эки жагын дагы бир топко
элеңдеп караганча
койлорду бир сыйра тосуп
келди. Оюнда тиги киши
кайра келип таштап
кеткен немелерин алат
деп ойлоп жатты. Бирок
андан дайын жок. Тиги
таттуу ширеден болсо сугу
өтүп баратат. Андай
кутудагы ширени ал бир
жолу гана ичкен. Бир
жолу кечинде үйгө барса
ошондой шише мештин
жанында турган экен.
Ичин чайкап көрсө
чулкулдап, бир кыйла эле
жүргөнсүйт. Кыязы бир
туугандары жок калды
деп таштап салган го деп
ойлоду да, бирөө келип
колунан жулуп кеткиче
иче калмакка оозун ачып
оозуна көңтөрүп
жиберди. Көмкөрүшү
менен нары жакта отурган
агасы менен эжеси боорун
тытып каткырып жатып
калышы бир болду. Көрсө
алар жөн эле муну
шылдыңдамакка ширенин
кутусуна арак куюп коюп
байкап отурушуптур.
Өмүрү мындай ачуу
немени татыпкөрбөгөн
неме какап-чакап, көзү-
башынан жаш кетип эле
жатып калды. Ушул
убакта сырттан кирип
келген атасы ошондо бала
болуп башына түк
чыкканы биринчи жолу
буга болушту. Дудук анын
эмне дегенин чынында
толук түшүнгөн жок.
Бирок бир билгени атасы
берки экөөнү аябай
тилдеди дагы, колдорунда
ичип отурган ширенин
жарымдай элек кутусун
алып, беркиге бердирди.
Мына ошол күнү даамын
таткан мындайдын.
Байкеси менен эжесин
каратып коюп бир топко
тамшанып ичкен болчу.
Мына эми, так ошондой
шире азыр бүтүн бойдон
алдында турат. Акыры
чыдабай кетти. Эпейип
отура калды да оозун
ачып култулдатып жута
баштады. Үч-төрт жуткан
соң кайра ордуна коюп
оозун бурай салып өйдө
турду. Тиги киши дагы эле
жок. Анан газетанын
үстүндө жаткан
токочторду, оозу ачылган
балыкты карады.
Ошондон кийин өзүн
токтото албай калды.
Кадыр ошону менен ага
дагы бир жолу жакындап
көрдү. Бирок, көп деле
майнап чыгара алган жок.
Бала ал жакындаган
сайын алыстап кетип атты.
Акыры айла жок кетүүгө
туура келди. Керээли
кечке басып жүргөн
неменин курсагы ачып,
чарчап да кетти. Түз эле
Канаттын үйүнө келди.
Курсагын тойгузгандан
кийин начальнигине
чалып болгон ишти айтты.
Эптеп шылтоо таппай
турган немеге кудай
берди окшобойбу, «бир
ооз кеп айта албаган
баланы аңдып жүрө
бербей келбейсиңби» деп
бир кыйла опузалады.
Анткени менен Кадырга
окшогон такыба
немелердин жолтоо
болбой алыста жүргөнү
деле жакшы эмеспи.
«Мейли дегеле өзүң
билчи. Каалашыңча
аңдышып жүрө бер.
Кийин өзүң жооп
бересиң» деди да сөзүн
токтотту. Кадыр мындан
башка деле жооп күткөн
эмес болчу. Эрте турган
неме жылуу үйгө
киргенден кийин
шалдырап уктап кетти.
+++
элеңдеп караганча
койлорду бир сыйра тосуп
келди. Оюнда тиги киши
кайра келип таштап
кеткен немелерин алат
деп ойлоп жатты. Бирок
андан дайын жок. Тиги
таттуу ширеден болсо сугу
өтүп баратат. Андай
кутудагы ширени ал бир
жолу гана ичкен. Бир
жолу кечинде үйгө барса
ошондой шише мештин
жанында турган экен.
Ичин чайкап көрсө
чулкулдап, бир кыйла эле
жүргөнсүйт. Кыязы бир
туугандары жок калды
деп таштап салган го деп
ойлоду да, бирөө келип
колунан жулуп кеткиче
иче калмакка оозун ачып
оозуна көңтөрүп
жиберди. Көмкөрүшү
менен нары жакта отурган
агасы менен эжеси боорун
тытып каткырып жатып
калышы бир болду. Көрсө
алар жөн эле муну
шылдыңдамакка ширенин
кутусуна арак куюп коюп
байкап отурушуптур.
Өмүрү мындай ачуу
немени татыпкөрбөгөн
неме какап-чакап, көзү-
башынан жаш кетип эле
жатып калды. Ушул
убакта сырттан кирип
келген атасы ошондо бала
болуп башына түк
чыкканы биринчи жолу
буга болушту. Дудук анын
эмне дегенин чынында
толук түшүнгөн жок.
Бирок бир билгени атасы
берки экөөнү аябай
тилдеди дагы, колдорунда
ичип отурган ширенин
жарымдай элек кутусун
алып, беркиге бердирди.
Мына ошол күнү даамын
таткан мындайдын.
Байкеси менен эжесин
каратып коюп бир топко
тамшанып ичкен болчу.
Мына эми, так ошондой
шире азыр бүтүн бойдон
алдында турат. Акыры
чыдабай кетти. Эпейип
отура калды да оозун
ачып култулдатып жута
баштады. Үч-төрт жуткан
соң кайра ордуна коюп
оозун бурай салып өйдө
турду. Тиги киши дагы эле
жок. Анан газетанын
үстүндө жаткан
токочторду, оозу ачылган
балыкты карады.
Ошондон кийин өзүн
токтото албай калды.
Кадыр ошону менен ага
дагы бир жолу жакындап
көрдү. Бирок, көп деле
майнап чыгара алган жок.
Бала ал жакындаган
сайын алыстап кетип атты.
Акыры айла жок кетүүгө
туура келди. Керээли
кечке басып жүргөн
неменин курсагы ачып,
чарчап да кетти. Түз эле
Канаттын үйүнө келди.
Курсагын тойгузгандан
кийин начальнигине
чалып болгон ишти айтты.
Эптеп шылтоо таппай
турган немеге кудай
берди окшобойбу, «бир
ооз кеп айта албаган
баланы аңдып жүрө
бербей келбейсиңби» деп
бир кыйла опузалады.
Анткени менен Кадырга
окшогон такыба
немелердин жолтоо
болбой алыста жүргөнү
деле жакшы эмеспи.
«Мейли дегеле өзүң
билчи. Каалашыңча
аңдышып жүрө бер.
Кийин өзүң жооп
бересиң» деди да сөзүн
токтотту. Кадыр мындан
башка деле жооп күткөн
эмес болчу. Эрте турган
неме жылуу үйгө
киргенден кийин
шалдырап уктап кетти.
+++
#23 03 Июнь 2014 - 16:47
+++
Ушул күнү айылга кайдан-
жайдан текшерүү келип,
мектепти басып жатып
калды. Чоңдордун мынча
карпа-күрп келип
калаары көптөн бери
боло элек болчу. Качан
болбосун текшерүүчүлөр
тиги борбордон
чыгаардын алдында
айылдарга кабар жетээр
эле. Ошону менен
мугалимдеркеле
тургандарды коноктоо
кезеги кимде экенин
тактап, нөөмөтү келген
мугалимди үйүнө
жөнөтчү. Ал болсо
карызга батып болобу, же
акыркы акчасын
сарптайбы, деги кандай
болсо да дасторкон
даярдайт. Айтмакчы,
негизи эле бул чоңдордун
алды-ала кабарланышына
да так ушул сый тамак
себеп болсо керек.
Болбосо, текшерүүчү
деген айттырбай келип,
мектеп жамаатынын
чыныгы жүзүн көрсө кана.
Натыйжада так ошондой
талапка жооп бербей
турган мугалимдердин
чыныгы жүзү ачыкка
чыккандын ордуна, кайра
алар жашырылып, ар
кандай шылтоолор менен
мектептен алыстай
турушчу. Аларга кошулуп
кээ бир айыпты ачаар
ашынган шок, же эки
тамганы кошуп окуй
албаган окуучуларга да
«уруксат» берилээр эле.
Кыскасы, борбордон
келээр чоңдордун
жазылбаган каада-салты
бул жолу бузулду. Күн
бир аз көтөрүлүп калган
кезде мектептин алдына
дүңкүйгөн жол тандабас
токтоп, ичинен кычыраган
бешмант, кыры чыккан
шым, аппак көйнөк,
галстук тагынган кишилер
чыгып деректирдин
бөлмөсүн качырып эле
кирип келишти.
Мындайды күтпөгөн
мугалимдер, ким
болосуңар, кайдан
келдиңер деп сураганга
да жарабай, алдыларына
түшүп тызылдап чуркап,
сапырылып жатып
калышты. Текшерүүчүлөр
болсо ого бетер
катаалданып, алдынан
кандай киши чыкпасын
кууруп жиберишти.
- Бул эмне деген кийим?
Алдагы көйнөктү кайдан
таап алгансың?! – деп
завуч аялды кирээри
менен эле каарып өттү
бирөөсү. – Деги өзүңөрдүн
үстү башыңар оңолбосо,
окуучулар кантип тыкан
жүрмөк эле? Же силерге
алардын баскан-турганы
менен тазалыгы баары
бирби?
Байкуш завуч эмне дээрин
билбей бир кызарып, бир
бозоруп эле туруп калды.
Жооп бермек тургай
көзүнө жаш тегеренип,
ыйлап да жибере
жаздады окшойт.
Алаңдап коркуп турган
деректир эптеп анысын
ажыратып калайын
дедиби, же дагы бир
балакет таап чыкпасын
дедиби, эптеп сөз таап
куткарып кетмекке
жалпаңдап ортого
кыпчылды.
- Агайлар, бүгүн күн суук
болуп жылуулугуна карап
кийип алса керек да.
Болбосо, муну кийчү
эмес… Биздин айылды
билесиңер тоонун
түбүндө эле болуп… Баса,
өзүңөр да үшүп
калгандырсыңар. Кирип
жайланышкыла…
- Жолдош директор!
Кечирип коюңуз, бирок
сиз биздин эмнеге
келгенибизди унутуп
калдыңыз окшойт. Биз бул
жерге тээ борбордон бери
жылынганы келген
жокпуз. Балдардын
абалын, билим берүүнүн
абалын текшергени
келдик. Демек, башталгыч
класстан баштап баарын
кыдырып, таанышып
чыгышыбыз керек.
Деректир бир саам жооп
бере албай мукактанып
калды.
Ушул күнү айылга кайдан-
жайдан текшерүү келип,
мектепти басып жатып
калды. Чоңдордун мынча
карпа-күрп келип
калаары көптөн бери
боло элек болчу. Качан
болбосун текшерүүчүлөр
тиги борбордон
чыгаардын алдында
айылдарга кабар жетээр
эле. Ошону менен
мугалимдеркеле
тургандарды коноктоо
кезеги кимде экенин
тактап, нөөмөтү келген
мугалимди үйүнө
жөнөтчү. Ал болсо
карызга батып болобу, же
акыркы акчасын
сарптайбы, деги кандай
болсо да дасторкон
даярдайт. Айтмакчы,
негизи эле бул чоңдордун
алды-ала кабарланышына
да так ушул сый тамак
себеп болсо керек.
Болбосо, текшерүүчү
деген айттырбай келип,
мектеп жамаатынын
чыныгы жүзүн көрсө кана.
Натыйжада так ошондой
талапка жооп бербей
турган мугалимдердин
чыныгы жүзү ачыкка
чыккандын ордуна, кайра
алар жашырылып, ар
кандай шылтоолор менен
мектептен алыстай
турушчу. Аларга кошулуп
кээ бир айыпты ачаар
ашынган шок, же эки
тамганы кошуп окуй
албаган окуучуларга да
«уруксат» берилээр эле.
Кыскасы, борбордон
келээр чоңдордун
жазылбаган каада-салты
бул жолу бузулду. Күн
бир аз көтөрүлүп калган
кезде мектептин алдына
дүңкүйгөн жол тандабас
токтоп, ичинен кычыраган
бешмант, кыры чыккан
шым, аппак көйнөк,
галстук тагынган кишилер
чыгып деректирдин
бөлмөсүн качырып эле
кирип келишти.
Мындайды күтпөгөн
мугалимдер, ким
болосуңар, кайдан
келдиңер деп сураганга
да жарабай, алдыларына
түшүп тызылдап чуркап,
сапырылып жатып
калышты. Текшерүүчүлөр
болсо ого бетер
катаалданып, алдынан
кандай киши чыкпасын
кууруп жиберишти.
- Бул эмне деген кийим?
Алдагы көйнөктү кайдан
таап алгансың?! – деп
завуч аялды кирээри
менен эле каарып өттү
бирөөсү. – Деги өзүңөрдүн
үстү башыңар оңолбосо,
окуучулар кантип тыкан
жүрмөк эле? Же силерге
алардын баскан-турганы
менен тазалыгы баары
бирби?
Байкуш завуч эмне дээрин
билбей бир кызарып, бир
бозоруп эле туруп калды.
Жооп бермек тургай
көзүнө жаш тегеренип,
ыйлап да жибере
жаздады окшойт.
Алаңдап коркуп турган
деректир эптеп анысын
ажыратып калайын
дедиби, же дагы бир
балакет таап чыкпасын
дедиби, эптеп сөз таап
куткарып кетмекке
жалпаңдап ортого
кыпчылды.
- Агайлар, бүгүн күн суук
болуп жылуулугуна карап
кийип алса керек да.
Болбосо, муну кийчү
эмес… Биздин айылды
билесиңер тоонун
түбүндө эле болуп… Баса,
өзүңөр да үшүп
калгандырсыңар. Кирип
жайланышкыла…
- Жолдош директор!
Кечирип коюңуз, бирок
сиз биздин эмнеге
келгенибизди унутуп
калдыңыз окшойт. Биз бул
жерге тээ борбордон бери
жылынганы келген
жокпуз. Балдардын
абалын, билим берүүнүн
абалын текшергени
келдик. Демек, башталгыч
класстан баштап баарын
кыдырып, таанышып
чыгышыбыз керек.
Деректир бир саам жооп
бере албай мукактанып
калды.
#24 03 Июнь 2014 - 16:51
- Ма-ма-макул… Макул
кыдыралы, – дегенге гана
жарады. Бирок,
текшерүүчүлөр анын
жообун күтүп да
турушкан жок. Артта
турган жаш мугалимдин
бирөөнөн биринчи
класстын кайда экенин
сурады да, алдына салып
алып жөнөп кетишти. Ого
бетер шаштысы кеткен
деректир күдүңдөгөн
бойдон артынан жөнөдү.
Ал байкуш оюнда эптеп
буларды алаксыта туруп,
мугалимдерин аз да болсо
даярданып алууга шарт
түзмөк болгон. Анан калса
тиги башталгыч класстагы
бир мугалимди да
«тезирээк барып кел» деп
дүкөнгө жумшап ийген.
Оюнда, ал жактан таттуу
тарапа, чай-май алдыра
калып, бир сыйра чай
бере калмак. Эми минтип
текшерүүнүн так
ошолордон башталаары
анын таптакыр шаштысын
кетирди.
Үч текшерүүчү ээрчишкен
бойдон түз эле биринчи
класска кирип келишти.
Мотурайган балдар
дүркүрөгөн бойдон
ордунан туруп, жапырт
салам айтышты.
Дардыйган толук
текшерүүчү унчукпай
алик алган болду да
столдун үстүндө турган
журналды колуна алып
бир сыйра көз чаптырды.
Анан балдарды бир нерсе
издеп жаткансып сыдыра
карады. Берки экөө болсо
унчукпай гана артта
турушат.
- Отургула, – деди бир
маалда жанагы семиз
текшерүүчү. Анан шашпай
басып балдарды айланып
чыкты. Ошону мененчым
этип сүйлөбой класстан
чыгып кетти. Деректирге
анын кылыктары ого
бетер сырдуу, ого бетер
сүрдүү болуп, жүрөгү
лакылдап чыкты. «Эми
эмне кылып ийээр экен?
Кайда бараар экен?»
деген ой анын мээсин
тынымсыз эзе берди.
Текшерүүчү болсо чыгып
эле кийинки классты
көздөй жөнөдү. Кире
турганы канчанчы класс
экенин, жетекчиси ким
экенин сурап да койгон
жок. Окуучулар бул жолу
да шарт тура калышып
жапырт учурашып тосуп
алышты. Бирок бул жолу
тактада сабак өтүп аткан
мугалим башка бирөө да
көргөзө албаган эрдик
кылды.
Текшерүүчү кирип эле
балдар менен
учурашымыш болду да,
класстык журналды алып
карады. Бирок,
башкаларчылап
мугалимдердин сабактык
жыйнагын, окуучулардын
бааларын караган жок.
Алар тууралуу оозун да
ачпады. Жаш болсо да өз
билимине, ишенген
чыйрак мугалим анын бул
өзгөчөлүгүнө таң
калганын жашырган жок.
Башкаларчылап
кымынып-кымтынып
отургандын ордуна
шартылдай басып келип
нарыраак турган
дептерин алып
текшерүүчүнүн алдына
кармады.
- Мына агай, муну
карайсызбы? – деди ал.
Деректирдин
жалжылдаган көзү
огунан чыгып кетчүдөй
алайып, тигини матай
карады. Ичинен «Бу
бейбаш дагы эмнени
баштады эми? Кайда
болбосун ушунтип
таксына бергенин качан
койот деги бул? Канча
айтыш керек буга?» деп
кыжынып турду. Бирок,
кеп тап-такыр күтпөгөн
нукта уланды.
- Мунуң эмне? – деп
корсулдай сурады
текшерүүчү. Ал баягыдай
эле кабак-кашы менен
тигини коркутам деди
окшойт, кабагын карыш
салып тикчийе карады.
Бирок, анын караганына
берки жалтанып да
койгон жок.
- Бул мугалимдин
конспектиси агай. Же сиз
андайды карабайсызбы?
- Ммм. Конспекти дечи?!
Кара десең карайын. Келе
берчи!
- Алыңыз. Мына. Бул болсо
журнал. Баса силер
кайдан келдиңер?
Райондонбу же
областтанбы?
Текшерүүчү мындай
суроону күтпөсө керек.
Көзүнө тартынып алган
көз айнегинин үстүнөн
аңырая карады.
- Сенин оюңча каяктан деп
ойлойсуң? – деп кекете
сурады кайра.
- Билбейм. Бирок, сиз
конспектини да
билбегениңизге
караганда… Ушул жерден
деректир чырылдап
ортого кирди.
- Каныбек, токтот! Эмне
деп турасың дагы?! Деги
качан койосуң ушундай
оройлугуңду я? Мен сага
канча айтам?! Агай,
айланайын кечирип
коюңуз. Бул бейбаштын
катыгын мен өзүм берем.
Сиз капа болбой туруңуз.
Ал ушинтип оңураңдап,
күңкүлдөп урушуп жатып
тиги жигитти чыгарып
жиберди. Күтүлбөгөн
каяшадан эси кете түшкөн
текшерүүчү так керек
маалында кепке кошулган
деректирди карап кара
күчкө күлдү. Анан аны
кубаттаган болуп бир эки-
сөз айтты да катар турган
парталарды айлана басты.
Ошону менен аларга эч
ким жолтоо болгон жок.
Болгон классты кудум
бирөөнү издеп жүргөнсүп
бир сыйра карап чыгышты
да, акыры кайра
деректирдин бөлмөсүнө
келишти. Бул убакта
деректир билгичтик
кылып бөлмөсүнө
столдорду тиздирип,
үстүнө дасторкон
жайдырып дүйүмтамакка
тоглтуруп салган экен.
Мындай ыкчам
уюштуруучулукка керек
болсо беркилер да таң
калышты. Деректир
өздөрүнөн калбай эле
ээрчип жүргөндөй болду
эле. Ал тургай тиги толук
текшерүүчүнүн артынан
калбай ээрчип жүргөн эки
жигит айланада жүргөн
мугалимдердин ар бир
кыймылын көз жаздымда
калтырбай карап
турушкан. Анан кантмек
эле? Алардын жедеп
бышыккан кесиби ушул
эмеспи. Шефтин
айланасында турган эч
бир жан көз кырынан
сыртта калбаш керек.
Бөлмөгө
текшерүүчүлөрдүн
артынан деректир анан
дагы бир-эки чыкыйган
мугалим кирди. Деректир
жалпаңдай сүйлөп төрдөн
орун көргөзүп,
жайгаштырып жүрдү.
Жашыраак мугалим келин
болсо алар отураары
менен буркурап кайнап
турган самоордон
булоолонто чай куюп
кыдырата сунду. Бери
жакта бирөө ортого нан
сындырып, дагы бирөө
колбаса кесип, кайдан
жайдан табылган бодо
малдын этин туурап суна
баштады. Текшерүүчү бир
чыны чай ичкен соң,
деректирге жандап
«тигилерди чыгар»
дегендей ишаарат кылды.
Баары чыгып кеткенден
кийин, деректирди карап,
- Урматтуу Жолдубай
Сапарбаевич. Биз бүгүн тээ
борбордон бул мектепке
мугалимдердин деңгээлин,
же окуучулардын
билимин текшергени
келген жокпуз. Биз бул
жакка балдардын укугу
тебеленип жатабы, же
жокпу ушуну караганы
келдик. Өзүңүз билгендей
биздин мамлекеттин
мыйзамы боюнча ар бир
бала мамлекеттик
мектепте бекер билим
алууга толук укуктуу.
Бирок, өзүңүз деле
уксаңыз керек, тиги
борбордо канчалаган
бала ошол укугунан
пайдаланбай, базарларда,
көчөлөрдө акча табуунун
камы менен жүрөт. Мына
ошол балдарды кармап
сураштыра келгенде
дээрлик токсон пайызы
так ушул айылдардан
келгени маалым болуп
жатат. Натыйжада биз
маселени өз жеринде
текшерип, чара көрмөккө
айылдарга келип
отурабыз. Мисалы,
бүгүнкү текшерүүдө ар
бир класста жок дегенде
бирден, а кээ биринде
болсо бешке чейин
балдардын сабакта жок
экенин байкадык. А тиги
жогорку класстарда болсо
балдардын саны
ушунчалык аз. Кана буга
кандай дейсиз?
- Туура. Туура айтасыз.
Бирок… бирок биз
баардык балдарды окутуу
үчүн колдон келишинче
аракет кылып жатабыз.
Өзүңүз деле сураштырып
көрүңүз, биздин айылда
антип шаарга иштегени
кеткен бала жок. Баардык
бала окууга тартылган…
Балким тап-такыр көчүп
кеткендер…
- Жок! Койотуруңуз, – деп
кепти жыра тартып
ортого кирди берки. – Көп
эле сөздү узарта берүүгө
убакыт жок. Дагы көп
жерди текшерүүбүз
керек. Ошондуктан
азырынча көчүп
кеткендер тууралуу кепти
койо туруңуз. Андан көрө
ушул айылда катталган,
ушул айылда эле
жашаган, бирок сабакка
келбеген балдар тууралуу
кеп кылсак. Мисалы,
биздин угушубузча,
айылдарда жашаган
мектеп жашындагы
балдардын, айрыкча
башталгыч класстагы
балдардын сабак
убагында мектепке
барбай, талаада мал
багып жүргөнү тууралуу,
кой кайтарып же уй айдап
жүргөнү тууралуу
маалыматтар бизге жетти.
Эсиңизде болсун, мындай
көрүнүш баланын укугун
бузууга жатат жана андай
балдар үчүн ата-
энелерден мурун, так эле
сизге окшогон
деректирлер көбүрөөк
жооптуу болуп калат.
- Жок, аксакал. Жок…
Бизде андай ата-эне да
жок. Андай балдар да
жок… сиз…
- Угуп туруңуз Жолдубай
Сапарбаевич. Шашылбай
угуп туруңуз. Биз бул
текшерүүгө канчадан
бери даярданып
келетабыз. Мисалы так
ушул айыл тууралуу да
маалыматтарыбыз бар.
Мисалы, окууга бармак
тургай, үйүндө тынчыраак
уктабай, таң атпай кой
жайып чыккан бала.
Эстесеңиз…
кыдыралы, – дегенге гана
жарады. Бирок,
текшерүүчүлөр анын
жообун күтүп да
турушкан жок. Артта
турган жаш мугалимдин
бирөөнөн биринчи
класстын кайда экенин
сурады да, алдына салып
алып жөнөп кетишти. Ого
бетер шаштысы кеткен
деректир күдүңдөгөн
бойдон артынан жөнөдү.
Ал байкуш оюнда эптеп
буларды алаксыта туруп,
мугалимдерин аз да болсо
даярданып алууга шарт
түзмөк болгон. Анан калса
тиги башталгыч класстагы
бир мугалимди да
«тезирээк барып кел» деп
дүкөнгө жумшап ийген.
Оюнда, ал жактан таттуу
тарапа, чай-май алдыра
калып, бир сыйра чай
бере калмак. Эми минтип
текшерүүнүн так
ошолордон башталаары
анын таптакыр шаштысын
кетирди.
Үч текшерүүчү ээрчишкен
бойдон түз эле биринчи
класска кирип келишти.
Мотурайган балдар
дүркүрөгөн бойдон
ордунан туруп, жапырт
салам айтышты.
Дардыйган толук
текшерүүчү унчукпай
алик алган болду да
столдун үстүндө турган
журналды колуна алып
бир сыйра көз чаптырды.
Анан балдарды бир нерсе
издеп жаткансып сыдыра
карады. Берки экөө болсо
унчукпай гана артта
турушат.
- Отургула, – деди бир
маалда жанагы семиз
текшерүүчү. Анан шашпай
басып балдарды айланып
чыкты. Ошону мененчым
этип сүйлөбой класстан
чыгып кетти. Деректирге
анын кылыктары ого
бетер сырдуу, ого бетер
сүрдүү болуп, жүрөгү
лакылдап чыкты. «Эми
эмне кылып ийээр экен?
Кайда бараар экен?»
деген ой анын мээсин
тынымсыз эзе берди.
Текшерүүчү болсо чыгып
эле кийинки классты
көздөй жөнөдү. Кире
турганы канчанчы класс
экенин, жетекчиси ким
экенин сурап да койгон
жок. Окуучулар бул жолу
да шарт тура калышып
жапырт учурашып тосуп
алышты. Бирок бул жолу
тактада сабак өтүп аткан
мугалим башка бирөө да
көргөзө албаган эрдик
кылды.
Текшерүүчү кирип эле
балдар менен
учурашымыш болду да,
класстык журналды алып
карады. Бирок,
башкаларчылап
мугалимдердин сабактык
жыйнагын, окуучулардын
бааларын караган жок.
Алар тууралуу оозун да
ачпады. Жаш болсо да өз
билимине, ишенген
чыйрак мугалим анын бул
өзгөчөлүгүнө таң
калганын жашырган жок.
Башкаларчылап
кымынып-кымтынып
отургандын ордуна
шартылдай басып келип
нарыраак турган
дептерин алып
текшерүүчүнүн алдына
кармады.
- Мына агай, муну
карайсызбы? – деди ал.
Деректирдин
жалжылдаган көзү
огунан чыгып кетчүдөй
алайып, тигини матай
карады. Ичинен «Бу
бейбаш дагы эмнени
баштады эми? Кайда
болбосун ушунтип
таксына бергенин качан
койот деги бул? Канча
айтыш керек буга?» деп
кыжынып турду. Бирок,
кеп тап-такыр күтпөгөн
нукта уланды.
- Мунуң эмне? – деп
корсулдай сурады
текшерүүчү. Ал баягыдай
эле кабак-кашы менен
тигини коркутам деди
окшойт, кабагын карыш
салып тикчийе карады.
Бирок, анын караганына
берки жалтанып да
койгон жок.
- Бул мугалимдин
конспектиси агай. Же сиз
андайды карабайсызбы?
- Ммм. Конспекти дечи?!
Кара десең карайын. Келе
берчи!
- Алыңыз. Мына. Бул болсо
журнал. Баса силер
кайдан келдиңер?
Райондонбу же
областтанбы?
Текшерүүчү мындай
суроону күтпөсө керек.
Көзүнө тартынып алган
көз айнегинин үстүнөн
аңырая карады.
- Сенин оюңча каяктан деп
ойлойсуң? – деп кекете
сурады кайра.
- Билбейм. Бирок, сиз
конспектини да
билбегениңизге
караганда… Ушул жерден
деректир чырылдап
ортого кирди.
- Каныбек, токтот! Эмне
деп турасың дагы?! Деги
качан койосуң ушундай
оройлугуңду я? Мен сага
канча айтам?! Агай,
айланайын кечирип
коюңуз. Бул бейбаштын
катыгын мен өзүм берем.
Сиз капа болбой туруңуз.
Ал ушинтип оңураңдап,
күңкүлдөп урушуп жатып
тиги жигитти чыгарып
жиберди. Күтүлбөгөн
каяшадан эси кете түшкөн
текшерүүчү так керек
маалында кепке кошулган
деректирди карап кара
күчкө күлдү. Анан аны
кубаттаган болуп бир эки-
сөз айтты да катар турган
парталарды айлана басты.
Ошону менен аларга эч
ким жолтоо болгон жок.
Болгон классты кудум
бирөөнү издеп жүргөнсүп
бир сыйра карап чыгышты
да, акыры кайра
деректирдин бөлмөсүнө
келишти. Бул убакта
деректир билгичтик
кылып бөлмөсүнө
столдорду тиздирип,
үстүнө дасторкон
жайдырып дүйүмтамакка
тоглтуруп салган экен.
Мындай ыкчам
уюштуруучулукка керек
болсо беркилер да таң
калышты. Деректир
өздөрүнөн калбай эле
ээрчип жүргөндөй болду
эле. Ал тургай тиги толук
текшерүүчүнүн артынан
калбай ээрчип жүргөн эки
жигит айланада жүргөн
мугалимдердин ар бир
кыймылын көз жаздымда
калтырбай карап
турушкан. Анан кантмек
эле? Алардын жедеп
бышыккан кесиби ушул
эмеспи. Шефтин
айланасында турган эч
бир жан көз кырынан
сыртта калбаш керек.
Бөлмөгө
текшерүүчүлөрдүн
артынан деректир анан
дагы бир-эки чыкыйган
мугалим кирди. Деректир
жалпаңдай сүйлөп төрдөн
орун көргөзүп,
жайгаштырып жүрдү.
Жашыраак мугалим келин
болсо алар отураары
менен буркурап кайнап
турган самоордон
булоолонто чай куюп
кыдырата сунду. Бери
жакта бирөө ортого нан
сындырып, дагы бирөө
колбаса кесип, кайдан
жайдан табылган бодо
малдын этин туурап суна
баштады. Текшерүүчү бир
чыны чай ичкен соң,
деректирге жандап
«тигилерди чыгар»
дегендей ишаарат кылды.
Баары чыгып кеткенден
кийин, деректирди карап,
- Урматтуу Жолдубай
Сапарбаевич. Биз бүгүн тээ
борбордон бул мектепке
мугалимдердин деңгээлин,
же окуучулардын
билимин текшергени
келген жокпуз. Биз бул
жакка балдардын укугу
тебеленип жатабы, же
жокпу ушуну караганы
келдик. Өзүңүз билгендей
биздин мамлекеттин
мыйзамы боюнча ар бир
бала мамлекеттик
мектепте бекер билим
алууга толук укуктуу.
Бирок, өзүңүз деле
уксаңыз керек, тиги
борбордо канчалаган
бала ошол укугунан
пайдаланбай, базарларда,
көчөлөрдө акча табуунун
камы менен жүрөт. Мына
ошол балдарды кармап
сураштыра келгенде
дээрлик токсон пайызы
так ушул айылдардан
келгени маалым болуп
жатат. Натыйжада биз
маселени өз жеринде
текшерип, чара көрмөккө
айылдарга келип
отурабыз. Мисалы,
бүгүнкү текшерүүдө ар
бир класста жок дегенде
бирден, а кээ биринде
болсо бешке чейин
балдардын сабакта жок
экенин байкадык. А тиги
жогорку класстарда болсо
балдардын саны
ушунчалык аз. Кана буга
кандай дейсиз?
