Салам достор! Менин катталганыма аз гана убакыт болду. Кээде гана кирип, журок сырына коз салам. Кандай гана тагдырлар, журоктун ичине кантип батып журот деп ойлоп кетем. Журок м.н мээнин ичин тазалап кое турган каражатты кытайлар качан ойлоп табат болду экен деп кутуп келем. Кандай кымбат болсо да сатып алып, журогумдо эс тартканымдан бери орун алып жайгашып алган анын бардык изин тазалайт элем. Бирок анте албайм. Кантип унутам? Сени суйуп жашоо мен учун кандай бакыт экенин билесинби? Жок билбейсин албетте! Башкалар сыяктуу эле мен да менин журогумдун тупкурунон орун алган "МЕНИН СУЙГОНУМ"
жонундо жазгым келди. Уй булоодо 2байкем, эжем, иним, мен. Балага ата-эненин тарбиясы чон мурас экен. Ата деген аска-зоо, эне- молтур булак. Ооба атам баарыбызга тен карап, кандай жашоо б.со да туруктуу, жоопкерчиликтуу,
эн башкысы чыныгы жигит болууга тарбиялады.
А апамдын мунозу шар аккан суудай эле. Туура эмес иш кылганда жазалап, кайра жалынып калчу. Бетке айтып, чындыкты эч жашырчу эмес. Ата-энеме ыраазымын татыктуу тарбиясын берип, эр жеткирди. Уйубуз шаардын аягында. Мектепке чейин бир топ жолду басып келчубуз. Кээде озумо тан калам, кээде жек кором. Неге башкалардай б.п ар кайсы кызды суйо албайм деп озумду жемелейм. Ушул жашыма чейин бир кызды суйдум, бир гана адамга ишенип дос болдум. Ал досум экообуз кошуна жашап, бир класста окудук. Мектепте барды келди журо берчубуз. Башкалардай болуп сабакты укмуш окубадык, коомдук иштерге да аралашпадык,
шоктук да кылбадык. Ошондуктан тентек окуучуларды жаман коргон мугалимдер Канат экообуздун жооштугубузду "4", "5" деген бааларга баалашчу. Ошентип журуп 7-класс болдук. Конгонумдой 10-сентябрь дегенде сабакка бардым. Жаны окуучулар да кошулуп калыптыр. Канат экообуз классташ балдарга салыштырмалуу кичирээк болчубуз. Класска кирсем бизге салыштырмалуу чон кыз отуруптур. Сары кыз экен, атын Нургул деп тааныштырды.
Окуу башталды. Окуу жылынын алгачкы кундорундо эле ал кыз озунун зиректиги, коп нерсени билгендиги менен бизди тан калтырып жатты. 2чи чейрек дегенде баарыбыз ал кыз менен дос болууга ашыга баштадык. Жакшы окуйт, анын устуно класс активи. Тапшырмаларды кочуробуз. Эч бир жаман жоругун корбодук, баарыбызга жардам берет. Бир куну ишембиликке чыкмай болдук. Ошентип Канат экообуз ээрчишип, омурубуздо биринчи жолу ишембиликке жонодук. Себеби Нургулго эркекче соз берген элек. Уйдон эртерээк чыктык. Келсек мурда омуру келбегендердин баары келиптир. Нургулдун уюштуруучулук чеберчилигине ичимден кубанып турдум.
- (33 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Сени сүйүп жашоо мен үчүн чоң бакыт.
#2 11 Май 2014 - 16:49
Дагы бир сүйүү баяны, сериал кылбай жазасын деген үмүттөмүн автор.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#3 11 Май 2014 - 17:45
Жаны сериал экенда,автор окурмандарды куттурбочу сен да сураныч,ийгилик сага!
#5 11 Май 2014 - 20:28
Жаны сериял кутуп журот элем, мына башталды. Бирок, куттурбогулрчу.
