- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жаш акындар Окуп көрүңүз
#1 14 Февраль 2013 - 23:36
А.Осмонов, А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Б.Сарногоев. М.Алыбаев ж.б. акындардын муунун - улуу муун деп атасак, К.Култегин, К.Урманбетов, Б.Чотурова, А.Рыскулов, К.Бакиров ж.б. акындардын муунун - орто муун деп айтабыз. Ал эми жаш муундун катарын - З.Ажыматов, А.Исмаилов, М.Самыйкожо, Ж.Турсунбаев, М.Алыбаев ж.б. таланттуу акындар толукташат.
Ал эми бул жакка жарыя кылынуучу ырлар - жаныдан жетилип келаткан, 25жашка чейинки, акындыкка талапкерлердин ырлары болмокчу. Келечектеги кыргыз поэзиясы кандай өнүгүп келаткандыгына өзүңүздөр баам салып, сын-пикириңиз болсо жазып кетесиздер деп ойлойм....
#2 14 Февраль 2013 - 23:41
Оюмда жанар тоодой мен атылып,
Буралган кызыл гүлдөй сен ачылып.
Жайдагы жалын чачкан ысык күндө,
Эс алуу гүлбагында "келатырык" .
Акырын суусун ичип карагаттын,
Ал күнү кылыктанып мага жактың.
А бирок, өпкө жогун далил кылып,
Өзүңдү өзүң мактап бара жаттың.
Адашып барат улам курган акыл,
Ах чиркин, моюнуңдан урган атыр!
Жүздөгөн кыздан өтүп сүрдөбөгөн
Жүрөгүм суурулчудай "туйлап атыр"!
Үркөрдөй үмүт берип жымыңдасаң,
Үйрүлүп токтоно албай сырымды ачам.
Сүрдөтүп сенин демиң бүт денеми
Сүйүүм да от алууда "тырылдасаң" .
Тамшантып таңдан кечке саматчудай,
Таасириң топ жигитти каратчудай.
Баркы эмес, баасы кошо бийиктеген,
Фасоль деп эркелетсем жарашчудай.
Сыр бербей жандай басып колтуктасаң,
Көңүлүм көтөрүлүп толкуп ташам.
Кантем ай, эбак эле албайт белем,
Калыңдын көптүгүнөн коркуп жатам...
Бердибек Жамгырчиев
#3 14 Февраль 2013 - 23:42
Быш-ш деп анан жалп өчкөндөй ысык чок,
Ортобузда кымындай кызык жок.
Сүйүүбүздө энергия болбосо,
Жашайбызбы электрден күтүп ток?
Сезимдерди муздаткычка тоңдуруп,
Кыялдарды жалбыракка кондуруп.
Эптеп эле аргасы жок жүрөбүз,
Эңкейишке өңгүл-дөңгүл жол куруп.
Чын жүрөктөн байланыш жок биз күткөн,
Чымын жандар тажадыбы бир жүктөн?
Маарасына жете албаган кашаңдай,
Максатыбыз ашпай койду киндиктен.
Башты ийип, болбогон бир жүйөгө,
Батпайлычы улам-сайын күнөөгө.
Мен чыгынып үйлөнөйүн башкага,
Сен чыгынып тийип кетчи күйөөгө!
Бердибек Жамгырчиев
Билдирүүнү түзөткөн: Spartak0001: 14 Февраль 2013 - 23:43
#4 14 Февраль 2013 - 23:45
Сезимим муздап барат күндөн-күнгө
Из суутуп, колго түшпөс кылмышкердей
Ишенбейм куру-бекер күлгөнүңө!
Жалганга ачсаң дагы жолду кенен,
Жатсам да кулак угуп - болдум керең.
Сук артпай, сулуу көздүн баардыгына,
Суранам, жүрсөң боло ордуң менен!
Ак сүйүүң арнай берип ар-кылына,
Айланып жиксиз күндөр тагдырыңа.
Кечигип, чын бактыңды таппай жүрүп,
Керексиз болуп калба баардыгына!
Нуркыз Рыскулова
#5 14 Февраль 2013 - 23:46
Жан-далбастап чыкпайсың убайымдан.
Кадырына жете албас бир адамдын,
Кандай жансың туруксуз, кудай урган?!
Өмүр бою өзүң деп өтсөм дейсиң,
Өткүн болуп, жамгырдай төксөм дейсиң.
Эх чиркин ай, ичиңден сезбечүдөй,
Эриниңден бир жолу өпсөм дейсиң!
Жалган сөздү айтуудан талыкпаган,
Жараты көп ичинде айыкпаган.
Билем сенин жалганчы көздөрүңдү
Бир да адамды сүйүүгө жарытпаган!
