eldar96 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 6 530 (1,87 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Спорт (3963 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Март 15
- Кароолор:
- 66 832
- Соңку аракети
- 11 Июл 2024 01:56
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 22, 1996
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- КЫРГЫЗСТАН
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Babi.
18 Июл 2024 - 15:06 -
uikuchu7
12 Авг 2023 - 16:47 -
alibekova94
26 Май 2023 - 13:38 -
Chagylgan7
04 Фев 2022 - 22:15 -
eldiyarmacho
13 Дек 2021 - 04:48 -
Romantik.
02 Дек 2021 - 02:39 -
Aelina-978
22 Май 2021 - 14:47 -
Sagyn.91
22 Фев 2021 - 14:14 -
0123
20 Дек 2020 - 08:38 -
Musulmanka.
09 Июн 2020 - 16:35
Мен ачкан темалар
-
Байыркы түрктөр
Жазылган күн: 10 Сен 2018
КИРИШ СӨЗ
Тема жана анын мааниси. Адамзаттын тарыхы ырааттуулук менен кылдат
изилденген эмес. Европада жана Жакынкы Чыгышта окуялардын ырааты жана коомдук
формациялардын алмашуусу XIX к. акырында эле жалпыга жеткиликтүү жыйынды
эмгектерде баяндалып, ал эми Индия менен Кытай XX к. башында сүрөттөлүп жазылган
болсо, евразиялык талаанын зор аймагы али да болсо өзүнүн изилдөөчүсүн күтүп
жатат. Бул өзгөчө тарыхый аренага Чыңгыз хан пайда болгонго чейинки мезгилге
тийиштүү, ал убакта борбордук азиялык талаада эки эң сонун эл — хуннулар1жана
байыркы түрктөр, ошондой эле өздөрүнүн ысымдарын даңктоого үлгүрбөй калган
көптөгөн башка элдер түзүлгөн жана кыйрап жок болгон.
Алардын баары бири-бирин гана кайталайт деп эсептөө каталык болор эле, бирок
алардын өндүрүш ыкмасы — көчмөн малчылык — чарбанын өркүндөтүүгө дээрлик
мүмкүн болбогон бир кыйла туруктуу формасы болуп саналат. Бирок дүйнөлүк тарыхта
хуннулардын жана байыркы түрктөрдүн турмуш-тиричилигинин, мекемелеринин,
саясатынын формалары жана орду алардын тагдыры ар түрдүү болгон сыяктуу эле
таптакыр ар башка.
Дүйнөлүк тарыхтын фонунда байыркы түрк элинин жана алар түзгөн дөөлөттүн
тарыхы мындай деген суроого алып келет: эмне үчүн түрктөр келип чыкты жана дегеле
өздөрүнүн тукумдары болуп саналбаган көп элдерге өз атын мураска калтыруу менен
эмне үчүн жок болуп кетти? Бул проблеманы саясий тарыхты гана талдоо жолу менен
же социалдык мамилелерди талдоо жолу менен чечүүгө бир канча жолу аракет
жасалды, бирок эч кандай натыйжага алып келген жок. Адамзаттын тарыхындагы
ээлеген зор маанисине карабастан байыркы түрктөр аз санда болгон жана Кытай, Иран
менен тыгыз коңшулук алардын ички иштерине таасирин тийгизбей коё албады.
Демек, бул өлкөлөрдүн социалдык жана саясий тарыхы тыгыз айкалышкан,
ошондуктан окуялардын жүрүшүн калыбына келтирүү үчүн бул экөөнү тең көз алдыда
кармоого тийишпиз. Экономикалык конъюнктуранын, атап айтканда, кытай
товарларын ташып чыгуунун жогорку же төмөнкү деңгээлине жана Иран өкмөтүнүн
бөгөт коюу иш чараларына байланыштуу экономикалык өзгөрүштөр бир кыйла роль
ойноду.
Түрк кагандыгы VI к. аягында батышта Византия менен, түштүктө Персия, ал түгүл
Индия менен, ал эми чыгышта Кытай менен чектеш болгон соң, албетте, биз карап
жаткан мезгилде бул өлкөлөрдөгү тарыхтын өзгөрүшү түрк дөөлөтүнүн тагдыры менен
байланыштуу. Анын түзүлүшү кандайдыр бир өлчөмдө адамзаттын тарыхындагы
бурулуш учур болуп калды, анткени ага чейин Жер Ортолук деңизинин жана Ыраакы
Чыгыштын маданияты өз алдынча айрым болгон, бирок бири-биринин бар экендиги
жөнүндө билишкен. Чексиз талаалар жана бийик тоо кыркалары Чыгыш менен
Батыштын өз ара катташуусуна бөгөт болгон. Кийинчерээк гана металл үзөңгүлөрдүн
ойлоп табылышы жана арабаны алмаштырган унаа көлүктөрүнүн пайда болушу
кербендерге чөлдөрдөн жана ашуулардан бир кыйла жеңил өтүүгө мүмкүндүк берген.
Ошондуктан VI к. тартып кытайларга Констонтинополдогу базардын баалары менен
эсептешүүгө, ал эми византиялыктарга Кытай падышасынын копейщиктеринин санын
эсептөөгө туура келген.
Мына ушундай кырдаалда түрктөр ортомчулардын гана ролун аткарбастан, ошол
эле убакта өздөрүнүн маданиятын өнүктүрүп, аны Кытайдын да, Ирандын да,
Византиянын да, Индиянын да маданиятына карама-каршы коюу мүмкүн деп
эсептешкен. Бул өзгөчөлөнгөн талаа маданиятынын байыркы салттары жана терең тамырлары болгон, ошентсе да алар бизге отурукташкан өлкөлөрдүн маданиятына
караганда бир кыйла азыраак даражада белгилүү. Арийне, мунун себеби түрктөр жана
башка көчмөн уруулар өздөрүнүн коңшуларына караганда азыраак жөндөмдүү
болушканында эмес, кеп алардын материалдык маданиятынын калдыктары — кийиз,
булгаары, жыгач жана аң терилери ташка караганда начар сакталгандыгында,
ошондуктан батыш европалык окумуштуулардын чөйрөсүндө көчмөндөр "адамзаттын
жалкоолору" (Виолле ле-Дюк) болгон деген жаңылыш пикир келип чыккан. Азыр
Түштүк Сибирде, Монголияда жана Орто Азияда жүргүзүлүп жаткан археологиялык
иштер мындай пикирди ар жыл сайын четке кагып жатат, ошондуктан жакында
байыркы түрктөрдүн искусствосу жөнүндө биз кеп кыла турган мезгил келет. Бирок
изилдөөчүнү материалдык маданиятка караганда түрктөрдүн коомдук турмуш-
тиричилигинин жана социалдык институттарынын татаал формалары: эл, дубандык-
шатылык система, чиндердин иерархиясы, согуштук тартип, дипломатия, ошондой эле
коңшулаш өлкөлөрдүн идеологиялык системаларына карама-каршы койгудай так
иштелип чыккан дүйнөлүк көз караштын бар экендиги көбүрөөк таң калтырат.
Жогоруда айтылгандарга карабастан, байыркы түрк коому кадам баштаган жол
кыйрап жок болууга алып келүүчү жол болгон, анткени талааларда жана анын чек
араларында келип чыккан карама-каршылыктар жоюуга мүмкүн эместей болуп чыкты.
Оор учурларда талаа калкынын басымдуу көпчүлүгү өздөрүнүн хандарын колдоодон
баш тартышкан, мунун өзү 604-жылы кагандыктын Батыш жана Чыгыш кагандыгы
болуп бөлүнүшүнө, 630- жана 635-жылдарда өз алдынчалыгын жоготушуна (ырас, 679-
жылы аны кайтарып алышкан) жана 745-жылы элдин таптакыр кыйрап жок болушуна
алып келген. Албетте, элдердин бул кыйрашы али бардык адамдардын, аны
түзгөндөрдүн жок болушу дегендикти билдирген эмес. Алардын бир бөлүгү талаадагы
бийликти мураска алган уйгурларга баш ийип, ал эми көпчүлүгү Кытайдын чек аралык
аскерлерине барып жашырынган. Акыркылары 756-жылы Тан династиясынын
императоруна каршы көтөрүлүш чыгарган. Түрктөрдүн калдыктары көтөрүлүшкө
жигердүү катышып, башка көтөрүлүшчүлөр менен бирге тыптыйпыл болуп кырылган.
Дал мына ушул учур түрк элинин да, түрк доорунун да (демек, биздин теманын да)
доорон сүрүшүнүн соңу болуп калды.
Бирок "түрк" деген ат ошол бойдон жок болуп кеткен жок. Ал гана эмес ал жарым
Азияга тараган. Арабдар Согдианадан түндүк жактагы жоокер көчмөндөрдүн баарын
түрктөр деп аташкан. Ошентип алар бул наамды кабыл алышкан, анткени алгачкы
түрктөр жер бетинен жексен болушкандан кийин да талаа уруулары үчүн
баатырдыктын жана каармандыктын үлгүсү болуп калган. Андан кийин да бул термин
дагы бир жолу кайра өзгөртүлүп, тилдик үй-бүлөнүн аталышы болуп калды. Ошентип
VI—VII кк. улуу кагандыкка эч убакта кирбеген көптөгөн элдер "түрктөр" болуп
калышкан. Алардын ичинен кээ бирлери ал түгүл монголоиддер да болушкан эмес,
маселен, түркмөндөр, осмондор, азербайжандар. Башкалары, маселен, курыкандар —
якуттардын ата-бабалары жана кыргыздар—хакастардын ата-бабалары кагандыктын эң
каардуу душманы болушкан. Үчүнчүлөрү, маселен, балкарлар жана чуваштар байыркы
түрктөрдүн өздөрүнөн да мурда түзүлгөн. Бирок азыркы убакта "түрк" терминин
кеңири жайылган лингвисттик түшүндүрүүнүн да кандайдыр бир белгилүү негизи бар:
байыркы түрктөр хуннулардын убагында эле бышып жетилген жана III—V кк. коомдун
басынган чагындагы дымыгуу абалында турган талаа маданиятынын башталмаларын
турмушка бир кыйла айкын ашырышкан.
Ошентип, байыркы түрктөрдүн адамзат тарыхындагы мааниси зор болгон, бирок
бул элдин тарыхы ушул убакка чейин жазылган эмес. Ал үзүндү жана кыскартылган
түрдө гана баяндалган. Бул булак таануу, ономастикалык, этнонимикалык жана
топонимикалык мүнөздөгү кыйынчылыктарды айланып өтүүгө шарт түзгөн. Мындай
кыйынчылыктар ушунчалык зор болгондуктан, бул эмгек дефиницияларды түзүүгө
далалат кылбайт. Автор бул эмгек проблеманы чечүүгө карай баскыч катары кызмат
кыла ала тургандыгынан гана үмүттөнөт. Китеп тарыхый анализдин жана синтездин
методдорун айкалыштыруунун тажрыйбасы катары ойлоштурулган. Байыркы
түрктөрдүн жана алар менен байланыштуу же алардан мурда жашаган элдердин
тарыхынын айрым көрүнүштөрү гана талдоого алынды. Ушуга эле булактарды жана
ономастика менен этногенез проблемаларын сынга алуу таандык. Мунун синтези
белгилүү бүтүндүктү мезгилге бөлүүнүн аспектинде түзүлгөн, ошондой эле бүткүл
дүйнөлүк тарыхтын өзөгүнө сүрөттөлгөн көрүнүштөрдү киргизүүнүн бирдиктүү
процесси катары түркүттөрдүн2
, көк3
түрктөрдүн жана уйгурлардын4
тарыхын аңдап
түшүнүү болуп саналат.
2
Биринчи (546—658-жылдар) кагандыктын түрктөрү
3
Көк түрк — экинчи кагандыктын (678—747-жылдар) түрктөрү.
4 Мында көчмөн уйгурлардын хандыгы (747—847-жылдар) гана эске алынып жатат; бул
жерде соңку мезгилдеги отурукташкан уйгурлар тууралуу айтылбайт.
1
Караңыз: Л.Н.Гумилев, Хунну. -
"Ынтымак таймашы - ЧМ 2018" 13 сезон
Жазылган күн: 29 Май 2018
Ассаламу алейкум туугандар.
Жакын арада ЧМ 2018 башталганы турат. Ошого карата турнир уюштуралы деп чечтик. Бул сезондо башка сезондордон айырмаланып, турнир тартиби чемпионат сыяктуу эмес, кубок сыяктуу откону турат.
Мисалы жалпысынан 24 команда чогулта алсак, ар бир группага 3 командадан кылып, 8 группага болобуз. 3-4 тапшырма илинет, ар группадагы алдынкы 1-2 чи командалар 1/8 ге отот, акыркы орунду алган команда ошол жерден учат. Кароче ЛЧ, ЧМ сыяктуу эле отот мындан келди, аны менден(мунун баарын айтпасам деле) жакшы тушундунор деп ойлойм копчулугунор. Минимум 12 команда чогулуш керек. Эгер командалар бул санга жетпесе, чемпионат сыяктуу гана откоруп койобуз.
Бир командада 3 оюнчу болот. Калган эрежелер менен кийинчереек таанышабыз.
Старт 14 июньда берилип, ЧМ нын финалы менен бутот. Кана эмесе футбол куйормандары, команда команда чогулганга чамдагыла. Канчалык коп болсонор, ошончолук кызыйт. -
"Ынтымак таймашы - 11 сезон"
Жазылган күн: 8 Сен 2017
Ассалому алейкум жалпы жаамат. 11 сезонду баштоонун алдында турабыз. Буюрса 1 жума ичинде оюнга старт берилет. Эреже ж.б. менен аягында толук таанышып чыгабыз.
Бир командада 4 оюнчу болот, команданар даяр болору менен каттала бергиле. Кана эмесе, чамдагыла. -
Дүрбөлөң заман
Жазылган күн: 20 Май 2017
ДҮРБӨЛӨҢ ЗАМАН
ПОВЕСТЬ
-
Европа Лигасы 2015-2016
Жазылган күн: 28 Авг 2015
Ким утат деп ойлойсунар. Кайсы командаларды "аутсайдер" деп атай аласынар.
Комментарийлер
casperr
06 Янв 2017 - 21:59eldar96
28 Июн 2015 - 19:18eldar96
26 Июн 2015 - 09:50Rinatik94
25 Июн 2015 - 18:47