Aizurok Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 734 (0,21 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (690 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 01 Ноябрь 14
- Кароолор:
- 14 995
- Соңку аракети
04 Июл 2016 01:08
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 37 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 28, 1987
- Жынысы:
-
Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 3 Авг 2015
Тизгинди тарта чаппасак болбойт Зыйнат. Эстуу
жансын, өзүн деле таразалап көрчү ойлоп».
-----Болуптур сен каалагандай эле болсун.Бирок эмне үчүндүр сени көрбөй калсам,кусалыктан өз жүрөгүмө өзүм ээ боло албай баратсам кантем.Сен деп соккон жүрөгүмдүн алоосу,өлгөнүмдө суубаса,тирүүмдө суубайт окшобойбу.Же эмне өлөйүнбү?
-----Кимге өчөшүп өлөсүң магабы?
------Жок сага неге өчөшүп өлмөк элем.Ушинтип жүргөнчө өз махабатымдын, өз тагдырымдын курманы,болгонум туурадыр дейм.
--------Койчу ойношум оюмдагыны таппай койду деп,өлгөн кишини уга элекмин.Кереги эмне мындай сөздүн-дейт Толкунбек ушинтсем коркутуп алам деп ойлоп жатсан керек.
Бирок өз жүзүндө айтканы менен Толкунбек Зыйнаттан кол үзүп кете албады.Экөөнүн жоолугушусу улана берди.
Бара-бара Зыйнат эринин келишин мурункудай күтпөй да ойлобой да калды.Ошентип өзү менен өзү болуп өтүгүн төргө илип,өз махабатынын азабын өзү тартып жүрүп, боюна кандай бүтүп калганын билбей калды.Бирок денесинде болгон бул күтүсүз өзгөрүүнү Зыйнат тез байкады.Сүйүүнөрүнда күйүүнөрүнда билбеди.Күткөн кезде болбой,мынтип мезгилсиз кош бойлуу болуп калышы өзүнчө эле айыкпас оору болду.Көнүлүндө күйөөсү келе электе көз көргүс,кулак уккус жакка тентип кеткиси келип,көнүлү бузула баштады.Толкунбектин балалуу болууга каршы чыгарын билип,ага да айтпады.Себеби эне болуу укугунан ажыроо Зыйнат үчүн өмүр бою орду толбогон өкүнүч болорун билди.Ушинтип эки өрттүн ортосунда жүргөн кезде Зыйнаттын жашыруун сырын билген биринчи Толкунбек болду.Өз колуктусунан улам,аялдар боюна болгондо кандай өзгөрүп кетерин билип калган Толкунбек,Зыйнатты бир демге тиктеп туруп,кармалап жиберди;
------Сен семирип баратасынбы, же боюнда барбы?Менин отпускам бүткүчө ушунча тоолуп кеттинби?жоок жоок сенде бир балее болгон экен?
-------Эмне сенин догдурлук жайында барбы?Кызык эмнеге мынча жанталашып кеттиң?
------Төрөбөйм дебедиң беле?Боюңда бар турбайбы?
-------Кантип билдиң?--Толкунбекти армандуу көзү менен жалдырай тиктеди.
--------Ушинтип эле билдим.Кандайча башта байкабай калдым экен.Билесиңби, Жакиндин дагы боюнда бар.Ичи билинип калыптыр.
--------Жакиниң ким??---деди билип турса да ачуусуна чыдабаган Зыйнат ачуулу кыйкырып.
-------'Жакиниң ким дегенин кандай?Менин аялымдын бар экенин анын аты Жайнагүл экенин билчүү эмес белең?
--------Жакин деп тим эле,-----деди кекерлүү.
-------Анан эмне дейн Жакин дебегенде?Кызык" """Уурусу күч болсо,,ээси өлөт""- деген ушул да. Жазыгы жоок Жайнагүл менен салмакташып. Айтып коёюн,ушунчасында экинчи кулагыма угузбай жоготкун.Кокус бала чоңоюп,кыймылдап калса эч ким сага жардам бере албайт.
--------- Эмне меники кылмылдай элек дейсиңби?
