ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Биринчи болум.
Менин эки апам бар десем, мага тушунбой баарынар тан калсанар керек. Ооба, бирок чындап эле менин эки апам бар!
Бизге эки апабыз тен бирдей мээримин тогуп, бизди тен чонойтушкан.
Биз уч бир тууганбыз. Эн улуусу мен кыз, анан эки иним бар. Айылдын этегиндеги жашыл дарбазалуу коргону аябай эле чон уйдо, ушул уч баласы менен Атам жана эки апам болуп жашайт элек. Дарбазанын эки жак тарабында мандай тескей эки уй салынган. Эки уйдун ортосу кыйла кенен болуп, ал аралыкта шактары жайылган жузумдор бар болчу. Жайдын куну кобунчо ошол жузумдун тубундогу сорудо отураар элек. Кооробуздагы чон алма бакта алманын турдуу сорттору анан да бардык момо жемиштин турлору болоор эле. Ошол короосу чон жашыл дарбазалуу уйдо менин эн бактылуу кайталангыс балалыгым откон!
Мен уйдун коптон зарыгып, бала жытына зар болуп кутушкон биринчи тун кызымын. Ошондуктан Атам апамдар мени устумдон узуло тушушуп, аябай эле эрке остурушкон экен. Эсимде, мени биринчи жолу Атамдын кантип мектепке алып барганы!.
Чачыма апакай бантик тагынган мени, Атам колумдан жетелеп алып, экообуз мектептин короосуна киргенибизден баштап эле элдин баары бизди кызыгыша карап турушкан. Атамды коргон эжелер, келиндер
-А ий Жунус аба келиниз! Кызыныз татына болуп чоноюп калган турбайбы дешип Атама жол беришип учурашып жатышты. Ангыча алдыбыздан мектептин директору бизди озу тосуп чыгып Атам менен кол алышып жылуу учурашты.
- Келиниз Жунус аке! Келиниз! Кызынызды озунуз алып келген экенсиз да! деп
- Ооба кызымды силерге жакшылап дайындайын деп озум алып келдим. Айтып коёюн, менин кызымды жакшылап окуткула!
деди Атам директор кишиге тик карап. Бизди тегеректей карап турушкандардын баары Атамдын созуно кулуп калышты.
Мен ал убакта баламын да! Эч нерсени тушунгон эмесмин. Корсо ошол убакта жашы элууго барып калган Атам, биринчи баласы мени мектепке жетелеп барган экен. Мен атамдын кырк уч жашындагы тун кызы экенмин. Айылдын эли да жонокой келишип баары бирини-бири жакшы таанышып, бири-бирине тууган урук болуп кетет эмеспи. Ал куну элдин баарысы эле бизге кызыгыша карашып, Атамдын кубанычын болушуп, жакшы создорун айтып жаткансышты.
Мен болсо устумдогу жаны кийимдеримди кийгенге кубанып колумдагы сумкамды утуру карап коюп, мактангансып турдум.
Ошентип мен мектепте окуп калдым. Бирок кийин деле адамдар мага кызыгышып караша берчу болушту. Себеби айылдагылар учун биздин уй-було ото эле кызык корунчу. Кочодон озум тендуу кыздар менен отуп баратсам да алдыбыздан чыккан аялдар
- Тигине Жунус акенин кызы баратат! десе
- Кайсынысы? А иий чоноюп калган турбайбы!
Жакшынакай кызы бар экен дешип алар оздорунчо биздин уй-булону соз кылышып кулушуп калаар эле.
Бир жолу да кошунанын кызы экообуз мектептен келатсак алдыбыздан чонураак эле эки аял жолугуп калышты. Алар бизди токтотушуп
-Кимдин кыздарысынар?
деп сурап калышты.
- Мен Жунустун кызы боломун деп жооп бердим
- Ии Ананайын чоноюп калган турбайсынбы!
деп алардын бироосу мени эки бетимен ооп
- Омурлуу бол садагасы. Инилерин да чоноюп жатышабы? деди, мени мандай чачыман сылай эркелетип. Мен унчукпай эле башымды ийкедим. Биз алардын жанынан андан ары жоноп кетип жатканыбызда,
ал экоо да артыбыздан Атам жонундо соз кылышып калышты.
- Жунус тууганым копко чейин балалуу болбой журуп, экинчи аялды алып анан балалуу болбодубу!
деп мени эркелеткен аял жанындагысына дагы бирдемелерди айтып жаткансыды.
Мен барган сайын мындай корунушторго конуп да бараттым окшойт. Бирок чонойгон сайын мен бир нерсени тушуно баштагансыдым.
Бир куну тошокто апамдын койнунда жатып, мен андан сурадым
- Апа мени ким торогон? Сизби же Максуда апамбы? деп.
Апам бир азга ойлоно тушту да, мени бооруна бекем кысып чачыман жыттай жооп берди.
- Сени озум торогом каралдым!
Сени мен торогом! Инилерин Максат менен Азаматты Максуда апан торогон.
Мен дагы бир нерселерди сурагым келди. Бирок эмнегедир журогум аны каалабыды. Ошондо мен бала болсом да журогумдон бир нерсени сезип апамды аяган окшоймун. Анын устуно мен бул апамды аябай эле жакшы корчумун. Ал менен чогуу жатып, чогуу туруп дегендей Апам мени кайда барса да, дайыма жанына ээрчитип алчу. Туугандарыныкына барса да менсиз барчу эмес. Кийимдин жакшысын кийгизип, чачымды тыкыйтып оруп, мени таптаза кылып алып журоор эле. Инилеримди да айланып тегеренип алардын тамагын берип жакшы карачу. Ал эми кичине апам болсо кобунчо очоктун башында журоор эле. Ал апам жоош момун жайыраак кыймылдаган,
кем соз аял болчу. Эки апамдын ортолорунда он эки жаш айырма бар болгондуктан,
кичинеси чонуна Эже деп кайрылаар эле. Айылдагы алысыраак жердеги той топурга кобунчо чон апам озу барат. А эгер тугандарыбызга же бара турган жерлер болуп калса, анда экоо ээрчишип алып кете беришчу.
Менин артымдан инилерим да мектепке барышып окуп калышты. Атам бизди балдарын, элдин балдарынан башкача карады десем да болот. Кийбегенди кийип ичпегенди ичип, каалаганыбызды жасап ээн эркин чонойдук. Эн кичине иним Атамдын элуу жашындагы баласы. Ал бир башкача эрке бала болуп осту окшойт. Бирок чон апам азыр ойлосом ото акылдуу, кыйын аял болгон экен. Биздин сабагыбызды да уйдо ошол апам карашчу. Кундо кечинде отуруп алып уйго берилген тапшырмаларды окутчу. Озу да аябай эле таза пакиза катын болчу. Анын билбеген нерсеси жок. Бизге балдарына коп кызыктарды айтып берип, таалим тарбия, журум турумдарыбыздын баарына конул бурчу. Ал апабыздын бизге аябай эле коп жакшы таасирлери тийген экен. Биз учообуз тен мектепте алдынкы окуучулардан болуп окудук.
Биздин уйго менин классташ дос кыздарым да коп келишчу. Аларга да биздин уй-було кызык корунчу. Баарынан да биздин уйдо балдарга деп атайын биз учун Атам бардык шарттарды тузуп берген. Кичинебизден эле оюнчуктарыбыз да аябай коп болчу.
Биз чонойгон сайын Атам апамдарга жардамдашып жумуштарын кошо жасашып калдык. Мен канчалык эки апамдын ортосунда эрке оспойун, Апам мага баары бир нан жапканды, тамак бышырганды иши кылса кызга-балага тиешелуу жумуштардын баарын уйрото баштады. Ошондой кундордун бир куну баарыбыз короодо алма терип жургонбуз. Эмнегедир ошол куну чон Апамдын конулу чогуп Атама таарынгансып журду. Эмнеге экенин билбейм? Бир убакта Атам торпокту жибинен жетелеп барып кашаага жакын жерге байламакчы болду окшойт. Аны коргон Апам Атамдын артынан барып экоо бир нерселерди кунгуронуп эле суйлошуп жатышкан. Анан эле эмне болуп кетти билбейм. Бир убакта эле Атамдын катуу жини келип Апама кыйкыра, колундагы бош турган казык менен Апамды атып урду. Казык барып Апамдын бутуна тийгенде, ал чынырып эле бутун кармаган бойдон ыйлап отура калды. Биз жасап жаткан жумушубузду таштап эле Апама жетип бардык. Кичине апам болсо, кечкиге тамак даярдап очоктун башында жургон болчу.
Ал куну кечкисин чон Апам кечки тамакка чыкпады. Уйго кирип бук тушуп ыйлап жатып алды. Мен кирип Апамды кучактап алып кошо ыйлаштым. Бирок Апам мени
- Зирек кызым! Мени жалгыз калтырчы!
Менин озум жалгыз болгум келип жатат. Сен барып тамагынды ич кызым, деди. Мен когоруп болбой отуруп алдым. Ошол убакта уйго Атам кирип келип
- Зирек, сен барып тамагынды ич кызым.. Мен апан менен суйлошуп алайын деди. Мен чыгып кеттим. Артымдан коп отпой Атам да чыгып биз менен чогуу досторконго келип отурду. Апам чыкпай койду. Баарыбыз суз тамактанып жаттык. Атамдын ону кубарып ою бир жерде болбой, тамагын да жакшы ичпей отурду. Буга чейин мен Атам менен Апамдын мындай таарынышканын коргон эмес элем. Ал эми кичине апам болсо, унчукпай эле озунун ишин кылып журо берди. Ошентип ал куну баарыбыз унсуз-созсуз эле орду ордубузга кирип жатып калдык.
Эртеси эрте менен турсам, Апам эч нерсени билбей катуу уктап жаткан экен. Акырын ордумдан туруп сыртка чыксам Атам коруно бербеди. Жумуштары менен кеткен го деп ойлоп койдум. Мен кундогудой эле кийинип алып мектепке жоноп кеттим. Мектепте журуп да мен Апамды ойлоп алып кыжаалат боло бердим. Себеби ал тундо да бир убакка чейин онтолоп ыйлап жаткан эле. Ал мени уктап калды деп ойлосо керек эле. Бирок мен тун жарымда эмнегедир ойгонуп кеттим. Ошол убакта Апамдын аябай бышактап ыйлап жаткан унун угуп, менин да козумдун жашы агып кетти. Чыдабай ордумдан туруп барып апамдын койнуна кирип кеттим. Апам мени кучактап алып андан сайын ыйлады. Ошентип жатып экообуз бир убакта уйкуга кеттик.
Мектептен келсем уйдо Апам жок экен. Журогум бир нерсени сезгендей чуркап эле кичине апама бардым.
- Апам кана?
- Иниси машинасы менен келген экен, чогуу кетип калды.
- А, ..Атам каякта?
- Атан эрте менен кеткен бойдон келе элек, деди кичине Апам.
Мен эч нерсеге тушунбой эле туруп калдым. Арадан бир сааттай убакыт отуп Атам келди. Ал Апамдын кетип калганын угуп, ошол жерден эле атын камчыланып Апамдын артынан жоноп кетти.
Уландысы бар!
"Жашыл дарбаза" "Жашыл дарбаза-2" "Жашыл дарбаза","Кайдан жүрүп сага кабылдым"
#2 08 Ноябрь 2016 - 23:32
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Экинчи болум.
Ал куну Атам уйго озу жалгыз ото кеч келди. Биз кечки тамакты жеп бутуп, аларды кутуп отурган элек. Апам келбептир.
- Ата, Апам кана? Ал келбедиби? деп сурадым мен.
- Апан, эртен шаардагы инисине барып, эки уч кундон кийин келе турган болду.
Атамдын коздору киртейип онунон чарчаганы байкалып турду.
- Тамак жейсизби? Курсагыныз кандай? Кичина апам атама тигиле сурады.
- Жок жебейм. Курсагым ток деди Атам конулсуз гана. Ал бир азга ойлуу унчукпай турду да
- Бугун аябай чарчадым жатып эс алайын деп уйго кирип кетти.
Эки кундон бери биздин уйдо конулсуздук окум сурду. Апамдын жоктугу уйдо кадимкидей билинип, орду жоктолуп бизге бир нерсе жетишпегенсип ал кундору баарыбыз эле мостоюп конулсуз журдук. Байкуш Атам да кыларын кылып алып, ичинен окунуп журот окшойт. Апам кеткенден бери Атам озунчо ойлонуп ичинен эзилип жаткандай сезилди мага. Кабагы коп ачылбай, эч нерсеге конулу жок журот. Анын жудой тушкон кебетесин коруп алтымышка жакындап, картая баштаган Атама чындап боорум ооруп аны аяп кеттим. Жаш болушса да мейли эле. Карыганда Атам менен Апама эмне болуп жатат билбейм?
Чындап эле ошондон уч кун отуп Апам уйго келди. Ал куну дем алыш кун болчу. Мен кошуна классташ кызымдын уйуно кирип кеткен элем. Алардыкынан чыксам кочодо, биздин жашыл дарбазанын жанында тайкемдин женил машинасы токтоп туруптур. Машинаны коруп эле апамдын келгенин тушундум. Мен суйунгон бойдон, уйго чуркап кирип эле Апамды кучактап алып опкулоп кирдим.
- Апа, жаным апоо! Келдинизби! Мен сизди аябай сагынып кеттим деп аны боорума бекем кучактай козумдун жашы агып кетти. Апам да мага элжиреп чачтарымдан сылап, мени кайра-кайра бетимен ооп жыттап турду.
- Жаным кызым десе, Силерди сагынып мен да чыдабай кеттим. Менин канаттарым, менин байлыктарым деп бизди эркелетип жаткан Апам экообуздун, кучакташып турганыбызды тайакем аялы баласы учоо жанатан бери тиктеп турганын анан барып байкадым. Бизди коргон тайженемдин да козу жашып алган экен. Баарынан да алардын баласынын козуно, чон эле кыз менин жаш балача эркелеп, апама чуркап келгеним кызыктай корунду окшойт. Анын оозу ачылып эле кызыктай коздору менен мени тиктеп карап калган экен.
Ал куну алар биздикинде конок болуп калып калышты. Атам ал кайнисине кой союп, аларды аябай эле сыйлады. Анын устуно мен да мектепте акыркы жылы окуп жатам. Бутсом Атам менен Апам оздору коптон бери тилек кылып журушкондой мени медициналык жогорку жайга окутушмак. Дасторкон устундо алар менин окуум тууралуу суйлошуп отурушту. Атамдар мени мектепти бутсом эле тайкемдерге тапшырып, алар мени жогорку окуу жайга окушума жардамдаша турган болуп чечишти.
Апамдар беш бир тууган. Апам алардын ортончусу. Озунон чон эжеси, агасы анан эки иниси бар. Чынын айтсам апамдын бир туугандары баары жакшы турушат. Баары билимдуу адамдар. Бир гана ушул апам атама турмушка чыгып окуусун таштап койгон экен. Бир туугандар бири-биринен кабар алышып жакшы да катташышат. Айрыкча алар апамды аяшабы? Кандайдыр анын айылдагы Вет.врач болуп иштеген эн кичуу иниси машинасы менен жолдон ары-бери откон сайын биздикине тынбай келип турчу. Негизи эле Апамдын бир туугандары биздикине келген сайын бизди да жээним деп жакшы корушуп, бизге дайыма белек бекчектерден, шириндиктерден которунуп келишет. Анын устуно Апам да алардыкына барса мени ээрчитип журуп, алардын баарысы мени кадимкидей бооруна тартып жакын коруп калышкан. Ошон учун да тайкем эжесинин созун эки кылалмак эмес.
Мен алардын суйлошкон создорун угуп, озумдун студент болуп окуп жургонумду элестетип журогум дукулдоп, ойлорум алыс жактарга учуп жатты.
- Мен эми жакшылап окушум керек. Карыган атам-апамды уят кылбашым керек деп ичимден озумчо чыйралып жаттым. Ошондой ойлор менен алпурушуп мен алма бакты коздой басып бараттым. Куз айлары болгондуктан мага айланадагы саргайган жалбырактар кооз корунуп, биздин алма бак менин козумо, суротчу атайын колу менен тартып койгон картинадай корунуп жатты. Мен катуу ойлонуп кеткен экенмин. Ангыча артымдан бироонун шыбырттаган унун угуп, мени коздой басып келаткан тайкемдин баласы Эркинди коруп калдым. Ал мага жакындап басып келип
- Зирек окууларын жакшыбы? Кандай окуп жатасын? деп сурап калды.
- Жакшы, рахмат!
- Билинбей отуруп сен да чон эле кыз болуп калган турбайсынбы? деди ал мага куло карап. Мен эмнегедир ушул жерде Эркиндердин козунчо Апама жаш баладай чуркап келип учурашканымды эстеп алып, уялганымдан бетим кызара тушту. Эркин менден уч жашка улуу. Аны кичинекейимде коргон бойдон коро элек болчумун. Азыр ал келишкен, бойлуу жакшынакай жигит болуптур. Шаардык болгон учун да ал апакай болуп, чачынын артын бир аз узунураак кылып остуруп алган экен.
- Зирек сен эми жакшы окуп, окууга жакшылап даярданышын керек. Окууга отуп алсан, мен озум да сага сабактарындан жардашып турам. Себеби мен да мед.факта окуйм деди ал.
- Чын элеби? Мен ага суйунучтуу коздорум менен карадым.
- Чын эле! Эркин мага кулуп жооп берди.
Биз экообуз суйлошкончо бакты аралай жай басып журдук. Эркинге биздин короодогу алма багыбыз аябай эле жакты корунот. Ал да айланага суктана карап бактын жерге тогулгон тустуу жалбырактарын бирден колуна терип журду. Ал жыйылган ящиктердеги алмаларды коруп
- О, уу! мынча сонун алмалар. Мынча коп алмаларды каякка алып барасынар? деди мага карап.
Мен унчукпай эле кулуп ящиктин оозун ачып бир чоон кызыл алманы аарчып Эркинге сундум. Ал мени тиктеген бойдон
- Жездемде акча аябай эле коп окшойт э? деди мага тамашалай колундагы алманы кысырата тиштеп.
Мен кулуп эле тим болдум. Биз ошентип суйлошуп турсак иним Максат келип
-Уйго дагы коноктор келди. Апамдын кичуу иниси тайкем менен женем келди. Силерди тамакка келсин деп чакырып жатышат, деди. Эркин экообуз ээрчишип уй жакка басып келатсак, Апам бизди алыстан коздору жайнай, тиктеп карап турган экен.
Уйдогу коноктор кетип биз озубуз калдык. Апамдын буту танылып бир аз аксап басып калыптыр. Корсо буту когоруп шишип кеткен экен. Дагы жакшы кудай сактап соогу соо экен. Атамдын да конулу жайына тушуп бугун жайдары журуп калыптыр. Баарыбыз уйдо мурдагыдай озубуз менен озубуз болуп журуп калдык. Мен ошол куну кечинде уйго кирип баратып кокусунан аркы болмодогу Атам менеп апамдын суйлошуп отурушканын угуп калдым.
- Зулайка карыганда эмне эле болуп жатасын? Жаштыгында кылбаган кылыкты карып баратканда кылганын эмнеси?
- Билбейм Жунус! Озум да антип кетип калам деп ойлогон эмес элем. Апам ыйлап жаткансыды.
- Болду ыйлаба. Биздин дагы канча омурубуз калды дейсин Зулайка. Аз калган омурумдо мен сени эч капа кылгым келбейт. Сен мен учун башка аялдар кылбаган нерсени кылдын? Мени кудайым эки дуйно сага кул кылса да ыраазымын!
Мен башка алардын созун андып турууну эп корбодум. Атайылап баскан дабышымды аларга угузуп басып, апам экообуз жатчу болмого кирип кеттим. Мен чоноюп коп нерсени тушунуп калбадымбы. Ал куну тошокто жатып мен Атам Апаларым жонундо копко чейин ойлонуп жаттым.
Апам Атамдан эки жашка кичуу. Ал экоо тээ жаштыгында бирин-бири жактырышып, арзышып журуп анан уйлонушкон экен. Алар уйлонгондо Атам жыйырма бир, Апам он тогуз жашта болушат. Угушума караганда алардын суйуусу аябай эле кучтуу болгон дешет. Атам жаш кезинде шынга бойлуу, сулуучан келген сымбаттуу жигит болуптур. Ал армиядан келгенде ага айылдын бир топ эле кыздары коз кырын салып журушот. Бирок Атам озунун айлынан эмес, кошуна айылдан Апам Зулайканы бир коруп эле суйуп калыптыр. Ал убактарда Зулайка апам педагогикалык институтта окуучу экен. Апам да Атамды жактырып калат. Бирок ал Атам менен жолугуудан баш тартат. Себеби Апамдын кулагына сойко салынып, ата-энеси аны бир жер менен кудалашып коюшкан экен. Ошентсе да Атам, Апамдын артынан калбай журо бериптир. Акыры ал экоонун суйуусу кучоп жашыруун жолугушуп журушот. Дубалдын да кулагы бар дегендей экоонун суйуусу жонундогу создор копчулукко таркайт. Бир куну экоонун суйлошуп жургону жонундогу кабар Апамдын да ата-энесине жетет. Апам шаардан уйуно келгенде аны ата-энеси кайра окууга жонотпой коюшуптур. Алар той кунун белгилешип кызын тез арада узата турган болуп калышат. Ошондо Атам алардын уйун кундоп тундоп андып журуп Зулайка апамды ала качып кеткен экен. Кээ бироолордун айтуусу боюнча Зулайка апам тундо уйунон жашыруун чыгып Атам менен жетелешип качып кеткен дешет.
Бирок бир жаман жери Апамдын ата-энеси кызына катуу таарынышып, копко чейин аны атасы кечирбей коюптур. Апамдын окуусу да ошону менен уланбай калып кеткен экен.
Ал эми Атамдын ата-энеси суйунушуп келинин аябай жакшы кабыл алышыптыр. Молдону чакырып экоонун никесин кыйып каада салтын бутургондон кийин, эртеси алар туйунуп буунуп алышып кудасынын алдына барышат. Бирок Зулайка Апамдын атасы аларды бир да кабыл албай коюптур.
Ошентип Атам менен Апам жаны турмушун башташып жашап калышат. Арадан жылдар отот, алар бир да балалуу болушпаптыр. Алар врачтарга корунушуп, табып козу ачыктарга чейин барышат. Бирок эч кандай натыйжа чыкпайт. Ошентип кундор айга, айлар жылга айланып отуруп Атам менен Апам жети жыл чогуу жашап коюшат. Ал убактарда Апам бир туугандары менен катташып турганы менен, Атасы менен катташалбай жургон болот. Эне деген, баары бир Эне экен. Балага бир гана Эне куйот экен. Апамдын да Энеси ыйлап сыктап журуп акыры чалын ийге келтирген окшойт. Апамды жети жыл дегенде Атасы кечирип, ошондон кийин кудалар катташып калышыптыр. Алар да кызын кучтуу врачтарга, билген табыптарына чейин алып барышат. Акыры болбогондо бир куну анын ата-энеси келип кызын алып кетишмекчи болушат. Бирок Атам Апамдын жообун бербей коюптур.
- Зулайка менен ажырашкандан коро олгонум артык. Аны ушундай абалда кантип таштап, кайсыл бетим менен башкага уйлономун. Омурумдун акырына чейин Зулайканы ардактап отом, аны эч жакка коё бербейм дептир.
Арадан дагы жылдар отот. Алар бала багып алсакпы деп да ойлонушат. Бирок Зулайка апам Атамды жана анын карыган ата-энесин ойлоп, аларды аяган корунот. Анын башына тушкон тагдырга моюн сунгандан башка аргысы жок калат. Апам ойлонуп- ойлонуп отуруп, акыры атамды озу уйлондурууну чечет. Атам апамдын ал оюн уккан да эле макул боло койбоптур. Ал экоо ары тартышып, бери- тартышып журушуп акыры ал атамды аран кондургон экен. Ошентип Зулайка апам, Атама деп кун мурунтан коз астына алып койгон Максуда апамды озу табат.
Алардын уйлонгонуно жыйырма жыл дегенде Атам экинчи аялга Максуда апама уйлонуптур. Эр бермек, жан бермек менен барабар дегендей алардын нике тунундо Зулайка апам чыдабай туну менен уктабай ары бери басып, алма бакты айланып короодо басып чыгып кеткен дешет. Чындап эле Зулайка апамдын ал кунку абалын бир кудай, бир озу билгендир. Бирок тушунгон адамдар Апамдын баатырдыгына баа беришип калаар эле. Себеби мындай нерсе бардык эле аялдын колунан келе бербейт!
Ал убакта Максуда апам бир куйоого тийип чыккан аял болот. Анын бир баласы куйоосундо калган экен. Максуда апамдын атасы жок, карыган апасы менен жалгыз агасы болот. Агасы экоонун ортолорунда кыйла жаш айырма бар болгондуктан, ал киши карындашына Атасындай эле камкордук корчу дешет. Угушума караганда ал кишинин колу жупуну, жонокой жакшы адам болгон деп айтышат. Биз ал кишини кичинекейибизде таята деп атачу элек. Таятамдын уулу жок, эки кызы болгон. Ал экоо да куйоого тийип кетип, азыр Максуда апамдын катташа турган жакыныраак тууган уругу деле жок. Апасы менен агасынын коздору отуп кеткенине коп жыл болду.
Максуда апам- мени торогон озумдун апам. Кудайым берген бир жоош момун аял. Ошончо жыл жашап же Атама, же апама бир баш которуп суйлогон жан эмес. Ошон учун да Зулайка апам, атайын аны тандаса керек. Аларды карап отуруп кээде ойлоп кетем. Эгерде Максуда апама, атам уйлонбогондо, анын тагдыры кандай болмок экен деп. Анткени биринчи турмушка чыккан жери, аны тоготушпай уйунон чыгарып коюшкан экен. Себеби ал оорукчан да аял эле. Ошондуктан аны Атам да, Апам да аяшып турушаар эле. Максуда апам да кудайга баш ийген эстуу аял экен дейм. Ал балдарыны айрыкча мени, бир да жолу Зулайка апамдан кызганбаган. Бизди анын козунчо аша тушуп эркелетчу да эмес. Бизге акыл эс уйротуп, же бир баласындай кылып, кагып силкип да урушпаган экен. Мен чонойгончо эле мени Зулайка апам торогон деп ойлочумун. Анын устуно мен чынын айтсам Зулайка апамды кобуроок жакшы корчумун. Мен булардын баарын кийин, тушунуп отурбаймынбы!
Уландысы бар.

#3 08 Ноябрь 2016 - 23:34
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Учунчу болум.
Мен силерге мактангандай болбоюн! Мен мектепти бутуп-буто элек эле, мага жуучулар чыгып Ата-энемдерге соз айттыргандар кобойду. Муну менен мен эмнени айткым келет? Албетте биздин уй-булонун айылда чон кадыр-баркы бар экендигин! Турмуш сыноолорун Атам жана анын эки аялы адамдык бийик сапаты менен, сабырдуулугу менен женип, бугунку кундо айылдын эли биздин уй-булого сый-урмат менен мамиле кылып калышканын айткым келди. Себеби беш кол тен эмес дегендей, убагында менин Ата- Апаларымды ар кимиси ар кандай ойдо соз кылышып кулушуп журушподу беле! Мен ошондо коп нерсени бала болсом да сезчумун. Туура тушунгон адамдар ошондо эле Зулайка Апамдын акылдуулугун, анын кайраттуулугун баалашып аны урматтап келишкен. А тушунбогондору
- Бир коргондо эки кундош аял, чогуу кантип жашап жатышты экен? Жунус аке кимиси менен кобуроок жатат экен? Же учоосу тен бир тошокто жатып алышат бекен? дешип бири-бири менен кубур-шыбыр шынкылдашып кулушкон келиндерди деле байкап калган учурларым болгон. Андан башка дагы эмне деген гана создор болгон жок! Азыр эми ошолордун баарынын оозу жабылып,
- Жунус акенин кызы, жакшынакай кыз болуп бой жетип калыптыр. Окууну да жакшы окуп, чон окуу жайга тапшырат экен. Зулайка эженин эмгеги чон бул жерде! Эрин кадырлап, уй-булосун ынтымакта кармап, балдарына да жакшы таалим тарбия берди! дешип Апамды мактап калышкан.
Жуучулар демекчи, алар жонундо Жоодар кайдан угуп алат билбейм?. Экзамен тапшырып жургон кундорубуз Жоодар мага коп тынчсыздана баштады.
- Зирек! Кечээ кечинде силердин уйунордун жанында Эрмек акенин машинасы туруптур го? Сени ошонун баласына, Бакытка деп жатышканы чынбы?
- Сен аны кайдан угуп журосун?
-Элдин баары эле айтып журушпойбу?
- Жоодар! Айткандар айта беришсин. Мени Атамдар окутабыз деп тилек кылып журушконун элдин баары эле жакшы билишет! Сен ага эч кыжаалат болбой эле кой!
Жоодар менин биринчи класстан баштап чогуу окуган классташ балам болот. Экообуз былтыркы куздон бери достошуп суйлошуп журобуз. Анын мага кат жазганына коп болгон. Мен ага копко чейин жооп жазбай журуп, былтыры макул дос болуп журолу деп айткан элем. Экообуздун балалык суйуубуз тээ илгери эле башталган болчу. Мына эми ошол суйуубуз мектепти бутуп жатканыбызда ачыкка чыгып, экообуз дос болуп ээрчишип журобуз. Бирок менин Жоодар менен суйлошуп жургонумду кышындасы Апам билип калып мага катуу эскертуу берген.
-Зирек кызым, эгер окуйм деген оюн болсо, азырынча балдар менен суйлошпой эле кой. Анын устуно сен оной окууга кетип жаткан жоксун. Эгер жок окубайм, эрге тийем дей турган оюн болсо, Анда бизди убара кылбай айтып кой. Сени окутпай эле мектепти бутоорун менен эрге берип салалы! деген мени сынай тиктеп.
Мен уялганымдан
- Жок Апа. Мен окуймун!. Жоодар менин жон гана классташым болот дедим.
-Мен сага эскертип айтып койдум кызым! Сен азыр бир гана окууну ойлошун керек! Азыр силер али баласынар! Коп нерсени тушунбойсунор! Аны кийин убакыт корсотот!
Мен Апама башка эч нерсе дей албадым., Унчукпай эле кутулуп кеттим.
Бирок Жоодар экообуз классташ болгонубуз учун да кундо мектептен корушуп турат эмеспизби. Мен ага Апам менен болгон создордун баарын айтып:
- Жоодар чындап эле биз экообуз азыр, бир гана окууну ойлонушубуз керек! дедим.
Ал унчукпай эле ойлонгон бойдон
- Биздин суйуу эч качан окуубузга жолтоо болбойт Зирек. Биз экообуз кайра бири бирибизге сабактардан жардамдашып гана турабыз деди.
Мен ага да башка соз айтпадым, ага да унчукпадым. Себеби биз класста Жоодар экообуз тен жакшы окуйбуз. Анан да мектепти бутсок медициналык жогорку окуу жайга экообуз чогуу тапшырабыз деп жургонбуз.
Ошентип кундор отуп журуп биз мектепти да аяктап калдык. Жоодар экообуздун махабатыбыз жонундо айылдагылардын баары билип бутушту окшойт. Негизи эле айыл жеринде ошондой эмеспи. Бир созду бир эле адам уккан болсо болду, ал созду эки уч кундон кийин бут айыл угуп буткон болот. Анын устуно мектептен чыгып уйго кайтканда кобунчо Жоодар экообуз ээрчишип басып калабыз. Анын ата-энесинин биз жонундо ойлору жакшы. Бирок менин Ата-Энемдер, айрыкча Зулайка апам менин мындай жургонумду каалабагандай.
Ошентип биздин коптон тилек кылып жургон тилегибиз орундалып жогорку окуу жайда студент болуп окуп калдык. Жоодар экообуз тен Университеттин медициналык факультеттетинде окуйбуз. Ал экообуз бир группада болбогонубуз менен бирок кундо корушуп турабыз. Азырынча окуу менен болуп журуп кочого деле баспайбыз.
Биринчи курста мен тайкемдин уйундо жашап окуп журдум. Тайженем жакшы аял экен. Ал мага аябай эле жакшы мамиле кылып, билбеген нерсемди уйротуп жатты. Алардын баласы Эркин да озу айткандай сабактарыма жардам берип, мага жол корсотуп коп билгендерин болушуп журду. Ал да мед.факта тортунчу курс болуп калган экен. Мен жаны шаарга келгенде Эркин мени ээрчитип алып шаарды корсотуп айландырып чыкты. Алардыкында жашаганым учун, анан да окуу жайыбыз бир болгон учун ал экообуз коп ээрчишип журуп калдык. Кээде окуу жайга да экообуз чогуу кетебиз. Чынын айтсам Эркин аябай эле токтоо жигит. Же анын жашы менден улуу болгон учунбу, же шаарда осуп, билимдуу ата-эненин баласы болгон учунбу билбейм, айтор ал мен учун копту билген ото акылдуу жигит эле. Озу да узун бойлуу, сымбаттуу, апакай жигит болгон учун ага коп кыздар кызыгышаар эле. Группадагы чогуу окуган кыздар деле
- Зирек! Мынча сонун Тайкен бар? Ал менин журогумду жаралап койду. Эми кантем десен? деп биросуу айтса, дагы бироосу
- Билбейм Зирек! Эптеп ал Тайкенди мага бир нерсе кылбасак болбой калды. Эмесем бир куну менин журогумдун соккону токтоп калат! дешип тамашалап кулуп калышаар эле.
Эркинди Жоодар да жакшы таанып калды. Бирок ал менин тууганым экенине карабай Жоодар мени андан билинтирбей ичинен кызганчу болуп алды.
Жаны окуп жургондо уйумдогулорду аябай эле сагынып журдум. Ар дем алыш сайын айылга Ата-энемдерге барып келем. Алар да мени келет дешип, тамак ашын даярдашып мени кутуп отурушат. Мен баргандан кийин баарыбыз кубанып дасторконду тегеректей суйлошуп отуруп калабыз. Менин уйго барганым, алар учун майрам болчу. Айрыкча Зулайка апам мени коп сагынаар эле. Экообуз бир болмодо тырнактайымдан эле аны менен чогуу жатып журбодумбу! Мен кеткенден кийин апам копко чейин
- Сага аябай эле конуп калган экем кызым. Сен жок ордун онурайып эле калды. Сени катуу сагынып коргум келгенде, кээде артындан сага кетип калгым келет деп, айтып журду. Инилерим Максат менен Азамат да биринин артынан бири чоноюшуп келатышат. Айрыкча Максат чонойюп жатканга, чачын он тарабына тарап кузгунун алдынан жылбай калыптыр. Анысын байкап калган Апамдар оздорунчо ага суйунуп калышат. Атам болсо
- Максатты мектепти бутоору менен эле уйлоймун! Ысмайыл досумдун кызын алып берем деп тамаша чыны аралаш айтып калат.
Мурда уйдо журуп коп байкачу эмес окшойм. Барган сайын Атам козумо картайып бараткандай. Аны коруп акыркы кундору коп аячу болдум.
Мен экинчи курстан баштап окуу жайга жакын жерден кыздар менен чогуу квартирага чыгып алдым. Мурдагыдай ар дем алыш сайын, айылга уйго барбай да калдым. Айрыкча кыштын кундору. Бирок ага Ата-Апамдар болбой эле мени сагынышып которунуп келип алышчу болушту. Алар биринчи жолу мага келишкенде аябай кызык болгон. Анда кышкы сессия башталып башым китептен которулбой экзаменге катуу даярданып айылга копко барбай калдым. Экзамендерди тапшырып бутуп, бир жолу каникулга барам деп ойлоп жургом. Анан эле бир куну окуу жайдан чыгып кыздар менен келатсам Атам менен эки апам жолдун аркы бетинде турушуптур!
Мына кызык! Болгондо да апаларымдын экоосу тен келип алышыптыр!
Алардын сумкаларын которушуп квартиртирага алып келдик. Чогуу жашаган кыздарым Атамдын эки аялын билишкенде ооздору ачылып эле тушунушпой туруп калышты. Алар биз менен чогуу суйлошуп чай ичип отурганда учоонун бири-бирине кылган мамилелерин корушуп, аябай тан калышты. Алар кетишкенден кийин да, кыздар копко чейин менден алар жонундо кызыгышып сурашып журушту. Ал аз келгенсип биринен-бири угуп жатышып, группалаштарыма менин эки Апам бар экени аябай эле кызык болуп чон жанылык жаратты. Алар жонундо ар кимиси ар нерсени сурай беришип мени жудотуп да салышты. Акыры бир кызыбыз
- Зирек мен озумду сенин ордуна коюп элестетип жатам. Сен эки апандын ортосунда аябай эле бактылуу кыз болсон керек э? деди озунчо кыялдана.
-Ооба! дедим мен ойлонбой туруп.
-Мен чындап эле аябай бактылуу оскон кызмын! Болгондо да эки эненин мээримине болонгон кызмын! дедим сыймыктана.
- Да-а Зирек! Чындап эле сен аябай бактылуу кыз экенсин. Себеби сенин эки апан, эки жигитин бар деди Гулзат деген кызыбыз.
- Кандайча эки жигит? Менин бир эле Жоодар деген жигитим бар!
Гулзат куудулдана козун жумуп алып
- Жакында сага дагы бир жигит пайда болот! Мен ал жигиттин сени суйоорун коптон бери байкап журом! деди козу аччык аялдардын кыймылын туурап корсотуп . Биз баарыбыз ага кулуп калдык.
Жоодар экообуз кээде шаар айланып басып калабыз. Андайда экообуз жетелешип журуп таттуу кыялдарга болонуп созубуз эч бутпойт. Кээде окуу менен болуп журуп жолукпай да калган кундорубуз болуп калат. Анан да кобунчо экообуз айылга ээрчишип алып чогуу кетебиз. Бир куну экообуз чон жолдон айылга жоо басып баратып Жоодар мага
- Зирек! Мына быйыл экообуз учунчу курс да болуп калдык. Макул десен, Ата-энемди силерге жонотуп сага сойко салдырып койсомбу дегем, деп калды
- Азыр эрте го дейм!
- Азыр салдырып койсом конулум бир аз болсо да тынч журот элем. Анан акыркы курстарда той кылып уйлонот элек.
- Билбейм Жоодар! Аны апамдарга айтып корушум керек дедим мен.
- Сен бугун алар менен суйлош анда. Кийинки дем алышта мен сага Ата-энемди жонотойун. Мен унчукпадым.
Уйго келип Жоодардын созун Апама айтсамбы, айтпасамбы деп озумчо ойлонуп журдум. Жатаарда Апам экообуз болмобузго кирип аны-муну суйлошуп отуруп калдык. Бир убакта Апам
-Зирек. Бугун эмне эле ойлонуп калгансын кызым? Келгенден бери эле оюн бир жерде эмес. Эмне болду? деп сурады.
- Эч нерсе деле болгон жок, болгону....?
Мен созду эмне деп баштаарымды билбей туруп калдым.
-Айт, айта бер кызым. Ичиндегини жашырба.
- Апа, Жоодар Ата-энесин жонотуп сойко салып койсокпу дейт дедим мен жерди тиктеп
Апам унчукпай эле ону бозоруп отуруп калды.
- Азыр сойко салсак, кийин окууну бутоордо той кылабыз дейт деп кошумчаладым.
Апам телмирип копко чейин ойлонуп суйлобой отура берди. Бир убакта
- Кызым! Мен сен менен коптон бери суйлошсомбу деп ойлонуп журдум эле. Бирок эч бир ыгын таппай, сен менен кантип ачык суйлошоорумду билбей, ичимдеги дартымты сага кантип тушундуроорумду билбей жургом.
Зирек! Сен туулганда атан экообуз, сени акылы тунук, сезимтал, бизди туура тушунгон зирек кыз болсун деп атынды "Зирек" деп койгон элек. Кудайга шугур! Сен биз ойлогондой эле коп нерсени озун тушунуп, акылын жеткен кыз болдун! Мен сага ...???
Апам ушул жерге келгенде жашып кетти.
- Апа!
Мен ордумдан туруп келип апамды кучактадым.
- Апоо! Ыйлабанызчы. Мен силерди тушуном! Сиз айтпасаныз да мен силер жонундо баарын билем дедим апамды далысынан сылай.
Апам ыйлап ыйлап, козунун жашын аарчып бир аз озуну колго алды окшойт.
- Жаным кызым. Мен бул омурумдо оной кунду кечирбедим. Ичим куйуп, орт болуп баланын айынан эмне гана кундорду корбодум. Акыры айлам калбай, аргам кеткенде Атанды озум уйлондуром деп чечтим. Бул нерсе мага канчалык оор болбосун, мен атан учун эптеп баарына чыдоого аргасыз элем. Ары карап ыйлап, бери карап кулуп журуп бул оюумду ишке ашырдым. Ошентип Атан Максуда апана уйлонуп, коптон куткон балабыз сен торолдун! Сен торолгондо биздин уйдо жашообуз жандангандай болду. Мен сага бут ички жан дуйном менен имерилип, сени боорума кысып жытына тойбой кайра-кайра жыттагылап ооп-ооп алчумун. Кээде ыйлаганында эмчегимден сут чыкпаса да оозуна салып сооротчумун. Сен торолгондон баштап менин жашоого умутум артып, менин жашоом сен менен гана болуп калды. Сага алаксып, болгон убактымдын баарын сени менен откоруп журуп, менин кайгырып капа болуп ыйлаганга бош убактым калбай калды. Максуда апан, сени тороп, сага ак сутун эмизген энен! Байкуш ал сени эмизгени менен, менин козумчо ал бир да жолу сага имерилип эркелетип элжиребеди. Мен атанды уйлогондо ага кандай чыдасам, ал да баласын торогондо мага ошондой чыдап берди окшойт. Сени эмизип бутуп эле мага карматчу. Калганын баарын озум жасап, сени мен озум бактым. Кудайым бизге дагы эки уулду берди. Аларды апандын оз эркине койдум. Ал да оз балдарынын дидарына тойсун дедим. Мен Максуда апана эки дуйно ыраазымын. Ал ушул кунго чейин мени сыйлап гана келди. Кудайым эч качан ага жакшылыктарын аянбасын! Ага эки дуйнонун бейишин берсин!
Апам буларды айтып жатканда козунон жашы сызылып агып жатты. Мен да ага кошулуп ыйлап, апамдын коз жаштарын колум менен аарчып аны опкулоп жаттым. Апам андан ары дагы созун уланты.
- Зирек! Жаным кызым!. Сен менин журогумсун. Сен менин жашоомсун. Сен менин денемде айланып жургон канымсын. Мен сенден алыс эч качан жашай албаймын. Мен сенин мээримине муктажмын кызым! Адамга карыганда да балдарынын мээрими керек экен. Ошондуктан сени ымыркай кезинден боорума кысып журуп, кийинки кундору мен кызымды эч качан жатка бербейм. Кудай буйруса кызым бой жеткенде озумдуку кылам деп ниет кылып журдум элем. Туурасын айтсам сени, озумдун бир боорлорум инимдин баласы Эркинге деген элем! деди.
Мен эмне дээримди билбей эле апамдын коздоруно кадала тиктеп туруп калдым.
- Зирек, жаным кызым. Сенин балдарындын жат бироодон эмес, менин тууганымдан болушун каалар элем. Мен карыганда, дагы да сага жакын болуп, балдарынды чын дилимден,чын боорум менен озумо жакын тартып оз неберемдей сезсемби дегем. Биздин дагы канча омурубуз калды, аны бир кудай озу билээр. Ошентсе да мен карылык кундорумду сенин колунда откоргум келет!
Апам ыйлап жатты. Мен коздорумду чон ачып эле эмне жонундо кантип ойлоноорумду билбей дендароо болуп эле отуруп калдым. Менин коз алдыма Жоодардын элеси тартылып, мен мындан ары кандай кадам таштап, эмне деп чечим кабыл алаарымды билбей башым катып турдум.

#4 09 Ноябрь 2016 - 00:47
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Тортунчу болум.
Ал куну тун бир убакка чейин уктай албай ойлонуп жаттым. Эртеси эрте менен чайды ичкенден кийин эле, кийинип алып шаарга жоногону калдым.
- Кызым эмнеге эрте кетип жатасын? деп сурады Апам.
- Окууларым коп. Эртерээк барып даярданайын дедим апама.
Менин биринчи жолу мынтип эрте кетип жатканыма баары мага тушунбой калышты. Анын устуно онум да аларга жакшы эмес корунду окшойт. Оюм бир жерде эмес. Апам менен тундо суйлошкондон бери озумду кызыктай сезип бассам турсам апамдын айткандары эсимден кетпей туруп алды. Апам озу да ойлуу!. Мен апама тундо айткам
- Апа, сиз менин жаным Апамсыз. Сиз мени кантип багып чонойтсонуз, мен да сизди карыган сайын ошенттип ардактап багамын. Сиз эч качан эч нерсени ойлонуп озунузчо кыжаалат боло бербениз. Себеби сиз биздин гана апабызсыз! Силер Атам учоон бизге башында кандай Ата-Эне болсонор, аягына чейин ошондой бойдон каласынар!
-Жаным Апа, чынын айтсам сиз да менин журогумсуз! Мен сизди ушунчалык жакшы кором! деп апамды бекем кучагыма кыскамын. Ошентип отуруп экообуз тун бир убакта жатканбыз. Бирок биз менин тагдырым боюнча башка эч нерсени суйлошподук. Апам болсо ичиндегисин мага айтып кыйла женилдеп алганы менен, кайра эле мени Эркин боюнча эмне деп жооп айтаар экен деп ойлонуп калды.
Биз Жоодар экообуз шаарга чогуу кайтмак элек. Бирок мен ага карабай баса бердим. Эмнеге андай кылганымды озум да тушунбодум. Шаарга келип квартирага кирээрим менен эле кроватыма куладым. Жатып алып бир Жоодарды, бир Эркинди ойлонуп жаттым. Чынын айтсам тундон бери ойлоно берип башым да ооруп кетти.
Апам мага айтпаса деле мен кээде Эркин жонундо ойлонуп кетет элем. Мен ал жонундо биринчи жолу баягыда Эркин экообуз биздин алма-бакта жургондо, анын мени тиктеген коздорун, ошол куну тундо жатып алып кайра кайра эстегем. Ошондо Эркин шаардык болгон учунбу, менин козумо аябай эле жакшынакай жигит корунгон. Жузум албырып уялганымдан мен анын создорунун бирине жооп берсем, бирине жооп бербей унчукпай эле кулуп коюп журбодум беле. Мен ошондон бир аз кун мурда эле, Жоодардын катына жооп жазган болчумун. Ошол куну да туну ушинтип бир Эркинди, бир Жоодарды ойлонуп жатып уктаган элем.
Андан кийин мен мектепте Жоодар менен кундо корушуп, ал менен чогуу жургонго экообуздун балалык тунук сезимдерибиз ойгонуп, биздин ак суйуубуз башталды. Жоодардын анча мынча ыр жазмай онору да бар. Ал мага суйуу саптарын арнап журуп, менин оюмдун бут баарын Жоодар ээлеп алды. Экообуздун ээрчишип жургонубузду коруп копчулугу суктанышаар эле. Ошондой кундордун биринде мени биринчи жолу Жоодар бетимен опту. Бетим кызарып, оттой жанып аябай кызыктай абалда болдум. Жоодар ак конул, ичинде кири жок, жайдары бала. Экообуз кээде отуруп алып озубузчо келечегибизди тузуп, таттуу кыялдарга батчубуз. Жоодар андайда чын дили менен эле берилип кетип, биздин канча балалуу болорубузду айтып, аларга ат да коюп чыгат эле. Мен анын создоруно кыткылыктап эле кулуп калчумун. Мен кулгон сайын ал менин коздорумо тигиле
- Зирек, биз экообуз созсуз бактылуу болобуз! Экообуз тен врач болуп иштеп, балдарыбызга жакшы ата-эне болобуз деп айтып калаар эле. Чынын айтсам мен кээде Жоодарды жаш баладай да сезип кетчумун. Билбейм, эмнегедир мен анын алдында озумчо токтоо, оор муноз адам элем.
Мектепти бутоорум менен Зулайка апам мени ээрчитип алып, Тайкемдикине алып барганда, алар бизди аябай жакшы кабыл алышып тосуп алышкан эле. Тайженем дасторконун жайнатып Зулайка апам экообузду алар жакшы сыйлап отурушту. Дасторкон устундо Тайкем мени Эркинге табыштады. Азыр ойлосом алар бизди атайын эле ошентишкен окшойт! Корсо Зулайка Апам менен Тайкемдердин ойлогон максаттары бар турбайбы?! Мен анын баарын эми тушунуп отурбаймынбы! Ошентип эртеси куну Эркин мени ээрчитип алып окуу жайга алып барып, документтеримди тапшырып келдик. Апам алардыкында коп кун болду. Ошол кундору менин жумуштарым боюнча Эркин экообуз коп ээрчишип, ал мага коп нерселерди уйротуп журду. Эркин мен учун такыр башкача адам эле. Ал копту билген, орду менен суйлогон, ото маданияттуу жигит. Автобустан тушконубуздо, ал менден мурда тушо калып мага колун сунуп, колумдан кармап тушурчу. Тамактаганы бир жерге кирип калсак да, мен отурчу стулду кармап мага туздоп, мени отургузуп коюп, анан барып озу отурчу. Мен ал менен ээрчишип журуп коп нерсени тушундум. Андан коп нерселерди уйрондум. Мен айылдан келген учун да Эркин мага шаардын маданиятын бир катар уйротуп чыкты. Бир жолу ал мени шаардык достору менен кафеге алып барганга да жетишти. Достору да жакшы балдар экен. Отурган кафе да тынч, жай музыка ойнолуп алар жон гана суйлошуп отурушту. Мен биринчи курста Эркиндердин уйундо жашаганым учун да ал экообуз коп чогуу журуп калдык окшойт. Ошондой кундордун биринде Жоодар экообуз жолугушуп калдык. Ал мага ачык эле
- Зирек чынын айтсам акыркы кундору мага Эркин Тайкен экоондун мамиленер жакпай баратат. Ал сага ашыкча эле конул буруп жаткандай! , деди.
- Койчу Жоодар жаш балага окшобочу! Ал болгону менин Тайкем болот!
- Чындап келгенде ал сага Тайке деле болбойт да туурабы? Зулайка апан сени торогон апан болбогондон кийин!
Бул соз менин журогумо катуу тийди! Жиним келип кетти.
- Жоодар! Ал эмне дегенин? Сен мага ушул созду айтып жатасынбы? Ал менин озумдун апам!
Мен бул создорду айтып жатканда козумо жаш тегерене тушту.
Жоодар менин онумду коруп озу да чочуп кетти. Ал шашып калды. Мен таарынган бойдон жоноп калдым.
- Зирек токто! Сен мени туура эмес тушунуп алдын! Коё турсан!
Мен бат-баттан басып ыйлап бараттым. Ал мени ээрчип
- Зирек! Мени кечирип кой! Мен сени капа кылыйын деген эмес элем! Мен андай ойдо айткан жокмун! Менин оюмду тушунбой калдын сен, Зирек! .
Ал менин алдымдан тосуп мени кармады.
Экообуз тиктешип туруп калдык. Менин козумдун жашы токтобой куюлуп жатты.
- Зирек, Суранам сенден! Кечирип кой мени.
Ал мени озуно тартып бекем кучактады. Мен анын кучагында апамды эстеп алып ыйлай бердим. Коптон бери апамдан болок жашап калгангангабы, эмнеге экенин билбейм, мен барган сайын апамдан алыстап бараткандаймын. Себеби мен эс тарткандан баштап эле Апам менен чогуу бир болмодо жашаганымды билем. Анан эле студент болгондон баштап, мен андан болунуп калбадымбы! Мен апамды сагынып, бир жагы ага ичим ачышып ыйлап жаттым. Коптон бери ичиме да бук толуп калган окшойт, мен ыйлаганга кыйла женилдеп жаттым.
Мен кийинки кундору да Жоодарга коп жакшы суйлобой, таарынып журдум. Байкуш Жоодар, ал ошондон кийин Апам эле эмес, Эркин жонундо да мага суйлобой калды. Кээ бирки учурларда ал мага айталбаса да, ичинен мени Эркинден кызганып калганын сезип калчумун.
Ал эми Эркин болсо мага башынан кандай мамиле кылса, ошондой бойдон эле бирдей журот. Эч нерсени сездирбейт. Анын мага сезими барбы, жокпу мен анысын эч биле албадым. Кээде менин жанымдагы жакын курбу кыздарым эле
-Зирек, сенин ушул Тайкен соо эмес! Анын журогун сен озун эле жаралап койгон окшойсун! Анын сени тиктеген коздору башкача! Мамилеси да башкача! дей беришчу.
- Ой, койгулачы кыздар. Каяктагыны айтпагылачы. Эркин Тайкемдин журушу озу ошондой. Антип башка айтпагыла! Ал болгону менин жон гана Тайкем болот! деймин мен.
Кыздар кулушуп эле
- Зирек эмне бизди эч нерсени тушунбойт деп ойлойсунбу? Макул сен айткандай болсун, бирок убагы келгенде коробуз! Биз туура айтып жатабызбы же жокпу деп калышаар эле. Баягыда Гулзат да бекеринен мени тамашалап, сенин эки жигитин бар деп айткан эмес болчу. Ал ошондо Эркин жонундо айтып жатканын баарыбыз эле ичибизден тушундук окшойт.
Бирок Эркин да Жоодар жонундо жакшы билет. Бир жолу Эркин экообуз чогуу баратсак алдыбыздан Жоодар жолугуп калган. Мен ошондо ага
- Жоодар таанышып алгыла бул менин Тайкем болот дедим.
Экоосу бирин бири тиктеген бойдон кол алышып таанышып коюшту.
Эркин ошол жерден эле Жоодардын мага ким экенин жакшы тушунду. Ал мага кийин кулуп эле
- Зирек , билесинби менин да мектепте окуп жургондо жакшы коргон классташ кызым бар эле. Ал экообуз дос болуп суйлошуп жургонбуз. Бирок ал мектепти буткондон кийин тез эле башкага турмушка чыгып кетип калды,. деди
Мен аны тушунбогондой эле карап калдым.
Ал кулгон бойдон мени тиктеп
- Корсо ал биздин жон гана балалык суйуубуз болгон экен! Мен аны кийин тушундум. Себеби ал кеткенде, мен ага коп деле капа болгон эмесмин. Кайрадан мен анын бактылуу болуусун чындап кааладым! деди.
- Бирок классташтар деле уйлонушот да? Андайлар деле бар го! дедим мен ага
- Ооба бар. Бирок аябай эле аз. Копчулугу уйлонбой калышат деди Эркин.
Мен ойлонуп эле ага башка эч нерсе дей албадым.
Ошол куну кватирада ойлонуп жатып катуу уктап калган экенмин. Кечинде чогуу жашаган кыздарым кирип келгенде ойгондум. Алар менен аны муну суйлошуп отурсам мага Жоодар айылдан артымдан жетип келиптир. Кийинип алып сыртка чыгып экообуз суйлошуп турдук.
- Зирек сага эмне болду? Эмнеге мени кутпой баса бердин? деди Жоодар.
Мен унчукпай эле эмне дээримди билбей
- Жумуштарым чыгып калды. Ошон учун эрте келе бердим, дедим.
Ал мага тушунбогондой тиктеп.
- Корунушун начар Зирек. Эмне болду? Мага чынын айт, деди.
- Жоодар чынын айтсам, бул жерде сен кыжаалат боло турган деле эч нерсе болгон жок! Болгону мен Апам менен сырдаштым. Апам мага канча жылдан бери айталбай жургон, башынан откоргон чындыкты айтып берди. Анын сага эч кандай тийешеси жок дедим.
Жоодар унчукпай эле ойлонуп калды.
- Зирек, сен мага капа болбо. Бирок... Сен эмне ушуга чейин чындап эле озунду Зулайка апандын.....? Ал созун андан ары улай албай мага суролуу тигилди.
- Буга чейин деле билчумун чындыкты. Бирок мен аны эч качан апамдын оозунан угам деп ойлогон эмес элем.
Жоодар мени акырын бооруна тартып кучактап, чачыман жыттады
- Ага анчалык ойлонуунун кереги жок Зирек. Акыр бир кун ал озу сага чындыкты айтып берээрин эмне кутподун беле?
- Жок. Ал жонундо бир да ойлобоптурмун. Бирок мен апамды аябай жакшы кором Жоодар. Мен аны ушунчалык аяймын! Анткени ал баарынан да мага кобуроок ишенет. Анын болгон умуту менмин!
- Ооба! Тушуном Зирек. Сени туура тушуном деди Жоодар жай гана.
Ал куну Жоодар экообуз коп деле суйлушкон жокпуз. Бирок мени Апамдын дагы бир созу ичимден кыйнап турду. Ошондуктан мен Жоодардын коздоруно тик карай албай, андан коздорумду алып качып жаттым. Ал менден коштошуп кетип жатканда
- Жоодар!. Сенин сунушунду апама айта албай койдум. Себеби озун жакшы билесин, алар мени чон умут менен окутуп жатышат. Ошондуктан мен аларга ал жонундо айтуудан тартындым... ,. Биз азыр окууну гана ойлошубуз керек Жоодар. Анан убагы келгенде баары акырындык менен боолор дедим.
Ал унчукпай эле менин коздорумо тигилип карады да, бетимен ооп коюп кете берди. Ал кеткен сон мен бир азга болсо да женилдей тушконсудум.

#5 09 Ноябрь 2016 - 00:48
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Бешинчи болум.
Учунчу курстан баштап, биздин кесиптик сабактарыбыз да кобойуп баштады. Мен конулумдун баарын бир гана окууга буруп окуп жаттым. Жоодар менен да мурдагыдай коп жолукпай калдым. Эркинди коптон бери коро элекмин. Чынын айтсам мен алар жонундо ойлонгондон да чарчап кеттим. Ошондуктан атайын ушинтип чечтим. Жоодардан да, Эркинден да алыс эле журуп, болгон убактымдын баарын окуу менен откоро турган болдум. Алар жонундо башка эч качан ойлонбоймун дедим. Анын устуно мен Жоодарды коргон сайын, ичимден озумчо кыйнала берчу болдум. Ансыз да бир жолу ал мага жолугуп
- Зирек, мен сени тушунбой баратам. Акыркы кундору сен менден озунду алыстатып жаткандайсын деди.
- Жоодар, мен болгону убактымдын баарын окууга гана болуп жатам. Сен аны туура тушунушун керек, дедим мен.
- Аны тушунуп эле турам дечи, бирок мээни да бир аз сергитип эс алдырыш керек. Жоодар мага бир аз кулгон болду.
- Жур Зирек! Жок дегенде бугун барып концерт коруп келели. Драм театрда жакшы концерт журуп жатыптыр! деди.
Мен эмне дээримди билбей
- Бугун эмес, башка куну баралычы Жоодар? Чынын айтсам, менин бугун эч убактым жок, дедим ага.
Ал мага таарынгансып кетип калды. Бирок Жоодар мага катуу таарынып калган окшойт, ал башка мага концертке баралы деп келбеди. Ошентип журуп ал да мага эмнегедир мурдагыдай коп келбей калды. Ошондой кундордун биринде мен маршуруттук автобуста баратып, кокусунан айнектен Жоодарды бир кыз менен колтукташып суйлошуп кулуп баратканын коруп калдым. Озумчо кызыктай болуп кеттим. Эмне экенин да тушунбой калдым. Бирок мен ал жонундо да ойлонбоону чечтим. Мен ошентип окууларыма жакшы жетишип окуп жаттым. Анда- санда Жоодарды да Эркинди да окуу жайдан коруп калбасам эле башка бир да аларды корбойм. Бир куну Эркин алдыман чыгып калып
- Зирек, эмне биздин уйго отпой койдун? Сени атамдар келип кетсин деп айтырышты эле. Убактын болгондо биз жакка от деди. Мен макул деп койдум. Бирок алардыкына да барбадым. Ошентип журуп учунчу курсту бутуруп жайкы каникулга айылга кеттим.
Айыл жери кандай сонун! Болгондо да биздин жашыл дарбазалуу уйубуз айылдын этегиндеги эн акыркы уй эмеспи. Уйубуздун арткы тарабы адырлуу келип, ылдыйкы тарабында жолдун аркы бетинде чоон сайдан шаркылдап суу агып турат. Мага уйубуздун турган жери аябай жагат. Айрыкча шаарга кеткенден бери абасы таза, жашыл бак-дарактуу, керилип тынч жаткан айлыбыздын, айрыкча озубуздун алма-бактуу корообуздун кадырын аябай эле сездим окшойт. Айлымды качан да болсо сагынып келем. Окууларыма жетишип окуп, экзамендеримди жакшы тапшырып келгениме, быйылкы жайкы каникульду конулум тынч жакшы откоруп жаттым. Мен келгенден бери Ата-апамдардын кубанычтары койнуна батпай конулдору которунку журушот. Анын устуно быйыл иним Максат да мектепти аяктап окууга сырттан тапшырыптыр. Уйдогулор аны деги эле эч бир жандарынан алыс чыгаргылары келишпей, Атам аны чындап эле быйыл кеч куздо уйлоймун деп жатыптыр. Ага Максат озу деле макул окшойт. Ал чындап эле Атамдын Ысмайыл досунун небере кызы менен суйлошуп журот экен. Ал экоо да чогуу окуган классташтар болушат. Мен бул жанылыктарды угуп алып, кулуп эле тим болдум. Анан эмне демек элем. Атам быйыл алтымыш уч жашка чыгыптыр. Уулун уйлошуп, небере корсок дешкен го! Анан да Ысмайыл аяш атамдар жакшы адамдар. Уй-булосу чон, балдары да коп киши. Максатка деген небере кызы оздорунун колунда оскон кыз. Анын ата-энеси шаарда турушат. Ысмайыл аяш-атамдын чон баласы тээ бир убактарда шаарда студент кезинде уйлонуп кыздуу болот. Аялы экоосу тен студент болгондуктан алардын кызын беш айынан баштап чон энеси багып, ошол бойдон оздорундо калып кеткен экен. Кыз мектепти буткондо шаардагы ата-энеси кызын алып кетип окуу жайга тапшырталы дешсе Ысмайыл аяш-атам болбой
- Кызды Жунус досума келин кылып берем деп убада берип койгонмун! Карыганда мени эмне? Элге уят кылып, созундо турбаган акмак кылайын дейсинерби! деп когоруп кызды бербей коюптур. Ошентип уул-келини алар менен талашып тартышып жатышып, акыры Максат менен Бегимайды чогуу, окуу жайга сыртан тапшыртканга аран кондурушуптур.
Кыздын аты Бегимай. Азыркы ушул тапта Максат менен Бегимайдын суйуусу аябай эле кучтуу корунот. Максат иним озун кадимкидей чон жигит сезип, кундо кечинде уйдон
- Бегимайга барам деп чыгып кетет экен. Чынын айтсам мен аларга карап туруп суктанып да кеттим. Баалай билген адамга суйуу кандай гана ыйык нерсе! Суйуу бул- жан дуйнонун тазалыгы, тунуктугу! Негизинен алып караганда суйуу бул жакшы нерсе! Суйуу менен адам озунун бактылуулугун сезет. Жашоонун кызыгын корот! Мен ушуларды ойлонуп жатып Жоодарды эстеп кеттим. Жоодар демекчи ал кечээ кечинде мага келген экен. Бирок мен уйдон чыга албадым. Чон эле кыз, иним менен жарышып кечкисин жигит менен жолугууга кочого чыккандан Ата-энемдерден уялдым. Ал учун да Жоодар мага аябай капа болуп калса керек. Бирок биз эки кундон кийин айылдагы болгон классташтар жолукмакчы болгонбуз. Жоодар экообуз корушсок ошондо корушобуз.
Классташтар болуп биз ал куну сайды бойлоп эс алып, шашлык жасап жеп суйлошуп отурдук. Мен коптон бери мындай эс албаганыма, бугунку эс алуубуз аябай жагып конулум которулуп жакшы журдум. Арабыздан боорду эзип, кулдуруп суйлогон классташ балабыз бар. Ал бизге куудулданып суйлогон сайын биз каткырып ичибиз эзилгенче кулуп жаттык. Айрыкча мен куло берип аябай жыргадым. Жоодар унчукпай эле менин ар бир кыймылыма коз салып коюп журду окшойт. Ал эмнегедир мага мурдагыдай эмес. Мага катуу таарынган окшойт деп ичимден ойлоп койдум. Ошентип кун кечтегенде биз эки-экиден жай басып суйлошуп уйду коздой жонодук. Эн артта биз Жоодар экообуз калып калдык.
- Зирек! Инин Максатты уйлонот экен деп уктум, ошол чынбы? деп сурады Жоодар
- Ооба чын. Кеч куздо тою болот.
Жоодар басып келаткан жерибизден эле тып токтой калды
- Сенден мурда элеби?
Мен ага тушунбогондой карап
- Мен окуп жатпаймынбы! дедим
- Зирек! Кел биз да уйлонобуз. Мен сени суйом Зирек! Сен ушуну тушуносунбу?
Жоодар мени колдорумдан кармап, экообуздун коздорубуз тиктешип туруп калдык. Анын коздору бул жолу менден жалтанып мага мурдагыдай тигиле албады. Бир убакта Жоодар менден козун ала качып кадамын жай таштап мени жетелеген бойдон басып жоноду. Мен унчукпай эле аны ээрчип бараттым. Мага Жоодардын коздору бир нерсени жашырып жаткансыды. А анын кебетеси козумо аянычтуу да корунуп кетти. Ал мени уйумо чейин узатып келгенде айланага карангы кирип калган эле. Ал мага эртен кечинде келээрин айтканда мен ага макул болбодум. Анын устуно биз бурсукунго Зулайка апамдын кичуу инисиникине тойго бармакпыз. Эртен тойго даярдык коробуз.
Зулайка апамдын торкуну ылдыйкы бизге кошуна айылда турат эмеспи. Бугун анын иниси уулун уйлоп Зулайка апама кошулуп Атам мен Максат болуп тортообуз келгенбиз. Апамдын бир туугандары баары чогулушуптур. Алардын баары бой жеткен уул кыздарын ээрчитип келишкен экен. Арасында Эркин да бар. Тойдо биз туугандар жаштар озубузчо чогуу отурдук. Байкасам менин жанымдагы Эркин бизди тейлеп экообуз катарлаш жанаша отурган экенбиз. Алыстан байкуш апам утуру бизди тиктеп-тиктеп коюп отурган экен. Мен чынын айтсам ушул тойдо апама аябай боорум ооруду. Башта деле апамдын туугандарына аралашып жургонум менен мен апамдын ичиндеги арманын бугункудой сезген эмес элем. Билбейм апам мага туугандарынын арасында мостоюп аянычтуудай сезилди. Балким мен апам менен баягыда сырдашпаганымда, бугун мынтип ага журогум оорубайт беле?
Куз келип биз кайрадан окуубузду баштадык. Шаарга келгенден бери Жоодар экообуз бир жолу ээрчишип алып, киного барып келдик. Андан бери окуу менен убарабыз. Окуу менен болуп журуп кундун кандай отконун да билбей калат экенсин.
Ноябрдын аяк чендеринде Атам Максатты уйлоп той откорду. Тойго эл аябай коп келди. Атам-Апамдардын кубанычында чек жок. Карыган атамдын суйунгонун коруп менин да козумо жаш келип кетти. Тойдун эртеси мен Тайкемдер менен чогуу алардын машинасы менен шаарга кайтып келдим. Мен кайра эле окуу менен болуп, баягы эле кундо кайталанчу кундор отуп жатты. Жаны жылга жакын мен квартирада отурсам кечинде мага Эркин келиптир. Дем алыш кун болчу. Чынын айтсам мен аны эч кутподум эле. Аны коргондо журогум дукулдоп кызыктай болуп кеттим. Ал мени кафеге чакырып кечки шаарды айланып басып келебиз деп чакырып келиптир. Мен ага жок дей албадым. Ошентип ал куну кийинип алып Эркин менен кетип калдым.
Эркин экообуз кафеде жай музыканын коштоосунда коп кызыктардан суйлошуп конулдуу отурдук. Чындыгында ал менен суйлошуп отурган мага аябай жагат. Озунду эркин сезип ар турдуу темадан кеп козгоп жатып убакыттын кандай отконун да билбейсин. Эркин мен учун такыр башкача жигит. Ал мени квартирага чейин узатып келип
-Зирек мындан ары да анча-мынча ушинтип эс алып жолугуп туралы. Сен буга каршы эмессинби? деди мага кулуп. Мен унчукпай эле ал менен кулуп коштоштум.
Гулзаттын айтканы туура чыкты ондонот. Чындап эле бир эле убактын ичинде, эки жигит менен суйлошуп калам деп эч ойлогон эмес элем! Эркин мага эч кандай сезимин айтпаганы менен, экообуздун мамилебиз акырындык менен суйууго жакындап бараткандай. Жоодарды эстегенде ага чындап ичим ачышат. Мен аны эч алдагым келбейт. Ал озу да ак конул, ичинде кири жок бала! Кандай кылам? Жоодарды дейин десем Зулайка апамды кыялбайм. Мен апамды аяп, анын карыганда мен жонундогу тилегин четке кагуу, мен учун аябай оор болуп жатты. Апамды капа кылууга кудуретим жетпейт дагы окшойт. Анын устуно Эркинге деген менин тээ журогумдун тубундогу жылуу сезимим ойгонуп келатканы да чындык! Аны мойнума албай коё албайм.
Тообо ушинтип кандай болсун?! Бир эле учурда эки адамды жактырат дегени эмнеси? Чынын айтсам мен бир Эркинди, бир Жоодарды ойлой берип чарчап кеттим. Акыры жадаганымда бул ирет дагы алар жонундо ойлонбоймун деп чечтим. Кудайдын буйруганын короормун! Андан коро оюумдун бут баарын окууга гана бурайын дедим!

#6 09 Ноябрь 2016 - 00:49
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Алтынчы болум.
Менин Ата-апамдар сабырдуулук менен ар кимиси оз ордун билип, бири-бирине сый мамиледе болуп кун кечиришкен учун да биздин уйдо ынтымак, ырыскы, береке пайыз болсо керек деп ойлоймун. Убагында Атам менен Зулайка апам бала учун ажырышпастан, ушул жолду тандашып, ал кундорду акыл калчап, сабырдуулук менен женишти эле! Мына эми ошол кундордун акыбети кайтып, келин алып анын колунан чай ичип, эн алгачкысын коро башташты окшойт. Максат иним онуп оскон жакшы жердин, акыл-эстуу карысы бар, ырыстуу уйдун кызына уйлонду. Алган келинибиз чуркап журуп кызмат кылган, орто бойлуу кашы козу кара, сулуучан келген кыз экен. Бегимайдын карагаттай коздору качан да болсо кулуп турат. Аны Зулайка апам оз кызындай кылып билбегенин уйротуп, кеп кенештерин айтып жумшап отурат. Келин келгенден бери Максуда апамдын да колу кыйла узарып калгандай. Мен уйго барганда келин мага дасторкон жайып чай коюп калат. Ооба биздин уй булого дагы бир адам кошулду. Ылайым эле карыган Ата-апамдардын тилегин орундаткан ыймандуу келин болсо экен деп ичимден тилеп калам. Максат менен Бегимай жаш уйлонушкон учун да кээде ал экоо жаш балдардай куушуп ойноп кетишет экен. Аларды коргон Ата-апамдар да аларга кошулуп кулуп калышат. Атам болсо базарга же дуконго барып калса келиниме деп созсуз таттуулардан, же ага керектуу буюмдардан алып келип берет экен. Ошентип оз балдарын эркелетип остургон Ата-Энелерибиз, келинин да жакшы корушуп эрке келин кылып кармашат окшойт.