Нуркыз Рыскулова
#6 15 Февраль 2013 - 00:02
Ай-ааламдан угулуп жанылыктар,
Ак кар менен бир келген жанылык бар.
Тамшандырган сулуудай көз талдырат,
Табияттын өзү да жамынып кар.
Ак кар билсең арналчу сөзүм аппак
Ашыгымдай сага да сезим аппак
Өзөгүмдөн ыр чубап турса дагы
Өмүр бою бүтө албайм сени мактап
Эзилген жок жан дүйөм жөн жеринен
Эргип күткөн махабат сенде билем
Жазыла элек ырлардын пири болсоң
Жашырмакмын өзүңдөн эмнени мен?
Убактыңды уурдатып жөн өткөрбө
Мээримиң чач, үлгү бол бөлөктөргө
Оюң таза, жасалма мүнөзүң жок,
Ошондуктан жакынсың бөбөктөргө
Уяңдык бар айталбас сүйкүмүңдө
Улуулук бар байкалбас бүртүгүңдө
Ак кар сенде сыйкырдуу муза жашайт
Жашоо нурун боёгон түркүн үнгө
Бердибек Жамгырчиев
#7 15 Февраль 2013 - 00:38
А.Исмаиловдун чыгармачылык кечесин твден коргон элем,адашпасам 'Таш кузгу' деген. Башка акындарды жакшы билбейт экенмин,жакшы болбодубу чыгармаларын тааныштырганыныз, дагы коптон жазып турсаныз,айрыкча А.Исмаиловдун чыгармаларынан, бул акындын талантын баалайм...
#8 16 Февраль 2013 - 01:13
#9 16 Февраль 2013 - 01:22
#10 16 Февраль 2013 - 10:50
#11 26 Февраль 2013 - 15:52
Байкабай ырдап алган экенмин
Казаковдун "жыйырманчы жазын"
Шамалдай шашып келди мына
Мен кутпогон жыйырманчы жазым.
.
Суйуктуу кунум тортунчу мартым
Таттырат мага кубаныч балын
Жыйырмага толуп бул жылы жашым
Бул жазым менин жыйырманчы жазым.
.
Жыйырманчы жаз деп санадым ката
Ишенбесен кайрадан сана
Жыйырмага жашым толгону менен
Туулган жылымды кошуп кара.
.
Отуптур менин балалык кезим
Кайрылбайт кайра ал кундор аттин
Унутта калаар эркетай кезим
Ал кундор эми кайрылбайт аттин.
.
Окуном омур отконго бир аз
Баш бербейт мага жыйырманчы жаз
Токтото албайм, айла жок аттин
Кундорум отот мен эми канттим...
Билдирүүнү түзөткөн: Nursaikal: 26 Февраль 2013 - 15:56
#12 01 Март 2013 - 00:20
Сагындым апа жылмайган нур жузунду,
Сагындым апа эркелеткен бал созунду.
Сагындым апа карагаттай кара козунду,
Сагындым апа табылгыс бир озунду.
Чийилген кара кашыныз,
Махпурад деген сиздин атыныз.
Журомун жашап мен сизсиз,
Бул менин мандайыма жазылган тагдырым.
Сагындым апа, жагымдуу жытынызды,
Жаралуу журок, сагынды сыгылды.
Коргонго кусамын бир озунузду,
Кор албайм бирок сиздин нур жузунузду.
Кардуу ажал алып кетти бир озунузду,
Узак сапарга келбеске туболуктуу,
Коро албайм омур бою мен озунузду,
Жылмайып нур чачып турган нур жузунузду.
Ак кагаз болду менин сырдашым,
Жаап жаткан жамгыр болду коз жашым.
Коргум келет бирок эч коро албаймын,
Жансыз турган суроттунзго гана кадаламын.
Бул да менин тагдырымдын сыноосудур,
Сизге болгон сагнычым тугонбостур.
Сагындым апа сагынычым чексиз,
Эстеген сайын сагына берем мен сизди.
#13 01 Март 2013 - 01:00
Эми мен сага кайрылбайм,
Сени эч качан сагынбайм.
Журогум сен деп турса да,
Эч качан сага багынбайм.
Эми мен сага кайрылбайм,
Сени деп эми эч ыйлабам,
Конулум суйуп турса да,
Эч качан сен деп кайгырбайм,
Эми мен сага кайрылбайм,
Жалынып артындан барбайм.
Суйуунду далилдеп берсе да,
Баары бир мен сага кайрылбайм.
Эми мен сага кайрылбайм,
Сен жонундо кыялданбайм.
Омурдо жалгыз отсом да,
Сага эч качан кайрылбайм.