Толкунбектин оозуна сөз кирбей калды.Бул түнү экөө мурункудай чечилип,сүйлөшкөн да көнүл ачып күлүшкөн да жоок.Күйүүмдү, жакын адамы өлүп,кара кийип,камсыккан немеден бетер эч кимиси,биринин көнүлүн бири жубата,турган ылайыктуу сөз таппагансып, тээ бир окумга чейин түнөөрүп олтурушту.
-------Мен кеттим деди Толкунбек ордунан тура берип,-сен кетпейсиңби?
----Жоок ушундай эле мастерскойго жатып алам.Зыйнаттын көз жашасы чарасына батпай,улам тоолуп баратты. Алар бирин-бири көргүсү келбеген душмандардан бетер терс карашып турушту.
Кийинки күндөрдө Толкунбек экөө көбүнчө Зыйнаттын сүрөт өнөрканасында жоолугушуп калышкан.Кандай болсо эркек деген эркек да.""" "Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып"" "",бир ооз ич жылытаар жакшы сөзү жоок,кабагы карыш түшүп турганы Зыйнаттын көнүлү кирдеп турду.Келин жигитти чыгып кетти деп ойлоп,башын кош колу менен мыкчый кармап,чекесин столдун кырына кармап өзүнчө сүйлөнүп да,ыйлап жа жатты:"" "Жакиндин да боюнда бар деп сүйүнчүлөп, Жакиниңдин өлүк тиригин көрөйүн,тубайм дебедин беле дегениң кара дагы. Менин бактысыздыгым, күйөөмдүн жоктугунда боюма болуп калганы болуп турбайбы. Болбосо бир Толкунбек эмес,токсон тогуз Толкунбектен туусам да,Күнболот балалуу болдум деп,тойду токсон күнгө созуп күркүрөтөт болчу.Же бир ошол убакта отпускага келип кеткен неме болсочуу.Тобо өзүм сүйгөндүгүм үчүн,күнөөлүү болорумду билгенде,--эрдин кесе тиштеди.Сүйүүнүн көзү жоок деп ошон үчүн айтат тура::
Толкунбек Зыйнаттын сөзүн угуп,чыдамы кетип бир колунун ачуусун бир колу менен кармап,эрдин кесе тиштеп,тээ бир далайга чейин унчукпай тутугуп туруп,артына бурула карады;
------Дагы айтарың барбы?Деги менден күткөн талаабың эмне?--деди ачуулу.Келин жигитти чочугандай жалт бир карап алды.
--------Азырынча сага айтар таалабым жоок.Али тоолук ойлонуп жыйынтыкка келе элекмин.Айтам кийин.
---------Кийин айтасынбы?мейли айтпасаң өзүн бил.айтсаң койсоң,Жайнагүл менен касташканынды токтоткун Зыйнат.Ал сага жа мага да күнөөлүү эмес.
Толкунбек Зыйнатка нааразылыгыны билдиргени менен аны жалгыз таштап чыгып кете албай,сүрөттөрдү тиктеп катып турду.Анын бет маңдайында али боёгу кургай элек,полотнодогу жаңы тартылып бүткөн,пейжазды эми жаңыдан көргөнсүп,ою ошого сүңгүйт.Жигиттин көз алдында,токойлуу талаа созулуп жатты.
Тээ алыста алыста,карагай- кайыңдын ортосун,жарып өтүп бараткан чубалган пассажир поездин элеси көрүндү.Аны сүйрөп бараткан,алп паравоз көк түтүнүн көккө бүркүп,анда санда берилген добуштан кулак тунгансып алаксый түштү.Толкунбек кыл калем менен май боёктон жаралган,чыгармага жакшы баа берүүчү.Сугу түшүп кареги полотного кадала берди.Толкунбек бул пейжаз Зыйнаттын жаңы бүткөн чыгармаларынын бири экенин билди.Эмелеки көнүлдөшүнө болгон таарыныч аралаш ачуусу бул көркөм-ынануумду чыгармага жутулуп,жигитти дароо өзүнө тартып алды.
-----'''' ------Жакшы тартылыптыр мына бул жаңы сүрөтүн.Таалантыңа таазим Зыйнат---деди ыйлап олтурган аялдын колун кармай.
-------Талантымды балоочу мезгилди тапкан екенсиң. РАХМАТ
-----Жигит колуна тамп кеткен жаштын тамчысынан жүрөгү тыз дей түштү.
----Эмне ыйлайсың?
------'Өз бактыма, өз жүрөгүмө таарынып ыйлап жатам.