Максат иним уйлонгондон кийин, мен да оз турмушум жонундо кобуроок ойлонуп калдым. Уйго барсам келиндин алдында озумду бир аз карманып, озунчо андан тартынып да калат экенсин. Анан да мен бул уйдон акыр бир кун кетээримди тушунуп да калдым окшойт. Азыр бешинчи курстамын. Эркин окууну буткон. Ал экообуз кез-кез жолугушуп турабыз. Жоодарды акыркы кундору эмне болуп жатканын тушунбойм. Бир куну кечинде ал мага мас абалында келиптир. Мен ага тан калып эле туруп калдым. Жоодар анча мынча ичимдик ичкени менен мынчалык абалда мас болчу эмес эле. Ал мага ичиндеги арманын, экообуздун ортобуздагы суйуубузго ортодон Эркин тоскоол болгонун айтып келип
- Мени билбейт дейсинби Зирек! Эркин сага да жагат! Сен да аны жактырасын деди.
Мен кунолуу кишидей унчукпай тура бердим. Жоодардын мени тиктеген коздорун коруп аны аяп да кеттим. Кантсе да ал менин балалык таза суйуум эмеспи. Бир убакта Жоодар мага соомойун кезей
- Зирек! Эсинде болсун! Мен сени эч качан Эркинге тартырып жибербеймин. Уктунбу? Ал сага бекер эле убара болуп журот! деди.
Биз экообуз унчукпай эле тиктешип туруп калдык. Жоодар мени тиктеген бойдон бекем кучактады да, кутуусуздон эле мени оозуман катуу ооп кирди. Мен анын кучагынан тыбырчылап жатып аран бошондум. Ага аябай ачуум келгендиктен, жиним менен Жоодарды жаактан ары катуу бир чаптым.
- Айбан! дедим мен ага тик карап.
Жоодар жаагын колу менен басып
- Туура! Сен туура айттын Зирек. Мен айбанмын деди.
- Экинчи мага жолобо!
Мен ошол жерден эле шарт бурулдум да чуркаган бойдон кетип калдым.
Мен копко чейин Жоодарга ачуум келип, мага жасаган мамилесине аябай капа болуп журдум. Ал окуяны эстеген сайын иренжип, Жоодардын кийинки кундору такыр башкача болуп озгоруп кеткенине жакшы тушунбой жаттым. Ал мени Эркинден кызганып жатат дейин десем, ал мага акыркы кундору коп келбей да калган. Жоодардын башка бир кыз менен жакшы мамиледе жургонун, курбу кыздардан уккан жайым да бар. Бирок Жоодар ал жонундо мага эч бир сыр бергиси келбегендей.
Биздин уй-булону чон кубанычка болоп Бегимай келинибиз бизге уул тороп берди. Атам- Апамдардын неберелуу болушкандарына ичимден аябай кубанып жаттым. Максаттын уулдуу болгонуна суйунуп отурсам, ошол куну мага Эркин келиптир. Мен сыртка чыгаарым менен эле, суйунгонумдон
- Эркин суйунчу бер! Максат уулдуу болду дедим.
- О-Оо, Жакшы экен! Ата-Апандар да аябай кубанып жатышкандыр деди Эркиндин жузу жайнап.
- Ооба, Чынын айтсам мен алардын кантип кубанып жаткандарын элестеп алып жашып да кеттим, дедим Эркинге кулуп.
- Жур анда Зирек, мен сага суйунчу алып берейин. Сенин кубанчынды болушуп бугун экообуз майрамдап келели деди Эркин менин колумдан кармап жетелеп. Биз экообуз тен кулгон бойдон жоноп калдык.
Билбейм, тобом кокко жетип суйунгонумдон уламбы, мен бугун Эркин менен кол кармашып жетелешип журдум. Ал мага француз духисин белек кылды. Ошол куну кинотеатрда комедиялуу фильм журуп жаткан экен, ага кирип аябай жыргап кулуп чыктык. Ал куну убакыттын кандай отконун да билбей калдык окшойт. Кайтып келе жатканыбызда экообуз суйлошуп жоо басып келдик. Ошол кундон кийин Эркин экообуз бат-баттан жолугушуп журдук. Бир куну ал мени уч болмолуу квартирага алып келди. Ал уйду атайын ата-энеси Эркинге деп сатып алышыптыр. Ошондуктан ал уйду Эркин озунун каалоосундай кылып шашпай ремонттоп жаткан экен. Ал мени ошол жумуштары менен тааныштырып жатты. Мен анын иштерине чындап суктанып жатканым менен, ичимден Эркинге буларды эмне себептен мага корсотуп жатканына тушунбой турдум. Себеби ал мага дагы деле сезимин ачык билдире элек болчу.
Ошентип кундор отуп, мен жайкы каникулга кетээрге аз калганда Эркин мага гул которуп келиптир. Ал мени ээрчитип алып озунун жаны квартирасына алып келди. Уйдун ремонту толук бутуп сонун болуп калган экен. Мен уйдун ичи менен бир катар толук таанышып чыктым. Эркин музыканын унун жай коюп, экообузго деп атайын даярдаган чакан столго мени чакырды. Биз бир аз суйлошуп отурган сон, убакытты коп создуктурбай Эркин мага кичинекей кутучадагы шакекти сунуп, менин колумду сурады. Мен мындай кутуусуз сунушка эмне дээримди билбей, жалдырап эле Эркинди тиктеген бойдон туруп калыптырмын. Ал куну биз Эркин экообуз копко сырдашып, Зулайка апам жана Жоодар жонундо суйлошуп отурдук. Эркин буга чейин Жоодардын айынан сезимин мага билдире албай, убакыттын келишин кутуп жургонун айттып жатты. Мен унчукпай эле катуу ойлонуп Эркиндин создорун угуп коюп отурдум. Ал мага
- Зирек, мен сени баягыда сен окуучу кезинде эле, сени бир коруп жактырып калган болчумун. Биз ошондо силердикине Атам, Апам мен болуп Зулайка эжемди жеткирип барбадык беле? Сенин эсиндеби ошол кун? деди.
Мен кулуп эле Эркинди тиктедим. Эркин коздорун жайнатып андан ары созун улады.
-Биз ошондо эми эле жашыл дарбазадан кирип сенин атандар менен учурашып бутуп суйлошуп турган болчубуз. Анан эле карасам бою узун бир секелек чон кыз кочодон чуркап келип эле Зулайка эжемди апалап кучактап алып, мойнуна асылып, эркелеп ыйлай берди, ый-лай берди! деп Эркин мага карап каткырып кулуп жиберди.
Мен уялганымдан бетим кызарып
- Эрк-ин! дедим ага таарынгансып кылыктана.
Ал мени тамашалап кирди.
- Чын айтам! Мен ал кызга ошол жерден эле айтым. Эй чон кыз! ыйлаба, уят эмеспи! десем да болбой ал кыз эркелеп жерге жатып алып ыйлады! дегенде, мен чыдабай кетип ордуман туруп Эркинди желкесине чапкылап кирдим. Эркин каткырып кулгон бойдон менден качып журду. Биз экообуз уй менен бир болуп алышып кулуп жаттык. Бир убакта Эркин менин колдорумду артка кайрып, мени бекем кучактап алды. Биздин кулкубуз акырындык менен барып токтоп, биз унсуз тиктешип туруп калдык. Эркин менин колдорумду бошотуп, козумду тосуп калган мандай чачымды артка карай сылады да, оттой ыссык илеби менен эринимден суйуп жатты. Мен акырын козумду жумдум.
Мен Эркинге быйыл турмушка чыгалбашымды айттым. Жок дегенде дагы бир жыл окушум керек дедим. Анан да жакшылап ойлонушум керек болчу. Себеби мен убагында Жоодарга соз берип койгон элем. Ал менен да ачык суйлошуп, жакшы соз менен эле коштошсомбу деп ойлоп жургом.
Жоодар мага баягы кундон бери жолуга элек болчу. Эртен айылга кетем деген куну окуу жайдан чыгып квартирама келатсам ал мени жолумдан тосуп кутуп турган экен. Мен унчукпай эле кабагымды буркогон бойдон аны тиктеп туруп калдым. Жоодар менин козумо карай албай озунчо кыйналып жатты.
- Зирек мен сага атайын кечирим сураганы келдим эле. Мени баягы кун учун кечирип кой! деди ал шылкыйып.
Мен аны бир калыпта тиктеп тура бердим.
- Билем Зирек. Сен мага катуу капа болуп журосун. Мен чындап эле туура эмес иш кылып койдум. Бирок...,сен менин эн таза, тунук махабатымсын. ... Зирек!
Жоодар мага созун таппай кыйналып жаткансыды. Ал бир аз унсуз турду да
- Мен сага коп эле нерселер жонундо айтам деп ойлодум эле. Бирок ага менин кучум жетпейт окшойт. Зирек мени дагы бир жолу кечирип кой! деп ал менден эч кандай жооп кутпостон эле басып кетип калды.
Жоодардын мындай абалын биринчи жолу корушум эле. Ага бир нерсе болгонун сездим. Бирок эмне экенин билбедим. Мен Жоодарды артынан тиктеген бойдон карап кала бердим.
Мен жайкы каникулга айылга келгенимде Максаттын баласы сегиз айлык болуп калган экен. Баарыбыздын эрмегибиз анын баласы болду. Мен да келип эле балага жабыштым. Жакшы коргонумдон аны кайра кайра бетинен чопулдатып ооп кыйнай берем.
- Койсончу, баланы антип коп кыйнап обо бербечи деп Зулайка апам небересине боору ооруп, аны аяп калат. Атам болсо жумуштан келгенде, дарбазадан кирип келатып эле унун бийик которуп небересин эркелетип кыйкырып кирет экен. Аттын устундогу Атамды коргондо, небереси дагы тыбырчылап талпынып ага карап умтулуп калат. Ага баарыбыз кулуп калабыз. Небересин атка мингизип ал менен кадимкидей суйлошуп, аны эркелетип отуруп атам аны копто барып анан бизге берет. Азамат да бобогун аябай жакшы коруп ойнотот экен. Баарынан да мени тан калтырганы Максуда апам болду. Ал ушул жерде да оз небересин, Зулайка апамдын козунчо ашыкча узулуп тушуп эркелетпейт экен. Мен ага ичимден чындап ыраазы болгонум менен бир жагы ага боорум да ооруп кетти. Бир куну эрте менен ордуман шашпай туруп сыртка чыксам Зулайка апам уйдо жок экен. Ал аялдар менен чогуу тойлоп кеткен окшойт. Атам эки баласы Максат менен Азаматты ээрчитип алып талаадагы жумуштарына кетиптир. Мен бактын тубундогу сорудо небересин эркелетип отурган Максуда апамды коруп калып, аларды копко тиктеп турдум. Максуда апам ошол учурда аябай бактылуу эле. Небересин жыттагылап жанын бергидей болуп узулуп тушуп эркелетип ал менен озунчо суйлошуп отуруптур.
Ошол куну кечинде Максат жумуштан келип мени менен суйлошуп отуруп калды. Жаныбызда эч ким жок болчу. Ал мага кутулбогон чон жанылыкты айтканда мен унчукпай эле ойлонуп отуруп калдым.
Жоодар! Ал кантсе да менин алгачкы балалык таза суйуум эмеспи! Мен ичимден чындап эле ага бакыт кааладым. Жоодар кечээ кечинде шаардан суйлошуп жургон кызын алып келип уйлонуп жатыптыр. Анысынын боюнда бар экен. Бул жанылыкты бугун кочого чыккан Зулайка апам деле укту да. Бирок ал мага эч нерсе айтпады. Анын конулу которулуп бугун озунчо эле маанайы жакшы экенин жана байкаган элем. Тундо тошокто жатып алып мен Жоодарды копко ойлонуп, экообуздун чогуу баскан коп жакшы кундорубузду эстедим. Жоодар чындап эле жакшы бала болчу. Ага аз да болсо ичим ачышып жаткансыды.
Куз келип биздин окууларыбыз башталды. Биз Эркин экообуз ачык эле кыз-жигит болуп ээрчишип журуп калдык. Ал мага кайра-кайра
- Зирек, уйлонуп эле алалычы. Мен иштеп жатам. Уйубуз бар. Сен эки жылды эптеп бутуруп аласын. Мен озум да сага жардамдашып турам. Балалуу болсок аны Зулайка эжем озум эле багып алат элем деп отурбайбы! дей берди.
Мен когоруп болбодум.
- Эркин, жок дегенде дагы бир жылды бутуройун. Окуумдан кыйналып калам деп журо бердим. Бир куну экообуз дагы жолукканда
-Сен мага капа болбо Эркин! Убактымдын кобун озун жакшы тушунгондой окууга болушум керек. Ошондуктан экообуз дем алыш кундордо гана жолугушалычы дедим. Эркин кулуп эле мени кучактап чачыман жыттады.
Кундор отуп отуруп жаны жыл да жакындап келип калды. Ошол куну оюмда эч нерсе жок жолдо шашып баратсам алдыман Жоодар чыгып калды. Экообуз учурашып, суйлошуп турдук. Мен аны куттуктап, ага бакыт кааладым. Жоодар кулуп эле коздорумо тигилди.
- Рахмат сага Зирек. Сен бирок жакшы кызсын деди ал ойлоно.
Мен ага шашып жатканымды айтып ал менен коштошуп жоноп кетте бердим. Мен андан копко узап басып барып, эмнегедир мойнумду буруп артыма карадым. Жоодар ошол эле ордунда, мени артымдан тиктеген бойдон тамеки тартып турган экен. Ал башта тамеки тартчу эмес эле. Мен ичимден Жоодардын кийинки кундордо арак ичип, тамеки тартып тез эле кундордо озгоруп кеткенине тушунбой озумчо ойлонуп бараткам. Анан эле бир убакта эки бала келип, мени эки жагыман кармаганда чочуп кеттим. Козум аландап эмне болуп жатканына тушунбой барып кыйкырып жибердим. Балдар мени суйроп барышып эле, ой боюма койбой машинага салышты да зуулдаган бойдон айдап жоношту. Мен ал балдарды тааныдым. Озубуздун эле айылдын менден бир жашка чон балдары болчу. Алар мени Эрмек акенин баласы Бакытка алып качып баратканын тушундум. Бакыт мага буга чейин бир эки жолу келген болчу. Ал мага Жоодардын уйлонгонун айтып
- Зирек! Жугургондуку эмес буюргандыкы дешет эмеспи. Убагында ата-энем алдынарга барса, кызыбызды окутабыз деп болбой коюшкан эле. Мен ошондон бери уйлонбой сени кутуп журдум. Окуумду да аяктап дипломду алдым. Эми кайра ата-энемди алдынарга жонотойун. Эгер макул десен, жакшы той менен сени алып кетейин деген болчу.
Биз Бакыт экообуз бир айылдан болот эмеспизби? Ошондуктан мен ага азыр турмушка чыкпастыгымды, Анын устуно убадалашып койгон жигитим бар экенин, ал жигит Зулайка апамдын инисинин баласы болоорун ага жакшылап, жакшы соз менен эле тушундуруп айткан болчумун. Бирок Бакыт ага болбой эле бугун мени мынтип алып качып баратпайбы!
Машина шаардан чыгып айылды коздой жоноду. Мен балдар менен алышып ыйлап бараттым. Акыры болбогондо,
-Машинаны токтоткула! Мен Бакыт менен жакшылап суйлошуп алайын деп да сурандым. Бирок балдардын мени уга турган туру жок!.
Мен бул жерде Жоодардын да тиешеси бар экенин тушундум. Ал Эркинге очошуп мени атайын Бакытка алып качканга жардамдашып жатат деп ойлодум. Мен ичимден ушунчалык Жоодарды жек коруп ыйлап жаттым.

#7 09 Ноябрь 2016 - 00:52
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Жетинчи болум.
Мен Жоодарды ичинде кири жок, ак конул бала деп ойлочумун. Ушуга чейин мен анын мындай жаман мунозун бир да билчу эмес элем. Мен бул ишке Жоодардын тиешеси бар экенине бир ишенсем, бир ишенгим келбай жатты. Ишенбейин десем, ал менен жолукан сон мага Бакыттын балдары жолугуп жатпайбы? Анан да ал мени артымдан узатып тамеки чегип турганын оз козум менен корбодумбу. Ал мени балдардын кантип алып качканын алыстан болсо да карап турбадыбы?
Менин козумо бирде Эркин, бирде Зулайка апам корунуп, апамды эстегенде журогум ачышып ооруп кетти. Мен го мейли Апам байкуш эми кантет! Апамдын коптон тилек кылып жургонун булар кайдан билмек эле!
Кыштын куну болгондуктан ошол учурда кун ачык болгону менен, андан бир кун мурда коп кар жаагандыктан жол ото деле жакшы эмес экен. Машина да ото тездикте журбой бараткан. Биз коп эле жол жургондой болдук окшойт. Бир убакта биздин машинаны токто дегендей, сигналды кайра- кайра катуу басып биз менен тен жарыша бир машина журуп келатты. Мага ал кандай машина экени корунбой жатты. Жанымдагы балдар ал машинадагы Жоодар экенин оздорунчо соз кылышып аны согуп жатышты. Балдардын бириси
- Токтотпо машинаны, айда айдай бер десе, дагы бироосу
- Колунан эмне келмек эле, жолдун четине токтой бер. Жакшылап суйлошуп коёлу деп жатты.
- Ал озу башкага уйлонуп алгандан кийин, дагы эмне Зиректин артынан кууп журот?
- Машинаны абайлагыла, бекер кырсыкка кабылып калбайлы дешип балдар ызылдап жатышып, акыры алар машинаны жолдун четине барып токтотушту. Балдар машинадан тушушуп Жоодар менен суйлошуп бир аз турушту. Бир убакта эле Жоодар келип машинанын ачмакчы болуп эшигине карай булкунганда , Балдар аны ары туртуп, согунушуп ызылдашып мушташып кетишти. Мен машинанын ичинен булкунуп сыртка чыгууга аракет кылып жаттым. Менин жанымда бир эле бала калган болчу. Мен ага
- Жакшылыкча коё бер мени. Мен силерди сотко берем. Озуно эле кыйын болот! деп ал бала менен алышып жаттым. Жоодарлар болгону экоо эле окшойт. Алардын балдар менен мушташып, бакырып окуруп согунуп жаткандарын корушуп ары бери жолдон откон бир эки машина токтогондой болушту. Аларды коруп менин жанымдагы бала да бошошо тушту. Мен эшикти ачайын десем ачылбай жатканынан айнекти ылдый тушуруп сырттагыларга
- Жардам бергиле! деп кыйкырып калдым. Кудай жалгап мен ошол учурда Зулайка апамдын ылдыйкы айылдагы Вет.врач болуп иштеген инисин коруп калдым. Ал да мени коруп эле мага карап чуркады.
Мен машинадан тушкондо Жоодар эки буктолуп, усту башы кан болуп жерде жаткан экен. Устундогу тонун чечип ыргытып салган окшойт эле. Анын кийимдери айрылып, балдар аны бир топ эле тепкилеп салышкан экен. Мен барып эле Жоодарга жардам корсото баштым. Ал эс учун жоготуп койгон экен. Ошол учурда жолдон отуп бараткан МАИнин машинасы келип токтоп, бизди тегеректеген адамдар кобойуп кетишти. Алардын арасынан экоосу Жоодарды жолоп таяп машинага алып келип салышты да биз оруукананы коздой жонодук.
Жолдо баратып Зулайка апамдын иниси Тайкем, коргондорун суйлоп баратты.
Корсо Тайкем чогуу иштеген коллегалары менен машинада бешоо болуп келатышкан экен. Алардын учоосу биздин айылдын кишилери болот. Алар жолдон отуп баратып мушташып жаткан балдарды коруп калышып машинанын ылдамдыгын азайтышат. Карашса ал балдар тааныштай. Ангыча эле алардын бироосу мушташып жаткан балдардын ичинен озунун баласын таанып калыптыр. Алар машинаны токтотуп эле балдарга карап чуркашат экен.
- Баарынан да сени куткарып калганыбызга суйуном Зирек! Сени коруп эле Зулайка эжем козумо корунуп кетти. Кудайым озу сага бизди туш кылган экен. Азыр да Зулайка эжемди эстесем журогум катуу согуп, калтырап кетип жатам деди Тайкем озунчо суйлонуп.
Тайкем биз менен чогуу оорууканага келип, сыртта калып калган болчу. Мен Жоодар менен болуп журуп, канча убакыт отконун да билбедим. Бир убакта каридордо турсам Эркин мени коздой шашып келатыптыр. Ал келип эле экообуз кучакташып туруп калдык. Ошентип айылдагы Тайкем мени менен шаарга чейин чогуу келип, мени Эркинге оз колу менен тапшырып, конулу тынч кайра айылга карап жоноп кетти.
Жоодар быйыл жаны-жылды ооруканада тосо турган болуп калды. Ал ага коп деле капа эмес. Негизгиси ал убагында мага жардам бергенге улгуруп калганы учун, озунчо аябай чон кубанычта эле.
Мен буга чейин бекерден Жоодарды суйгон эмес окшойм. Ал менин бала кезден чогуу оскон чыныгы досум экенин мен да Жоодар да, экообуз тен бирдей тушундук окшойт.
Жоодар экообуз откон кеткенди эскерип копко суйлошуп отуруп ортобуздагы таарынычтарды да жок кылдык.
Жаны жыл куну Эркин экообуз которунуп алып Жоодарга келсек анын жанында аялы бар экен. Ал бизди аялы менен тааныштырды. Мен Жоодардын уйлонгонун укканым менен анын балалуу болгонун уккан эмес экем. Корсо алардын ортолорунда уч айлык баласы бар экен. Мен аларды чын дилимден уулду болушу менен куттуктадым. Жоодардын аялы тилчи болгондуктан эн сонун создор менен Эркин экообузду жаны жыл менен куттуктап, тоюнарга чакырганды унутпагыла деп тамашалап кулуп калды.
Биз тортообуз мындан ары да дос болуп катташып журобуз деп озубузчо жакшы маанайда суйлошуп жаттык.
Зулайка апамдын коптон тилеген тилеги орундалып биз ошол жылы куздо элге чон той берип уйлондук. Ошол кундору менин Атам менен апамдан откон бактылуу адам жок болсо керек эле. Ал экоо басып откон омур жолуна ичтеринен ыраазы болуп жаткандай сезилди мага. Билбейм мен алардын жуздорунон ушуну байкадым. Атам менен апам бирин-бири тиктегенде, мен алардын коздорунон сабырдуулукту, ыраазычылыкты, шугурчулукту коруп жаткансыдым. Чындап эле ал экоо оной турмушту баштарынан откоргон жок. Ошондуктан алардын каректери сырдуу да, салмактуу да эле!
Мени Зулайка апамдын инисине келин болуп баратканымды угушуп айылдагылардын баарысы
- О-Оо! Бул катынды Зулайка дейт. Зулайкадай акылдуу, сабырдуу болуу ар кимдин эле колунан келе бербейт!
-Зулайка бул- ото кыйын аял. Карасан кызды да жат бироого бербей, озуно жакын кылып, инилерине бериптир дешип апамды баарысы соз кылышыптыр.
Ошентип апакай той кийимин кийген мени, шаардык жигит Эркин колуман жетелеп, буга чейин эки апамдын ортосунда, атакемдин ырыскылуу коргонунда,
эрке оскон кызды ыйлатып, бактылуу балалык кундорун артка калтырып, мени жашыл дарбазадан алып чыгып кетти.
Биздин Эркин экообуздун баш кошкон алгачкы бактылуу кундорубуз, тундорубуз жомоктогудай болуп отуп жатты. Эркиндин уч болмолуу уйундо экообуз ээн эркин жашайбыз. Кайнатамдын уйуно жаны келин болуп киргенимден туура бир жума отуп, алар Эркин экообузду жаны уйго болуп чыгарышты. Эркин иштейт. Мен окуйм. Экообуз кечке эки жакта журуп, бири-бирибизди сагынып да калабыз. Мен уйдо кобунчо окуу менен алек боломун. Эркин мени атайын уй жумуштарынан окусун деп бошотуп койгон. Мен тырышып окуп, окууларыма жакшы эле жетишип окуп жаттым.
Убакыттын кандай отконун да билбей калат экенсин. Мен окууну аяктап экзамендерди тапшырып бутконумдо менин боюмдагы бала беш айдан отуп калды. Менин ичим билинген сайын мен Апамдын
- Зирек кызым! Сенин балдарынды жат бироодон эмес, менин тууганымдан болушун каалар элем. Мен карыганда дагы да сага жакын болуп, балдарынды чын дилимден боорума кысып, озумо жакын тартып, оз неберемдей сезсемби дегем!, деп айткан создорун эстеп журдум. Жаным Апам! Мен торосом ал кандай гана суйунот болду экен!
Азыр биздин уйдо кичине иним Азамат бар. Ал метепти аяктап окууга тапшырганы келген. Аны да атам быйыл куздо уйлойм деп жатыптыр. Ага Азамат макул болбой журот. Мен да атама айттым, жок дегенде эки жылдан кийин уйлонуз деп. Атам менин созумду унчукпаганы менен коп жактыра бербеди. Ал эми Максат болсо уулунан кийин кыздуу болгон. Азыр уйго барсан эки апам, эки жактан эки небересине убара тартып ызылдап журушкон болот. Небере баладан да ширин болот деген соз чын окшойт дейм. Карыган Ата-Апамдар Максаттын балдарын аябай эле эрке остуруп жатышкандай. Атам кочого чыккан сайын аларга деп оюнчуктарды которуп келе берип, уйдун ичи оюнчукка толуп кетиптир. Анысы аз келгенсип кээде Атам озу да балдарына кошулуп берилип ойноп кетет экен. Аны коргон Максат иним
- Бул уйдо эки эле чон адам бар. Калгандары баары жаш балдар. Бегимай апасы! мен Атасы! Бегимай экообуздун беш балабыз бар деп баарыбызды кулдуруп калат. Максат ошондой эч жон суйлобогон тамашакой, мунузу ачык жайдары бала. Ал дайыма бизди кулдуруп суйлойт.
Мен окууну бутоорум менен Эркин жумушунан отпуск алып, биз экообуз жетелешип айылга Ата-Энемдердикине барып бир жумадай эс алып журуп келдик. Арасында Эркиндин туугандарына да барып айылчыладык. Биздин келгенибизге Ата-апамдар жетине албай суйунушуп бизди аябай эле жакшы коноктоп жатышты. Эркин экообуз жыргап эле калдык. Бир куну Зулайка апам сандыгын ачып ичиндеги буюмдарын мага коргозуп калды. Ал озунун жаш кезинде таккан шуру мончокторун мага берди. Атам экоонун кыз-жигит убагында тушкон эски суротту коргозуп
- Мен бул суротту омур бою эле эч кимге коргозбой бекитип сактап келдим. Себеби бул суротко тушкон мезгилде, мени ата-энемдер башка жерге кудалап, мага сойко салынып калган эле. Ошондуктан суротту башынан эле эч кимге коргозбой чемоданымдын астына бектип журдум. Аны кийин деле эмнегедир чыгарбаптырмын деп, Апам ал суротту копко чейин тиктеп отуруп аны да мага карматты.
- Биздин козубуз откондо, бизди эстеп журосун деди апам.
Мен ал суротту коруп эле
- Атамдын жаш кези Максаттын эле озу го дедим таныркай. Чындап эле Максат атама куюп койгондой окшош болуптур.
- Апа жаш кезинизде аябай эле сулуу болгон турбайсызбы? дедим Апама кулуп карап.
Апам озунчо оор ушкурунуп алды да
- Атан ошон учун да артымдан калбай ээрчип журуп албадыбы деди.
Биз ал туну дагы Апам экообуз кооп жакшы нерселерди сырдашып суйлошуп отурдук. Апам мага башынан откондорду бирде ыйлап, бирде кулуп жатып эскерип айтып берди. Мен ал куну да Апамды кайра-кайра кучагыма кысып, бетинен опкулоп жаттым.
- Жунус менен качып кеткенимден кийин мага ата-энем копко чейин капа болуп журушту. Атам мени кечирбей эле койду. Биздин балалуу болбой жургонубузду мен ошондон да коруп журдум. Ошентип журуп мени Атам жети жыл дегенде аран кечирди. Мен ошондо жыйырма алты жашта элем. Бирок биз баары бир балалуу боло албадык. Ата-Энем оздору баш болуп мени билген табыптарга, врачтарга чейин алып барып журушту, Болбоду! Ошондуктан ата-энелер да балага коп эле, туура эмес тушунуп алып капа боло бербесе экен деп ойлой берем деди Апам жашын аарчып жатып.
Апам Атамды чындап эле кыйын жакшы корт окшойт деп ичимден ойлоп калдым. Себеби ал отмушундо ата-энесине нааразы болгондой Атама нааразы болбоду. Билбейм экоонун суйуусу чындап эле кучтуу окшойт. Себеби экоонун башына тагдыр кандай сыноолорду салса да, экоо ажырашпаптыр. Зулайка Апам Атамды чындап суйгон учун, анын артында туяк калтыруунун жолун таап, экинчи аялды озу тандап отурбайбы! Суйуу кучтуу! Суйуу акмакты акылдуу кылып, Акылдууну акмак кылат деген макал да жон жеринен айтылбаса керек. Кээ бироолор суйуу учун жанын кыйышса, Атам менен Зулайка апам суйуу учун жашоо менен курошуптур.
Менин ай кунум жетип кеч куздо кыз тородум. Алибетте башкалар сыяктуу эле Эркин экообуз да ата-эне болгонубузга жетине албай суйунуп жаттык. Торот уйундо жатсам мага Атам эки Апам болуп учоо тен келип алышыптыр. Мен терезеден карыган Ата-Апамдарды коруп суйунгонумдон козумдон жаш агып жатты. Аларды коруп бир жагы аяп да турдум. Байкуш атам келбей койсо да болмок да. Эки апам жоносо аларга кошулуп суйугонунон атам да келе бериптир. Жанымдагы келиндер баары менин Атамдын эки аялы менен чогуу келгенин угуп алышып тан калышты. Ал куну аларды кайнатам уйуно алып барып коноктоп жонотпой коюптур. Эртеси куну алар мага дагы келишти. Келиндердин баары Ата-апамдарды кызыгышып терезеден карап жатышты. Аларга Атамдын эки аялы менен чогуу жургондору ото эле кызык корунуп жатты. А мен болсо алар менен сыймыктанып, элде жок бактым учун ичимден аларга ыраазы болуп турдум.
Эркин бизди уйго алып келгенине бир апта болуп калды. Апамдар мени айылга чакыртып жатышкан. А мен болсо Эркинге
-Зулайка апамды бул жакка эле алдырпайлыбы. Айылга кийинчерээк бир аз тынып алып анан барайын деп жаткам. Ага Эркин да макул болуп, апамды чакыртканбыз. Апам бир аз жумуштары менен кармалып жатып эки учкундун ичинде келмек болгон. Биз апамды кутуп жатканбыз. Ошол куну тундо мен кызымды эмизип жатып таттуу кыялдарга чомулдум. Зулайка апамды Тайэне деп этектеп жургон кызымдын чоноюп калганын элестеп, озумчо суйунуп алдым. Чынын айтсам менин биринчим кыз болгонуна аябай кубандым. Себеби Апама жакшы болду. Ал озу да бул небересин аябай кутуп жургон. Байкуш апам ал эртен биздикине келсе, озу айткандай бул небересин чын дилинен бооруна жакын тартып моокуму кангыча жыттайт ко деп ойлоп койдум. Биз кызым экообуз, уктоочу болмодо жатабыз. Эркин башка болмодо. Мен ойлонуп жатып катуу уктап калган экенмин. Телефондун шынгыраган унун угуп катуу чочуп ойгонуп кеттим. Эркин туруп барып телефондон суйлошуп жатты. Саатты карасам эртен мененки алтыдан отуп калыптыр. Мен эмнеге мындай чочуп ойгонгонума тушунбой турдум. Журогум да дукулдоп катуу согуп жатат. Ордуман туруп халатымды кийип жатсам Эркин биздин болмого баш багып калды.
- Турдунбу? деди ал
- Ооба. Ким чалыптыр?
- Атам менен апам азыр биздикине келишет экен. Экообузду кийинип даярданып тургула деди. Айылга барат экенбиз.
- Эмнеге? Эмне болуптур? дедим мен коркуп кетип. Эркин мени кучактап
- Билбейм. Атамдын эн чон эжеси ооруп жатыптыр. Зулайка эжем, экообузду да ала келсин деп айттырыптыр деди ал.
Ал кун дем алыш кун болгондуктан мен оюма эч кандай жаман нерсени алгым келбеди.
Биз машинада айылды коздой бараттык. Эркиндин иниси рулда. Жанында кайнатамдын кабагы салынып суйлобостон жолду тиктеген бойдон баратты. Артта Эркин менен кайненемдин ортосунда мен отурам. Кайненем эле аны муну суйлоп койбосо баарыбыз унчукпайбыз. Машина ал эжесинин айлынан отуп, биздин айылга карай жоноду. Менин тынчым кете баштады. Сураганга оозум барбайт. Эмнени ойлоноорумду да билбей жаттым. Журогум дукулдоп, бир жамандыкты сезгенсип жаткандай. Акыры чыдабай
- Эмнеге? Эмнеге биздин айылга келатабыз дедим мен. Кайненем мени карап
- Сени жаш балан менен уйуно таштап, анан отобуз ал жакка деди.
Мен озумо бир аз келе тушконсудум. Жаным бир аз болсо да жай алып калдым. Бирок бул нерсе копко созулган жок. Мен алыстан эле биздин уйубуздун тушунда копчулук адамдардын турганын коруп калдым. Козумдун жашы агып кетти.
- Эмне болду? Эмнеге адамдар турушат? деп мен тыбырчылап жибердим. Ангыча машина биздин уйдун тушуна келип токтоду. Биздин уйдун жашыл дарбазасы эки жакка кенен ачылып корообузда боз уй тигилип адамдар журушот. Кандай болгонун да тушунбой калдым. Мени машинадан тушурушкондо эле аялдар келип мени эки жагымдан кармашып, мага Зулайка апамдан айрылып калганыбызды угузушту. Ангыча эле алдыбызда кайнатам окуруп ыйлап кирип баратты. Менин козум карангылашып эч нерсени сезбей, козунун жашын шорголотуп агызып ыйлап турган Атамдын алдына кандай келип калганымды билбей калдым.

#8 09 Ноябрь 2016 - 00:53
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Сегизинчи болум.
Зулайка апам мага арман болуп калды. Жок дегенде менин кызымды неберем деп бир эле жолу бооруна бекем кысып жыттап -жыттап алса кана эле?! Бир эле жолу! Мен ушуну ойлогондо орттонуп куйуп-куйуп ыйлап жаттым.
Мен боз уйго киргенде озумду жоготуп койгон экенмин. Анын устуно мен келгенде эле Апамдын бир туугандары баары мени кучакташып катуу ыйлап жатышкан болчу. Мен озумо келгенден кийин мага аялдар
- Зирек озунду карма кызым! Эси жок болбо! Баарыбыз кудайдын мандайга жазганын коробуз. Озунду колго ал! Зулайка Апандын эмгегин даназалап кошок айтаар жалгыз кызы сенсин. Озунду бекем кармап унунду чыгарып кошок айт! Ичиндеги куйутун, бугун чыгып кыйла женилдеп каласын дешип, алар мага кошок кошконду уйротуп жатышты. Мен алардын уйроткон саптарына улап ,ичимдеги арманымды кошуп айтып жаттым.
Арчадан бешик ийдиниз
Алдейлеп бизди суйдунуз
Ардактап сизди багаарда
Апакем, бизден неге кеттиниз!
Кок талдан бешик ийдиниз
Коктотуп бизди журдунуз
Кызындын чайын ичээрде
Апакем, куйгузуп мени кеттиниз!