Эми сага кайрылбайм,
Сени кутуп зарыкпайм.
Омурунду мага арнасан да,
Бир да сага кайрылбайм.
Эми сага кайрылбайм,
Суйуумду сага сактабайм.
Жалооруп жалынып келсен да,
Сен деп бул жашоодо жашабайм.
Анткени сезимимди талкаладын,
Суйсон да махабатка багынбадын.
Жигиттик намысынды тыйып коюп,
Жигит болуп убаданда турбадын.
Суйсон да суйуунду арнабадын,
Жигиттик намысынды кыя албадын.
Жигитче убадана екем болуп,
Суйуунду аягына чыгарбадын.
Эми мен сага арнап ырда жазбайм,
Озунду журогумдо камабайм,
Сага эми жолугуну самабайм,
Не кылсан да "Эми сага кайрылбайм" .
(Батма Атанкулова)
#14 01 Март 2013 - 02:01
Жанданып жан дуйном, калем курчтайм.
Оркундотуп онорумду, алдыга осомун,
Поэзияга кызыккан, мен жаш акын.
Кун сайын арбалып, калемим курчталып,
Ырларды жазамын, онорумду коргозуп.
Кызыгып жан дуйном кырларды ашамын,
Болсом дейм келечекте, мен атактуу жаш акын.
Окулуп ырларым, жаш-муундар жатка алып,
Эске алынып ырларым, калса дейм сакталып.
Журоктон арнап баарына, жазамын ырларды.
Жаш акын болууга, калемди жакшы курчтаймын.
Чын журоктон жазсан, журокко жетет,
Жагымдуу жакшы создор журоктон кетпейт.
Жан дуйном эргип, кыялдарга батамын,
Мен жаш акын, жакшы ырларды жаратам!
Билдирүүнү түзөткөн: AtankulovaB: 01 Март 2013 - 02:07
#15 05 Март 2013 - 10:24
:
...деги кимсин, ээлеп алчу журокту?
Кандай жансын, азап берген сезимге?
Кайдасын сен, айтчы озум барайын?
Суротко эмес, коздоруно карайын
сурот:
...
:
...унчукпайсын, жашырасын сырынды
А мен байкуш сага арнайм ырымды
Сезимимди ээлеп алсан кантейин
Же айтпадын, ким экенин билбедим...
сурот:
...мен суротмун, кантип сага суйлойун
Сезиминди тушуномун, билемин
Башка мени, сактамак эмес мынча кун
Кечир мени, мен жон гана суротмун...
:
...кызыкмын мен да, сурот менен суйлошуп
А сен мага билгизбестен кулосун
Катуу тийсе создорум, мени кечирчи?
Кулуп турган, сен болгону суротсун
#16 30 Май 2013 - 21:23
Бердибек Жамгырчыев, Анарбек Абазбеков, Мелис Маматжанов, Мырза Саматов, Майрамбек Осмоналиев, Улукбек Омокеев. Жашы булардан бир аз улуураак Калича Жакыпова, Нуриза Омурбаева деген акын кыздар да бар. Пы.сы. Оздук чыгармаларга жана сын-пикирлерге атайын тема бар! Булгабагыла теманы!
#17 03 Июнь 2013 - 06:18
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#18 05 Июнь 2013 - 22:57
#19 06 Июнь 2013 - 09:45
Эленип чын турмуштун элегине,
Эби жок эркектерди жебегиле
Эркиңер, бакытыңар колуңарда,
Ээрчитип кеткен мени дебегиле.
От болуп күйөңөрдү колдогула,
Оң ишти көздөй басып жолдогула.
Отуздан ашып калган кезиңерде,
Обу жок аялдардан болбогула.
Аялдар, жакшы турмуш баштагыла,
Айылдап апаңарга качпагыла.
Адатка айландырган жоруктарды,
Акырын уят болот таштагыла.
Бактылуу өмүр сүрүп ойногула,
«Багым бар! Эрим бар»-деп ойлогула,
Берилип ушак кептин аркасынан,
Бекерден оозуңарды чойбогула.
Эркек баш, а аялдар желкесиңер,
Эрмектеп жүрөк кылын чертесиңер.
Экинчи сүйлөшпөйм деп сөз берсем да,
Эч кимге алмаштыргыс эркесиңер!
Өзүнчө тыптынч эле жүрбөйсүңөр,
Өзгөнү кызыктырган гүлдөйсүңөр.
Өрүктөй эзилсе да эркектер ээй,
Өңүнө өңүн кошкон күндөйсүңөр! !!
Акбар Кубанычбеков
#20 07 Июнь 2013 - 18:14
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »