kerakg (25 Июль 2015 - 00:30) жазган:
Биз да бул өңүттөгү алсыздыгыбызды моюнга алып, бизге чейин ооздон оозго, колдон колго жазуу түрүндө өтүп келген баяндамалардан жандүйнөбүзгө тамчылаган шүүдүрүмдөр сыңары куттуу сүрөттөөнү таберик катары айта кетүүнү туура көрдүк. Түрдүү риваяттарда кыскача түрдө мындайча маалымдалган;
..
..
Хиля -и Саадат.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бою ортодон бираз узун болгон.
Тең салмактуу жаратылышка келишкен мырзалык сөлөкөткө эгедер эле. Кең көкүрөк, кең далы, эки ай далысынын ортосунда пайгамбарлык мөөрү бар эле.
Денеси гүл сыяктуу кызгылтым ак, нурдуу, тунук жана жибектей жумшак болгон. Кайсыл гана мезгил болбосун куттуу денесинен чачылган гүл жытындай жагымдуу жыт айлананы аңкыган жыпарга толтурчу.