- Туура. Туура айтасыз.
Бирок… бирок биз
баардык балдарды окутуу
үчүн колдон келишинче
аракет кылып жатабыз.
Өзүңүз деле сураштырып
көрүңүз, биздин айылда
антип шаарга иштегени
кеткен бала жок. Баардык
бала окууга тартылган…
Балким тап-такыр көчүп
кеткендер…
- Жок! Койотуруңуз, – деп
кепти жыра тартып
ортого кирди берки. – Көп
эле сөздү узарта берүүгө
убакыт жок. Дагы көп
жерди текшерүүбүз
керек. Ошондуктан
азырынча көчүп
кеткендер тууралуу кепти
койо туруңуз. Андан көрө
ушул айылда катталган,
ушул айылда эле
жашаган, бирок сабакка
келбеген балдар тууралуу
кеп кылсак. Мисалы,
биздин угушубузча,
айылдарда жашаган
мектеп жашындагы
балдардын, айрыкча
башталгыч класстагы
балдардын сабак
убагында мектепке
барбай, талаада мал
багып жүргөнү тууралуу,
кой кайтарып же уй айдап
жүргөнү тууралуу
маалыматтар бизге жетти.
Эсиңизде болсун, мындай
көрүнүш баланын укугун
бузууга жатат жана андай
балдар үчүн ата-
энелерден мурун, так эле
сизге окшогон
деректирлер көбүрөөк
жооптуу болуп калат.
- Жок, аксакал. Жок…
Бизде андай ата-эне да
жок. Андай балдар да
жок… сиз…
- Угуп туруңуз Жолдубай
Сапарбаевич. Шашылбай
угуп туруңуз. Биз бул
текшерүүгө канчадан
бери даярданып
келетабыз. Мисалы так
ушул айыл тууралуу да
маалыматтарыбыз бар.
Мисалы, окууга бармак
тургай, үйүндө тынчыраак
уктабай, таң атпай кой
жайып чыккан бала.
Эстесеңиз…
#25 03 Июнь 2014 - 16:55
Деректирдин көздөрү
алаңдап, такыр эле өзүн
жоготуп койду. Эмне
дээрин билбей быдылдап
сүйлөй баштады.
- Ким айтып жүрөт сизге
андайды? Ким айтты деги?
Кайсы оозуна ээ боло
албаган немелер таратат
ушундай ушакты? Бизде
жок андай. Бул ушак…
Бул… бул..
- Жолдубай Сапарбаевич!
Көздөй кишилер бар
бизде. Кокус тактап алчу
болсок, керт башыңыз
менен жооп бересиз…
Жакшылап ойлонуңуз…
Деректир шайы кеткендей
шалдырап отуруп калды.
Кудум жардам күткөн
баладай
текшерүүчүлөрдү бир
сыйра жалдырай карап
чыкты. Баары тең теше
тиктеп, сүрдүү отурушат…
Акыры кудум күнөөсү
ачыкка чыккан немедей
актана баштады.
- Мен айткам ал
кишилерге. Таптакыр
болбой коюшпадыбы.
Канча айттым деги…
- Кимге? Эмне айттыңыз
эле шашпай сүйлөңүз… Т
Текшерүүчүнүн көзү
жайнап, ал тургай
жанындагыларга
күлмүңдөй карап да алды.
Бирок, деректир анысын
байкаган да жок.
- Жанагы Сатый деген
киши да. Жеткен кежир,
жеткен дундук.
Балаңызды окууга
бериңиз, жок дегенде
шаардагы майыптар үчүн
ачылган мектепке
жибериңиз деп канча
айттым.
- А эмне ал майыппы?
- Ооба. Ал дудук. Тап-
такыр эле укпайт дагы,
сүйлөбөйт дагы. Башында
биринчи класска деле
киргизгенбиз. Бирок,
болгудай эмес. Ойлосоңуз,
такыр укпаган баланы
кантип окутабыз. Андай
балдар үчүн атайын
мугалимдер керек.
- Түшүнүктүү. Түшүнүктүү.
Кимдин баласы дейсиз?
Канчада? Кайсы жылдан
бери кой кайтарат? Кайсы
тарапка жаят коюн? Бизге
бала тууралуу айтыңыз,
калганын биз өзүбүз
билебиз.
- Аа макул. Макул… Албы
ал, тиги Сатыбек деген
кишинин баласы. Сатый
деп коюшат айылда.
Былтыр биринчи класска
алып келишкен. Ошондо
быйыл 7-8дерде болуп
калат. Атасы ага ошол
окуудан чыккандан бери
кой кайтартат. Колуна
коңгуроо байланган таяк
көтөрүп алат дайыма.
Ошонусу болбосо койду
да айдай алмак эмес.
Такыр сүйлөй албайт да.
Окуган да жок.
- Койду кайда кайтарат?
7-8деги бала жалгыз кой
кайтаргандан коркпойбу?
- Ой жоок. Эмнеден коркот
дейсиз. Биздин тоолор
айылга жакын эмеспи.
- Тигил айыл үстүндөгү
төш тарапка жаябы?
- Ооба, көбүнчө алардын
койлору ошол жакка
жайылат
- Таң атпай чыккан
күндөрү да болду беле?
- Ой ал дайыма эле таң
атпай чыгат. Эл эми
уйкудан турганда анын
кою бир тоюнган болот.
- Жакшы. Жакшы. Демек
Сатыбектин баласы
дедиңиз. Эми угуп туруңуз
Жолдубай Сапарбаевич.
Биз ал баланы ушул
бойдон калтырбайбыз.
Бирок, сизден бизге дагы
бир жардам кылууңузду
өтүнөбүз. Жардам
кыласызбы?
- Албетте. Албетте.. Биз
дагы ушу мамлекеттик иш
деп жүргөндөн кийин
кантип кол кабыш
кылбайлы..
- Анда мындай. Биз карап,
текшере турган айылдар
дагы көп. Дагы көптөгөн
балдардын тагдырын
чечишибиз керек. Албетте
ар бир айылда сизге
окшоп кесибин сүйгөн, так
иштеген адамдар болсо
жакшы деңизчи. Бирок,
көпчүлүк
замандаштарыбыз менен
иштешиш да кыйын.
- Ооба, ооба. Тоң моюн,
оңго айдасаң солго
баскандар толуп атат.
- Ооба. Деги азаматсыз. Эми
кеп мындай. Биз бул
текшерүүбүздү аяктап
балдардын тизмесин
толуктап чыккыча бул
маегибиз тууралуу эч
кимге унчукпаңыз. Айыл
жеринде билесиз, жел
чыгарсаң дүң дей түшөт. А
эгер бул маекти тиги
Сатый угуп калса, баланы
бизден мурун качырып
кетиши мүмкүн. Кийин
алардын кылыгын
далилдеш да кыйын
болуп калат. Андан көрө
байкатпай кармаганыбыз
оңой эмеспи. А кокус
кандайдыр бир кокустук
болуп дейлиби, же бир
өзгөрүү болуп дейлиби,
бул Сатыйлар баланы бир
жакка жибере турган
болсосиз мага токтоосуз
кабарлап коюңуз. Ушул
иш колуңуздан келеби?
- Келбей анан. Албетте
келет, – деп жадырай
түштү берки.
- О мына! Ушундай
кишилер болсо баардык
жерде. Анда эмесе мобу
менин номеримди жазып
алыңыз. Дагы бир жолу
эскертип койоюн, бала
ушул айылдан сыртка
аттады дегиче мага
чалыңыз. Макулбу?
Деректир тынымсыз
башын ийкеңдетип
макулдугун билдиргенче
алдына жылдырылган
телефондун бетиндеги
номерди шыпылдата
жазып алды.
Ошондон кийин гана
текшерүүчү бир жумуш
бүтүргөндөй жеңилдеп,
кабагы ачылды. Анан
алдындагы жумшак нанга
каймактан килейте шыбап
оозуна салып жыргап
чайнай баштады. Артынан
алдындагы чайды
шоркурата ууртап
жиберип жанындагыга
чынысын сунду. Беркиси
лып этип тура калып
чынысын алып самоорду
көздөй жөнөдү. Деректир
аларды көрө калып
эшиктен бирөөнү
чакырмакка жөнөмөкчү
болду эле текшерүүчү
жеңинен кармап кайра
ордуна отургузуп койду.
Анан жаңы куюлуп келген
чайдан шоркурата ууртап,
кыргыз нанды кайра-
кайра каймакка матырып
сугунуп кирди.
Былчылдата чайнаган
сайын тамшанып, артынан
чайдан шокурата ууртайт.
Ушул каймактын даамына
ыраазы болдубу, же
көңүлүн көтөргөн дагы
бир нерсе болдубу ким
билсин, көз көрүнөө
кебетеси өзгөрүп, мурунку
кабагы карыш түшкөн
кишинин ордуна
жагымдуу жаркылдаган
киши болуп чыга келди.
Акыры алдындагы
чыныдагы каймак
түгөнгөндө гана майлыкты
алып маашырлана оозун
сүрттү да, ордунан тура
жөнөдү. Жанатан бери
эбин таппай, «алыңыз»,
«жеңиз» деп кайпактап
отурган деректир тигилер
тураары менен ордунан
учуп турупартынан чыкты.
Алдынан жол бошото
калып коштошуп аткан
окуучуларга,
мугалимдерге карап да
коюшкан жок. Тек гана
баш ийкемиш болуп
шыпылдап кетип
баратышты. Алдыда
адаттагыдай эле көз
айнекчен текшерүүчү, ага
улай эле бири узун
бойлуу тартайган, бири
жапалдаш бойлуу, бирок,
негедир эби сыны жок
күржүйгөн жашыраак
жардамчылары. Айтмакчы
бул күржүгүйгө үстүндөгү
бешманты, кырдуу шымы
такыр эле жарашпай
тургансыйт. Анан калса
өзү дагы кыйналып кеткен
бейм, галстугун
шалбырата тартып
таштап, мойнундагы
топчуларын бошотуп
салыптыр. Тиги
күржүйгөн моюн мындай
моюнтурукка чыдабаса
керек. Буларга бирде
катарлаша калып, бирде
артка кала түшүп
келеткан деректир анын
мойнун бир карап алып
өзүнчө таң калып койду.
алаңдап, такыр эле өзүн
жоготуп койду. Эмне
дээрин билбей быдылдап
сүйлөй баштады.
- Ким айтып жүрөт сизге
андайды? Ким айтты деги?
Кайсы оозуна ээ боло
албаган немелер таратат
ушундай ушакты? Бизде
жок андай. Бул ушак…
Бул… бул..
- Жолдубай Сапарбаевич!
Көздөй кишилер бар
бизде. Кокус тактап алчу
болсок, керт башыңыз
менен жооп бересиз…
Жакшылап ойлонуңуз…
Деректир шайы кеткендей
шалдырап отуруп калды.
Кудум жардам күткөн
баладай
текшерүүчүлөрдү бир
сыйра жалдырай карап
чыкты. Баары тең теше
тиктеп, сүрдүү отурушат…
Акыры кудум күнөөсү
ачыкка чыккан немедей
актана баштады.
- Мен айткам ал
кишилерге. Таптакыр
болбой коюшпадыбы.
Канча айттым деги…
- Кимге? Эмне айттыңыз
эле шашпай сүйлөңүз… Т
Текшерүүчүнүн көзү
жайнап, ал тургай
жанындагыларга
күлмүңдөй карап да алды.
Бирок, деректир анысын
байкаган да жок.
- Жанагы Сатый деген
киши да. Жеткен кежир,
жеткен дундук.
Балаңызды окууга
бериңиз, жок дегенде
шаардагы майыптар үчүн
ачылган мектепке
жибериңиз деп канча
айттым.
- А эмне ал майыппы?
- Ооба. Ал дудук. Тап-
такыр эле укпайт дагы,
сүйлөбөйт дагы. Башында
биринчи класска деле
киргизгенбиз. Бирок,
болгудай эмес. Ойлосоңуз,
такыр укпаган баланы
кантип окутабыз. Андай
балдар үчүн атайын
мугалимдер керек.
- Түшүнүктүү. Түшүнүктүү.
Кимдин баласы дейсиз?
Канчада? Кайсы жылдан
бери кой кайтарат? Кайсы
тарапка жаят коюн? Бизге
бала тууралуу айтыңыз,
калганын биз өзүбүз
билебиз.
- Аа макул. Макул… Албы
ал, тиги Сатыбек деген
кишинин баласы. Сатый
деп коюшат айылда.
Былтыр биринчи класска
алып келишкен. Ошондо
быйыл 7-8дерде болуп
калат. Атасы ага ошол
окуудан чыккандан бери
кой кайтартат. Колуна
коңгуроо байланган таяк
көтөрүп алат дайыма.
Ошонусу болбосо койду
да айдай алмак эмес.
Такыр сүйлөй албайт да.
Окуган да жок.
- Койду кайда кайтарат?
7-8деги бала жалгыз кой
кайтаргандан коркпойбу?
- Ой жоок. Эмнеден коркот
дейсиз. Биздин тоолор
айылга жакын эмеспи.
- Тигил айыл үстүндөгү
төш тарапка жаябы?
- Ооба, көбүнчө алардын
койлору ошол жакка
жайылат
- Таң атпай чыккан
күндөрү да болду беле?
- Ой ал дайыма эле таң
атпай чыгат. Эл эми
уйкудан турганда анын
кою бир тоюнган болот.
- Жакшы. Жакшы. Демек
Сатыбектин баласы
дедиңиз. Эми угуп туруңуз
Жолдубай Сапарбаевич.
Биз ал баланы ушул
бойдон калтырбайбыз.
Бирок, сизден бизге дагы
бир жардам кылууңузду
өтүнөбүз. Жардам
кыласызбы?
- Албетте. Албетте.. Биз
дагы ушу мамлекеттик иш
деп жүргөндөн кийин
кантип кол кабыш
кылбайлы..
- Анда мындай. Биз карап,
текшере турган айылдар
дагы көп. Дагы көптөгөн
балдардын тагдырын
чечишибиз керек. Албетте
ар бир айылда сизге
окшоп кесибин сүйгөн, так
иштеген адамдар болсо
жакшы деңизчи. Бирок,
көпчүлүк
замандаштарыбыз менен
иштешиш да кыйын.
- Ооба, ооба. Тоң моюн,
оңго айдасаң солго
баскандар толуп атат.
- Ооба. Деги азаматсыз. Эми
кеп мындай. Биз бул
текшерүүбүздү аяктап
балдардын тизмесин
толуктап чыккыча бул
маегибиз тууралуу эч
кимге унчукпаңыз. Айыл
жеринде билесиз, жел
чыгарсаң дүң дей түшөт. А
эгер бул маекти тиги
Сатый угуп калса, баланы
бизден мурун качырып
кетиши мүмкүн. Кийин
алардын кылыгын
далилдеш да кыйын
болуп калат. Андан көрө
байкатпай кармаганыбыз
оңой эмеспи. А кокус
кандайдыр бир кокустук
болуп дейлиби, же бир
өзгөрүү болуп дейлиби,
бул Сатыйлар баланы бир
жакка жибере турган
болсосиз мага токтоосуз
кабарлап коюңуз. Ушул
иш колуңуздан келеби?
- Келбей анан. Албетте
келет, – деп жадырай
түштү берки.
- О мына! Ушундай
кишилер болсо баардык
жерде. Анда эмесе мобу
менин номеримди жазып
алыңыз. Дагы бир жолу
эскертип койоюн, бала
ушул айылдан сыртка
аттады дегиче мага
чалыңыз. Макулбу?
Деректир тынымсыз
башын ийкеңдетип
макулдугун билдиргенче
алдына жылдырылган
телефондун бетиндеги
номерди шыпылдата
жазып алды.
Ошондон кийин гана
текшерүүчү бир жумуш
бүтүргөндөй жеңилдеп,
кабагы ачылды. Анан
алдындагы жумшак нанга
каймактан килейте шыбап
оозуна салып жыргап
чайнай баштады. Артынан
алдындагы чайды
шоркурата ууртап
жиберип жанындагыга
чынысын сунду. Беркиси
лып этип тура калып
чынысын алып самоорду
көздөй жөнөдү. Деректир
аларды көрө калып
эшиктен бирөөнү
чакырмакка жөнөмөкчү
болду эле текшерүүчү
жеңинен кармап кайра
ордуна отургузуп койду.
Анан жаңы куюлуп келген
чайдан шоркурата ууртап,
кыргыз нанды кайра-
кайра каймакка матырып
сугунуп кирди.
Былчылдата чайнаган
сайын тамшанып, артынан
чайдан шокурата ууртайт.
Ушул каймактын даамына
ыраазы болдубу, же
көңүлүн көтөргөн дагы
бир нерсе болдубу ким
билсин, көз көрүнөө
кебетеси өзгөрүп, мурунку
кабагы карыш түшкөн
кишинин ордуна
жагымдуу жаркылдаган
киши болуп чыга келди.
Акыры алдындагы
чыныдагы каймак
түгөнгөндө гана майлыкты
алып маашырлана оозун
сүрттү да, ордунан тура
жөнөдү. Жанатан бери
эбин таппай, «алыңыз»,
«жеңиз» деп кайпактап
отурган деректир тигилер
тураары менен ордунан
учуп турупартынан чыкты.
Алдынан жол бошото
калып коштошуп аткан
окуучуларга,
мугалимдерге карап да
коюшкан жок. Тек гана
баш ийкемиш болуп
шыпылдап кетип
баратышты. Алдыда
адаттагыдай эле көз
айнекчен текшерүүчү, ага
улай эле бири узун
бойлуу тартайган, бири
жапалдаш бойлуу, бирок,
негедир эби сыны жок
күржүйгөн жашыраак
жардамчылары. Айтмакчы
бул күржүгүйгө үстүндөгү
бешманты, кырдуу шымы
такыр эле жарашпай
тургансыйт. Анан калса
өзү дагы кыйналып кеткен
бейм, галстугун
шалбырата тартып
таштап, мойнундагы
топчуларын бошотуп
салыптыр. Тиги
күржүйгөн моюн мындай
моюнтурукка чыдабаса
керек. Буларга бирде
катарлаша калып, бирде
артка кала түшүп
келеткан деректир анын
мойнун бир карап алып
өзүнчө таң калып койду.
#26 03 Июнь 2014 - 16:57
Төртөө ошо чубашкан
бойдон машинага
келишти. Жанагы узун
бойлуу арткы эшикти ача
калып көз айнекченди
отургузду да өзү рулга
отурду. Берки болсо нары
жагынан айланып барып
айдоочунун катарына
отурду. Деректир болсо
эмне кылып кимиси менен
коштошоорун билбей
туруп калды. Капкара
жолтандабас эми от алып
жөнөй берээрде арткы
терезе акырын түштү да
текшерүүчү деректирди
жандай чакырды.
- Жанагы дудук такыр
сүйлөбөйбү? – деди ал
эңкейе берген деректирге
- Жок. Такыр сүйлөбөйт.
- Ата-энеси менен дагы
сүйлөшө албайбы?
- Жок. Ата-энеси менен
дагы сүйлөшө албайт.
- Балким бир туугандары
менен сүйлөшөөр.
- Жок аксакал. Эч ким
менен сүйлөшө албайт ал.
Анын тилин бул айылда
азырынча эч ким билбейт.
Анан калса ал куурагыр
укпайт дагы.
- Жакшы… жакшы экен, –
деп нарылай түшүп
күбүрөндү текшерүүчү.
Анын эмне дегенин укпай
калган деректир ого бетер
эңкейип,
- Кандай дейсиз? – деп
жалтаңдай сурады.
- Жо,эч нерсе эмес. Мен
өзүмчө эле. Макул анда
Жолдубай Сапарбаевич.
Көрүшкөнчө.
- Аа макул. Жакшы жетип
алыңыз…
Терезе жылмыша
көтөрүлүп, машина жүрүп
кетти.
- Мына! Ушунтип эле
бүтүрүп койчу иш болчу, –
деди артта отурган буурул
чач өзүнчө маашырланып.
– Эми дудук эмес, канаттуу
болсо да колубуздан чыга
албайт. Туурабы Нурик?!
- Туура шеф, – деп
күзгүдөн артын карады
узун бойлуу жигит.
- Туура болсо, анда бул
ишти экөөң бүтүрөсүң.
Баса, диктофонго
жазылдыбы баары?
- Ооба жазылды.
- Жакшы. Жакшы. Бизге
ал тууралуу ар бир
маалымат керек. Азыр
чогулуп отуруп бүт
изилдеп чыгабыз дагы
түнү менен аттанасыңар.
Байкашымча таң атпай
тиги баланы талаадан
күтүп алсаңар болот.
Андан кийин өлтүрүп
келесиңерби, же
тирүүлөй кармап
келесиңерби, аны өзүңөр
билгиле. Бирок, иш таза
аткарылсын.
Түшүнүктүүбү? !
- Түшүнүктүү шеф.
Шефи мойнундагы
галстугун чечип ыргытып,
чалкалай отурду да
тысырая артка таралган
чачын маашырлана сылап
чалкалай отурду.
Кечөөтөн берки мээсин
тынымсыз чукуп,
желкесинен ныгыра
басып жаткан жүктү
бирөө ыргытып
жибергенсип, кере-кере
дем алды. Бул баланы
кайдан таап, кантип
кармайм деп түнү менен
ой басып чыккан неме
акыры тапкан акылы алда
немедей ишке ашканына
курсант болуп, өзүн
ааламда жок акылдуу
сезип келатты. Канча
күндөн бери ушул
жактарда жүрсө да бир
да жолу назарына
илинбеген тоолор бүгүн
гана көзүнө илинип,
алардын улуулугуна, эч
сыр бербеген
сүрдүүлүгүнө суктанып,
таңдайын шыкылдатып
отуруп, мемиреп уйкуга
кетти.
бойдон машинага
келишти. Жанагы узун
бойлуу арткы эшикти ача
калып көз айнекченди
отургузду да өзү рулга
отурду. Берки болсо нары
жагынан айланып барып
айдоочунун катарына
отурду. Деректир болсо
эмне кылып кимиси менен
коштошоорун билбей
туруп калды. Капкара
жолтандабас эми от алып
жөнөй берээрде арткы
терезе акырын түштү да
текшерүүчү деректирди
жандай чакырды.
- Жанагы дудук такыр
сүйлөбөйбү? – деди ал
эңкейе берген деректирге
- Жок. Такыр сүйлөбөйт.
- Ата-энеси менен дагы
сүйлөшө албайбы?
- Жок. Ата-энеси менен
дагы сүйлөшө албайт.
- Балким бир туугандары
менен сүйлөшөөр.
- Жок аксакал. Эч ким
менен сүйлөшө албайт ал.
Анын тилин бул айылда
азырынча эч ким билбейт.
Анан калса ал куурагыр
укпайт дагы.
- Жакшы… жакшы экен, –
деп нарылай түшүп
күбүрөндү текшерүүчү.
Анын эмне дегенин укпай
калган деректир ого бетер
эңкейип,
- Кандай дейсиз? – деп
жалтаңдай сурады.
- Жо,эч нерсе эмес. Мен
өзүмчө эле. Макул анда
Жолдубай Сапарбаевич.
Көрүшкөнчө.
- Аа макул. Жакшы жетип
алыңыз…
Терезе жылмыша
көтөрүлүп, машина жүрүп
кетти.
- Мына! Ушунтип эле
бүтүрүп койчу иш болчу, –
деди артта отурган буурул
чач өзүнчө маашырланып.
– Эми дудук эмес, канаттуу
болсо да колубуздан чыга
албайт. Туурабы Нурик?!
- Туура шеф, – деп
күзгүдөн артын карады
узун бойлуу жигит.
- Туура болсо, анда бул
ишти экөөң бүтүрөсүң.
Баса, диктофонго
жазылдыбы баары?
- Ооба жазылды.
- Жакшы. Жакшы. Бизге
ал тууралуу ар бир
маалымат керек. Азыр
чогулуп отуруп бүт
изилдеп чыгабыз дагы
түнү менен аттанасыңар.
Байкашымча таң атпай
тиги баланы талаадан
күтүп алсаңар болот.
Андан кийин өлтүрүп
келесиңерби, же
тирүүлөй кармап
келесиңерби, аны өзүңөр
билгиле. Бирок, иш таза
аткарылсын.
Түшүнүктүүбү? !
- Түшүнүктүү шеф.
Шефи мойнундагы
галстугун чечип ыргытып,
чалкалай отурду да
тысырая артка таралган
чачын маашырлана сылап
чалкалай отурду.
Кечөөтөн берки мээсин
тынымсыз чукуп,
желкесинен ныгыра
басып жаткан жүктү
бирөө ыргытып
жибергенсип, кере-кере
дем алды. Бул баланы
кайдан таап, кантип
кармайм деп түнү менен
ой басып чыккан неме
акыры тапкан акылы алда
немедей ишке ашканына
курсант болуп, өзүн
ааламда жок акылдуу
сезип келатты. Канча
күндөн бери ушул
жактарда жүрсө да бир
да жолу назарына
илинбеген тоолор бүгүн
гана көзүнө илинип,
алардын улуулугуна, эч
сыр бербеген
сүрдүүлүгүнө суктанып,
таңдайын шыкылдатып
отуруп, мемиреп уйкуга
кетти.
#27 03 Июнь 2014 - 17:01
Чыгыштан жарык жайыла
чыгып, айланага үрүл-
бүрүл жарык түшө
баштады. Демейде жай
күнү болгондо бул убакта
айлана канаттуулардын
жан эргите сайраганына
толуп, шаңга бөлөнүп
чыкмак. А азыркы сай
сөөктү сыздаткан суукта
канатуу да калбай калган
окшойт. Анда-санда ары-
бери учкан карга-кузгун
эле болбосо, асманда
канат серпкен бир да
жандык жоктой. Ушундай
жымжырт талаанын
тынчтыгын бузгусу
келбегенсип тээ айылдын
ылдыйкы тарабынан эки
жигит коктунун таманы
менен чыга келди. Экөө
анда-санда күңкүлдөшө
сүйлөшкөнү эле болбосо,
кабактарына кар жаап,
бир чети уйкудан
калганына нааразы болуп,
бир чети кыш боло элек
жатып сөөктөн өтүп
чучукка жеткен суукка
нааразы болуп үңкүйүп
келе жатышты. Булар
болжошкон жерге келип
коктунун боорунан
жайланышкан убакта
айлана дагы толугу менен
жарык болуп калды.
Бирок, күн дагы эле
уясынан чыга элек. Экөө
коктунун күңгөй бетинен
орун алып баштарын
койкойто чыгарып
айылды карап жатып
калышты. Бир маалда
күржүгүйү чөптүн
муздактыгына чыдай
албай сөгүнүп тура калды
да коктунун таманы менен
ары-бери баса кетти.
Чөнтөгүн аңтарып жатып
тамекисин сууруп чыгып
чычайта тиштеп жаңы эле
күйгүзмөкчү болду эле,
берки узуну артын
карабай туруп күңк этти.
- Тамеки тартканга
болбойт, Боха!
- Ой эми ал дудугуң
тамекинин жытын биле
калат дейсиңби?
- Балким билет. Балким
билбейт. Бирок, сен үчүн
шефке жооп бергим
келбейт. Бул жолу колдон
чыкса шеф башыбызды
кесип койот, эсиңде
болсун.
Күрсүгүйдүн эми такыр
эле жаны кашайып чыкты.
Тамекисин колуна
мыжыга кармап туруп
ыргытып таштады. Узуну
болсо камырабай гана
жата берди. Чынында тиги
баланын кой жайып чыга
турган убагы да болуп
калган. Эми колдон
келишинче сактанбаса
болбойт. Сактанбай анан.
Эптеп жарым саат чыдай
турса бул түйшүктүн
баары бүтөт эмеспи.
Кайдагы бир баланын
маселеси чечилбей
мээлерин эзип бүттү. Ошол
жолу болбой калгандан
күндөн бери шефи
үчөөндө тынч алып уктоо
деген жок. Айрыкча
экөөнө эле убал болду.
Шефи эстеген сайын
кыжынып, кыйкырып,
урушуп атып шайларын
оодарды. Дагы кечөө
мектепке келип кеткенден
бери бир аз жоошуп
калды. Баланын тубаса
дудук экени бир топ эле
санаасын тынчытты
окшойт. Ошентип бүгүн
минтип экөө бул жерге
дудукту кармап кеткени
келип отурат. Кечөө анын
таң атпай кой артынан
чыгаары тууралуу
маалымат алышпады
беле. Демек анын көзүн
тазалаганга таңкы ээн
талаадан өткөн сонун
шарт болмок эмес.
Бирок… Иш такыр
ойдогудай болбой,
булардын шаштысы
баштады. Улам-улам
дүрбүсүн көзүнө такап
айылдан талааны карай
чыга турган көчөсүн карай
берип тажады. Эми
Боханы тыймак тургай өзү
да кыжынууга өттү. Таң
атып, жерге жарык
кирмек тургай талаага мал
айдап чыккан кишилер да
пайда болду. Бир аздан
кийин болсо көчөлөрдө
бирин-серин мектепке
жөнөгөн балдар көрүндү.
Ушуларды көргөн сайын
Нуриктин заманасы
куурулуп баратты.
«Дудукка эмне болду
экен? Булардын келээрин
шекшип калышканбы? Же
бала бирөөгө айтып койду
бекен? Эч ким менен
сүйлөшө албайт дешпеди
беле? Жаңылыштыбы я?
…» Ушул сыяктуу ойлор
барган сайын мээсин жеп,
бир орунга тура албай
калды. Улам-улам тура
калып коктунун таманы
менен өйдө-ылдый басат.
Кайра жата калып айылга
дүрбү салат. Ал тургай тээ
тиги көчөнүн башындагы
мүрзөгө карай кеткен чоң
көчөнү да көз жаздымда
калтырган жок. Жок.
Дайын жок. Дегеле кой
айдап эч ким чыга элек.
Ушунтип турганда Боха
сүйүнүп кеткенсип
кыйкырып жиберди.
Нурик жаңы эле ордунан
туруп, ордуна берки
жаткан болчу.
- Тигине! Тигине чыгып
келетат!
- Кана-кана! Берчи
дүрбүнү. Ошо бекен?
Нурик Бохага катарлаша
жата калды да дүрбүнү
жулуп алып айылдан
чыгып келеткан койлорду
сыдыра карады. Кудум
экөөнө кычастык
кылгансып эки жээги жыш
тал менен тосулган
жолдон койлор бирден-
экиден шашпай чубап
жатты. Эми качан дудук
чыгаар экен деп экөө тим
эле кымылдайт. Акыры
койлор да чубап бүттү.
Кой артынан күттүргөн
дудук да чыкты. Жайыла
баскан койдун улам бир
жагын кайрып айдамыш
болуп, шашпай келатат.
Колуна баягы жылаажын
үндүү коңгуроо байланган
таягын кармап алган.
Уйкусу канбай калганбы,
же өзүнүн эле көңүлү
жокпу, айтор булардын
кыжырына тийип өтө жай
айдап келатты. Эптеп эле
баскан болот. Жерден
топурактын кесеги
болобу, же малдын катый
түшкөн тезеги болобу,
деги колуна тийген неме
менен койдун артта
калгандарын ургулап
койот. Берки экөөнүн ан
сайын чый-пыйы чыгып
чыдамы кетип баратат.
Тезирээк кармап, күм-жам
кылыш керек эле. Өтө кеч
болуп кетти. Эптеп колго
тийсе ары-бери бурдай
калыш керек дагы кокту
ылдый чуркап отуруп
айылдын ылдый жагы
менен аккан чоң сууга
салып ийиш керек.
