Билдирүүнү түзөткөн: kaidasyn: 26 Март 2018 - 17:33
Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.
#362 03 Апрель 2018 - 22:57
ЭГЕР 30 КҮН АРАЛЫГЫНДА СУУСУНДУКТАН ТАЗА СУУНУ ГАНА ИЧСЕҢ ЭМНЕ БОЛОТ?
Суу – биздин дененин негизги ингредиенти экени баарыбызга белгилүү. Дененин үчтөн экиси суудан турат.
Биздин организмдин ар бир клеткасы, тери, чач менен тырмакка чейин сууга муктаж. Денени гүлгө салыштырсак болот – эгер ага суу жетиштүү болсо жакшы гүлдөп, жалбырактары жашыл болуп жана бактылуу көрүнөт.
Биз дагы суу ичебиз, бирок гүлгө караганда сууну көбүнчө газдалган сууга, кофеге же чайга, сүткө, кээ бирибиз чакалаган сырага алмаштырабыз.
Эгер биз болгону 30 күн суусундукка сууну гана колдонсок эмне болот? Тамактанганды өзгөртпөй, мурда кандай болсо ошол бойдон калтырып, болгону суусундукту гана жалаң сууга алмаштырсак.
Мээге биринчи келгени – акчаны үнөмдөйбүз. Ооба, бул факт. Бирок, организм үчүн эмне кызыктуу пайда алабыз?
1. Сиздин чыгармачыл жана акыл жөндөмдүүлүгүңүз жогорулайт
Neuroscience (Нейробиология) журналынын маалыматы боюнча, 30 күндөн кийин, мээңиз бат реакциясы менен сизди таң калтырат. Мээ эффективдүү иштөө үчүн тонналаган кычкылтекке муктаж, суу болсо анын бат жүгүрүшүнүн негизги тездеткичи болуп саналат. Жыйынтыгында, мыкты ой топтогондук менен бат ойлонууга жетебиз. Күнүнө 8 ден 10 стаканга чейин суу ичүү менен, когнитивдик жөндөмдүүлүк 30%га жогорулайт.
2. Сиз өз курдаштарыңыздан жашыраак көрүнөсүз
Суу теридеги суунун балансын сактоо менен каруу процессин акырындатат. Ал терини нымдаштырып, саламаттыгын көзөмөлдөп, жумшак, жылмакай кылып, бырыштарды азайтып, жаш көрсөтөт. Булчуң ткандарын дагы тонуста кармаганга жардам берет. Бул эффектке жетүү үчүн, сиз таза сууну гана ичишиңиз керек. Daily Mail журналынын макаласында, 42 жаштагы эне 30 күн суу ичүү менен 10 жашка чейин жаш көрүнгөн жыйынтыкка жеткени айтылат.
3. Сиздин иммунитет булчуңдарын көрсөтөт
“Таза суу, эң жөнөкөй медицина” дейт словак макалында.
Чынында бул ооз көптүрүү эмес! Суу организмдин оптималдуу иштеши үчүн катализатор болуп саналат. Сууну туура ичүү боор менен бөйрөктүн туура иштешине түрткү берет. Так ушул органдар кандагы туздарды, ууландырган ж.б. зыян заттарды сыртка чыгаруучу ролду ойношот.
Ошондуктан, изилдөөчүлөр айткандай, организмдеги pH баланс калыптанат, жана бөйрөккө таш толуу коркунучу азайып, баш оордун да арыласыз.
4. Жүрөгүңүз чыйрак болот
Суу жүрөктү саламатта болууга жардам берет. Жүрөк туткагы (приступ) коркунучу азаят, себеби, кан суюлуп, кан басым төмөндөйт жана жүрөктүн иштеши жеңилдейт.
Жатаар алында ичкен бир стакан суу, жүрөк туткагы жана инсульт коркунучун азайтканга жардам берет. Болгону бир стакан суу, жүрөк жана башка органдарга кычкылтекти оңой жеткиргенге жардам берет.
5. Сөөктөрүңүз чыйралат
Суу кемирчектердин калыпка келишине жардам берет, ошондуктан сиздин муундар жеңил кыймылдап, жыйынтыгында аларга болгон оорчулук азаят.
6. Денеде чогулган майлардын азайышына жардам берет
30 күн суу гана ичкенде, сизидин денеден зыяндуу уу заттар менен органдарда чогулан шлактар сырка чыгат. Бул курсакка чогулган майлардын азайышынын бирден-бир мыкты себепкери.
Башында кичине салмак кошушуңуз мүмкүн, себеби, денеңиз күтүүсүз көбөйгөн суунун санына реакция жайсайт. Бирок, бир аз убактан кийин ал кайра калыбына келет. Суу ачкалык сезимин азайтуучу катары таасир бере баштайт. Сиз аз калория кабыл алгандыктан арыктап баштайсыз, себеби, суу сиздин организмди жууп, денени тазалайт жана ачкалык сезимин азайтат.
Андреа Н. Джанкола, "Тамактануу жана диетология" Академиясынын өкүлү, тамактануу алдында бир же эки стакан сууну ичсе, тамак сиңгенге жардам берип, көп жеп алуудан коргойт деп кеңеш берет. Болгону муну дайым кылып туруш керек.
7. Метаболизм жакшырат
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, сууну дайым ичип турганда, сиздин диетаңызга карабай, зат алмашуу жакшырат. Эртең менен турганда жарым литр суу ичүү менен сиздин метаболизм 24%га көтөрүлөт.
Эмнеге метаболизм маанилүү? Туура – ал биздин жашоону камсыз кылган организмдеги химиялык реакциялардын жүрүшүнө жоопкерчиликтүү.