Боз талдан бешик ийдиниз
Бополоп бизди суйдунуз
Бой жетип сизди багаарда
Апакем, боздотуп бизди кеттиниз!
Зулайкадай апама канча кошок кошсон да аздык кылаар! Мен кошок кошуп айткан сайын элдин баары, менин айткандарыма кулак тошоп коздорунун жашын сызылтып агызып отурушту. Аялдар мага уйротушкон кошокко улай, Апама деген ичимдеги арманым кантип оозумдан ыр болуп чыгып жатканын озум да билбедим. Зулайка апама деген журогумдун теренинен чыккан создор ыйлатпаган адамды да ыйлатты окшойт.
Мен жаш балам менен Атамдыкында копко журдум. Зулайка апамдын тоодой орду бизге аябай эле билинип жатты. Кудайдын буйруганын корбоско айла жок экен. Баарынан да биздин Атама боорубуз ооруп, аны аяп жаттык. Турмуштун ысык-суугун канча жылдан бери чогуу тартып келген жан шеригин жоготуу Атама ото эле катуу тийгендей. Атам озун эч колго алалбай, кундон кунго бошогондон бошой берди. Максуда апам да кундошуно биз катары кайгырып
- Эжем короорго келгенде кетип калды. Балдарды тарбиялап чонойтуп, канчалаган мээнетти кылып, узурун корбой калды. Силердин коп жакшы кундорунорду корсо болмок. Эжем жакшы адам эле. Тундо жаткан бойдон эле, эрте менен турбай калбадыбы деп ыйлап журду.
Апамдын бир туугандары мени кучактап алышып
-Сен бизге Эжемден калган мурассын. Биз эми сени коргон сайын эжемди коргондой болобуз. Ошон учун да Зулайка эжем сени бизден алыстатпай, озубузго келин кылып берген турбайбы! Акылынан айланайын айкол эжем ай! Артында калган жакындарындын бироосун да наарызы кылбай кеттин го сен! дешип жатышты.
Эркин келип мени шаарга алып кетти. Мен Апамды эстеген сайын ыйлап журдум. Эркин мени аяп кучагына кысып, жакшы создорун айтып конулумду которуп калат. Кундор откон сайын мен кобунчо кызым менен болуп, ага алаксып журдум. Кызым кундон кунго торолуп кобуранып кулкусу чыгып келатты. Бир куну уйго Эркин жумушунан эрте келип мени машина менен кайра айылга алып жоноду. Атам ооруп жатыптыр. Мен жол катар ыйлап бараттым. Ага Эркиндин ачуусу келип мени урушуп салды.
-Кайдагы жаман жорукту баштабачы. Атан жакшы эле! Уйго барганда да ушинтип шолоктоп ыйлап журбо! Зирек, озунду жакшы карма! Атандын конулун алып жакшы создордон суйлоп отур деп ал мага катуу дайындады.
Уйго келсем Атам тошокто жатыптыр. Мени коргон атам бышактап ыйлап кирди. Мен озумду эптеп колго алып атамды жакшы создор менен сооротуп козунун жашын аарчып жаттым. Байкуш атам озуну аябай эле таштап жибериптир. Эркин да Атамдын конулун алып суйлоп, анын ден соолугун текшерип ага деп ала келген дарысын берди. Ал куну Эркин биз менен калып кечинде Зулайка апама атап аш демдеп, куран окуп, баарыбыз чогулуп откон кеткенден суйлошуп отурдук. Соз арасында Максат иним бизди кулдуруп да жатты. Атам биз менен суйлошуп отурганга бир азда болсо конулу ачылып, озуно келе тушконсуду.
Эртеси эрте менен Эркин шаарга жоноп кетти. Мен атам жакшы болгуча бир аз кун туруп турайын деп калып калдым. Февраль айы болгондуктан биз кобунчо сыртка чыкпай уйдо отурабыз. Максуда апам атамды аябай эле жакшы карап, тамагын убагында берип, кийимдерин бат-баттан алмаштырып жанынан чыкпайт. Ага Атам озунчо ыраазы болуп
- Рахмат сага Максуда. Мен сага эки дуйно ыраазымын. Ылайым коп жаша! Балдардын жакшы кундорун кор! деп аны атам алкап турат.
Келинибиз Бегимай да жакшы келин болгон. Анын устуно ал да Зулайка апамдын тарбиясын коруп калбадыбы. Тамак ашын жасап, уйду да мизилдетип таза кармап, эртеден кечке жаны тынбайт. Анын эки баласы аябай эле эрке оскон учунбу, шоктонушуп жон отурушпайт экен. Максат уйго кирип чыгып, кобунчо сыртагы жумуштар менен алек болот. Азамат иним шаарда окуйт, ал студент.
Кун откон сайын Атам бир аздан онолуп, жакшы болуп ордунан туруп басып калды. Ал сыртка чыгып короо жай тарапка басып Максаттын жумуштарын байкаштырып коруп келип, биз менен суйлошуп отуруп калат. Бугун сыртта кун жылуу. Атам тонун кийинип сыртка жоноп жатып
- Зирек, жур кызым сыртка чыгып таза абада басып Максаттын жасаган жумуштарын коруп келебиз деп калды. Мен кийинип алып Атам менен чогуу уйдон чыгып кеттим. Атам негизи эле чарбачылыкка уста киши. Анын салган сарайлары кармаган мал жандыктары, короодогу алма-багы кимди да болсо суктандырбай койбойт. Максат да атамды тарткан эмгекчил бала болгон. Биз Атам экообуз жай басып Максаттын жанына басып келаттык. Ал мал койлорго от салып жургон экен. Алардын короо толо койлору, Саан уйлары, андан ары жылкылары байланып туруптур. Мен аларга кызыга карап, конулум которулуп сарайды кыдырып журдум. Бир убакта жаныма басып келген Максатка тамашалай карап
- Кана Максат! жээнине кайсыл уюнду энчи кылып бересин? деп ага тийиштим
Алар Атам экоо менин созумо каткырып кулушуп, уйлардын арасынан бизге бир торпоктуу курон уйду тандап энчилешти. Ошентип алардан кызымдын энчисин да ондуруп алдым окшойт. Биз андан ары алма- бакты бойлой басып Атам мага бул бактарды Зулайка апам экоо кантип отургузганын айтып берип келатты. Ал ошол мезгилди коз алдына элестеттип суйлоп
- Биздин Зулайка экообуздун балалуу боло албашыбызга коздору жетип, бир куну анын ата-энеси Зулайканы алып кеткени келишиптир. Мен ага болбодум. Зулайкадан олсом да ажырабайм. Экообуз омурубуздун акырына чейин чогуу болобуз дедим. Ошентип экообуздун тен ата-энелерибиз, биздин ажырабашыбызды тушунушту окшойт. Менин атам айылдын этегиндеги ушул жерге мага уй салып Зулайка экообузду болуп чыгарды. Ата-энем бизди бала багып алгыла, кааласан бир тууган ининдин баласын багып ал дешип кенеш беришти. Мен аларга
-Макул биз дагы жакшылап ойлонуп королу. Озубуз да эми эле кочуп келдик. Азырынча короо жайды иретке келтирип майда жумуштарды буткоруп тура береличи! Анан бир чечимге келээрбиз, дедим.
Биз Зулайка экообуз биринчи кезекте короону айландыра тосуп, алманын турдуу сорттогу кочотторун сатып келип отургуздук. Мен ошондо жаны отургузган бактын кочоторун тиктеп
- Зулайка мына мени айтты дейсин! Кудай буйруса биз созсуз балалуу болобуз. Убагы келип бул бактын момолорун экообуздун балдарыбыз терип жеп, алар ушул жерлерде куушуп ойноп чоноюшат дедим.
Ал экообуз отуруп алып таттуу кыялдарга болондук. Экообуз карыган кезибизде ушул алма-бактын тубундо неберелерибизди жетелеп ойнотуп жургонубузду элестетип алып озубузчо бактылуу болуп жаттык.
Атам буларды айтып жатканда козунун жашы ээгинен ылдый агып кетти. Ал мундуу каректери менен карлары эрип баштаган бакты тиктей ушкуруно оор дем алып алды да
- Зулайка! Аялдан чыккан бир башкача жан эле! Ал байкуш ошондо, биздин балалуу болбошубузду билип турса да, менин демимди суутпай, мага кошулуп кыялданып отура берген экен!
Атам созунун ушул жерине келгенде жаш балача буркурап ыйлап жиберди. Мен атамды кучактап, колум менен анын жашын аарчып сооротуп жаттым.
- Ата, Атакебайым менин, ыйлабаныз! Сизге капа болгонго мумкун эмес! Бизге сиздин ден соолугунуз керек!
Мен озумду кармаганга канча аракет кылбайын, менин козумдун жашы тынбай куюлуп агып жатты. Атам ыйлаганын токтотуп бир аз дем алган сон, мурдунун суусун шуу тартып кайра созун улады.
- Зулайка озу балалуу болбосо да, мени балалуу кылды! Мени бул омурумдо арманда калтырбай, оз канымдан жаралган балдарга жеткирди! Бирок ал мени таштап озу жалгыз кетип калды деди Атам тунжурап бир чекитти тиктей ойлонуп.
Мен Атамды колтуктай жетелеп алып, экообуз уйду коздой басып келаттык. Атам келатып эле бир нерсени эстегендей тык токтоп калды.
- Ата эмне болду? дедим мен.
Атам артына бурулуп алыстан сарай жакта жургон Максатты тиктеп турду да.
- Зирек, Азамат эмненин окуусун окуп жатат? деп сурады менден.
- Аа, ал баланыз тиш доктор болот Ата. Ал ошонун окуусун окуп жатат, дедим мен.
-Мм де!
Атам бир аз ойлоно тушту
- Бул короо жайды Максатка калтырсамбы дейм Зирек. Сен кандай ойлойсун? Азамат окууну бутсо, анын шаардан келбей коётко!? деди мени карап.
Атамдын бул созуно мен кандай тушуноорумду да билбей калдым.
- Ата, журунуз уйго кирели. Анан дагы суйлошоорбуз. Кызым ойгонуп алып ыйлап калбасын дедим мен. Атам унчукпастан уйду коздой кадамын таштады.
Атам жакшы болуп калганы менен, Зулайка апамды эстеп аны жоктой берчу болду. Зулайка апам олгондон бери Атам озун бир топ эле таштап жиберди. Убакыт дарылайт демекчи убакыттын отушу менен эртен жаз келсе Атам жумушуна алаксып озуно келип калса керек деп ойлоп журобуз. Менин шаарга баса бергениме да он беш кундой болуп калды. Келгенден бери Атамды ойлоп анын айткандарын эстей бергенден уламбы билбейм? Мындан эки кун мурун тушумо Атам кириптир. Биз атам экообуз уйдон чыксак алма бакта Зулайка апам журуптур. Менин колумда кызым бар экен. Атам Апамды коруп эле ага карап жоноп кетти. Мен болсо кызымды которуп алып бизге энчиге берген курон уйду кызыма корсоткону сарайга бардым. Барсам Максат бешилик менен чоп жыйып журуптур. Ал мага соомойу менен алма бакты корсотуп
- Зирек карачы. Зулайка апам келиптир деди кубанып. Карасам алар Атам экоо алма бакта бизге деп ящиктерге толтура кыпкызыл сонун алмаларды теришип, алар терген алмалар ящиктен да ашып жерге уйулуп калыптыр. Мен ичимден О-уу мынча коп алмаларды качан жеп туготобуз деп ойлонуп жатып ойгонуп кеттим.
Бугун айылдан иним Азамат келмек. Мен анын келишин чыдамсыздык менен кутуп жаттым. Кечки саат бештерде Азамат уйго кирип келди. Ал келээри менен эле Атамды сурадым.
- Атам жакшы журот! Ага эч кыжаалат болбонуз. Бугун Атам атын минип камчыланып кочого чыгып келди деди Азамат!
Мен аны угуп суйунуп калдым. Азыр март айы. Быйыл жаз эрте келгидей. Атам жумуштарына алаксып кетээр деп ичимден ойлоп койдум.
Ошондон уч кун отуп эч нерсе оюмда жок уйдо кызымды эмизип отургам. Азамат эми эле окуусунан келип ашканада чай ичип жаткан болчу. Ошол убакта эшикти ачып Эркин уйго кирип келди. Анын жумуштан эрте келгенине тушунбой карап калдым.
-Зирек Азамат уйдобу? деп сурады Эркин.
- Ооба, азыр эле келген. Сен озун да эрте келипсин го жумуштан?
- Ооба эрте келдим! Зирек атам бир аз ооруп ооруканага тушуптур. Сени айылга алып барып таштап келейин. Азамат да биз менен журсун. Мени менен кайра кайтып келе берет! деди Эркин.
Мен бул созду укканда коздорумду чоон ачып эле ордумда каткан бойдон Эркинди тиктеп отуруп калдым.
- Дагы баштадынбы? Зирек мен сага канча айтам, жок эле жерден жаман жоркту баштаба деп! Атам жакшы эле. Азыр баарыбыз ооруканага барабыз. Анан сени Азамат экообуз айылга барып таштап келебиз деди Эркин мага ачуусу келгендей.
Биз туура райондук ооруканага келдик. Келсек Атамдын инилери менен Максат туруптур. Атама эч кимди киргизбей жатышыптыр. Алар мени болбой урушуп жатып
- Эртен эрте менен келесин. Туну менен жаш балан менен кыйналасын! деп машинага отургузушуп айылга жонотуп жиберишти.
Биз айылга уйго келгенибизде кечки саат сегиз болуп калган экен. Арадан эки саат убакыт отуп артыбыздан Атамдын соогун алып келишти. Зулайка апамдан туура торт ай отуп биз Атабыздан да айрылып калдык.

#9 09 Ноябрь 2016 - 00:54
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Тогузунчу болум.
- Саламатсызбы Зирек Жунусовна!
- Саламатчылык!
- Зирек Жунусовна, майрамыныз менен! Биз областык телевидениядан болобуз. Бизден
кабарыныз болсо керек!
- Рахмат! Ооба кабарым бар, дедим мен алдыман тосуп турган жаш кабарчы кызга.
Бугун биздин кесиптик майрам. Кечээ бизге айтылган болчу. Бугун биздин областык балдар ооруканасына телевидениядан келишип, майрам кунуно карата Врачтар жонундо айтайын репортаж тартылаарын. Алар бизге эрте менен эле келишип, биздин жумушка келишибизди тосуп турушкан экен. Мен жумуштагылар менен саламдашып алган сон, оз ишиме кириштим. Жумуштун журушу менен бизди операторлор камерага тартышып кабарчылар, биз менен маектешип бугунку майрам менен куттуктап жатышты.
Мен он беш жылдан бери ушул балдар оорууканасында врач болуп иштеп келетам. Оз кесибимди жакшы оздоштуруп, жумушума да такмын. Кудайга шугур эл оозуна алынып оз ишин мыкты билген адистерден катарын толуктап келем. Эркин шаардык орууканада иштейт. Экообуздун ортобузда бир кыз, эки уулубуз бар. Ал экообуз баш кошкондон бери турмуштун ыссык суугун чогуу тартып, балдарды тарбиялап чонойтуп келебиз. Айрыкча Эркин мага турмушумда аябай эле чон жолок болду. Ал экообуз баш кошкондон кийин мен жаны эле тороп уйго келгениме бир жума болгондо Зулайка апамдын козу отуп кетпедиби. Анын олуму Атама аябай эле оор тийип, Атам озуну колго алалбай кайра-кайра ооруй бергендиктен мен кобунчо алардын уйундо болуп журдум. Эркин мени ошол кундору машина менен качанда болсо бир шаарга, бир айылга ташып
- Зирек, ыйлаба! Озунду жакшы карма Атамдын конулун алып жакшы суйлошуп отур! Анын козунчо бошошпо деп мени урушуп журду.
Бирок арадан торт ай убакыт отуп Атам да Зулайка апамдын артынан бизди таштап кете берди. . Мен аябай жаман болдум. Атам менен Зулайка апамдын биздин торубуздо отуруп, сыйыбызды короордо кетип калгандарына мен куйуп-куйуп кеттим. Атамдан кийин мен озумду аябай эле таштап койдум. Тамагымдан эч нерсе отпой уйдо сулк эле жатып калдым. Ошол оор кундорумдо Эркин дайыма менин жанымда болду. Мени аяп бооруна тартып менин конулумду алып сооротуп, тундолору кичинекей кызыбызды Эркин озу карап журду. Убакыттын отушу менен гана мен аран озумо келе баштадым. Мени кайнатам алаксыйт деп жумушка орноштуруп мына ошол кундон бери мен иштеп келетам.
Бугун биз баарыбыз уй-булобуз чогуубуз менен айылга Максаттын уйуно бармакпыз. Биз жолго даярданып жатсак мага Азамат иним телефон чалып
- Ало, Эже даяр болдунуздарбы? Биз силерге жоноп баратабыз, деди.
- Ооба даярбыз. Келе бергиле. Мына биз да чыгып баратабыз! .
Кызым Тайэнесин жетелеп, мен алчуларымды алып сыртка чыктык. Чыксак Эркин эки баласы менен багажга салчуларды салып, бизди кутуп калышкан экен. Биз эшик короолорду бир катар текшерип карап чыгып, дарбазаны ачаарыбыз менен Азамат бизге машинасы менен келип калды. Анын аялы эки кызы менен машинадан тушуп келишип биз менен учурашып суйлошуп турдук. Азамат бизге жаны сатып алган машинасын мактанып болбой жатып бизди уулаларды озунун машинасына отургузду. Эркиндин машинасын кызыбыз женип балдар оздорунчо бир машинига отуруп, эки машина куушуп айылды карай жоноп кеттик.
Биздин улуу кызыбыз Махабат Бишкекте студент. Ал биринчи курсту аяктап азыр каникульда журот. Уулдарыбыз мектепте окуйт. Азамат инимдин эки кызы бар. Ал да шаарда иштеп, жашап калган. Айылдан мектепти бутуп келгенден баштап эле биздин колубузда жургон учунбу Азамат бизге чон балабыздай эле болуп калган. Анын устуно ал биринчи курста экенде эле Зулайка Апам менен Атамдын козу отуп кетти. Ошол жылдары мен кээде Азаматты деле кучактап алып ыйлай берчумун. Ал учун да Эркин мени коп урушуп журду. Ошентип журуп Эркин да менин инилериме камкор болуп алар менен мамилеси азыр аябай эле жакшы. Мен аны кээде карап отуруп, Эркинге мени туш кылган Зулайка апама чын дилимден ыраазы болуп кетемин. Себеби турмуш деген биз ойлогондон такыр башкача экенин эми тушунуп отурбаймынбы! Анан да мен инилеримдин жалгыз эжеси болгонум учун, алар да Эркин экообузду жакшы сыйлашып качанда болсо Жездем, Эжем деп турушат. Ал эми биздин ардагыбыз болгон Максуда апам болсо азыркы учурда жетимиш жаштан ашып калды. Кээде апамды карап отуруп ушунусуна да шугур келтирип калам. Себеби торубуздун корку бар! Жакшы кундорубуздо апамды торубузго отургузуп алып ага болгон мээримибизди тогуп келебиз. Анын жашы откон сайын Азамат экообуз Апамды шаарга алып келип жылына клиникаларда дарылантып, сонатория эс алуучу жайларга жаткырып турабыз. Апам аябай эле жакшы карыды. Озу да башынан эле эч кимге жаман созу жок жоош момун аял эмес беле. Азыр деле ал ото жонокой аял. Унчукпай отура берет. Келиндерине да эч бир кайненелик кылганды билбеди. Азаматты уйлогонубуздо да
- Зирек кызым! Менден сурап отурбай баарысын озунор билип кыла бергиле! Силер Максат экоон эмне десенер мен ошого ыраазымын деп эч нерсеге кийлигишип аралашпады.
Мен Зулайка апам менен Атамдын козу откондон кийин гана Максуда апама жакындашып ал менен коп сырдашып суйлошуп баштадым. Максуда апам чындап эле кудай берген аял экен деп калдым ичимден. Анын ушунчалык акылы тунук аял экенин тушундум. Ал ошон учун да эч кандай текеберчилик дегенди билчу эмес турбайбы. Корсо чыныгы адамдык касиети бар гана адам ото жонокой болот турбайбы!
Мен ыйлап жургон кундордун бир куну апам мени чачыман сылап бооруна жакын тартып мени жыттады.
- Зирек, Жаным кызым!
Мен бул созду угуп аябай кызыктай болдум. Себеби биз биринчи жолу мен жыйырма беш жашка келгенде оз энем менен, эне- бала болуп эзилише кучакташып турган элек.
- Кызым Атан менен Апандын тынч жатышын кааласан коп ыйлаба. Сен ыйлап кыйналган сайын, алар да кыйналышат. Сен аларды кыйнап гана жатасын! Андан коро аларга багыштап кобуроок куран окуп жур деди.
Максуда апам озу да аларга багыштап дайыма куран окуп турат. Ал азыр ушул кундордо да кайсыл жерде болбосун тынбай окуй берет.
- Мен, Атан менен Апана эки дуйно ыраазымын! Мен алардын артынан жакшы кундорду гана коруп отурамын. Кудайым аларга ылайым жаннаттан гана орун берген болсун деп, куран окуганда да узундан узун тилек айтып батаа кылат.
Биз машинада жол катар кызуу суйлошуп келаттык. Азамат машинаны айдап жанында Эркин отурган. Арткы орундукта келиним Жаныл экообуз ортобузга Максуда апамды алып отурганбыз. Бир убакта биз Максаттын чон кызын соз кылып калдык. Ага эртен куздо бироолор куда тушуп келишет экен. Ошого Максат тез аранын ичинде кызынан мурда уулун уйлойм деп жатыптыр. Аны уккан Азамат жон отурбай дагы баягы тамаша созун баштады.
- Жок андан да мурда мени уйлошунор керек!
Азамат кулуп эле кузгудон артта отурган аялын бир тиктеп алды. Аялы анын созун жактыра бербей мурдун чуйруду.
- Койчу Азамат, ушундай тамашанды дедим мен ага!
- Тамашасы жок эле айтып жатам эже! Озун караштырып издей бер деп Жанылга айтканыма коп эле болуп калды!, деди ал каткырып кулуп.
Анын созуно
- Жинди болуптурмунбу, сага катын караштырып! Алсан озун ала бер сени ким кармап турат деди Жаныл ачуусу келе. Ал бул создорду айтып жатканда
коздоруно жаш тегерене тушту.
- Азамат силер али жашсынар! Жаныл сага
уулду да тороп берет. Бираз сабыр кыл! Сен азыр болгону отуз алты, Жаныл отуз уч эле жашта эмеспи! деп мен келинимдин конулун алганга аракет кылдым.
- Кичуу кызыбыз быйыл учунчу класска барат. Торосо ушуга чейин торобойт беле? деп Азамат бурк этти.
Баарыбыз унсуз отуруп калдык. Бир убакта Апам
- Балам, сен бир да Атанды тартпапсын. Атан сага караганда аябай эле сабырдуу киши болчу, деди.
-.Оо Апа! Кана эле Атамдай эркек болсом! Бир суйдургондо, эки аялды бирдей суйдургон. Зулайка апам Атамды катуу суйгондон, озу сизди тандап алып берди да! деди Азамат бир козун Эркин жездесине карап кысып.
Биз бир аз унчукпай отурдук да, анан эле баарыбыз каткырып кулуп жибердик. Карасам байкуш Жаныл да айласыздан козунун жашын аарчый кулуп жаткан экен.
Биз уйго келгенде Максат чоон кылып жашыл дарбазаны ачып, биз эки машина менен короого кирип келдик. Биз баарыбыз машинадан тушкондо Максат аялы, бала-чакасы менен бизди тосуп чыгышып, уйдун алды толтура адам болуп кеттик.
Максат азыр эски уйлорду бузуп ордуна чон кылып эки кабат уй тургузган. Дабазанын бир тарабына узун кылып времянка, андан ары навес ашкана салып, сорулорду коюп койгон. Ал чындап эле Атамдын озун тарткан. Короону да таза тыкан кармайт. Максат эски дарбазаны алып салып, жанысын койдурганда анын тусу башкача эле. Аны коргон Апам бир куну Максатка
- Балам Дарбазанын тусу жашыл болсо жакшы болмок экен. Ансыз да уйлордун баарын озгортуп салдын. Мага жашыл дарбаза дайыма Атан менен Зулайка апанды эскертип турчу. Алардын козу отсо да мен учун алар дайыма жанымда жургондой боло берчу. Жашыл дарбазаны алып салып мен аларды жоготкондой болуп жатам дептир.
Апамдын бул сырын биз эч тушуно албадык. Ал озу башка эч нерсе айтпагандан кийин, ал жонундо биз да сурабадык. Ошентип Максат эртеси эле дарбазаны жашыл туско сырдап чыгыптыр. Апам айткандай эле бул тус менин да бактылуу балалыгымды эки Апам, Атамды уйго келген сайын эскертчу болду. Айрыкча алма бакты айланып журуп Атамдын айтып беруусу боюнча ал экоонун жаш убагында алма кочотторун отургузуп жаткандарын корбосом да элестете берчу болдум.
Биз бугун да Максаттын уйундо уч бир тууган оз уй-булобуз менен чогуу келип Апамды торуго отургузуп, баарыбыз ызылдап откон кундорду эскерип конулдуу отурдук. Максаттын жети баласы бар. Ал да жаш кезинде келинчеги Бегимайды ыйлатып
- Мен да атама окшоп эки аял алам. Сен отуздан ашканда мен бир, жыйырма жаштагы кызды алам го дей берчу. Ага Бегимай чындап эле ыйлап аны артынан кууп
-Кана алып эле корчу, экоонду тен оз колдорум менен муунтуп олтуруп салам дей берчу. Биз кулуп эле калчубуз. Бирок мен Бегимай келинибизди кобуроок жакшы коромун. Ал биздин уйго жаш келип Атамды Апамды коруп, алардын да тарбиясын алып калбадыбы! Ошондон уламбы ал биздин уй-булонун сырын жакшы эле билип калды. Мен алардын озуно да коп айтып калам
- Силер экоонду мен дайыма Атам менен Зулайка апама окшоштурам. Силер бар менин конулум тынч. Мен силерге коп ишенем деп.
Бугун да Максат иним бизге кой союп чон казанды буркуратып кайнатып, Бегимай жайыл дасторконун толтуруп жайып ал экоо бизди аябай эле коноктошуп жатышты. Балдарыбызда айылга келсе алма бакты аралашып ойноп, эс алышып жыргап эле калышат. Биз баарыбыз бакты айланып басып журдук. Карасам Азамат шишкекбекти отко кактап отурган экен. Мен анын жанына басып келип жардамдашып суйлошуп отуруп калдым. Ал мага
- Эже сиз менен коптон бери суйлошсомбу деп жургом. Бугун кечинде бошогонубуздан кийин экообуз суйдошолучу деп калды. Мен ага макул болдум. Ошентип тун кирип жатканы жатып жатпаганы таза абадан дем алып дагы деле сорудо суйлошуп отурушкан. Биз Азамат экообуз четке чыгып озубузчо суйлошуп турдук. Ал мага бугун баарыбыздын балдарыбызды коруп озунчо жаман болгонун айтып келип
- Эже эки кызым болгону менен уулум жок. Мен эмне уулу жок отомбу? Жаныл менен жакшылап суйлошуп корунуз. Мумкун мен да уйлонсом ....? деди ойлонуп
Азамат бир аз да болсо кызуу эле. Мен анын созуно каршы чыктым.
- Азамат иним! Эмне акылындан айныдынбы? Атам бир да баласы жок кырк бир жашка чейин сабыр кылыптыр. Анда да аны Зулайка апам аран кондургон экен. Сен эмне эле болуп жатасын, жаш эле туруп! Уят эмеспи! дедим
- Ээ эже! Аялдын баары эле Зулайка апам эмес да! Жон койсонуз Жаныл мени ушул бойдон артымдан уулум жок откорот!
Биздин суйлошуп турганыбызды коруп бизге Максат келип кошулду. Ал да создун торкунун тушунгон сон Азаматка каршы чыкты.
- Сабыр кыл Азамат. Кызды берген кудайым уулду да берет деди Максат мостоюп.
- Сен Атам апамдарга тенелбе Азамат! дедим мен.
- Алардай сабырдуу болуу ар кимдин эле колунан кела бербейт. Сен эртен экинчи аялга уйлонуп корчу! Учоон ит мышык болуп тытышып, элге шерменде болосунар! Экинчи аялды алыш учун сен биринчи кезекте Жанылга татыктуу эр болушун керек! Силер аны кайдан тушунмок эленер.
- Эже мени да туура тушунгуло деди Азамат шылкыйып, ичинен бир нерсени айталбай аткансып.
- Макул! Сени эртен уйлон дейли. Сен ошондо кимге уйлоносун! Жаш кызга туурабы?
Азамат унчукпай эле мени тиктеп кулуп койду.
Мен андан ары созумду уладым.
- Экинчи аялга эмне учун уйлонушот. Албетте муктаждыктан. Кимге? Турмушунан кыйналган багы ачылбай жургон жалгыз бой келиндерге уйлонуш керек. Ошондо гана ал эркек, кудайга туура келген ишти жасаган болот. Сооп да болот. Мисалга озубуздун эле Ата-Энелерибиз турат! дедим мен. Инилерим унчукпай эле мени угуп ойлонуп отуруп калышты.
Андан бери уч жыл убакыт отту. Максат иним уул уйлоп кыз чыгарды. Анын азыр эки небереси бар. Биз да жыкында эле кызыбызды турмушка узатканбыз. Максуда апам кудайга шугур торубуздун корку болуп отурат. Бирок ал мурдагыдай эмес. Алдан кучтон тайып карылыкка моюн сунуп отуруп калган. Ал эми Жаныл болсо дарыланып чуркап журуп акыры алда Азаматка балканактай ак уул тороп берди.. Алардын баласы азыр сегиз айлык болуп калган. Бирок окунучтуу жери ал экоо азыр чогуу жашабай таарынышып журот. Азамат бизге айтпай он тогуз жаштагы кызга уйлонуп алыптыр. Анысы да уул тороп анын баласы бир жашар болуп калыптыр.
Азамат ал кызды уул тороп берсен уйлонобуз деген го? . Ал торогон убакта Жанылдын да боюнда бар болуп, анын уул экенин баарыбыз эле уккан болчубуз. Жаныл тороп баласы уч ай болуп калганда, бир куну алардын уйуно жанагы кыз кирип келиптир. Себеби уулдуу болгондон баштап Азамат ал кызга мурдагыдай барбай калса керек. Ачуусу келген Жаныл Азаматты да ал кызга кошуп экоон бирдей уйдон кууп чыгыптыр. Баарынан да Азаматтын эки кызына кыйын болду. Алар атасын кечирбей такыр оздоруно жакын жолотпой коюшту. Азамат кыздарын сагынып ушул кундору аябай куса болуп журот. Ал да жок жерден ыссык уясын бузуп алды окшойт. Эми кандай болоорун убакыт коргозоор.
АЯГЫ. Бишкек шаары. 2016. -03- 11

#10 16 Декабрь 2016 - 15:40
"Жашыл дарбаза-2"
"Кайдан жүрүп сага кабылдым" же"Тагдыр оюну"
Биринчи болум.
Уй-булодо торт уулдан кийинки эн кенжеси жалгыз кызмын. Албетте эркемин! Жашым жыйырмага келип бой жетип калсам да али эркелегим кала элек. Агаларым да жакшы жумуштарда иштеген оздоруно тын жигиттер. Атам убагында авто-базада коп жыл шафёр болуп иштеген, ал эми Апам болсо мед.айым болуп иштеп журуп пенсияга чыккан. Уйубуз шаардын туштугундогу четки айылдарда жайгашкан. Озум жогорку окуу жайда студентмин. Кобунчо сабакка мындан жарым жыл мурун агаларым мага туулган кунумо белек кылып берген женил автомашинам менен барамын. Машинаны айдаганды мектептен окуп жургондо эле уйронуп алгам. Атам шофер болгондуктан кичинекейимден эле машина айдаганга ото кызык элем.
Озум ашып кеткен Ак моордой сулуу болбосом да, ону тустуу келбеттуу татынакай кызмын. Дос кыздарым да коп. Кобунчо сабактан кийин дос кыздарымды машинага салып алып шаар айланып же четирээк жердеги кафелерде суйлошуп отуруп калабыз. Андай учурларда анча мынча колума компания учун тамеки кармап калган учурларым да болуп калат. Ал эми жигиттерге келсек анча мынчаларын кошпогондо, бир эле убакта эки жигит менен суйлошуп журом. Бирок алар деле журогумдогу адам эмес болуш керек деп ойлой берем. Себеби кээде туруп башка жаны жигиттер менен деле таанышып, алар жолугушууга чакырса кете берем. Эмнеге экенин озум да билбейм. Же оюнкараактыгымдан ушундаймынбы, же чындап эле журогум энсеген адамды учурата элекминби ким билсин? Анын устуно озум да ачык муноз шайыр кыз болгондугумдан тез эле бироолор менен тил табышып кетмей жайым да бар. Акыркы кундору апамды да коп укпай оюндан бошобой уйго да кеч барып журом. Эх! Жаштык, жаштык! Ойносон оюнга тойбой турган менин кайталангыс эн бактылуу кундорум ай! Эч кандай ой жок, журогунду эзген санаам жок, курбу кыздарым менен шарактап жургон менин студентик шок кыз убактарым ай!
Кундо эрте менен туруп шашылып эле кийинип алып сабакка жономой. Бугун да шашылып жоноп жатсам Апам мага эртен мененки чайды даярдап жатып
- Самира! Кызым, акыркы кундору кочодо коп журо турган болуп алдын. Кыз-баланын мындай жургону жакшы эмес! Кайдан да агаларын ушул машинаны сага алып беришти эле?! Бул машина мени кыжаалат гана кыла турган болду!, деген кундо кайталанчу созун кулагымдын сыртынан гана кетирип
- Апа болдучу! Тан азандап эле наалыбай! деп ага таарынып тултундаган бойдон сабакка жоноп калдым.
- Чайынды ичпейсинби?
- Ичпейм! Мээмди жеп жатсаныз, тамагымдан чай отот беле!?
Мен кабагымды буркогон бойдон машинага отурдум да, от алдырып уйдон чыгып кеттим.
Эрте менен баары эле жумуштарына шашылып бара жатышкан адамдар болот эмеспи. Жолдогу катар тизилген машиналардын катарында мен да сабагыма шашып машинамды айдап бараттым. Светафордун кызылы жанып токтоп турсам телефонума званок келип калды. Карасам жигит соройдон экен. Ангыча жашыл тус жанып машинаны жургуздум да, телефондон суйлошкончо алдымдагы кымбат баалуу кара тустуу машинаны карап коюп айдап бараткам. Анан эле эмне болуп кетти билбей калдым, же созго алаксып кеттимби? Карасам эле алдымдагы машина тормозду тээп токтоп калды. Мен шашылып тормозду кечирээк тээп калганга, ал машинаны тарс деп сузуп токтодум. Ичинедеги эркек адам ачуулана машинадан тушуп жатып, алды жактагы бир колуна баласын, бир колуна ысырыгын тутотуп бараткан лолу аялга кыйкырды
- Салбыраган лолу! Орто жолдон темселеп эмне отосун?! Сенин айынан машинам урулду! деди да, машинасынын артын карады. Анан ал машинамдан тушуп жаткан мага карап
- Алысыраактан журбойт белен! Сен да артыма жабышып албай деди жини келип.
Мен анын коздоруно тик карадым да
- Абайлап суйлонуз! Сиздеги ачуу бизде да бар! дедим жай гана озумду кармап.
Ал экообуз тиктеше туруп калдык.
- Аял киши экенсин да, азыр ордунда эркек адам болгондо...?
- Аял эмес, Кызмын!
Ал мени баштан аяк бир тиктеп алды да жини келе башын чайкап койду.