Болгону ушул. Деги
талаага бастырган
кишилерге жолугуп
калышпаса болду.
Ушунтип ар бир ирмемди
санапжатышты. Тим эле
шаштылары баягыдан да
кетип, бир орунга жата
албай калышкан. Койлор
болсо ого бетер каалгып
басаар басмаксан.
Тигилген төрт көз тиги
ыкшоолонуп келеткан
балада. Деги бир басып
койсо боло жарыбагыр…
Акыры күткөн убак да
келди. Жайыла баскан
койлор шашпай кыбырап
коктуга түшүп, алды нары
жакка өтүп кетти. Бала
болсо эми айдаган коюн
да унутуп калгансып арык
жээктеп жер карап
келатат. Жанагы таягын
артына сүйрөп алыптыр.
Учуна байлаган
коңгуроосу улам-улам
шыңгыраган болуп койот.
Ошол илкиген бойдон
коктунун кырына келди
да, бир дөңсөөрөөк жерге
чыгып туруп калды. Берки
экөө акырын эңилип
жакындай башташты.
Өткөндө чочуп калган
неме буларды көрсө
кудум ошондогудай
жеткирбей кетиши
мүмкүн. Башка бала
болгондо алдап эле
кармап алышпайт беле.
Айрыкча Нурик жер менен
жер болуп жылып
келетат. Коктунун кыры
менен дүңкүйө-дүңкүйө
өскөн чийлер ага жакшы
далдоо болду. Эптеп 20
кадамча жакындап алса
чуркап барып деле баса
калмак. Шамдагайлыгына
чен жок жигит болчу.
Бирок мына ыргып туруп
баса калам деп турганда
таптакыр күтпөгөн иш
болуп кетти. Жанатан
экөө дудук деп күтүп
аткан неме кудум тил бүтө
калгансып тээ тиги чоң
жол тарапты карап
кыйкырып берсе болобу.
Эми аттайм деп илбирсче
түйүлүп турган Нурик
тигинин кыйкырышы
менен жерге жалп этип
жабыша түштү.
Жабышпай анан.. Дудук
деп аткан бала
кадимкидей кыйкырып
сала бербедиби. Жанагы
коктунун кырындагы
дөңсөөгө туруп алып, тээ
өйдөрөөк кой жайып
чыккан курбусун чакырып
жатты ал…
Эми балээ болду… Эми
эмне кылыш керек?
Нуриктин артынан жерге
жабыша сойлоп келеткан
Боха тигинин дудук эмес
экендигине деле кайыл.
Жөн койсо барып эле баса
калганы турат. Тура калып
чуркай берээрде Нурик
аны кежигеден мыжыга
басты. Чынында бул
канчалык олбурлуу
көрүнгөнү менен өзүнөн
алда канча акылдуу, алда
канча шамдагай Нуриктен
тайсалдап турчу. Анын
үстүнө тапшырманы дагы
шеф дайыма Нурикке
тапшырчу. А жөн гана
кара күч, же бирөөнү
коркутуш керек болгондо
Бохадан өтөөрү жок эле.
Анын кебетесин көргөндө
эле далай адам ыштанын
булгап койчу. Кыскасы
бул күч турганда акылдын
кереги эмне деген
кемпайдын эле дал өзү.
Кемпайлыгы ушул да.
Шефи узатып атканда
«Колунда коңгуроо
байланган таягынан
тааныйсыңар» деп койгон
экен, мына эми колундагы
ошол таягына карап эле
кармап кеткени турат. А
анын дудукпу, дудук
эмеспи, иши да жок. Деги
муну кармап кеткенде
эмне?Айгак даана
көбөйгөнү турбайбы.
Тигил жакта чыныгы күбө
тирүү калганы аз
келгенсип, кенедей
айылдан кыска убакыттын
ичинде эки кылмыш
катталмак. Бүткүл
республиканын көңүлү
бурулуп калаар ушул
жакка. Мына анан дудук
эмес балакет болсо да
тиги баланы сүйлөтүшпөй
жаны жокпу алардын.
Баса десең… Ага эмне
болду экен? Эмнеге
келбей калды ал. Таң
атпай кой жайып чыгат
дешпеди беле. Атасы
койдон өлүп баратса
калтырбайт деп айтты эле
го деректир. Эми бул
эмнеси? Тиги бала
ансайын өчөшкөнсүп
кыйкырып атты.
- Кубаат! Ээй Кубаат!
Коюңду бери айдаа!
Экөөбүз чогуу
кайтарабыыз.
Нурик эми токтолгон да
жок. Кандай сойлоп келсе
кайра ошол бойдон артка
сойлоду. Анан бир маалда
коктунун таманы менен
бөкчөңдөй чуркады. Бир
топко ушунтип барган соң
бир жерге дүкүйө өскөн
чоң чийге далдалана
калып кайра алды-артын
карады. Кыязы буларды
байкаган, кууган куугунчу
жокпу деди окшойт.
Бирок жакын арада
көзүнө эч ким деле
чалдыга койгон жок. Тиги
бала болсо нары жакта
калган койлорун көздөй
баягыдай эле илкиген
бойдон басып
баратыптыр.
чыгып, айланага үрүл-
бүрүл жарык түшө
баштады. Демейде жай
күнү болгондо бул убакта
айлана канаттуулардын
жан эргите сайраганына
толуп, шаңга бөлөнүп
чыкмак. А азыркы сай
сөөктү сыздаткан суукта
канатуу да калбай калган
окшойт. Анда-санда ары-
бери учкан карга-кузгун
эле болбосо, асманда
канат серпкен бир да
жандык жоктой. Ушундай
жымжырт талаанын
тынчтыгын бузгусу
келбегенсип тээ айылдын
ылдыйкы тарабынан эки
жигит коктунун таманы
менен чыга келди. Экөө
анда-санда күңкүлдөшө
сүйлөшкөнү эле болбосо,
кабактарына кар жаап,
бир чети уйкудан
калганына нааразы болуп,
бир чети кыш боло элек
жатып сөөктөн өтүп
чучукка жеткен суукка
нааразы болуп үңкүйүп
келе жатышты. Булар
болжошкон жерге келип
коктунун боорунан
жайланышкан убакта
айлана дагы толугу менен
жарык болуп калды.
Бирок, күн дагы эле
уясынан чыга элек. Экөө
коктунун күңгөй бетинен
орун алып баштарын
койкойто чыгарып
айылды карап жатып
калышты. Бир маалда
күржүгүйү чөптүн
муздактыгына чыдай
албай сөгүнүп тура калды
да коктунун таманы менен
ары-бери баса кетти.
Чөнтөгүн аңтарып жатып
тамекисин сууруп чыгып
чычайта тиштеп жаңы эле
күйгүзмөкчү болду эле,
берки узуну артын
карабай туруп күңк этти.
- Тамеки тартканга
болбойт, Боха!
- Ой эми ал дудугуң
тамекинин жытын биле
калат дейсиңби?
- Балким билет. Балким
билбейт. Бирок, сен үчүн
шефке жооп бергим
келбейт. Бул жолу колдон
чыкса шеф башыбызды
кесип койот, эсиңде
болсун.
Күрсүгүйдүн эми такыр
эле жаны кашайып чыкты.
Тамекисин колуна
мыжыга кармап туруп
ыргытып таштады. Узуну
болсо камырабай гана
жата берди. Чынында тиги
баланын кой жайып чыга
турган убагы да болуп
калган. Эми колдон
келишинче сактанбаса
болбойт. Сактанбай анан.
Эптеп жарым саат чыдай
турса бул түйшүктүн
баары бүтөт эмеспи.
Кайдагы бир баланын
маселеси чечилбей
мээлерин эзип бүттү. Ошол
жолу болбой калгандан
күндөн бери шефи
үчөөндө тынч алып уктоо
деген жок. Айрыкча
экөөнө эле убал болду.
Шефи эстеген сайын
кыжынып, кыйкырып,
урушуп атып шайларын
оодарды. Дагы кечөө
мектепке келип кеткенден
бери бир аз жоошуп
калды. Баланын тубаса
дудук экени бир топ эле
санаасын тынчытты
окшойт. Ошентип бүгүн
минтип экөө бул жерге
дудукту кармап кеткени
келип отурат. Кечөө анын
таң атпай кой артынан
чыгаары тууралуу
маалымат алышпады
беле. Демек анын көзүн
тазалаганга таңкы ээн
талаадан өткөн сонун
шарт болмок эмес.
Бирок… Иш такыр
ойдогудай болбой,
булардын шаштысы
баштады. Улам-улам
дүрбүсүн көзүнө такап
айылдан талааны карай
чыга турган көчөсүн карай
берип тажады. Эми
Боханы тыймак тургай өзү
да кыжынууга өттү. Таң
атып, жерге жарык
кирмек тургай талаага мал
айдап чыккан кишилер да
пайда болду. Бир аздан
кийин болсо көчөлөрдө
бирин-серин мектепке
жөнөгөн балдар көрүндү.
Ушуларды көргөн сайын
Нуриктин заманасы
куурулуп баратты.
«Дудукка эмне болду
экен? Булардын келээрин
шекшип калышканбы? Же
бала бирөөгө айтып койду
бекен? Эч ким менен
сүйлөшө албайт дешпеди
беле? Жаңылыштыбы я?
…» Ушул сыяктуу ойлор
барган сайын мээсин жеп,
бир орунга тура албай
калды. Улам-улам тура
калып коктунун таманы
менен өйдө-ылдый басат.
Кайра жата калып айылга
дүрбү салат. Ал тургай тээ
тиги көчөнүн башындагы
мүрзөгө карай кеткен чоң
көчөнү да көз жаздымда
калтырган жок. Жок.
Дайын жок. Дегеле кой
айдап эч ким чыга элек.
Ушунтип турганда Боха
сүйүнүп кеткенсип
кыйкырып жиберди.
Нурик жаңы эле ордунан
туруп, ордуна берки
жаткан болчу.
- Тигине! Тигине чыгып
келетат!
- Кана-кана! Берчи
дүрбүнү. Ошо бекен?
Нурик Бохага катарлаша
жата калды да дүрбүнү
жулуп алып айылдан
чыгып келеткан койлорду
сыдыра карады. Кудум
экөөнө кычастык
кылгансып эки жээги жыш
тал менен тосулган
жолдон койлор бирден-
экиден шашпай чубап
жатты. Эми качан дудук
чыгаар экен деп экөө тим
эле кымылдайт. Акыры
койлор да чубап бүттү.
Кой артынан күттүргөн
дудук да чыкты. Жайыла
баскан койдун улам бир
жагын кайрып айдамыш
болуп, шашпай келатат.
Колуна баягы жылаажын
үндүү коңгуроо байланган
таягын кармап алган.
Уйкусу канбай калганбы,
же өзүнүн эле көңүлү
жокпу, айтор булардын
кыжырына тийип өтө жай
айдап келатты. Эптеп эле
баскан болот. Жерден
топурактын кесеги
болобу, же малдын катый
түшкөн тезеги болобу,
деги колуна тийген неме
менен койдун артта
калгандарын ургулап
койот. Берки экөөнүн ан
сайын чый-пыйы чыгып
чыдамы кетип баратат.
Тезирээк кармап, күм-жам
кылыш керек эле. Өтө кеч
болуп кетти. Эптеп колго
тийсе ары-бери бурдай
калыш керек дагы кокту
ылдый чуркап отуруп
айылдын ылдый жагы
менен аккан чоң сууга
салып ийиш керек.
Болгону ушул. Деги
талаага бастырган
кишилерге жолугуп
калышпаса болду.
Ушунтип ар бир ирмемди
санапжатышты. Тим эле
шаштылары баягыдан да
кетип, бир орунга жата
албай калышкан. Койлор
болсо ого бетер каалгып
басаар басмаксан.
Тигилген төрт көз тиги
ыкшоолонуп келеткан
балада. Деги бир басып
койсо боло жарыбагыр…
Акыры күткөн убак да
келди. Жайыла баскан
койлор шашпай кыбырап
коктуга түшүп, алды нары
жакка өтүп кетти. Бала
болсо эми айдаган коюн
да унутуп калгансып арык
жээктеп жер карап
келатат. Жанагы таягын
артына сүйрөп алыптыр.
Учуна байлаган
коңгуроосу улам-улам
шыңгыраган болуп койот.
Ошол илкиген бойдон
коктунун кырына келди
да, бир дөңсөөрөөк жерге
чыгып туруп калды. Берки
экөө акырын эңилип
жакындай башташты.
Өткөндө чочуп калган
неме буларды көрсө
кудум ошондогудай
жеткирбей кетиши
мүмкүн. Башка бала
болгондо алдап эле
кармап алышпайт беле.
Айрыкча Нурик жер менен
жер болуп жылып
келетат. Коктунун кыры
менен дүңкүйө-дүңкүйө
өскөн чийлер ага жакшы
далдоо болду. Эптеп 20
кадамча жакындап алса
чуркап барып деле баса
калмак. Шамдагайлыгына
чен жок жигит болчу.
Бирок мына ыргып туруп
баса калам деп турганда
таптакыр күтпөгөн иш
болуп кетти. Жанатан
экөө дудук деп күтүп
аткан неме кудум тил бүтө
калгансып тээ тиги чоң
жол тарапты карап
кыйкырып берсе болобу.
Эми аттайм деп илбирсче
түйүлүп турган Нурик
тигинин кыйкырышы
менен жерге жалп этип
жабыша түштү.
Жабышпай анан.. Дудук
деп аткан бала
кадимкидей кыйкырып
сала бербедиби. Жанагы
коктунун кырындагы
дөңсөөгө туруп алып, тээ
өйдөрөөк кой жайып
чыккан курбусун чакырып
жатты ал…
Эми балээ болду… Эми
эмне кылыш керек?
Нуриктин артынан жерге
жабыша сойлоп келеткан
Боха тигинин дудук эмес
экендигине деле кайыл.
Жөн койсо барып эле баса
калганы турат. Тура калып
чуркай берээрде Нурик
аны кежигеден мыжыга
басты. Чынында бул
канчалык олбурлуу
көрүнгөнү менен өзүнөн
алда канча акылдуу, алда
канча шамдагай Нуриктен
тайсалдап турчу. Анын
үстүнө тапшырманы дагы
шеф дайыма Нурикке
тапшырчу. А жөн гана
кара күч, же бирөөнү
коркутуш керек болгондо
Бохадан өтөөрү жок эле.
Анын кебетесин көргөндө
эле далай адам ыштанын
булгап койчу. Кыскасы
бул күч турганда акылдын
кереги эмне деген
кемпайдын эле дал өзү.
Кемпайлыгы ушул да.
Шефи узатып атканда
«Колунда коңгуроо
байланган таягынан
тааныйсыңар» деп койгон
экен, мына эми колундагы
ошол таягына карап эле
кармап кеткени турат. А
анын дудукпу, дудук
эмеспи, иши да жок. Деги
муну кармап кеткенде
эмне?Айгак даана
көбөйгөнү турбайбы.
Тигил жакта чыныгы күбө
тирүү калганы аз
келгенсип, кенедей
айылдан кыска убакыттын
ичинде эки кылмыш
катталмак. Бүткүл
республиканын көңүлү
бурулуп калаар ушул
жакка. Мына анан дудук
эмес балакет болсо да
тиги баланы сүйлөтүшпөй
жаны жокпу алардын.
Баса десең… Ага эмне
болду экен? Эмнеге
келбей калды ал. Таң
атпай кой жайып чыгат
дешпеди беле. Атасы
койдон өлүп баратса
калтырбайт деп айтты эле
го деректир. Эми бул
эмнеси? Тиги бала
ансайын өчөшкөнсүп
кыйкырып атты.
- Кубаат! Ээй Кубаат!
Коюңду бери айдаа!
Экөөбүз чогуу
кайтарабыыз.
Нурик эми токтолгон да
жок. Кандай сойлоп келсе
кайра ошол бойдон артка
сойлоду. Анан бир маалда
коктунун таманы менен
бөкчөңдөй чуркады. Бир
топко ушунтип барган соң
бир жерге дүкүйө өскөн
чоң чийге далдалана
калып кайра алды-артын
карады. Кыязы буларды
байкаган, кууган куугунчу
жокпу деди окшойт.
Бирок жакын арада
көзүнө эч ким деле
чалдыга койгон жок. Тиги
бала болсо нары жакта
калган койлорун көздөй
баягыдай эле илкиген
бойдон басып
баратыптыр.
#28 03 Июнь 2014 - 17:07
Бул жолу Кадыр да катуу
күтүлбөстүккө учурады.
Эртең менен дагы эрте
туруп кечинде даярдап
койгон анча-мынча
таттуусун алып баланы
тосо чыккан болчу. Бирок
аны канча күтсө да
кечээки убагында чыкпай
койду. Ал кечиккен сайын
Кадырдын ого бетер
чыйпыйы чыкты. Ал
тургай үйүнө барып
сурагысы да келди. «Эмне
болду экен бечара? Же
ооруп калды бекен? Же
бир жакка алып
кетиштиби? А кокус,
жанагы кылмышкерлер
алып кеткен болсочу?..»
Кадырдын минтип
чочулаганында да мандем
бар эле. Себеби буга
окшогон күбөлөрдү издеп
келип уурдап кетүү, же
жок дегенде көзүн
тазалап кетүү буга чейин
көп эле болгон.
Кыскасы ал ушунтип бир
топко санааркады. Эгер
балким эл туруп, ары-бери
басып калган убак
болгондо тартынбай эле
кирип сурап чыкмак.
Бирок азыр анте албады…
Кантип тебелеп кирип
барат? Тим эле кабар
айтчудай болуп, эл тура
электе кирип баруу кимге
жаксын? Айла жок
алыстан акмалап гана
тура берди. Бир маалда
топ-топ болуп окууга
шашкан балдар да өтө
баштады. Мына ошондо
чыкты баланын кою. Баса,
кечээ сурап жүрүп анын
атын тактаган болчу.
Бакыт деген жакшынакай
аты бар экен бечеранын.
Анысын дагы тиги
медпункутта балдарды
каттоого алган мед
айымдын архивинен
таптырды. А тиги
Сатыйларга барып
сурагысы да келген эмес.
Ал киши негедир эле
чочулап, кача берчү
болду. Баласына зыян
тийгизип койот деп
ойлойбу, же кандай, деги
түшүнүксүз. Оо бир топтон
кийин, качан элдин баары
туруп, кернейлерден
жагылган оттун түтүнү
бурулдап чыгып калганда
чыкты дудуктун койлору.
Артынан коңгуроосун
шыңгыратып өзү чыга
келди. Баса, бул жолу
негедир атасы Сатый да
айдашып алыптыр. Кадыр
алгач түшүнбөй калды. Оо
бир топто билди иштин
сырын. Көрсө бүгүн
дудуктун ордуна эки жаш
улуу агасы чыгыптыр кой
кайтарганы. Ошого атасы
кошо айдашып келеткан
тура.
- Тигил коктуну өрдөтүп
барып төшкө жай. Ошол
жактын чөбү жакшы.
Эптеп түшкө чейин карай
турсаң анан тиги дудукту
жиберем, – деп
баркылдап келатты Сатый.
Алардын сүйлөшкөнүн
угуп эле артка кетти.
Сатыйды дайыны жок
кызгандырып, жинине
тийгенден көрө түшкө
чейин күтө турганы эле
оң. Деги дудуктун аман
экенин билди. Болду,
санаасы тынч. Барып
тамактанып алып,
райондун борборуна
барып келе калышы
керек. Шектүү бирөө
кармалды дейт ал
жердеги кесиптештери.
Канат болуп чогуу
барышмай болду. Анын
машинасы бар. Кокус
иштин түйүнү чечилсе
кийинчерээк келет. Анда
бул баланы биротоло ала
кеткени келет. Болбосо,
түшкө чейин келип
калышаар.
Баса, дудуктун бүгүн
талаага чыкпай калганына
дагы өзү себеп болгонун
билген жок. Сатый
баягүнү тиги милициялар
баласын суракка алгандан
бери эле ичинен сестене
баштаган. Анан эми анысы
аз келгенсип кечинде
дудугу чөнтөгүнө толтура
таттуу момпосуйларды
салып жетип келиптир.
Башында буга ким берди
буларды деп көпкө
ойлонуп отурду. Акыры
бир топто барып араң
түшүндү. Демек, жанагы
милийса деген немелер
дагы эле сурака алып
аткан окшобойбу. Эми
коркутуп сүйлөшө
алышпаган соң, алдайлы
деп чечишкен окшойт.
Кечээ көчөдө туруп
айылдаштарынын
бирөөнөн борбордон
келген милиция талаада
жүрөт дегенин угуп күлүп
коюшкан. Көрсө ушуга
барып аткан тура.
- Деги кайдагы балээге
кабылды эле бул? Көрсө
көрдүм дебейт беле? Деги
көрсө эмне, көрбөсө
эмне?! Эмне ушу дудук
кармап берет беле
ишпиондорун? – деп бир
далайга түнөрүп отурду
ал. Акыры кемпирин
карап,
- Кой ушул ызы-чуу
бүткүчө баланы мектепке
жибере туралычы.
Болбосо булардын түрү
жаман. Балаңды окутуп
койбойсуңбу деп жалаа
жапкандан да кайра
тартпайт. Эртең жоопко
тартылып кетпейли.
Койду бир жумача берки
балдар деле карай турат,
– деп улуу баласына
жаңсай сүйлөдү. Аялы да
ого бетер кейип алды.
- Кайдагы кара саат чыга
калды эле? Бөөдө
балдарды окуудан
калтырып… Бири-бирин
өлтүрмөктөн бышырып
жесе деле ушул айылга
келбей эле коюшса эмне.
Талаада калгырлар.
Карачы эми… Тиги
Жолдубайга сүйлөшүп
бир класска кошо туруш
керек тигини. Бир айча
окута турса болду да.
Ошентип эле сүйлөшүш
керек эми.
- Ой кайдагы бир айча.
Кеткиче эле. Тетиги
милийсалар кеткиче эле
кошо турсун. Бир ай
дегенде койду ким
карайт? Азыр кесүүгө
кошконго да болбойт.
Жугуштуу оору деген көп.
Былтыр канча кой өлдү.
Кой сен дагы кошолонуп
кетпей. Бир жумача кошо
турсун. Анан кетээр тиги
шимшиген неме. Катын
баласы бардыр анын
дагы. Кудай урбадыбы…
Маселе ошентип тез эле
чечилген. Эртеси
Сатыйдын аялы дудугун
эптеп кийинтип алып
мектепке жетелеп
жөнөдү. Биротоло барып
улуу баласын да сурай
келмек. Бирок, мектеп
деле булардын дудугун
күтүп отурбаган экен.
Деректир дудук менен
апасын көрүп чок
баскансып секирип кетти.
«Э кокуй текшерүүчүнүн
жашыруун айтканы
буларга да жеткенби?»
деген ой мээсине шак дей
түштү тим эле. Көзүнө ошо
күнкү текшерүүчүнүн
каардуу элеси
тартылганда тим эле дене-
бою зырп этип алды.
- Ой силерге эмне болду?
Эмне келдиңер? – деди ал
учурашпай эле. Анын
минтип сирпилдегенине
Зуура көңүл буруп да
койгон жок.
- Бу балабызды окутканы
келдик эле.
- Кандайча окутканы?…
Эмнеге окутасыңар? Ким
айтты силерге? Ким?..
Деректир такыр эле
карбаластап калды. Кокус
чын эле тигилердин сөзү
буларга чейин жеткен
болсо, эртең жоопко өзү
да тартылып калышы
мүмкүн. «Баланын укугун
тебелеген неменин
жазадан качуусуна
жардам берген деген
оңой жаза эмес чыгаар.
Ансыз да буга
касташкандар көбөйүп
баратканда…»
- Эмнени ким айтты деп
атасыз? Биз өзүбүз эле
окуталы дедик.
Эми эмне деп жооп берет?
«Текшерүүчүнүн
айтканын ким айтты»
дейби? Же «окутпагыла,
силер мыйзамдан
качуунун шылтоосун
издеп атасыңар» дейби?
Эмне дейт деги? Акыры
карбаластап отуруп
чөнтөгүнөн бет аарчысын
таап чыгып чекесинин
терин сүрттү.
- Деги сиз ойлонсоңуз,
баланы ушул убакта
кантип окууга берсин?
Кайсы класска кошом мен
муну?
- Айланайын агай,
антпеңиз. Былтыр
биринчи класска
катталбады беле. Ошого
кошо туруңуз быйыл
деле.
- Экинчигеби? Ой мунуңар
тамга тааныбайт да керек
болсо.
- Ой мейли эми. Бир
жумача окута туруңузчу.
Анан тиги милийсалар
кеткенде эле кайра
чыгарып алабыз.
- Чыгарып алып кайда
алып барасыңар? Ого
бетер шекшине сурады
деректир.
- Эми көрөбүз да. Балким
шаарда майыптар үчүн
окуу жай бар дейт…
- Жок! Ага алып
барбайсыңар! Эч жакка
чыгарбагыла баланы!
- Ой, эмне болду сизге?
Анда сиз окутуңуз муну?
- Окутам. Өзүм окутам. Ушу
сөздү айтаарын айтып
алып кайра чочуп кетти.
«Эртең шаарга алып
баралы дегенде «өзүм
окутам» деп алып калган
десе эмне дейм? Таза
балээге калбаймбы
ошондо?…»
- Бир жумача окутам. Жо
эки жумача. Болду.
Милиция кеткиче
дейсиңерби? Макул
милиция кеткиче окутам.
- Аа болду. Бизге ошол эле
болот. Эми ойлосоңуз, биз
муну шаарга деле алып
бара албайбыз. Ага канча
акча керек. Андан көрө
эптепушу милийса кеткиче
окуп атат дедире
турсаңыз анан кийин
өзүбүз чечип алабыз да.
Ошондо гана «өхх» деди
берки.
- Аа ошондой
дебейсиңерби? Мен дагы
эмне болуп кетти дейм, –
деп жеңилдене отурду. –
Макул. Экинчи класска
кошуп койгула. Мени
айтты дегиле. Экинчи
сабакта мен да табыштап
койом.
- Рахмат, агай. Рахмат.
Ушундан кийинкиси оңой
эле уланды. Улуу баласын
бир жумага сурады эле
деректир чым этпей
уруксат бердирди.
«Эмнеге? Эмне болду?» деп
сурап да отурган жок.
Мындан дудукка эле
кыйын болду. Апасы муну
эмнеге бул жакка алып
келгенин, эмне кылыш
керек экенин билген да
жок. Жөн гана бас деген
жакка басып, отур деген
жерге отурууга аргасыз
болду. А апасы кеткенден
кийинки балдардын
шылдыңдаганын айтпай
эле кой. Биринчи
тыныгууда баары
тегеректеп алып, айласын
кетиришти. Бир
нерселерди жаңдап, ал
тургай кийиминен, тартып
да көрүп атышты. Анан
өздөрүнчө
ыржактагандарычы.
Байкуш дудукка ушунун
баары жат көрүнүп атты.
Өзүнөн-өзү корунуп,
басынып жаман болду.
Апасы отургузуп кеткен
жерден кечке чейин
кыймылдаган да жок. Бир
топто гана өзүнөн улуу
эжеси келип ээрчитип
кетти.
+++
күтүлбөстүккө учурады.
Эртең менен дагы эрте
туруп кечинде даярдап
койгон анча-мынча
таттуусун алып баланы
тосо чыккан болчу. Бирок
аны канча күтсө да
кечээки убагында чыкпай
койду. Ал кечиккен сайын
Кадырдын ого бетер
чыйпыйы чыкты. Ал
тургай үйүнө барып
сурагысы да келди. «Эмне
болду экен бечара? Же
ооруп калды бекен? Же
бир жакка алып
кетиштиби? А кокус,
жанагы кылмышкерлер
алып кеткен болсочу?..»
Кадырдын минтип
чочулаганында да мандем
бар эле. Себеби буга
окшогон күбөлөрдү издеп
келип уурдап кетүү, же
жок дегенде көзүн
тазалап кетүү буга чейин
көп эле болгон.
Кыскасы ал ушунтип бир
топко санааркады. Эгер
балким эл туруп, ары-бери
басып калган убак
болгондо тартынбай эле
кирип сурап чыкмак.
Бирок азыр анте албады…
Кантип тебелеп кирип
барат? Тим эле кабар
айтчудай болуп, эл тура
электе кирип баруу кимге
жаксын? Айла жок
алыстан акмалап гана
тура берди. Бир маалда
топ-топ болуп окууга
шашкан балдар да өтө
баштады. Мына ошондо
чыкты баланын кою. Баса,
кечээ сурап жүрүп анын
атын тактаган болчу.
Бакыт деген жакшынакай
аты бар экен бечеранын.
Анысын дагы тиги
медпункутта балдарды
каттоого алган мед
айымдын архивинен
таптырды. А тиги
Сатыйларга барып
сурагысы да келген эмес.
Ал киши негедир эле
чочулап, кача берчү
болду. Баласына зыян
тийгизип койот деп
ойлойбу, же кандай, деги
түшүнүксүз. Оо бир топтон
кийин, качан элдин баары
туруп, кернейлерден
жагылган оттун түтүнү
бурулдап чыгып калганда
чыкты дудуктун койлору.
Артынан коңгуроосун
шыңгыратып өзү чыга
келди. Баса, бул жолу
негедир атасы Сатый да
айдашып алыптыр. Кадыр
алгач түшүнбөй калды. Оо
бир топто билди иштин
сырын. Көрсө бүгүн
дудуктун ордуна эки жаш
улуу агасы чыгыптыр кой
кайтарганы. Ошого атасы
кошо айдашып келеткан
тура.
- Тигил коктуну өрдөтүп
барып төшкө жай. Ошол
жактын чөбү жакшы.
Эптеп түшкө чейин карай
турсаң анан тиги дудукту
жиберем, – деп
баркылдап келатты Сатый.
Алардын сүйлөшкөнүн
угуп эле артка кетти.
Сатыйды дайыны жок
кызгандырып, жинине
тийгенден көрө түшкө
чейин күтө турганы эле
оң. Деги дудуктун аман
экенин билди. Болду,
санаасы тынч. Барып
тамактанып алып,
райондун борборуна
барып келе калышы
керек. Шектүү бирөө
кармалды дейт ал
жердеги кесиптештери.
Канат болуп чогуу
барышмай болду. Анын
машинасы бар. Кокус
иштин түйүнү чечилсе
кийинчерээк келет. Анда
бул баланы биротоло ала
кеткени келет. Болбосо,
түшкө чейин келип
калышаар.
Баса, дудуктун бүгүн
талаага чыкпай калганына
дагы өзү себеп болгонун
билген жок. Сатый
баягүнү тиги милициялар
баласын суракка алгандан
бери эле ичинен сестене
баштаган. Анан эми анысы
аз келгенсип кечинде
дудугу чөнтөгүнө толтура
таттуу момпосуйларды
салып жетип келиптир.
Башында буга ким берди
буларды деп көпкө
ойлонуп отурду. Акыры
бир топто барып араң
түшүндү. Демек, жанагы
милийса деген немелер
дагы эле сурака алып
аткан окшобойбу. Эми
коркутуп сүйлөшө
алышпаган соң, алдайлы
деп чечишкен окшойт.
Кечээ көчөдө туруп
айылдаштарынын
бирөөнөн борбордон
келген милиция талаада
жүрөт дегенин угуп күлүп
коюшкан. Көрсө ушуга
барып аткан тура.
- Деги кайдагы балээге
кабылды эле бул? Көрсө
көрдүм дебейт беле? Деги
көрсө эмне, көрбөсө
эмне?! Эмне ушу дудук
кармап берет беле
ишпиондорун? – деп бир
далайга түнөрүп отурду
ал. Акыры кемпирин
карап,
- Кой ушул ызы-чуу
бүткүчө баланы мектепке
жибере туралычы.