#6 11 Май 2014 - 21:25
Рахмат, аракет кылам. Башта жазгандай жаны катталгам, чектоолор бар экен. Ошентип журуп 5-класстын экинчи чейреги аяктады. "Жаны жыл"майрамына озгочо даамдар менен дасторкон даярдайбыз деп калды Нургул. Бул ой класс жетекчибиз Арсен агайга да жакты. Баарыбызга туркун тамактын турун болуп беришти. Биз концерт койчу кун да келди. Концерт коюуга катышпайт элек Канат экообуз. Бир маалда Нургул жакын келди да уйуно барып келуубузду отунду. Эгер ал коз ирмемдин азабында бугунку кунго чейин туткундалаарымды билгенде мен бир айла таап барбай коет элем. Уйунун кайда экенин айтып, анан да кочонун башында иним менен синдим кутуп турат деди. Мейли, бош турганча деп Канат экообуз жоноп калдык. Баягыдай балалык куру кыялдарга азгырылып кетип бара жаттык. Нургул айткан магазинге да жеттик, жакындай берип ушугонунон бети кызарып, ага болбой баштыкты кайтарган кичинекей кыз менен баланы кордук. Нургул жибергенин айтып, баштыкты алып кайра мектепке жонодук. Бери тартканда эле Канат шыпылдап "чонойсо бир пери болгудай ээ" дебеспи. Денем дур дей тушту. Азыр ойлосом Канаттын умут жандырган бул созу мендеги эн алгачкы балалык суйууну козгоптур. Ал кызды талкуулап отуруп мектепке жетип келдик. Бизге соз суйлобосо да балалык таза сезимдер менен аны жакшы адам катары кабыл алдым. 5-классты аяктап, жайкы каникулга тарадык. Бирок мен Нургулдун синдисин ойлой берчу болдум. Бир куну жайлоодо кой кайтарып журуп уктап кетипмин. Тушумдо да ал кыз. 3 ай бат эле отту, кайрадан сентябрь. Окуу жылы башталды. 6-класс болуп озубузду чон адамдай сезип алганбыз досум экообуз. Бул жылы жылдагыдан эрте бардым сабакка. Бирок алгачкы кундору сабак деле болгон жок. Эртеси Нургул да келе баштады. Физкультура сабагы б.чу. Адатта Нургул физ-рага катышчу эмес. Биз м.н чыгып скамейкада отурган. Бир маалда жай анын жанына барынн отурдум. Оюмда анын синдиси ж.до уккум келди. Экообуз аркы беркини суйлошуп олтуруп, бир маалда синдин м.н инин кайда окуйт деп жибердим. Ал б.со синдиси биз окуган мектепке которулуп келгендигин,
тушку сменада окуурун айтты. Аты ким эле дедим билмексен болуп. Айгул деди. Мына ошол ат менин журогумдо бугунку кунго чейин жашап келет. Мурда конгуроо кагылаары менен уйго жоногон жаным, эми уурдана Айгулдун элесин издечу болдум. Бирок таппадым. Балким озгоруп кетсе керек же Нургул тамашалагандыр деп ойлодум. Себеби Канат бут сырымды билгендиктен кээде Нургулго мени куйоо бала кылып ал деп менин ичиме чок салаар эле. Баары бир оюмдан кетпеди. Ай, жыл алмашып отуруп 9-класс болдук. Жыл башында 9ду бутуп окуу жайга тапшырчулар бар, жакшы кундорду откоролу деп, ар кимибиз туулган кундорубузду тосмой болдук. Нургулдун туулган кунун кандай куттум мен! Неге, албетте баягы Айгулду коруу учун. Нургулдун ата-энеси жакшы жерде иштеп, зангыраган уйдо жашашчу. Мен куткон 1-май куну келди. Бул кун Нургулдун туулган куну болчу. Баарыбыз белектерибизди алып чогулуп барып калдык. Ата-энеси да барга коппогон адамдар экен. Дыкат салынган, кооздоло жасалгаланган уйго баарыбыз тандана карап жаттык. Алгач киргенде эле ата энеси биз менен таанышып, дасторконго бата кылып, шашпай отургула деп чыгышты. Анан улам бир тууганы кирип биз менен таанышып, каалоо-тилегин айтып жатты. Бирок Айгул кирбеди. Менин маанайым чого тушконун байкаган Канат:"Сенин сулуунду колокодо багып жаткан го"-деп тийишип отту. Тосттор айтылып бутуп кезек ыр кесеге келди. Мына менин фобиям ушул эле. Эшикке чыгымыш б.п, каридорго чыктым. Баягы бизге баштык берген бобок чоноюп 5класс б.птур. Эшикке чогуу чыгып келдик. Ыр кесе буткончо киргим келбеди. Ангыча иниси журунуз уй м.н тааныштырайын деп калды. Ар биринин болмосу м.н тааныштырып олтуруп бир жабык эшикке барып такалдык. Иниси акырын такылдатып,