Ангыча жанагы лолу аял бизге жакындап басып келип
- Коп эле ачуулана бербениз жакшы жигит! Сизди алдынызда жакшы иштер кутуп турат, бирок....
- Ээ- э! Башымды оорутпай кетип кал азыр! Жолуна туш! деди ал жиндене лолуго карап обдулуп.
Лолу аял андан качып бара жатып суйлоп жатты.
- Уулдуу болосуз жигит! Болгондо да катар катар эки уулду болосуз!
- Жогол дейм!
Жаныбыздан бизди айланып отуп жаткан машиналар бакыртып сигнал беришип, лолу аял аларды аралай бизден алыстап жатып
- Бекер мени кубаладыныз жигит!, мени акырына чейин укпадыныз деп озунчо суйлонуп кетип баратты.
Бирок ал адамдын эмнегедир лолу аялдын созунон кийин ачуусу таркай тушконсуду. Озу да бир аз ойлоно лолуну артынан утур утур тиктеп алды да мага карап
- Оло албай жатып мага дагы толго ачканын? деди.
Мен унчукпадым. Машинанын урулган жери ото эле женил болгон учун ал экообуз оз ара келишип алдык да андан ары оз-оз жолдорубузга туштук. Бирок мен ал куну ал адамды кайра кайра эстей бердим. Башында анын ачуусу келип, анан эле лолунун созунон кийин ачуусу таркап мени менен жон жай гана суйлошуп коштошуп кеткенине ичимден кулуп коюп жаттым. Анын жашы отуз беш жаштардын тегереги болсо керек. Озу да шынга бойлуу, келишимдуу, бар алына келип турган сымбаттуу жигит экен. Кийген кийимдери да баалуу, таза, тыкан, жарашыктуу экен. Кырдач мурун, коюу кара коздору менен адамды озуно тарткан бул жигиттин аялы кандай болду экен? деп ичимен ойлоп койдум.
Ошондон торт беш кундой убакыт отуп кыздар адатыбызча чогулуп алып, суйлошуп отуруп калдык. Нурзат деген кызыбыз кечээ куну тиши ооруп врачка барганын бизге айтып берип жатып
- Кызда-ар! Кечээ кундон бери менде уйку жок! Тиш докторду суйуп калдым кыздар! Эми канте-ем? деди бизди кулдуруп журогун кармап ыйламсырап.
- Ии де!
Биз аны кулуп эле тиктеп турдук.
- Анын аты Азамат экен. Тиктеген коздоруну айтпайсынарбы кыздар? Тим эле анын тиктеген кара коюу коздорунон, менин ооруп жаткан тишим ошол жерден эле тып басылып калбадыбы!
Биз Нурзаттын бул созуно баарыбыз кулуп жибердик.
- Кызда-ар чын айтам. Ал врачты корсонор силер да созсуз суйуп каласынар!
-Э койчу Нурзат. Каяктагыны айтпачы!
- Билбейм кыздар! Мен аны чыны менен эле суйуп калдым. Эптеп аны бир нерсе кылып торума тушурбосом болбой калды.
- Аялы бар кишиниби? Анын уй-булолуу адам болгондон кийин башынды оорутпачы дедик биз ага ызылдап.
Нурзат бизге Азаматтын он келбетин суроттоп берип жатты. Анын айтуусу боюнча ал эмнегедир баягыда мен машинасын сузуп алган жигиттин келбетин суроттоп жаткансыды. Мен кайра-кайра Нурзаттан кызыгып Азаматтын он келбетин тактап сурай бердим. Бир убакта биздин созубуздон жадап кеткен Жийде деген толук келген кызыбыз
- Болбогон нерсени токтоткулачы кыздар! Андан коро келгиле башка создон суйлошуп отуралы, деп созду башкага буруп кетти.
Ал куну кыздар менен кечке отуруп кечинде мен тай эжемдин квартирасына бардым. Тайэжем куйоосу экоо бугун досторунукуна конокко барышмак. Мени келип майда эки баласын карап отуруп турсун деп Апамдан суранышкан экен. Мен муну каалабасам да айла жок Апамдын конулу учун келууго туура келди. Келсем алар кийинишип даяр болуп мени кутуп калышкан экен. Уйдон чыгып баратышканда Жездем мага
- Самира, бир аздан сон уйго бироо келип мага буюм таштап кетет. Сен аны алып балконго чыгарып койчу, макулбу? деп дайындап кетти.
Чындап эле арадан жарым сааттай убакыт отуп, эшиктин конгуроосу басылып калды. Мен балдарды ойнотуп отурган элем. Ордуман туруп барып эшикти ачсам эле, баягы мен машинасын сузуп алган мага тааныш адам турат. Аны коргондо
- Ой! деп озум да кантип чочуп кеткенимди билбей калдым.
Ал да мени коруп тан кала
- Салам! деди кулуп эле
- Ии келиниз, сиз белениз? дедим мен ага уялгансып жылмайып.
- Ооба мен. Сиз бул жакта кайдан журосуз?
Ал мага суролуу коздору менен тигилди.
- Аа..Тайэжем болот. Алар оздору конокко кетишип, мен балдарды карап отургам.
- Мм. Ошондой денизчи.
Ал бир аз ойлоно мени тиктеп турду да колундагы эскирээк спортук кара сумканы мага коргозуп
- Бул сумканы таштап кетейин анда. Жезден эртен айылга барам дегенинен агама керектуу буюмдарды берип жиберейин деген болчумун, деди.
- Ооба, жездем да дайындаган болчу дедим мен анын козуно тигиле.
Сумка оорураак болгон учун, аны мага бербестен ал озу балконго алып чыгып коюп жатып, сумканын ичинде машинага керектуу тетиктер бар экендигин айтты. Уйдон чыгып баратып ал мага карап кулуп
- Машина кандай? жакшы эле журуп жатыбы? деди
- Ооба. А озунуздукучу?
Биз экообуз тен кулуп эле тиктешип туруп калдык.
- Эми мындан ары коргон жерден саламдашып тааныш болуп журолу. Менин атым Азамат, деди ал мага колун сунуп.
- Азамат?
Мен колумду сунуп жатып бир нерсени эстегендей болуп аны тиктеп калдым.
- Ооба Азамат. А эмне болду эле?
- Аа жок! жон эле. Сиз врач болуп иштейсиз да?
- Ооба тиш доктормун. Сен аны кайдан билесин?
Ал мени эми сен дегенге отту.
Мен шашкалактап калдым
- Аа..менин атым Самира. Сиз жонундо мага эжемдер айткан деп жибердим.
Ал кулуп эле менин сунган колумду коё бербей туруп
- Самира!..., жакшы ат экен, деди
Экообуз дагы эле коздорубуз менен тиктешип кулуп турдук..
- Мейли анда Самира! Мен барайын. Эгер тиш боюнча кайрылгын келсе мага барсан болот деп ал озунун иштеген жердеги дарегин айтып, мени менен коштошуп уйдон чыгып кетти. Ал кетээри менен мен эшикти жаптым да эшикке артым менен жолонуп туруп калдым. Эмнегедир эки бетим кызарып, журогум бир кызыктай согуп, озумчо эле толкунданып турдум. Карасам алдымда тайэжемдин эки баласы мени тиктеп карап турушуптур. Алардын чону биринчи класста окуган кыз болгондуктан ал да бир нерсени тушунгондой соомойун оозуна сала жылмайып, мени уялынкы коздору менен сузуп тиктеп отту. Мен аларды коруп озумо келе тушконсудум, бир жагы аларга кулкум келе
- Жургуло сок ичебиз, деп экоосунун далысына эки колумду коюп биз ашканага карай жононодук
Эртеси куну окуу жайга барып, мен Нурзат айткан врач жигит менен кантип таанышканымды кыздарга айтып берип отурдум. Болгондо да мен машинасын сузуп алган жигит, дал ушул Азамат экенин угушканда, кыздар менин созумду кызыгыша угуп отуруп калышты.
- Ээ кыздар, эмне эле болуп жатасынар? Эки кундон бери эле ошол Азаматты соз кыласынар. Анынар уй-булолуу адам болсо, ага эмне анчалык кызыктынар? деди бизди жактырбагандай Жийде деген кызыбыз.
- А мумкун ..жоктур?,
Нурзат аны сынагандай суролуу тиктеди.
-Кантип эле жок болсун? Анын артынан кыздар оздору суйуп чуркап журушсо?
- Тамаша! Албетте анын уй-булосу бар дечи, Бирок мени анысы кызыктырбайт. Мен Азаматты кантип болсо да созсуз озумо багындырам! деди Нурзат озунчо ишенимдуу.
- Жинди болбочу!. Ал эмне дегенин? Бироонун уй-булосун бузайын дейсинби?
- Жок Албетте. Уй-булосун бузбайм дечи...и. Болгону ал мени окуум буткончо материальдык жактан каржылап турса болду деп Нурзат мыйыгынан кулуп койду.
Менин жанымда отурган Канышай созго аралашты.
- Мага капа болбо Нурзат. Менин оюмча ал Азаматын, Самирага конул коюп калган окшойт, деди кулуп.
- Жок ай, каяктагыны айпачы! дедим мен кыздарга сыр бербестен.
Нурзат кашын кере
- Конул койсо эмне экен? Азамат, кыз жандуу жигиттей корунот. Ал ушуга чейин бизге окшогон кыздардын канчасы менен журду болду экен ?! деп мага карады.
Мен унчукпадым. Ага Канышай жооп берди.
- Мумкун андай эместир. Сулуу жигиттердин баарын эле, билбей туруп андай деп ойлогон туура эмес ко дейм?
- Каныша-ай, деди Нурзат анын созун жактырбагандай
-Азаматты мен бир коргондо эле тушунгонмун кандай жигит экенин. Кааласан кел экообуз мелдешебиз! Азаматты кимибиз биринчи илештирээр экенбиз менби же Самирабы?
- О-оо! деп кыздар кулушуп эле ызылдашып бир мени бир Нурзатты тиктеп калышты. Канышай мени бир тиктеп алды да бир аз ойлоно оор дем алып
- Макул мелдешем, эгер Самира озу да макул болуп ага аракет кыла турган болсо, деди мени карап.
Мен ойлонбой туруп макулдугумду бердим. Себеби Нурзаттын созуно бир аз териге туштум окшойт.
- Кана эмесем анда колду ташта деп Канышай колун Нурзатка сунду.
- О-оо! дешип ызылдаша кулушкон кыздар ал экоонун кармашып турган колдорунун устуно биринен сала бири колдорун коюп туруп калышты.
- Кыздар жинди болбогулачы? Эсинерге келгиле! Кайдагы бир аялы бар киши учун эки досту кайрабай деди Жийде озунчо сарсанаага тушуп.
Бирок анын созун эч кимиси укпады. Байкуш Жийде чырылдап эле
- Кыздар силерге эмне? Биронун уй-булосу оюнбу? Андан коро экоосун тен койгула дебейсинерби! Нурзат! Самира! жинди болбогула. Анын аялын, балдарыны да ойлогула! деген создоруно кыздардын баары кулуп жиберишти.
Нурзат мен-менсинген татынакай сулуу кыз. Ал негизи эле байлыкка кызыгып, анан да озунон улуураак жакшы кызматта иштеген эркектерге кобуроок кызыкчу. Артынан ээрчип жургон бойдок студент балдарга ал бир да конул бурчу эмес. Билбейм, Нурзаттын атасы жакшы кызматта иштеп, жашоо шарттары жакшы болсо да, Нурзат анан сайын кенири ичип жеп, кымбат баалуу модалуу кийимдерден кийинип, бети башын боёнуп копчулуктун конулун озуно бурган кыз. Ал каалаган жигиттин озуно оной эле имерип алчу. Ошондуктан да ал озуно ишенип Азаматты кандай жол менен болсо да эптеп озумо созсуз каратам деп ишеничтуу айтып жатпайбы. Бул жагынан Нурзат чынында эле тажырыйбалуу кыз эле.
Ошол куну сабактан кийин Нурзат экообузго кошулуп дагы уч кызыбыз менин машинам менен Азаматтын иштеген жерине бардык. Оюндун шарты боюнча Нурзат экообуз Азаматтын кабинетине чогуу киришибиз керек. А берки уч кызыбыз бизди сырттан гана байкаштырып турушмак. Мен Нурзаттын досу катары ал менен чогуу келген адам болуп Азаматка биздин дос кыздар экенибизди билдирмекпиз. Мына ошондон кийин биздин оюн башталат. Анан да Азамат кимибизди биринчи жолугушууга кафе же ресторанга чакыра турган болсо, анда ага Нурзат экообуз тен бармай болдук. (Мисалы ал кафеге Нурзатты чакыра турган болсо, анда дос кызы катары Нурзат мени ээрчитип алат дегендей) Андан кийин гана биз ар кимибиз оз алдыбызча аракетибизди башташыбыз керек. Себеби Нурзат ошол кундору Азаматка тиштерин дарылатып ага каттап жаткандыктан, кыздар бизге ушундай шарт коюшту.
Ошентип биз Азаматка келсек ал кабинетинде жок экен. Аны бир аздан кийин келет дешкенинен биз коридордо кутуп туруп калдык. Мен телефон менен суйлошуп сыртты коздой келетсам алдыман Азамат чыгып калды. Биз экообуз учурашып мен ага дос кызым Нурзат менен чогуу келгенимди айттым. Ал Нурзаттын атын укканда
- Аа Нурзат келдиби? Жургуло анда деп ал кабинетке карай жол баштап калды.
Мен ичимден,
- Мм..да...Нурзатты жакшы билет экен да. Бекеринен Нурзат озуно ишенимдуу суйлоп жаткан эмес турбайбы! деген ой кетти мага.
Биздин коридордо ээрчишип келатканыбызды коруп алдыбыздан Нурзат
- Саламатсызбы Азамат Жунусович деп тосуп алды.
-Саламатчылык.
Биз учообуз тен ээрчише кибинетке кирдик. Арыда биз менен чогуу келген кыздар Азаматты сын коз менен астыртан тиктеше, бизди артыбыздан узата карап калышты. Азамат Нурзаттын тиштерин карап жатып, биздин кайсы окуу жайда, кайсы курста окуурубуз жонундо таанышып отту. Башка ашыкча деле соз суйлободу. Озунун жумушун кылдаттык менен аткарып бизди бат эле бошотту. Ошентип биз кыздардын биринчи шартын аткарып уйлорубузго тарадык.
Эртеси куну аудиторияда Зейнеп деген санаалаш жакын курбум менин жаныма жакын отуруп алып
- Самира, сен эмне эле Нурзатка тенелип жатасын? Анын жолу башка, сеники башка да, деп калды.
Мен аны тушунбогондой карадым.
- Нурзат деген кыз эмес, аны озун деле жакшы билесин. Ага баары бир. Ал деген каалаган куну, озу каалаган жигитке турмушка чыгып кете берет. Сенчи? Сен уй-булолуу кишиге илегишпей, жон эле оз жолунда журо бербейсинби эми?
Мен анын созуно кулуп эле
- Зейнеп, мени эмне Азамат менен ошончолукка барат деп ойлойсунбу? дедим.
- Мен сага айтып койдум досум. Ата-энендин козго басар жалгыз кызы экенинди унутпа!
Мен анын созуно дагы кулдум.
- Эч нерседен эч нерсе жок эле эмне деп жатасын?
Зейнеп унчукпады. Анын устуно жаныбызга кыздар да келип калышты.
Арадан уч жумадай убакыт отту. Бирок Азамат биз ойлогондой жигит болбоду. Мен го аны ошол бойдон коро элекмин. Нурзат тишине каттап журуп ага жакшы эле аракет кылганы менен эч кандай натыйжа чыккан эмес окшойт. Акыркы кундору Нурзаттын ага жини келип жургондой. Себеби бир жолу ал тишин шылтоолоп, Азаматты озу кафеге чакырыптыр. Бирок ал болбоптур. Ошондон бери Нурзат кандай айла кылаарын билбей журот. Ага Канышай
- Мен айтпадым беле сага Нурзат? Жигиттердин баары эле бирдей эмес деп. Андан коро женилгенинди мойнуна алып бизди кафеге чакыра берсен болот деп кулуп калды.
- Эгер ал Самира менен мамиле тузсо женилмекмин. Азырынча эрте, дагы убакыт бар деди Нурзат озунчо ойлоно.
Мен аны бир азга тиктеп турдум да
- Нурзат мен сага окшоп Азаматтын артынан тушуп ага аракет жасабаймын! дедим жай гана.
Ал мени карап мыскылдагандай кулуп
- Хе! Эмне, Азаматка колун жетпешине козун жетип калдыбы? деди какшыктагандай суйлоп.
- Кеп анда эмес Нурзат. Азамат демек сен ойлогондой женил ойлуу жигиттерден эмес. Ал оз уй-булосун барктап, оз аялын гана суйот!
- Ошондо эмне, биз экообуз анда женил ойлуу кыздарга киребизби?
Нурзат мени алая суролуу карады.
Менин ага жиним келе тушту.
- Андай болбосо, эмнеге биз экообуз уй-булолуу кишинин артынан ээрчип журобуз?
- Муну суйуу дейт!
- Уй-булолуу кишини бузгандыбы?
-Ким аны бузуп жатыптыр?
Ушул жерден биз Нурзат экообуз бир аз айтыша кеттик. Ортодо кыздар бизди басып жатышты.
- Мен силерге башында эле айтпадым беле! Эки досту кайдагы бир аялы бар киши учун уруштурасынар деп. Мен ушундай болушун билгем. Бирок мени ошондо эч киминер уккунар келген эмес эле. Мына эми...! деди Жийде кыздарга карап табалагандай.
- Жакшы дагы Азамат, экоонун бироосу менен журуп калбаганы. Эгер андай болсо барбы?! деп ал кошумчалап да койду.
- Болдучу Жийде! Чон энемдей болуп какшанбай! деп мен Жийдеге да ачуум менен бир тийдим.
Ал куну сабактан чыгып мен туура уйго жонодум. Зейнеп менин жолумда жашагандыктан аны кобунчо машинама салып алып, жолдон таштап коёр элем. Бугун да ал экообуз машинада кетип баратып Зейнеп мага
- Самира, Азамат да оной жигит эмес окшойт э ? Болбосо аны Нурзат озуно бат эле имерип алмак да, деп калды.
- Оной эмес жигит дегенинди кандай тушунсо болот? Негизи эле Азаматты сен кандай жигит деп ойлойсун Зейнеп? деп мен ага суроо узатып карадым.
Ал бир азга ойлоно
-Демек Нурзаттын тишин дарылап журуп анын кандай кыз экенин Азамат жакшы тушунгон! Эркектер андай кыздарды бат эле билип коюшат эмеспи. Азаматтын Нурзаттан озун алыс кармаганына караганда, ал коп нерсени тушуно билген адамбы деп ойлоп жатам. Анан да ал чындап эле аялын катуу суйсо керек. Уй-булосун, балдарын аябай жакшы коргон камкор ата болсо керек! деп ойлойм.
Мен унчукпай эле жолдон козумду албай машинаны айдап бараттым. Чынын айтсам мен акыркы кундору Азаматты коп ойлончу болдум. Эмнеге экенин озум да билбейм. Айрыкча жолдо машинада баратып анын машинасын коруп каламбы деген ойдо эки жагымдагы машиналарды карай берем. Ал жонундо билгим келип бир жолу тайэжемдикине да бардым. Бирок ал жонундо батынып алардан эч нерсе сурай албай койдум. Ал эми анын жумушуна кыз башым менен барганды бир да туура корбодум. Анын алдында курсумду туршургум келбеди! Чынын айтсам Нурзаттын да обу жоктонуп Азаматка ашыкча эле кылган аракеттери, акыркы кундору менин кыжырымды гана келтирип жургон болчу. Ошон учун да мен бугун, анын кычуусуна тийип ал менен уруша кеттим.
Зейнепти уйуно таштап, озумдун уйумо келсем менин эрте келгениме кубанган апам мени жайдары кулуп эркелете бетимен ооп жыттагылап жакшы тосуп алды. Мен кийимдеримди которунуп болмомдон чыгып, апам менен чогуу чай ичип суйлошуп отуруп калдым. Биз коптон бери эне- бала озубузчо мындай жай суйлошуп кенири отура элек болчубуз. Апам мага коздору тойбой суктана карап
- Садага болоюнум менин. Мынтип бой жетип козго да корунуп калдын. Сени бир жакшы жерге берип, конулум жайланып тынчытып алсам экен деди мени жалооруй тиктеп.
Мен унчукпай эле алдымдагы чайымды ичип отурдум.
- Кызым биздин алдыбызга жуучулар келгени жатышыптыр. Жанагы сен озун суйлошуп жургон жигит бар эмес беле?
- Кайсы?
- Кайсы дегенин кандай кызым? Жанагы менин тайкемдин баласы Равшанчы?
- Аа. Сиздин тууганынызбы?
Мен эми эстедим. Башында мен силерге айтпадым беле эки жигит менен суйлошуп журом деп. Ошонун бироосу ушул Равшан болот. Туугандардын отунучу менен мен Равшан менен таанышып, экообуз бири-бирибизди жактыргандай эле болуп жолугушуп журобуз. Ал озу шаардагы кайсыл бир турктордун фирмасында иштеген жакшы жигит. Равшан мага мындан эки кун мурун жолугуп
- Ата-энем силерге барып, сага сойко салып келебиз деп жатышат деген болчу. Мен ал жонундо такыр эле унутуп койгон турбаймынбы? Бирок мен ага азыр эмес, кийинчерээк деп макул болгон эмес элем.
Мен апама да айттым. Озум жаны эле учунчу курс болсом. Быйылча турмушка чыкпайм. Жок дегенде дагы бир жыл окуймун деп болбой койдум. Апам мага аны айтып, муну айтып озунчо кейип кепчип суйлонуп отуруп калды.
Ал эми экинчи жигитим болсо озубуздун окуу жайдан, менден жогорку курста окуйт. Ал менен озум табышып, достошуп суйлошуп жургонумо эки жыл болуп баратат.
Кун кыйла сууп, куз мезгили да аяктап бараткан. Бак дарактар жалбырыгын тогуп, кыйла жыланачтанып калган кез болчу. Бир куну эрте менен, оюмда эч нерсе жок жолдо машинамды айдап баратып светафордун тушуна келип токтоп турсам, жанымдагы катарлаш турган машина сигнал берип калды. Карасам Азамат! Аны коруп суйунуп кеттим. Ал мага колун булгалап, экообуз баш ийкешип кулуп эле учурашып койдук. Ал куну Азаматты жолдон коргонумду кыздарга айтып бардым. Алар Нурзат экообузду
-Экоон тен бирдей женилдинер. Качан бизди кафеге чакырасынар деп ызылдап калышты. Нурзат аларга кулуп эле
- Кыздар жаны-жылга чейин убакыт бергиле. Эгер Азаматты анда да илбесем, анда озум эле силерди кафеге чакырам деди.
Биз анын созуно кулуп суйлошуп отурсак менин телефонум шынгырап, аны алып карасам жат номер экен. Кыздар менен кызуу суйлошуп отургандыктан, телефондун унун очуруп албай койдум.
Бугун жамгыр майдалап жаап али бери токточудай туру жок. Мен жолдун боюндагы аптекадан чыгып жааган жамгырдан улам машинамдын жанына шашып келип эшигин ачып жатсам артымдагы машина сигнал берип калды. Карасам Азамат экен. Ал машинадан тушуп менин жаныма чуркап келээри менен экообуз тен менин машинама кирип отурдук.
- Кандайсын?
- Жакшы
Биз экообуз тен кулуп эле тиктешип турдук.
- Эмне болду, дары алып? Ден-соолук жакшыбы?
- Ооба, жакшы эле. Атама алдым. Сиз озунуз кайдан журосуз?
Мен ага суролуу тигилдим. Ал бир азга онтойсуздана эмне дээрин билбей
- Мм...Кандай десем. Сени коргум келди десем болобу? деди мага тамашалай кулуп.
Мен унчукпадым. Аны кулуп эле тиктеп турдум. Сыртагы жамгыр карга айланып биз Азамат экообуз машинанын ичинде сырттагы сулуулукту тиктей, жай музыка угуп кызуу суйлошуп отуруп калдык. Биздин бул отурушубуз озунчо эле бир романтикалуу болду окшойт. Азамат мени ушул минуталардан баштап журогумдун ачкычын таап ачып жаткансыды. Ал менин журогумдун теренине синип кирип, орун алып алды окшойт. Себеби биз башка нерселер жонундо суйлошуп жатканыбыз менен, биздин коздорубуз бири-бирибизди коптон бери издеп жургонубузду жашыра албай турду. Бир убакта Азамат мени болбой жатып, алыс эмес жердеги турктордун кафесине киргизди. Ал жерде экообуз кофе ичип жай гана суйлошуп отурдук. Азамат мага буга чейин да бир жолу телефон чалып, мен ага жооп бербегенимди айтты. Менин номеримди кайдан алганын сурасам
- Керек болсо, кайдан болсо да табат экенсин деп айтпай койду.
Ал куну мен уйго ото конулдуу кайттым. Мени байкаган апам
-Кызым сага эмне болду. Бугун озунчо эле бактылуусун го деп сурады.
Мен апамды кучактап бетинен ооп алдымда, оз болмомо кирип кеттим. Тундо мен Азаматты копко чейин ойлонуп жаттым. Ал экообуз эки кундон кийин жолугуша турган болуп коштошконбуз. Азамат....! Анын элеси менин коз алдымдан кетпей турду.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 02 Январь 2017 - 20:57
#11 16 Декабрь 2016 - 15:59
Экинчи болум.
Азамат менен андан бери бир эки жолу жолукканым менен кыздарга ал жонундо бир да ооз ачпадым эле. Жаны жылдын алдынан кыздар кафеде озубузчо кызуу создордон суйлошуп отурганбыз. Мен мына ошол жерден аларга Азамат менен кантип жолукканымды айтып калдым. Бул жанылык Нурзатка катуу тийди окшойт. Анын ону бир аз озгоро тушту да
- Самира! Эсинде болсун. Шарт боюнча сен мени озуно кошуп кафеге алып барышын керек, анан да анын уй-булосу бар экенин унутпасан керек! деди какшыктай.
- Билем Нурзат. Эгер ал чакырса эле сага созсуз кабар берем. Биз болгону жолдон гана жолугуп калып, турктордун кафесинен кофе ичип суйлошуп отурдук, деп койдум.
- Ай кыздар! Чынын айтсам мага ушул тирешкенинер эч жакпай турат! Туура эмес эле кылып жатасынар! Канчалаган бойдок балдар журсо, силер экоон кайдагы аялы бар немеге эмне эле болуп жатасынар? деди Жийде кабаганы буркоп.
- Мумкун кыздар оюнду токтотсонор жакшы болот беле! Чындап эле уй-булолуу адам учун экоон барган сайын очогушуп бараткандайсынар! деди Канышай да бизге тынчсыздана. Аны кыздар да коштоп кетишти. Мен унчукканым жок. Ал эми Нурзат болсо
- Эмнеге очогушмок элек? Бул болгону жон гана мелдеш да. Азаматтын уй булосу бар! Самира анын уй булосун бузмак беле, эгер Азамат аны тандаган кундо да деп, ал мага карады да
- Туурабы? Самира, деди
- Туура! дедим мен да кашымды которо.
Жанымда отурган Зейнеп да мени коштоп
- Албетте Туура! Анын устуно Самиранын озунун суйлошкон жигити бар. Анан да апасынын туугандары Самирага сойко салып коёлу дешип кайра-кайра айттырып жатышыптыр деди.
- Оо-о! Жакында тойго барат окшойбуз дешип кыздар мага карап ызылдап калышты.
- Билбейм кыздар. Куз келе берсинчи. Буйруганын коробуз. Азырынча эч нерсе дей айлбайм дедим мен аларга кулуп эле.
Ал куну кыздар аябай жакшы создордон суйлошуп отурдук. Келечек жонундо, тойлор жонундо, ар кимибиз озубуз каалаган жигитке ак койнок кийип той менен турмушка чыгып, бири-бирибиздин тойлорго катышып ойноп дегендей.. жана албетте баарыбыз бактылуу болушубуз учун каалоо тилектерибизди айтып жаттык. Озубузчо алдыдагы кундорду элестетип алып, ар кандай тамаша создор менен шарактап кулуп отурдук. Мен алар менен кулуп сыртымдан эч нерсе сездирбей жатканым менен ичимден тээ журогумдун тубундо Азаматты ойлоп аны эстеп жаттым.
Эх суйуу, суйуу! Башына чыныгы суйуу келсе жаман экен. Менин ушул кундору ойлогонум бир гана Азамат болуп, андан башка менин козумо эч нерсе корунбой калды. Эс-дартымдын баары бир гана Азамат болуп туруп алды! Нурзат айтмакчы анын уй булосу бар экени мени бир да кызыктырган жок. Ал менен болгон бир эки жолку жолугушуудан кийин эле, мен аны кантип берилип суйуп калганымды озум да билбей калдым. Азамат уй-булосу бар туруп, кантип мени озуно имерип суйдуруп алды тук тушунбодум. Же суйуунун козу кор дегени ушулбу!? Ал мага бир жолу оз уй-булосу тууралуу мен сурабасам да озу айтып берди. Биз анда машинада отурганбыз. Мен анын созун угуп жатып унчукпай ойлуу, айнектен сырты тиктеген бойдон телмирип бирдей отура бердим. Ооба ошентим. Андан ашыкча бир да ооз эч нерсе сурабадым. Анын аялы эки кыз тороп, коп жылдан бери торой элек экен. Кыздары чоноюп мектеп окуучулары болуп калышыптыр. Ошондон кийин мен эки ортодо чайналып копко чейин ойлонуп жудоп журдум. Азаматтан биротоло кол узуп кеткенге менин эч кучум жетпей койду. Тескеринче менин ага болгон суйуум кундон кунго кучой берди. Азамат! - ал менин кыялымдагы чыныгы мырзам эле. Анын баскан турганы, суйлогон создору, он келбети деги койчу, кайсы бирин айтайын анын турган турпаты баары мага топ келген жигит болчу. Менин журогумдун ээси, бала кыялымдан баштап арзуу кылган мырза жигит дал ушул Азамат озу эмес беле!
Ошентип анын уй-булосу бар туруп мен ал менен жолугушуп журо бердим. Себеби мен аны корбосом туралчу эмесмин. Ооба, мен аны корбосом кадимкидей куса болуп сагынып кетчумун. Менин суйууго мас болуп жургонумду байкаган Нурзат бир куну жаныма басып келип
- Самира эмне эле акыркы кундору коп ойлончу болуп алдын? Же эмне чындап эле Азаматты суйуп калдынбы? деп коздорумо тигилди. Биз экообуз тиктеше туруп калдык.
- Д-аа! деп алды Нурзат озунчо, менден козун тартып жатып. Ал бир азга ойлоно
- Мен Азаматтын ушинтээрин билгем! деди
- Эмнени билгенсин?
- Билесинби Самира, Уйлонгон эркектер, бойдокторго караганда бир топ эле тажырыйбалуу болушат. Алар оздорун сабырдуу, акылдуу корсотушуп, жактырып калган кызына оздорун оной эле суйдуртуп алышат.
Менин Нурзатка жиним келе тушту
- Муну менен эмне демекчисин эми?
Мен аны жаман коздорум менен суролуу тиктедим. Ал мени унчукпай бир аз тиктеп турду да созду эмнеден баштаарын билбей
- Мм...кандай десем сага, эгер билсен Самира? Азамат, мисалы менин оной кыз эмес экенимди ото жакшы тушунгон. Ал учун, мага караганда сени торго тушуруу оной болгон. Ошондуктан мен сага айтаар элем, ушунчалыгында эртерээк акылына кел деп!. Кийин окунуп калып журбо! деди
Мен Нурзаттын бул создоруно куйуп кеттим. Жаным чыгып эле кете жаздады.
- Нурзат! Сен мага суйлоор созунду жакшылап ойлонуп алып анан суйлогун! Сен мага акыл уйроткудой ким элен? Азаматтын артынан ээрчип жургонунду эмне унутуп калдынбы?
Биз Нурзат экообуз дагы ызылдай туштук. Кыздар бизге келишип ортого тушушуп, бизди басып жатышты. Зейнеп мени колумдан алып четке тартып
- Жур кеттик Самира деп жетелеп калды.
Бул жерде кобуроок менин ачуум келип жатты. Ал эми Нурзат болсо
- Самира мен сага жакшылык гана каалайм. Сен мени туура эмес тушунуп алдын. Мейли капа болсон боло бер! Дос ушундай куйдуруп айтат! деп артымдан кала берди.
- Ооба, Кыйраттын! дедим мен ага.
Кетип баратып мен ичимен
- Хы! дос имиш мага, дедим угулаар угулбас озумчо суйлоно.
Зейнеп да мага Азамат менен жолугушканыма коп каршы болуп журду. Анын мага айтпаган созу да калбады окшойт. Ал аралыкта мен озум тапкан жигит менен кол узушконго да жетиштим. Ага Зейнеп
- Ушундан коро Азамат менен жолукпай койсон болбойт беле! Самира сага деги эмне болуп жатат! Эмне кылып жатканынды озун тушунуп жатасынбы? деди.
- Ооба, Тушуном! Ал экообуз турмуш курбагандан кийин эмне кылам аны кармап. Анын устуно апамдар мени ага эмес, Равшанга бергенге конулдонуп журушот дедим.
Зейнеп унчукпай эле ойлонуп
- Билбейм Самира, Сен акыркы убактарда аябай эле тез озгоруп кеттин, деди.
Ал эми Равшан менен кез-кез жолукканым эле болбосо кобунчо телефондон кыска гана суйлошуп коёбуз. Ал мени, ата-энеси куда тушобуз дегенден бери озун алып качып, кыз кылыгы кылып журот деп ойлоп жатса керек. Анын устуно азыр анын жумуштары да аябай коп. Коп убактысын озунун карьерасы учун жумшап, жугуруп журот.
Кийинки кундору чындап эле мунозум да токтоо тартып, мурдагыдай коп шарактабай калдым. Озумчо коп ойлончу болдум. Албетте буга Азаматтын уй-булолуу экени себепчи. Эгер ал бойдок болгондо эл козунчо кыз-жигит болуп кочодо кол кармашып ээрчишип журбойт белек. Менин акыркы кундору озгоруп калганымды апам байкуш да сезди. Эне журогу бала учун кыраакы болот эмеспи. Ал бир куну мага чай ичип отурганымда
- Самира, сага эмне болду кызым? Кийинки кундору башкачасын? деп сурады.
- Кандай башкача?
Мен апама кабагымды буркой суролуу тигилдим. Биз апам экообуз тиктешип туруп калдык. Ишенесинерби, менин ичимдеги дартымды апам козум аркылуу билип коё тургандай, мен анын коздорунон козумду ала качтым. Апам оор ушкуруно
- Билбейм Самира мен сага кыжаалатмын. Атан экообуздун жалгыз эрке кызыбызсын. Сени жакшы жерге турмушка берип тынчытып алсак экен дейбиз......
Мен апамдын созуну акырына чыгарбадым.
-Уфф! Дагы баштадынызбы? Тынч отуруп чай ичпейт экенмин да. Кайдан да ошол тайкениздин баласы менен тааныштым эле! Мен жиним келе ордуман туруп, тултундай оз болмомо кирип кеттим.
Апам да бекеринен мага мынтип кыжаалат болуп жаткан жери жок . Себеби Азамат мага жаны жылга деп, кымбат баалуу алтын билерик белек кылган болчу. Мен ошол куну да Азамат менен жолугушуп уйго аябай кеч келген элем. Колумдагы билерикти апам коруп калып, сураганда
- Дос кызымдыкы. Бир эки кун тагынып кайрып берем деп жалган айттым.
