sumay2015 (10 Февраль 2019 - 21:44) жазган:
Кыргызда бекеринен "өлүм ак" деп айтылбайт да. Өлүм ак-дегени өлүм чындык дегени. Ооба, тирүүлүктөгү мейли жан-жаныбар, мейли өсүмдүк, мейли адамзаты баарыбыз өлүм даамын татуучуларбыз. Бул Куранда дагы жазылган. "Тирүү жандын баары өлүм даамын татуучулар" деп. Эртели-кеч ичер суубуз түгөнсө биз дагы бул Жалган дүйнө менен кош айтышабыз. Бул Аллахтын да мыйзамы. Бул табияттын дагы мыйзамы. Индияда, Багам, Филиппин аралдарында адамдар өлсө, жакын адамдарынын көзү өтсө сүйүнүшөт экен. Бул алардын көз карашына туура келген нерсе. Бирок, биз үчүн өлүм жоготуу, ачуу ый. Ооба, жакыныңдан айрылуу оңой эмес. Бирок, өлгөндүн аркасынан эч ким өлбөйт ажалы келмейин. Жашоо үчүн күрөшүш керек. Өмүрүң барда ибадаттарыңды кылып, эки дүйнөнү тең татыктуу жашап өтүү үчүн алпурушуш керек. Тирүүлүктүн мыйзамы өлүм. Психикасы алсыз адамдар, жакынынын өлүмүн, жоктугун кабыл алгысы келбеген адамдар депрессияга түшүп кетишет. Өлүмдүн бар экенин унутпашыбыз керек. Диний, илимий, руханий жактан күчтүү адамдар бул көйгөйдү жашабайт. Биз кандай гана кырдаал болбосун руханий жактан күчтүү болушубуз керек. "Руханий" деген сөздө көп нерсе камтылган. Жолдошуңуздун арты кайырлуу болсун! Эч качан депрессияга өзүңүздү алдырбаңыз. Атасыз калган козуларыңыз сиздин абалыңызды көрүп ого бетер шалдая түшпөйбү. Белди бекем бууп, эки дүйнөнүн бактылуулугу үчүн күрөшүңүз!)
Билдирүүнү түзөткөн: izdeim_seni: 11 Февраль 2019 - 18:02