---------Койчу качан болсо эле,өз бактым,өз жүрөгүм дей бересиң,кереги эмне? Сен тескеринче, бактылуу аялсын.Ыйлап- сыктабай тигил ичиндеги балекетти кандай кылып жоготуштун айласын табыш керек.Бул иш экөөбүзгө тең жакшы эмес.Эсиң бар акылың бар,өзүң деле ойлонуп көрчү.Руксат болсо мен кетейин эми,кеч болуп кетти.
---------Бар деди Зыйнат ордунан козголбогон калыбында,жер тиктеп.
Жигит башка сөз айтпай,Зыйнатты мурункудай эркелетпей, тим гана шарт бурулуп чыгып кетти.Ушундан кийин Толкунбектин чындап тынчы кетип,өзүнөн өзү коркуп жүрдү.Кееде түн баласы уйку көрбөй,чакыйып чыгуучу болуп кетти.Жаздыкка башы тиери менен кайдагы-жайдагы, жагымсыз ойлор самандай сапырылып,жүрөгүнүн үшүн ала берет.Жакшы санаа жакшы ойлорду,канчалык ойлоп алаксыйын десе да,андай ойлор кайдадыр келбес сапарга,житип кеткенсип баягы эле коркунучтуу, сары убайымдар мээсине кирип алып,уйку бербей канын сүлүктөй сорот.Кокус иштеген жериме билинип калса,эмне болом дейби ай.Зыйнаттын күйөөсүн ойлобойбу ай. Эмилди эстебейби ай. Жайнагүлдүн бетин кантип уялбай караймын дейби ай деген укмуш. Анын оюнда бул окуя билинип калса,аялынан ажырап калчуудай,коркунучтар басса турса оюнан кетпейт. Ал кызматына барганда гана бир аз алаксыбаса, такыр алаксый албай койду. Толкунбек сыртынан көтөрүмдү,токтоо өңдөнгөнү менен бир боорондук алы жоок,кайратсыз жигит болуп чыкты.Кокус бир балекет болуп,өз жанын өзү кыйып,өлүп калып,бул шайтандын балекетине каламбы деп бир чоочуса,бети каралык кылып,үстүмдөн арызданабы депда коркчуу болду.Деги окуянын арты жакшылык менен бүтпөсүнө көзү жеткенсиген Толкунбектин шалпысы боош,кабагы бүркөө.Азыр Жайнагүлдү бир ойлосо,Зыйнатты эки ойлоп,айласы кетип турган учуру болчуу. Анткени экөө бирдей ай күнүнө жетип,төрөөттөрү жакындагандан жакындап келатты.Ушул балекеттен аман-эсен кутулса,Толкунбек бирөөнүн аялы менен аралашмак турсун,карап күлбөскө өзүнө өзү убада берип жүрдү.
Күндөрдүн биринде Зыйнат Толкунбекти кечинде өнөрканасына чакырып телефон чалды.Толготуп калды бекен деген ойдон башка,эч нерсе түшпөгөн жигит,кирпигине чейин ак бубак басып,алактап кирип барды.
----'Тынчылыкпы? ?--деди,өз энеси Аккызды түшүрүп жаткан Зыйнатка карап.
-----'-'Алдагы үстүндөгү карды күбүнсөн боло.коркпой эле кой тынч элемин.Эмне тышта дагы деле каар жаап жатабы?
-----Жаап жатат.Толкунбек үстүндөгү карды күбүп, оор кийимин чечип,иш үстүндө олтурган аялдын жанына келип токтоду.
-------Ой бул Аккыз эжего я?
-----'''- ---Окшош бекен?
---------''' ----Окшош бирок?
-----------Эмне бирок?жакшылап карап көрчү?Ушул кайсыл мезгили?