Болбосо булардын түрү
жаман. Балаңды окутуп
койбойсуңбу деп жалаа
жапкандан да кайра
тартпайт. Эртең жоопко
тартылып кетпейли.
Койду бир жумача берки
балдар деле карай турат,
– деп улуу баласына
жаңсай сүйлөдү. Аялы да
ого бетер кейип алды.
- Кайдагы кара саат чыга
калды эле? Бөөдө
балдарды окуудан
калтырып… Бири-бирин
өлтүрмөктөн бышырып
жесе деле ушул айылга
келбей эле коюшса эмне.
Талаада калгырлар.
Карачы эми… Тиги
Жолдубайга сүйлөшүп
бир класска кошо туруш
керек тигини. Бир айча
окута турса болду да.
Ошентип эле сүйлөшүш
керек эми.
- Ой кайдагы бир айча.
Кеткиче эле. Тетиги
милийсалар кеткиче эле
кошо турсун. Бир ай
дегенде койду ким
карайт? Азыр кесүүгө
кошконго да болбойт.
Жугуштуу оору деген көп.
Былтыр канча кой өлдү.
Кой сен дагы кошолонуп
кетпей. Бир жумача кошо
турсун. Анан кетээр тиги
шимшиген неме. Катын
баласы бардыр анын
дагы. Кудай урбадыбы…
Маселе ошентип тез эле
чечилген. Эртеси
Сатыйдын аялы дудугун
эптеп кийинтип алып
мектепке жетелеп
жөнөдү. Биротоло барып
улуу баласын да сурай
келмек. Бирок, мектеп
деле булардын дудугун
күтүп отурбаган экен.
Деректир дудук менен
апасын көрүп чок
баскансып секирип кетти.
«Э кокуй текшерүүчүнүн
жашыруун айтканы
буларга да жеткенби?»
деген ой мээсине шак дей
түштү тим эле. Көзүнө ошо
күнкү текшерүүчүнүн
каардуу элеси
тартылганда тим эле дене-
бою зырп этип алды.
- Ой силерге эмне болду?
Эмне келдиңер? – деди ал
учурашпай эле. Анын
минтип сирпилдегенине
Зуура көңүл буруп да
койгон жок.
- Бу балабызды окутканы
келдик эле.
- Кандайча окутканы?…
Эмнеге окутасыңар? Ким
айтты силерге? Ким?..
Деректир такыр эле
карбаластап калды. Кокус
чын эле тигилердин сөзү
буларга чейин жеткен
болсо, эртең жоопко өзү
да тартылып калышы
мүмкүн. «Баланын укугун
тебелеген неменин
жазадан качуусуна
жардам берген деген
оңой жаза эмес чыгаар.
Ансыз да буга
касташкандар көбөйүп
баратканда…»
- Эмнени ким айтты деп
атасыз? Биз өзүбүз эле
окуталы дедик.
Эми эмне деп жооп берет?
«Текшерүүчүнүн
айтканын ким айтты»
дейби? Же «окутпагыла,
силер мыйзамдан
качуунун шылтоосун
издеп атасыңар» дейби?
Эмне дейт деги? Акыры
карбаластап отуруп
чөнтөгүнөн бет аарчысын
таап чыгып чекесинин
терин сүрттү.
- Деги сиз ойлонсоңуз,
баланы ушул убакта
кантип окууга берсин?
Кайсы класска кошом мен
муну?
- Айланайын агай,
антпеңиз. Былтыр
биринчи класска
катталбады беле. Ошого
кошо туруңуз быйыл
деле.
- Экинчигеби? Ой мунуңар
тамга тааныбайт да керек
болсо.
- Ой мейли эми. Бир
жумача окута туруңузчу.
Анан тиги милийсалар
кеткенде эле кайра
чыгарып алабыз.
- Чыгарып алып кайда
алып барасыңар? Ого
бетер шекшине сурады
деректир.
- Эми көрөбүз да. Балким
шаарда майыптар үчүн
окуу жай бар дейт…
- Жок! Ага алып
барбайсыңар! Эч жакка
чыгарбагыла баланы!
- Ой, эмне болду сизге?
Анда сиз окутуңуз муну?
- Окутам. Өзүм окутам. Ушу
сөздү айтаарын айтып
алып кайра чочуп кетти.
«Эртең шаарга алып
баралы дегенде «өзүм
окутам» деп алып калган
десе эмне дейм? Таза
балээге калбаймбы
ошондо?…»
- Бир жумача окутам. Жо
эки жумача. Болду.
Милиция кеткиче
дейсиңерби? Макул
милиция кеткиче окутам.
- Аа болду. Бизге ошол эле
болот. Эми ойлосоңуз, биз
муну шаарга деле алып
бара албайбыз. Ага канча
акча керек. Андан көрө
эптепушу милийса кеткиче
окуп атат дедире
турсаңыз анан кийин
өзүбүз чечип алабыз да.
Ошондо гана «өхх» деди
берки.
- Аа ошондой
дебейсиңерби? Мен дагы
эмне болуп кетти дейм, –
деп жеңилдене отурду. –
Макул. Экинчи класска
кошуп койгула. Мени
айтты дегиле. Экинчи
сабакта мен да табыштап
койом.
- Рахмат, агай. Рахмат.
Ушундан кийинкиси оңой
эле уланды. Улуу баласын
бир жумага сурады эле
деректир чым этпей
уруксат бердирди.
«Эмнеге? Эмне болду?» деп
сурап да отурган жок.
Мындан дудукка эле
кыйын болду. Апасы муну
эмнеге бул жакка алып
келгенин, эмне кылыш
керек экенин билген да
жок. Жөн гана бас деген
жакка басып, отур деген
жерге отурууга аргасыз
болду. А апасы кеткенден
кийинки балдардын
шылдыңдаганын айтпай
эле кой. Биринчи
тыныгууда баары
тегеректеп алып, айласын
кетиришти. Бир
нерселерди жаңдап, ал
тургай кийиминен, тартып
да көрүп атышты. Анан
өздөрүнчө
ыржактагандарычы.
Байкуш дудукка ушунун
баары жат көрүнүп атты.
Өзүнөн-өзү корунуп,
басынып жаман болду.
Апасы отургузуп кеткен
жерден кечке чейин
кыймылдаган да жок. Бир
топто гана өзүнөн улуу
эжеси келип ээрчитип
кетти.
+++
#29 04 Июнь 2014 - 00:39
Ал күнү Кадыр дудук
менен дагы жолукту.
Бирок, бул жолу бала көп
деле качкан жок. Алгач
чочулаганы менен
балалык ышкысы
күчтүүлүк кылып кетти.
Анан калса Кадыр тиги
райондук борбордон
атайын даярдана келген
болчу. Колундагы
баштыкта алма-салма, чет
өлкөнүн шоколаддарын,
шире ала келген.
Койлордун берки четине
жакындап келип отурду
да жерге ала келген
газетасын коюп, үстүн
жанагылар менен
жайнатып салды. Анан
өзү нары басып кетти.
Койдун наркы четинде
карап турган бала бир топ
кыйылып турду да, бир
маалда акырын жакындап
келип отура калып жей
баштады. Бул убакта
Кадыр шашпай басып
койлорду бир сыйра
тегеренип чыкты. Тээ
ылдый бөлүнүп бараткан
эчкилерди бери үркүтүп,
койго кошту. Анан кайра
жымыңдай басып
баланын жанына келди.
Байкуш жедеп ар кимден
корунуп, жалтаң өскөн
неме Кадыр келгенде да
башын жерге салып,
күнөөлүүдөй үңкүйүп
отурду. Бирок мурдагыдай
тура качкан жок. Кадыр
ичинен кубанып кетти.
Бул өтө чоң жетишкендик
болчу. Эптеп бала менен
достошуп алса болот эле.
Анын сырын айттырыш
үчүн достуктан башканын
кереги жок болчу. Мына
эми ошол максатка
жетээрине аз эле калды.
Кадыр жерге жүйүртө
басып отуруп ширенин
кутусун алып, жанындагы
желим чөйчөктүн
бирөөнө толтура куюп
жарымына чейин жутту.
Анан тиги баланын
чөйчөгүн да толтуруп ага
сунду. Бала бир аз
кысынып турду да анан
колуна кармады. Андан
кийин Кадыр алмадан
кесип бере баштады.Бара-
бара бала тартынбай эле
сунганын алып жеп
кирди. Кыскасы бул күнү
Кадыр айылга көңүлдүү
келди. Бир топко чейин
бала менен чогуу болуп,
койлорун тосушту. Анча-
мынча сүйлөшкөнгө да
аракет кылды. Бирок,
натыйжа чыгара алган
жок. Албетте биринчи эле
күнү сүйлөшө калам деп
ойлогон деле эмес.
Бүгүнкү күнү таанышып,
көнүшкөнгө эле
жетишсем экен деген
болчу. Ошонусу ишке
ашты. Кудайга шүгүр.
Кийинки күнү да ушундай
эле болду. Бала дагы
түшкө чейин сабакта
болду да сабактан кийин
койлоруна келди. Анын
артынан эле Кадыр жете
келди. Бул жолу ал
Канаттын үйүнөн ысык
тамак, нан, каймак,
термоско чай куйдура
келиптир. Албетте алма-
салма, таттуусун да
унуткан жок. Балага
баарынан ушулар жакын
эмеспи. Бирок күздүн
суусугунда ага жагат деп
эле таттуу бере бербей,
курсагын тойгузаар
бирдеме да берейин деген
болчу. Ошентип экөө
талаага отуруп алып
жакшылап
тамактанышты. Байкуш
дудук эми чочулабай
калыптыр. Тамакты да
жакшы жеди. Улам
алыстай баскан койлорду
тосмолойт дагы кайра
келип Кадырдын жанына
эпейип отуруп калат. Бул
көрүнүш кийинки күнү
дагы кайталанды. Экөө
эми кадимкидей эле чогуу
отуруп тамактана
баштады. Курсактары
тоюп отуруп калган кезде
Кадыр ала келген
папкасын ачып балдар
үчүн бир эки журнал, бир
сүрөттүү китеп, эки
альбом жана жыйырма-
отуздай эндей сүрөт алып
чыкты. Бул альбом менен
сүрөттөрдү Канаттын
үйүнөн алган. Алардын
үй-бүлөлүк альбому
мененбалдарынын өзүнчө
альбому бар экен. Берки
бош сүрөттөрдү болсо
Канаттын аялы аркылуу
кошуналарынан,
жакшыраак катышкан
теңтуштарынан
чогулттурду. Атайын
баланы тартыш
үчүнкызыктууларын
тандап кошушту. Андан
кийин альбомдун арасына
да, бош сүрөттөрдүн
арасына да шектүү
кылмышкерлердин,
издөөдөгү адамдардын
сүрөттөрүн аралаштырып
коюшту. Албетте мындай
коркунучтуу адамдарды
чогултуп туруп балага
берип койгондо аны
чочутуп алышмак. Андан
көрө аларды көп сүрөттүн
арасына салып коюшса
бала тааныбагандарын
жөн эле карап өтүп кете
бермек. Эгер чын эле өзү
тааныган кылмышкерди
көрсө анда сөзсүз
бирбашкача
чочулооболушу мүмкүн.
Демек Кадыр дудуктун ар
бир сүрөткө кылган
мамилесин байкап
отурушу керек болчу.
Анын бир да кыймылын
жаза кетирбеш керек. Бул
эң негизги чечүүчү
убакыт. Эгер ушулардын
ичинен бирөө болуп
калса, анда иш бир кыйла
жеңилдемек.
Баары ойдогудай уланды.
Бала сүрөттүү китепти да,
журналды да барактап
чыкты. Андан кийин
Кадыр ага өзү да көрүмүш
болуп альбомдорду ачып
жылдыра баштады.
Керээли кечке эриккен
неме сүрөттөрдү бирин
калтырбай карап отурду.
Ал тургай Канаттын
кичине баласын көрүп
жылмайып да алды.
Кантсе да бала эмеспи. Өзү
теңдүү баланын
кубанычтуу сүрөттөрү
анын да көңүлүн көтөрүп
жатты. Кадыр ага андан
кийин тиги Канаттын аялы
чогулткан сүрөттөрдү
суна баштады. Дудук
буларды да кызыга карап
отурду. Кадыр эми
кылмышкерлерди да
аралаштыра баштады.
Бирок, дудукта өзгөрүү
жок. Катардагы эле
адамдарды көрүп
аткансып нары койо
берди. Мына аягына да
чыкканы калышты.
Кезекте эки кылмышкер
аралашкан он чакты эле
сүрөт калды. Кадыр дагы
эки жөнөкөй сүрөт сунду
да үчүнчү кылып бир
кылмышкерди
жылдырды. Кантсе да эс
тутуму күчтүү бала эмеспи,
дароо эле тааныды.
Тааныганда да кандай?
Сүрөттү бир карады да
дароо башын көтөрүп
Кадырга жалжылдай
карады. Ичинде «бул
эмнең?» деген ой турдубу,
же «муну эмне алып
келдиң?» дедиби айтор
суроолуу көздөр аны
жалжылдай карап, бир
саам тигилген бойдон
кала берди. Бирок
ошондой эле суроого
толгон көздөр Кадырда да
бар болчу. Ал да баланын
көзүнө тигиле карап, «чын
эле ушулбу?» дегенсип
жалжылдай карап турду.
Акыры дудук
колундагысын таштап
ийди да эми Кадырга да
ишенбей калгансып
кетенчиктеп барып,
отуруп калды.
Кадыр болсо бир
кубанып, бир чочулап
отурду. Кубанганы иштин
түйүнү аз да болсо
чечилгени. Чочуганы
болсо Кыргызстандан
чыгып кетти деген
коркунучтуу
кылмышкердин так эле
алдынан чыга келгени…
Сүрөттү кармаган бойдон
бир саам отуруп калды.
«Демек бул келген экен
да» деп жатты ичинен. Ал
тууралуу баардык
маалыматтарды көз
алдына жандандырып
эстөөгө аракет кылып
жатты. «Өз аты Кайрат
болсо керек эле. Кайрат
Жумагулов. Башкаларга
Карышкыр деген аты
менен таанымал. Мурда 2
жолу соттолгон. Кийин
«ден соолугуна
байланыштуу» деген
шылтоо менен азаттыкка
чыгарылып, ошол бойдон
Кыргызстандан чыгып
кеткен. Бул убагында өтө
чоң кылмышкер болчу.
Бирок, акыркы убакта
кылмыш дүйнөсүндөгү
аброю таптакыр
ылдыйлап кеткен. Ал
тургай мунун ордун
башкалар ээледи, эми
алар Кайратты жолотпойт
деген имиш да чыккан.
Бирок, мунун баары бир
келээрин болжоп, коркуп
отургандар да жок эмес.
Демек ошолордун
ойлогону келген экен.
Балким келип эле жолун
тазалап киргендир… Эх-х
Карышкыр, Карышкы-ыр.
Эми кайда качып кутулаар
экенсиң? Ден-соолугуң
шылтоо боло албас эми…»
Башын көтөрүп дудукту
карады. Корко
баштаганбы, же ошол
күндү эстедиби, айтор
көздөрү алаңдап, куп-куу
болуп отуруптур. Кадыр
дароо мостойо түшкөн
жүзүн өзгөртүп, баланы
жылмая карады. Анан
алдындагы жайнаган
сүрөттөрдү жыйнап
папкасына салып,
китептерди, журналды
калтырып койду.
Алдындагы момпосуйдан
бирди алып, сыртын
аарчып балага сунду.
Тигил бир топко эмне
кылсам деп тиктеди да,
сунулуп турган колду кыя
албагансып акырын
кыймылдап момпосуйду
алды.
менен дагы жолукту.
Бирок, бул жолу бала көп
деле качкан жок. Алгач
чочулаганы менен
балалык ышкысы
күчтүүлүк кылып кетти.
Анан калса Кадыр тиги
райондук борбордон
атайын даярдана келген
болчу. Колундагы
баштыкта алма-салма, чет
өлкөнүн шоколаддарын,
шире ала келген.
Койлордун берки четине
жакындап келип отурду
да жерге ала келген
газетасын коюп, үстүн
жанагылар менен
жайнатып салды. Анан
өзү нары басып кетти.
Койдун наркы четинде
карап турган бала бир топ
кыйылып турду да, бир
маалда акырын жакындап
келип отура калып жей
баштады. Бул убакта
Кадыр шашпай басып
койлорду бир сыйра
тегеренип чыкты. Тээ
ылдый бөлүнүп бараткан
эчкилерди бери үркүтүп,
койго кошту. Анан кайра
жымыңдай басып
баланын жанына келди.
Байкуш жедеп ар кимден
корунуп, жалтаң өскөн
неме Кадыр келгенде да
башын жерге салып,
күнөөлүүдөй үңкүйүп
отурду. Бирок мурдагыдай
тура качкан жок. Кадыр
ичинен кубанып кетти.
Бул өтө чоң жетишкендик
болчу. Эптеп бала менен
достошуп алса болот эле.
Анын сырын айттырыш
үчүн достуктан башканын
кереги жок болчу. Мына
эми ошол максатка
жетээрине аз эле калды.
Кадыр жерге жүйүртө
басып отуруп ширенин
кутусун алып, жанындагы
желим чөйчөктүн
бирөөнө толтура куюп
жарымына чейин жутту.
Анан тиги баланын
чөйчөгүн да толтуруп ага
сунду. Бала бир аз
кысынып турду да анан
колуна кармады. Андан
кийин Кадыр алмадан
кесип бере баштады.Бара-
бара бала тартынбай эле
сунганын алып жеп
кирди. Кыскасы бул күнү
Кадыр айылга көңүлдүү
келди. Бир топко чейин
бала менен чогуу болуп,
койлорун тосушту. Анча-
мынча сүйлөшкөнгө да
аракет кылды. Бирок,
натыйжа чыгара алган
жок. Албетте биринчи эле
күнү сүйлөшө калам деп
ойлогон деле эмес.
Бүгүнкү күнү таанышып,
көнүшкөнгө эле
жетишсем экен деген
болчу. Ошонусу ишке
ашты. Кудайга шүгүр.
Кийинки күнү да ушундай
эле болду. Бала дагы
түшкө чейин сабакта
болду да сабактан кийин
койлоруна келди. Анын
артынан эле Кадыр жете
келди. Бул жолу ал
Канаттын үйүнөн ысык
тамак, нан, каймак,
термоско чай куйдура
келиптир. Албетте алма-
салма, таттуусун да
унуткан жок. Балага
баарынан ушулар жакын
эмеспи. Бирок күздүн
суусугунда ага жагат деп
эле таттуу бере бербей,
курсагын тойгузаар
бирдеме да берейин деген
болчу. Ошентип экөө
талаага отуруп алып
жакшылап
тамактанышты. Байкуш
дудук эми чочулабай
калыптыр. Тамакты да
жакшы жеди. Улам
алыстай баскан койлорду
тосмолойт дагы кайра
келип Кадырдын жанына
эпейип отуруп калат. Бул
көрүнүш кийинки күнү
дагы кайталанды. Экөө
эми кадимкидей эле чогуу
отуруп тамактана
баштады. Курсактары
тоюп отуруп калган кезде
Кадыр ала келген
папкасын ачып балдар
үчүн бир эки журнал, бир
сүрөттүү китеп, эки
альбом жана жыйырма-
отуздай эндей сүрөт алып
чыкты. Бул альбом менен
сүрөттөрдү Канаттын
үйүнөн алган. Алардын
үй-бүлөлүк альбому
мененбалдарынын өзүнчө
альбому бар экен. Берки
бош сүрөттөрдү болсо
Канаттын аялы аркылуу
кошуналарынан,
жакшыраак катышкан
теңтуштарынан
чогулттурду. Атайын
баланы тартыш
үчүнкызыктууларын
тандап кошушту. Андан
кийин альбомдун арасына
да, бош сүрөттөрдүн
арасына да шектүү
кылмышкерлердин,
издөөдөгү адамдардын
сүрөттөрүн аралаштырып
коюшту. Албетте мындай
коркунучтуу адамдарды
чогултуп туруп балага
берип койгондо аны
чочутуп алышмак. Андан
көрө аларды көп сүрөттүн
арасына салып коюшса
бала тааныбагандарын
жөн эле карап өтүп кете
бермек. Эгер чын эле өзү
тааныган кылмышкерди
көрсө анда сөзсүз
бирбашкача
чочулооболушу мүмкүн.
Демек Кадыр дудуктун ар
бир сүрөткө кылган
мамилесин байкап
отурушу керек болчу.
Анын бир да кыймылын
жаза кетирбеш керек. Бул
эң негизги чечүүчү
убакыт. Эгер ушулардын
ичинен бирөө болуп
калса, анда иш бир кыйла
жеңилдемек.
Баары ойдогудай уланды.
Бала сүрөттүү китепти да,
журналды да барактап
чыкты. Андан кийин
Кадыр ага өзү да көрүмүш
болуп альбомдорду ачып
жылдыра баштады.
Керээли кечке эриккен
неме сүрөттөрдү бирин
калтырбай карап отурду.
Ал тургай Канаттын
кичине баласын көрүп
жылмайып да алды.
Кантсе да бала эмеспи. Өзү
теңдүү баланын
кубанычтуу сүрөттөрү
анын да көңүлүн көтөрүп
жатты. Кадыр ага андан
кийин тиги Канаттын аялы
чогулткан сүрөттөрдү
суна баштады. Дудук
буларды да кызыга карап
отурду. Кадыр эми
кылмышкерлерди да
аралаштыра баштады.
Бирок, дудукта өзгөрүү
жок. Катардагы эле
адамдарды көрүп
аткансып нары койо
берди. Мына аягына да
чыкканы калышты.
Кезекте эки кылмышкер
аралашкан он чакты эле
сүрөт калды. Кадыр дагы
эки жөнөкөй сүрөт сунду
да үчүнчү кылып бир
кылмышкерди
жылдырды. Кантсе да эс
тутуму күчтүү бала эмеспи,
дароо эле тааныды.
Тааныганда да кандай?
Сүрөттү бир карады да
дароо башын көтөрүп
Кадырга жалжылдай
карады. Ичинде «бул
эмнең?» деген ой турдубу,
же «муну эмне алып
келдиң?» дедиби айтор
суроолуу көздөр аны
жалжылдай карап, бир
саам тигилген бойдон
кала берди. Бирок
ошондой эле суроого
толгон көздөр Кадырда да
бар болчу. Ал да баланын
көзүнө тигиле карап, «чын
эле ушулбу?» дегенсип
жалжылдай карап турду.
Акыры дудук
колундагысын таштап
ийди да эми Кадырга да
ишенбей калгансып
кетенчиктеп барып,
отуруп калды.
Кадыр болсо бир
кубанып, бир чочулап
отурду. Кубанганы иштин
түйүнү аз да болсо
чечилгени. Чочуганы
болсо Кыргызстандан
чыгып кетти деген
коркунучтуу
кылмышкердин так эле
алдынан чыга келгени…
Сүрөттү кармаган бойдон
бир саам отуруп калды.
«Демек бул келген экен
да» деп жатты ичинен. Ал
тууралуу баардык
маалыматтарды көз
алдына жандандырып
эстөөгө аракет кылып
жатты. «Өз аты Кайрат
болсо керек эле. Кайрат
Жумагулов. Башкаларга
Карышкыр деген аты
менен таанымал. Мурда 2
жолу соттолгон. Кийин
«ден соолугуна
байланыштуу» деген
шылтоо менен азаттыкка
чыгарылып, ошол бойдон
Кыргызстандан чыгып
кеткен. Бул убагында өтө
чоң кылмышкер болчу.
Бирок, акыркы убакта
кылмыш дүйнөсүндөгү
аброю таптакыр
ылдыйлап кеткен. Ал
тургай мунун ордун
башкалар ээледи, эми
алар Кайратты жолотпойт
деген имиш да чыккан.
Бирок, мунун баары бир
келээрин болжоп, коркуп
отургандар да жок эмес.
Демек ошолордун
ойлогону келген экен.
Балким келип эле жолун
тазалап киргендир… Эх-х
Карышкыр, Карышкы-ыр.
Эми кайда качып кутулаар
экенсиң? Ден-соолугуң
шылтоо боло албас эми…»
Башын көтөрүп дудукту
карады. Корко
баштаганбы, же ошол
күндү эстедиби, айтор
көздөрү алаңдап, куп-куу
болуп отуруптур. Кадыр
дароо мостойо түшкөн
жүзүн өзгөртүп, баланы
жылмая карады. Анан
алдындагы жайнаган
сүрөттөрдү жыйнап
папкасына салып,
китептерди, журналды
калтырып койду.
Алдындагы момпосуйдан
бирди алып, сыртын
аарчып балага сунду.
Тигил бир топко эмне
кылсам деп тиктеди да,
сунулуп турган колду кыя
албагансып акырын
кыймылдап момпосуйду
алды.
#30 04 Июнь 2014 - 00:52
Эртеси күнү Кадыр үчүн
дагы ийгиликтүү болду.
Ал бул жолу балага
кишилердин эмес
машиналардын
сүрөттөрүн алып келди.
Мурдагыдай жашырып
жаап, алаксытып отурбай
түз эле машиналарды
көргөзө баштады. Бала
башында дулдуюп
сүйлөбөй отура берди.
Бирок, Кадыр дагы
көшөргөнүн койбоду.
Улам бир машинанын
сүрөтүн көргөзүп,
алдынатосо кармайт дагы
кайра нары коюп койот.
Акыры бала чыдабай
кеттиби же, жардам
бергиси келдиби айтор
бир маалда акырын колун
сунуп кара
жолтандабастын сүрөтүн
беркинин колунан алды
да бир саам карап туруп
«ушул» дегенсип
Кадырдын алдына
таштады.
Кадыр ичинен дагы бир
жолу жым дей түштү.
«Уурунун көчүгү кууш
деген ушул. Мына
машинасынын үлгүсү да
табылды. Эми кармаш
керек каапырды» деп
кымылдап отурду ал.
Кечээки алган
маалыматын сураштырып
түз эле борбордо иштеген
жакшы мамилелеш оперге
чалган. Бирок,
Карышкырдын келгени
тууралуу аларда деле
маалымат жок экен.
«Балким жаңы келгендир?
Же жаңылып калбасын
тиги балаң?» – деп
күмөндөнүп койду ал
досу. Ошентсе да
Кадырдын суранычы
менен дагы жакшылап
иликтеп көрүүнү чечти.
Албетте, алардын колунда
кылмыш дүйнөсүндөгү
жөргөмүштүн жөтөлгөнүн
туя турган кулактар бар.
Ошондойдон бир-экини
кармап келип катуу
кысмакка алса эле сайрап
беришет эмеспи. Деги,
баары бир кимдин
келгени, кимдин кеткени
билинет дечи. Бирок, бул
жерде адам өмүрү турган
соң шашпаса болбойт.
Андай шүмшүктөрдүн бир
күн азат жүргөнү бир
канча адамдын башына
туулган коркунуч. Кадыр
бүгүн да маалыматын
чогултуп түнү менен
болсо да ошол досуна
байланышмак. Эгер андан
оң жооп келсе, анда түз
эле начальнигине кабар
бериш керек дагы,
баланы тыкыр суроого
алыш үчүн шаарга алып
кетиш керек. Андай так
маалымат жок алып баруу
тиги кежир начальниктин
гана кыжырын козгойт.
Ансыз деле өчөшүп
жүргөн неме ого бетер
айласын кетирет мунун.
Алдына далилдерди
койгондо гана жооп таба
албай калат эмеспи.
Кадыр, эми бүгүн да ала
келип жайып койгон
алмадан алып керте
тиштеп ойлонуп отуруп
калды. Дудук болсо
жанында таягынын учу
менен жер чукуп отурган.
Бир саам ойго батып
кеткен экен, бир маалда
эсине келип, эми турсамбы
деп карай бергенде дудук
өзүн жалжылдай карап
турганын байкады.
Кебетесинде кандайдыр
бир нерсени айтайын
дегендей түрү бар.
- Эмне болду? – деп башын
суроолу ийкеди. Бала
шып этип артка жыла
берип жаңы эле чукулап
отурган жерин көргөздү.
Кадыр биринчи түшүнгөн
жок.
- Эмне курт бар бекен? –
деп баланы кайра карады.
Анан ордунан туруп
барып тиги көргөзгөн
жерди үңүлө тиктеди.
Чөбү таяк менен
такырайта кырылып буту
менен тапталган жерде
кандайдыр бир жазуулар
тургансыйт. Алгач көргөн
көзүнө ишене алган жок.
Бир топко карап атып
араң тааныды.
«D1100L»дегенге же
«D1100С» дегенге окшош
жазылган экен.
- Машинасынын
номурубу? – деп сүйүнө
карады баланы. Бирок
тиги өзүнө тигиле
карагандан башка жооп
бере алган жок. Шашып-
бушуп чөнтөгүнөн
телефонун сууруп чыгып
чалып иймек болуп
баратып кайра токтоду.
- Бул биринчи тамга Обу
же Дбы? Акыркы тамга да
так эмес…
Анан эки жагын карай
калып жакыныраак
жерде турган чычкандын
ийинин көрдү. Топурагын
тим эле дөбө кылып үйүп
коюптур. Ошого жетип
барып нары бери
топурагын жайып, таптап
жиберди да баланы өзүнө
чакырды. Нарыраак
турган бир түп ит
мурундун бадалынан
айланып жүрүп тикенеги
жок чырпык таап
сындырып келе калды.
Дудук деле анын оюн
түшүнүп турган окшойт.
Тиги чыбыкты сунаары
менен алды да эки колдоп
эпсиз кармай калып
акырындык менен жазып
кирди. Мектепке кечээтен
бери барып, партага
отуруп атканы менен
колуна калем кармап
көрбөгөн неме жазганды
деле, тамганы деле билчү
эмес. Болгону ошол күнкү
эстеп калган машинанын
артындагы номурду
кандай көрсө так
ошондой чийип бергенге
аракет кылып жатты.
Анын мынчалык эске
тутуусу күчтүү экенин ким
билиптир. Эптеп көргөн
кишисин тааныса экен деп
отурбады беле. Ошондо
гана ал тууралуу
Канаттын айткадарын
эстеди. «Ал бир көргөн
немесин унутпайт экен. Ал
тургай оп-окшош
койлорду да бири-
биринен ажыратып
тааный алат. Кайсы козу
кайсы койдун баласы
экенин 2 жылдан кийин
да таап бере алат» деген
болчу. Көрсө чын экен да.
Мына эми карачы.
Тигинтип бир көргөн
номерди жазып атканын.
Дудук тиги такырга эми
шашпай, ар бир тамгага
кылдат мамиле кылып
жазып чыкты. Биринчиси
латынча D экени белгилүү.
Экинчиси менен үчүнчүсү
болсо тигинен сызылган
таякчалар. Демек 11. А
үчүнчү менен төртүнчү
тоголок. Ушу акыркысы
гана баш жагы түзүрөөк,
бирок аягы кайрылгансып
турат. С эле болсо керек.
Акыры кандай болсо да
борборго кабар бермей
болду. Баягы опер досуна
чалып, «D1100C» деген
номердеги джип
машинасы кимге
катталганын, кайда
болгонун тактап берүүсүн
өтүндү.
Арадан жарым саат деле
өткөн жок. Ыкчам
кыймылдаган экен досу.
Телефону
шыңгыраганынан алса
ошол.
- Ой, тиги балаң акыл-эси
ордунда немеби?, – деди
ал шылдыңдай күлүп. –
Аны ээрчип убара болбой
эле койсоңчу я?
- Эмне болуп кетти анча?
Же эмне таппай
койдуңбу?
- Таптым, таппагыдай
эмнеси бар экен. Аның
тиги Жалал-Абаддын
машинасы экен.
Сураштырып отуруп ал
жакка да чалбадымбы.
- Анан бар бекен?
- Бар болгондо да кандай.
Тим эле килейген джип
экен аның. Кытылдай
күлүп койду.
- Кандайча килейген?