- Бироонун кымбат буюмун эмнеге антип алып журосун деп апам суйлоно баштаганда эле, анда да мен ага силкинип
- Эмне эле менин артымдан андып калгансыз Апа! Мен деген чоноюп калган кызмын. Качанга чейин мени ушинтип,жаш баладай сурак кылып турасыз! деп жиним келип ыйлактап, булкунган бойдон болмомо кирип кеткем. Ага да болбой апам артымдан кирип келип экообуз бир топ эле болгонбуз ошондо. Мен акыры тошогумо кирип чумконуп жатып алганымда гана апам суйлонгон бойдон болмомдон чыгып кеткен. Эртеси куну эле мен ал билерикти алып келип Зейнепке дайындап тапшырдым. Апам аз келгенсип Зейнеп да мага бир короо создорду суйлонуп калды. Акыры ага да айттым.
- Зейнеп, суранам сенден! Жок дегенде мени сен туура тушунчу. Жок дегенде сен унчукпай турчу. Ансыз да апам кечээ кулак мээмди жеп бутту деп.
Зейнеп менин жакын курбум. Озу да жакшы кыз. Атасы жок. Карыган апасы бар. Ал да мага окшоп уйдун эн кенжеси. Эже агалары баары уйлуу жайлуу болуп оздору менен оздору болуп калышкан. Анын уйуно айылга бир эки жолу Зейнеп экообуз чогуу барып келгенбиз. Биз барганда эле агасынын майда балдары алдыбыздан тосуп чуркап чыгышчу. Апасы, уйундогу ага женеси баары жонокой жакшы адамдар. Зейнеп апасынын кырк беш жашындагы кызы экен. Аны да апасы аябай эле башкача жакшы корот. Бирок Зейнеп мага караганда кыйла токтоо, акылдуу кыз. Ошондуктан да мен ага ишенип коп сырларымды болушомун. Зейнепти мен да уйумо ээрчитип барып, ата-энемдер менен тааныштырып, алар да Зейнепти жакшы билишчу. Менден торт жашка улуу уйлоно элек агам бар. Апам кээде озунчо Зейнепти, жонокой жакшы жердин кызы экен. Озум эле келин кылып алсамбы, кызмат бере турган эстуу кыздай корунот деп калчу. Мен апамдын ал созун Зейнепке айтып коюп, ошондон бери Зейнеп уялып биздин уйго барбай журот. Ал эми агам болсо жумушунан бошоп калып, Москваны коруп жок дегенде бир жыл иштеп кайра келем деп кетип калган. Ал келсе эле экоону тааныштырабыз деп апам озунчо камданып отурат. Зейнеп жонундо агама телефондон да айтыптыр.
Кышкы сессияны тапшырып буткондон кийин эс алып каникулда уйдо журуп калдым. Бир куну эрте менен уйкудан шашпай турсам, уйдо ага-женелерим келишип ары-бери кызмат кылып журуп калышыптыр. Оюмда эч нерсе жок алар менен учурашып женелерим менен тамашалашып отуруп чай ичип буткон сон, кийинип алып шаарга жоноп калдым. Апам мени коруп эрте кайтышымды кайра-кайра дайындады. Мен Азамат менен жолугушууга баратканым учун, эптеп уйдон чыгып кетуунун камын коруп жатып бир да, бир туугандарымдын эмнеге бугун биздикине чогулуп жатканына кызыкпаптырмын. Ошентип эси дартымдын баары Азаматта болуп жатып, уйдон чыгып кеттим.
Шаарга келип эле мен чач тарачка кирип, чачымды бир аз кыскартып иретке келтирдим. Азамат бугун саат учто жумушунан бошойт. Ошого чейин озумдун жумуштарымды буткоруп тырнактарымды боётуп журдум. Бугун атайын эле машинамды минбестен таштап чыккамын. Убакыт болуп белгилешкен жерге бир аз кечигип келдим. Азамат мени машинасында кутуп отурган экен. Мен келип отураарым менен ал машинаны от алдырып биз шаардын четине чыгып кеттик.
Азамат бул жолу мени дачасына алып келди. Биз келгенге чейин уйдун кароолчусуна дайындаса керек. Келсек уйдун ичи аябай эле жылуу экен. Анан да ал уй аябай эле таза материалдар менен ремонттолуп, кооз жасалгаланыптыр. Бардык буюмдар оз оз ордуна иреттуу коюлуптур. Азамат мени уйдун ичин жасалгалоо учун атайын дизайнер жалдаганын айтып берип устунку кабатка да алып чыгып уйдун ичи менен бир катар тааныштырып чыкты. Чынын айтсам мага ал жасалгалардын баары аябай жакты. Мен аларга суктана бир катар коз жугуртуп жатып, Азаматтын менден козун албай тиктеп турганын байкап калдым да ага жылмайып карадым. Ал келип мени белимден имере озуно тартып козумо кадалды. Чачтарыман сылай жузумон суйуп отуп, ал колуман жетелеп
- Журу тамактаналы деди.
Экообузго деп алып келген тамак ашын Азамат столдун устуно жайнатып биз кызуу создорго кирип кеттик. Жай музыканын ыргагында ичимдиктерден франциянын кызыл виносун ууртап отурдук. Билбейм мен ал сааттарда Азамат менен чогуу болгонума аябай эле бактылуу элем. Биз экообуз коздорубуз менеп канча тиктешсек аздык кылаар. Мен бул жашоомдо Азаматчалык эч кимди суйгон эмесмин. Мен Азаматты гана суйом! Ал мени кучагына алганда мен оз эрким менен Азаматтын эркине баш ийип бердим. Ошентип ал куну мен кыздык белгимден ажырадым. Азамат мени опкулоп ыраазычылыгын билдирип, менден кайра-кайра кечирим сурап
- Самира мен сага ыраазымын жаным. Мени кечирип кой. Мен сени бактылуу кылганга бар аракетимди жумшаймын. Мен сага ишенемин. Сен мага созсуз уул тороп бересин деп айтып жатты. Мен чынын айтсам ал минуталарда эч нерсени ойлонгум келген жок. Суйгонумдун кучагында анын жылуу создорун угуп, озумду ак булуттардын устундо жургондой ушунчалык бактылуу сезип турдум. Ооба, мен ото бактылуу элем. Ичимден мен, кандай кунго кабылбайын эч качан бул бактылуу кунум учун окунбоймун, деп ойлоп жаттым. Ооба! Эч качан! Себеби мен бир жаралчу жашоомдо, оз суйгонумо аруулугумду озумдун каалом менен арнадым.
Азамат менин коздорумо кадала
- Самира мен сени биринчи жолу коргондон кийин, сени копко чейин унуталбай журдум. Билбейм мен ошондо эле сени мага уул тороп берет озумо озум ишенип, сени журогумо бекем сактап алгамын! деди.
Биз экообуз чогуу ал кунду кайрадан бир катар эстеп алып кулдук.
Бизге убакыттын кандай бат откону да билинбеди. Саат онго жакын биз дачадан чыгып уйго карай жонодук. Жолдо келатып очуруп салган телефонумду жандарсам мага аябай эле коп чалуулар болуптур. Апам жон эле телефонумду тешип жиберейин дептир. Андан тышкары агам, женем тай эжем да кайра-кайра чалышыптыр.
Уйго жакын жерден мен Азамат менен коштошуп, машинадан тушуп калдым. Уйго чейин бир аз жоо басып келатып ичимден апамдын алдына кантип кирип бараарымды ойлоп алып кадимкидей корктум. Апама онумдон эч нерсени байкатпасам экен деп ойлоп жаттым. Себеби ал менден шекшинип акыркы кундору мени андып эле туруп албадыбы. Мен уйго жакындаганда биздин уйдун тушунда жат эки машина токтоп турганын коруп уйдо конок бар экенин тушундум. Дарбазаны акырын ачып уйго кирип келатканымды коруп калган женем
- А-иий кыз! Кайда журосуз? Барсызбы?деди.
Мен унчукпай эле эшиктин алдында ойноп жургон балдарды, ары бери басып жургон туугандарымды коруп
- Эмне болуп жатат? Эмне уйго коноктор келдиби? деп сурадым.
Ангыча ар жактан мени коргон тай эжем мага басып келип экообуз беттерибизден обушо учураштык да
- Кандайсын Самира? Эмне элдин баарын куттуруп коюп озун жоксун? Жакшы бизди кудаларга уят кылбай, дагы ушунчалык жетишип келип калдын! деди
- Кудалар? Кандай кудалар?
Мен тушунбой тан кала тай эжеме карадым.
Тай эжем кулуп эле мени желкемден бир колу менен кучактай уйго карап басып баратып
- Жур уйго кирели, анан суйлошобуз деп экообуз жетелешип уйго кирдик.
Мен уйдун астанасынан киргенде эле чон конок болмодон каткырышып кулушуп отурушкан меймандардын уну угулду. Женелерим ары бери чай ташып кызмат кылып журушот. Кой союшкан окшойт. Ашкананын оозунан чара толо чыгарылган бышкан этти кордум. Бир убакта конок болмодон апам кулуп чыгып эле
- Айланайын Самира кызым! Келдинби садага болоюн! деп мени эки бетимен ооп женелериме карады.
- Кана кызды тиги болмого киргизип даярдагыла деди.
Менин ошондогу абалым ото кызыктай болуп турду. Озумду кандай кармаарымды билбей коздорумду чоон ачып нес боло
- Апа эмне болду? деген созду айтканга аран жарадым.
- Уйго кир, анан суйлошобуз.
Мени болмого женелерим алып киришип Равшандын ата-энеси куда тушуп мага сойко салганы келишкенин айтышты.
-Эм-не? Кандайча? мен аларды жалдырап эле тушунбой дендароо болуп туруп калдым. Ангыча эле артыбыздан апам менен тай эжеме кошулуп эки жат аял кирип келишти
- Самира кызым. Равшан экоон бири-биринди коруп жактырышкан сон, биз атан экообуз кудаларга макулдугубузду берип койдук. Азыр сойкону салышса, тойду кузго.....
Менин кулагыма апамдын башка создору бир да угулган жок. Менин коз алдыма Азаматтын элеси тартылып, азыр эле анын койнунда махабатка малынып суйуу отунда жалындап жатканым элестеп журогум ачышып сайышып жатты. Айланамдагы аялдар биринен сала бири суйлоп оздорунчо кубанычтуу кулуп жатышты. Бир убакта ал аялдар менин кулагыма сойкону тагышып, башыма ак жоолук салып эки бетимен ооп коюшту. Мен унчукпастан эле телмирип тура бердим. Эки козумдон ыссык жаш бетимен ылдый кантип куюлуп агып кеткенин озум да сезбей калдым.

#12 16 Декабрь 2016 - 16:00
Учунчу болум.
Равшан чынында эле жакшы бала. Ал экообуз биринчи жолу жолукканда эле тамашалашып суйлошуп бат эле тил табышып кеткен элек. Узун бойлуу арык чырай билимдуу бала. Жогорку окуу жайды Бишкектен турк университеттен аяктап, азыркы иштеген жумушу да жакшы. Анан да созго созду куюлуштура суйлогон созмор жигит. Мага сойко салышкан кундун эртеси эле уктап жатсам Равшан телефон чалыптыр. Чынын айтсам алалбадым. Анын артынан эле Азамат чалды. Ага да албадым. Башым катып, мындан ары кандай айла кылаарымды билбей ошол куну тошоктон турбай тушко чейин жаттым. Козумду жумсам эле Азамат менен болгон кечээки кунум корунуп, андан ажырагым келбей турду. Акыры болмомо апам кирип келип мени болбой жатып тургузду. Турсам денем оорлошуп, башым ооругансып калыптыр. Бети колумду жууп келип чайга отураарда столдун устундогу корзинага толтура салынган кооп кызыл розаларга козум тушту. Аны тиктеп калсам апам мага жаркылдай кулуп
- Бул гулдорду сага Равшан жонотуптур. Мындан эки саттай мурун анын эки досу машина менен келип таштап кетишти, деди. Мен унчукпай эле алдыма койгон ыссык шорподон ууртап иче баштадым. Апам мени коздору жайнай эркелете тиктеп
- Жаным кызым десе, сенин бул уйдон кетишинди ойлосом, азырттан эле ичим ачышып жатат, деп чайдан куюп мага пияланы сунду. Мен сунулган чайды алып жатып, апамды бир тиктеп алдым. Менин тиктегениме апам элжиреп чачыман сылай
- Кудай буйруса жакшы уй-булого барганы жатасын кызым. Сойко салышып, эми бир азда болсо сенден конулум тынч болуп калды. Тайженем да жакшы аял деп, апам мага озунун туугандарын мактап соз кылып отурду. Менин ичимде ит олуп жатканы менен иши жок, апам мага берилчу септердин эмнеси даяр, эмнеси жок аларды айтып, кудай буйруса жалгыз кызыма элде жок сеп берем дегендей кылып жатты. Апамдын создорунон журогум кысылып чыкты.
- Апа, кузго чейин али коп убакыт бар го? Эмне анчалык эрте кудалаштынар? дедим кабагымды чытый.
- Сен эмнени билет элен кызым. Кыз бала бой жетсе да энеге чон туйшук экен! Кызынды бир жерге тынчытып алмайын эне байкушта тынчтык болбойт турбайбы. Ар нерсени бир ойлоп кыжаалат боло берет экенсин. Козумдун карегиндей болгон жалгыз кызымсын. Жалгыз кызын да эптеп жакшы карай албаптыр деген созго калбасам экен деп, сен кочодо кеч калган кундору мен сарсанаага тушуп, башыма эмне деген гана ойлор келип кеткенин сен кайдан тушунмок элен! деди апам.
Менин тамагымдан ошол жерден эле тык, эч нерсе отпой калды. Башымды ылдый салып пияладыгы чайдан ууртамыш болдум. Ошол учурда телефонум шынгырап аны колума алып карадым да
- Равшан экен дедим, Апамдын козунчо эле ал менен суйлошо ордуман туруп оз болмомо жонодум.
Равшандын конулу аябай эле которунку экен. Ал мага деген ыраазычылыгын билдирип, эртен жумушунан бир айга турцияга учуп кетип жатканын айтты.
- Бугунку кунду жолугушуп белгилесек жакшы болоор эле. Бирок шарт ушундай болуп калды Самира. Эми келгенден кийин деп Равшан мага коп жылуу создорду айтып анан коштошту.
Жаз быйыл эрте келгидей. Бак дарактар бучур байлап алды когоруп, шаардын кочолору купкургак болуп, кундун ыссыгынан адамдар женил кийимге отуп калышкан. Бугун биз Азамат экообуз жолукмакчы болгонбуз. Мен сабактан чыгаарым менен эле машинама отурдум да зымылдаган бойдон Азаматтын дачасына жонодум. Келип короодогу отургучта таза абадан кере дем алып бактарды тиктеп отурдум. Чынын айтсам акыркы кундору ойлоно берип да чарчап кеттим. Устокко босток болуп, тагдырым озунон озу мынчалык чатышып кетпесе. Равшанга деп мага сойко салынбаганда да мынчалык кыйналбайт белем. Кандай болуп кеткенин озум да билбей калдым. Апам го? Эмне анчалык шашты дейм да. Кузго чейин дагы кандай кундор кутуп турат бизди? Мен муну ойлогондо кадимкидей журогум ооруп, алдымда мени кыйын оор кундор кутуп турганын сезип турдум.
- Эх Апа! деп алдым ичимен оор ушкуруно. Атам оор басырыктуу жонокой жакшы адам. Убагында шафёр болуп иштеп, талаа тузго коп кетип журуп башынан эле уйдогу иштердин баарын апам озу чечип уйронуп калса керек. Билинбей журуп Атам озу да ага конуп калгандай. Атамдан бир нерсени сурасан эле болду
- Апандан сура. Апан эмне дээр экен, деп турат. Ансыз озунчо эч нерсени чечпей калган. Бирок кээде озуно бир нерсе жакпай калса озунукун эч бербейт. Ачуусу бир келсе ото жаман, колуна кирген буюм менен апамды атып уруп согунуп кагынып барып анан токтойт. Андай да апам да ага эч нерсе дей албайт. Унчкпай убакыттын отушу менен акырын эле атамды ийге келтирип алат. Бирок Атамдын андай учурлары кемде кем болот. Мурда кичинекейибизде коп эле болуп калчу, кийин агаларым уйлонуп келин алышкандан кийин ал нерселер тыйылып калды. Анын устуно карыган сайын атам да апамдын созунон чыкпай анын айтуусу менен болуп калган. Кечээки мага келген кудаларды да апам тездеттип жибергени айтпаса да тушунуктуу болуп турбайбы. Мен дагы бир жыл окуюн, кузго чейин туруп туралы деп каршы болгонума карабай апам атама кылган ыкмасын мага да колдонуп, менден сурабай туруп эле ишти озу бутуруп салбадыбы! Ооба, негизи эле Апам мындай иштерге аябай эле уста аял. Балдарын, келиндерин деле жылуу жумшак созу менен оной эле озунун айткандарын жасатып ийге келтирип алат. Апамдын бул касиетине илгертен эле копчулук туугандарыбыз баа берип келишкен.
Мен ушуларды ойлонуп катуу ойго чогуп кеткен экем. Дарбазанын эшиги ачылып Азамат кирип келатканда гана озумо келдим. Аны коруп ордуман тура ага карап чуркап боюмду анын кучагына таштадым. Аны коргондо бошошуп эрээркеп кеттим окшойт. Буулугуп жургон жаным экообуз кучакташып турганда менин коздорумдон жашым куюлуп агып кетти. Азамат менин чачтарыман жыттай мени бир колу менен ээгимден алып озуно каратып
- Самира сага эмне болду? деди
- Билбейм.
Мен башка соз айталбадым. Козумдун жашы болбой эле шорголоп куюлуп агып жатты. Азамат колу менен бетимдеги жашымды аарчып жатып
- Самира суранам сенден. Ыйлаба. Баары жакшы болот. Уктунбу? Баары жакшы болот! деди.
Ал мени колтугуна кучактай экообуз уйго кирдик. Мен ушунчалык ага коно тушкон экенмин. Бир жагы ыйлап алганыма, бир жагы Азаматты коргонго бир аз да болсо женилдеп, конулум которулуп анын мойнуна колдорумду артып ага эркелей коздоруно тигилип турдум.
- Менин карагат козум!
Ал мени ушинтип эркелетет. Себеби экообуз биринчи жолу жолдон жолукканыбызда эле, сенин карагат коздорундун тиктеши менин журогумо кол салган деп айтып калат. Азамат отуз алты жашта. Ал менден туура он алты жашка улуу экен. Бирок ал озунун жашынан кыйла жаш корунот. Озу да шынга бойлуу сымбаттуу жигит.
Билбейм. Мен ансыз жашай албай тургандай, Азаматсыз кийинки кундорумду бир да элестете албай калдым. Суйуунун мынчалык кучтуу болоорун билген эмес экенмин. Корсо чыныгы суйуудо башын айланып эмнени туура кылып жатасын, эмнени туура эмес кылдын ал тууралуу бир да ойлонбой калат турбайсынбы. Суйуу акмакты акылдуу, акылдууну акмак кылат деп кайсыл бир акылман айткандай, чындап эле мен да оз тагдырымды озум татаалдаштырып ушул кундору суйуунун туткуну болуп калдым окшойт. Ошентип мен Азамат менен жолугушуп журо бердим. Бирок ага бир да мени кудаалап сойко салынып калганы жонундо ооз ачпадым. Эгер эле ал тууралуу айтсам, Азамат мени
- Кой, Самира мен сени кармабайын деп, коюп жибере тургансып ага эч нерсе айткым келбеди.
Убакыт ото берди. Бир ай эмес, эки айдан отуп, жумуштары менен кармалып журуп Равшан да турциядан келип калды. Ал келип эле мага телефон чалып, эртеси кунго жолугушууга кафеге чакырды. Барбай кайда бармак элем. Моюндан судурогон иттей болуп айласыз озумду озум мажбурлап жатып бардым. Ал мени жакшы бир, шаан шокоту жок тынч кафеге чакырыптыр. Мени ал аябай жакшы маанай менен тосуп алды. Жузундо кубаныч. Колунда кызыл гул дегендей. Бирок мен анын жузуно коп карай албай озумчо ынгайсыз абалда отурдум. Озумду анын алдында эки жуздуу адамдай сезип, бул жерден тезирээк эле кетким келип турду. Мени байкаган Равшан
- Самира эмне, уялып жатасынбы? Уялбай озунду эркин сезип отур, десе аргасыздан ичимден кулкум да келип кетти.
- Жок Равшан эмнеге уялмак элем. Бир аз ооруп маанайым чогуп турат. Эртерээк кетсем жакшы болот эле дедим.
Ал мени бир аз тушунбогондой тиктеп
- Сага эмне болду Самира. Эмне бир иш болдубу? Же бироо сени капа кылдыбы? Маанайын жок экенин жана киргенинде эле байкагамын деди.
Равшан экообуз жолукканда дайыма тамашалашып бири-бирибизге соз бербей каткырыкташып калаар элек. Бугунку менин суз отурушум чындап эле аны ойго салып койду окшойт.
- Билбейм. Жон эле. Чарчагандыкы болсо керек, деп мен ага жакшылыктуу деле жооп айталбадым.
- Самира, мен эми сенин эмне болуп жатканынды билип турушум керек. Башкача айтканда сага азыртадан камкордук коро башташым керек деп Равшан кулгон болду. Мен унчукпадым.
- Менин жардамым керек болуп журбосун. Эгерде кандайдыр бир маселе болсо айт. Мен сага жардамдашайын!
Равшандын бул созун укканда мага кадимкидей жан кире тушконсуду. Мен анын жузуно тигиле
- Ооба Равшан. Мага сенин жардамын созсуз керек. Бирок азыр эмес. Анан озум айтам сага, дедим.
Ал мени карап кулуп эле
- Макул, сен айткандай болсун Самира. Бирок мындан бул жагына сен менден эч нерсе жашырба. Себеби биз эми......, деп Равшан динде аял менен эркектин орду кандай болуш керектигин айтып калды. Равшан ичпеген чекпеген бала. Намаз окуганы менен озун андай деле кылып корсотпойт. Кадимки эле катардагы кыргыз жигити. Костюм менен галстугу мойнунан тушпойт. Бирок бугун турциядан алса керек, жасанып ала чакмак пиджак кийип келиптир. Анысы озуно аябай эле жакшы жарашыптыр.
Равшан суйлоп жатты. Мен аны угуп отуруп мага бир суроо келди.
- Равшан мен сенден бир нерсе сурасам болобу? деп сурадым
- Албетте болот. Сура, сурай бер.
- Равшан, азыр балдардын копчулугу эле оронгон кыздарга уйлонуп жатышпайбы? Сен эмнеге антпедин?
Ал менин суроомо каткырып кулуп алды да бир азга ойлоно мени тиктеп
- Чачындын жасалгасы жакшы экен. Анан да тырнактарын жакшы боёлуптур деди мага тийишип кулуп.
Мен келгенден бери эми кулдум окшойт. Алдымдагы суусундуктан ууртап алдым да
- Чын айтам Равшан. Эмнеге антпедин? Сен деле намаз окуйт эмессинби дедим.
- Биринчиден, чынын айтсам мен сени бир коргондо эле жактырып калдым. Экинчиден деп ал оор дем алып алды да
- Экинчиден сен туура айтасын. Менин досторумдун да копчулугу даяр оронгон кыздарга уйлонду. А мен атайын сендей кыздарды карап жургом. Себеби уйлонгондон кийин аялыма акырындап этек жени узун койнокторду кийгизип, бир адамды болсо да ыйман жолуна салып сооп алайын дегенмин деди.
- О-оо! Мен кашымды которо ага карап кулдум.
- Ушундай Самира. Сен мени тушундун окшойт деди ал да кулуп.
Мен бир аз да болсо Равшан менен ачык суйлошконумо женилдеп калдым окшойт. Эми мен жашылап ойлонуп Равшанга турмушка чыга албашымды кантип болсо да тушундуруп айтышым керек экендигин ичимден ойлоп калдым. Уйго кайтаарда Равшан мага деп атайын турциядан алып келген алтын саатты колума такты.
О кудай ай! деп алдым ичимден. Ушундай да болобу. Кийинки жолугушууда Равшан менен суйлошпосом болбойт. Жок жерден эки жуздуу болуп бутмой болдум го!
Ал мени уйго чейин машинасы менен жеткирип келип коштошоордо
- Самира, мен сага жардам бергенге качан да болсо даярмын. Сен жанагы айтканынды мага созсуз айткын деп калды.
- Айтам Равшан. Бирок сен мага соз бер. Созсуз жардам беремин деп.
Ал мени коздорун чон ачып эле тан калыштуудай тиктеп
- Макул. Соз берейин! Бирок коп узактырба. Сен мени ойго салып койдун, деди ойлоно.
Менин журогум бир аз да болсо ордуна келе тушконсуду. Ошентип экообуз коштошуп мен уйумо кирип кеттим.
Равшан турциядан жаны келгенге эки жумадай жумуштары кобойуп мага жолукканга коп чолосу тийбей журду. Бирок кийинки кундору мени жолугушууга чакырып тынбай телефон чалып мени жудотуп жиберди. Ал менен кантип эмне деп суйлошоорумду билбей мен озумду алып качып журо бердим. Кундор ото берди. Ошондой кундордун биринде Зейнеп экообуз чогуу туштонуп калдык. Курсагым ачка болгондуктан апсыгып самсадан жеп жаткам. Анан эле ошол замат конулум айланып кускум келип сыртка чуркап чыгып кеттим. Кечээ кечинде да уйдо кечки тамактан кийин ушундай болгом. Кыраакы апам мени шекшине карап калганда сыр алдырбаганга аракет кылып ашказаныма суук тийип калыптыр деп шылтоологом. Кусуп отурсам артымдан Зейнеп чыгыптыр. Мен ага боюмда бар экенин айтканда ал коздорун чоон ачып эле оозуна соз келбей туруп калды. Ошол куну мен Равшанга жолугуп суйлошууну чечтим. Сабактан чыгып Зейнепти болбой жатып озум менен чогуу жолугушууга алып бардым. Келсек Равшан тынчсыздана мени кутуп отурган экен. Учообуз бир аз, андан мындан суйлошуп отурган сон
- Равшан мен сага жардам сурап келдим деп созумду баштадым.
- Кулагым сенде. Айта бер.
Мен бир аз онтолоп
- Равшан мени кечирип кой. Мен сага турмушка чыгалбайм дедим.
Ал мени унчукпай эле тиктеп тура берди.
- Билем, Сен аябай жакшы жигитсин Равшан. Бирок мен сага ылайыксызмын. Ошондуктан сен менден баш тартышын керек! дедим.
Ал буга чейин да бир нерсени сезгенсип журсо керек. Ошентсе да анын ону озгорулуп, озун жаман сезип кетти окшойт. Ал ордунан туруп
- Мен азыр, деп сыртка чыгып кетти.
Мен ыйлап жаттым.
- Эх, Самира, Самира деп алды жанымда отурган Зейнеп . Равшан деле убагы келип баралына келгенде Азаматтан ашса аша турган жигит болмок экен. Кийин окуносун го досум деди ушкуруно.
Ошол бойдон Равшан биздин алдыбызга кирбеди. Ошондон эки кундон кийин гана ал мага телефон чалып
-Мен сага жардам берем деп соз берген элем. Кантсе да эркек адам эмесминби. Экообуз жолугуп суйлошолу. Балким эмне болгонун айтаарсын, деди.
- Мени туура тушунгонуно рахмат Равшан. Бирок мен сага жолугалбайм. Сага Зейнеп жолугуп баарын тушундуруп берет, дедим.
Ошентип Зейнептин колуна алар таккан алтын сойко менен саатты карматып
- Зейнеп, буларды Равшанга берип кой. Анан алар Апамдын туугандары болот эмеспи. Ошондуктан сен Равшанга жакшылап дайында . Эптеп кантип болсо да туугандарды, эки тарапты ызылдатпай бул ишти бутурсун. Аларды бирин-бири туура тушунгонго аракет кылсын. Ошол мага Равшандын чон жардамы болот дедим.
Ал куну Зейнепти Равшанга жонотуп, Апама телефон чалып Равшан менен журом деп айттым да, озум Азамат менен жолугууга кеттим. Мен шашылып белгилешкен жерге келип жолдун четинде турган машинанын эшигин ачып ичине отураарым менен Азамат машинаны жургузуп биз ал жерден жылып кеттик. Ал мени бул жолу менин окуу жайымдан алыс эмес жердеги жаны тушкон коп кабаттуу уйго алып келди.
- Самира бугун сага жакшы белегим бар деп Азамат мени колуман жетелеп алып бир болмолуу квартирага алып кирди. Жаны эле ремонттолуп бутуптур. Эки адамдык уктоочу диван телевизор коюлуптур. Ашканасы да кенен экен. Эмеректери да мага аябай жакты.
-Бул квартираны атайын сен учун алдым жаным. Ремонтун да озум жасаттырдым. Кандай экен сага жактыбы? деди Азамат мени кучактап.
Мен адатымча анын мойнуна эркелей колумду артып
- Албетте баары жакты дедим анын козуно тигиле. Ал мени кумарлуу коздору менен тиктей опкулоп баштаганда
- Азамат коё тур! Бугун менин жакшы жанылыгым бар дедим ага.
Ал мени тиктеп калды.
- Менин чындап эле боюмда бар экен!
Азамат мени эки колуна которо айландырып диванга жаткырды. Ал куну биз аябай бактылуу элек. Курсактагы бала уул болооруна ишенген Азамат койнуна кубанычы батпай турду.
Эртеси Зейнеп мага Равшан менен кантип жолукканын айтып берип отурду. Ал аябай эле каттуу ойлонуп отуруп калганын айтып
- Равшан жакшы жигит экен Самира. Мен ага ишенем. Ал эптеп, кантип болсо да бир айласын созсуз табат ко! деди.
Зейнеп мени баштан аяк бир тиктеп алды да
- Самира эми сен ичиндеги баланы ойлон. Сага ашыкча ойлонуп, кыжаалат болгонго болбойт, деп калды
Мен ал куну Зейнепти алып келип квартирамды коргоздум. Ага да жакты.
- Самира эми мындан бул жагына кандай кыласын? Азамат экоон качанга чейин ушинтип жашырынып журмок эленер. Ал сага качан уйлонот экен? деп ал менден сураганда мен унчукпай эле ийнимди куушуруп отуруп калдым. Чынын айтсам мен Равшанды кантуунун айласын таппай ойлонуп журо берген экенмин.
Зейнеп мени менен коштошуп уйдон чыгып кеткенден кийин Азамат келди. Ал экообуз суйлошуп отуруп мен андан качан аялы менен ажырашаарын сурадым. Ооба, мен биринчи жолу ошентип сурадым. Азамат мени карап эле
- Самира, мен сага аялым менен ажырашам деп айткан эмесмин. Эсинде болсун, мен ал менен эч качан ажырашпайм! , деди.
Бул соз мени, башыма балта менен бир чапкандай эле болду. Коздорумду чоон ачып эле аны тушунбой тиктеп туруп калдым. Козумдун жашы куюлуп агып кетти. Ал менин ыйлап жатканымды коруп колумдан алып кучактайын дегенде, мен анын колдорун силкип салдым.
- Жолобо мага!
Азамат экообуздун алгачкы урушубуз ушинтип башталды.
Ал оор дем алып алды да
- Самира сен мени жакшылап угуп тур. Мен сени кандай кундо болбосун созсуз аялдыкка аламын. Сен менин уулумду которуп журосун. Бирок мага бир аз убакыт бер. Мен баарын оз оз ордуна коёмун. Ата-энендин алдына да туугандарымды жонотомун. Сен бир аз сабыр кылып тур! деди
- Сен ажырашпайм деп жатпайсынбы? !
- Мен экоон менен тен жашайм Самира! Мен сага соз бербедим беле, сени бактылуу кылганга бар аракетимди жумшайм деп! Бирок мен эч качан аялым менен ажырашпайм! Ббашка бул созду мага экинчи кайталап айтпа!
- Акмак! Жузу жок!
Мен ордуман туруп жоноп калдым. Менин ошондогу абалым ото жаман эле. Мен эмнени суйлоп, эмнени ойлонуп жатканымды озум да тушунгон жокмун. Эмне кылып жатканымды да билбедим. Кучумду козумдун жашына чыгардым. Эшиктин оозуна жетээримде Азамат келип мени кучактап калды. Мен ал менен алышып жаттым. Азамат болбой эле мени кучагына бекем кысып, сооротуп ичкериге карай умтулуп жатты.
Ал куну биз Азамат экообуз тен чогуу ал квартирада туноп калдык. Зейнепке чалып абалымды тушундуруп
-Зейнеп сен да апама чалып айтып койчу, бугун мени уйумо алып кеттим деп. Мен ага Зейнептикине кетим деп койдум эле, дедим.
Азамат туну менен менин конулумду алганга аракет кылып, мени бир аз да болсо тынчытып озунун айтканына кондургондой болду окшойт. Конбой кайда да бармак элем. Озумо озум кылдым. Азаматтын уй-болусу бар экенин билип туруп, аны суйгонумдон баарына кайыл болбодум беле! Эртеси куну сабакка да барбадым. Соолуп диванда ойлонуп жата бердим. Азамат да жумушуна шашпай туруп анан кеткен. Ал кетээринде мени кучактап мандайыман ооп
- Самира дем алышта тоого досумдукуна барып эс алып келели. Бир кун ал жакта туноп анан кайтабыз. Сен эптеп бир айла таап уйундон чык. Бир аз да болсо алаксып, женилдеп каласын. Ансыз да ойлоно берип жудоп кеттин окшойт жаным, деди мени жалооруй тиктеп.
Ал антсе мен да ичимден Азаматты аяп кеттим. Жаным десе. Кантсе да мени аяп, мен учун камкордук коруп жатканын. Мен сенден ажырабайм Азамат. Мен сени суйом. Сен кандай кундо болбо, дайыма мен сенин жанында боломун деп ойлоп жаттым.
Алдаса болот жаш башты, кантсе болот как башты демекчи мен кээде чындап эле Азаматтын алдында озумду жаштык кылдымбы деп да ойлоочу болдум. Же аны чындап катуу суйгонумдонбу, же бул жерде озумдун да айыбым бар экенин сезгенденби, айтор мен кийинки кундору Азаматтын айткандарына баш ийип калгандаймын. Анын устуно ал мени бардык жактан камсыз кылып бир болмолуу уй, мойнума колума алтын тагып, кош бойлуу болгонумдан бери козумо карап калды. Чынын айтсам Азаматтын алдында озумду чыныгы аял сезип, ага наздана коп эркелейм. Бугун да мынтип Озгондун ар жагындагы тоолуу айылга келип досунун уйунда кымыз ичип эс алып журобуз. Май айынын этеги болгон учун айлана ушунчалык кооз болуп таза абадан кере дем алып эч нерсени ойлонбой Азамат экообуз жыргап эле калдык. Экообуз эки атты минип кыйла жерди кыдырдык. Айылдан анча алыс эмес жерге боз уй тигип Азаматтын досу бизге кой союп аябай эле жакшы коноктоду. Ал куну биз, таза абада боз уйдо экообуз гана тунодук. Мен ал тун учун аябай ыраазы элем. Мен жана Азамат! Мен адатымча ага эркелей
- Азамат, шаарга кетпей эле ушул жерде сен экообуз омур бою калып кетсек кандай жыргал эле дейм.
- Жок болбойт!
- Эмнеге?
- Кышта тонуп калабыз.
Экообуз тен кулуп жибердик.
- Тонубайбыз Азамат. Себеби менин журогумдогу сага деген суйуум ото ысык. Мен ошол суйуум менен сени ысытып турам. А сен мени ысытасын!
Биз ал туну жылдыздуу асмандын астында копко кобурашып жатып анан уктадык. Эртеси куну тушко жакын бизге машинада эки киши келишти. Алар тушуп эле Азамат менен кучакташып жылуу учурашышты. Ал абал сурашып бир аз турушкан сон Азамат мени алар менен тааныштырды. Алардын бироосу Азаматтын бир тууган агасы болот экен. Атын Максат деп тааныштырды. Кутуусуз мындай таанышууга мен аябай уялып кеттим. Алар оздорунчо кобурашып кымыз ичип суйлошуп отурушуп анан кетишти. Биз туш ченден отуп шаарга жонодук. Жолдо баратып Азамат мага озунун Ата-энеси жонундо айтып берди. Ал буга чейин да бир жолу айткан болчу. Анын атасынын эки аялы болгон экен. Кызыгы эки аялы баары бир коргондо урушпай талашпай эле чогуу ынтымактуу жашашкан имиш. Мен ага бир да ишенбедим. Азамат атайын мага тамашалап тийишип жатат деп ойлодум. Мен анын озуно да айттым
- Азамат чынын айтсам мен сенин аялынды кормок тургай уккум да келбейт. Сени андан ушунчалык кызганамын. Ошондуктан жакшысы ал жонундо мага экинчи ооз ачпай эле кой дедим.
Ал унчукпай эле ойлуу машинасын айдап кете берди.
Биз шаарга кечки саат тогуздарга кирип келип, Азамат мени уйго жакын жерден таштап койду. Мен уйго кирсем апамдын ону кубарып маанайы суз ойлуу отуруптур. Аны коруп журогум бир нерсени сезип коркуп турдум.
- Апа, сизге эмне болду? Ооруп жаткан жоксузбу? дедим арандан зорго.
Апам мени коруп шолоктоп ыйлап жиберди. Корсо бугун Равшандын ата-энеси келип кечирим сурап кетишиптир. Равшан мындан эки кун мурун бир кызды ала качып уйлонуптур. Алар апама
- Равшан кызынарга да озу жолугуп, ал экоо жакшына эле суйлошуп, бирин-бири туура тушунушуптур. Ал туугандарды да таарынышпай, бизди туура тушунуп ортодо капачылык болбосо экен деп суранып жатат. Бизге капа болбогула. Мурдагыдай эле тууган бойдон журолу деген сыяктуу создорду айтып кетишиптир.
Мен бул создорду апамдан угуп алып ичимден Равшанга аябай ыраазы болуп турдум. Кантсе да жигиттик кылыптыр. Анын жаман эркектерге окшоп созду кобойтпогонуно суйундум. Рахмат сага Равшан. Алганын менен бактылуу бол! деп ичимден ойлоп жаттым. Бирок апам бул жерде менин да тийешем бар экендигин айтып, менден да шекшине баштады.
- Сен бул жерде соо эмессин. Сен дагы бир нерсени ойлоп таптын. Эмнеге Равшан экоондун суйлошконунорду мага айткан жоксун? деп апам мени такалай баштады.
- Мен сиздин ушинтээринизди билгем Апа. Баягы эле менден корот дегем сизди. Ошондуктан оздорудон уксун деп унчукпагам! дедим.
Апам ойлонуп эле отуруп калды. Мен озум да ал создорду кантип айтып жибергенимди билбей калдым. Чарчап келгенимди шылтоолоп мен болмомо кирип жатып алдым.
Эртеси куну окуу жайга барып эле Зейнепти куттум. Ал эмнегедир бугун келбеди. Телефонуна чалсам албады. Кайра чалсам очуруп коюптур. Тушунбой эле отуруп калдым. Аудиториядан чыгып кыздар чогулуп суйлошуп турсак Канышай бизге
- Кыздар жанылык бар уктунарбы? деп калды. Баарыбыз аны карап калдык.
- Зейнеп турмушка чыгыптыр!
- Койчу! Качан чыгыптыр? Кимге чыгыптыр?
Биз ага суроолорду жаадырып салдык.
Канышай мени сырдуу карап калды. Мен аны коруп кызыктай болуп кеттим.
- Самира, Зейнепти сенин жигитин Равшан ала качып алыптыр, деди ал
- Эмне? Равшан!
Мен тан кала Канышайды тиктеп туруп калдым.
- Ооба, Равшан. Мага бугун эрте менен Зейнеп озу чалып айтты.
Мен бир топко чейин унчукпай туруп калдым. Бул жанылык мага аябай эле тан калыштуу болду.
- Мейли жакшы болуптур. Бактылуу болушсун! дедим мен жай гана ойлонуп.
Бирок кыздар ызылдашып ар кимиси ар нерсени суйлоп жатышты. Мен аларга конул деле болгонум жок.
Ошондон эки кун отуп мен сабактан чыгып уйго келсем биздикине тайэжем келип калыптыр. Ал менен учурашып оюмда эч нерсе жок алар менен чогуу чай ичкенге отурдум. Мен отураарым менен тай эжем сумкасынан акырын кичинекей банкада туздалган бадыранды алып чыкты. Мен аны коруп эле жегим келип кетип
- Бадыран го, ачалычы! деп чыдабай кетип банканы колума алып ачып жей баштадым. Бир убакта карай салсам эле апам менен тай эжем экоо тен мени башкача коздору менен тиктеп отурушуптур. Мен бир апамды бир тай эжемди карап туруп калдым.
- Самира, сага эмне болду? Чынынды айт, деди апам.
- Эч нерсе, эмне болуптур?
Мен жалдырап эле уурум кармалганын сезип аларды тиктеп калдым. Апам ачуулана менин машинамдын ичинен, жаткан керебетимдин астынан банкаларды тапканын айтып, андан сырткары да туздууну жеп жургонумду байкап калганын айтты. Ал менин кийинки кундору жалганды коп суйлоп калганымды тайэжеме арызданып кирди. Ошентип ызы-чуу башталды. Мен акыры боюмда бар экенин айтканымда, апам озун кармана албай ордунан туруп келип мени башка козго койгулап кирди. Мен эки колум менен башымды калкалап отуруп калдым.

#13 16 Декабрь 2016 - 23:40
Тортунчу болум.
Менин боюмдагы бала, уй-булосу бар кишиден экенин укканда Апам турган ордунда озуну жоготуп жерге жыгылды. Аны коргондо журогум тушуп
-Апа-аа! деп катуу кантип чынырып жибергенимди озум да белбейм.Тайэжем медик болгондуктан ал озун кармап, апамды ордунан жылдырбай, кыймылдатпай жаткырып карап жатты. Атам жумуштар менен уйдон чыгып кеткен экен. Мен катуу коркконумдан агаларыма телефон чалып апамды айтып жатып ыйлап жибердим. Бир заматта эле ага женелерим бааары жетип келишип, тынчсызданышып апамды оруукана жеткиришти. Мен эмне кылаарымды билбей шолоктоп ыйлап алганмын.
Ошентип баарыбыз орууканын оозунда турдук. Кудайга шугур! Убагында туура жардам корсотулгону учун Апам озуно келип, озун жакшы эле сезип суйлоп жатканын укканымда мен кыйла женилдей туштум. Бирок мен апамдын алдына кире албай койдум. Кантип кирмек элем. Мени коруп дагы...
Бир убакта тайэжем апамдын алдынан чыгып мени колтуктай четке басты.
- Самира кудайга шугур, бактын бар экен! эжем жакшы болуп калды. Акыркы кундору катуу ойлонуп кыжаалат болуп журуп, ага бугункусу да кошулуп, натыйжасы ушул болду. Сен азырынча апандын алдына кирбей эле тур. Ага азыр тынчтык керек, деп ал бир аз ойлоно мени карап
-Самира сен да озунду кыйнап коп ойлоно бербе. Болоор иш болуптур. Сенин абалынды азырынча апан экообуздон башка эч ким билбейт. Бугун барып эс ала бер. Анан жакшылап ойлонуп бир чечимге келээрбиз, деди.
Мен кийинки кундору да апама кире албай койдум. Ошол кундору мени аябай катуу ой басып жудоп журдум. Бир караганда апам да мени Равшанга кудаалап туура эмес кылып алган. Алар менен кудалашуу бузулгандан бери, апам озу да коп ойлонуп кыжаалат болуп жургон болчу. Анысы аз келгенсип Атам да
- Сенин туугандарындын кылгандары ушул болду, бизди уят кылды деп, мен жокто апамды аябай согуптур. Эми мынтип, болгондо да аялы бар кишиден менин боюмда бар экенин укканда апам куйгонунон бир олуп, бир тирилди окшойт. Ал ооруканада жатып озуно келгенден кийин да тайэжеме
- Мени бул жакка эмнеге алып келдинер. Жон эле койбойт беленер. Ушундан коро тынчыраак олуп калганым жакшы эле. Эми элдин бетин кантип караймын деп ыйлаптыр. Мен апамдын бул создорун угуп алып аябай жаман болдум. Ошол куну тундо ойлонуп жатып, кайра озумду озум соороттум. Элдин менин жеке жашоом менен иштери канча! Бул менин жеке жашоом. Бул мага берилген тагдыр. Бул менин суйуум! Бул жолду мен озум каалагандай жашап отушум керек!. деп. Мага азырынча апам жакшы болуп келсе болду, калганын Азамат менен суйлошуп акырындык менен бутуруу керек.
Бугун эрте менен окуу жайга келсем, кыздар чогулуп Зейнепти тегеректей суйлошуп турушуптур. Аны коруп мен кадимкидей суйунуп кеттим. Ал да мени коргондо суйунгону менен бир аз эки бети кызарып кызыктай боло тушту. Зейнеп башына ак жоолукту салынып, узун койнок кийип жузу тамылжып жакшынакай келин болуптур. Экообуз тиктешип эле кулуп туруп калдык. Байкасам кыздардын баары бизди карап калышкан экен. Мен чын дилимден Зейнепти кучактап Равшан экооно бакыт кааладым. Бир аздан сон экообуз кыздардан болунуп четке чыгып отургучта суйлошуп отуруп
- Зейнеп, чынын айтсам Равшан экоон учун чон кубанычтамын дедим
- Рахмат Самира. Бирок сенин алдында бир аз да болсо ынгайсыз абалда болот экенсин. Озун да бизди укканда аябай тан калгандырсын?
- Чынын айтсам бир да куткон эмес экем. Биринчи укканда чындап эле оозум ачылып уккан кулагыма ишенбей бир орунда катып туруп калыптырмын.
Биз экообуз тен кулуп жибердик.
- Бирок кийин ойлонуп отуруп силер учун чындап кубандым. Туура эле кылгансынар Зейнеп. Чынында эле Равшан экоон бири бирине дал келген жакшы адамдарсынар.
Зейнеп мени карап коздору жайнап кулуп турду да
- Сенин ушинтээринди билгем Самира. Сага чон рахмат! деп кубанганынан мени эки бетимен ооп алды.
- Билесинби Самира, бироого бироо себепчи болот дегендей, биз Равшан экообузго сен озун себепчи болуп калдын. Сенин аманатынды Равшанга жеткирип барган куну ал экообуз копко суйлошуп отурдук. Мен анын жакшы жигит экенин андан мурда сен экообуз чогуу жолукканда эле билген болчумун. Бирок кийинки жолукканда бир да ага болгон сезимим ойгонгонун туйбаптырмын. Анын конулун жубатып, Самираны туура тушун! Ага бир айласын таап жардам бер. Тууган адамдарды таарыныштырбай бир амалын издээрсин деп сурандым. Ал унчукпай эле макул болгонсуп
- Зейнеп, эртен да жолугуп суйлошолучу. Мага азыр аябай оор болуп жатат. Менин азыркы абалымды бир гана сен тушунуп турасын. Ичиндеги бугунду бироого айтып суйлошсон да бир аз алаксып женилдейт экенсин деп калды.
Мен ойлонбой туруп макул болдум. Ошентип биз уч торт кун катарынан жолуктук. Равшан тамашакой ачык муноз бала болгондуктан биздин кийинки жолугуушулар кызыктуу болуп, чынын айтсам ага жолукканга саатты карап шышып калчу болдум. Ошентип акыркы жолукканыбызда ал мени кызыл гул менен тосуп алды. Экообуз кафеде копко отурдук. Ал жерден чыккандан кийин анын машинасына отуруп жоноп калдык. Оюмда эч нерсе жок ал мени уйумо таштап коёт деп отургам. Бирок биз жолдо узагып кеттик. Карасам шаардан чыгып калган экенбиз. Тушунбой мен ага карап
- Равшан кайда айдап баратысын? дедим
Ал кулуп эле мени карап
- Самирага жардам бергени! дейт
- Тушунбодум? дедим мен козумду алайтып.
- Сени уйумо алып баратам Зейнеп. Азыр сени алып кетпесем болбойт. Коркуп калдым, сени да жоготуп албайын деп ал каткырып кулуп эле мага карап
- Макулсунбу? деди.
Мен эмне дээримди билбей унчукпай эле отуруп калдым. Ошентип ал экообуз ээрчишип эле жетелешип анын уйуно кирип бардык, деп Зейнеп мени карап эле кулуп туруп калды.
Мен анын айткандарын угуп отуруп ойлоно
- Соз жок Зейнеп! Чынын айтсам эмне дээримди да билбей турам. Негизгиси Равшан экоондун бири-биринерге жылдызынар туура келгенине тагдырга тан берип жатам. Бактылуу болгула досум! Силер учун мен чын ниетимден чон кубанычтамын! дедим.
Кантсе да Зейнеп менин жакын курбум эмеспи экообуз кучакташа туштук.
- Зейнеп чынын айтсам, бир туруп сага ичим ачышып жатат. Сени озум эле агама алып берип жене кылып алсам жакшы болот эле.
- Ал учун эртерээк кыймылдаш керек болчу Самира. Аяш энем да айтып коюп же уулун Москвадан чакыртпады, деп Зейнеп мага тамашалашып таарынгандай тур корсотуп биз ага экообуз тен каткырып кулуп алдык.
- Д-аа Зейнеп. Сени апам байкуш укса аябай эле ичи ачышат ко, дедим кайра ойлоно.
- Буйруса аяш энеме да жакшы келин туш келээр Самира. Андан коро кел озундон суйло. Эмне жанылыктар бар? Азамат эмне деп жатат? деп, Зейнеп мага суролуу тигилди.
Мен бир оор ушкурунуп алдым да
- Ээ Зайнеп, бул жагын сураба. Бул жагы ото жаман; дедим
- Эмне болду? Эмне аялы билип калдыбы?
- Жоок.
- Анан?
- Апам билип калды.
- Кантип?
- Боюмда бар экенимди шекшип журуптур. Туздууга талгак болуп, ошондон кармашты. Атайын бир куну тайэжемди чакыртып алып экоолоп мени такалап жатышып эптеп айттырышты.
- Эртеби кечпи алар да бир кун билиш керек болчу да. Билгени жакшы болуптур.
- Эх, Зейнеп билип эле жон калса кана эле! Апам укканда эси ооп жыгылып, азыр оорууканада жатат.
- А-ий, койчу! Жакшыбы анан?
- Кудайга шугур жакшы болуп калды. Жанында тай эжем бар болуп, жакшы ошонун чон жардамы менен апама убагында туура жардам корсотулуп азыр эми жакшы. Эмесем айтканга да оозум барбай турат Зейнеп. Чынын айтсам апамды олуп калды окшойт деп катуу коркуп кеттим.
- Койчу? Каяктагыны айтпачы!
- Чын, Зейнеп. Же сырымды болушоор жанымда сен жок ойлоно берип жудоп да кеттим. Баягы эле тайэжем байкуш. Мени да ошол куну врачка корсотуп журду, журогу тушуп катуу коркуп калды деди окшойт. Анан да коп ойлонбо, кыжаалат боло бербе, азыр сага анткенге болбойт, ичиндеги баланы этиятта деп конулумду бир азда болсо алып журот.
- Азаматка ал жонундо айттынбы?
- Ооба айттым. Апам оорууканадан чыкса анан ал туугандарын жонотом деп жатат. Бирок...
-Эмне бирок?
- Апам менен тайэжемден башкасы мен жонундо эч нерсе билишпейт. Алдыда дагы бир чон дапдаяр сценарий коюлганы жатса керек.
-Кандай сценарий?
- Атам менен агаларымдыкы. Бул жагы боевик болуп кетпесе эле болду.
- Койчу,Самира эмне деп жатасын?
- Чын айтам Зейнеп. Жанагы учунчу гороз агамды билесин да, спецназда иштеген. Ошондон бир аз чочулап турам.
- Эмне ал сага кол которот дейсинби?
- Магабы? Мм ..мага билбейт экенмин? Эгер Азаматты кармап алган болсо, ..кудай анын бетин ары кылсын, соо койбойтко. Ал деген бир жинденсе кыпкызыл да!
Биз ошентип суйлошуп турсак, бизге кыздар келишип
- Эмне отурабыз, кеттикпи? деп калышты
Ал убактарда зачёт берип жургон убак болгондуктан, ал куну акчаны старостабызга топтоп бердик да, дос кыздар чогуубуз менен кафеге кетип калдык. Мен коптон бери кыздар менен да чогуу отура элек болчумун. Бугун мынтип Зейнеп турмушка чыккандан бери, биринчи жолу окууга келгендиктен кыздар менен кошулуп келип калдым. Кыздар кызуу созго кирип, албетте алардын кызыктырган темасы мен, Равшан, Зейнеп учообуз болдук. Башкы каарманы мен.
Алар биздин создорду угуп отурушуп
- Демек бул тагдырдын буйругу. Зейнеп менен Равшан сен аркылуу табышып, аларга сен себепчи болгон турбайсынбы, дешип Зейнепке каалоо тилектер айтылып жатты.
- Зейнеп, сен чынында жолдуу кыз экенсин. Сага чындап суктанып жатамын. Кана эле мен да кутулбогон жерден сага окшоп, омурлук жолдошумду таап алсам! деп Жийде баарыбызды кулдуруп калды.
Жийде арабыздагы ичинде кири жок эн жонокой кызыбыз. Ал биздин анча мынча создорубузду деле которуп коё берет. Таарынып же жооп кайтарып отурбайт. Унчукпай кала берет. Ошон учун да аны баарыбыз жакшы корсок керек. Анан да дайыма кыздардын арасында калыс созун суйлоп, бизге чон энемдей болуп туура жолду коргозуп суйлоп турат. Бирок биз анын создорун коп жерлерде укпай, кайра анын кээ бирки создоруно кулуп калабыз. Жийде толук келген козу бакырайган ак сары келген кыз. Группадагы эн жакшы окуган студент. Экзамендерде баарыбыз Жийдени айланчыктап калабыз. Ал кичинекейинде тайэнесинин колунда осуп, тайэнесинин козу откондон кийин тортунчу класстан баштап апасы менен огой атасынын колуна келген экен. Алардын ортосунда торт бала бар. Жийде жетишип жетишпеген турмуштун ачуусун коп тарткан кыз. Огой атасы коп ичип апасына кол которуп, Жийдени да коп батырбай жургондорун ал кээде бизге ыйлап айтып берип калчу. Ошондон уламбы биз аны аяп ага колубуздан келишинче жардам берип турабыз. Ал башында биздин жардамды албай копко тартынып журду. Бирок биз ага болбой эле
- Биз сага дос катары жардам берип жатабыз, бизди капа кылба деп жатып аран кондургонбуз. Айрыкча ага Нурзат акчалай коп жардам берет. Ошон учун да байкуш Жийде бизге окууларыбызга коп жардам берип, майда чуйдо иштерибиздин баарын буткоруп журо берет. Нурзатка соз жок. Ал учун жон эле Жийде окуп калган.
Ошентип кыздар ал куну Зейнептин турмушка чыканын соз кылып кызуу суйлошуп отурдук. Зейнеп Равшандын уй-булосун да соз кылып отту. Апам ал тайкесин мактаганчалык эле бар окшойт. Зейнеп да ал уйго келин болуп барганына ыраазыдай. Ал бизге Равшандын Ата-энеси тушунуктуу жакшы адамдардай корунот. Балдар кыздары бут баары жогорку билимдуу экен. Равшандын эн чон агасы турцияда элчиликте иштээрин айтып,
- Менин экзамендерим бутоору менен бизди Анталия же Дубайга жонотуп жатышат деп калды. Ага кыздар баары суктаныша
- О-го! Бал айын откоруп келет экенсинер да деп калышты.
- Ооба, ал жактан келгенибизден кийин тойду да сентябрдын башына белгилешип жатышат. Ошол кыздар, силерге тортунчу курстун башын той менен баштап берели деп жатабыз деди ал бизди кулдуруп.
Кыздар аны муну тамашалашып кулуп отурушуп Нурзат менден
- Самира, сен эмне Азамат менен дагы деле жолугушуп журосунбу? деп сурады.
- Ооба.
Кыздардын баары унчугушпай эле бирин бири тиктеп коюп отуруп калышты.
Созду чон энемдей болуп Жийде баштады
- Самира токтотпойсунбу эми. Оюндан от чыгып журбосун дагы.
- Кандай оюн?
- Кандай,кандай оюн? Нурзат экоондун оюунун!
- Аа.
Мен унчукпай эле алдымдагы салаттан жеп баштадым.
- Самира досум сен бизге капа болбо, бирок силердин Азамат экоондун мамиленер узагып баратат. Ушунчалыгында токтотуп салбайсынбы? Оюндун токтогону да качан? деди Канышай бир аз онтойсуздана.
- Ооба да. Анын уй -булосу бар болгондон кийин токтотуш керек, деп аны Жийде коштоду.
Нурзат унчукпай эле менден эмне деген соз чыгаар экен, деп мени кутуп жаткансыды. Мен бир аз ойлонуп турдум да оор дем ала
- Жок кыздар! Токтобой калды го, дедим.
- Эм-не-е? Ал эмне дегенин?
- Ооба кыздар ошондой. Биз Азамат экообуз бири-бирибизди суйобуз.
- Самира акылын жайындабы?
Жийденин чон коздору андан бетер чоноюп мени алайып тиктеп турду.
- Мына сага! Мен билгем ушундай болоорун! деди Нурзатка жан киргенсип.
- Дагы эмнени билесин?
Мен аны кекете тиктедим. Ал экообуз тиктешип туруп калдык.
- Билем Самира. Мынчалык узак мамиледе жургондон кийин ортонордо башкасы да болду да туурабы?
- Анан?
- Анан ошол! Анын уй-болосу бар. Биз анын уй-болусун бузбайбыз деп суйлошконбуз.
- Анан?
- Ал жагын билбейм Самира. Эмне максатын бар биз аны кайдан билели?
- Жок сен билесин Нурзат! Сен баарын алдын ала билет эмессинби?
- Самира, болду токтоткулачы! Дагы баштадынарбы? Эмне эле болуп жатасынар? дешип ортодо кыздар бизди басып жатышты.
- Жок, Кыздар! Нурзат баарын билет. Ал деген азыр бизге дагы эмне болоорун айтат, дедим мен жиним келе.
- Самира сен неге мени дайыма эле ушунтип туура тушунбойсун. Мен сага убагында чын конулумдон эле кенешип оюумду болушойун десем, ошондо да сен ушинтип уруша кеткенсин. Болгону мен сага жардам гана бергим келген, деди.
- А-аа, мага жардам бергин келди беле? Азаматка суйуунду билдирип, аны жолугушууга чакырып тынбай телефон чалып менден анын конулун алагды кылайын дедин беле?
Кыздардын ооздору ачылып эле бизди унчукпай тиктеп отуруп калышты. Ортодо тынчтык окум суруп турду. Нурзат унчукпай эле алдындагы тамекинин кутусунан бир даанасын сууруп чыгып, оозуна салып тутандырды да бир эки тарткандан кийин
- Самира, сен ал нерсени тушунбойсун. Ал нерселер отуп кетти. Мен сага актангым да келбейт. Сен азыр мени тушунгун да келбейт. Болгону ал нерсенин баарын токтотолу дейин дегем, деди
Мен унчукпадым. Мен коптон бери буулугуп жургонгобу бугун ачуумду бир аз болсо да Нурзаттан чыгарып алдым окшойт.
- Эх, кыздар, деди Жийде бизге капа боло. Мен силерге таккыр тушунбойм. Оз тагдырынар озунорго эмне оюнбу? Бой десе бой, он десе онунор бар татынакай сулуу кыздарсынар. Силерди айланчыктап канча бойдок балдар журот. Эмне эле жигит куруп кеткенсип ошол Азаматка жабышасынар?
- Эх кайдан да мелдеше койдум эле. Мен силерди кайдагы бир аялы бар киши учун мынчалыкка барат деп кутподум эле деп Канышай да озунчо бизге окунгондой башын чайкап койду.
- Канышай бул жерде силердин оюнунардын бизге эч кандай тиешеси жок чындыгында. Ал учун кыжаалат болбосон да болот дедим мен аны жайгара суйлоп.
- Кыздар чынын айтсам силер копконсунор! деди бир убакта Жийде.
Биз унчукпай эле кыздар баарыбыз аны тан кала тиктеп калдык.
- Чын айтам кыздар. Силер копкон кыздарсынар! Мендей болуп ичкич огой атанын колунда чонойгонунарда корот элем силердин копконунорду! Оз Атанардын мээримине болонуп эрке осуп, алардын акчаларына кооп журосунор да. Мен оз атамды бир да коргон эмесмин. Жок дегенде менде атамдын бир жолу мени эркелетип ооп койгон элеси да калган эмес. Мен анын элесин суроттон гана коруп озумчо элестетем. Эгер азыр менин атам болгондо мен озумду кандай гана бактылуу сезээр элем. А силер ошол бактынарды сезбей копконунордон жигиттен жигитти алмаштырып, эми кайдагы бир катыны бар кишини талашып отурасынар!
Зейнеп ошол учурда бир мени бир Жийдени карап алды да озунчо мага жан тарткысы келди окшойт.
- Жийде, сен айткан деле туура дечи. Бирок муну тагдыр дейт. Мандайга эмнени жазса ошону корот экенбиз. Мына мисалы мен! Мен деле Самиранын жигити Равшанга турмушка чыгам деп бир да ойлогон эмесминда. Кыска эле убакыттын ичинде эмне болуп кеткенин озум да билбей калдым. Корсо суйуу ушундай экен. Биз Равшан экообуз тен бири-бирибизди чындап эле суйуп калдык.
- Суйуунун таламын талашып калганына караганда Зейнеп, чындап эле сен Равшанды катуу суйосун го дейм! деп Канышай Зейнепке тийише суйлоду.
- Оой Айтасында, чынын айтсам Равшанды азыр эле сагынып кеттим деп Зейнеп баарыбызды кулдуруп калды.
- Силердики эми башка дечи. Бирок Азамат менен Самираны силерге салыштырып болбойт да.
Мен бул создон кийин чыдабай кеттим. Бугун кайра-кайра эле соз айланып тегеренип келип Азамат экообузго такала бергендиктен мен аларга жиним келе
- Кыздар! Бул менин жеке жашоом. Азамат менен эмне кылам, кандай кылам аны озум чечем. Ал жагына силер кыжаалат болбой эле койгула, дедим.
Алар унчукпай эле отуруп калышты. Арасынан Канышай гана
- Самира сен бизди туура эмес тушунуп алдын окшойт. Биз болгону сага дос катары эле айтып коёлу дегенбиз, анан...сени.. .деп эле ал туруп калды
- Билем кыздар. Бирок мен да силерге дос катарында бир нерсени айтып коёюн. Ал жагын кандай кабыл аласынар озунор билгиле. Менин Азаматтан боюмда бар дедим.
- Эм-не? Эмне бул тамашанбы? Же бизди сынап жатасынбы?
- Жок, андай эмес. Бул ушакты башкадан эмес оз оозумдан уксун дедим силерди.
- Койчу Самира
Кыздар мени тушунбой эле карашып ишенер ишенбешин билбей отуруп калышты.
Апам ооруканадан чыгып келгенде мен уйдо болчумун. Анын уйго кирип келатканын коруп алдынан тосуп чыктым да
- Апа келдинизби, дедим.
Апам жаман коздору менен мени жекирип бир тектеп алды да унчукпай уйго кирип кеттип калды. Менин онум бозоруп эле ордумда катып туруп калдым.
Ошол бойдон апамдын мага кабагы эч ачылбады. Ону кубарып озун мурдагыдай алып журо албай калыптыр. Эч нерсеге конулу жок. Мен аны коруп андан бетер кыйналып чунчуп кеттим. Мени эркелетип жанын кагып суйлогон апамдын бул корунушу мага аябай эле оор тийди. Ортобузга баягы эле тай эжем тушуп апамдын конулун алып убара болуп журду. Атам да биздин эмне болуп жатканыбызды коп тушуно бербеди. Ал апамды озунчо аяп козун карап калыптыр. Кантсе да апам анын канча жылдан бери чогуу жашаган омурлук жубайы эмеспи. Ал да Апамдын кадырын эми тушунуп жаткандай. Ооба Апамдын озун жоготуп жыгылып ооруканага тушкону баарыбызды каттуу коркутпадыбы. Агаларым да апамды айланчыктап кундо келип кабар алып турушат. Бир женем кундо эрте менен келип кечке биздин уйдо атам апамдарга тамак ашын даярдап берип, кечинде оз уйуно кетип журду. Апамдын ооруканадан чыкканына уч, торт кундой болуп калган болчу. Мен ошол куну экзамен тапшырып чыккандан кийин машинама отурдум да туура квартирага келдим. Келсем Азаматта да уйго келип туштонуп отурган экен. Экообуз отуруп эми эле аны муну суйлошо баштаганыбызда эшиктин конгуроосу басылып калды. Бизге эч ким деле келчу эмес эле. Ким болду экен деп Азамат ордунан туруп барып эле эшикти ачып салып жатпайбы. Ал эшикти ачаары менен уйго муштумдары туйулуп учунчу агам кирип келди. Аны коргондо коркконумдан журогум оозума келип такалды. Анын ошондогу ону ото жаман эле. Ал мени сыртка чыгып турушумду айтты. Мен болбодум. Мен Азаматтын алдынан тосуп туруп алдым.
- Суранам сизден аке! Ага тийбениз. Айланайын аке! деп мен ага жалынып жалбара баштадым.
- Акмак! Азыр экоонду тен олтуром! Эненди урайындар... деп ал уят создор менен согунуп келип мени колумдан тартып жаактан ары катуу чапканды мен жерге кулап барытып эки колум менен полду таяндым. Ал Азаматты сабап кирди. Оозуна кирген жаман создор менен болушунча согуп, тээп Азаматтын бети башы кан болуп кетти. Мен унумдун баарынча бакырып кыйкырып чынырып ыйлап жаттым. Азамат эки буктолуп жерге жатып калды. Агам аны туш келди жерине тепкилеп жатканда сырттан тайэжем менен чогуу дагы эки агам жездем учоо кирип келишип аны тартып калышты. Мен калтырап ыйлап жаттым. Менин онумду коруп тайэжем келип мени кучактай сооротуп опкулоп мени бекем бооруна кысып турду. Азамат озуну билбейт. Ал эс учун жоготуп койгон экен. Бир убакта кошуналар да кирип келишип бизге тез жардам чакыртышты. Ошентип биз экообуз тен ооруканага жеткирилдик.
Азамат оорууканадан бат эле чыгып кетти. Мен ичимдеги баланы сактап кобуроок жаттым. Анын устуно коп ойлонуп кыжаалат боло берип менин ден-соолугум да начарлап кеткен экен. Ошентип ооруканада жатсам бир куну тай эжеме кошулуп апам келиптир. Аны коргондо коздорумдун жашы шорголоп куюлуп агып жатты. Апам менин ону башымды коруп эми чындап боору ооруду окшойт. Ал мени бооруна тартып экообуз копко кучакташып ыйлап турдук. Апам экообуз ошентип эми чындап элдештик. Кантсе да эне эмеспи. Ал мага эми кам коро баштады. Группалаш дос кыздарым да мага тынбай келишип кабар алышып турушту. Алар менен суйлошуп бир жагы апам менен суйлошуп калганга акыркы кундору конулум которулуп бир топ эле жакшы болуп калдым. Анын устуно мен тууралуу уйдо атам жана ага женелеримдин баарысы угушушканын билгенден кийин кыйла женилдеп калдым. Аларга апам менен тайэжем кантип айтканын, алардын эмне болушканын мен билбейм. Болгону ал созду апамдан укканда эле тиги учунчу агам аябай ачууланыптыр
- Олтуром! Тируулой сойом деп ошол жерден эле жинденип уйдон чыгып кеткен экен. Анын мунозу баарына белгилуу болгондукдуктан анын артынан тайэжемдер чыгышыптыр. Мен буга чейин тайэжеме Азамат жонундо, анын мага алып берген квартирасы жонундо баарысын айтып жургон элем. Ошондон улам алар биздин квартираны таап келишиптир. А берки жинди агам болсо менин машинамдын артынан тушупкон экен.
Мен ошол бойдон уйго барбадым. Мени Азамат келип бир болмолуу квартирабызга чыгарып кетти. Арадан бир жумага жакын убакыт отуп биздин уйго Азаматтын бир тууган Зирек деген эжеси келди. Ал экообуз таанышып суйлошуп отурдук. Анын балдар ооруканасында врач болуп иштээрин буга чейин эле Азаматтан уккан болчумун. Зирек эже мага токтоо, тушунуктуу аялдай корунду. Озу да узун бойлуу Азаматка окшоп кеткен сулуу аял экен. Бирок ал копко ойлонду. Же менин абалымды тушундубу же кандай экенин билбейм ал мага коп деле ашыкча суроо бербеди. Ал озунчо ойлоно
- Эх Самира, Самира деп алды да
- Макул. Биз эртен учоо тортоо болуп ата-энендин алдынан отуп келебиз. Сен аларга биздин кабарды айтып коёрсун деп мени менен коштошуп уйдон чыгып кетти.

#14 20 Декабрь 2016 - 01:23
Бешинчи болум.
Эрте менен ваннага кирип сууга чайканып чыксам Азамат диванда чалкалай жатып алып телефондон суйлошуп жатыптыр. Кыздары менен суйлошуп жаткан окшойт. Мен унчукпай эле ашканага кирип кеттим да анын жумушка кетишине чай коюп, эртен мененки тамагын даярдап баштадым. Анын кыздары азыр каникулда болушкандыктан, аялы эки кызы менен айылга кеткен. Ошон учун Азамат экообуз он кундон ашык убакыттан бери чогуубуз. Мен ага турмушка чыккандан бери биринчи жолу экообуздун коп кунго бирге чогуу болушубуз ушул эле. Аны эрте менен жумушка узатып, кечинде мойнуна асыла эркелеп тосуп алып, мен бул кудору аял катары ото бактылуу элем.. Эх, аттин! Кана эле куйоом менен дайыма ар куну ушинтип чогуу болсом. Тилекке каршы андай эмес. Азаматтын аялы биз жонундо азырынча эч нерсени билбейт. Ал жонундо мен эч нерсе сурагым да, билгим да келбейт. Кээде гана Азамат аны созунун арасында кошуп айтып калганы болбосо мен такыр эле унчукпайм.
Азаматтын туугандары барып, менин ата-энемдин алдынан отуп келгени эле болбосо, менин жеке жашоомдо эч кандай озгоруу деле болгон жок. Болгону мен озумдун уйумдо эмес бир болмолуу квартирабызда жашайм. Азамат каалаганда келип, каалаганда кетет. Ал кобунчо озунун уй-булосу менен болот. Мен кээде ага ыйлактасам ал мага
- Бир аз чыда жаным. Сага азыр кыжаалат болуунун кереги жок. Ансыз да коп кыйналып калдын. Эсен-аман тороп алсан анан мен озум акыры-ын оз уй-буломо тушундуруп айтып, баарын иретке келтирем, деп коёт.
Мен тундолору озум жалгыз жатып алып, кээде ыйлап, аны аялы менен жатканын элестеп алып, кызганып ар турдуу ойлорго кетем.
-Шашпа Азамат! дейм ичимден.
Баламды эсен-аман тороп алайын. Анан акырын журуп сени баары бир озумдуку кыламын. Сен дайыма мени менен чогуу болосун жаным! Ооба ошондой болот. Сен кээде-кээде гана кыздарынды коруп келгени гана барбасан, башка учурларда дайыма экообуз чогуу болобуз деп озумчо катуу кекенип журдум.
Жакшы да студент болгонум учунбу дос кыздарым да коп. Уйубуз окуу жайга жакын болгондуктан кыздар мага коп келип турушат. Сентябрдан баштап Азамат мага такыр эле коп келе албай телефон аркылуу байланышып жаттык.
Бир куну ал жумуштан чыгып туура мага келиптир. Ал мени менен уч торт сааттай чогуу болду да
- Самира жаным. Менин жумуштарым ото коп болуп жатат. Бир жагы кыздарымдын да окуусу башталып аларга да конул болушум керек. Ошондуктан жанына дос кыздарындан бироосун алып алсан жакшы болот эле. Озу жалгыз эмне болду экен деп мен да сага сарсанаа болбой, бир аз да болсо конулум тынч журот элем. Мынтип боюнда бар кезде жанында бироо болгону дурус ко дейм, деп калды
Мен адатымча ага таарынып козумдун жашын агызып кирдим. Ал мени кучактап ооп жыттап сооротуп
- Суранам сенден Самира, мени туура тушунгонго аракет кыл. Мени да, озунду да кыйнаба. Мен сенден тынбай озум кабар алып турам деп ал мага тамак ашка деп акча таштап кетти.
Ошентип мен жаныма Жийдени алып алдым. Кантсе да ал акыл-эстуу кыз эмеспи. Жонокой камкор кыз. Бир жагы Жийденин озуно да чон жардам, ага да жакшы болду. Ижара издеп отурбайт. Ал келгенден бери уйлорду жыйнап, кирлерди жууп, тамакты да аябай дамдуу жасап мен жыргап эле калдым. Озу да мага чон энемдей болуп аны муну айтып акыл уйротуп калат. Жийде уй жумуштарына аябай эле тын кыз экен. Экообуз чогуу окуу жайга барып, чогуу келип эч зерикпейбиз. Андан тышкары кыздарда биздикине коп келип, мен аларга алаксып кундун кандай отуп жатканын да билбей жаттым.
Азамат ара тородо келип менден кабар алып, кээда мени машинасына салып алып экообуз кечки тамакты кафе-ресторандан тамактанып журдук. Боюмда бар болгон учун ал мени эс алчу жерлерге алып барып жакшы эле конулумду алып журду. Ошентип кундор отуп отуруп декабрь айынын башында уул тородум. Азамат чындап эле аябай суйунду. Ал мени ошол кундору жон эле гулго ороп салды. Мени торот уйунон чыгарган куну дос кыздарым да Азамат менен чогуу келишип шаракташып гул которушуп, шампан атышып ал куну биз учун чон майрам болду. Уйго келсем балага керектелчу буюмдун баары алынып жайгаштырылып, уйдун ичине шарлар илинип оюнчуктар менен кооздолуп кыздар биздин келишибизге жакшы даярдык корушуптур. Жийде ашканага стол даярдап ал куну алар Азамат экообуздун уулубузга жакшы каало тилектерин айтышып суйлошуп отурушту. Кызыгы ал куну Зейнеп да биз менен чогуу болгондуктан, бир убакта Равшан бир букет гул менен балама чоон оюнчук машина которуп келиптир. Чынында мен андан мындайды куткон эмес элем. Аны коруп аябай уялып кызыктай болуп кеттим. Ал кулуп эле мага гулду карматып, Азамат менен кол алыша учурашып таанышып бизге ак тилегин билдирди. Анан барып Зейнептин жанынан орун алып отурса, ал экооно чындап суктандым. Чындап эле ал экоо бири бирине дал келген жарашыктуу жубайлардан болушуптур. Зейнептин да азыр боюнда бар. Алар куздо той кылышканда мен бара албадым. Анын устуно ичим да билинип калган эле. Ошентип кыздар биздикинен кечке жуук чыгып кетишти. Алардын артынан бир аздан сон Азамат кетип, биз озубуз калдык. Жийде ашкананы жыйнап жыйыштырынып журду.
Азамат уулубузга Ильяз деген ысым ыйгарды. Ильяз торолгончо байкуш Тайэжем келип менден тынбай кабар алып турду. Эмнегедир Азаматтын эжеси бизге келбеди. Озумчо ага ичимден кызыктай болуп журдум. Кантсе да инисинин куткон уулу эмеспи деп. Ошентип журсом жаны жыл кундору Азаматтын бир тууган агасы Максат менен Зирек эже аябай эле жакшы которунуп келишиптир. Ильязды колдоруна алышып алар да Азамат учун суйунушуп жатышканы корунуп турду. Алар копко деле отурушпай тез эле кетишти. Кантсе да балам алардын каны эмеспи. Баламдын туугандары келгенине ичимден аябай эле кубанып алдым. Озум жактан эки женем келип кетишкен. Баягы учунчу жинди агам болсо аялын жонотпой коюптур. Билбейм ал дагы качанга чейин мага таарынып кекенип журот экен?
Баламдын кыркын чыгарган куну апам байкуш келиптир. Аны коруп кадимкидей жашып кеттим. Ал да мени бооруна тартып адатынча чачыман жыттап эркелетип алды. Жийде апамдарга деп атайын турдуу салаттарды жасап, ысык тамак даярдап ал куну бир да жаны тынбады. Апама Жийде досум да жагып калды. Аны кылгандарын байкап отурган апам мага
- Дос кыздарындын баары эле жакшы кыздар экен. Зейнеп досун да жакшы кыз болчу. Ошон учун Равшан аны бир коруп эле ала качып алды да, деп колундагы чайын бир ууртап алып ойлоно кайра созун улады.
- Менин кадырыма жетпедин кызым. Элден сени ашыкча кылбасам да, кем кылбай эркелетип багып остурдум эле. Коп жерден сага жуучулар чыгып, арасынан озум ушул тайкемдерди жакшы адамдар деп сенин бактын учун тандадым эле. Кантейин кызым, алаканына салып койгон бактынды чанып, аялы бар немеге жабышканына эч тушуно албай койдум. Кантип эле менин кызым ушундай болсун деп, озумо озум ишенбей эмне деген гана ойлор менен мээмди жеп, уйкусуз тундорду башымдан откорбодум.
Апам бир аз жашый тушту да оор ушкуруно
- Эх кызыма, кызым. Менин бул кылгандарымды эстеп алып, бир куну жер тырмалап ыйлайсын го! Бирок анда баары кеч болуп калат деп апам бышактап ыйлап жиберди.
Апамдын ошондогу абалы ото аянычтуу эле. Аны коруп менин козумдун жашы куюлуп агып жатты. Албетте апама менин азыркы Азаматтын экинчи аялы болуп жашап жаткан турмушум, анын журогун ачыштырып, ал ичинен сызып отурган эле.
- Эже коюнузчу. Болбогон нерселерди суйлобой, жакшы нерселер жонундо суйлошуп отуралычы деп тайэжем аны тыйган болду.
- Оох!деп апам ушкуруно башын которгондо, анын кокурогундогу куйут оозунан сыртка чыга тушконсуду.
- Мейли. Озуно озун кылдын. Оз азабын эми озуно. Менин колуман эми эмне келмек эле деп апам бир аз жоошуй колу менен козунун жашын суртуп жатты.
Менин мындай жашоом апамды кайра ойлондуруп койду окшойт. Ал менин тагдырымды Азамат менен чогуу эмес, дегендей кылып соз кыйытып отту. Омур бою Азамат менен чогуу жашашыма апамдын козу жетпей, ишенбей отурду.
Мен апамдын абалын коруп ичимден
- Оз бактым учун колумдан келишинче курошомун. Менин да жакшы кундорумду созсуз коросуз Апа. Мен сизге соз беремин. Мен Азамат менен омур бою чогуу болом деп ичимден кайра-кайра кайталап жаттым.
Апамдар ал куну эрте келгендиктен шашпай отуруп анан кетишти. Бирок алар Азамат менен жолугушпады. Телефон чалып чакырайын десем Апам такыр конулдонбой макул болбой койду. Анын устуно мени да уйго чакыртыша элек. Ага апам
- Атан менен агаларындын конулдору бир аз жайгарса анан жазда Азамат экоон бир эки туугандарды алып ырымына уйго барып келээрсинер. Ага чейин балан да кыйла торолуп калат деп айтып кетти. Апамдын ичинде дагы эмне оюу бар мен аны азырынча билбейм. Бирок мен апамды билип койдум. Апам бизге Азамат экообузго ишенбей жатат. Ал мени эптеп эл козуно торкулотуп алса, дагы бир нерсенин башын баштаарын сезип турдум.
Менин жашоом эч озгоруусуз отуп жатты. Март айы этектеп калган болчу. Ошол куну дем алышка Жийде апасынын уйуно кетти. Кун кечтеп мен оюмда эч нерсе жок Ильяз менен алышып отурсам Азамат мага телефон чалып калды.
- Да.
- Кандайсын жаным.
- Жакшы.
- Мени сагындынбы?
- Эмне болду? Мени эстеп калыпсын.
- Сени сагынып кеттим.
- Анан?
- Анан ошол. Ильязды да кийинтип даяр болуп тур. Дачага барабыз.
- Жийде бугун уйдо жок. Келе берсен болот.
Мага Азаматтын уну эмнегедир башкачадай угулду. Ичип алган сыяктуу. Бирок ал коп ичпейт болчу. Ушунча журуп анын мас болгонун бир да коргон эмес элем. Бир экини алгандан кийин эле болду деп, токтотуп салчу.
Азаматтын бугун конулу аябай которунку экен. Ал мага бир колуна гул, бир колуна баштыкка тамак аш которунуп келиптир. Ал келип эле Ильязды колуна алып эркелетип отурду. Мен ал алып келген баштыкты ачсам ичинде бир ботолко кызыл вино, мен жакшы коргон шоколад, жемиштер бар экен.
- Бугун эмне майрам? деп андан сурадым.
Ал кулуп эле
- Сага жолукканым, мен учун дайыма майрам деп баланы ордуна жаткырып, ал келип мени кучагына алды да коздорумо тигиле.
- Карагат козум менин. Сени ушунчалык сагындым деп эринимен ооп баштады.
Ал куну Азамат экообуз тээ тун бир убакка чейин уктабай махабат лаззатына баттып жаттык. Чынында мен да аны аябай сагынып калган элем. Куйоомдун койнунда наздана бакытка балкып ал тун мен учун озунчо бир керемет тун болду го чиркин!. Ооба, ошондой болду. Балалуу болгондон бери бул тун биздин биринчи тунубуз эле. Биз балабызды ортобузга алып жатып да коздорубуз менен тиктеше кулуп турдук. Мен баламды эмизсем Азамат мени балам менен чогуу кучактап чачтарымдан жыттагыласа, мен озумчо башкача бир бакыттын кайыгында калкып, соз менен жеткирилгис ырахатын сезип жаттым. Азаматка уул тороп берип, анын койнунда мен чыныгы аялдык бакыттын балдай таттуу сезимине термелип ага эркелей коздорумду анын коздорунон албай тиктешип турдум.
Ошентип биз эртеси Азамат экообуз тушко чейин уктап жатыптырбыз. Ильяз уулум да ата-апасынын бугун чогуу экенин, биздин сагынычты сезгендей коп ыйлабай эмчегимди салсам эмип коюп кайра эле уктап калып жатты. Бул жолу да Азамат биз менен толук бир жума чогуу жашады. Окунучтуусу биздин бул бактылуу кундорубуз ото эле бат отуп кетти.
Корсо Азаматтын кыздары бир жумага каникулга чыгышып, аялы кыздары менен чогуу айылга кеткен экен.
Азаматтын бизге келгенин угуп Жийде да бизге шарт тузуп бир жума дос кыздардыкында болуп турду. Бирок Азамат кетээринде мага бир кутулбогон чон жанылыкты айтып, мен ошондон бери ага тан калып ойлонуп журом. Ал озу да бул нерсеге тан калганын жашырган жок. Бизге качаанкы бир лолу аялдын жолдон эле айтып кеткени туура келгени турат. Ал Азаматты катар катар эки уулдуу болосун деген болчу. А биз Азамат экообуз ойлоп жургонбуз, мен удаасы менен эки уул торойм го деп. Корсо андай эмес экен. Азаматтын аялы да коптон бери дарыланып журуп азыр ушул кундору анын боюнда бар экен. Аны да узиден уул деп корсотушуп, анысы кийинки айда торой турган болуп жатыптыр.
Кундор отуп жатып мына тортунчу курсту да аяктаганы турабыз. Экзамен берип жургон кундорумдо биздин уйго Москвадагы агам келиптир. Ал эн кичинекей тортунчу агам, аябай тушунуктуу жакшы жигит. Мага эч нерсе болбогондой кулуп жайнап колуна гул, балама оюнчук, тамак аш которунуп келиптир. Аны коргондо аябай суйунуп козумо жаш тегеренип кетти. Ал мени эки бетимен ооп, жээнин колуна алып эркелетип отурса суйунгонумдон ыйлап жибердим. Менин бир боорум десе! Ал мени
- Самира карындашым ыйлаба. Баары жакшы болот! Мен эми озум сага каралашып турам деп жакшы создорун айтып конулумду алып жатты.
Агам уйдун эн кичинекей уулу болгондуктан, апам ага колунда кызмат кылчу келин издеп, коп кыздарды байкаштырып жургон эле. Ал апамдын айткан созуно кандай конуп калган билбейм, кийинки кундору меникине коп каттап Жийде менен бир эки жолу кочого чыгышып айланып келишти. Чындап эле ал Жийдеге уйлонсо мен учун аябай жакшы болмок. Себеби мен Жийдеге ото катуу таянып конуп алыптырмын. Билбейм агам Жийдени толук деп эле чанбаса, андай кызды эч жерден таппайсын.
Ошол кундору бизди да торкулотуп атамдар уйго чакырышты. Азамат экообузго кошулуп Айзирек эже , анын куйоосу Эркин анан Максат аке болуп бешообуз бардык. Алар бизге кой союп жакшы эле коноктогону менен ортодо баары бир кандайдыр бир муздак мамиле байкалып турду. Апамдын кабагы коп ачылбай суз гана отурду. Тайэжемдин куйоосу Сабыр жездем, Максат акелер менен бир айылдан болушкандыктан ошолор гана дасторкон устундо аны муну айтып кулушуп суйлошуп отурушту. Биз да апамдардыкында копко отурбадык. Кечке калбай эле уйго кайттык. Жолдо келатып алар мени балам менен уйго таштап коюшуп, оздору чогуусу менен Айзирек эженикине кетишти. Менин оюмча бул жерде Айзирек эжени кобуроок Азаматтын аялы ойлондурат окшойт. Ал мага бир жолу
- Билбейм Самира. Силерди ойлой берип башым да катты. Эмне дээримди да билбей турам. Сен жонундо анын аялы Жаныл укса Азаматты кечирбейт ко. Эки ортодо иниме эле кыйын болуп калабы? деп турам, деп озунчо каттуу ойлонуп калган болчу. Анын устуно ал Жанылы да мындан эки ай мурун уул торогон. Ал уулуна Азамат Кыяз деп ат коюптур. Ильяз менен Кыяздын аралыгы торт ай. Азамат удаасы менен катарынан эки уулдуу болгону менен, ичинен аялы Жанылга дагы бир уулу бар экенин кантип айтаарын билбей журот. Мен кээде ага жиним келип таарынып калам
- Эмне андан коркосунбу? Эртеби кечпи Жаныл да баары бир угат да. Мен мындай жашоодон жадап кеттим Азамат. Мен да сени менен кенири кочодо ээрчишип баскым келет. Мен да сени куйоом деп тууган туушкандарыма тааныштырып алар менен той топурларда чогуу болуп катташкым келет! деп.
Ошентип кундор отуп жатты. Акыркы убактарда Азамат мага жакшы конул боло албай, кобунчо уй-булосу менен анан да жумуштарым коп болуп жатат деп ар кандай шылтоолорду айтып журду. Отуруп алып ага да жинденем. Себеби чын-чынына келгенде ага Жаныл уул тороп бергенден бери, Азаматтын мен учун убактысы аз болуп калган эле. Бир жактан апам да акырындап кулагымды жей баштады.
- Самира Кызым. Айдай жаштыгынды кайдагы бир аялы бар кишиге качанга чейин ушинтип кор кылып журосун. Сенин азыр ошондой убагын беле. Ал деген сенин кадырына эч качан жетпейт. Балким жакшылап ойлонуп короорсун. Азыр да сага кеч эмес. Ушунчалыгында эсине келип андан ажырашып эле албайсынбы? Анын устуно ага озунун аялы деле уулду тороп бербедиби. Бироонун эрин талашкандай болбой, оз бактынды башкадан издээрсин. Эч убакта ал сени дебейт. Ал баары бир озунун аялын биринчи орунга коёт деп апам айтса
- Апа болдучу! Мен эмне бактымды башкадан тапкыдай, эми бойдок балага тийет белем. Дагыле болсо аял алып ажырашкан бироого барам да! деп калам.
- Эки аял менен жашагандан коро, ажырашкан менен жашаган жакшы деп апам дагы суйлонуп кирет. Ошон учун да акыркы убактарда апамдын мени уйго чакырганына карабай, алардыкына коп барбай журом. Азыр жайкы каникулдабыз. Жийде байкуш каникуль ичи жумушка кирип иштеп журот. Эрте менен кетип кеч келет. Бир куну ал жумуштан келип
- Самира бугун Нурзат менен жолуктум. Ал..ал деп эле, Жийде созун улай албай туруп калды.
- Эмне болду Жийде. Тынчылык элеби?
- Ооба. Баары эле жакшы. Нурзат мага бир жанылык айтып келди.
- Кандай жанылык?
- Ал Азаматтардын тоюнда болуптур.
Мен тушунбой эле туруп калдым.
- Жийде кандай той? Эмнени айтып жатасын?
- Билесинби, Самира. Азамат уулуна шаардагы эн чон ресторанда жээнтек той бериптир. Адам деген аябай коп келип, артистердин баары ошол жерде ырдашып, той аябай эле жакшы отуптур. Анан да чон кызматта иштеген кайнатасынын туугандары аларга........, Жийде суйлоп жатты. Менин кулагым тунуп эч нерсени укпай дендароо болуп эле бир чекитти тиктеген бойдон катып туруп калдым. Козумдун жашы куюлуп агып жатканын да сезбептирмин. Бир убакта Жийде мени
- Самира, Самира сага эмне болду деп турткулогондо гана озумо келдим.
- Самира кечирип койчу досум. Мен сени мынчалык капа болот деп ойлобоптурмун. Каап десе айтпай эле койсом болмок экен деп ал озунчо суйлонуп кирди. Мен унчукпай эле келип боюмду диванга таштап буркурап балышты ургулап ыйлап жаттым. Ичим туз куйгандай ачышып бакыргым келди. Бирок анте албадым. Жийде мени жан- алы калбай сооротуп озу да мага кошулуп ыйлап алган. Мен ал куну соолуп нес болуп ойлонуп жата бердим. Ыйлап жаткан баламды да колума албай, тетири карап жатып алып эмне деген гана ойлор мээме келип кетпеди. Байкуш Жийде жумуштан чарчап келгени аз келгенсип баламды колуна алып сооротуп тамагын берип туну менен аны карап чыкты. Эртеси куну мен Нурзатка телефон чалып, ал менин уйумо ошол замат эле жетип келди. Ал куну Жийде да жумушуна менин айымдан баралбай уйдо болчу.
- Самира мага капа болбо досум. Мен чынында сага убагында аябай жардам бергим келген. Бирок сен мени бир да тушунгун келбей койбодубу, деп созун баштады Нурзат.
-Мен жакындан бери бир жигит менен суйлошуп жургом. Ал Азаматтын кайниси менен жакын дос болуп, Азаматтын озун да жакшы тааныйт экен. Кыскасы ал жигитим да тойго чакырылып, ага кошулуп мен да барып жатпаймынбы? Барсак Ресторондын ичи жээнтек тойго деп укмуш жасалгаланыптыр. Досторкону аябай эле тогулуп чачылып мол салыныптыр. Тойго жылкы союулуп, андан тышкары да канча кой союулганын билбейм. Элдин коптугун айтпа. Коптон бери тилек кылып куткон уул торолду дешип, тууган урук аябай эле коп келишиптир. Артистердин баары ошол жерде -Гулшайыр эжен баш, Рахман акен тош болуп ырчы куудулдун баары ырдашып кулдурушуп кызмат кылып журушту. Анын устуно Азаматтын кайнатасы да шаардык кенештин апарат жетекчиси экен, чон кызматта иштегендер да коп барышты. Чынын айтсам мен ал тойду Азамат откоруп жатканын билбей баргам. Барып карасам эле Азамат. Коруп алып озум да аябай кызыктай болуп кеттим. Атайын ага басып барып, ал менен кол алышып аялынын козунчо
-Ильяз менен Кыяздын омурлору узун болуп, негизгиси намыстуу жигиттерден болсун дедим.
Аялы мени коп тушуно бербей карап эле калды. Анын устуно ар жактан бироосу келип алар менен учурашып калганынан мен басып келе бердим.
Нурзат бизге дагы коп нерселерди суйлоп жатты. Мен чынын айтсам аябай жаман абалда болуп Азаматты ушунчалык ичимден жек коруп жаттым. Ал мага той жонундо эч нерсе айтпаган. Акыркы кундору ал мага телефон да чалбай, мага коптон бери келбей калган болчу. Корсо той менен убара болуп жургон тура! А тойдун откону качан? Андан бери бир жумадай убакыт отсо да анын дайыны жок.
- Кызык! Эгер Азаматтын аялы ошол бойдон торобой калганда, Азамат анда эмне кылмак экен? Анда ал уулум экообузго кандай мамиледе болмок экен? дедим мен ойлоно кыздарга карап.
- Мен да ошону айтып жатпаймынбы? Мындай эки жуздуу эркектерге жакшылык жакпайт! Мени кечирип кой Самира! Азаматтын эки жуздуу экенин мен башында эле билгемин. Эгер анын аялы торобогондо азыр ал сенин этегинден жалагылап, козундун кареги менен кошо айланып жургон болот эле.! Эми карабайсынбы? Анын азыр эмне кылып жатканын озун коруп турасын, деди Нурзат озунчо кыжырдана.
Жийде байкуш менин баламды колуна алып бир мени бир Нурзатты тиктеп коюп бизге соз кошпой эле унчукпай угуп отурду. Мен козумдун жашын агызып ыйлап жаттым. Азаматтын бул кылган мамилесине мен озумду экинчи сорттогу адам катары сезип жаттым. Мен аны суйгонумдон баарына ыраазы болуп, ата-эне бир туугандарымды да ойлобой, алардын жузун эл алдында жер каратып, ага экинчи аял болуп жургонумду Азамат бир да баалабаганы учун орттонуп куйуп эле кеттим.
Азамат! Сен корсо алсыз эркек турбайсынбы? Мен аял башым менен сен учун канча нерсени которуп журсом, сен жалпандаган иттей болуп аялынды айланчыктап оз канындан жаралган уулунду ага айтуудан коркуп журосун! Ооба жашоодо чындап эле эркекке караганда аял заты кучтуу болот экенбиз. Кудайдын берген сыноосун аял киши которгону менен сен менен кол кармашкан эркегин ал сыноого чыдабай эки жуздуулук кылат турбайбы! Эгерде сен эки жуздуу болбой, кудай тарабынан берилген сыноого бир аз чыдап турганында, оз аялын деле уулду тороп бермек экен! Бирок сен ага чыдабадын Азамат. Мени жолумдан азгырдын. Мен сага, сен тилеп жургон уулду тороп берсем, кудай таалам сага дагы бир сыноосун жонотту. Ал сага оз аялындан дагы бир уулду берди. Сен ал сыноону да туура кабыл албадын. Сен дагы бир ирет эки жуздуулук кылдын Азамат. Эки баланы бирдей корбой, сен кечээки эркек балага зарыгып жургон кундорунду унутуп койдун! Убагы келип балдар бой жетишсе, сен менин балам Ильязга бул кылганын учун эмне деп жооп берээр экенсин?
Мен катуу ойлонуп кеткен экенмин. Менин оюмду Нурзат бузду.
- Самира! Сен озунду коп эле чоктуруп ойлоно бербе! Мындай эки жуздуу эркектерге кайгыруунун кереги жок! Чын чынына келгенде, ал сенин бир тамчы коз жашына да арзыбайт. Андан коро озунду колго ал! Сенин келечегин дагы да алдыда.
Сен жашсын Самира. Коп нерсеге жетишсен болот деп ал бир аз ойлонуп турду да
- Эгер кааласан Азаматты....?
- Эмне Азаматты?
Жийде ага тушунбой коздорун чон ачып аны карап калды.
- Самира эгер менден жардам керек болсо, тартынбай айта бер. Мен сага колумдан келген жардамды аябайм, деди Нурзат.
- Нурзат, сен эмне эле Самираны Азаматка очогуштуруп жатасын? Мумкун чындап эле аны да туура тушунуш керектир.! Ага да оной эмес болуп жаткандыр.
- Жо-ок Жийде, мен Азаматты тушунуп отуруп ушул кунго келдим. Башка чыдай албайм. Мени го мейли дейт элем. А уулумдучу? Мен аны Азамат учун торободум беле? дедим жашымды агазып.
- Азаматты, сага жасаган бул мамилеси учун аны аялынан эптеп ажыратып салыш керек! деди Нурзат озунчо жинденип.
Жийденин коздору дагы алая тушту.
- Койчу? Каяктагыны айтпачы Нурзат. Силерге эмне бироонун тагдыры оюнбу?
- Азамат озу деле Самиранын тагдыры менен ойноп койбодубу? Биз эмнеге аны аяшыбыз керек?
- Мен сага тушунбодум Нурзат. Сен озун деле башында Азаматты суйуп журбодун беле? Эми эле...?
Жийде аны суролуу тиктеди
- Мен аны башка максатта суйгом. Силер аны тушунбойсунор.
- Акча учунбу?
- Жок! Чынында озумдун атамдын деле акчасы мага жетиштуу дечи. Бирок... Нурзат озунчо ойлоно кетти да
- Билесинерби кыздар? Менин атам омур бою эле жакшы кызматтарда иштеп келген адам. Бизди эч нерседен кем кылбай багып остурду. Бирок алар апам экоо убагында суйушуп эле баш кошушканы менен, азыр алардын ортосунда эч кандай суйуу жок. Алар бири-бирине аябай эле муздак. Себеби Атам да акчаны аялдар учун эч качан аяган эмес. Бир убактарда ал апамды козго илбей, бир жаш сулууну ээрчип кетип калган. Ошондо апам аябай жаман болгон. Анын башынан ото оор кундор отту. Туну менен кирпик какпай ыйлап чыккан кундору болду. А атам аны кайдан тушунсун. Апам ошентип журуп бекер эле атама капа болуп, ден-соолугун жеп жургонун акыры бир кун тушунду окшойт. Кийинки кундору атам менен иши да болбой калды. Кайда журот, эмне кылып журот? Апама баары бир болуп калды. Убакыт отуп отуруп Атам акыры бир куну уйго темселеп кирип келди. Анын кадырына ошол сулуулардын бироосу да жетпеди. Бирок апамдын журогу ага муздап калган болчу. Экоонун ортосунда биз балдары бар учун эле, алар азыр эл козуно чогуу бир уйдо, эки болок болмодо жашап журушот. Ошон учунбу билбейм. Мен азыр акчалуу катынпоз эркектерди корсом эле кыжырым кайнай берет. Мен алардын башын айландырып акчасын болушунча чачтырып анан жок болом. Бироосу бир нерсе дей албайт мага. Деп корсунчу коркутуп шантаж кылам. Отурган кызматын ойлошуп унчуга алышпайт. Ага да болбосо Атамдын атын айтып коркутам.
- Койчу Нурзат. Ошол кантип болсун? Сен эмне, озундун тагдырынды ойлобойсунбу?
- Албетте ойлойм!. Мен деле журогумдун ээсин издеп журом дечи..и деп, Нурзат акырыын ойлуу отурган Жийдени карап
- Жийде сен эмне, мени бардык эле эркектерди ошентип журот деп ойлоп жатасынбы? деп каткырып кулуп алды да
- Жо-ок, Жийде. Мен деле алардан корком. Анча мынча тишим откондорго гана ошентем деп ага козун кысып койду.
- Билбейм Нурзат. Мен сага такыр эле тушунбой койдум, деп Жийде озунчо суйлонуп калды.
Арадан уч кун убакыт отту. Мен бул уч кундун ичинде катуу ойлонуп журуп коздорум киртейип арыктап да кетиптирмин. Анын устуно Ильяз уулум да тыбырчылап эч жаны тынбайт. Азаматтан кабар жок. Бир жолу ага чалсам алып калды. Мен анын бугун келишин отундум. Ал мага
- Бугун эч убактым жок Самира. Анын устуно эртен сентябарга кыздарымдын анча мынча кем буюмдарын алып журомун. Дагы бир аз кун чыдай тур. Майда жумуштарым чачтан коп болуп жатат, деди
- Азамат! Мага болбосо да уулун учун кандай убакыт таба албайсын дедим мен, унумду бир аз которуп
- Самира, кыйкырба. Мен баарын тушунуп турам. Жетишпей жатсам кантейин.
- Кыяз уулуна жээнтек тойду чон ресторанда откоргонго жетишкен, кантип Ильязга бир саатка убакыт таппай калдын!?
Бул жолу унум кыргылданып чыгып мен ыйлап жибердим.
- Билем Самира, билем. Сага Нурзат айтып бараарын билгемин.
- Эмне? мага Нурзат айтпаса, мени эч нерсени укпай калат деп ойлодун беле? Азамат, Шаарыбыз кичинекей гана шаар. Болгон нерсенин баары, бут шаар боюнча угулуп тураарын унутпа!
- Макул, макул. Сен бир аз сабыр кылып тур. Мен эки уч кундун ичинде барып калам.
- Азамат, Сен бул созду мага канча ирет айтканынды билесинби?
- Самира сен мени тушунчу.....
- Мен баарын тушунуп турам Азамат. Сен мага эмне учун ар шылтоолорду айтып журосун? Же эмне, аялын сен экообуз жонундо такыр эле эч нерсени билбейт деп ойлойсунбу?
- Анысын билбейт экем.
- Билбесен ошол. Сенин аялын деле ар кимден сен тууралуу ар турдуу создорду угуп, сезип журсо керек. Сен озунчо эле аны аяп журосун. А мени аяган адам жок.
Мен шолоктоп ыйлап жаттым.
- Самира....
- Эмесем мындай Азамат. Эгерде эртен мага келбесен? Мен тоюп кеттим мындай жашоодон. Мен озум барам аялындын алдына!
- Койчу Самира ( ал кулуп жатты) Ошол кантип болсун. Мен эртен барам алдына. Кой эми жаным, мени коркутпай коё турчу, деп ал кулуп жатты.
Азамат эртеси куну да, анын эртеси да келбеди. Телефон чалсам очуруп салыптыр.
Мен ал кундору ойлоно берип жинди болуп кете жаздадым. Сентябрдын биринчи экинчи кундору болгондуктан мен сабакка да барбадым. Менин абалымды коруп Жийденин мага аябай ооруп жатты. Акыры болбогондо Нурзатка чалып, Азаматтын уйунун дарегин тактап беруусун отундум. Ал мага даректи бат эле таап берди. Уулумду колума алып кийинтип алып уйдон чыгып баратсам Жийде менин алдыман тоскон болду. Бирок мен ага болбодум. Ал да мага кошулуп бармакчы болгондо мен ага такыр конбой койдум. Ошентип тогуз айлык уулумду колума которуп алып мен такси менен Азаматтын уйун коздой жонодум. Жолдо баратып менин козумдун жашы шорголоп куюлуп жатты. Колумдагы уулум тыбырчылап, ал мени быйтыйган колдору менен бетимдин жашын аарчый чапкылап ойноп жатты. Мен баламдын коздоруно тигиле бетинен жыттап жыттап алып опколоп ыйлап жаттым. Таксист деле мени тушундубу ал да унчукпай эле машинасын айдап ойлуу баратты. Биз Азаматтын уйуно жетип келгенде кун кечтеп калган убак эле. Мен машинадан тушоорум менен тегерекке коз жугурто бир оор дем алып алдымда эки кабаттуу уйдун дарбазасынын эшигиндеги конгуроону бастым. Эшикти торт бештерде окуган оспурум кыз ачты. Мен Азаматтын кызын жазбай тааныдым.
- Жаныл эженин уйу ушулбу?
- Ооба.
- Ал уйдобу?
- Ооба уйдо. Кириниз уйго, деп ал мени эшиктен ичкери киргизип уйуно карай жоноду.
- Апа-а! Сизге бироо келди!
Билбейм менде ошол убакта кандай куч пайда болду. Мен ал уйдун короосуна киргенде эле озумон озум женилдеп кыздын артынан ээрчий басып уйго жакындап калдым. Ангыча уйдун ичинен мен курактуу кыз чыгып мени коруп эле эшиктин оозунда туруп
- Эже сизге киши келди деп артына башын буруп караганда эле арттан эжеси келип
- Ии ким экен? Келгиле деп эле мени коруп тааныбай туруп калды.
- Саламатсызбы? ..Жаныл эже мен сизге келдим эле, дедим жай гана
Менин колумда балам бар учунбу же айланага куугум кире баштагандыктан мени жакшы ажыраталбай турдубу айтор ал мени
- Кир уйго, Уйго киргиле деп мени ичкериге баштап калды.
Уйлорундо оздорунон тышкары туугандары бар окшойт. Мен бутумду чечип жатканда бирин серин адам жургонсуду. Уйго кирсем, уйдун ичи Евро стилде аябай эле кооз жасалгаланыптыр. Биз ото чон эмес болмого кирип барып, мен дивандан орун алып отурдум. Ортодо журнальный стол коюлуп туштагы дубалга телевизор чапталып, уйдун ичине аябай эле ынгайлуу шарт тузулуптур.
Уйго киргенде менин ыйлап алган жузумду даана коргон Жаныл эже креслого отуруп жатып журогу бир нерсени сезгендей мени коркуп турган коздору менен тиктеп турду.
- Мен силерди тааныбай турам. Ким эленер?деп ал сураганда, мен эмне дээримди билбей андан козумду бир аз алып качып
- Жолдошунуз уйдо жокпу?дедим.
- Аны эмне кылат элен? Ал уйдо
Анын ону кубарып озгоро тушту да, ооздо турган кызына
- Чакырчы атанды, деди тынчсыздана
Анын коздорунон менин жон келбегенимди сезип жатканы билинип турду. Ал менин колумдагы баладан козун албай тиктеп эле отуруп калды. Ильяз менин алдымда жон отурбай тыбырчылап мен аны менен убара болгонсуп, Жаныл эженин жузуно жакшы карай албай жаттым.
- Уулундун аты ким?
- Ильяз.
Ангыча аркы болмодон каткырып кулуп чыккан Азамат биз отурган болмого кирип келип эле мени коруп ону бозоро катып туруп калды. Анын онун коргон Жаныл эже озун сабырдуу кармап
- Кел Азамат, от бул жакка, отуп отур деп ага орун корсотту. Биздин учообуздун тен онубузду коргон Азаматтын кызы да бир жамандыкты сезгендей бизди ооздо тиктеп туруп калды эле
- Кызым жап эшикти. Бар, озундун болмоно бар деп Жаныл эже ордунан туруп барып эшикти жаап келип, бир мени бир Азаматты тиктеп отуруп калды.

#17 20 Декабрь 2016 - 22:57
3 4 кундо одного жазып жатат дептирго чыдап тургула эми жазса кочуруп келет да.
#18 21 Декабрь 2016 - 00:27
kap etpenizder shashmalyk kyldym chygarma toluk butkondo jazaiyn degem ayabai shashyp kettim ulandysyn chygyshy m n kochurup kelem birinchi bolup sizder okuisuzdar. bashka saittyn atyn jazbanyzdar biaktyn kyzygy ketip kalat
#19 21 Декабрь 2016 - 14:09
Окуй калайын деп кирсем жок,чыгарма жакшы жазылып жатат окугун эле келет,бирок кызыгына келгенде бутуп калып жатат да.Рахмат албетте кутобуз.
#20 21 Декабрь 2016 - 16:58
Чындыгында аябай жакты чыгарма. Жогорку денгээлде жазылган. Авторго ийгилик
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...