---------Калп айтпасам баягы Эмилдин айыбы ачылгандагы трагедияго дейм.Менин түшүнүгүм боюнча күтүүсүз жерден,балага болгон ишеними акталбай калып,күйүткө күйүп,акыл-ээсинен таанып бараткан мезгили сыяктанып турат. -
Темасы: Омур бою унуталбай кутуп жашаймын
Жазылган күн: 1 Авг 2015
-
Темасы: Кайнатанын каргышы
Жазылган күн: 2 Июл 2015
Кайнатанын каргышы 99-100
Дилбар уйго кирип кетээри менен Капар Максатка карап:-Бу катынын сени башкарып алган го!Сен да соз суйлой албай калыптырсын, эгерде менин Кларам мага ушинтип эле корсунчу,эмне кылаар экенмин!Ал мага минтип кыйкырмак тугул,ойдо карап суйлобойт.Катынын сени киши катарына да корбойт экен.Элдин козунчо айкырып, кыйкырганы, сени сыйлабаганы да.Мындай катындарды жумасына бир жолу кудайын таанытып,шайтандарын айдап туруу керек,а сен андан коркот экенсин,-деп атайын намысына тийди. Максат Капардын созуно ардана тушту:-Мен эмнеге катынымдан коркмок элем...-Анда коркпосон журу,биякка барып жуздошуп келеличи,башым зынылдап ооруп турат,-деген Капарды Максат ээрчитип жоноду.-Уйдо нанга акча жок,балдарыбыз ачка отурганда аларга акча таап келбейсин.А аракка сага акча табылат!-деп кыйкырып тосуп алды Дилбар кечинде бутуна туралбай мас болуп келген эри Максатты.Анан жаны кашая:-Балдарынды оозанып каргандын эле,бизден коркпосон кудайдан корксон боло!кудай албаган аракеч!Пайдасы жок шумшук!Кайсы куну мен шордууну кудай сага кошуп койду экен!Сендейди жер да албайт тура!Мобу чиедей болгон балдарынды аясан боло!-деп буркан-шаркан тушо ыйлап кирди.Максат арак ичкен сайын аялынын ушундай заар тилдеринен тажап,сабаган кундору да болгон.Сабагандан эч майнап чыккан жок,тескерисинче тили узарып,кучоп кетти.Азыр да айкырып-кыйкырып урушканына кыжыры келип,Максат Дилбардын жаагын басыш учун мештин устундо турган чайнектеги сууну башынан ылдый куюп жиберди.Баласын эмизип,эрине нараазы болуп урушуп аткан Дилбар Максаттан мындайды куткон эмес... ***Таабалды карыя Рахмандан Зейнептин кош бойлуу экендигин угуп,жаш балача кубанып,жузуно жылмаюу пайда болду.-Болсун, болсун!Аман- эсен коз жарып алсын-деп батасын берди.Зейнеп кайнатасынан уялып,уйдон чыга албай турду.Ал эми бери жакта оздорунчо ойноп жатышкан кичинекей эки уулу Рахмандын дагы балалуу болоорун алардын создорунон тушунуп томсоруп карап калышты... Таабалды менен Рахмандын кубанычтарына чек жок,болочок бала тууралуу суйлошуп атышты.Уйдон чыккан Зейнеп Таабалды менен Рахманды уялынкы карады.-Бактылуу бол айланайын! Кудай тилегинди берсин,-деди Таабалды карыя батасын берип.Зейнеп кайнатасын карап жугунуп койду.-Бугун озгоч кун,бугунку кунду майрамдаш керек!Мен азыр эшикке чыгып торт алып келип,озубузчо майрамдап коелу,-деп Рахмандын чечекейи чеч боло сыртка чыгып баратып,кичинекей эки уулунун томсоруп,эшиктин алдында мусаапырдай отурганын коруп тык токтоду.-Силерге эмне болду,-деди балдарынын жанына келип,экоонун саамайынан алмак-салмак сылап.-Эч нерсе...,-деди каргылданган ун менен балдардын улуусу Тилек. Азыр бир соз суйлосо эле экоо ыйлап жиберчудой болуп,коздорунун кычыктарына жаш толуп даяр болуп турган.Рахман балдарынын мындай абалын коруп,журогу сыздап кетти.Канчалык аларды оз убагында жуунтуп,тазалап, тамакты таттуу жасап берип,конул болгон Зейнептин аларга деген аракети эч нерсеге арзыбаганына кейиди.Жаман, аракеч,сойку болсо да,балдары учун оз энеси Кларага эч ким жетпесин эми билди,Рахман. Анан:-Жургуло, мени менен кочого чыгып балмуздак,торт алып берем,-деди алардын ыйлагысы келип турганын корсо да,кормоксонго салымыш болуп.Балдарынын кичуусу атасынын айтканына конулдонгондой ордунан турду эле улуусу:-Эч жакка барбайбыз.-деп койду,кичуусу агасынын созун угуп,чон кишиче анын жанына отуруп калды.-Силерди бироо таарынттыбы? Эмне болду?-деди. Тилек атасын кучактап ыйлап жиберди.Анын ыйлаганын коргон кичуусу да буркурап ыйлап жиберди.-Болду ыйлабагыла, силер деген чонсунар,солдатсынар да,анан жигитсинер. ..жигиттер деген ыйлабайт да...Эмне айылга кеткинер келдиби,апанарды сагындынарбы? -деди айласы кеткен Рахман.Анан:
Мындан быягын ayka96 деген синдим улап жазам деп купуя катка жазыптыр суранычын бойунча улап жазып аягына чыгып кой синдим мен карышы эмесмин. -
Темасы: Кайнатанын каргышы
Жазылган күн: 1 Июл 2015
Кайнатанын каргышы 97-98-беттер
-Дагы,дагы... айта бер сенин заказынды угуп атам,-деп кулду Зейнеп.
Ушул убакта экоонон бактылуу адам жоктой сезилди.Анан Рахман Зейнептин эч кимге айтпа деген созун укпай,сыртка чыгып атасына суйунчуломой болду.
***
Клара Капар менен урушуп кеткенден кийин ага кыжыры келип,ызасын басмакка кошунасынын уйунон бир ботолко самогон сатып келип ичти.Капарга очошуп самогон ичип алган Кларанын бир заматта башы денгирей тушту.Мындан бир аз мурунураак эле Капар менен урушуп,ыйлаганын унутуп,конулу жайдары болуп калды.Уктоочу болмодо краватта чалкасынан жаткан Кларанын ыйлабай эле,кынылдап ырдаган унун угуп,сырттан кирген Капар:
-Сага эмне болду?Тагдырына ыраазы болуп ырдап калыпсын го,-"какшыктады Клараны карап"
-Мен тагдырыма дайыма эле ыраазымын.
-Капырай де,качантан бери ыраазы болуп калгансын,ыйлап эле журчу элен го!
-Эми ыйлабайм! Эркек болсон уйдон чыгып кет,катын болсон менин уйумо жугунду сураган иттей болуп келбе!-деди мисирейе.Анын айтаканына Капардын кыжыры келип,чалкалап жаткан Клараны жаактан ары уруп,адам оозуна алгыс уят создор менен ашата согуп,уйдон чыгып кетти.Клара Капардын артынан каргап-шилеп, анын аракеч экенин айтып,унулдап ыйлаган боюнча калды.
Кларанын созуно намыстанып калган Капар озунун туугандарына баруудан майнап чыкпасын билди.Анын устуно алардыкына барса эле кулак-мээсинин кужурун алып,арагынды токтотсон боло деп акыл айткандарын уккусу келчу эмес.Андан коро ботолколош досторунун уйуно барса,бир айласын таап,алар ооруп жаткан Капардын башын жазып бергенге жарашат.Капар туз эле ботолколош досторунун бири Максаттын уйуно барды.Анын да башы ооруп турган экен.Капарды коро салып,ээсин коргон иттей жойпуланып, суйуно чыга калды.Максаттын аялы Дилбар уч айлык баласы менен уйдо отурган.Эринин Капар менен кочодо турнанын коруп,экоо чогулса арак ичишээрин билип,кыжыры келе сыртка чыкты:
-Эй Максат!Уйго кирчи!-деди буюра.
-Эмне болду?
-Суйлошо турган соз бар.
-Анан суйлошобуз.
-Жок,азыр суйлошушубуз керек!-деген Дилбардын эмне себептен уйго чакырып жатканын билген Максат баргысы келбей,Капар менен суйлошуп туруп алды.Дилбардын ого бетер кыжыры келе:
-Мен билип турам,алдагы алкаш досун менен кете албай турасынбы?Кечинде эле экинчи арак ичсем,мобу балдарымдын жакшылыгын корбой,канын ичип,боор этин жеп калайын деп карганганын эсиндеби?-деди ажылдап
-Эмне ажылдайсын? Мен сага арак ичем деп атамбы?