Эмнесине күлүп атасың
анын?
- Жанагы Гүлжигиттин
ырын уктуң беле?
«Чоңойгондо джип болом,
джип болом» деген?
- Э билбейм аныңды?
Гүлжигитиңди да
тааныбайм. Берки
машинаны айтчы аны
коюп.
- Анда угуп коюшуң керек
экен досум. Бул айткан
машинаң ошентип ырдап
коюп Жалал-Абадда
жүрөт.
- Ой кокуй оой,
маалкатпай айтчы эми.
Эмне эле деп атасың? Бар
бекен же жок бекен?
- Тико экен досум, тиикоо.
Ал номер менен катталган
Жалал-Абад боюнча бир
эле тико бар экен.
- Койсоң?
- Койбой эле. Карышкыр
Жалал-Абадда тико менен
жүрөт «чоңойгондо джип
болом, джип болом» деп
ырдап коюп. Ха-ха-ха…
Боорум ай боорум.
- Эээй ушу сенин
тамашаңды…
Кадыр ызаланып кетип
телефонду коюп салды.
Анан шаша басып келип
жанагы дудук жазган
топурактагы жазууну
кайра карады. «Балким О
болуп жүрбөсүн?» Ушул
ой менен кайра чала
калмакчы болду да,
телефонду кармаган
бойдон токтоду. «Эми
Ошто катталган машина
ушул жакка чейин келе
койбос… Кылмышкер деле
анчалык аңкоо болбосо
керек. Бул жакта дароо
эле байкала турган номер.
Баса, Жалал-Абаддын
машинасы менен деле
ушул жакка чейин
келбеши керек эле? Бул
жерде кандайдыр бир
жаңылыштык болуп атат
окшойт.»
Ошону менен Кадыр
дудуктун жанына кайра
барды. Ал жана номур
жазып бергенден кийин
койлорду бир сыйра тосуп
коюп эчкилер токтобой
кирип кетип аткан
жарчанын кырына барып
отуруп алган. Жанына
келип катарлаша отурду
да колуна кармай келген
чыбыкты балага сунду.
Өзү болсо жарчанын
жээгиндеги шагыл таштуу
такырдын бир жерине
тизелей отуруп «кайра
жазчы» дегенсип белги
берди. Дудук деле эринген
жок. Шарт эле отура
калып жазып кирди.
«Мына, даана эле D менен
башталып атат. Бир
капталы түз сызылган
тоголок. О болгондо тегиз
тоголок болбойт беле?
Эми эмне кылыш керек?
Деги эч нерсе жазбаса
мынчалык ойлонтпойт
эле. Демек бул бирдеме
билет. Ошон үчүн жазып
атат да…»
Башын кармап жазууну
тикирейе карап бир топ
отурду. Аңгыча телефону
дагы шыңгырап калды эле
«тиги досу бир нерсе
айтканы кайра чалдыбы»
деген үмүттө шашмалап
калды. Ордунан тура
калып болгон чөнтөгүн
сыйпалап атып араң тапты
телефонун. Канат экен.
- Алло, эмне болду Канат?
- Байке, кандайсыз?
Жакшысызбы? Дудуктун
жанындасызбы?
- Ооба, эмне болду?
- Байке, мен сизге баратам.
Абайлабасак болбойт.
Азыр бул жактагы бирөө
чоочун кишилер
жүргөнүн көргөн экен.
Ошону угуп эле сизге
чалып атам.
- Чоочун кишилер? Ким
көрүптүр? Кайдан
көрүптүр?
- Бир киши көрүптүр
байке. Так силер кой
жайган беттин үстүнөн
көрүптүр.«Капыстан
жолугуп калдым» дейт.
«Наркы беттен чыга
калсам мени көрүп
дулдуңдаган бойдон
ылдый түшүп кетишти»
дейт.«Биздин айылда
мындай зуңкуйган узун
неме жок эле, кайдан
келген?» - деп кетип
калгам» деди. Ошого
силердин жолуңарды
утурлап чыктым эле.
- Макул. Рахмат Канат.
Рахмат.
«Келээрин билгем
алардын» деп кымыңдады
ичинен. Бирок, миң билген
күндө да ушунча жакын
жүрүшкөнүн ойлогон эмес
экен. Бир саам тула бою
дүркүрөп кетти. «Бул
жанкечтилер талаа
жеринде ит аткандай
атып ташташы да мүмкүн?
Милиция экенин карамак
беле алар?» Эки жагын
абайлай карады. Баладан
оолактай берип калың
күрмөсүнүн ичинен,
колтук тушуна катып
жүргөн тапанчасын
сууруп чыгып, бир сыйра
карап, даярдап туруп
кайра салды.
+++
дагы ийгиликтүү болду.
Ал бул жолу балага
кишилердин эмес
машиналардын
сүрөттөрүн алып келди.
Мурдагыдай жашырып
жаап, алаксытып отурбай
түз эле машиналарды
көргөзө баштады. Бала
башында дулдуюп
сүйлөбөй отура берди.
Бирок, Кадыр дагы
көшөргөнүн койбоду.
Улам бир машинанын
сүрөтүн көргөзүп,
алдынатосо кармайт дагы
кайра нары коюп койот.
Акыры бала чыдабай
кеттиби же, жардам
бергиси келдиби айтор
бир маалда акырын колун
сунуп кара
жолтандабастын сүрөтүн
беркинин колунан алды
да бир саам карап туруп
«ушул» дегенсип
Кадырдын алдына
таштады.
Кадыр ичинен дагы бир
жолу жым дей түштү.
«Уурунун көчүгү кууш
деген ушул. Мына
машинасынын үлгүсү да
табылды. Эми кармаш
керек каапырды» деп
кымылдап отурду ал.
Кечээки алган
маалыматын сураштырып
түз эле борбордо иштеген
жакшы мамилелеш оперге
чалган. Бирок,
Карышкырдын келгени
тууралуу аларда деле
маалымат жок экен.
«Балким жаңы келгендир?
Же жаңылып калбасын
тиги балаң?» – деп
күмөндөнүп койду ал
досу. Ошентсе да
Кадырдын суранычы
менен дагы жакшылап
иликтеп көрүүнү чечти.
Албетте, алардын колунда
кылмыш дүйнөсүндөгү
жөргөмүштүн жөтөлгөнүн
туя турган кулактар бар.
Ошондойдон бир-экини
кармап келип катуу
кысмакка алса эле сайрап
беришет эмеспи. Деги,
баары бир кимдин
келгени, кимдин кеткени
билинет дечи. Бирок, бул
жерде адам өмүрү турган
соң шашпаса болбойт.
Андай шүмшүктөрдүн бир
күн азат жүргөнү бир
канча адамдын башына
туулган коркунуч. Кадыр
бүгүн да маалыматын
чогултуп түнү менен
болсо да ошол досуна
байланышмак. Эгер андан
оң жооп келсе, анда түз
эле начальнигине кабар
бериш керек дагы,
баланы тыкыр суроого
алыш үчүн шаарга алып
кетиш керек. Андай так
маалымат жок алып баруу
тиги кежир начальниктин
гана кыжырын козгойт.
Ансыз деле өчөшүп
жүргөн неме ого бетер
айласын кетирет мунун.
Алдына далилдерди
койгондо гана жооп таба
албай калат эмеспи.
Кадыр, эми бүгүн да ала
келип жайып койгон
алмадан алып керте
тиштеп ойлонуп отуруп
калды. Дудук болсо
жанында таягынын учу
менен жер чукуп отурган.
Бир саам ойго батып
кеткен экен, бир маалда
эсине келип, эми турсамбы
деп карай бергенде дудук
өзүн жалжылдай карап
турганын байкады.
Кебетесинде кандайдыр
бир нерсени айтайын
дегендей түрү бар.
- Эмне болду? – деп башын
суроолу ийкеди. Бала
шып этип артка жыла
берип жаңы эле чукулап
отурган жерин көргөздү.
Кадыр биринчи түшүнгөн
жок.
- Эмне курт бар бекен? –
деп баланы кайра карады.
Анан ордунан туруп
барып тиги көргөзгөн
жерди үңүлө тиктеди.
Чөбү таяк менен
такырайта кырылып буту
менен тапталган жерде
кандайдыр бир жазуулар
тургансыйт. Алгач көргөн
көзүнө ишене алган жок.
Бир топко карап атып
араң тааныды.
«D1100L»дегенге же
«D1100С» дегенге окшош
жазылган экен.
- Машинасынын
номурубу? – деп сүйүнө
карады баланы. Бирок
тиги өзүнө тигиле
карагандан башка жооп
бере алган жок. Шашып-
бушуп чөнтөгүнөн
телефонун сууруп чыгып
чалып иймек болуп
баратып кайра токтоду.
- Бул биринчи тамга Обу
же Дбы? Акыркы тамга да
так эмес…
Анан эки жагын карай
калып жакыныраак
жерде турган чычкандын
ийинин көрдү. Топурагын
тим эле дөбө кылып үйүп
коюптур. Ошого жетип
барып нары бери
топурагын жайып, таптап
жиберди да баланы өзүнө
чакырды. Нарыраак
турган бир түп ит
мурундун бадалынан
айланып жүрүп тикенеги
жок чырпык таап
сындырып келе калды.
Дудук деле анын оюн
түшүнүп турган окшойт.
Тиги чыбыкты сунаары
менен алды да эки колдоп
эпсиз кармай калып
акырындык менен жазып
кирди. Мектепке кечээтен
бери барып, партага
отуруп атканы менен
колуна калем кармап
көрбөгөн неме жазганды
деле, тамганы деле билчү
эмес. Болгону ошол күнкү
эстеп калган машинанын
артындагы номурду
кандай көрсө так
ошондой чийип бергенге
аракет кылып жатты.
Анын мынчалык эске
тутуусу күчтүү экенин ким
билиптир. Эптеп көргөн
кишисин тааныса экен деп
отурбады беле. Ошондо
гана ал тууралуу
Канаттын айткадарын
эстеди. «Ал бир көргөн
немесин унутпайт экен. Ал
тургай оп-окшош
койлорду да бири-
биринен ажыратып
тааный алат. Кайсы козу
кайсы койдун баласы
экенин 2 жылдан кийин
да таап бере алат» деген
болчу. Көрсө чын экен да.
Мына эми карачы.
Тигинтип бир көргөн
номерди жазып атканын.
Дудук тиги такырга эми
шашпай, ар бир тамгага
кылдат мамиле кылып
жазып чыкты. Биринчиси
латынча D экени белгилүү.
Экинчиси менен үчүнчүсү
болсо тигинен сызылган
таякчалар. Демек 11. А
үчүнчү менен төртүнчү
тоголок. Ушу акыркысы
гана баш жагы түзүрөөк,
бирок аягы кайрылгансып
турат. С эле болсо керек.
Акыры кандай болсо да
борборго кабар бермей
болду. Баягы опер досуна
чалып, «D1100C» деген
номердеги джип
машинасы кимге
катталганын, кайда
болгонун тактап берүүсүн
өтүндү.
Арадан жарым саат деле
өткөн жок. Ыкчам
кыймылдаган экен досу.
Телефону
шыңгыраганынан алса
ошол.
- Ой, тиги балаң акыл-эси
ордунда немеби?, – деди
ал шылдыңдай күлүп. –
Аны ээрчип убара болбой
эле койсоңчу я?
- Эмне болуп кетти анча?
Же эмне таппай
койдуңбу?
- Таптым, таппагыдай
эмнеси бар экен. Аның
тиги Жалал-Абаддын
машинасы экен.
Сураштырып отуруп ал
жакка да чалбадымбы.
- Анан бар бекен?
- Бар болгондо да кандай.
Тим эле килейген джип
экен аның. Кытылдай
күлүп койду.
- Кандайча килейген?
Эмнесине күлүп атасың
анын?
- Жанагы Гүлжигиттин
ырын уктуң беле?
«Чоңойгондо джип болом,
джип болом» деген?
- Э билбейм аныңды?
Гүлжигитиңди да
тааныбайм. Берки
машинаны айтчы аны
коюп.
- Анда угуп коюшуң керек
экен досум. Бул айткан
машинаң ошентип ырдап
коюп Жалал-Абадда
жүрөт.
- Ой кокуй оой,
маалкатпай айтчы эми.
Эмне эле деп атасың? Бар
бекен же жок бекен?
- Тико экен досум, тиикоо.
Ал номер менен катталган
Жалал-Абад боюнча бир
эле тико бар экен.
- Койсоң?
- Койбой эле. Карышкыр
Жалал-Абадда тико менен
жүрөт «чоңойгондо джип
болом, джип болом» деп
ырдап коюп. Ха-ха-ха…
Боорум ай боорум.
- Эээй ушу сенин
тамашаңды…
Кадыр ызаланып кетип
телефонду коюп салды.
Анан шаша басып келип
жанагы дудук жазган
топурактагы жазууну
кайра карады. «Балким О
болуп жүрбөсүн?» Ушул
ой менен кайра чала
калмакчы болду да,
телефонду кармаган
бойдон токтоду. «Эми
Ошто катталган машина
ушул жакка чейин келе
койбос… Кылмышкер деле
анчалык аңкоо болбосо
керек. Бул жакта дароо
эле байкала турган номер.
Баса, Жалал-Абаддын
машинасы менен деле
ушул жакка чейин
келбеши керек эле? Бул
жерде кандайдыр бир
жаңылыштык болуп атат
окшойт.»
Ошону менен Кадыр
дудуктун жанына кайра
барды. Ал жана номур
жазып бергенден кийин
койлорду бир сыйра тосуп
коюп эчкилер токтобой
кирип кетип аткан
жарчанын кырына барып
отуруп алган. Жанына
келип катарлаша отурду
да колуна кармай келген
чыбыкты балага сунду.
Өзү болсо жарчанын
жээгиндеги шагыл таштуу
такырдын бир жерине
тизелей отуруп «кайра
жазчы» дегенсип белги
берди. Дудук деле эринген
жок. Шарт эле отура
калып жазып кирди.
«Мына, даана эле D менен
башталып атат. Бир
капталы түз сызылган
тоголок. О болгондо тегиз
тоголок болбойт беле?
Эми эмне кылыш керек?
Деги эч нерсе жазбаса
мынчалык ойлонтпойт
эле. Демек бул бирдеме
билет. Ошон үчүн жазып
атат да…»
Башын кармап жазууну
тикирейе карап бир топ
отурду. Аңгыча телефону
дагы шыңгырап калды эле
«тиги досу бир нерсе
айтканы кайра чалдыбы»
деген үмүттө шашмалап
калды. Ордунан тура
калып болгон чөнтөгүн
сыйпалап атып араң тапты
телефонун. Канат экен.
- Алло, эмне болду Канат?
- Байке, кандайсыз?
Жакшысызбы? Дудуктун
жанындасызбы?
- Ооба, эмне болду?
- Байке, мен сизге баратам.
Абайлабасак болбойт.
Азыр бул жактагы бирөө
чоочун кишилер
жүргөнүн көргөн экен.
Ошону угуп эле сизге
чалып атам.
- Чоочун кишилер? Ким
көрүптүр? Кайдан
көрүптүр?
- Бир киши көрүптүр
байке. Так силер кой
жайган беттин үстүнөн
көрүптүр.«Капыстан
жолугуп калдым» дейт.
«Наркы беттен чыга
калсам мени көрүп
дулдуңдаган бойдон
ылдый түшүп кетишти»
дейт.«Биздин айылда
мындай зуңкуйган узун
неме жок эле, кайдан
келген?» - деп кетип
калгам» деди. Ошого
силердин жолуңарды
утурлап чыктым эле.
- Макул. Рахмат Канат.
Рахмат.
«Келээрин билгем
алардын» деп кымыңдады
ичинен. Бирок, миң билген
күндө да ушунча жакын
жүрүшкөнүн ойлогон эмес
экен. Бир саам тула бою
дүркүрөп кетти. «Бул
жанкечтилер талаа
жеринде ит аткандай
атып ташташы да мүмкүн?
Милиция экенин карамак
беле алар?» Эки жагын
абайлай карады. Баладан
оолактай берип калың
күрмөсүнүн ичинен,
колтук тушуна катып
жүргөн тапанчасын
сууруп чыгып, бир сыйра
карап, даярдап туруп
кайра салды.
+++
#31 04 Июнь 2014 - 00:56
Ошону менен Кадырдын
кечке айласы кетти.
Баланы эми бул жерде
кармоого болбойт. Бирде
болбосо, бирде тузакка
илинип калышы мүмкүн.
Кокус түнү менен
үйлөрүнө кирип барса
эмне болот? Дагы жакшы,
чоочун-чобурга такыр
жолобогон, айылда көп
жүрбөгөн бала экен.
Болбосо муну алаксытып
жүрүп деле уурдап
кетишмек. Кечинде үйгө
келгенден кийин Канат
экөө көпкө ойлонушту.
Начальникке чалып
болгонун болгондой
айтып көрдү эле ал такыр
ынабай койду.
- Кайдагы Карышкырды
айтасың? Анын чет өлкөгө
чыгып кеткенине канча
болду? Ал эми бул жакка
даап келе албайт. Сен
кечке бир баланы карап
жүрө бергидей эмне бала
бакчада иштейсиңби?
Канча жумуш калды бул
жакта? Эртеңден калбай
келгиниң, – деп нааразы
болду ал. Ушундай
оңураңдаган неме. Бул
жакка которулганы аз эле
болду. Жогору жакта
ишенген адамы бар экен.
Ошондон го, деле бул
жактагыларды көзүнө
илгиси келбейт.
Кадыр ага кеп коротуп да
отургусу келген жок. Бир
топ ойлонду да «Кызыл
жарым ай» коомунда
иштеген аялына чалды.
- Алоо, Айнек кандайсың?
Жакшы жатасыңарбы?
Балдар жакшыбы?
Эрмектай эмне кылып
атат? Аа жакшы…
Жакшы… Мен деле
жакшы жүрөм. Эртең
барайын деп турам. Бирок
сенин жардамың керек
болуп атат. Сен эртең
жумушуңан суранып чыга
аласыңбы? Ооба, эртең.
Кеп мындай. Баягы дудук
баланы алып кетиш керек
болуп атат. Ии, баягыда
айтпадым беле. Ошону
алып кетиш керек болуп
атат. Бирок мен алып кете
албайм. Себебин дагы…
Угуп турсаң… Началник
эмне дегенин келгениңде
айтып берем… Эми аны
билесиң да… Болду эми
кейибей турчу, аны
биринчи көрүп аттык
беле… Сарсанаа болбо…
Кыскасы ушундай…
Баланы сен «Кызыл
жарым айдын» атынан
алып кетишиң керек. Жөн
эле… «Баланы
текшертебиз, азыр майып
балдарды карапатабыз.
Гуманитардык жардам»
деп эле алып кетесиң…
Калганын биз жардам
беребиз. Кыскасы эртең
келе бер.
Документтериңди, керек
болсо жумуштагы
кийимдериңди да ала кел.
Сөзсүз кел, Айгүл, сөзсүз.
Макул… Эртең мененки
автобус менен чык, бул
жактан тосуп алабыз.
Мектептин жанындагы
аялдамадан түшөсүң.
Макул. Жакшы тур.
Көрүшкөнчө.
Бул Канат экөөнүн
чыгарган чечими болчу.
Баланы эптеп көздөн
далдоо кылып алып кете
туруш керек. Ошол эле
убакта ал жактан да
сураганга оңоюраак. Нары
бери темселебей, үйүнө
алып барып адамча
мамиле кылса, керек
болсо булардын тилин
таба турган
психологдордон жардам
алса да болот. Анан калса
мындан башка чара да
жок калды. Бул жер күн
өткөн сайын кооптуу
болуп баратат.
Тигилердин аңдып
жүргөнүн болжоп жүрдү
эле, бүгүн ачыкка чыкты.
Атаганат, жанагы
начальниктин дагы тоң
моюндугу ишке такыр
тоскоол болуп туруп
алды. Болбосо, жардамга
киши жиберсе бул жакта
кимдер шимшип жүргөнү
эчак билинмек. Бирок,
уккудай эмес. «Дудугуң,
келесооң» дейт да турат.
+++
кечке айласы кетти.
Баланы эми бул жерде
кармоого болбойт. Бирде
болбосо, бирде тузакка
илинип калышы мүмкүн.
Кокус түнү менен
үйлөрүнө кирип барса
эмне болот? Дагы жакшы,
чоочун-чобурга такыр
жолобогон, айылда көп
жүрбөгөн бала экен.
Болбосо муну алаксытып
жүрүп деле уурдап
кетишмек. Кечинде үйгө
келгенден кийин Канат
экөө көпкө ойлонушту.
Начальникке чалып
болгонун болгондой
айтып көрдү эле ал такыр
ынабай койду.
- Кайдагы Карышкырды
айтасың? Анын чет өлкөгө
чыгып кеткенине канча
болду? Ал эми бул жакка
даап келе албайт. Сен
кечке бир баланы карап
жүрө бергидей эмне бала
бакчада иштейсиңби?
Канча жумуш калды бул
жакта? Эртеңден калбай
келгиниң, – деп нааразы
болду ал. Ушундай
оңураңдаган неме. Бул
жакка которулганы аз эле
болду. Жогору жакта
ишенген адамы бар экен.
Ошондон го, деле бул
жактагыларды көзүнө
илгиси келбейт.
Кадыр ага кеп коротуп да
отургусу келген жок. Бир
топ ойлонду да «Кызыл
жарым ай» коомунда
иштеген аялына чалды.
- Алоо, Айнек кандайсың?
Жакшы жатасыңарбы?
Балдар жакшыбы?
Эрмектай эмне кылып
атат? Аа жакшы…
Жакшы… Мен деле
жакшы жүрөм. Эртең
барайын деп турам. Бирок
сенин жардамың керек
болуп атат. Сен эртең
жумушуңан суранып чыга
аласыңбы? Ооба, эртең.
Кеп мындай. Баягы дудук
баланы алып кетиш керек
болуп атат. Ии, баягыда
айтпадым беле. Ошону
алып кетиш керек болуп
атат. Бирок мен алып кете
албайм. Себебин дагы…
Угуп турсаң… Началник
эмне дегенин келгениңде
айтып берем… Эми аны
билесиң да… Болду эми
кейибей турчу, аны
биринчи көрүп аттык
беле… Сарсанаа болбо…
Кыскасы ушундай…
Баланы сен «Кызыл
жарым айдын» атынан
алып кетишиң керек. Жөн
эле… «Баланы
текшертебиз, азыр майып
балдарды карапатабыз.
Гуманитардык жардам»
деп эле алып кетесиң…
Калганын биз жардам
беребиз. Кыскасы эртең
келе бер.
Документтериңди, керек
болсо жумуштагы
кийимдериңди да ала кел.
Сөзсүз кел, Айгүл, сөзсүз.
Макул… Эртең мененки
автобус менен чык, бул
жактан тосуп алабыз.
Мектептин жанындагы
аялдамадан түшөсүң.
Макул. Жакшы тур.
Көрүшкөнчө.
Бул Канат экөөнүн
чыгарган чечими болчу.
Баланы эптеп көздөн
далдоо кылып алып кете
туруш керек. Ошол эле
убакта ал жактан да
сураганга оңоюраак. Нары
бери темселебей, үйүнө
алып барып адамча
мамиле кылса, керек
болсо булардын тилин
таба турган
психологдордон жардам
алса да болот. Анан калса
мындан башка чара да
жок калды. Бул жер күн
өткөн сайын кооптуу
болуп баратат.
Тигилердин аңдып
жүргөнүн болжоп жүрдү
эле, бүгүн ачыкка чыкты.
Атаганат, жанагы
начальниктин дагы тоң
моюндугу ишке такыр
тоскоол болуп туруп
алды. Болбосо, жардамга
киши жиберсе бул жакта
кимдер шимшип жүргөнү
эчак билинмек. Бирок,
уккудай эмес. «Дудугуң,
келесооң» дейт да турат.
+++
#32 04 Июнь 2014 - 08:14
+++
Эртеси баары ойдогудай
болду. Аялы эртең
мененки автобус менен
жетип келди. Аны Канат
тосуп алып түз эле
мектептин деректирине
кирип барышты. Деректир
ар кандай шылтоо айтып,
кыйыктанганына болбой
дудукту кабинетине
алдырып, үйүнөн атасын
чакыртышты. Кайран
Сатый баласын жибергиси
келбей канча
чырылдаганы менен
өкүмөттөн жазганат экен
баары бир. Айла жок,
макул болуп, баш ийип
берди. Ошондо гана
арына келдиби же, дагы
эле эл көзүнө кылдыбы
айтор, баарын үйүнө
ээрчитип барып
баласынын үстүндөгү
кийимин жаңыртымыш
болду. Кийин айылдын
этек жагынан буларга
Кадыр кошулду. Ошону
менен Канаттын кызыл
аудиси зуулдаган бойдон
борборду карай жөнөдү.
Байкуш, дудук үйүнөн
алыстаганга жүрөгү
дүкүлдөп, балбал жанган
көздөрү жылтырап
коркуп келатты. Анын бир
гана ишенгени канча
күндөн бери ашына болуп
калган Кадыр. Азыр да
ошонун колтугуна кынала
отуруп, корголоп алган.
Анын минткени Кадырдын
ого бетер жүрөгүн
жибитип, бечерага
пейили төгүлдү.
Баса дудуктун шаарга
сапар алышы тууралуу
кабар ушул турган айыл
элинен биринчи
Карышкырга жетти. Булар
кабинеттен чыгып
Канаттын машинасына
отуруп-отура электе эле
деректир баягы
текшерүүчү калтырган
номерге чалды.
Карышкыр мындай
маалыматты жөн
калтырабы? Бала менен
чыккандар тууралуу ийне
жибине чейин такып
сураган соң деректирге
ыраазычылык
билдиримиш болуп
телефонду койду да,
дароо жигиттерине
кыйкырды.
- Дудукту колдон чыгара
турган болдук акмактар! –
деп бир тийди тигил экөө
бөлмөгө кирээри менен. –
Мен силерди ичип-жесин
деп багып жүрөмбү, я?!
Кана колуңардан бир иш
келгени?!Кана? ! Ой ушу
силерге ишенген мен да
акмакмын эннеңди!..
Жаны күйгөнүнөн чыдай
албай ордунан туруп
терезени карай басып
кетти. Бутуна сыналгынын
пульту уруна калды эле,
жини менен анысын
бурчту карай ыргыта тээп
салды. Деги жинин
эмнеден чыгараарын
билбей жаман болду.
Терезеде жедеп кир
баскан парда илинип
турган. Көзүнө ал дагы
мокочо көрүнүп кетти
окшойт капталды карай
силке тартып таштады.
Ылдырап араң турган
немеге ушул эле
жетишпей жаткан экен.
Бир топ илгичтери
жулунуп, ого бетер
шалпыйып жатып калды.
- Бүгүндөн калсак анда
иштин бүткөнү, билип
койгула! – деп кайра
бурулду берки экөөнө.
Заар чачкан көздөрү
менен экөөнү матай
тиктеди бир саам. – Эгер
бүгүн да колуңардан
келбесе анда менден
жакшылык күтпөгүлө. Же
түрмөнүн түбүндө
чирийсиңер, же алдагы
калдайган башыңардан
ажырайсыңар. Башка жол
жок.
Экөө лам деп ооз ачпай
туруп беришти.
Башчысынын айтканы
менен болуп, көзүнүн агы
менен тең айланып көнүп
калган немелер үчүн
тигинин ар бир айтканы
айныгыс мыйзам болчу.
Тээ бала чагынан бери
ушул адамдын ачуусун да,
таттуусун да көрүп
чоңоюшкан. Мындан
башка ылымсанаар адамы
да, эш тутаар карааны да
жок. Ал тургай так ушул
жеп-жутуп жиберчүдөй
атырылып турган
мыкаачыдан башка
адамдын баары буларга
душман сезилчү. Бала
чагынан таштандыга
айланып, кароосуз калган
немелер кийин ушул
кишинин карамагына
өтүп, кулагы кесик кулдай
менчигине айланган.
Ошол бала кезинен берки
мээсине сиңип бүткөн бир
гана нерсе – бул алардын
өмүрү да, өлүмү да так
ушул кишинин колунда
деген түшүнүк. Мына
ушул түшүнүктүн айынан
кожоюну колу-буту шал
болуп, өлүм төшөгүндө
жатса да кол кайтарып,
каяша кыла алышмак
эмес. Азыр да ошондой
болду. Карышкыр
мурунку
карышкырлыгынан
калып, айласы кетип
алдастап турганына
карабай экөө анын
баардык жемесине чыдап,
шалбырап турушту. Шефи
болсо аларды канча
күндөн бери оозуна
келген сөз менен ашата
сөгүп, жер-жеберине
жетип келет. Баса,
Карышкырдын да ошо
күйгөнүнчө бар эле. Күнү
кечээ бул аймакта кадыр-
баркы артып, эми бир аз
убакыт болсо бүтүндөй
республикага сөзү өтөөр
күчкө жетем деп турганда
буга күтүлбөгөн бут тосуу
болду. Эч кимге белгисиз
бир суу куйдунун
итчилиги менен
мыйзамдын торуна
кабылып, капаска
чалынды. Ошону менен
жолго түшүп келеткан
иштери бир заматта
ойрондолуп, крим
дүйнөдөгү кадыры
төмөндөп кетти.
Мындайда кимдин-ким
экени бат эле билинет
эмеспи. Мурда колунан иш
келип турганда көзүн
карап, ылымсанап жүргөн
немелер тез эле боорун
качырып, керек болсо
душманга айланып чыга
келишти. Андан кийин
акырындап киреше таап
турган булактарын бүт
тартып алышты. Бара-
бара душмандыктары ого
бетер күч алып өзүнө кол
сала турган кейипке
өтүштү. Албетте, алар
үчүн буга окшогон көк
беттин тирүү
отурганынын өзү эле
коркунучтуу болчу.
Ушундай алсырап
турганда көзүн тазалап
салбаса, кийин баары бир
кедерин тийгизбей коймок
эмес. Бөрү карыса да бир
койлук алы бар деген кеп
тегин жерден айтылбаган
тура. Душмандар ушуга
көзү жетип муну жок
кылмак болушту. Иш
барган сайын ырбап
баратканын туюп бул да
бекер отуруп берген жок.
Бар айласын салып, колдо
бар быдырын колдонуп
жүрүп, акыры бир
шылтоосун тапты.
Дарыгерлерден «бир
жумага жетпеген өмүрү
калды» деген справка
алдырып азаттыкка
чыгып, чет өлкөгө чыга
качканга жетишти.
Өлбөгөн адам алтын
аяктан суу ичет деген чын
тура. Алды-артын карабай
араң кутулган неме чет
жерде жүрүп кайра эле
тирденди. Тез эле өзүнө
окшогондор менен
байланыш түзүп, мамиле
күткөнгө жетишти. Деги
баары ойдогудай
келеткан. Кечээ баягы
өзүн сызга отургузган суу
куйду Жекини таап, өч
алам дегенге чейин баары
эле сонун болчу. Ооба,
башынан өткөн
кырсыктын баарын
башкалардан издеп,
башкаларды күнөөлөп
атканда чыккынчылардын
ана башы өзүнүн досу, эң
ишенген адамы Жеки
экенин укканда жаны
болуп көрбөгөндөй
кейиди. Акыры ызасына
чыдабай жетип келип өч
алмакчы болду. Алдына
койгон пландары көзүнө
көрүнбөй, эси-дарты өч
алууга ооду. Качан өзүнө
ишенерлик абалга
келгенде гана кайрылып
келип, мурдагыдай эки
тизгин бир чылбырды
колума алам деген ойлору
бир заматта бырын-чырын
талкаланды. Кыскасы
ушунча байлыгынан,
бийлигинен ажыратып,
душмандарынын алдында
тизе бүгүүгө аргасыз
кылган немени өз колу
менен жайлап, биротоло
тындым кылмайын жай
алып отура албай калды.