эшикти жай ачты. Мына ошондо менин журогум жарылып кетейин дедиго чиркин. Менин сулуум, жылдызым, перим, жалгызым. Мен 4жылдан бери куткон кыз жылмайып китеп окуп отурат. Ангыча иниси Жыргал Айгул эже бул байке эсиниздеби баягычы деп айтып кирди. Суйлошуп отуруп калдык. Бир туугандарын баары каалоо тилегин айтты сен неге кирбедин деп сурап калдым. Ангыча Жыргал коляска суйроп келди да Айгулду таяп коляскага туздоп олтургузуп жатты. Ошондогу журогумдун тилингени, ай аалам антарылгандай болду. Ушинтип кездештик суйгонум экообуз. Аста биз олтурган болмого туртуп келип, киргизди. Колунда комуз. Классташтар менен таанышып, тилегин билдирип, "Ар адамга жараласын ден-соолук"
деген чыгарманы комуз менен аткарып берип, оз уйубуздой коруп, жай отуруубузду айтты. Жыргал акырын колясканы туртуп Айгулду алып кетип баратты.Мени таштап кеткендей сезиле тушту.Ичимдеги уйгу туйгу менин дунуйомду бир заматта тарытып жиберди. Ыр кесе аяктап, оюн башталды. Баарыбыз билген "приказ"
оюнун ойной баштадык. Канат мага приказ бермекчи болду. Ал мени Айгул менен таанышып келуумду буюрду. Классташтардын кебине калбайын деп, нааразы б.н тур коргоздум. Ал сайын Канат тапшырмасынан кайтпады. Башымды шылкыйтып болмосуно жонодум. Бирок албетте кубанычымда чек жок, чексиз суйунуп, Канатка мин ирээт рахматымды айтып бара жаттым.
#7 11 Май 2014 - 22:08
Байкеси, калганын эртен менен шатыратып жазып салынызчы э? Мен бир жакка бармакмын, жолдон окуюн
#9 11 Май 2014 - 22:51
#11 11 Май 2014 - 23:35
автор АЙГУЛун ойлоп адашканго.куттурбой жазыныз эми.
Карегин жылдыз болуп жанып турса,
Журогум сагынып,зарыгып куса...
Журогум сагынып,зарыгып куса...
#12 12 Май 2014 - 00:03
Адашып калды окшойт.Автор адашпай терең ойлонуп жаз.Окуяны толук түшүнүп берилип окушубузду кааласаң ирееттүү кылып чаташтырбай жазышыңды суранам.Башталышы жакшы чынында....
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#13 12 Май 2014 - 00:43
Кечиргиле достор оа Нургул бизге бешинчи класста келген. 5тен 9-класска чейинки жылдарды майдалабай турдуруп ийейин деп ойлоп адашып жазып алыпмын.
#14 12 Май 2014 - 01:35
Узун залда анын болмосуно карай бет алып бара жатып "Болмого кантип кирем, созду эмнеден баштайм"-
деп кара терге тушуп бардым. Аста барып эшикке жакындай берсем бир аз шоолаланып калыптыр. Кун батаар маал б.п калган, намаз окуп жатыптыр. Терезеден тушкон кундун нуру Айгулдун сулуулугун ого бетер арттырып, Канат айткандай периште кылып коргозду козумо. Шооладан анын элесин уурдана карап, башка адамдардан бул сулуулукту кызганып жаттым. Ангыча намазын окуп бутуп, дуа кылып жатты. Жон гана эмес ыйлап жатты, улутунуп ыйлап жатты. Ыйлаганын коруп такыр баспай калган го деген ойлор башыма жык толду. Дуа кылды да аста столду таянып диванга олтурууга аракет жазай баштады. Бирок негедир жамбаштан ылдый куч бербегендей.
Аяп кеттим аны. Эшикти аста ачып, кирип барып сойоп диванга олтургуздум.
Рахматын айтып жузундогу жашын суртту. "Неге ыйлайсын, периштелер кантип ыйласын" деп тийише оттум. Жылмайа карап, кулуп койду. Сурдоп кетип оюндан жиберишкендигин айттым шашкалактап.
Анан билмексен болуп жай гана арты артынан суроолорду жаадыра баштадым. "Кайсыл мектепте окуйсун?"
-дедим тактап алуу учун. Ушул суроодон кийин гана ал бардыгын жай тушундурууго отту. "Сиздер окуган мектепте окуйм. Байкаган жок белениз"-
деди да, оа бирок мен сабакка туз барам да, туз келем. Ушул жылы коп ооруп сабактан коп калдым, анын устуно бул деп эки колу м.н эки тизесине чаап калды. Ошентсе да журогумду ойугон суроону бере албадым. Анын ансыз да чогуп турган маанайын тушургум келбеди. "Кейибе баары жакшы болот, бул кундор да отот" деп жоошуткан болдум. Аз калды бир аз чыдасам, бул азаптар артта калат. Байкуш буту такыр баспагандар кантет ээ?-деп мени суроолуу тиктеди. Башка тушсо арга канча деп калдым. Ангыча жакшы маегибизди бузуп иниси кирип келип "Сизди чакырып жатат"-деди.
Азыр деп Айгулго карадым да, жакында менин туулган кунум сени да кутом деп, курдаштарга бардым. Канат бали кечке отурдун, журоктун лампочкалары куйуп калган го деп тийишип калды. Бийлеп,ырдап акырында тамактанып алып уйго жонодук. Узун жолдо Канатка ичимдеги сезимдерди айта албадым. Себеби ал шылдындайт.
Бир маалда "Айгул неге баспай калган"-деп суроо салдым. Канат боору эзилгенче бир каткырды да, мен сени эмнеге жибердим. Чыныгы жоошсунда досум, эгер жооштугундан кайтпасан Айгулунду тартып алам деп жинимди кашайтты. Айтчы калжандабай деп жибердим. Канат кулкусун тыя албай жатып:"суйгонундун суйгону бар экен балмуздак деген. Ошону коп жеп жатып бурцелёз б.п ооруп жатыптыр. Сен дос капа болбо ал айыгат. Анан так секирип чуркайт, анан эр болсон жетип кор"деп мени кыйнап жаткан суроолорго чекит койду. Журогум ылдыйлап, уйго кеч бардым. Бир оокумга чейин уктай албай Айгулго жетуунун жолдорун издеп, кыялданып жаттым. Туулган кунум башка айда б.со да майдын 20сында тосмок болдум. Себеби Айгулду оз уйумдо коноктогум келди.
#15 12 Май 2014 - 01:53
Авторду шаштырбай тургула да!
Автор, шашпай тушунуктуу кылып жаза бериниз!
Автор, шашпай тушунуктуу кылып жаза бериниз!
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#17 12 Май 2014 - 12:07
Тун бир оокумга чейин баёо кыялдар менен алпурушуп жатып уктап кетипмин. Тушумдо Айгул менен мектептин бакчасында анын тизесине башымды жолой суйлошуп отурупбуз. Адаттагыдай тан эрте атамдын мамыктай жумшак, тондон жылуу тошогумду жонумдан сыйрып ыргытуусу бактылуу тушумду бузуп жиберди. Ичиркене козумду ушалап бир топко чейин эсиме келмейинче тошокто отура бермей адатым бар. Апам жакын келип чекемден ооп тур эми кун тобого чыкты эртелеп жолго чыккыла деп калды. Кайсы жолго деп тандана сурадым. Турсан биринчи деп табышмактанта болмодон чыгып кетти. Туруп эшикке чыгып жылымык сууга шапшынып, сергип алып уйго кирдим. Баарына чебер эжем дастарконду жайната жайып, самоварга чай кайнатып, арча салыптыр. Уйдун ичи буркурап озунчо керемет. Жайлоону элестетет. Уй булообуздо жакшы тартип бар. Баарыбыз дасторконго чогулмайын даамга кол салмай жок. Мен келип дастарконго олтурганда атам алакан жайып бата кылды. Бул кунум мына ушинтип башталды. Чай устундо атам борборго бара турганыбызды айтты. Уулум быйыл бутуруучу классын шаарга сен да бар, кийиминди жанырталы. 9ду бутсон орто окуу жайга тапшырасын дебеспи. Ичим тыз дей тушту. Себеби тундо эле Айгул мектепке келе баштаса аны кунуго кором деп кыялданып жатпадым беле? Анан атама 11ди бутуп эле тапшырайынчы дей салдым. Атам болсо дагы суйлошобуз деп койду. Ошол менен соз бутту. Чайдан кийин апам менен эжеме туулган кун тосуу ж.до айттым. Апам шаардан кел, шашпай чечишебиз деп койду. Эжемди колго алуу керек эми. Эжеме коз кысып, даярданып алып атамды ээрчип алып борборго жонодук. Жолдо карай атам мени менен досу менен маектешкендей маек куруп, жашоосундагы тоскоолдуктар ж.до айтып берип бара жатты. Озумдун бой тартып калганымды сездим. Шаарда кийим кечек алып 4кун дегенде уйго кайтмакчы болдук. Кетээрде атам мага белек берди. Ичин ачууга ашыктым. Телефон! Суйунгонумдон атамды кучактап эркелей кеттим, кудум оюнчукка жеткен баладай. Ал жылдары телефон жаны чыгып жаткан. Моторола Л7 деген баарыбызга маалым б.н аппарат б.ду биринчи телефонум. Атамдын баарыбызга тен караганын кара. Уйго келип баарына белектерин берип кубантты. Чон камазыбыз бар болчу, атам комур тартып кыскасы жакшы тапчу. Баарыбыз телефондуу б.п эле, комнатадан бири бирибизге маяк бермей башталды. Кандай кызык эле?! Май майрамдары,
экзамендерге даярдануу б.п отуруп кундор шуулдап жатты. Эсимде 15-май. Алгебра сабагынан консултацияга барганбыз. Канат жер айдоо иштери м.н бошобой жатыптыр. Бул ирээт жалгыз жонодум. Эрте барыпмын. Бир маалда кериле басып Нургул келди. Суйлошуп олтуруп колундагы телефонуна козум тушту. Оз телефонумду ага карматып, Нургулдун телефонун алууга ашыктым. Функцияларына киримиш б.п контактыдан Айгулдун атын издедим. Бирок таппадым. "Синдиком"
деген контакт бар экен. Болду болбоду ушул деп, номерин жаттамыш б.п, телефонун кайтарып берип, апама чалып коеюн деп телефонумду алып баягы номерди терип, сактап, албай койду деп кайра бердим.