-Эгер арак ичсен кудай сени жазалайт! Кечинде ата-энен менен карган деп урушсам,балдарыбыз менен оозанып туруп алдын.Эсинде болсун эгер арак ичсен,мобу балдарын менен карганганынды унутпа!-деди Дилбар.Анан эмне болсон ошо бол дегендей кол шилтеп,уйго кирип кетти.Максаттын кун алыс арак ичип,уйуно чан салып,оокат- кечелерин,идиштерин талкалаганы, Дилбардын кокойуно кок талкандай тийген эле.Соо кезинде Максаттан жоош,момун киши жок.Ичип алса болду,эч кимди козго илбей "баатырга" айланат да турат.Тун ортосунда мас болуп келип,балдарынын тамагын ботолколош досторуна берип,ысык тамак жаса деп Дилбарды кыйнап,ал каяша айтса когала койдой сабап,тепкилеген кундору далай болгон.
Дилбар уч баласы менен торкунуно канча жолу ажырашам деп барбады дейсин.Бирок оздору аран жетпеген жашоодо жашап атышкан торкундору Дилбарды уч баласы менен батыра алышпады.Артынан кечирим сурап,"ит болдум,куш болдум,куноо менде,кечирип кой"деп келген куйоосунун колуна торкундору Дилбарды уч баласы менен кайра эле салып берип коюшчу.Максат Дилбардын уч баласы менен торкунуно батпасын билип,баары бир менден кете албайт дегендей мамиле кылчу.Мурунку куну эле арак ичип келип,Дилбар балдары менен ыйлап,ачка отурганын коруп,Максат экинчи ичпейм деп соз берген.Эми Капарды коргондо ал создору эсинен чыгып кетти.Аялынын кашайып арак ичип албаса экен деп эскерткени да ошондон -
Темасы: Кайнатанын каргышы
Жазылган күн: 1 Июл 2015
Кайнатанын каргышы 93-94-95-96-беттер
. коруп, ден-соолугун сураганы
шагырап келип калышты. Адегенде Клара аларды анча суйбой, жактырбай отурду. Атугул
ысык тамак да аскан жок. Ден-соолугун сурап келишкендер Кларанын ооруканадан чыкканын
урматына ар кимиси ар кандай таттуу создорду, тостторун айтып, улам арактан ичип
отурушту. Ичтерине анча-мынча арактын градусу киргенден кийин алар кызып алышып,
оздору алып келген арактын тубуно чыгып коюушуп дагы ичкилери келип турушту. Клара
да унчукпай мисирейип арак алган жок. Акырында Капар Клараны сыртка чыгарып ары
айтып, бери айтып атып акыры бир ботолко арак алганы кондурду. Уйдогулор эми оздору
кызуу болгондон кийин Клараны да аракка кыйнай башташты. Клара башында ичпейм деп
так секирип атып акыры:
-Кичине эле ооз тийип берейин, - деп стаканды оозуна
алганда анны аягына чейин кантип ичип алганын билбей калды. Бир стаканды ичип алгандан
кийин ичи ысып, конулу кадимкидей жайланып которуло тушту. Кабагы ачылып экинчи-учунчу
стаканды да алды… ошентип отуруп алар менен тан атканча арак ичип чыкты. Анын минтип
арак ичкени Капарга майдай жагып турду. Уйдогулор тан атканча куулдоп шапар тээп,
ырдап, бийлеп чыгышты.
***
Рахман балдарын
алып шаарга келгенден бери Кларанын абалын ойлоп эч кимге билгизбей сарсанаа болуп
жатты. Канчалык конулу калып, жек корсо да балдарынын энеси эмеспи. Жамандыр-жакшыдыр
эки балалуу болгуча чогу жашашпады беле. Зейнеп деле Рахмандын Клараны ойлоп
жургонун журогу менен сезип жатты. Мейли, эгерде Клараны суйсо анда анны менен
эле жашасынчы, менин да журогуп ооруп бутту деп ойлоду. Бир куну Зейнеп
ичиндеги букту Рахманга айтууну эп корду.
Бир жолу Рахман эшиктин алдында ойноп жаткан эки
уулун карап кабагы салынкы отурганын коруп, Зейнеп жанына басып келди.
-Эмне болду сага? Мен сени менен
суйлошойун дедим эле… - деди акырын ун чыгарып Зейнеп.
-Эмне жонундо?