Акыры жумуштарын
жыйыштырып коюп,
көксөөсүн суутмакка
аттанып чыкты. Албетте
Жеки шүмшүк дагы жөн
отурбай мунун бир топ
иштерине ээ чыгып,
өзүнчө байлык
жыйнаганга жетишкен
экен. Ал тургай бир далай
акча чогултуп чет
өлкөдөгү банктарга
чыгарып ийиптир. Мунун
баарын ушул жердеги
узун кулак
тааныштарынан укту.
Мурда-кийин мындай
ишти далай кылган эргул
Жекинин кайда басып,
кандай тураарын бир
заматта тактап туруп,
оңтою келген күнү
чычканды мышык
алгандай басып калды.
Жекиге бул жолу
тегеректеп жүргөн
жигиттери да жардам
бере алган жок. Ошону
менен кургурду жерден
алып көргө салды тим эле.
Өзү аймакчы,
чыккынчылык кылмак
тургай, атын укканда
чочуп тургуча кыйнамай
болду. Атаганат убактысы
гана тар болуп калды да.
Болбосо, жанагы
чогулткан байлыктарын
бир тыйынына чейин
алдырып туруп, андан
кийин аркы дүйнөгө
узатып коймок… Бирок,
мунун келишин байкаган
атаандаштары, өздөрүнчө
шекшинип, аңдый
башташты. Албетте ар
кандай кокустук болуп
кетиши да мүмкүн эле.
Ошого жараша алар
менен күч сынашууга да
али эрте. Натыйжада,
Жекинин көзүн тезирээк
тазалап моокумун
кандырып алып басып
кеткенден башка чарасы
калган жок. Акыры
ошондой да кылды.
Жакшы эле баары
ойдогудай ишке ашып
келаткан. Өлүктү ың-
жыңсыз жоготконго
ыңгайлуу жер да тез эле
табылды. Балким ошо
күнү «муну өз колум
менен жайлайм» дебей
эле жигиттерин жиберип,
өзү жылуу ордунда отура
бергенде бүт баары ошол
бойдон жымырайып
бүтүп калмак. Тигил
күтүүсүз күбө болуп
калган койчу балага өзү
эмес, мобу алдында турган
эки желдети кабылганда
деле алардын көзүн
тазалап туруп басып
кетмек. Бирок,
кычастыкты карачы… Эң
акыркы жүрүштө баары
ойрондолуп жатып
калды. Артын жакшы эле
таза кармап, абийирине
доо кетирбей жүрдү эле,
минтип кайрадан кара так
сүйкөлгөнү калды.
Болгондо да ушу жүзү
кара Жекинин айынан
экинчи жолу капканга
чабылып отурат. Эми эмне
кылыш керек?
Сыналгынын маңдайында
турган эски креслого
башын мыкчый отурду.
Катардагы эле бирөөнүн 2
бөлмөлүү батирин бир
айга алышкан болчу.
Мунусу да көңүлдү
айлантчудай чалдыбары
чыккан эски батир.
Шашылыш эле ала
калышкан. Мынчалык
көпкө калабыз деп ким
ойлоптур. Башында бир
жумага деп алышты эле
эми минтип, иштери
бүтпөгөн соң бир айга
жылдырышты. Деги үй эле
аты болбосо, кедейдин
кепесинен айрымасы жок.
Же бир кенедей эле
шарты болсо эмне
кургурдун. Тээ СССРден
калган оокаттар, эски
көрөн-шөрөндөр…
- Бүгүн бүтүрбөсөк
болбойт! – деп креслонун
кырын бир урду бир
маалда. – Мына мобу
үйдүн ыпыр-сыпыры
силерге жагып атса отура
бергиле. Бирок, мен
мындан нары чыдай
албайм!
Берки экөөнөн дагы эле
үн чыккан жок.
+++
Күн капталдай көтөрүлүп,
төбөгө жакындап калды.
Бүгүн жуманын иш күнү
болгондуктан бул
жолдордо азырынча көп
деле машина жок. Кокус
базар күнү, же базардан
бир күн мурда болгондо
ары-бери каттаган
машина бир топ көбөйүп
калмак. Чындыгында бул
жер алыскы район
болгону менен, дем алыш
күндөрү өтө турган мал
базары менен бүткүл
республикага барктуу
болчу. Мындан беш-алты
жыл мурда керек болсо
коңшу мамлекеттерден да
соодагерлер келчү дешет.
Бирок, алардын келиши
менен балаар кескин
өзгөрүлүп кетти.
Дыйкандар малын
каалагандай баага сата
баштагандан кийин,
ортодо абадан акча таап
жүргөн ортомчулар көп
кирешеден куру жалак
отуруп калышты.
Натыйжада алар чара
көрүшүп, чет элдиктерди
жолотпой коюуну
чечишти. Албетте,
мындайда жанагы крим
дүйнөнүн
куурагырларынын эле
күнү тууйт эмеспи.
Тигинисин кордоп,
мунусун колдомуш болот
дагы, акырындап-
акырындап бийликти
колго алышат. Андан
кийин кызыл кулактардын
кирешесинен үлүш алып
гана отура бер. Мына
ошол киреше көзүн
кызартып, кыргынга
түшүрүп атпайбы аларды
дагы. Бирок, алардын
андайы менен бу
жергиликтүү элдин иши
эмне? Сатчусу колундагы
малын жетелеп, алчусу
акчасын томпойтуп
чөнтөгүнө салып базарга
барат, көңүлдөрүнө төп
келген баага соодалашып
кайра жолуна
түшүшөт.Тиргилик деген
ошентип өтө берет тура
жай адамдыкы. Айрыкча
элет элине көп деле
шашылыш жок.
Натыйжада минтип
жолдор дагы бош. Ал
тургай ар кайсы жерден
жол тоскон МАИ
кызматкерлери да
көрүнбөйт.
Кыскасы, ушул зымыраган
жол менен Канат кызыл
аудисин чымылдата айдап
келатты. Жанында чогуу
келеткан жүргүнчүлөрү
эчак көшүлүп уйкуга
кеткен. Бир гана бечера
дудук көзүн ирмебейт.
Анан кантсин кургур?
Туулганы кой артынан
калбай, короодон чыкпай
чоңойгон немеге күздүн
суугунан бир да жашылы
калбай саргайган сары
талаа дагы кызык көрүнүп
келетпайбы. Жана бир
топко чоочуркап,
алаңдаганы менен бала
эмеспи, бат эле анысын да
унутуп, терезеге
жабышкан бойдон сыртты
карап келет. Канат «эми
бул буркурап ыйлап,
тежиктенип айлабызды
кетирбесе экен» деп
санааркап атты эле, эми
тигинтип алаксып
калганына санаасы
тынып, көңүлү көтөрүлүп
калды. Анын мындай тынч
келээрин билсе дагы бир
киши салып алышмак
экен. Эмне, жок дегенде
балдарына таттуу-паттуу
ала барганга жарамак да.
«Мейли эми, ушу тынч
баратканыбызга деле
шүгүр» деп топук кылды
кайра.
Ошентип зымырап отуруп
жолу эзиле бергенинен
улам асфальт токтобогон
белге да жете келишти.
Бул жер ушул жолдун
чечилгиз көйгөйү. Тээ кар
эрип, күн жылыгандан
баштап ушунтип эзилип
турганы турган. Же бул
жерге асфальт токтобойт,
же шагыл токтобойт. Деги
бир багы ачылбаган бел.
Көпчүлүк убакта
машиналар тыгылат, же
дөңгөлөктөрү бир балээге
учурайт. Мына азыр дагы
бир машина токтоп турган
экен. Болгондо да
зыңкыйган кара джип
токтоптур бул жолу. «Бу
шаардан келген немелер
деги жолду карап
айдаганды да билишпейт»
деп өзүнчө кыйынсынып
койду Канат. «Зыңгыраган
түп-түз жолдорго эле
көнүп алышкан окшойт.
Ал тургай дөңгөлөк
алмаштырганды билбеген
кемпайлары да бар. Ана,
айтпадым беле. Сомодой
болгон эки жигит жүрүп
жол тосуп жардам сурап
атышканын карап кой.»
Чын эле булар жакындай
бергенде эле бирөөсү
бурап аткан домкратын
таштай коюп, ордунан
туруп кол булгап калды.
Беркиси болсо узун боюн
жашыргансып чөк түшө
калып, жанында турган
бош дөңгөлөктү кармалай
кетти. Өзү деле руль
кармап, жолдо жүргөн
неме болгон соң
тигилердин көңүлүн
калтыргысы келбей
машинасынын күүсүн
азайтып, акырындап
токтой баштады. Кадыр
менен аялы уйкусунан
ойгонгон деле жок. Канат
бир саам экөөнү карады
да, ойготпой эле түшүп
кетмек болду. Бирок,
күтүүсүздүк так ушул
жерден башталды.
Жанатан беймарал сыртты
карап келеткан бала
Канат бурула бергенде
шарт секирип чыгып
артты көздөй жөнөп
калды. Канат анын бул
күтүүсүз кыймылынан
улам эч нерсе дегенге
үлгүрбөй атып чыгып
артынан чуркады. Ошондо
гана Кадыр удаама-удаа
жабылган эшиктин
үнүнөн ойгонуп, эки
жагын каранып алды.
Алдында аялы да кудум
өзүндөй болуп элеңдеп
отурат.
- Кайда чыгып кетишти? –
деп таңыркай сурады
Кадыр.
- Билбейм, туалетке
чыгышты го – деп
болжолдоду аялы.
- Аа, анда келишээр…
Ушуну менен Кадыр
унчуккан жок. Оң
капталына кыйшайып
уктаганга мойну ооруп
калган экен, акырын
мойнун бурап кычыратып,
колун чоюп керилди. Бир
маалда көзү алдындагы
машинага урунду.
- B7768C – деп шыбырай
окуду номурун. Анан
джиптин жанында булар
келген тарапты карап
турган жигитти карады.
Тим эле күрсүйгөн неме
экен анысы. Бут алдында
машинанын кошумча
дөңгөлөгү жатат.
«Дөңгөлөк алмаштырып
атышкан го бечералар»
деп ойлоду ичинен.
Аңгыча джиптин нары
жагынан куркуйган бирөө
чыгып багажникти ачты
да ичине эңкейип бир
нерсени бери аңтара
салды. Анысы шалбырай
илинип машинанын
номурунун үстүңкү
жарымына чейин жаап
калды. Ушунун баарын
Кадыр жөн гана карап
отурду. Оюнда болсо
дудуктун алдыдагы
тагдыры, «андагы
маалыматтарды кантип
алыш керек?» деген
суроолор удургуп жатты.
Ой деген күлүк болот
тура. Бир маалда дудуктун
талаадагы жазган номери
көз алдына тартылды.
Такырайган топуракка
жазылган «D1100C» деген
жазуу. Бир саам анын
кандай жазылганын
элестетип отуруп эле көзү
чакчая түштү. Көрсө так
ошол жазуу маңдайында
турган экен. Тең
ортосунан өйдө жагы
чүпөрөк менен жабылган
номер так эле бала
чиймелеген жазууга
окшошуп туруптур.
Тигине үстүңкү бөлүгү
жабылган В тамгасы «D»
болуп калыптыр. Жантая
сызылган кош сызык
болсо 77 деген номердин
ылдый жагы. (Аны 11 деп
окубады беле) Ал эми 68
деген жазуунун астыңкы
эки тогологун Кадыр 00
деп окуган болчу. Демек
дал өзү. Жүрөгү «шуу»
дей түштү. Бирок, өзүн
жоготкон жок. Кебелбей
отурган калыбында
тизесине арта салынып
турган күрмөсүнөн
тапанчасын сууруп чыгып,
даярдай кармады.
- Айнек мени жакшылап
ук! Азыр мен эшикти
ачаарым менен руль
жакка өт дагы, машинаны
от алдыр! – деп шыбырай
сүйлөдү ал. Өзү болсо
сүйлөп жатып айдоочу
жактагы күзгүнү карады.
Тигине Канат артта
чырылдап жулунганына
койбой дудукту кармап
келетат. Кайран дудук
машинаны тааныыры
менен качып жөнөгөн
тура. Эми көзү багажникти
чукулап аткан жигитке
илинди. Ал жанатан бери
эч нерсе кылбай эле нары
карап тоңкоюп турат.
Демек колуна куралын
даярдап мерчемдүү
убакытты күтүп атса
керек.
- Эмне дейсиң? Эмне болуп
кетти? – деп алаңдай
сурады аялы.
- Сурооңду токтот! Мен
эшикти ачаарым менен
рулга отур! Машинаны от
алдырып айдап
жөнөйсүң. Билесиң да
айдаганды. Көзүн
алдыдагы эки жигиттен
албай сүйлөп жатты.
Бирок, кебин аягына
чыгара алган жок.
Багажникте турган жигит
колуна кичинекей автомат
оролгон чүпүрөктү
кармаган бойдон бурулуп
келатканын көрүп калды.
Дароо машинадан ыргып
чыгып тапанчасын ошону
карай сунуп удаама-удаа
аткылады. Анткени менен
тиги дагы оңой эмес экен.
Көзгө илээшпеген тездик
менен капталга бир
тоголонду да тизелеп
отура калып буларды
карай ок жаадырды.
Кадыр бир эки ирет
тарсылдата атып алып
машинага далдаланды.
Автоматтын огу аудинин
капталын, айнектерин бир
заматта бырын-чырын
кылып тытып жиберди.
Мынчалык өзгөрүүнү
күтпөсө керек, аялы рулга
өтмөк тургай чырылдаган
бойдон бут койгон жакка
кирип кетти. Канат болсо
эптеп илешип келип
машинанын артына
далдаланды. Ал дудукту
тыбыраганына карабай
бооруна бекем басып
алыптыр. Иштин оңунан
чыкпай баратканына
көрүп Кадырдын көзү
чакмактай түштү. Эптеп
бир деме кылбаса
болчудай эмес.
Автоматтын огу жаап
атканына карабай
машинанын арт жагынан
чыга калып өлөрмандана
аткылай баштады. Бул
жолу тигилер джиптин
артына кире качканга
мажбур болушту. Кыязы
мынчалык каршылык
болоорун күтүшкөн эмес
окшойт. Кудай жалгап
Канат ушул учурду
пайдаланганга үлгүрдү.
Ал арткы эшиктен дудукту
машинанын ичине
ыргытып ийип, өзү рулга
отура калды. Кудай
жалгап ачкычы да
тешигинде сайылган
бойдон калган экен.
Бураары менен ауди дүр
этип от алды. Ылдамдыкка
салып ордунан козголо
бергенче Кадыр болгон
огун атып бүтүп, дароо
ордуна жайланышты.
Ошону менен Канат
ордунан атырылткан
бойдон Джипти айланып
өтүп, сызып жөнөдү.
Жанатан Джиптин наркы
жагына далдаланып
отуруп алып, жигиттерин
башкарып отурган
Карышкыр ордунан
ыргып туруп, тапанчасы
менен аткылаганча чуркап
чыкты. Анан аудинин
артынан татырата атып
аткан жигиттерин карап,
- Машинага отургула
акмактар! – деп бакырды.
Өзү да арткы эшикти ачып
машинага кирди. Бир
заматта үчөө ордуларына
отуруп тигилерди кууп
калышты. Чынында
жанатан машинанын деле
дөңгөлөгүн чечишкен
эмес. Жөн гана кошумча
дөңгөлөктү алып чыгып,
домкрат менен машинаны
көтөртүп коюшкан. Анын
баары ошол ордунда
калды. Карышкыр эми
таптакыр жиндеп, оозуна
келген сөз менен сөгүнүп
баратты. Бир маалда
чыдабай кетип Нуриктин
автоматын ала калды да,
арткы терезеден колун
чыгарып алдыдагыларды
огу түгөнгүчө татырата
аткылады. Качан огу
түгөнгөндө автоматты
Боханын алдына
ыргытып,
- Окто батыраак! – деп
чаңырды.
Байкуштун ойлогон ою
бул жолу да текке кетти.
Деги баары эле бул
ойлогондон чыгып
келеткан. Жанагы дудук
чыга качпаганда балким
мунун эч бири болмок
эмес. Өзү чыгып берген
немелердин чыкыйына
тапанча такап кармамак
дагы, баарын шашпай
мойнун бурап өлтүрүп
туруп, жардын кырынан
ылдый машинасы менен
кулатып иймек. Бирок,
жанагы дудук дагы
сааттай болуп качып
бербедиби. Ушу өмүрү
кой артынан калбай
жүргөн неме машинасын
таанып калат деп ким
ойлоптур. Тааныса мени
тааныйт деп жашынып
отурганы да ошол болчу.
Анан шайтандай болуп
анысы качып, беркиси
кууп берген соң
жигиттерин дагы токтотту.
«Эми алар менен куушуп
жүрө бербей отура
туралы. Артындагысы
кармап келсин, анан
улантабыз» деп ойлогон.
Болбосо тиги дудук
баягыдай талаа аралап
качып берсе, бул
тоолордон аны кантип
кармайт эле. Анан калса
тиги кырларды аша
калсаң малчынын
сарайлары толуп атат.
Бирде болбосо бирине
жолугаар бул
чымылдаган неме.
Ошентти да, артынан
кеткен куугундун кармап
келишин күттү. А тили
жок неме ага баары бир
эч нерсе айта алмак эмес.
Машинанын далдоосуна
дүңкүйүп отуруп алып
гана жигиттерин
башкарып отура берди.
Кудайдан болуп берки
машинадагысы да
ордунан жылбай үргүлөп
отурган. Кылгылыктын
баарын кылса тетиги
дудук же, дудук көтөргөн
неме кылат деп ошондон
көзүн албай, ошолорду
саксына карап отурду эле,
балээнин баары тескери
жактан келбедиби. Мына
эми минтип алдыдагы
тамтыгы чыккан
машинаны артынан
калбай демите кууп
келетат.
Кайра эле баягы кууган
менен качкандын
көрүнүшү. Алдыда өйдө-
ылдыйга анча шайы келе
бербеген ауди менен аңды
дөңдү карабай адыраңдап
келеткан жол тандабас.
Тоо арасындагы ээн
жолдо буларга жардам
кылаар дагы, арттагы
кууганга тоскоол болоор
дагы эч нерсе көрүнбөйт.
Кадыр жардам сурап
бөлүмгө чала калайын
деди эле кашайгансып
телефон да тартпайт экен.
Таптакыр айла кетти.
Арттагы күрүлдөгөн неме
уламдан улам жакындап
келет. Азыр дагы бир аз
жүрсө жол бир капталы
тип-тик жарга жетип
барат. Балким арттагылар
да атайылап ошол жакка
сүрүп бараткандыр. Ошол
жардан ылдый аңтарып
ийсе булардын өлбөгөндө
эмнеси калат эле. Эми
кандай кылса экен?…
Аңгыча көзүнө оң жакты
көздөй кеткен топурак
жол илинди.
- Оңго сал! – деп
кыйкырып жиберди
Кадыр. Канат шашмалаган
бойдон жолдун чаңын
сапырып оңго бурулду.
Дагы аз жерден Кудай
сактады. Жол жээктей
орнотулган цемент
түркүктү сол капталы
менен бир уруп алып
оңолуп кетишти. Ошол
болбогондо ала салып
жатып калышмак. Куйрук
улаш келеткан джип
мынчалык тездик менен
бурулаарын күтпөсө
керек. Кайкылдатып
тормузун тээп отуруп араң
токтоду да, дүңкүлдөгөн
бойдон жолдон чыгып
булардын артынан түштү.
Үстүндөгү бош топосу
желп эткен желге
сапырылып, чаңы
буртулдап учуп турган
жол үстүндө эки машина
куушуп жөнөдү. Бул жол
шагылы жок болгону
менен ар кай жери
адырая казылып, жаан
токтогон жерлери оюлуп
кеткен шагыл жолго
караганда алда канча түз
экен. Кадыр ушундан
пайдаланып артты карап
отура калды да арттагы
куугунду болжолдоп
аткылай баштады. Ансыз
да алдыдагы машинанын
сапырылта көтөргөн
чаңына кабылып, айласы
кетип келеткан немелер
эми бет маңдай атылган
окторго туруштук бере
албай кетенчиктей
калышты. Таамай атылган
тапанчанын огу алдыңкы
терезени тешип-тешип
ийди эле күтүрөгөн чаң
бир заматта
жыртыктардан кирип
баарын жүдөттү.
- Буйтап айда! Артынан
калбай буйтап айда! – деп
бакырды Карышкыр
жаалданып.
Кубалашмай узаган сайын
Канаттын үмүтү үзүлүп
баратты. Себеби алдыдагы
эски кашардан нары жол
көрүнбөй койду. Кашайып
бул топурак жол так ушул
сарайга гана катташ үчүн
салынган окшойт. Андан
нары боз чалган эле адыр
экен. Мунун машинасы ал
адыр менен узак кете
албас. Артта болсо
тигилер калбай келетат.
Мунун санаасын арттагы
Кадыр деле туюп турган
экен. Ал машинанын улам
бир капталына өтүп аркы
адырлардан өтмөк издеп
жатты. Акыры эч ылаажы
таппады окшойт алдын
караган бойдон ой басып
отуруп калды. Бир маалда
кепке келип бүрүшүп,
тыгылып жаткан аялын
тарткылап кирди.
- Айнек тур! Чык алдыгы
жерден. Бол! Чык эми
батырак! Бол эми!
Бышактай бербей менин
сөзүмдү укчу. Азыр биз
тиги сарайдын артына
барып токтойбуз дагы,
арттагы куугунду тосуп
чыгабыз. Башка чарабыз
жок. Түшүнүп атасыңбы?
Жол түгөндү. А сен ошол
убакта телефондорду
алып сарайдын
артындагы тоонун башын
көздөй чурка. Колуңан
келишинче бийик чык.
Телефон тартып калаар.
Антенна чыккан эле
жерден бул жакка
жардам чакыр. Макулбу?!
-Жок! Мен барбайм!
Баралбайм, – деп
буркурап жиберди аялы.
Ал тоону бир карап,
арттагы куугунду бир
карап алаңдай берди.
- Барасың Айнек, барасың!
Биздин тагдырыбыз сенин
колуңда, билип атасыңбы!
Башка кылаар айлабыз
жок! – деп бекем-бекем
сүйлөдү Кадыр. Анан
Канатка кайрылып,
- Тээтиги кашардын арты
менен кирип сол жак
башына токтот, – деди.
Өзү болсо аялын бери
каратып колуна эки
телефонду карматты. Бир
колу менен көзүнүн
жашын сүртүп, саксайып
кеткен чачтарын артына
карай сылады да,
- Биздин акыркы үмүтүбүз
сенде. Колуңдан
келишинче тез чурка, –
деп жалооруй сүйлөдү.
Айнек эч нерсе айта албай
буркураган бойдон
жолдошунун мойнуна
жабышты. Байкуш дудук
болсо эч нерсени
укпайын, эч нерсени
көрбөйүн дегенсип башын
катып, арткы орундуктун
алдында тыгылып жатат.
- Даярдангыла, азыр
токтойбуз, – деди Канат.
Кадыр Айнектин
кучагынан чыга калып,
баланы тыгылып жаткан
жеринен сууруп алды.
Байкушту аялындай
кылып качырып ийейин
дейт, бирок бул аны
түшүнгүдөй эмес. Мобу
тырышып жаткан
жеринен араң сууруп
чыкты. Кантсе да бала
эмеспи, ушунун баарын
көзү көрбөй калса эле
кутулчудай болуп, бекем
тыгылып алыптыр. Аны
ошо бойдон бооруна
басып, бир колу менен
тапанчасын оңтойлой
кармады. Ошол кезде
Канат дагы узун сарайды
айланып келип эбак
бузулуп, дубалы аңырая
ачылып калган тушка
келип токтоду. Үчөө үч
жагынан шуулдап
чыгышты. Аялы түз эле
тоону беттей чуркады.
Берки экөө болсо алдыда
боло турган кармашка
даярданыш үчүн
ыңгайлуу орун издеп
жөнөштү. Кадыр бооруна
бекем кыса чыккан
баланы кайда
жашыраарын билбей
сарайдын ичин карап
жатып көзү бир капталда
үйүлүп турган эски көңгө
илинди. Урандылардан
аттап кирип ошонун бир
бурчуна отургузду да
жанында от тамзыгыга
деп үйүлүп жаткан
куурайдан үстүнө толтура
ыргытып таштады. Ушул
убакта Канат тарсылдатып
ок чыгарды. Артынан эле
жооп кылып тигилер да
тытыратып калды. Кадыр
кайда бекинип, кайдан ок
чыгараарын билбей
алдастай түштү бир саам.
Анан маңдайдагы
терезеден башын
чыгарып сыртты карады.
Тигилер кашардын
маңдайына эмес, артына
токтогон экен. Шып этип
секирип терезенин кырын
басып, андан ары
кашардын үстүнө чыгып
кетти. Канат тигилердин
узакка созулган огунан
кийин анда-санда жооп
кылып турду. Кашардын
үстүнө дүкүйө өскөн чөп
ошо бойдон куурап
калыптыр. Кадыр ошону
аралап акырын сойлоп
жөнөдү. Тигине джиптин
төбөсү да көрүндү. Дагы
жылып келип жакшылап
караса далдоосунда
бирөө жүргөнсүйт. Эптеп
эле ачыкка чыкса ыргыта
атса болчудай.
Карышкырдын өзү экен
жашынган. Шып этип чыга
калды да татыратып
жиберип кайра жашынып
калды. Кадыр бул жолу
атканга үлгүрбөй калды.
Чочутуп албай даана
атайын деп кийинки
чыгышын чыдап күтө
баштады. Бирок тиги
көпкө чыкпай койду.
Кадыр бүткүл дитин коюп
ошону күтүп тура берди.
Убакыт да өтө аз. Эптеп
муну жайлай калып
Канатка жардам бербесе
болбойт. Берки экөө аны
жалгыздап кетиши
мүмкүн. Демин ичине
каткан бойдон күтүп
турду. Дал ушул убакта
күп этип үстүнөн бирөө
басып калды. Экөөнүн
салмагына эски жабуу
чыдайбы. Астындагы
жыгачтар кычырай түшүп
экөө тең ичине кирип
кетишти. Көрсө жанагы
күржүйгөн неме басып
калган экен. Топо чаң
болуп эле кулап түшүштү.
Кадыр тигиге караганда
алда-канча ыкчамдык
кылып тура калды да,
берки өйдө болоору
менен бет талаштыра чаап
калды. Тиги болсо анын
чапканын сезип да койгон
жок. Тек гана жаагын
колунун сырты менен
аарчып акырайа карады.
Кадыр таң кала карап
алып кайра шилтеп-
шилтеп жиберди. Бирок,
тиги дале кенеген жок.
Кебелбей турду да бир
кезде Кадырдын чаап
келеткан колун шап эте
кармап калып экинчи колу
менен көмөлөтө койду.
Ошону менен эсине
келтирбей эки-үч жолу
көмөлөтө-көмөлөтө тепти.
Андан кийин эми тура
албайт дедиби, көзүнө
кирип кеткен чаңды
ушалап туруп калды.
Кадырга ушул эле керек
болчу. Наркы капталында
дат баскан темир
казыктын учу чыгып
турган экен, ошону
кармаганча ордунан
турду. Берки күржүк аны
мылжыя карап бир нерсе
айтмак болду эле, ооз
ачканга да үлгүрткөн жок.
Бир секирип капталына
өтүп келип казыктын
иймек башы менен башка
басып калды. Тептегиз
кыркылган чачтан бир
заматта дыркыраган кан
сызылып чыгып бетин
жая берди. Көзү
аңтарылып бир саам нес
болуп турган соң акырын
чалкалап барып күп этип
жыгылды. Ушундан кийин
айлана тынчып калганын
байкады. Сыртта да
негедир атышуулар
токтоп калыптыр. Кадыр
топурактын арасынан
тапанчасын таап, ичин
ачып огун карады. Экөө
эле калыптыр. Туш келди
аткылай бергенге болбос.
Бутунун учу менен басып
Канат турган жакты
көздөй жакындады.
Андан такыр эле дайын
жок. «Өлүп калды го
байкуш» деп ойлоду
ичинен. Көз алдына анын
томурайган эки баласы
менен ыйманы ысык
колуктусу тартылды.
Алардын жетим, жесир
калганын ойлоп заманасы
куурулуп кетти. Негедир
ошонун баарына өзүн
күнөөлөдү. Бир саам
начальнигинин тоң
моюндугун эстеп ого
бетер итататайы тутулду.
«Ошол акмак баарын
кылган» деп күбүрөндү
ичинен. Ичинен ушуларды
ойлогончо акырын
жылып жанагы сарайдын
урап калган башына
жакындады. Мына эми
тешикке жетип сыртты
карай бергенде оң жак
чыкыйына шак этип бир
нерсе тийип буйдамга
келбей кулап түштү. Эмне
болуп кеткенин түшүнбөй
калды. Бирөө башка
урганына көзү жетип,
тезирээк туруш керек
экенин билип турса да,
кудум көкүрөгүнөн
бастырып койгонсуп,
козголо албай жатты.
Эптеп бир капталына
оодарылып барып
турмакчы болду эле кайра
кулап түштү. Бул жолу
бети менен жер сүзүп
жыгылды. Кайра
чымырканып тырышып
атып колуна таянып туруп
оозундагы кыктарды
түкүрдү. Ушул убакта
жанына кимдир бирөө
жакындап келди. Кадырга
анын эки буту эле
көрүндү. Башын көтөрүп
карайын деди эле шак
эткизе курсакка тээп
жиберди. Байкуш
эбелектей учуп эки
аласалып барып жатып
калды. Тим эле өпкөсүн
үзө тепти окшойт. Ичи
эңшерилип, дем ала албай
бир саам жатты. Бир
маалда көзүнүн
караңгылашканы
тарагандай болду.
Айланасы тунук көрүнүп,
кайда жатканын
боолголоп алды. Эми
жанагы буттун ээси келип
бет алдына отурду. Көрсө
жанагы багажникке
эңкейип турган куркуйган
неме экен.
- Сен деги өзүңдү
коргогонду билесиңби? –
деп кекээрлей сурады ал.
- Эки мүнөт убакыт бер.
Коргонгонду сага үйрөтөм,
– деп ызырынды Кадыр.
Мунун жообуна ыраазы
болду окшойт,
мыйыгынан жылмайып
алып ордунан туруп, нары
басып кетти. Шашпай
спорттук костюмун чечип,
бир жерге кынаптап илди.
- Сен досуңа караганда
чыйрак экенсиң бирок, –
деди бери бурулуп. – Бир
тепкенден чыкпай калды
го аның.
Кадыр дале унчуккан
жок. Канат дегенди
укканда анын балдары
кайра көз алдына
тартылды. Жүрөк тушу туз
куйгандай зырпылдай
түштү. Ошондон
чыйралып кеттиби, колу-
буту калтыраганына
карабай өйдө турду.
Тайгандай болгон неме
мунун оңолгонуна
сүйүнгөнсүп маңдайына
туруп мылжыңдай күлдү.
- Шеф өлтүрбөй карма
дебегенде сени жана эле
жайлап койот элем, – деп
ырсактады. Анан шып эте
оң бутун көтөрүп келип,
кайра сол бут менен
башка тээп калды. Кадыр
чала-була тосконго
үлгүрдү. Бирок, баары бир
соккуга туруштук бере
албай кулап түштү. Бул
жолу тигинин көз
көрүнөө тээп алганына
ызаланып кетти. Ордунан
тура калып болгон билген
кыймылдары менен
чабуулга өттү. Анткени
менен мышыктай немеге
бир да соккусун жеткире
алган жок. Шапылдатып
тосчусун тосуп,
буйтачусунан буйтап
келди да, оңтоюн
келтирип туруп кайра
өзүн тарс эткизе төшкө
тепти. Кадыр ыргыган
каптай күү менен барып
дубалга урунду эле
артындагы араң турган
кирпичтер жер жайнап
кулап жатып калды.
Кадыр ошондон нары
жөрмөлөгөн бойдон
сыртка чыкты. Артынан
берки да чыкты
шылдыңдай жылмайып.
Чыгып эле шефин
карадыбы, же жөн эле
эки жагын карагысы
келдиби оң жагына
бурула бергенде Кадыр
эки буттап секирип келип
кайра сарайга киргизе
тепти. Мынчалык сокку
жейм деп ойлобосо керек,
беркинин эми жүзүндөгү
жылмаюу да жоголду.
Ошону менен экөө колу-
буту тең иштеп
кышылдап, күшүлдөп
мушташып киришти. Экөө
тең арына келдиби, же
маңдайындагы оңой жоо
эмес экенин сездиби,
айтор биринен-бири
калбай мушташып
жатышты. Бирде тигиниси
кулап, бирде мунусу жыга
чаап бир топко
алышышты. Акыры баары
бир шамдагай неме
машыккандык кылып,
үстөмдүк кылып кетти.
Жанагындай катуу
соккулар менен талуу
жерлерге удаа-удаа урду
эле Кадыр ордунан тура
албай кышылдап жатып
берди. Берки ызасына
чыдабай кетти окшойт
жерде жаткан немени
мойнунан орой кармап так
көтөрүп муунта баштады.
- Койо тур шашылбай, –
деген үн чыкты ушул
убакта.
Муунтуп атканы башын
көтөрүп караса шефи
келип калыптыр. Дароо
колун бошотуп, беркини
таштап жиберди.
Карышкыр жаңы эле урап
түшкөн жерден талтаңдай
басып кирип келди да,
жерде жаткан неменин
чачынан тутамдай кармап
өйдө көтөрүп, тизелете
отургузду.
- Дудукту кайда каттың? –
деп тиштене сурады ал. –
Жанатан бери карабаган
жерим калган жок. Кайда
жоготтуң аны?
- Карышкыр… Сен… Сен
мыйзамга каршы чыгып
атасың билип атасыңбы? –
деп кайра кекете сурады
Кадыр тайманбай.
- Эх, өларман десе! Билип
койгунуң, дудугуң
экөөңдүн көзүң тазаланса,
менин күнөөм мыйзам
алдында өзүнөн-өзү
шыпырылып жок болот.
Же эмне далилиң барбы
колуңда?
- Далилдин баарын өзүң
сайрап бересиң
Карышкыр.
- Ошондой дечи.
Тайманбайм дечи. Азыр
көрөбүз. Сүйрөп кел
тигини.
Карышкыр жигитине
сыртты жаңсай сүйлөдү.
Нурик шып этип секирип
чыгып кетти. Көп өтпөй
көзү аңтарылып, эсине
келе албай жаткан
Канатты желкесинен
бурдай кармап дыркырата
сүйрөп келип, шефинин
алдына отургузду.
Карышкыр аны чачынан
аткый кармап чыкыйына
тапанча такады.
- Эми ушул жерден айтып
калбасаң, мобу
участковой үйүн, бала-
чакасын аман-эсен көрөт
деп ойлобой эле кой.
Бейкүнөө адамдын
өлүмүнөн коркпосоң
жооп бер, дудукту кайда
каттың?!
Кадыр Канатты аянычтуу
карап алып ойлоно
баштады. Кандай
тегеретсе да булардан соо
кутулбасын түшүндү.
Баланы айтуу, же айтпоо
окуяны эч кандай
өзгөртпөйт болчу. «Баары
бир тирүү күбө
калтырбайсың» деп
ойлоду ичинен. Эми эптеп
убакыттан утуунун гана
айласын ойлой баштады.
Эгер аялы өзү айткан
тапшырманы аткара алса,
анда милициялар бул
жерге тез эле кирип
келишет. Себеби бул
сарай шаарга анча деле
алыс эмес. Көп болсо
жарым сааттык жол. Дагы
жакшы, опер группа
калаанын так ушулар
жүргөн учунда жайгашып
калыптыр. Болбосо,
машинанын көптүгүнөн
улам наркы беттен берки
бетке аралап өтүш эле
бир канча убакытты алып
коймок. Демек, дагы он
мүнөттөй чыдай турса
келишээр.
- Айт деп атам, – деп
бакырды Карышкыр.
- Айтканда таба
аласыңбы? – деп
кебелбей сурады Кадыр.
- Сен айта бер. Табышты,
таппашты өзүм билем.
- А кокус кайра качырып
ийсеңчи. Анын эске
тутуусу укмуш күчтүү.
Сенин машинаңдын
номуруна чейин бир
көрүп жаттап калыптыр.
- Былжыраганыңды
токтот! Жинин кармай
албай көкүрөк тушка тээп
жиберди. Бирок анын
тепкени Кадырга көп деле
катуу тийген жок. Тиги
куркуйган жалаңкычтын
соккусуна караганда
мунуку эптеп эле бирдеме
экен. Ошентсе да буга ар
бир мүнөт керектүү болчу.
Калп эле нары кулап
түшкөн болуп, тоголонуп
жатып калды.
- Тургуз акмакты! Тиги
шыпылдак эки аттап
жетип келип эки
колтуктан көтөрүп
шефинин алдына
тизелетип отургузду.
Кадыр дагы эле тилин
тарткан жок.
Карышкырдын ого бетер
кыжырын кайнатып,
айтышып отура берүүнү
көздөп жатты ал.
- Кайрат Жумагулов. Сен
мени коркуткандан көрө
өзүңдүн келечегиңди
ойлон. Мисалы, сен
тууралуу маалымат кечээ
эле бүтүндөй органдарга
билдирилген. А машинаң
болсо эчак эле каттоого
алынды. Сен эми керек
болсо ушул райондун
жолунда да нары-бери
жүрө албайсың.
- Жап жаагыңды! Жап!
Ачуусуна чыдабай
жаактан нары тартып
жиберди. Кадыр
капталына ооп барып
кулап түштү. Бирок бул
жолу өзүнүн сөзү да
беркиге оңой тийбегенин
даана билди. Карышкыр
ызасына чыдабай ордунан
тура калып аркы-терки
баса баштады. Шефинин
ачууланганынан чочулап
калган Нурик акырын
нарылаганча жол бошото
берди да сырт жакка
далысын салып токтоду.
Кебетеси кудум ээсинен
буйрук күткөн иттен
бешбетер анын ар бир
кадамын жаза кетирбей
карап, жалдырап турат.
Кадырга бул көрүнүш
майдай жакты. Тигинин
айласы кетип, кыжына
баштаганын билип, ого
бетер чабуул койо бермей
болду.
- Сен андан көрө
келечегиңди ойло. Эгер
азыр өз ыктыярың менен
колго түшүп берсең сенин
күнөөң бир кыйла
жеңилдейт. А тиги
желдетиңдин кебетесин
карачы. Бөөдө жап-жаш
жигиттин убалына калып
жүрбө.
- А сен антип
боорукерленбей эле кой!
Кудум ыркыраган иттей
жулунуп келди
маңдайына. Мурундары
тийишчүдөй жакын келип
айтты бул сөзүн
Карышкыр. – Мага
жетишет сенин насаатың.
Азыр мен сени өз колум
менен жайлайм да, ушул
сарайды турушу менен
өрттөп жиберем.
Так ушул маалда тарс этип
тапанча атылды.
Карышкыр селт этип
чочуп тура калып артына
бурулду. Бирок караганга
да жетишкен жок. Кадыр
ордунан шап секирип
кокосуна жабышты да,
экөө тең тапырап
жыгылып жатып
калышты. Карышкыр
үстүндөгү муунтуп жүргөн
немеге тапанчасын оңдой
кармап атмак болду эле,
Кадыр бир колу менен
анын колун кармады.
Анткени менен Кадырда
шай калбай калыптыр.
Жанагы жеген соккулар
бир топ эле эсин оодарып
койгон экен. Сол колу
менен кокосун орой
кармап турса да тиги моюн
бербей кышылдап,
тапанчасын ыңгайлай
берди. Аны токтотконго
Кадырдын бир колу
алсыздык кылып жатты.
Балким бул жүрүш менен
ал өлүмгө дуушар болмок.
Бирок, окуя күтпөгөн
жерден оңуна өзгөрүлдү.
Жанатан бери башы
кеңгиреп, эс-мас жаткан
Канат эптеп ордунан
козголуп төрт аяктап
жөрмөлөп келип тигинин
колун кайрый басып
жатып калды.
Карышкырдын эми такыр
айласы кетти окшойт,
колу кайрылган бойдон
туш келди атып-атып
алды. Качан тырышканы
токтоп кыймылдаганга
алы келбей калганда
Кадыр колун бошотуп,
ордунан турду. Азырынча
муну өлтүрбөш керек
болчу. Курун чечип колун
артына кайрып чатырата
таңып таштады. Канат
болсо ошо бойдон
ордунан тура албай солуп
жатты. Көрсө тиги
шамдагай аны өлөөрчө
тепкилеген экен. Кадыр
эми дубалды таянып араң
туруп аялын карай
жөнөдү. Ал
урандылардын түбүндө
көзү алайган бойдон
үнсүз-сөзсүз жалдырап
отуруптур. Канаттын
тапанчасы дагы эле бир
колунда мыжылып турат.
Бечара салаалап куюлган
көз жашына, саксайган
чачтарына, этек-жеңинин
топо-чаң болуп булганып,
ар кай жери айрылганына
карабай Кадырга
ушунчалык сүйкүмдүү
көрүндү. Өз жанын
өлүмдөн сактаган
жубайына эптеп жетип,
колундагы тырмыша
кармаган тапанчасын
алып ыргытып, бооруна
баса кучактады.
- Мен эч кимге чала албай
койдум, – деп араң
шыбырады Айнек. – Эч
бир жерден телефон
тартпай койду…
Кадыр аны бооруна бекем
басып, чачынан жыттап
бир саам отурду. Бир
маалда он кадамдай
нарыраак үйүлүп турган
эски көң көзүнө урунду.
Ошондо гана өзү катып
койгон бала эсине келип
ордунан шашмалай туруп,
көңдү карай жөнөдү.
Кагыраган куурайлар
жанагы үйүлгөн боюнча
былкылдабай туруптур.
Анын баарын ары-бери
тоголотуп оодарып салды
эле байкуш бала өзү
жаткырган бойдон
бүрүшүп жатат. Тизелей
отура калып кош колдоп
өйдө көтөрүп маңдайынан
өптү.
Ошондо гана тиги бекем
жумуп алган көзүн ачып
Кадырды карады да,
кудум тили жаңы чыгып
келеткан немедей
булдуруктап
- Атаа! – деп мойнуна
асылды…
Насыпбек АСАНБАЕВ,
Эртеси баары ойдогудай
болду. Аялы эртең
мененки автобус менен
жетип келди. Аны Канат
тосуп алып түз эле
мектептин деректирине
кирип барышты. Деректир
ар кандай шылтоо айтып,
кыйыктанганына болбой
дудукту кабинетине
алдырып, үйүнөн атасын
чакыртышты. Кайран
Сатый баласын жибергиси
келбей канча
чырылдаганы менен
өкүмөттөн жазганат экен
баары бир. Айла жок,
макул болуп, баш ийип
берди. Ошондо гана
арына келдиби же, дагы
эле эл көзүнө кылдыбы
айтор, баарын үйүнө
ээрчитип барып
баласынын үстүндөгү
кийимин жаңыртымыш
болду. Кийин айылдын
этек жагынан буларга
Кадыр кошулду. Ошону
менен Канаттын кызыл
аудиси зуулдаган бойдон
борборду карай жөнөдү.
Байкуш, дудук үйүнөн
алыстаганга жүрөгү
дүкүлдөп, балбал жанган
көздөрү жылтырап
коркуп келатты. Анын бир
гана ишенгени канча
күндөн бери ашына болуп
калган Кадыр. Азыр да
ошонун колтугуна кынала
отуруп, корголоп алган.
Анын минткени Кадырдын
ого бетер жүрөгүн
жибитип, бечерага
пейили төгүлдү.
Баса дудуктун шаарга
сапар алышы тууралуу
кабар ушул турган айыл
элинен биринчи
Карышкырга жетти. Булар
кабинеттен чыгып
Канаттын машинасына
отуруп-отура электе эле
деректир баягы
текшерүүчү калтырган
номерге чалды.
Карышкыр мындай
маалыматты жөн
калтырабы? Бала менен
чыккандар тууралуу ийне
жибине чейин такып
сураган соң деректирге
ыраазычылык
билдиримиш болуп
телефонду койду да,
дароо жигиттерине
кыйкырды.
- Дудукту колдон чыгара
турган болдук акмактар! –
деп бир тийди тигил экөө
бөлмөгө кирээри менен. –
Мен силерди ичип-жесин
деп багып жүрөмбү, я?!
Кана колуңардан бир иш
келгени?!Кана? ! Ой ушу
силерге ишенген мен да
акмакмын эннеңди!..
Жаны күйгөнүнөн чыдай
албай ордунан туруп
терезени карай басып
кетти. Бутуна сыналгынын
пульту уруна калды эле,
жини менен анысын
бурчту карай ыргыта тээп
салды. Деги жинин
эмнеден чыгараарын
билбей жаман болду.
Терезеде жедеп кир
баскан парда илинип
турган. Көзүнө ал дагы
мокочо көрүнүп кетти
окшойт капталды карай
силке тартып таштады.
Ылдырап араң турган
немеге ушул эле
жетишпей жаткан экен.
Бир топ илгичтери
жулунуп, ого бетер
шалпыйып жатып калды.
- Бүгүндөн калсак анда
иштин бүткөнү, билип
койгула! – деп кайра
бурулду берки экөөнө.
Заар чачкан көздөрү
менен экөөнү матай
тиктеди бир саам. – Эгер
бүгүн да колуңардан
келбесе анда менден
жакшылык күтпөгүлө. Же
түрмөнүн түбүндө
чирийсиңер, же алдагы
калдайган башыңардан
ажырайсыңар. Башка жол
жок.
Экөө лам деп ооз ачпай
туруп беришти.
Башчысынын айтканы
менен болуп, көзүнүн агы
менен тең айланып көнүп
калган немелер үчүн
тигинин ар бир айтканы
айныгыс мыйзам болчу.
Тээ бала чагынан бери
ушул адамдын ачуусун да,
таттуусун да көрүп
чоңоюшкан. Мындан
башка ылымсанаар адамы
да, эш тутаар карааны да
жок. Ал тургай так ушул
жеп-жутуп жиберчүдөй
атырылып турган
мыкаачыдан башка
адамдын баары буларга
душман сезилчү. Бала
чагынан таштандыга
айланып, кароосуз калган
немелер кийин ушул
кишинин карамагына
өтүп, кулагы кесик кулдай
менчигине айланган.
Ошол бала кезинен берки
мээсине сиңип бүткөн бир
гана нерсе – бул алардын
өмүрү да, өлүмү да так
ушул кишинин колунда
деген түшүнүк. Мына
ушул түшүнүктүн айынан
кожоюну колу-буту шал
болуп, өлүм төшөгүндө
жатса да кол кайтарып,
каяша кыла алышмак
эмес. Азыр да ошондой
болду. Карышкыр
мурунку
карышкырлыгынан
калып, айласы кетип
алдастап турганына
карабай экөө анын
баардык жемесине чыдап,
шалбырап турушту. Шефи
болсо аларды канча
күндөн бери оозуна
келген сөз менен ашата
сөгүп, жер-жеберине
жетип келет. Баса,
Карышкырдын да ошо
күйгөнүнчө бар эле. Күнү
кечээ бул аймакта кадыр-
баркы артып, эми бир аз
убакыт болсо бүтүндөй
республикага сөзү өтөөр
күчкө жетем деп турганда
буга күтүлбөгөн бут тосуу
болду. Эч кимге белгисиз
бир суу куйдунун
итчилиги менен
мыйзамдын торуна
кабылып, капаска
чалынды. Ошону менен
жолго түшүп келеткан
иштери бир заматта
ойрондолуп, крим
дүйнөдөгү кадыры
төмөндөп кетти.
Мындайда кимдин-ким
экени бат эле билинет
эмеспи. Мурда колунан иш
келип турганда көзүн
карап, ылымсанап жүргөн
немелер тез эле боорун
качырып, керек болсо
душманга айланып чыга
келишти. Андан кийин
акырындап киреше таап
турган булактарын бүт
тартып алышты. Бара-
бара душмандыктары ого
бетер күч алып өзүнө кол
сала турган кейипке
өтүштү. Албетте, алар
үчүн буга окшогон көк
беттин тирүү
отурганынын өзү эле
коркунучтуу болчу.
Ушундай алсырап
турганда көзүн тазалап
салбаса, кийин баары бир
кедерин тийгизбей коймок
эмес. Бөрү карыса да бир
койлук алы бар деген кеп
тегин жерден айтылбаган
тура. Душмандар ушуга
көзү жетип муну жок
кылмак болушту. Иш
барган сайын ырбап
баратканын туюп бул да
бекер отуруп берген жок.
Бар айласын салып, колдо
бар быдырын колдонуп
жүрүп, акыры бир
шылтоосун тапты.
Дарыгерлерден «бир
жумага жетпеген өмүрү
калды» деген справка
алдырып азаттыкка
чыгып, чет өлкөгө чыга
качканга жетишти.
Өлбөгөн адам алтын
аяктан суу ичет деген чын
тура. Алды-артын карабай
араң кутулган неме чет
жерде жүрүп кайра эле
тирденди. Тез эле өзүнө
окшогондор менен
байланыш түзүп, мамиле
күткөнгө жетишти. Деги
баары ойдогудай
келеткан. Кечээ баягы
өзүн сызга отургузган суу
куйду Жекини таап, өч
алам дегенге чейин баары
эле сонун болчу. Ооба,
башынан өткөн
кырсыктын баарын
башкалардан издеп,
башкаларды күнөөлөп
атканда чыккынчылардын
ана башы өзүнүн досу, эң
ишенген адамы Жеки
экенин укканда жаны
болуп көрбөгөндөй
кейиди. Акыры ызасына
чыдабай жетип келип өч
алмакчы болду. Алдына
койгон пландары көзүнө
көрүнбөй, эси-дарты өч
алууга ооду. Качан өзүнө
ишенерлик абалга
келгенде гана кайрылып
келип, мурдагыдай эки
тизгин бир чылбырды
колума алам деген ойлору
бир заматта бырын-чырын
талкаланды. Кыскасы
ушунча байлыгынан,
бийлигинен ажыратып,
душмандарынын алдында
тизе бүгүүгө аргасыз
кылган немени өз колу
менен жайлап, биротоло
тындым кылмайын жай
алып отура албай калды.
Акыры жумуштарын
жыйыштырып коюп,
көксөөсүн суутмакка
аттанып чыкты. Албетте
Жеки шүмшүк дагы жөн
отурбай мунун бир топ
иштерине ээ чыгып,
өзүнчө байлык
жыйнаганга жетишкен
экен. Ал тургай бир далай
акча чогултуп чет
өлкөдөгү банктарга
чыгарып ийиптир. Мунун
баарын ушул жердеги
узун кулак
тааныштарынан укту.
Мурда-кийин мындай
ишти далай кылган эргул
Жекинин кайда басып,
кандай тураарын бир
заматта тактап туруп,
оңтою келген күнү
чычканды мышык
алгандай басып калды.
Жекиге бул жолу
тегеректеп жүргөн
жигиттери да жардам
бере алган жок. Ошону
менен кургурду жерден
алып көргө салды тим эле.
Өзү аймакчы,
чыккынчылык кылмак
тургай, атын укканда
чочуп тургуча кыйнамай
болду. Атаганат убактысы
гана тар болуп калды да.
Болбосо, жанагы
чогулткан байлыктарын
бир тыйынына чейин
алдырып туруп, андан
кийин аркы дүйнөгө
узатып коймок… Бирок,
мунун келишин байкаган
атаандаштары, өздөрүнчө
шекшинип, аңдый
башташты. Албетте ар
кандай кокустук болуп
кетиши да мүмкүн эле.
Ошого жараша алар
менен күч сынашууга да
али эрте. Натыйжада,
Жекинин көзүн тезирээк
тазалап моокумун
кандырып алып басып
кеткенден башка чарасы
калган жок. Акыры
ошондой да кылды.
Жакшы эле баары
ойдогудай ишке ашып
келаткан. Өлүктү ың-
жыңсыз жоготконго
ыңгайлуу жер да тез эле
табылды. Балким ошо
күнү «муну өз колум
менен жайлайм» дебей
эле жигиттерин жиберип,
өзү жылуу ордунда отура
бергенде бүт баары ошол
бойдон жымырайып
бүтүп калмак. Тигил
күтүүсүз күбө болуп
калган койчу балага өзү
эмес, мобу алдында турган
эки желдети кабылганда
деле алардын көзүн
тазалап туруп басып
кетмек. Бирок,
кычастыкты карачы… Эң
акыркы жүрүштө баары
ойрондолуп жатып
калды. Артын жакшы эле
таза кармап, абийирине
доо кетирбей жүрдү эле,
минтип кайрадан кара так
сүйкөлгөнү калды.
Болгондо да ушу жүзү
кара Жекинин айынан
экинчи жолу капканга
чабылып отурат. Эми эмне
кылыш керек?
Сыналгынын маңдайында
турган эски креслого
башын мыкчый отурду.
Катардагы эле бирөөнүн 2
бөлмөлүү батирин бир
айга алышкан болчу.
Мунусу да көңүлдү
айлантчудай чалдыбары
чыккан эски батир.
Шашылыш эле ала
калышкан. Мынчалык
көпкө калабыз деп ким
ойлоптур. Башында бир
жумага деп алышты эле
эми минтип, иштери
бүтпөгөн соң бир айга
жылдырышты. Деги үй эле
аты болбосо, кедейдин
кепесинен айрымасы жок.
Же бир кенедей эле
шарты болсо эмне
кургурдун. Тээ СССРден
калган оокаттар, эски
көрөн-шөрөндөр…
- Бүгүн бүтүрбөсөк
болбойт! – деп креслонун
кырын бир урду бир
маалда. – Мына мобу
үйдүн ыпыр-сыпыры
силерге жагып атса отура
бергиле. Бирок, мен
мындан нары чыдай
албайм!
Берки экөөнөн дагы эле
үн чыккан жок.
+++
Күн капталдай көтөрүлүп,
төбөгө жакындап калды.
Бүгүн жуманын иш күнү
болгондуктан бул
жолдордо азырынча көп
деле машина жок. Кокус
базар күнү, же базардан
бир күн мурда болгондо
ары-бери каттаган
машина бир топ көбөйүп
калмак. Чындыгында бул
жер алыскы район
болгону менен, дем алыш
күндөрү өтө турган мал
базары менен бүткүл
республикага барктуу
болчу. Мындан беш-алты
жыл мурда керек болсо
коңшу мамлекеттерден да
соодагерлер келчү дешет.
Бирок, алардын келиши
менен балаар кескин
өзгөрүлүп кетти.
Дыйкандар малын
каалагандай баага сата
баштагандан кийин,
ортодо абадан акча таап
жүргөн ортомчулар көп
кирешеден куру жалак
отуруп калышты.
Натыйжада алар чара
көрүшүп, чет элдиктерди
жолотпой коюуну
чечишти. Албетте,
мындайда жанагы крим
дүйнөнүн
куурагырларынын эле
күнү тууйт эмеспи.
Тигинисин кордоп,
мунусун колдомуш болот
дагы, акырындап-
акырындап бийликти
колго алышат. Андан
кийин кызыл кулактардын
кирешесинен үлүш алып
гана отура бер. Мына
ошол киреше көзүн
кызартып, кыргынга
түшүрүп атпайбы аларды
дагы. Бирок, алардын
андайы менен бу
жергиликтүү элдин иши
эмне? Сатчусу колундагы
малын жетелеп, алчусу
акчасын томпойтуп
чөнтөгүнө салып базарга
барат, көңүлдөрүнө төп
келген баага соодалашып
кайра жолуна
түшүшөт.Тиргилик деген
ошентип өтө берет тура
жай адамдыкы. Айрыкча
элет элине көп деле
шашылыш жок.
Натыйжада минтип
жолдор дагы бош. Ал
тургай ар кайсы жерден
жол тоскон МАИ
кызматкерлери да
көрүнбөйт.
Кыскасы, ушул зымыраган
жол менен Канат кызыл
аудисин чымылдата айдап
келатты. Жанында чогуу
келеткан жүргүнчүлөрү
эчак көшүлүп уйкуга
кеткен. Бир гана бечера
дудук көзүн ирмебейт.
Анан кантсин кургур?
Туулганы кой артынан
калбай, короодон чыкпай
чоңойгон немеге күздүн
суугунан бир да жашылы
калбай саргайган сары
талаа дагы кызык көрүнүп
келетпайбы. Жана бир
топко чоочуркап,
алаңдаганы менен бала
эмеспи, бат эле анысын да
унутуп, терезеге
жабышкан бойдон сыртты
карап келет. Канат «эми
бул буркурап ыйлап,
тежиктенип айлабызды
кетирбесе экен» деп
санааркап атты эле, эми
тигинтип алаксып
калганына санаасы
тынып, көңүлү көтөрүлүп
калды. Анын мындай тынч
келээрин билсе дагы бир
киши салып алышмак
экен. Эмне, жок дегенде
балдарына таттуу-паттуу
ала барганга жарамак да.
«Мейли эми, ушу тынч
баратканыбызга деле
шүгүр» деп топук кылды
кайра.
Ошентип зымырап отуруп
жолу эзиле бергенинен
улам асфальт токтобогон
белге да жете келишти.
Бул жер ушул жолдун
чечилгиз көйгөйү. Тээ кар
эрип, күн жылыгандан
баштап ушунтип эзилип
турганы турган. Же бул
жерге асфальт токтобойт,
же шагыл токтобойт. Деги
бир багы ачылбаган бел.
Көпчүлүк убакта
машиналар тыгылат, же
дөңгөлөктөрү бир балээге
учурайт. Мына азыр дагы
бир машина токтоп турган
экен. Болгондо да
зыңкыйган кара джип
токтоптур бул жолу. «Бу
шаардан келген немелер
деги жолду карап
айдаганды да билишпейт»
деп өзүнчө кыйынсынып
койду Канат. «Зыңгыраган
түп-түз жолдорго эле
көнүп алышкан окшойт.
Ал тургай дөңгөлөк
алмаштырганды билбеген
кемпайлары да бар. Ана,
айтпадым беле. Сомодой
болгон эки жигит жүрүп
жол тосуп жардам сурап
атышканын карап кой.»
Чын эле булар жакындай
бергенде эле бирөөсү
бурап аткан домкратын
таштай коюп, ордунан
туруп кол булгап калды.
Беркиси болсо узун боюн
жашыргансып чөк түшө
калып, жанында турган
бош дөңгөлөктү кармалай
кетти. Өзү деле руль
кармап, жолдо жүргөн
неме болгон соң
тигилердин көңүлүн
калтыргысы келбей
машинасынын күүсүн
азайтып, акырындап
токтой баштады. Кадыр
менен аялы уйкусунан
ойгонгон деле жок. Канат
бир саам экөөнү карады
да, ойготпой эле түшүп
кетмек болду. Бирок,
күтүүсүздүк так ушул
жерден башталды.
Жанатан беймарал сыртты
карап келеткан бала
Канат бурула бергенде
шарт секирип чыгып
артты көздөй жөнөп
калды. Канат анын бул
күтүүсүз кыймылынан
улам эч нерсе дегенге
үлгүрбөй атып чыгып
артынан чуркады. Ошондо
гана Кадыр удаама-удаа
жабылган эшиктин
үнүнөн ойгонуп, эки
жагын каранып алды.
Алдында аялы да кудум
өзүндөй болуп элеңдеп
отурат.
- Кайда чыгып кетишти? –
деп таңыркай сурады
Кадыр.
- Билбейм, туалетке
чыгышты го – деп
болжолдоду аялы.
- Аа, анда келишээр…
Ушуну менен Кадыр
унчуккан жок. Оң
капталына кыйшайып
уктаганга мойну ооруп
калган экен, акырын
мойнун бурап кычыратып,
колун чоюп керилди. Бир
маалда көзү алдындагы
машинага урунду.
- B7768C – деп шыбырай
окуду номурун. Анан
джиптин жанында булар
келген тарапты карап
турган жигитти карады.
Тим эле күрсүйгөн неме
экен анысы. Бут алдында
машинанын кошумча
дөңгөлөгү жатат.
«Дөңгөлөк алмаштырып
атышкан го бечералар»
деп ойлоду ичинен.
Аңгыча джиптин нары
жагынан куркуйган бирөө
чыгып багажникти ачты
да ичине эңкейип бир
нерсени бери аңтара
салды. Анысы шалбырай
илинип машинанын
номурунун үстүңкү
жарымына чейин жаап
калды. Ушунун баарын
Кадыр жөн гана карап
отурду. Оюнда болсо
дудуктун алдыдагы
тагдыры, «андагы
маалыматтарды кантип
алыш керек?» деген
суроолор удургуп жатты.
Ой деген күлүк болот
тура. Бир маалда дудуктун
талаадагы жазган номери
көз алдына тартылды.
Такырайган топуракка
жазылган «D1100C» деген
жазуу. Бир саам анын
кандай жазылганын
элестетип отуруп эле көзү
чакчая түштү. Көрсө так
ошол жазуу маңдайында
турган экен. Тең
ортосунан өйдө жагы
чүпөрөк менен жабылган
номер так эле бала
чиймелеген жазууга
окшошуп туруптур.
Тигине үстүңкү бөлүгү
жабылган В тамгасы «D»
болуп калыптыр. Жантая
сызылган кош сызык
болсо 77 деген номердин
ылдый жагы. (Аны 11 деп
окубады беле) Ал эми 68
деген жазуунун астыңкы
эки тогологун Кадыр 00
деп окуган болчу. Демек
дал өзү. Жүрөгү «шуу»
дей түштү. Бирок, өзүн
жоготкон жок. Кебелбей
отурган калыбында
тизесине арта салынып
турган күрмөсүнөн
тапанчасын сууруп чыгып,
даярдай кармады.
- Айнек мени жакшылап
ук! Азыр мен эшикти
ачаарым менен руль
жакка өт дагы, машинаны
от алдыр! – деп шыбырай
сүйлөдү ал. Өзү болсо
сүйлөп жатып айдоочу
жактагы күзгүнү карады.
Тигине Канат артта
чырылдап жулунганына
койбой дудукту кармап
келетат. Кайран дудук
машинаны тааныыры
менен качып жөнөгөн
тура. Эми көзү багажникти
чукулап аткан жигитке
илинди. Ал жанатан бери
эч нерсе кылбай эле нары
карап тоңкоюп турат.
Демек колуна куралын
даярдап мерчемдүү
убакытты күтүп атса
керек.
- Эмне дейсиң? Эмне болуп
кетти? – деп алаңдай
сурады аялы.
- Сурооңду токтот! Мен
эшикти ачаарым менен
рулга отур! Машинаны от
алдырып айдап
жөнөйсүң. Билесиң да
айдаганды. Көзүн
алдыдагы эки жигиттен
албай сүйлөп жатты.
Бирок, кебин аягына
чыгара алган жок.
Багажникте турган жигит
колуна кичинекей автомат
оролгон чүпүрөктү
кармаган бойдон бурулуп
келатканын көрүп калды.
Дароо машинадан ыргып
чыгып тапанчасын ошону
карай сунуп удаама-удаа
аткылады. Анткени менен
тиги дагы оңой эмес экен.
Көзгө илээшпеген тездик
менен капталга бир
тоголонду да тизелеп
отура калып буларды
карай ок жаадырды.
Кадыр бир эки ирет
тарсылдата атып алып
машинага далдаланды.
Автоматтын огу аудинин
капталын, айнектерин бир
заматта бырын-чырын
кылып тытып жиберди.