#18 12 Май 2014 - 23:42
Консултация башталды. А мен мандайыма Айгулдун элесин тартып отура бердим. Даярдоо бутоору менен ашыгып уйго жонодум. Уйго жакындай берип, жаны чыккан шиберге отура кеттим. Акыры чыдабай баягы номерге чалдым. "Сиз чалган абонент учурда жооп бере албайт"деп кайталап жатты. Албады, ооба албады. Демим сууй уйго кирдим. Чарчаган кишидей тур коргозуп, болмомо кирип шылкыйып отуруп уктап кетипмин. Телефондун катуу дабышынан ойгонуп кеттим. Алсам "Саламатсызбы,
чалыпсыздар бул ким?" деди. Тунук унун таанып турсам да а озун кимсин деп, суроосуна суроо м.н жооп бердим. "Мукактана мен, мен Айгулмун " деди. Ушуну эле кутуп тургандай аа кандайсын, мен баягы эжендин классташы дей салдым. Кайсыл?-дегенде ага таарына туштум. Бирок антиши бышык, себеби 17эркек бала барганбыз. Атымды айтканда гана эстеди. Ал жайды сурашып туулган кунго чакырдым. Барам деп да, барбайм деп да кесе айтпады, жон гана и деп койду. Ал кун ошол менен аяктады. 20сын кутконумду сураба. Кудум ал менен баш кошчудай куттум. Ал сайын кун отпойт. Акыры ал кун да келди. Белгиленген убакта белектерин которуп, уу дуу тушуп классташтарым келе башташты? Бирок ал келбеди... Эн акыркы б.п Нургул келди. Бирок менин Айгулум келбеди. Нургул чон баштыкчасын мага сунду. Андан Айгулду сурай албадым, кантип сурамакмын.
Уйго мейман келип жатса кабагымды туйуп жургонго болобу? Жок, албетте болбойт. Классташтарымдын шаан шокоту мени Айгулду ойлогонго убакыт бербеди. Ыр, кулку, оюн, тамаша, бий б.п отуруп телефонумду караганга шайым келбеди. Курдаштарды узатып Канат экообуз орто жолго дейре бардык. Келе жатканда ал мага карап неге келбептир деди. Эжеси м.н келе албаса керек деп койдум. Чынында кантип келмек же жигити болбосом, бир жакын мамилебиз болбосо деп озумду соороттум да уйго келип шылк жыгылып уйкуга кеттим. Эртен менен будильник мени ойготту. Ошондо гана Айгулдон келген куттуктоолорду окудум. Анда дагы деле буту баспай жаткандыгын жазып, аягында белегимди аз б.со коптой коруп алып коюнуз деп жазыптыр. Ордуман ыргып туруп белектерге жугурдум. Нургул алып келген баштыкчага тигилдим. Чынында озгочо жасалгаланган белек дагы башка белек бар экен. Балким суйуу мага анын белегин озгочо кылып коргозсо керек?!
#19 13 Май 2014 - 11:50
омурумдо ушинтип жазган эркектин жазууларын биринчи окушум. читается женский подчерк.
#20 13 Май 2014 - 13:23
Оо суйуу башталды. Эми тезирээк улантыныз. Айгул аябай акылдуу кыздай корунот.
- (33 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »