"Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу :)
#2021 19 Июль 2020 - 00:17
Мен 2кундон бери белгилуу драматург Женишкул Озубекованын "Апамдын махабаты"
деген китебин окуп жатам. Башынан октон кундорду баяндаган сонун ыр саптары бар экен. Озгочо "Откон омур кусасы"деген драмасы жакты,жакшы аяктайт экен. Анан баардыгынздар эле Апамдын махабаты сериалын корсонуздор керек,ошол сериалдын негизинде жазылган драманы окудум. Сериалда башкача,китепте башкача аяктайт экен.
#2023 28 Август 2020 - 01:16
Саадатбек Мырзакуловдун "Адашкан дипломат"
деген чыгармасын ким окуду эле? Кимде бар ушул китеп?
#2024 17 Декабрь 2020 - 12:58
Учурда бир китеп окуп жатам.Сүйүү жөнүндө илимий көз караш, сырттан байкоо жүргүзгөн.Сүмүрөн калгыр сүйүү жөнүндө биз билбеген көп балакеттер бар экен.Кээ бир жерлеринен өзүңдү табасың, аргасыздан жылмаясың, "апеей, могу мен го", - депчи.
Бүткөндө бир резюме сыяктуу бирдемелерди жазармын.Аты жана автору азырынча сыр боюнча тура турсун.
Мен урунттуу жерлерин түпнуска тилинде же кыргызчага которумуш этип инста-баракчага (потпищщиктери - 0) ташый берейин.

> Mен эл менен <
#2025 18 Декабрь 2020 - 23:15
Shanson (17 Декабрь 2020 - 12:58) жазган:
Учурда бир китеп окуп жатам.Сүйүү жөнүндө илимий көз караш, сырттан байкоо жүргүзгөн.Сүмүрөн калгыр сүйүү жөнүндө биз билбеген көп балакеттер бар экен.Кээ бир жерлеринен өзүңдү табасың, аргасыздан жылмаясың, "апеей, могу мен го", - депчи.
Бүткөндө бир резюме сыяктуу бирдемелерди жазармын.Аты жана автору азырынча сыр боюнча тура турсун.
Мен урунттуу жерлерин түпнуска тилинде же кыргызчага которумуш этип инста-баракчага (потпищщиктери - 0) ташый берейин.
Бүткөндө бир резюме сыяктуу бирдемелерди жазармын.Аты жана автору азырынча сыр боюнча тура турсун.
Мен урунттуу жерлерин түпнуска тилинде же кыргызчага которумуш этип инста-баракчага (потпищщиктери - 0) ташый берейин.
#2027 19 Декабрь 2020 - 18:42
#2028 21 Декабрь 2020 - 14:56
#2029 24 Декабрь 2020 - 18:59
#2030 25 Декабрь 2020 - 22:50
Решат Нури Гунтекиндин "Боз торгой" (Reşat Nuri Güntekin "Çalıkuşu"
) китебин көптөн бери издеп жүрөм)) Кимде болсо, мага шыбырап коюңуздарчы.
Кыргызчабы,
орусчабы, түркчөбү айырмасы жок. Китеп дүкөндөрдөн таппай жүрөм.
Билдирүүнү түзөткөн: Mydearzh: 25 Декабрь 2020 - 22:55
#2031 05 Январь 2021 - 00:01
Пайгамбардын омур баянын окуп чыктым.негедир кайталап окуйт окшойм кийинчерээк
#2032 05 Январь 2021 - 18:16
аудио китеп угуп жалкоо боло туштум бир аптада
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#2034 04 Февраль 2021 - 02:39
Уктаардан алдын "Дүйнөнү багынткан кедейлер"
аттуу китептен бир окуяны жазып коюууну туура көрдүм.
Башка бирөөгө жардам берүүнү адат кылгыла.
Кино тарыхында өчпөс из калтырган комедия актёру Чарли Чаплин айтат:
" Кичине мезгилимде атам менен цирк тамашасын көргөнү бардык. Билет алуу үчүн касса алдында кезекке турдук. Бизден алдыбызда бир үй-бүлө алты баласы менен кезекте турган эле. Көрүнүшүнөн алар кедейге окшош эле. Кийимдери эски, бирок таза болчу. Балдары кубанып цирк тамашасы жөнүндө сүйлөшүп турушту. Кезеги келгенде алардын атасы кассанын алдына барды жана билеттин баасын сурады. Билет сатуучу бааны айтканда ал кызарып кетти. Ал кыжаалат болгон абалда аялына бир нерселерди шыбырады. Ошол мезгилде атам чөнтөгүнөн 20 доллар чыгарып жерге таштады:
- Мырза, акчаңыз түшүп калды.
Баягы кишинин көздөрү жашка толуп:
-Рахмат сизге, мырза,-деди.
Атам болсо менин колумдан тартып кезекте тургандардын катарынан чыгарып алды. Экөөбүз үйгө кайттык. Себеби, атамдын 20 доллардан башка акчасы жок экен.
Мына ошондон бери атам менен сыймыктанам! "

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#2035 17 Март 2021 - 04:22
Негизи "Ойлон,ойгон"
деген китеп тээ 2010-жылы чыгыптыр)мен эми "даканса"
окуп буттум)
Азыр Даниэла Стил "Наперекор судьбе"деген китепти окуп жатам,аябай сонун баяндалыптыр, айрыкча Джосайдын Анабеллден 19 жаш...

#2036 19 Март 2021 - 00:20
Мен быйылкы жылды жакшы баштадым. Жыл башында 2 аудиокитеп уктум. Андан кийин, "Тысяча поцелуев которые невозможно забыть"Тилла Коулдун китебин окудум. Суйуу жонундо жакшы чыгарма экен. Учурда " Агындылардын"
биринчи томун окуудамын. Коркомдук жагынан мыкты китеп экен. Тээ 60-жылдардагы кыргыздардын Жашоосу, Дуйшеевдин бала чагы аркылуу чагылдырылыптыр.
Айтор, дагы кезекте башка китептерим турат. Окугум келет, убакыт аз...
#2037 24 Март 2021 - 17:51
Жаңылбасам "Эквилибриум"
деген кино болушу керек.
2002-жылы чыгыптыр.
Башкы ролдо Кристиан Бэйл.
Кино тартканга 20 млн АКШ доллары кетсе, кайра чогулганы 5 млн эле.
Кыскасы, фиаско.
(мунун баарын жакында эле билдим, кокустан)
А менин айтайын дегеним кино тууралуу эмес, ошол кинонун ичиндеги бир сюжет.
Тактап, толуктап айтканда, бир заман келет, адамдардын баары бир бийликка баш ийип, ошонун айтканын кылып, күнүгө бирден дары ичип (адамдын эркин басаңдатат окшобойбу), атасы баласына, баласы атасына, коңшусу кошунасына айгак болуп турган заман.
Ар кандай эскичиликти эстөө, ностальгия, искусство, жазмачылык ж.б.у.с., бизге азыркы көндүм иштей сезилген нерселердин баары тыюу салынган убак. Ошол тыюу салынган нерсеге умтулуп, эскичиликтин атрибуттарын сактап жүргөн адамдарга каршы инквизиция уюштуруп турган топтуп ана башында Бэйл турган болот. Бир ошондой жүрүштөрдө, китеп, ар кандай статуэткалар, тыйын, кыскасы эски доордун буюмдарын таап алышат. Ошол жерден бир китеп таап алат Бэйл, жана башкаларга көрсөтпөй өзүнө калтырып коет. Анан аны күнүгө алып чыгып, сылап, жыттап, окуп адамдын илгертен келаткан руханий сезимдери ойгонуп, бир түрдүүлүккө, шаблонго каршы туруп баштайт. Кина акыры жамандыкты жакшылык жеңген болуп бүтөт. Менимче, аябай сонун, маанилүү, адамдын эрки, адамдын руханий байлыкка умтулуусу, бир түрдүү эмес ар бир инсан ар кандай экендиги жана аны кандай тыюу салса дагы оргуштап чыга берчү күчкө ээ экендиги тууралуу фильм.
Адам өзү кызыктай жаныбар. Ооба.. именно, жаныбар. Башка айбанаттардан кыйла айырмаланабыз. Ар кандай ойлорго малынабыз, албетте ойлоно ала турган болсок. Кимдир-бирөөгө көз артабыз, суктанабыз, бирөөлөрдү жаман көрөбүз, байлык, бийликке умтулабыз, башкалар бизди урматтаса дейбиз, биз тууралуу жаман кеп айтылса туталанып кетебиз, жакшы абазга кулак түрүп андан ырахат алабыз, жакшы нерсеге ээлик кылууга умтулабыз, анан дагы арасында сөзгө муюган, сөздүн күчүн сезе билгендар дагы бар. Мен ойлойм, андайлар көп эмес. Бирок, дүйнө ошондойлордун себебинен да өнүгүп жаткандай сезилет. Дал ошолор адамдын бир күчтүү сезими болгон страсть (кыргызчасын билбейм) сезимин улам козгоп, улам өөрчүтүп, жалаң эле курсак камын көрүп жүрүү адамды айбанаттан айырмалантпоосун эскертип тургандар деп билем. Ошону үчүн жакшы сөз көрсөм жаттап калууга тырышам, ар бир сөздөн маани издей берем (жинди окшойм), сөздү да бирөөгө айтканда мааниси жетсе деп тилейм/
"Өзүңдүн каталарыңды башкаларсыз табам десең китеп оку"
"Пайдасыз кыйнаган туман ойлордон чыгам десең китеп оку"
"Жаны жок денедей үйдө жашабайын десең китеп оку"
Дешкен экен даанышмандар.
Китеп окуй элегиме көп убакыт болуп кетиптир.
Жакындан бери улам убакыттын болушуна жараша китеп окуп жатам. Тим эле мухиттен жээкке сүрүлүп чыккан балыкка улам деңиз суусун тамызып, анын өлөйүн деп бараткан жанын тирилтип жаткандай эле абалдамын. Ушундай суусап калганымдан улам ар бир экинчи же үчүнчү барактан таасирдүү сөздөрдү таап, белгилеп коюп жатамын. Мурда деле канча деген китеп окугам, бирок, андай адатым болгон эмес. Кайдадыр шашкандай, бирөө менин аркамдан кубалап келаткандай болуп тез-тез окуп салып кийинки китепке өтөр элем. Бул жолу шашпай, улам ар бир сүйлөмгө, кубулушту же нерсени сүрөттөгөн сөздөр жан дүйнөгө майдай жагып, кайталап окуп, эгер мен жазсам ушундай жаза алар белем деген ой менен белгилеп коюп жатам.
(Белгилеп койгондорумдун баарын, инстаграм баракчамдагы актуальный статуска киргизе берем - мага окшогон даңгэсеге эрмек табылды!)
Китеп окугандарга, кыска сөзгө салмактуу маани кошо билгендерге, эң негизгиси андайды түшүнө билгендерге сыйым күч. Андай адамдар менен дос болуп, ар кайсы нерсени талкуулаштын өзү чоң ырахат эмеспи, э?