Мынчалык өзгөрүүнү
күтпөсө керек, аялы рулга
өтмөк тургай чырылдаган
бойдон бут койгон жакка
кирип кетти. Канат болсо
эптеп илешип келип
машинанын артына
далдаланды. Ал дудукту
тыбыраганына карабай
бооруна бекем басып
алыптыр. Иштин оңунан
чыкпай баратканына
көрүп Кадырдын көзү
чакмактай түштү. Эптеп
бир деме кылбаса
болчудай эмес.
Автоматтын огу жаап
атканына карабай
машинанын арт жагынан
чыга калып өлөрмандана
аткылай баштады. Бул
жолу тигилер джиптин
артына кире качканга
мажбур болушту. Кыязы
мынчалык каршылык
болоорун күтүшкөн эмес
окшойт. Кудай жалгап
Канат ушул учурду
пайдаланганга үлгүрдү.
Ал арткы эшиктен дудукту
машинанын ичине
ыргытып ийип, өзү рулга
отура калды. Кудай
жалгап ачкычы да
тешигинде сайылган
бойдон калган экен.
Бураары менен ауди дүр
этип от алды. Ылдамдыкка
салып ордунан козголо
бергенче Кадыр болгон
огун атып бүтүп, дароо
ордуна жайланышты.
Ошону менен Канат
ордунан атырылткан
бойдон Джипти айланып
өтүп, сызып жөнөдү.
Жанатан Джиптин наркы
жагына далдаланып
отуруп алып, жигиттерин
башкарып отурган
Карышкыр ордунан
ыргып туруп, тапанчасы
менен аткылаганча чуркап
чыкты. Анан аудинин
артынан татырата атып
аткан жигиттерин карап,
- Машинага отургула
акмактар! – деп бакырды.
Өзү да арткы эшикти ачып
машинага кирди. Бир
заматта үчөө ордуларына
отуруп тигилерди кууп
калышты. Чынында
жанатан машинанын деле
дөңгөлөгүн чечишкен
эмес. Жөн гана кошумча
дөңгөлөктү алып чыгып,
домкрат менен машинаны
көтөртүп коюшкан. Анын
баары ошол ордунда
калды. Карышкыр эми
таптакыр жиндеп, оозуна
келген сөз менен сөгүнүп
баратты. Бир маалда
чыдабай кетип Нуриктин
автоматын ала калды да,
арткы терезеден колун
чыгарып алдыдагыларды
огу түгөнгүчө татырата
аткылады. Качан огу
түгөнгөндө автоматты
Боханын алдына
ыргытып,
- Окто батыраак! – деп
чаңырды.
Байкуштун ойлогон ою
бул жолу да текке кетти.
Деги баары эле бул
ойлогондон чыгып
келеткан. Жанагы дудук
чыга качпаганда балким
мунун эч бири болмок
эмес. Өзү чыгып берген
немелердин чыкыйына
тапанча такап кармамак
дагы, баарын шашпай
мойнун бурап өлтүрүп
туруп, жардын кырынан
ылдый машинасы менен
кулатып иймек. Бирок,
жанагы дудук дагы
сааттай болуп качып
бербедиби. Ушу өмүрү
кой артынан калбай
жүргөн неме машинасын
таанып калат деп ким
ойлоптур. Тааныса мени
тааныйт деп жашынып
отурганы да ошол болчу.
Анан шайтандай болуп
анысы качып, беркиси
кууп берген соң
жигиттерин дагы токтотту.
«Эми алар менен куушуп
жүрө бербей отура
туралы. Артындагысы
кармап келсин, анан
улантабыз» деп ойлогон.
Болбосо тиги дудук
баягыдай талаа аралап
качып берсе, бул
тоолордон аны кантип
кармайт эле. Анан калса
тиги кырларды аша
калсаң малчынын
сарайлары толуп атат.
Бирде болбосо бирине
жолугаар бул
чымылдаган неме.
Ошентти да, артынан
кеткен куугундун кармап
келишин күттү. А тили
жок неме ага баары бир
эч нерсе айта алмак эмес.
Машинанын далдоосуна
дүңкүйүп отуруп алып
гана жигиттерин
башкарып отура берди.
Кудайдан болуп берки
машинадагысы да
ордунан жылбай үргүлөп
отурган. Кылгылыктын
баарын кылса тетиги
дудук же, дудук көтөргөн
неме кылат деп ошондон
көзүн албай, ошолорду
саксына карап отурду эле,
балээнин баары тескери
жактан келбедиби. Мына
эми минтип алдыдагы
тамтыгы чыккан
машинаны артынан
калбай демите кууп
келетат.
Кайра эле баягы кууган
менен качкандын
көрүнүшү. Алдыда өйдө-
ылдыйга анча шайы келе
бербеген ауди менен аңды
дөңдү карабай адыраңдап
келеткан жол тандабас.
Тоо арасындагы ээн
жолдо буларга жардам
кылаар дагы, арттагы
кууганга тоскоол болоор
дагы эч нерсе көрүнбөйт.
Кадыр жардам сурап
бөлүмгө чала калайын
деди эле кашайгансып
телефон да тартпайт экен.
Таптакыр айла кетти.
Арттагы күрүлдөгөн неме
уламдан улам жакындап
келет. Азыр дагы бир аз
жүрсө жол бир капталы
тип-тик жарга жетип
барат. Балким арттагылар
да атайылап ошол жакка
сүрүп бараткандыр. Ошол
жардан ылдый аңтарып
ийсе булардын өлбөгөндө
эмнеси калат эле. Эми
кандай кылса экен?…
Аңгыча көзүнө оң жакты
көздөй кеткен топурак
жол илинди.
- Оңго сал! – деп
кыйкырып жиберди
Кадыр. Канат шашмалаган
бойдон жолдун чаңын
сапырып оңго бурулду.
Дагы аз жерден Кудай
сактады. Жол жээктей
орнотулган цемент
түркүктү сол капталы
менен бир уруп алып
оңолуп кетишти. Ошол
болбогондо ала салып
жатып калышмак. Куйрук
улаш келеткан джип
мынчалык тездик менен
бурулаарын күтпөсө
керек. Кайкылдатып
тормузун тээп отуруп араң
токтоду да, дүңкүлдөгөн
бойдон жолдон чыгып
булардын артынан түштү.
Үстүндөгү бош топосу
желп эткен желге
сапырылып, чаңы
буртулдап учуп турган
жол үстүндө эки машина
куушуп жөнөдү. Бул жол
шагылы жок болгону
менен ар кай жери
адырая казылып, жаан
токтогон жерлери оюлуп
кеткен шагыл жолго
караганда алда канча түз
экен. Кадыр ушундан
пайдаланып артты карап
отура калды да арттагы
куугунду болжолдоп
аткылай баштады. Ансыз
да алдыдагы машинанын
сапырылта көтөргөн
чаңына кабылып, айласы
кетип келеткан немелер
эми бет маңдай атылган
окторго туруштук бере
албай кетенчиктей
калышты. Таамай атылган
тапанчанын огу алдыңкы
терезени тешип-тешип
ийди эле күтүрөгөн чаң
бир заматта
жыртыктардан кирип
баарын жүдөттү.
- Буйтап айда! Артынан
калбай буйтап айда! – деп
бакырды Карышкыр
жаалданып.
Кубалашмай узаган сайын
Канаттын үмүтү үзүлүп
баратты. Себеби алдыдагы
эски кашардан нары жол
көрүнбөй койду. Кашайып
бул топурак жол так ушул
сарайга гана катташ үчүн
салынган окшойт. Андан
нары боз чалган эле адыр
экен. Мунун машинасы ал
адыр менен узак кете
албас. Артта болсо
тигилер калбай келетат.
Мунун санаасын арттагы
Кадыр деле туюп турган
экен. Ал машинанын улам
бир капталына өтүп аркы
адырлардан өтмөк издеп
жатты. Акыры эч ылаажы
таппады окшойт алдын
караган бойдон ой басып
отуруп калды. Бир маалда
кепке келип бүрүшүп,
тыгылып жаткан аялын
тарткылап кирди.
- Айнек тур! Чык алдыгы
жерден. Бол! Чык эми
батырак! Бол эми!
Бышактай бербей менин
сөзүмдү укчу. Азыр биз
тиги сарайдын артына
барып токтойбуз дагы,
арттагы куугунду тосуп
чыгабыз. Башка чарабыз
жок. Түшүнүп атасыңбы?
Жол түгөндү. А сен ошол
убакта телефондорду
алып сарайдын
артындагы тоонун башын
көздөй чурка. Колуңан
келишинче бийик чык.
Телефон тартып калаар.
Антенна чыккан эле
жерден бул жакка
жардам чакыр. Макулбу?!
-Жок! Мен барбайм!
Баралбайм, – деп
буркурап жиберди аялы.
Ал тоону бир карап,
арттагы куугунду бир
карап алаңдай берди.
- Барасың Айнек, барасың!
Биздин тагдырыбыз сенин
колуңда, билип атасыңбы!
Башка кылаар айлабыз
жок! – деп бекем-бекем
сүйлөдү Кадыр. Анан
Канатка кайрылып,
- Тээтиги кашардын арты
менен кирип сол жак
башына токтот, – деди.
Өзү болсо аялын бери
каратып колуна эки
телефонду карматты. Бир
колу менен көзүнүн
жашын сүртүп, саксайып
кеткен чачтарын артына
карай сылады да,
- Биздин акыркы үмүтүбүз
сенде. Колуңдан
келишинче тез чурка, –
деп жалооруй сүйлөдү.
Айнек эч нерсе айта албай
буркураган бойдон
жолдошунун мойнуна
жабышты. Байкуш дудук
болсо эч нерсени
укпайын, эч нерсени
көрбөйүн дегенсип башын
катып, арткы орундуктун
алдында тыгылып жатат.
- Даярдангыла, азыр
токтойбуз, – деди Канат.
Кадыр Айнектин
кучагынан чыга калып,
баланы тыгылып жаткан
жеринен сууруп алды.
Байкушту аялындай
кылып качырып ийейин
дейт, бирок бул аны
түшүнгүдөй эмес. Мобу
тырышып жаткан
жеринен араң сууруп
чыкты. Кантсе да бала
эмеспи, ушунун баарын
көзү көрбөй калса эле
кутулчудай болуп, бекем
тыгылып алыптыр. Аны
ошо бойдон бооруна
басып, бир колу менен
тапанчасын оңтойлой
кармады. Ошол кезде
Канат дагы узун сарайды
айланып келип эбак
бузулуп, дубалы аңырая
ачылып калган тушка
келип токтоду. Үчөө үч
жагынан шуулдап
чыгышты. Аялы түз эле
тоону беттей чуркады.
Берки экөө болсо алдыда
боло турган кармашка
даярданыш үчүн
ыңгайлуу орун издеп
жөнөштү. Кадыр бооруна
бекем кыса чыккан
баланы кайда
жашыраарын билбей
сарайдын ичин карап
жатып көзү бир капталда
үйүлүп турган эски көңгө
илинди. Урандылардан
аттап кирип ошонун бир
бурчуна отургузду да
жанында от тамзыгыга
деп үйүлүп жаткан
куурайдан үстүнө толтура
ыргытып таштады. Ушул
убакта Канат тарсылдатып
ок чыгарды. Артынан эле
жооп кылып тигилер да
тытыратып калды. Кадыр
кайда бекинип, кайдан ок
чыгараарын билбей
алдастай түштү бир саам.
Анан маңдайдагы
терезеден башын
чыгарып сыртты карады.
Тигилер кашардын
маңдайына эмес, артына
токтогон экен. Шып этип
секирип терезенин кырын
басып, андан ары
кашардын үстүнө чыгып
кетти. Канат тигилердин
узакка созулган огунан
кийин анда-санда жооп
кылып турду. Кашардын
үстүнө дүкүйө өскөн чөп
ошо бойдон куурап
калыптыр. Кадыр ошону
аралап акырын сойлоп
жөнөдү. Тигине джиптин
төбөсү да көрүндү. Дагы
жылып келип жакшылап
караса далдоосунда
бирөө жүргөнсүйт. Эптеп
эле ачыкка чыкса ыргыта
атса болчудай.
Карышкырдын өзү экен
жашынган. Шып этип чыга
калды да татыратып
жиберип кайра жашынып
калды. Кадыр бул жолу
атканга үлгүрбөй калды.
Чочутуп албай даана
атайын деп кийинки
чыгышын чыдап күтө
баштады. Бирок тиги
көпкө чыкпай койду.
Кадыр бүткүл дитин коюп
ошону күтүп тура берди.
Убакыт да өтө аз. Эптеп
муну жайлай калып
Канатка жардам бербесе
болбойт. Берки экөө аны
жалгыздап кетиши
мүмкүн. Демин ичине
каткан бойдон күтүп
турду. Дал ушул убакта
күп этип үстүнөн бирөө
басып калды. Экөөнүн
салмагына эски жабуу
чыдайбы. Астындагы
жыгачтар кычырай түшүп
экөө тең ичине кирип
кетишти. Көрсө жанагы
күржүйгөн неме басып
калган экен. Топо чаң
болуп эле кулап түшүштү.
Кадыр тигиге караганда
алда-канча ыкчамдык
кылып тура калды да,
берки өйдө болоору
менен бет талаштыра чаап
калды. Тиги болсо анын
чапканын сезип да койгон
жок. Тек гана жаагын
колунун сырты менен
аарчып акырайа карады.
Кадыр таң кала карап
алып кайра шилтеп-
шилтеп жиберди. Бирок,
тиги дале кенеген жок.
Кебелбей турду да бир
кезде Кадырдын чаап
келеткан колун шап эте
кармап калып экинчи колу
менен көмөлөтө койду.
Ошону менен эсине
келтирбей эки-үч жолу
көмөлөтө-көмөлөтө тепти.
Андан кийин эми тура
албайт дедиби, көзүнө
кирип кеткен чаңды
ушалап туруп калды.
Кадырга ушул эле керек
болчу. Наркы капталында
дат баскан темир
казыктын учу чыгып
турган экен, ошону
кармаганча ордунан
турду. Берки күржүк аны
мылжыя карап бир нерсе
айтмак болду эле, ооз
ачканга да үлгүрткөн жок.
Бир секирип капталына
өтүп келип казыктын
иймек башы менен башка
басып калды. Тептегиз
кыркылган чачтан бир
заматта дыркыраган кан
сызылып чыгып бетин
жая берди. Көзү
аңтарылып бир саам нес
болуп турган соң акырын
чалкалап барып күп этип
жыгылды. Ушундан кийин
айлана тынчып калганын
байкады. Сыртта да
негедир атышуулар
токтоп калыптыр. Кадыр
топурактын арасынан
тапанчасын таап, ичин
ачып огун карады. Экөө
эле калыптыр. Туш келди
аткылай бергенге болбос.
Бутунун учу менен басып
Канат турган жакты
көздөй жакындады.
Андан такыр эле дайын
жок. «Өлүп калды го
байкуш» деп ойлоду
ичинен. Көз алдына анын
томурайган эки баласы
менен ыйманы ысык
колуктусу тартылды.
Алардын жетим, жесир
калганын ойлоп заманасы
куурулуп кетти. Негедир
ошонун баарына өзүн
күнөөлөдү. Бир саам
начальнигинин тоң
моюндугун эстеп ого
бетер итататайы тутулду.
«Ошол акмак баарын
кылган» деп күбүрөндү
ичинен. Ичинен ушуларды
ойлогончо акырын
жылып жанагы сарайдын
урап калган башына
жакындады. Мына эми
тешикке жетип сыртты
карай бергенде оң жак
чыкыйына шак этип бир
нерсе тийип буйдамга
келбей кулап түштү. Эмне
болуп кеткенин түшүнбөй
калды. Бирөө башка
урганына көзү жетип,
тезирээк туруш керек
экенин билип турса да,
кудум көкүрөгүнөн
бастырып койгонсуп,
козголо албай жатты.
Эптеп бир капталына
оодарылып барып
турмакчы болду эле кайра
кулап түштү. Бул жолу
бети менен жер сүзүп
жыгылды. Кайра
чымырканып тырышып
атып колуна таянып туруп
оозундагы кыктарды
түкүрдү. Ушул убакта
жанына кимдир бирөө
жакындап келди. Кадырга
анын эки буту эле
көрүндү. Башын көтөрүп
карайын деди эле шак
эткизе курсакка тээп
жиберди. Байкуш
эбелектей учуп эки
аласалып барып жатып
калды. Тим эле өпкөсүн
үзө тепти окшойт. Ичи
эңшерилип, дем ала албай
бир саам жатты. Бир
маалда көзүнүн
караңгылашканы
тарагандай болду.
Айланасы тунук көрүнүп,
кайда жатканын
боолголоп алды. Эми
жанагы буттун ээси келип
бет алдына отурду. Көрсө
жанагы багажникке
эңкейип турган куркуйган
неме экен.
- Сен деги өзүңдү
коргогонду билесиңби? –
деп кекээрлей сурады ал.
- Эки мүнөт убакыт бер.
Коргонгонду сага үйрөтөм,
– деп ызырынды Кадыр.
Мунун жообуна ыраазы
болду окшойт,
мыйыгынан жылмайып
алып ордунан туруп, нары
басып кетти. Шашпай
спорттук костюмун чечип,
бир жерге кынаптап илди.
- Сен досуңа караганда
чыйрак экенсиң бирок, –
деди бери бурулуп. – Бир
тепкенден чыкпай калды
го аның.
Кадыр дале унчуккан
жок. Канат дегенди
укканда анын балдары
кайра көз алдына
тартылды. Жүрөк тушу туз
куйгандай зырпылдай
түштү. Ошондон
чыйралып кеттиби, колу-
буту калтыраганына
карабай өйдө турду.
Тайгандай болгон неме
мунун оңолгонуна
сүйүнгөнсүп маңдайына
туруп мылжыңдай күлдү.
- Шеф өлтүрбөй карма
дебегенде сени жана эле
жайлап койот элем, – деп
ырсактады. Анан шып эте
оң бутун көтөрүп келип,
кайра сол бут менен
башка тээп калды. Кадыр
чала-була тосконго
үлгүрдү. Бирок, баары бир
соккуга туруштук бере
албай кулап түштү. Бул
жолу тигинин көз
көрүнөө тээп алганына
ызаланып кетти. Ордунан
тура калып болгон билген
кыймылдары менен
чабуулга өттү. Анткени
менен мышыктай немеге
бир да соккусун жеткире
алган жок. Шапылдатып
тосчусун тосуп,
буйтачусунан буйтап
келди да, оңтоюн
келтирип туруп кайра
өзүн тарс эткизе төшкө
тепти. Кадыр ыргыган
каптай күү менен барып
дубалга урунду эле
артындагы араң турган
кирпичтер жер жайнап
кулап жатып калды.
Кадыр ошондон нары
жөрмөлөгөн бойдон
сыртка чыкты. Артынан
берки да чыкты
шылдыңдай жылмайып.
Чыгып эле шефин
карадыбы, же жөн эле
эки жагын карагысы
келдиби оң жагына
бурула бергенде Кадыр
эки буттап секирип келип
кайра сарайга киргизе
тепти. Мынчалык сокку
жейм деп ойлобосо керек,
беркинин эми жүзүндөгү
жылмаюу да жоголду.
Ошону менен экөө колу-
буту тең иштеп
кышылдап, күшүлдөп
мушташып киришти. Экөө
тең арына келдиби, же
маңдайындагы оңой жоо
эмес экенин сездиби,
айтор биринен-бири
калбай мушташып
жатышты. Бирде тигиниси
кулап, бирде мунусу жыга
чаап бир топко
алышышты. Акыры баары
бир шамдагай неме
машыккандык кылып,
үстөмдүк кылып кетти.
Жанагындай катуу
соккулар менен талуу
жерлерге удаа-удаа урду
эле Кадыр ордунан тура
албай кышылдап жатып
берди. Берки ызасына
чыдабай кетти окшойт
жерде жаткан немени
мойнунан орой кармап так
көтөрүп муунта баштады.
- Койо тур шашылбай, –
деген үн чыкты ушул
убакта.
Муунтуп атканы башын
көтөрүп караса шефи
келип калыптыр. Дароо
колун бошотуп, беркини
таштап жиберди.
Карышкыр жаңы эле урап
түшкөн жерден талтаңдай
басып кирип келди да,
жерде жаткан неменин
чачынан тутамдай кармап
өйдө көтөрүп, тизелете
отургузду.
- Дудукту кайда каттың? –
деп тиштене сурады ал. –
Жанатан бери карабаган
жерим калган жок. Кайда
жоготтуң аны?
- Карышкыр… Сен… Сен
мыйзамга каршы чыгып
атасың билип атасыңбы? –
деп кайра кекете сурады
Кадыр тайманбай.
- Эх, өларман десе! Билип
койгунуң, дудугуң
экөөңдүн көзүң тазаланса,
менин күнөөм мыйзам
алдында өзүнөн-өзү
шыпырылып жок болот.
Же эмне далилиң барбы
колуңда?
- Далилдин баарын өзүң
сайрап бересиң
Карышкыр.
- Ошондой дечи.
Тайманбайм дечи. Азыр
көрөбүз. Сүйрөп кел
тигини.
Карышкыр жигитине
сыртты жаңсай сүйлөдү.
Нурик шып этип секирип
чыгып кетти. Көп өтпөй
көзү аңтарылып, эсине
келе албай жаткан
Канатты желкесинен
бурдай кармап дыркырата
сүйрөп келип, шефинин
алдына отургузду.
Карышкыр аны чачынан
аткый кармап чыкыйына
тапанча такады.
- Эми ушул жерден айтып
калбасаң, мобу
участковой үйүн, бала-
чакасын аман-эсен көрөт
деп ойлобой эле кой.
Бейкүнөө адамдын
өлүмүнөн коркпосоң
жооп бер, дудукту кайда
каттың?!
Кадыр Канатты аянычтуу
карап алып ойлоно
баштады. Кандай
тегеретсе да булардан соо
кутулбасын түшүндү.
Баланы айтуу, же айтпоо
окуяны эч кандай
өзгөртпөйт болчу. «Баары
бир тирүү күбө
калтырбайсың» деп
ойлоду ичинен. Эми эптеп
убакыттан утуунун гана
айласын ойлой баштады.
Эгер аялы өзү айткан
тапшырманы аткара алса,
анда милициялар бул
жерге тез эле кирип
келишет. Себеби бул
сарай шаарга анча деле
алыс эмес. Көп болсо
жарым сааттык жол. Дагы
жакшы, опер группа
калаанын так ушулар
жүргөн учунда жайгашып
калыптыр. Болбосо,
машинанын көптүгүнөн
улам наркы беттен берки
бетке аралап өтүш эле
бир канча убакытты алып
коймок. Демек, дагы он
мүнөттөй чыдай турса
келишээр.
- Айт деп атам, – деп
бакырды Карышкыр.
- Айтканда таба
аласыңбы? – деп
кебелбей сурады Кадыр.
- Сен айта бер. Табышты,
таппашты өзүм билем.
- А кокус кайра качырып
ийсеңчи. Анын эске
тутуусу укмуш күчтүү.
Сенин машинаңдын
номуруна чейин бир
көрүп жаттап калыптыр.
- Былжыраганыңды
токтот! Жинин кармай
албай көкүрөк тушка тээп
жиберди. Бирок анын
тепкени Кадырга көп деле
катуу тийген жок. Тиги
куркуйган жалаңкычтын
соккусуна караганда
мунуку эптеп эле бирдеме
экен. Ошентсе да буга ар
бир мүнөт керектүү болчу.
Калп эле нары кулап
түшкөн болуп, тоголонуп
жатып калды.
- Тургуз акмакты! Тиги
шыпылдак эки аттап
жетип келип эки
колтуктан көтөрүп
шефинин алдына
тизелетип отургузду.
Кадыр дагы эле тилин
тарткан жок.
Карышкырдын ого бетер
кыжырын кайнатып,
айтышып отура берүүнү
көздөп жатты ал.
- Кайрат Жумагулов. Сен
мени коркуткандан көрө
өзүңдүн келечегиңди
ойлон. Мисалы, сен
тууралуу маалымат кечээ
эле бүтүндөй органдарга
билдирилген. А машинаң
болсо эчак эле каттоого
алынды. Сен эми керек
болсо ушул райондун
жолунда да нары-бери
жүрө албайсың.
- Жап жаагыңды! Жап!
Ачуусуна чыдабай
жаактан нары тартып
жиберди. Кадыр
капталына ооп барып
кулап түштү. Бирок бул
жолу өзүнүн сөзү да
беркиге оңой тийбегенин
даана билди. Карышкыр
ызасына чыдабай ордунан
тура калып аркы-терки
баса баштады. Шефинин
ачууланганынан чочулап
калган Нурик акырын
нарылаганча жол бошото
берди да сырт жакка
далысын салып токтоду.
Кебетеси кудум ээсинен
буйрук күткөн иттен
бешбетер анын ар бир
кадамын жаза кетирбей
карап, жалдырап турат.
Кадырга бул көрүнүш
майдай жакты. Тигинин
айласы кетип, кыжына
баштаганын билип, ого
бетер чабуул койо бермей
болду.
- Сен андан көрө
келечегиңди ойло. Эгер
азыр өз ыктыярың менен
колго түшүп берсең сенин
күнөөң бир кыйла
жеңилдейт. А тиги
желдетиңдин кебетесин
карачы. Бөөдө жап-жаш
жигиттин убалына калып
жүрбө.
- А сен антип
боорукерленбей эле кой!
Кудум ыркыраган иттей
жулунуп келди
маңдайына. Мурундары
тийишчүдөй жакын келип
айтты бул сөзүн
Карышкыр. – Мага
жетишет сенин насаатың.
Азыр мен сени өз колум
менен жайлайм да, ушул
сарайды турушу менен
өрттөп жиберем.
Так ушул маалда тарс этип
тапанча атылды.
Карышкыр селт этип
чочуп тура калып артына
бурулду. Бирок караганга
да жетишкен жок. Кадыр
ордунан шап секирип
кокосуна жабышты да,
экөө тең тапырап
жыгылып жатып
калышты. Карышкыр
үстүндөгү муунтуп жүргөн
немеге тапанчасын оңдой
кармап атмак болду эле,
Кадыр бир колу менен
анын колун кармады.
Анткени менен Кадырда
шай калбай калыптыр.
Жанагы жеген соккулар
бир топ эле эсин оодарып
койгон экен. Сол колу
менен кокосун орой
кармап турса да тиги моюн
бербей кышылдап,
тапанчасын ыңгайлай
берди. Аны токтотконго
Кадырдын бир колу
алсыздык кылып жатты.
Балким бул жүрүш менен
ал өлүмгө дуушар болмок.
Бирок, окуя күтпөгөн
жерден оңуна өзгөрүлдү.
Жанатан бери башы
кеңгиреп, эс-мас жаткан
Канат эптеп ордунан
козголуп төрт аяктап
жөрмөлөп келип тигинин
колун кайрый басып
жатып калды.
Карышкырдын эми такыр
айласы кетти окшойт,
колу кайрылган бойдон
туш келди атып-атып
алды. Качан тырышканы
токтоп кыймылдаганга
алы келбей калганда
Кадыр колун бошотуп,
ордунан турду. Азырынча
муну өлтүрбөш керек
болчу. Курун чечип колун
артына кайрып чатырата
таңып таштады. Канат
болсо ошо бойдон
ордунан тура албай солуп
жатты. Көрсө тиги
шамдагай аны өлөөрчө
тепкилеген экен. Кадыр
эми дубалды таянып араң
туруп аялын карай
жөнөдү. Ал
урандылардын түбүндө
көзү алайган бойдон
үнсүз-сөзсүз жалдырап
отуруптур. Канаттын
тапанчасы дагы эле бир
колунда мыжылып турат.
Бечара салаалап куюлган
көз жашына, саксайган
чачтарына, этек-жеңинин
топо-чаң болуп булганып,
ар кай жери айрылганына
карабай Кадырга
ушунчалык сүйкүмдүү
көрүндү. Өз жанын
өлүмдөн сактаган
жубайына эптеп жетип,
колундагы тырмыша
кармаган тапанчасын
алып ыргытып, бооруна
баса кучактады.
- Мен эч кимге чала албай
койдум, – деп араң
шыбырады Айнек. – Эч
бир жерден телефон
тартпай койду…
Кадыр аны бооруна бекем
басып, чачынан жыттап
бир саам отурду. Бир
маалда он кадамдай
нарыраак үйүлүп турган
эски көң көзүнө урунду.
Ошондо гана өзү катып
койгон бала эсине келип
ордунан шашмалай туруп,
көңдү карай жөнөдү.
Кагыраган куурайлар
жанагы үйүлгөн боюнча
былкылдабай туруптур.
Анын баарын ары-бери
тоголотуп оодарып салды
эле байкуш бала өзү
жаткырган бойдон
бүрүшүп жатат. Тизелей
отура калып кош колдоп
өйдө көтөрүп маңдайынан
өптү.
Ошондо гана тиги бекем
жумуп алган көзүн ачып
Кадырды карады да,
кудум тили жаңы чыгып
келеткан немедей
булдуруктап
- Атаа! – деп мойнуна
асылды…
Насыпбек АСАНБАЕВ,
#33 04 Июнь 2014 - 08:54
Аягы.
Кечиктирип жазганым үчүн кечирим сурайм! Кызыгып окуган форумчулар көп экен, бирок баарыбир менчелик кызыккан эч ким жок экен.
Себеби баш жагын окуганда эле кызыгып калып, издеп жүрүп таап окудум, анан мүмкүнчүлүккө жараша бул да жазып турдум. Баарыбызды кызыктырып койгон АК-47форумчубузга рахмат!
П.С. бирөөлөрдү күттүрүп, жалдыратып коюп жазбай койгон өлллө кайф экен
Кечиктирип жазганым үчүн кечирим сурайм! Кызыгып окуган форумчулар көп экен, бирок баарыбир менчелик кызыккан эч ким жок экен.
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
П.С. бирөөлөрдү күттүрүп, жалдыратып коюп жазбай койгон өлллө кайф экен
![%)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/crazy.gif)
![%)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/crazy.gif)
![%)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/crazy.gif)
#35 04 Июнь 2014 - 11:20
![Сүрөт](http://www.super.
kg/superstan/public/style_emoticons/
default/applause.gif)
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#36 04 Июнь 2014 - 11:26
Кино тартса болчудай экен. Бирок аягы тушунуксуз болуп калыптыр. Суйлобогон баланы суйлотуп анан карышкырдын жигиттери кайда кетти? Акырында чыккан октун уну кайдан чыкты тушунбой калдым. Авторго жана бизге жеткирген жазуучуга рахмат!
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#37 04 Июнь 2014 - 11:46
Azem2013 (04 Июнь 2014 - 11:26) жазган:
Кино тартса болчудай экен. Бирок аягы тушунуксуз болуп калыптыр. Суйлобогон баланы суйлотуп анан карышкырдын жигиттери кайда кетти? Акырында чыккан октун уну кайдан чыкты тушунбой калдым. Авторго жана бизге жеткирген жазуучуга рахмат!
Нурикти Айнек атты,карышкырдын эсин оодарып,колун артына байлады.Дудук болсо кудум "ата"-деп кучактады.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#38 04 Июнь 2014 - 13:05
Чыгарманын башында Дудук 12, 13 жашта элего, анан Карышкырдын адамдарынын бири "мен бул дудукту" тааныйм дебеди беле, анан эле мектепке келип баланын дудук экенин биринчи жолу билип калышты го
Внешность - это козырь , но не туз…
#39 04 Июнь 2014 - 15:34
Рахмат сонун чыгарма экен! Мин жолу рахмат.
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
#40 04 Июнь 2014 - 16:19
Ыраазычылык!
!! Авторго!!
!рахмат козунуздун майын коротуп ..колунуздун учун оорутуп жазганынызга.
.соонун чыгарма экен!