-Экообуз жонундо да…
–Айта бер кулагым
сенде, - депо оор ушкурунду Рахман.
-Рахман Сенин мындан ары мени менен
жашаганга конулун барбы?
-Бул эмне дегенин?
-Мен чарчадым… Коп ойлондум, Клара
экоонордун ортонорду мен бузгандай болуп, озумду куноолочу болдум. Анын устундо
Клара экоонордун ортонордо эки баланар бар. А экообуздо бала жок. Бала жок
болсо да уй-було куру кыйын экен. Сени куноолобойм, бирок, айылга барып
келгенден бери сен башкача болуп кеттин. Мумкун, Клара менен кайра жарашып,
кайра жашасамбы деген оюун барбы? – деген Зейнептин акыркы созу каргылдап чыкты.
Тамагы муунуп, козуно жаш тегерене тушту.
-Сен эмнени айтып атасын Зейнеп? Менин
Клара менен жашайын деген оюум да жок. Болгону, ортодогу балдарды Гана аяйм. Эгерде
баладарым жок болсо Клара менен бир дагы жолу жолукпайт болчумун. Сен экообуздун
ажырашуубузга эч кандай негиз жок – деди Рахман.
-Рахман чынын айтсам, мен сени, мобу
эки кичинекей балдарынды, атанды бактылуу кылайын деп болгон куч-аракетимди
жумшайм. Мен деле бир турмушту коргом. Эми сени менен бактылуу, тынч омур
сургум келет, - деп ыйлап жиберди. Рахман Зейнептин саамайынан сылап:
-Мен сени суйом Зейнеп. Сен акылдуу,
оор басырыктуу аялсын. Сени эч качан таштабайм, сени менен олуп калып эле
ажырашпасам, ажырашайын деген оюум жок – деп бетинен суйду. Анын мындай
мамилесинен Зейнеп ого бетер эркелеп ыйлап жиберди…
***
Клара тан атканча тен туштары менен
арак ичип танга жуук тошогуно жатты. Капар экоо туш оогончо укташты. Ойгонушса туш
ооп калган эле. Ордуларынан туруп ооруган баштарын, тундогудон калган арак
менен жазып алышты.
-Болду, мен экинчи арак ичпешим
керек. Откондо ооруп, жаным козумо корунуп жатканда эч качан арак ичпейм деп
озумо-озум соз бердим эле, эми минтип арак ичип алдым. Болбойт экинчи мени арак
ич деп кыйнаба, - деди Клара.
–Туура айтасын жаным, арак эч жакшылыкка алып
барбайт. Эч нерсеси жок, кочодо тентип калган аракечтерди деле коруп
журбойбузбу. Ким эле арактан жыргап кетиптир, жыргаган эч Ким жок, - деген
Капардын созуно Клара мыйыгынан жылмайып:
-Сен деле аракты аз ичпейсин. Анан башкаларга
сынтагып койгонун карасан.
-Мен Антип кочодо, арак сурап калганча ичпейм
го. Антип айтпа, эл укса эмне дейт. Чын эле мени аракеч экен деп ойлоп
калышпайбы.
-Эл Сенин аракеч экенинди ансыз деле билишет.
Кларанын бул созу Капарга каттуу тийди.
-Эненди!.. Сен мени аракеч дейсин ээ! Шуркуя! А
озун Ким болуп калдын эле! Жон койсо ти эле мени аракеч кылгысы бар!
-Болду, менин устумо куч куйо болуп кирип алып,
мага бир нерсен отуп кеткенсип суйлобо! Азыр торкундорумду чакыртчу болсом, бул
жерде чачындын бир талы да калбай калат байкушум!
Чакыртчу торкунунду чакырт! Аларды мен
откондо оозун ошту каратып согуп уйдон кууп чыккам! Сен мага рахматынды айтып
жашашын керек. Антпесе, сен ар кайсы эркектин астынды тарп болуп калбадын беле?
-Чыгып кет эшике! – деп Клара Капарга
кыжыры келип уйдон кууп чыкмакчы болуп анны жулкулдатып кирди. Бирок,
ооруканага жатып чыккандан бери Кларада мурдагыдай ал куч жок эле. Анын жулкулдатканын
Капар чымын чаккандай да коргон жок. Тескерисинче Кларанын колун кайрын ары
жакка туртуп жиберип, уктоочу болмого кирип диванга чалкалай жатып « колундан
эмне келет» дегендей шылдындап турду. Капардын мындай мамилесине Кларанын
куйбогон жери куп болуп, торкундорунун ушул аракеч куйоонду кетирбейсинби деген
создорун эстеп, ээрдин кесе тиштеп, окунуп алды.
***
Рахман акыркы кундору Зейнепке анча
конул болбой, мамилеси салкындай тушконун ОЗУ да сезди. Мурдагыдай анны эркелетип,
тамашалап ойногонун, анны менен аркы-берки жанылыктардын суйлошконун да
токтотуптур эстесе. Баягы, Кларага барып жолугуп келгенден кийин, кичинекей эки
уулун аяп, озунон-озу бук болуп атугул атасы менен да тузугуроок суйлошпой
калган. Анан минтип
Зейнептин ыйлаганын коруп, озунун ага жасаган мамилесине кыжыры келди.
Таабалды карыя копту башынан
откоргон коксо абышка эмеспи. Зейнептин акыркы кундору Суз тартып калганын
байкап, уулун куноолоду. Анан ал да Зейнеп жумушта жургон кезде Рахман менен
суйлошууну чечти. Кудай жалгап Рахман бир куну Зейнептен эртерээк келиптир.
Буга чейин Зейнептин козунчо анны менен ачык суйлошо албай жургон. Дасторкон
устундо экоо чай ичип отуруп, Таабалды карыя созун бащтады:
-Зейнеп жакшы келин. Сага ушундай
мандайы жарык, кичи пейил, адамгерчиликтуу аял туш келгенине кубансан балам.
Мына, Зейнептин азыр бул жерде козу жок, ал укпай эле койсун. Кларадан экообуз
кандай Гана кордуктарды корбодук, Клара колунан келсе мени олтургондон да
тартчу эмес. Атугул анын мени олтуром деп тамагыма да уу кошуп берип, оз энесин
жутуп алганын сага айтсам ишенбей, кайдагыны айтпачы деп койдун эле. Кайсы аял
сени карыган атан менен кичинекей эки уулун менен батырып, багып, тамагын жасап,
кир-когун жасап Зейнептей карайт. Анын конулун оорутпа балам. Кудайдын сага Берген
ырыскысын теппе. Менин торумон корум жакын. Ары карап кетсем да, Сенин Зейнеп
менен бактылуу жашап жатканынды коруп, тынч олойун. Сен мындай жакшы аялды
таппайсын. Дайыма жаркылдап кулуп турат, кабагын салбайт. Карыган кезде мага
ушундай, тынч жашоо керек. Эми акылын болсо, ушул Жаны курган уй-булонду андан
ары улап жашап кетээрсин. Акылын жок болсо, тиги Кларага кайра бараарсын, мени
жаман корбо, - деди Рахманды карап.
Зейнеп жумуштан кеч келди. Уйго келсе
Рахман тамак жасап, анны кутуп, ичпей отурушуптур. Рахмандын конулу ачык, мурдагыдай
Зейнепти иштен келгенде бетинен ооп тосуп алды. Таабалды карыя да:
-Сен келгенче тамак ичпей отурдук балам- деди
Зейнеп чын журогунон ыраазы болду. Анан:
-Мен сага жакшы суйунчу айтайын деп
келдим- деди Рахманга эркелей, мойнуна колун арта – сен жакында дагы бир балага
ата болосун. Кубанганынан Зейнепти так которуп анны айлантып эркелете:
-Сен мага кыз тороп берчи, озуно
окшогон супсулуу, акылдуу, жайдары муноз…
Комментарийлер
Aizurok
13 Янв 2015 - 12:17Биле албайсын башты кайда бурушун
Оор турмуштун запкысын жеп жадагам
Оюм жетпейт ушул жашоо курусун
Алым да жок алпарышып женгенге
Кучум жетпейт ойдо туруп кеткенге
Жараткандан сабр тилейм куну тун
Куч кубат бер заар турмушту женгенге
Aizurok
27 Дек 2014 - 23:18саана жеткис жаанылык,
кирип келет аздан сон,
жаны жылым жанырып
Aizurok
15 Ноя 2014 - 00:21Суйуп журуп экоо эки жакта жургон жаман
Aizurok
15 Ноя 2014 - 00:19